Жылдын коомдук ишмери – Ишенбай Абдуразаков
Башың айланып турса акыл сурай турган адамдарга зар болосуң. Ички саясат, тышкы саясатыңда да. Ишенбай аба өлкөнүн бүгүнкү турмушу – руханий, саясый маселелери боюнча тыным билбей өзүнүн туруктуу, эл келечегин ойлогон макала, маектери жарык көрсө, тышкы саясатта – ТИМдин акылмандар кеңешинде баалуу кеп-кеңешин айтат. Интеллигенциянын ичинде “дүжүр” чал болбой, өз позициясындагы пикирин айткан аксакал интеллигентибизден экөө болсо – анын бири – Ишенбай Абдуразакович.
Жылдын дарыгери Сабыр Жумабеков
Мурдагыдай эле узап бараткан жылда да ондогон майыптарды бутуна тургузуп, жашоого жаңыдан кадам шилтетип, алдыга карай жетеледи. Манчыркаткан мансаптан, бийлик менен байлыктан кечип, Кудайдан берилген шыпаакерчилик касиетин гана аздектеп, аягына турган адамдын кубанчынан кубат алган Сабырдын пациенттеринин саны бүгүнкү күндө он миңден ашты.
Медицина өндүрүшү боюнча алдыга озгон Германиядан бул жолу да Сабыр Жумабеков таңгак-таңгак жүк менен келди. Ортопедия боюнча омоктуу илимий борборго айланган ооруканада соңку илимий жаңылыктар менен дарыгерлер дайыма таанышып, иш жүзүндө пайдаланылып турушат.
Сабыр мырза декабрда “Эмгек сиңирген дарыгер” наамын алды. Татыктуу алды. Куттук!
Жылдын укук коргоочусу – Азиза Абдрасулова
Жылды кадимки калыстыгынан жазбай өткөрдү. Айрыкча Адам укугу боюнча Жалпы декларациянын 60 жылдыгында сөз сүйлөп, бийлик өкүлдөрүнүн “бизде баары жайында” дегенинин бетин ачып, Баткенде эл элүү сомго алты кило көмүр сатып алып жатышканын, “премьер келип кеткенче” деп жергиликтүү бийликтегилер эки машине көмүрдү эки жарым миң сомдон көргөзмөгө коюп коюшканын, түрмөлөрдөгү абал адам чыдагыс экенин, бийликке каш кайтарган далай жарандарыбыз чет мамлекеттерге жашынып жүрүүгө аргасыз болуп атышканын, адам укугу бизде корголот деген бери дегенде жөө жомок экенин кашкайта айтып, Акыйкатчынын атайын жылдызын төшүнө тагынды.
Жылдын спортсмени – Канатбек Бегалиев
Жакыр, жармач эл болдукпу деп жалпыбыздын жылдызыбыз түшүп турганда өчкөн отту жандыргандай болуп Бээжин олимпиадасында кыргыздын асабасын асмандатып, миңдеген адамдын көкүрөгүнө сыймык, көзүнө кубанычтын жашын толтурган эки азаматыбыз өтүп бара жаткан жылдын чыныгы жылдыздары болушту. Анын жеңишинин шапатасы буга чейин башка нукка баштанып калган жалпы жаштардын көз карашын кадимкидей өзгөртүп, улут сыймыгынын учкунун жандыргандай болду.
Кыргыздын кыйырын кыдырган учурда эки азаматыбыз эл арасында жакшы ниеттин чырагын жандырып, жашоону жакшыртууга карай умтулууга шыктандырышты, көптөгөн кайрымдуулук иштердин баштоочуларынан болушту. Келерки жылда да алардын жолун жолдогон азаматтарыбыз кыргыздын туусун далай ирет желбиретип, намыска жарашат деген ишеним бар.
