БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

Революциянын жеңишин сактап калыш үчүн кыргыз элин кемсинтип, чөгөлөтүш керекпи?

Революциянын жеңишин сактап калыш үчүн кыргыз элин кемсинтип, чөгөлөтүш керекпи?
presskg

Албетте, чатактын башаты — бийликте. Бул чатак 2011-жылы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланганда эле башталган. Азыркы убакта бул чатактын апогеясы толук күчүнө кире элек. Биз азыр анын биринчи эле тепкичинде турабыз. Алдыда дагы экинчи, үчүнчү тепкичтери күтүлүүдө. Бул чатактын ылдам ырбашына жана анын негизинде Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары андан да ылдамыраак кыйрашына кимдер кызыкдар? Кеп ушунда. Анда эмесе кепти ушундан баштайлы.
Акталбаган ишенич
2011-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда өткөөл убакыттын президенти Роза Отунбаева депутаттардын астында өлкөнүн саясый күчтөрүнө кайрылуу менен чыкты. Тактык үчүн текстин өзүнө кайрылалы: «Дорогие соотечественники! Я завершаю свою деятельность на посту президента Кыргызской Республики. Руководствуясь волеизъявлением народа Кыргызстана, осознанно и добровольно передаю власть новому законно избранному президенту — Алмазбеку Шаршеновичу Атамбаеву…
…Я ухожу с чувством исполненного долга, возлагая ответственность и надежды на законно избранных парламент и президента и с чувством огромной благодарности и преклонения перед народом Кыргызстана за его мужество и мудрость. С чувством вины за то, что не смогла предотвратить кровопролитие. С чувством гордости за то, что удалось сохранить целостность страны и единство народа. Я делала все, что было в моих силах. Знаю одно — моя совесть чиста. Остальное рассудит история».
Баардыгы ыраазычылык менен өткөөл президентти узатышты.
Баардыгы кубаныч менен жаңы президентти кабыл алышты.
Бирок, ал убакта эч кимдин оюна да келген эмес: үч жылдан кийин Американын «Ганси» авиабазасы «Манастан» чыгып кетет жана андан бир жыл өткөндөн кийин Кыргызстан — АКШ ортосундагы расмий келишим да бир тараптуу, б.а. денонсация болуп токтотулат деп.
Мындай иштер өзгөчө АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаменти (Мамдепи) үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Анткени, 2011-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым Роза Исаковнага 2010-жылкы Ош окуясындагы «эрдиги» үчүн АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаментинин «Каарман аял» сыйлыгын тапшырып жатып, Кыргызстанга мындан ары да чоң ишеним артарын баса белгилеген эле. Бирок, турмуш өзү көрсөткөндөй, ал ишенич ишке ашпай калды.
Натыйжада, ошол күндөн тартып, АКШнын Мамдепи Кыргызстанга каршы ачык эле саясый чабуулга өттү. Буга чейин АКШ тарабынан эл аралык чагымчыл финансылык уюмдар (USAID, ЮНИСЕФ, Фонд Сороса ж.б.) аркылуу Кыргызстанда каржыланып келген жүздөгөн, миңдеген бейөкмөт уюмдарынын ичинен өзгөчө чагымчыл (реакционный) “Бир дүйнө” укук коргоо кыймылы (Төлөйкан Исмаилова) жана “Кылым шамы” коомдук фонду (Азиза Абдрасулова) аркылуу канкор Азимжан Аскаровду коргоого алышып, ага БУУнун Генералдык катчысы Пан Ги Мунга арыз жаздырышып, БУУнун адам укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы тарабынан чыгарылган “Азимжан Аскаровду бошоткула” деген талапты кыргыз мамлекетинин парламентине жана президентине жеткирүүгө жетишишкен!..
