БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

«Дордой» ассоциациясы жаштардын билим алуусуна чоң салым кошуп келет

«Дордой» ассоциациясы жаштардын билим алуусуна чоң салым кошуп келет
presskg

«Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун демилгесинин негизинде 2012-жылы 19-декабрда «Прогрессивдүү демилгелер фонду» түзүлгөн. Фонддун алкагында жаштарды колдоо, алардын билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында бир топ долбоорлор ишке ашырылып келген. Алардын бири– 2014-жылы ачылган «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектеби. Бул долбоорду ишке ашырууга кеткен бардык чыгымды ушул күнгө чейин Аскар Салымбеков каржылап келет.

Назира ЖАКШЫБЕК кызы, «Прогрессивдүү демилгелер фондунун» долбоор менеджери, «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектебинин алып баруучусу:
«Талап кылынган каражатты «Дордой» ассоциациясы камсыздайт»
–«Прогрессивдүү демилгелер» фонду Аскар Салымбеков тарабынан 2012-жылы 19-декабрда негизделген. Ошол жылдан тарта фонд жаштар үчүн көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. 2014-жылы «Прогрессивдүү демилгелер» фонду атайын студенттер үчүн «Кыргызстандын жаш лидерлер» коомдук мектеби» деген долбоорун түзгөн. Ал ушул жылдын март айында ишке киришкен. Биз долбоор аркылуу бир жылда эки топту бүтүрөбүз. Бир топко жүз баланы тандап алабыз. Билим берүү үч айга созулат. Биздин долбоорго катышкан студенттер үч ай ичинде үч багытта билим алышат. Мисалы, убакытты кантип туура пайдаланыш керек? Элдин алдына кантип чыгып сүйлөш керек? Финансылык сабаттуулук боюнча, алдыга койгон максаттарыңа кантип жетиш керек жана башка көптөгөн суроолордун айланасында билим алып чыгышат. Башкача айтканда, биздин тренинг адамдын өзүн өзү мотивациялык жактан өстүрүүсүнө багытталган. Экинчиси, «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектебинде билим алган студенттерди белгилүү, көптөгөн ийгиликтерди багындырган бизнесмен, ишкерлер менен жолуктурабыз. Алар өздөрүнүн ийгиликке жетишинин сырлары туурасында айтып беришет. Үчүнчүсү, биз көптөгөн ийгиликтерди багындырып, коомубузга белгилүү болгон чоң-чоң компанияларга студенттерди алып барып, баарын иш жүзүндө көрсөтөбүз. Буга чейин «Аю» өндүрүш компаниясына, «Шоро» компаниясына, «Дүйнөлүк банкка» алып барганбыз. Негизинен бул долбоор социалдык долбоор болуп эсептелинет. Долбоорду Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлары, чоң-чоң компаниялар менен бирге ишке ашырабыз.
– Долбоорго катышуу үчүн студенттерди кандай критерийлер менен тандап аласыздар? Жаш курагын да эске аласыздарбы?
– Биз 17 жаштан 25 жашка чейинки жаштарды конкурстун негизинде тандап алабыз. Биринчи биздин долбоор тарабынан даярдалган баракчадагы суроолорго жооп жазып, почтабызга жиберишет. Экинчиси– баарлашуу. Биздин суроолорубузга татыктуу жооп берген студенттерди баарлашууга чакырабыз. Биздин мектепти аяктап жаткан студенттерге атайын сертификат беребиз. Үч айлык берген билимибиздин, таалим-тарбиябыздын жыйынтыгы деп «Агартуу» лигасын айтсак болот. Алар буга чейин бардык региондорду кыдырып, жети миңден ашык жаштарга тренингдерди өтүп келишти. Учурда биздин коомдук мектепти аяктаган студенттердин арасынан кыйын тренерлер чыга баштады. Баса, биздин мектеп студенттердин жаш курагына чек койгонубуз менен билим алууга дилгирленген 40-50 жаштагы эже-агаларыбыз келип «Биз деле тренингдериңерге катышалычы» деп суранышат. Аларга жок дей албай, макулдугубузду беребиз. Мисалы, азыркы топто жаштар менен бирге 43 жаштагы эже билим алып атат.
– Коомдук мектеп аркылуу канча бала билим алып, сертификат алышты?
– Буга чейин биздин мектептен 750 бала билим алган. 2015-жылы күзүндө биздин мектептен билим алгысы келгендердин саны өтө эле көп болгондуктан, жүз баланы тандап алганбыз. Ошол эле учурда Ош шаарынан биздин мектептен билим алабыз деген жаштардын саны арбын болгондуктан, биз Ош шаарына 120 балага бир ай тренинг өткөрүп келгенбиз.
– Каражат жагы кандай каралган? Коомдук мектептен билим алгысы келген жаштар канча сом төлөшөт?
– Ооба, биздин долбоорду ишке ашыруунун бир бала үчүн рыноктук наркы 40 -45 миң сом болуп саналат. Бирок бул долбоор Аскар Салымбековдун, белгилүү тренерлердин жана ЖОЖдордун колдоосу менен жүргөндүктөн, катышуучулар болгону 3 айга 3000 сом төлөп окушат. 2014-2015-жылы аталган долбоор жаштар үчүн толук акысыз болуп келген. Учурдагы 3000 сом билим берүүнүн маанисин арттыруу үчүн, жаштардын тартибин чыңдоо үчүн символикалык сумма катары киргизилген.
– Тренерлерди кандай тандап аласыңар?
– Биз тренерлерди Бишкек шаарындагы эң кыйын деген тренинг борборлорунан тандап алабыз. Бир топ аяктап жатканда студенттерден «Кайсы тренер кандай экен?» деген негизде тест алып, ошол тесттин негизинде күчтүү тренерлерди алып калабыз.
– «Прогрессивдүү демилгелер» фонду тууралуу айтып өтсөңүз, фонддо канча адам эмгектенет?
– Фонддо алты киши эмгектенет жана ар биринин өзүнүн долбоору бар. Фонддун дагы башка негизги долбоору болуп «Акыл Тирек» саналат. Аталган долбоор аркылуу илим чөйрөсүн колдоп, анын өнүгүшүнө салым кошуу каралган. Акыркы жылдары бул долбоор аркылуу окумуштууларды, жаш илимий кызматкерлерди жана илимий изилдөөлөр, экспедициялар, эл аралык иш чараларды колдоого 3 500 000 сом, ондогон китептерди басып чыгарууга 1 760 000 сом, парктарды жана коомдук жайларды оңдоп- түзөөгө 1 000 000 сом, маданият кызматкерлеринин жаратман иштерин колдоого 2 000 000 сом, жаштардын атайын долбоорлорун колдоого 1 478 000 сом бөлүнгөн. Фонд ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди, өнүгүү долбоорлорун жазып, мамлекеттик бийликке сунуштап келет. Мисалы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу экономиканы көтөрүү, мамлекеттик башкаруу процесстерин оптималдаштыруу.