Жылдын депутаты – Сергей Владимирович Попов
Мурдагы чакырылышында да, азыркысында да парламентте укмуштуудай тартиптүү, беш жыл бою регламентти бузбаган, жыйындарда көзү ачык туруп эле уктаган, көпчүлүктүн добушунан чыкпаган, бир да ирет сүйлөбөй өтүп кеткен жана өтүп бараткан “балык” депутаттар он бештей. Ошонун сабына Сергей Владимирович кошулат. “Алга, Кыргызстан” десе “алга” кетет, “Акжол, Кыргызстан” десе “акжолго” түшөт. Саясый өтө элпек. Спикер тике карап калса көзүн компьютерден албайт. Аржакта суусактагычтай толгон сырын ичине катат. Жардамчылары жамырап иштеп аткандай, консультанты Сергей мырза түйшөлүп жазган мыйзам долбоорго кеңеш айткандай. Анан эле долбоору парламентке чыкпайт, чыкса да, ал мыйзам “сыры” эмнеде, эл биле бербейт… Кыскасы, депутат ар жыйында көзү ачык “уктайт”. Регламентти эгерим бузбайт. Электр, суу маселеси боюнча парламентте “кырылышып” калганда, же Москва районунун шайлоочулары свет боюнча арызданганда кайниси Лешага кайрылып коебу, айтору Сергей мырзанын капасы жок, көңүлү ток…
Жылдын министри – Камчыбек Ташиев
Депутат кезинде МЧСти “талкалап” эле атчу, өзү ушул министрдикке башчылыкка олтурганы, адеп жүдөдү. Бир жагынан Ошко көчүү-конуу түйшүгү, экинчи жагынан быйыл табият кырсыктары арбын болду. Камчы мырза Нурадагы жер титирөөдөн жапа тарткан элге жардам уюштурууда ээрди суукка карайып кеткенче эмгек кылды. Аскер шапке-чапанын кийип алып чапкылап жүргөнү. Жеп-ичкени азырынча билине элек. Ортолукта илимпоз менен соттошуп, кайра жарашты. Кечээ генерал-майор чин алды.
Жылдын ырчысы – Үмүт Тулегенова
Быйыл опера-балет театрынын солисти Үмүт Тулегенованын “жылдызы” жаркырап жанды. Филармонияда отчеттук концертин берди. Атбашынын айжаркын аваз үндүү кызына таңданып да калышты. Эки компакт диск жаздырды, клип тарттырды. Театрда эки спектаклде чоң ролдорду аткарды. Үмүтүбүз мындан да чоң, өсө бер Үмүт.
Жылдын патриоту – Ташбоо Жумагулов
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо мырза быйыл жыл ичинде кыргыз тилинин келечек тагдыры туурасында бир тоннадан ашык патриоттук сөз
сүйлөдү. Ташбоонун мүнөзү чалпоо дегендер кезигет. Анын жөнү мындай – өздөрү сокур тыйынчалык иш жасабай, анан “кыргыз тили өспөй атат!” деп “өксөгөн” кыргыз үч млн үч жүз миң. Ушуга ачуусу келген Жумагулов бакырып, өктөм сүйлөп алары да көрүнөө. Иш кагаздарын кыргызчалагыла десе адилет министрлигинен башкасы укканы жок. 101, 102, 103 номурларын кыргызчалатты. Бирнече китептерди чыгарды. Тыным билбей кыргызча сүйлөгүсү келбегендер менен “тытышып” эле келет.
Жылдын саясатчысы – Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ
Бул кишинин карааны жок оппозициянын тузу деле жок. Эгемендин эгеси болгондон бери бийликтин билгениңди кылып ал деп эл тарапта болуп, бийликтин куйкасын куруштуруп курч сөзү менен чындык тарапта болуп келе жатканы чындык. Анын туруктуулугу менен көктүгү көптү үмүттөндүрүп койду. Эпсиз ээн баштык кылып дароо эле ак үйдү алабыз деп чуркабай, дайыма мыйзамды сыйлаган жигит. “Бийлик элдин кулу, бийлик эл менен эсептеши керек, эл эмне дейт экен” деген жашоо курабыз дегени, анын элдик адам экенинин белгиси. Жаңы концепциясын токуп алып, азыркынын үлгүлөрүнөнбү айтор, “эртең элибизди азапка, тозокко салып албайлы” деп, аны океандын ары жагына барып аттуу-баштуулар менен талкууга алып аябай бышырып келди. Эми ал концепциясын орустардын мыктылары менен талкууга алганы аттанганы туру.