Мындай чексиз одоно (беспредельный) саясый кадам буга чейин эч бир эгемендүү мамлекеттин дарегине эч качан айтылган эмес! Мындай бетпакчылык, албетте, АКШнын Мамдепи жана 2010-жылдын 27-июнунда шашылыш түрдө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын автору Ө.Текебаев мырзанын абийиринде!..
Бул маселе ушул жылдын май айында Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда каралып жатканда, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун жогоруда аталган чагымчыл бейөкмөт уюмдарын коргоого алып, “Биз бул бейөкмөт уюмдарын “чет элдик агенттер” деп атоого даярдалган мыйзам долбоорун колдобошубуз керек, анткени, биз демократиялуу өлкөбүз, алар бизге эч жаманчылык кылган жок” деп чыкканы да белгилүү.
Оппозициялык кыймылдын жаңы күчтөрү
Мындай колдоону күтпөгөн оппозициялык кыймылдын жаңы күчтөрү белгилүү “Фергана.ру” жана “Голос Америки” чагымчыл информациялык агенстволордун колдоосу менен жазгы жамгырдан кийинки козукарындардай болуп, атайын даярдалган интернет сайттарда, “Супер инфо”, “Республика”, “Майдан” ж.б. ЖМКларда чыга башташты.
Эң күтүүсүз окуя катары “Супер инфо” гезитине чыккан сойку сымал жылмайган блоггер Данияр Айтмандын “Кыргызстанда аялдын баасы малдан да арзан” деген билдирүүсү болду. Көрсө, ал кадимки эле гомосексуалист, 9-майды майрам катары санабаган, канкор Азимжан Аскаровду баатырга теңеген, эркекке… Тфу-тфу, катын болуп берген, билимдүү, маданияттуу эркек сөрөй экен…
Эми, Кудай өзү кечирсин, ошол немени көкөлөтө мактап, оппозиция кыймылынын рупору болгон “Республика” гезитинин кожейкеси, Бакиевдин убагында Кыргызстандын Америкадагы элчилигинде кызмат кылып келген Замира айым анын атынан жазыптыр: “Однако вчера выяснилось, что Атамбаев прочитал мою важную статью о поправках в Конституцию и отозвался: “У меня чувство, что я наступил на какашку вонючую, вонючую…” и я решил вернуть ему любезность…”
Ооба, мен анын “любезно” жазган “важный” статьясын окуп, ага түшүнүктүү болуш үчүн анын тилинде мындай деп айтаар элем: “Да, вы правы, мистер Айтман, что мырза Атамбаев, возможно, не совсем правильно выразился, прочитав вашу “важную” статью о поправках в Конституцию. Однако, я и его понимаю, что он, как всякий неравнодушный человек, возможно и воскликнул в сердцах то, что сказал. Думаю, это потому, что такую ахинею, которую несете вы, мистер Айтман, действительно нельзя прочитать без омерзения! Ведь, даже сам Господь бог с омерзения испепелил жителей Содомы и Гоморры за распутство и грязь против природы человека, чтобы спасти Землю от всякой нечисти!”
Экинчи эшелондо кимдер?