Ардак ЧАПАЕВ, «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектебинин бүтүрүүчүсү, тренер:
«Фонддун долбоорлору Кыргызстандын келечегине чоң салым кошуп келет»
«Прогрессивдүү демилгелер» фонду менен 2013-жылдын декабрь айынан бери иштешип келебиз. Өзүм «Прогрессивдүү демилгелер» фондунун алкагында түзүлгөн «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектебинин биринчи тобун бүтүргөм. 2014-жылдан бери бул фонддун алкагында Бишкек шаарында, Кыргызстандын ар бир аймактарында үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүп келебиз. Биздин тренингдин эң жаш катышуучусу он жашта болсо, улуусу алтымыш жашта. Негизги максатыбыз билим берүү долбоорлорунан алган билим, тажрыйбаларыбызды бүткүл Кыргызстандын жарандары менен бөлүшүү. Негизи бул фонддун иш- чаралары, долбоорлору Кыргызстандын келечегине чоң салым кошуп келет, анткени билим учурда Кыргызстандын жаштарына, жарандарына эң эле керек. Билим аркылуу өзүбүздүн максаттарыбызга туура кадам таштаганда жардам берчү тажрыйба экен. Ошол тажрыйбаны, билимди «Прогрессивдүү демилгелер» фонду өзүнүн негизделген күнүнөн тарта талыкпастан жайылтып, көптөгөн балдарды тарбиялап келет. Учурдан пайдаланып фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбековго ыраазычылыгымды билдирип кетет элем.
–Тренингдин катышуучуларына кандай багытта билим бересиз?
–Менин өзүмдүн тематикам жаштарды интеллектуалдык жана психологиялык жактан өнүктүрүү болуп эсептелет. Учурдагы менин негизги тренингим — интеллектуалдык арсенал. Мында мен окуучуларга жашоого болгон ой жүгүртүүнү, эс -тутумду, психологиялык жөндөмдөрдү өнүктүрүү жаатында билим берип, алардын татыктуу билим алуусуна болгон күч- аракетимди жумшайм.

Назира НАВАТОВА, «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектебинин окуучусу:
«Жаштардын арасында өзүмдү жаш сезе баштадым»
–Мен бир жыл мурда жакындарымдан бул коомдук мектеп туурасында угуп калгам. Быйыл фейсбуктагы баракчамды ачсам, «Кыргызстан жаш лидерлер» коомдук мектебине жаштарды тандап алабыз» деген жарыя жүрүптүр. Жарыяда жаш курагына да талаптар коюлган экен. Ага карабай эле жарыядагы телефон номер аркылуу байланышып, мектепке окуганга тандалып алынып, учурда билим алып жатам. Долбоорго катышуудагы менин эң башкы максатым жаштар менен бирге билим алып, алардан энергия алсам дейм. Себеби акыркы кездерде жаштыгым кетип бараткандай ойлор пайда боло баштаган. Бул мектептен билим ала баштагандан бери андай ойлордон арылып, жаштардын арасында өзүмдү кадимкидей жаш сезе баштадым. Болбосо, жашым 43тө.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Click to add a comment
БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ
Просмотров 134 views

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

4

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

presskg26.01.2017
3

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

presskg26.01.2017
3

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

presskg22.01.2017
1

Жедигер Саалаевдин кызы сөзүнөн жаңылдыбы? (Фото)

presskg19.01.2017
1

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

presskg19.01.2017
5

СДПКчы эки эргулдун кылыгы элди иренжитүүдө

presskg13.01.2017
4

Текебаев чоң саясатта бурулуш жасашы мүмкүн

presskg13.01.2017
111

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

presskg13.01.2017
2

Криминалдык кагылыштардан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев

presskg13.01.2017