БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

Жүрүп кеткен поюзга жүгүргөндө не пайда…

Жүрүп кеткен поюзга жүгүргөндө не пайда…
presskg

Алтынчы чакырылыштагы парламенттин 84 депутаты демилгелеген баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору ордунан оор козголгону менен алгачкы тосмолордон оңой эле өттү. Каршылаштар кайым айтышкандан пайда чыкпасын сездиби, айтор алардын да акаараттары азая түшкөндөй. Ал ортодо аларды колдой турган оппозициянын дагы дымагы чыкпай калды. Бирок азырынча бардык жерде 84 депутаттын 4 депутаты эле сүйлөп жатат. Каршылардын какшаганы “бирболчу” Чолпон Жакупова менен “атамекенчи” Алмамбет Шыкмаматов болсо, экинчи тарапта эки (эски) “сдпкчылар” Рыскелди Момбеков менен Иса Өмүркулов. Өзгөртүү боюнча Рыскелди мырза өзгөчө көзгө көрүндү, жаагын жап кылган жагынан жалгыз эле ушул ишке жарады. Комитет жыйынында токтотобуз дегендерге ток этер жерин айтты: “Эй кесиптештер, баш мыйзамга өзгөртүү багыт алды, бара турган жагын дагы табып алды. Өтүп кеткен адамга өкүргөндө не пайда, жүрүп кеткен поюзга жүгүргөндө не пайда” — деп. Ошентип 84 вагон чиркеген поюз сапарын улантууда.

Click to add a comment
БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ
Просмотров 54 views

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

4

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

presskg26.01.2017
3

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери түзүлдү

presskg26.01.2017
3

Журналист Аслан Сартбаев сабалды

presskg22.01.2017
1

Жедигер Саалаевдин кызы сөзүнөн жаңылдыбы? (Фото)

presskg19.01.2017
1

Авиакырсыктан каза болгондордун дарегине акаарат келтирген сөздөрдү жазгандыгы үчүн кыргызстандык кыз 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

presskg19.01.2017
5

СДПКчы эки эргулдун кылыгы элди иренжитүүдө

presskg13.01.2017
4

Текебаев чоң саясатта бурулуш жасашы мүмкүн

presskg13.01.2017
111

Зайнидин Курманов, экс-спикер: “Бишкек мэрин шайлоо азыркы бийликтин алсыздыгын көрсөттү”

presskg13.01.2017
2

Криминалдык кагылыштардан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев

presskg13.01.2017