Албетте, акыл-эстүү, турмуштун алчы-таасын тааныган, түшүнгөн-билген, мээлүүн (умеренный) азаматтар: Мавлян Аскаров, Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов, улуу-кичүү бекназаровдор жана аларга теңдеш журналисттер менен ар кайсы оппозициялык кыймыл-топтордун мүчөлөрү биринчилерден болуп көптөн бери күтүшкөн — бийликтин биринчи расмий сунушун жерге тийгизбей “көтөрүп” кетишти. Бул – сыртынан бир караган кишиге жакшы көрүнүш: кандай сергек, элпек, активдүү оппозициябыз бар бизде деп сыймыктансак да болот. Бирок, бир гана жаман жери – баягы эле айтылуу арман кошок: “Бийлик бийликти энчилеп алгысы келип атат”, “Бийликтин көзүн май басты”, “Бир адам башкарган системаны орнотуп атат”, “Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы тебеленип атат”, “Москва менен Вашингтон Атамбевди тааныбай калды”, “2020-жылга чейин Конституцияга тийбешибиз керек!” ж.б.у.с. чындыкка коошпогон ач кыйкырык, куу сүрөөндүн бир түрү.
Андан да кызыгы: “Бийликтеги партиялар Конституцияны өз пайдасына өзгөртүп жатышат”, “Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоого укуктук негиз жок”, “Азыркы Конституция үчүн адамдар өмүрүн берген…” өңдүү эл арасында кур дүрбөлөң түшүргөн дезинформациялык билдирүүлөр менен чыгышкан белгилүү экс-мамлекеттик кызматкер, юридикалык билимдери күчтүү айымдарыбыздын (К.Сооронкулова, А.Салянова, Р.Отунбаеванын) бузукулук позициялары өзгөчө таң калтырды. Анткени, Конституциянын белгилүү беренелерин атайын бурмалап, минтип каратып туруп калп айтууга бул жерде эч кандай укуктук негиз гана эмес, эч кандай себеп да жок. Бир гана, балким, убагында кетирген кемчиликтери үчүн кеч болсо да актануу иретинде айтып жатышпаса…
Конституцияны
окуган, билген, түшүнгөн жана…
5 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетин коргоого жана чыңдоого жараган беренелери менен бирге кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө шек келтирип, бийликтегилердин тең салмактуулугуна жана адилеттүүлүгүнө кедерин тийгизген беренелердин орун алышы, албетте, элин-жерин сүйгөн, анын ысык-суугуна чыдап, күйгөн инсандар үчүн кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын сактап калуу иретинде керектүү кошумчаларын киргизип, керексиздерин ызы-чуусуз, мыйзам ченемдүү жолдору менен алып салып, референдум аркылуу ата-бабадан калган салт боюнча: “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, эл менен кеңешип туруп, керектүү БАШ МЫЙЗАМЫБЫЗДЫ кабыл алсак ким бизге эмне демек эле?
Же, дагы, мурдагыдай: “Ким эмне дейт?”,-деп, Москваны бир карап, Вашингтонду бир карап жана алардын Кыргызстандагы информациялык корпунктары (“Республика”, “Майдан”, “Супер инфо”) аркылуу таратылып жаткан бузукулук (реакционный) маалыматтарды даярдап берип жаткан “Фергана.ру” менен “Голос америки” коопсуздук мамагенттиктерин тыңшап коюп, бири-бирибиз менен тытышып отура беришибиз керекпи?
Үчүнчү эшелон
жана анын артында ким турат?
Үчүнчү эшелондо, албетте, “Киргиз-Венециялык Конституциянын атасы” – Текебаев Өмүрбек мырза жана анын артында, албетте, “Киргиз-Батыш демократиясынын атасы” (“Отец Киргизско-Западной демократии”) – Аскар Акайыч мырза турары белгилүү. Анткени, алгачкы качкын президент өзүнүн экс-статусун сактап калыш үчүн өзүнүн эң талантуу окуучуларынын бири — ошол убактагы парламенттин спикери Текебаев мырзага гана ишеним артып, “Өз эрким менен бийликтен кеттим” деген расмий арызын колуна берип узаткан. Бирок, кийинки иштер алар ойлогондой болбой калды.
Ошентсе дагы… Ошентсе дагы – 2010-жылдын жаз-жай айлары Текебаев мырза үчүн “жылдыздуу саат” болгону шексиз!
