БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

“Карандай калпты айтканы үчүн Жаркынбекти 2 миллион сомго доого жыгам”

“Карандай калпты айтканы үчүн Жаркынбекти 2 миллион сомго доого жыгам”
presskg

Адил Турдукулов, жарандык активист:

– Жаркынбек Касымалиевге жыл башында Башкы прокуратура тарабынан коррупциялык берене боюнча кылмыш иши козголгон. Тендерди туура эмес өткөргөн деген негизде. Ошонун негизинде ал кызматынан кол жууган. Ошондон кийин ал бийлик алмашып кетет деп ойлодубу, “Элдик парламент” деген оппозициялык топтун активдүү мүчөсү болгон. Июль айынан баштап Жаркынбектин үстүнөн козголгон кылмыш иши каралып баштаган. Кылмышы далилденсе 8 жылга чейин камоо коркунучу бар болчу. Ошондон чочулап бийликтеги кишилер менен сүйлөшүппү же дагы башка себептер мененби, айтор мени негизсиз каралоого өттү. Мени каралоо менен ал кылмыш ишин кыскартууга аракет жасап жатат. Айткандарынын баары негизсиз. Мени эмне деп каралаарын билбей, оюнан ушундай жомокту чыгарууда. Жаркынбек өзү чыгармачылыкка жакын. Гитара чертет. Бир нерсени кыялданганды жакшы көрөт. Кыялында ушинтип айтып чыксам эле жеңем деп ойлосо керек. Чет өлкөгө маалымат таратат, тыңчы деген бул өтө оор кылмыш. Мен айткандары үчүн аны сотко бердим. Андан тышкары жалган маалыматты бир жактуу жарыялаган КТРК телеканалын, “Кабарлар” деген интернет сайтты дагы сотко бергени жатам. Жаркынбекти 2 миллион сомго доого жыгам.
-Буга чейин Жаркынбек Касымбековдун күйөө баласы болгон экенсиз, чырдын чыгышына үй-бүлөлүк маселелер себеп болгон эмеспи?
– Албетте, чырдын артында үй-бүлөлүк маселелер да бар. Жубайым менен ажырашкандан бери өз балдарымды көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Мурунку жубайым балдарымды эч себепсиз көргөзбөй келет. Бул боюнча мен сотко да кайрылгам. Ошого да жиндери келип мени каралап жатышат.

Click to add a comment

БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

2

К сведению Бабанова, Сариева, Торобаева: некоторые кандидаты в президенты манипулируют обществом

presskg24.05.2017
1

Шадиев портит имидж Жогорку Кенеша?

presskg24.05.2017
4

Мыктыбек показывает, что он хорош

presskg24.05.2017
3

Темир Сариев обеспечит скачок в экономике страны или толкнет страну в пропасть?

presskg24.05.2017
2

Вопрос ребром: если Текебаев чист, почему его адвокаты избегают суда?

presskg24.05.2017
1

День Матерей. Эльмурза Сатыбалдиев, общественный деятель: «Мама мечтала, чтоб я стал прокурором»

presskg24.05.2017
3

У Омурбека Бабанова больше шансов?

presskg18.05.2017
2

Текебаев и в заключении не сидит просто так, «кидает» Торобаева!

presskg18.05.2017
1

Айтмамат Назаров, депутат ЖК от фракции «Кыргызстан»: «Почему в Ноокене отравились дети? Давайте выясним причину!»

presskg18.05.2017