БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр
presskg

Атамбаевдин командасындагылар маалыматтык согушта Текебаевге уттуруп коюшканын түшүнүп, эми Текебаев менен жарашуу жолдорун издеп, соодалашууга өтүшүптүр. Бул тууралу бизге Ак үйдөгү жеке булактарыбыз кабарлады.

“Биз “Белиз-гейтти” жаап салалы,  УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди  кетирип ордуна Дүйшөнбек Чоткараевди коёбуз. Генпрокурор Индира Жолдубаеваны кетирип анын ордуна Темир Жумакадыров дайындалат. Сиз кыйраган “Боингдеги” жүктүн ээсин издегенди токтотуңуз. Мындан ары урушпай-талашпай, ынтымактуу бололу, тапканыбызды тең бөлүшөлү”, деп айланчыктап жатышыптыр.

“Эми Атамбаевди ала жатам!” деп ачууланып жүргөн Өмүрбек Текебаев кепке-сөзгө келбей “Биз жарашууга боло турган чектен өтүп кеттик. Принцип деген болуш керек да. Бири-бирибизге карата айтылган ушунча акаарат сөздөрдөн кийин кантип эми жарашмак элек. Мен аягына чейин турам.  “Он еще за “Теке” ответит!“ деп көгөрүп көнбөй жатыптыр.

Чынында эле Текебаев карт бөрү эмеспи. Чөгүп бараткан кемеге жабышып, “төкөр өрдөк” менен достошуп,  эмне кылмак эле. Андан көрө келечеги кең жаштар менен бир командада болгону жакшы эмеспи.

Ал эми Атамбаев акыркы жумада депрессияга батып, нерви жукарып , ачуулуу болуп калганы  айтылууда. Андай маанайына өзүнүн ден соолугу тууралу кытай врачтары берген маалыматтар таасир эттиби же экономика боюнча эксперттердин “Кыргызстанды 2 айдан кийин дефолть  күтүп турат” деген көзү ачыктыгы себеп болдубу?

Сапар Исаков, Аалы Карашев, Фарид Ниязов баштаган жан-жөкөрлөр Атамбаевдин мураскери шайлоодо жеңишке жетпешин түшүнүп, “шеф пенсияга кетсе кетер, а биз али жашпыз, биз обоймада калышыбыз керек, биз иштешишибиз, өсүшүбүз керек” дешип азыртан эле президенттикке реалдуу кандидаттардын командалары менен тынымсыз, тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен эле алек болушууда.

Click to add a comment
БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ
Просмотров 229 views

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

1

Куугунтуктун илеби сого баштадыбы?

presskg23.02.2017
3

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

presskg26.01.2017
3

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

presskg22.01.2017
1

Жедигер Саалаевдин кызы сөзүнөн жаңылдыбы? (Фото)

presskg19.01.2017
1

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

presskg19.01.2017
5

СДПКчы эки эргулдун кылыгы элди иренжитүүдө

presskg13.01.2017
4

Текебаев чоң саясатта бурулуш жасашы мүмкүн

presskg13.01.2017
111

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

presskg13.01.2017
2

Криминалдык кагылыштардан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев

presskg13.01.2017