Кыргыз Республикасынын кийинки тагдыры, анын мамлекеттик түзүлүшү, саясый системасы жана негизги жашоо мыйзамы – Конституциясы – толук бойдон Текебаев мырзанын жана анын ой-санаалаштырынын колунда эле…
Азыр анын баарын бул жерде айтып отуруунун эч кажети жок, анткени аны – анын партиялаштары (Дастан Бекешев, Алмамбет Шыкмаматов), оппоненттери (Токтайым Уметалиева), жаңы Конституциянын жоболорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жана кесипкөй коллегалары (Данияр Нарынбаев, Аида Салянова), Убактылуу өкмөттүн убактылуу жетекчиси Роза Исаковна баш болгон Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү, эксперттер, комиссиянын мүчөлөрү жана жалпы коомчулук жакшы билишет.
Эл эмне дейт?
Биз болсок кыргыз мамлекетинин катардагы жарандары катары – 2010-жылы кыргыз элинин жаңы тарыхындагы эң катаал күндөрүнүн биринде референдум аркылуу шашылыш түрдө кабыл алынган Конституциябыз өткөн 5 жылдын ичинде бизге, жалпы кыргыз элине, кыргыз мамлекетине кандай кызмат кылды, кандай жакшы иштерге өбөлгө түзүп, кандай жаман иштерге түрткү болду деп анализдеп көрүүнү чечтик. Эмесе:
1. Кыргыз Республикасы парламенттик башкаруу системасына өтүү менен бирге жалпы мамлекетти башкаруу системасында эч кандай жаңы форма, ыкма жана кардиналдуу өзгөрүүлөргө бара алган жок.
2. Анын ордуна партия фракцияларынын ортосунда аткаруу бийлигин менчиктештирүү аракеттери күч алып, иш жүзүндө аткаруу бийлиги парламенттин кол баласына айланып калды.
3. Ошол себептен аткаруу бийлигинде туруксуздук жана кайдыгерчилик орун алып, мамлекеттик структураларда коррупциялык схема, элементтер көбөйдү.
4. Сот бийлигинде канчалык көз карандысыздык бекем болсо, ошончолук жоопкерсиздик жана өзүмбилемдик күч алып, аферист, шылуун, бандит, жуликтердин күнү тууду. Мисалы, бандит Батукевдин бошотулушу.
5. Генпрокурордун кызматы парламенттик коалициянын көпчүлүгүнөн гана эмес, ар бир партфракциянын мамилесинен да көз каранды болуп калды.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтомдору Эл аралык укук коргоо органдары тарабынан жокко чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Конституциясы гарантиялаган кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы кадимки эле фикцияга айланып калды.
7. Ушундай Конституциянын кылым карыткан кыргыз элине, кыргыз мамлекетине кереги барбы?
Албетте, кереги жок.
Мындай учурда ар бир адам, жаран, инсан, мамлекеттик кызматкер же президент болобу, жөнөкөй жумушчу же баба дыйкан болобу, эгерде анын эс-акылы ордунда, жүрөгү таза, сезими тирүү болсо, албетте, кайдыгер карап тура албайт. Ошол себептен президент тарабынан көптөн бери айтылып келаткан жогорудагы Конституциялык мүчүлүштөр Жогорку Кеңештин депутаттары Ч.Турсунбеков, И.Өмүркулов, Ө.Бабанов, К.Исаев, Б.Төрөбаев, А.Сулайманов ж.б. тарабынан колдоого алынып, азыркы Конституциянын 114-беренесине ылайык:
1. Ушул Конституцияга өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.
2. Ушул Конституциянын 3,4,5,6,7,8-бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча, же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн.
4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.