Жылдын генерал-губернатору – Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ
Өмүкең өмүрү өндүрүштө иштеген эмес. Өмүрүнүн көбү крим лөктөрүнүн сары изине чөп салып жүрүп өттү. Кезинде маркум Акматбаевди тушап салганын да билебиз. Бирок, ал иштерин уланта албай күтүүсүз Нарындын губернатору болуп барды. Өрөөнүн өлө сонун багып жатат деп өтө мактабайлык. Жалпы кыргыз эмнени жеп, эмне күн көрсө ошол эле тирилик. Тартип жагы бир аз оңолуп калды дешет. Бул жылы анын бир эрдиги эсибизде калды. Эки Нарындын жайлоосуна Камчы Көлбаев Россиялык конокторун 6 боз үй тиктирип, казан-казан эт кайнатып, казы-карта, чучукка ооз майлатып, сый көрсөтүп жатканда Өмүкөң өзү киришип боз үйлөрүн бүктүрүп, казандарын арттырып кубалап чыккан. “Өзүңүздүн өмүрүңүздөн корккон жоксузбу?” десе, “эмнеге коркот элем, эмне мамлекеттен, мыйзамдан бандиттер улук бекен” деген. Элди эсине келтирип койгонбу, Нарын тарап губернаторунун тегерегинде жаман сөз деле айтышпайт, демек ишинде идиргилери бар. “Нарын крим дүйнөсүнүн той өткөрө турган жери эмес да” деп облусунун намысына жараганы да жакшы барк алып келди көрүнөт. Ушинтип жылда бир эле эрдик жасашып турса гана.
Жылдын экономисти – Айылчы САРЫБАЕВ
“Билими күчтүү миңди жыгат” дегендей, өз кесибинин мыкты адиси болгон үчүн мамлекеттик окуу жайда иштеп туруп, мамлекеттеги экономикалык багыттарыбызды катуу сынга алып келет. Алсын, акыбалыбызды эл өзү да көрүп турат. Алгач “дүйнө кризисинин бизге таасири тийбейт” деп чыгышкан. Жалгыз Айылчы ага “экономикасы күчтүү деген Россия менен Казакстан санааркап турганда, бизди жөн эле ап этип койбойбу” деп көптөрдүн көңүлүн бурдурган. Чынында эле Айылчы агайыбыздын айткандары акыркы экономикалык болжоолордун жыйынтыгынан улам чындык болуп чыкты. Дүйнө кризисине каршы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу талабы коюлду. Бийлик бир аз кыймылдаган болду. Мамлекеттин жылдык бюджетин бекитип жатканда да басылмалар аркылуу жылдык бюджет жарыбаган, эски жылдардан эч айырмаланбаганын, карапайым эл үчүн пайдасы жок болгонун, депутаттар, чиновниктер эмне үчүн мамлекеттин эсебинен жашаш керек экенин ачык айтып чыкты. Бул кишинин мыктылыгы ушул. Окуу жайлардын көбүндө сабак берет. Тымпыйып унчукпай кошоматка кой сойсо, эбак бир университеттин башчысы болуп олтурмак.
Жылдын ректору – Султан Мамбеткалиев
Алгач Кыргыз тил борборун ачып, анда республикабызда жашаган ар кайсы улуттардын өкүлдөрүн окуткан. Кийинчерээк аны Чүй университетине айландырды. Бул жерде бүгүн бир жарым миңден ашуун студенттер окушат. Университеттин алдында атайын ачылган Бишкек колледжи иштейт. Киев илимдер академиясынын жана Түркия илимдер академияларынын академиги Султан агай быйыл Кыргызстан Профсоюздар уюмунун “Кыргыздын Бакайы” деген номинациясына ээ болду. Учурда университеттин 15 жылдыгын өткөрүп, өзүнүн 65 жылдык тоюн аркалап жаткан кези.
Жылдын боорукери – Бүсара Рыскулова
Ушул жаагы катуу, жаалдуу заманда көптөгөн аялзаты эр ордуна үй-бүлөсүн багып атса, тетирисинче аялына ар түр кордук көрсөткөн “бака баштар” четтен чыгат. Мына ушул кор болуп, ыза тарткан, турмуштун тозогун көргөн, баласын бооруна кысып багар-көрөрү жок көчөдө калган аялзаты бүт өлкө боюнча карайлап, таянар тоосу – “Сезим” борборуна келишет. Бүсара эжебиз чарчоо билбеген жан экен. Бирин да кароосуз калтырбайт. Аялзатын, балдарды коргоо боюнча да мыйзам долбоорун түзүп, кабылдатууга аракети күч.
Жылдын ишкери – Чыныбай Турсунбеков
Филолог, акын, ишмер Чыныбай мырза быйыл көп түйшүк тартты. Кыргызстандын ишкерлер уюмун башкарат элем деп, ал өзүнүн “Акун” көп тармактуу ишканасына чолоосу тийбей калып да жатты. Кыргызстандын экономикалык программасынын концепциясына ишкерлер көп талаш-тартыш, нерв коротуп атып, көп оңдоолорду киргизишти. Башында Чыныбай мырза турду. Жазгы ун тартышта “Акун” ишканасы өлкөнү нан кризисинен жеңилдеткенге салымын кошту.