БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

Журналист Аслан Сартбаев сабалды
presskg

Кечээ, 20-январдын түнүндө Бишкектеги кафелердин биринде “Азия ньюс” гезитинин журналисти Аслан Сартбаев сабалды. Бул тууралу бизге Сөз эркиндигин коргоо комитетинин аткаруучу директору Адил Турдукулов Аслан Сартбаевдин маалыматына таянып билдирди.

Бизнесмен Рустам Маманов менен депутат Азиз Турсунбаев журналист Аслан Сартбаевди Бөкөнбаев менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин бирине “чайга” чакырышкан. Аслан Сартбаев келгенде Рустам Маманов КР Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асановго телефон чалып: “шеф, Аслан келди” деп кабарлаган. Көп өтпөй жетип келген генерал Асанов ордунан туруп учурашканы кол сунган Аслан Сартбаевди бет талаштыра муштап жиберген.  Журналисттин айтуусунда муш кулак түпкө тийген.

Рустам Маманов менен Азиз Турсунбаев өздөрү “чайга” чакырган журналистке болушушкан эмес.

Ага чейин “Азия ньюс” гезитинин акыркы санында генерал Курсан Асановду мыскылдап итке теңеген фотоколлаж менен негативдүү маалымат жарыяланган. Аны көргөн Курсан Асанов ал маалыматты негизсиз деп эсептеп, ал эми фотоколлажды жеке керт башын кемсинтүү катары кабыл алган. Ошондон кийин генерал журналист Аслан Сартбаев менен жолугуп, сүйлөшүүнүн айла-амалын көрүп жатканын укканбыз.

Жаңжалдын чыгышына себеп болгон фотоколлаж

Биздин булактар кабарлагандай, кечки “чай ичишүү” да кокусунан болгон эмес жана атайын сценарий боюнча уюштурулган. Ар бир каарман өз ролдорун мыкты аткарышкан.

Укук коргоочу Адил Турдукулов бул иш боюнча журналист Аслан Сартбаевдин атынан арыз жазып, КР Генералдык прокуратурасына кайрылган.

Click to add a comment
БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ
Просмотров 141 views

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

1

Куугунтуктун илеби сого баштадыбы?

presskg23.02.2017
4

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

presskg26.01.2017
3

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

presskg26.01.2017
1

Жедигер Саалаевдин кызы сөзүнөн жаңылдыбы? (Фото)

presskg19.01.2017
1

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

presskg19.01.2017
5

СДПКчы эки эргулдун кылыгы элди иренжитүүдө

presskg13.01.2017
4

Текебаев чоң саясатта бурулуш жасашы мүмкүн

presskg13.01.2017
111

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

presskg13.01.2017
2

Криминалдык кагылыштардан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев

presskg13.01.2017