5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Кыргыз Республикасынын президенти кол коюуга тийиш.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы убакта ар кайсы оппозициялык ЖМКларда депутаттардын демилгелүү тобун жерден алып көргө, көрдөн алып жерге сүйрөшүп, “мыйзамды одоно бузуп атышат, бийликти узурпациялап алганы жатышат!” деген ач кыйкырык, куу сүрөөндөрүндө көрсөтүлгөндөй бул жерде эч бир мыйзамды бузуу же бийликти узурпациялоо тууралуу сөз гана эмес, ой да жок.
Андай болсо, алар эмне үчүн мындай тополоңго түшүшүп, бирин арстан, бирин корстон көрсөтүшүп, “Бул демилгеңерди токтотпосоңор баарыңарды кыйратабыз, кыргыз элин биз гана жыргатабыз!” деп, кайра-кайра карайлашып, эски экс-президенттердин чала сабат, чалакайым, чала баатыр сөрөйлөрүн ала чуркашып, күпүлдөп жүрүшөт?..
“Дөңгөч саясат”
деген эмне?
Бул сценарий “Киргиз-Венециялык Конституциянын атасы” Текебаев мырзанын куйтуулук, куулук (лукавый), дөңгөч саясатынын бир эле бети.
Алып карасаңыз: азыркы оппозициядагы биринчи, экинчи эшелондогу ой-санаалаштарына эртелеп, “фас” командасын берип коюп, өзү белгилүү чеберчилик менен бийлик менен оппозициянын ортосунда адилет арбитраж сотунун ролун ойноп: “Ооба, Атамбаев өлкөнү жаман эмес башкарды. Тууган уруктарын бийликке аралаштырган жок. Атамбаевдин үзүрүн туугандары эмес, жанындагылар көрүп жатышат. Алар бийликтин баарын өкмөткө алып берип, парламент тарабынан көзөмөлдү чектеп салышмакчы. Бүгүн сунуш кылынып жаткан өзгөрүүлөрдү мен контрреволюция катары кабыл алам. Биз, тескерисинче, революциянын жеңишин жокко чыгарып, кайра эле 2010-жылдагы кырдаалга барып калышты каалабайбыз…” деп менменсинип, манчыркап турган убагы. Да-а, кандай гана күчтүү жана чеберчилик менен айтылган сөздөр!..
Бирок, бир гана жаман жери: “Эмне үчүн ошол каргашалуу катаал күндөрү канкор Бакиевдин кесепетинен Бишкекте жүздөгөн, Ошто миңдеген жарандарыбыз кан жутуп жатканда, сизге өзгөчө ишенич артып, кыргыз элинин тагдырын чече турган негизги мыйзамыбызды өз колуңузга тапшырсак, мамлекеттин эң негизги ишин алпаруучу – аткаруу бийлигин, боорун жерден көтөрө элек парламенттик-партиялык кландардын менчигине айландырып, карапайым калктын кызыкчылыгына кызмат кыла турган парламент менен сот бийлигин жоопкерчиликтен ажыратып, кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн Батыш цивилизациясына таандык чагымчыл (реакционный) эл аралык укук коргоо органдарына көз каранды кылып койдуңуз?!.
Сиз эмне, революциянын жеңишин ушинтип коргоп калууну чечтиңизби, кыргыз элин кемсинтип, чөгөлөтүп?
Ким үчүн – качкын экс-президенттердин ууру-кески, эски-жаңы кадрлары үчүнбү? Же өзүңүздүн эле жеке амбицияңызды канааттандырыш үчүнбү? Балким, бул иш кыргыз мамлекеттүүлүгүнө каршы атайын иштелип чыккан жашыруун диверсия болуп жүрбөсүн? Балким, бул иш дагы бир баш кесердин атайын сизге тапшырган буюртмасы болуп жүрбөсүн? Ким билет?
Ал эми “Текебаевдин экинчи бети тууралуу эл жакшы билет” деген сөздөр коомчулукта дайыма айтылып жүрөт. Балким. Бирок, мен ал тууралуу эч нерсе билбейт экенмин жана андай сөздөргө ишенүүдөн алысмын. Анткени, адамды билбей туруп аны айыптоо – чоң күнөө. Ошондуктан, бул тууралуу өзүмдүн гана жеке оюмду айткым келет.
