БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

Динара Акулованын кызы Малика-Дина алдамчылыкка шектелүүдө

Динара Акулованын кызы Малика-Дина алдамчылыкка шектелүүдө
presskg

Ушундай маалымат тарады интернет айдыңында. Кокуйгүн деп эле калдык алакан чаап. Ди­нара Акулова кызы Маликаны жалгыз бой тарбиялап, өстүрүп, эрезеге жеткирип, турмушка узатып, учурда таене болуп отурганын билебиз. Анан кандай эле Маликасы алдамчылык кыла койгону белгисиз. Билишибизче бул кыздын андай жаман-жуман сапаттары жок, ачык-айрым жөнөкөй мүнөзү бар. Малика-Динанын үстүнөн Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Бул тууралуу vb.kg сайты жазып чыгып, чыр машине тууралуу болгон. Сыягы ижарага алынган машине өз убагында кайтарылбай калып, ошол себептүү арыз жазылган окшобойбу. Динара айымдын айтымында кылмыш ишин козгоого негиз жок, акчаларынын баары мыйзамдын негизинде төлөнүп берилген экен. Демек, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал эне-баланын үстүнөн кара пиар жүрүп жаткан жокпу ыя? Акыркы кезде Маликанын жеке жашоосуна чейин жармашкан ушактар да чыгып кетти. Бул маалыматтардын артында атайын бирөө турган жокпу? Динара айым иликтеп көрсө болот эле…

Булак: “Ачык саясат”

Click to add a comment
БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ
Просмотров 126 views

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

4

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

presskg26.01.2017
3

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

presskg26.01.2017
3

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

presskg22.01.2017
1

Жедигер Саалаевдин кызы сөзүнөн жаңылдыбы? (Фото)

presskg19.01.2017
1

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

presskg19.01.2017
5

СДПКчы эки эргулдун кылыгы элди иренжитүүдө

presskg13.01.2017
4

Текебаев чоң саясатта бурулуш жасашы мүмкүн

presskg13.01.2017
111

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

presskg13.01.2017
2

Криминалдык кагылыштардан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев

presskg13.01.2017