Новости

Офицер чек арадагы жемкорлукту сындады

Офицер чек арадагы жемкорлукту сындады

Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупция тууралуу айтып чыккан Талгат Алановдун аракетине укуктук баа берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик чек ара кызматында иштеген подполковник Талгат Аланов өзү иштеген мекемедеги коррупция боюнча 27-ноябрда айтып чыкты. Ошто өткөн басма сөз жыйынында ал «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын ачык айтты.

— Чек арачы бир кызматтан экинчи кызматка сөзсүз акча берип которулат. Мен түздөн-түз видеого тартып алган факты жок. Бирок бул нерсе болуп жатат. Жөнөкөй заставада иштеген чек арачынын акчасы жок болсо бербейт да. Бул чек арадагы өткөрүү бекеттеринде болот. Ошол жерде иштеген бирөө акча топтоп командирге берет, андан ары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жетет. Ошондой схема, чынжырча бар. Мага жогорку окуу жайларын бүтүп келген офицерлер келип кайрылышат, «менин ордума акчасы бар бирөө дайындалды» деп. Бул туура эмес, — деген Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов.

Подполковниктин айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматында «жазылбаган мыйзамдар» иштейт. Ага ылайык жетекчилик кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып, «кызмат орундарын акчага сатышат».

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери бул дооматка макул эмес. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздү четке кагууда.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы окуяга укуктук баа бериш үчүн Аскер прокуратурасына кайрыла турган​ы белгилүү болду.

«Талгат Аланов кызматкер болгонуна карабай Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду. Устав боюнча Аланов алгач мекемедеги мыйзамсыз иштерди жетекчиликке же башка укук коргоо органдарына билдириши керек болчу. Аланов айткан маалымат чындыкка дал келбейт, ал мурдагы тийиштүү органдар аныктаган фактыларды айтып чыкты»,  деп айтылат мекеме тарткан маалыматта.

Коомчулукта Талгат Алановдун кадамы түрдүүчө талданууда. Айрымдар анын бул кадамын аскердик уставга жат пиар катары сынга алса, башкалары бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө жардам катары баа беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлук өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан негизги фактор экенин бир нече жолу белгилеген.

Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында ал «коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат» деп мамлекеттик органдарды кескин сынга алган жайы бар.

— Корруцияга малынгандарга өз элин, мамлекетин, ишин саткандар катары караш керек. Буларга биздин арабызда жүрө албай тургандай, эл душманы катары мамиле кылыш керек, — деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев офицер Алановдун коррупция тууралуу айткандары көз жаздымда калбашы керек деп эсептейт.

— Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети Мамлекеттик чек ара кызматындагы кырдаалды жакынкы жыйында карашы керек, — деди ал. — Керек болсо жумушчу комиссия түзүп, иликтөөгө алууга тийиш. Парламент бул фактыга сөзсүз реакция бериши керек. Офицер уставды бузганы же бузбаганы экинчи маселе. Президент буга чейин «факты бергиле» деп айтпады беле. Бул офицер башкы командачынын сөзүн эске алып, фактыны басма сөз жыйыны аркылуу берип жатат. Кол башчы катары буга реакция кылып, Башкы прокуратура коррупция беренеси боюнча иш козгошу керек. Мамлекеттик органдарда жемкорлук бар экенин билебиз. Мен башка түзүмдөрдө иштегендер да ушинтип маалымат берсе, тазаланабыз деп ойлойм.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев болсо коррупция тууралуу маалымат берген офицер жоопко тартылса, бийликке болгон ишеним жоголот ойдо.

— Чек ара менен кошо бери жагында бажы кызматкери турат, — деди ал. — Муну эми ошол жерде отурган «Достук» чек ара бекетинин жетекчиси ойлоп тапкан жок да. Бул — чиеленген, жогору жакка чейин жеткен түйүн. Буларды Ак үй, Көк үйдө калкалап тургандар бар. Бул абдан чоң сигнал. Аскер кызматынан ушундай белги түшүп жаткандан кийин сөзсүз реакция болушу керек. Анын ордуна коррупция тууралуу айткан офицерди жоопко тартабыз дешсе, аягы жакшы бүтпөйт.

Кыргызстанда 2019-жылдын январь айында «Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген.​Ага ылайык жемкорлуктун бетин ачкан адамга сый акы төлөнүп, мамлекет анын коопсуздугун коргоого тийиш.

Бир канча жыл жабык турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара 2017-жылы ачылган. Ош облусундагы «Достук» чек ара көзөмөл бекети күнү-түнү иштейт. Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши ары-бери каттайт.

29,191 просмотров всего, 455 просмотров сегодня

Click to add a comment
Новости

More in Новости

ЖККУ тажик-ооган чек арасын талкуулады

pr29.11.2019

ЖЭБ соту жарыш сөзгө өттү

pr29.11.2019

Минск: ири курулуштагы Бакиевдин карааны

pr29.11.2019

Матраимовду жазган активист камалды

pr29.11.2019

Сүймөнкулдун кош канат таланты

pr29.11.2019

Өлкөдөн 932 млн. доллар чыгарылган

pr29.11.2019

Жемкорлукка каршы күрөштүн эки ыкмасы

pr29.11.2019

Сторонник трезвости

pr23.11.2019

«Откуда вы это взяли?» Путин ставит на место американского журналиста

pr31.10.2019

















Яндекс.Метрика