Орустарда айтылып жүргөндөй: “Упрямый всегда возьмет свое: не мытьем, так, катаньем” деп. Анын сыңарындай, Текебаев мырза чебер, кылдат саясатчы катары максат кылып койгон ишин каток катары тебелеп салат. Бул барына белгилүү. Бирок, иштин аягына келгенде – кадимки эле дөңгөчтүн ролун аткарып калат. Башкача айтканда, ага катышкан же болбосо ага жакпаган киши – акыр аягында дөңгөчкө чалынып жыгылгандай – биротоло оңкосунан кетет. Балким ошол себептен эл арасында жанагы экинчи бети жөнүндө сөз болуп жүргөндүр…
Айтайын дегеним: Азыркы жана акыркы убактарда турмуш өзү көрсөткөндөй, өткөндөн туура сабак алып, эң негизгиси – калың элдин катмарында дайыма жашап келген эң зарыл жана эң жөнөкөй мүдөө-талап — тынччылыкты сактап, тынч оокатыбызды кылып, бала-бакырабызды тарбиялап, окутуп-чокутуп дегендей, эл катарына кошуп, келечекте ошолордун колунан даам татып, ошолордун урмат-сыйын көрүп, кадыр-баркыбыз менен ошолордун колунда тынч бул дүйнөдөн өтүп кетсек деген эле ой. Ага жетип, аны сактап калыш – эбегейсиз зор жана ак эмгекти талап кылаары — айтпаса да түшүнүктүү.
Бирок, турмуш өзү көрсөткөндөй, тынччылыкты сактап жашоо ар бир адам, инсан, өзгөчө эл башында турган адам үчүн ат көтөргүс ыйык милдет экенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Мисалы, бирөө болбосо бирөө тарабынан, өзгөчө оозуна алы жетпеген көкжал, кыянат, карөзгөй, бузуку адамдардын: “Мен элдин атынан айтып жатам – бул бийликке эч ким ишенбейт, бул бийликти эч ким колдобойт!” деген чагымчыл сөздөрү кимди болбосун иренжитпей койбойт. Бирок, менин билишимче, бул бийликке ишенген, бул бийликти колдогон адамдар азыркы жана акыркы убактарда күн санап өсүп келе жатканы – көзү көрбөй, кулагы укпай калган эмес – көкүрөгү, көөдөнү сокур адамдардан башкасынын баарына белгилүү да.
Анан, алардын бир өзгөчөлүгү – “мен элдин атынан айтып атам” деп эч качан эч жерде кыйкырышпайт. Алар жөн гана өзүлөрү кеп кылышып, автобуста, троллейбуста, маршруткада, паркта, коноктордо, короодо, көл жээгинде, жайлоо-кыштоолордо бири-бири менен, мени, сени жана өзү билген, өзү сүйгөн адамдары менен ой бөлүшүп калышат. Бир тобу мага тээ алыстан – Алай, Ош, Баткен, Суусамыр, Көлдөн, Чүйдөн, Таластан, Нарындан телефон чалышат: “Айтыңызчы, ушу бир президентке кирип, кантип айтсак болот, жанакы ууру-кесектерди токтотуп, бир тынч оокат кылсак болот эле. Кудайга шүгүр, азыр мал-жаныбыз, огород-жай, жер-жемишибиз менен жакшы эле оокат кылып атабыз. Бир гана ушу тынччылык болсо болду. Анан дагы, айтып койсоңуз боло, ушу киши “кетем” дебей эле иштей берсе болот эле. Кийин дагы ким келерин бир Кудай билет” дешип.
Сөзүм кур болбос үчүн бир эле мисал келтире кетейин: “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сиз акыркы айларда “Убактым бүткөндө кетем, бийликти өткөрүп берем, күтө тургула, бир жарым жыл калды, президент болом дегениңер шайлоого чыккыла, эл тараза, эл тандасын”,-дегениңизден бери бушайман боло баштадык. Азыр жашоо аз-аздан нукка түшүп, бала-бакырабыз иштеп, небере-чөбөрөлөр окуп-чокуп, көңүлүбүз тынчый баштады эле. Сиздин жогорудагы сөздөрүңүздөн кийин ойго батып калдык, Алмазбек Шаршенович кыргыз элин кайсы