БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

Чырылдаса апасы, чыгып кетти атасы

Чырылдаса апасы, чыгып кетти атасы
presskg

Баш мыйзамга каршы чыккандарга байге ыйгарылса, анын гран-присин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова алмак. Текебаевдин тентек “баласын” ушунчалык баатырлык менен коргоп жатат, Раймаалынын Бегимайы бул жакта эле калат. Парламент комитетинде ушунчалык чырылдады дейсиң, көргөндөрдүн көңүлүн оорутуп. Баарынан кызыгы, ал байкуш өзгөртөбүз дегендер менен өлүп-талып алпурушуп жатса, жанында отурган баш мыйзамдын “атасы” Өмүрбек Чиркешович аны таштап чыгып кетти. Кудум Курманжан датка баласын таштап кеткендей эле болду. Эжекебиз эмне мынчалык мыйзамга каршы чыгып “Регламентти бузбайлы, ар бир окуу аралыгын эки айдан кем кылбайлы” — деп чыркырап жатат десек, “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилсе мен ошо күнү мандатымды тапшырам” — деп ант берип койгон экен да. Балакет басып, баш мыйзам дагы ылдамдыгын күчөтүп албадыбы. Мындай темп менен кете берсе, эжекебиздин мандаты ноябрь айында эле марасына жетип калат го кашайып. Аттигин ай, айтпай эле турса болмок экен эжекебиз.

Click to add a comment
БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ
Просмотров 111 views

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

1

Куугунтуктун илеби сого баштадыбы?

presskg23.02.2017
4

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

presskg26.01.2017
3

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

presskg26.01.2017
3

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

presskg22.01.2017
1

Жедигер Саалаевдин кызы сөзүнөн жаңылдыбы? (Фото)

presskg19.01.2017
1

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

presskg19.01.2017
5

СДПКчы эки эргулдун кылыгы элди иренжитүүдө

presskg13.01.2017
4

Текебаев чоң саясатта бурулуш жасашы мүмкүн

presskg13.01.2017
111

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

presskg13.01.2017