неменин колуна тапшырганы калды (?) деп. Өткөн шайлоо деле таза өткөн жок, дагы эле акча таратылып, алданып жатышканын көрбөдүкпү же калппы? Кыргыз элинин тагдырын эми кимге тапшырасыз? “Түрмөдөн авторитет болуп чыктым” деп жаланып-жуктанган Нариман Түлеевгеби? Ал деле болуп калышы мүмкүн акчанын күчү менен. Эгер ал президент болсо, эртеси эле борбор шаардын атын Коңурбай же Жолой кылып, Манас, Чынгыз, Курманжан, Уркуялардын эстеликтерин талкалап, ордуна баягы өзүнүн борбор аянтка койгон эстеликтерин кайра алып келип, элдин эсин эки кылат го. Же акча көрсө көзү кызарып, чанагынан чыгып кетчүдөй болгон “эксковаторщик” атка конгон Азимбек Бекназаровдубу? Кашаадан ары-бери секирген чалагайым 7-класстын баласы кейиптенген Камчыбек Ташиевгеби, эс-дартынын баары “ичсем-жесем”, эл ачкадан кырылса дагы мага баары бир деген Ахматбек Келдибековгобу, колхоз-совхоздордун түбүнө жетип, “пахта парникте өсөбү” деп дөөрүгөн Бекболот Талгарбековгобу, “Акшаклдар” атка конгон Үсөн Сыдыков менен Дастан Сарыгуловгобу, калгандарынын баарын жазсак кагаз түткүдөй эмес. Сизден суранарыбыз: кыргыз элинин тагдыры, келечеги үчүн шашпай дагы ойлонсоңуз. Кандидатураңызды кайра койбосоңуз да, мураскер кылып, 3-4 кишинин атын элге атап коюңуз. Бир жарым жыл эл таразалап көрсүн.
Сизден жакшылык күтүп, кайрылуу жазгандар эл агартуунун, эмгектин ардагерлери: Жангазиева Канипа, Сулайманов Бердибек, Ботоканов Калыбек – Арча-Бешик, Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары. (“Фабула” 7-июнь 2016-жыл.)
Менимче, бул кайрылууга кыргыз мамлекетинин көпчүлүк жарандары кошулат деп ойлойм. Анткени, ким эле өзүнө өзү душман болуп, тынч, ак эмгектен качып, карайлаган кара дөңгөчкө чуркасын.
Ошондуктан, мен ойлойм: оппозиционер сөрөйлөрдүн эл арасында жүргүзүп жаткан дөңгөч саясат иштерин айланып өтүп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кыргыз парламентинин демилгелүү тобунун мыйзам ченемдүү иштерине ийгилик каалоо менен бирге, Калыгул атабыз айткандай: “Ырыс алды ынтымак, ынтымагың болбосо, алдыңдан таяр алтын так” деген насаат сөздөрүн дайыма жаныбызда ала жүрсөк.
Терең урматым менен
Карыбай Турусбеков,
(0555 788 649)
Азия news

Click to add a comment

БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

More in БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫТАРЫ

2

К сведению Бабанова, Сариева, Торобаева: некоторые кандидаты в президенты манипулируют обществом

presskg24.05.2017
1

Шадиев портит имидж Жогорку Кенеша?

presskg24.05.2017
4

Мыктыбек показывает, что он хорош

presskg24.05.2017
3

Темир Сариев обеспечит скачок в экономике страны или толкнет страну в пропасть?

presskg24.05.2017
2

Вопрос ребром: если Текебаев чист, почему его адвокаты избегают суда?

presskg24.05.2017
1

День Матерей. Эльмурза Сатыбалдиев, общественный деятель: «Мама мечтала, чтоб я стал прокурором»

presskg24.05.2017
3

У Омурбека Бабанова больше шансов?

presskg18.05.2017
2

Текебаев и в заключении не сидит просто так, «кидает» Торобаева!

presskg18.05.2017
1

Айтмамат Назаров, депутат ЖК от фракции «Кыргызстан»: «Почему в Ноокене отравились дети? Давайте выясним причину!»

presskg18.05.2017