Сюжеты

Кылмыш, кырсык…

Кылмыш, кырсык…
presskg

Машине уурдагандар колго түштү
– Бишкекте машине уурдоого шектелген 3 жаран кармалды. Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 37 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө-издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы З.Т., 24 жаштагы С.А., 24 жаштагы К.Н. кармалган. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайда сурак берип жатышат.

Акча уурдаган ууруну колго түшүрүштү
– Бишкекте «дүкөндөн 120 миң сом уурдаган» деген шек менен 35 жаштагы жаран кармалды. Маалыматка ылайык, окуя боюнча арызды Бишкек шаарынын 37 жаштагы И.В. аттуу тургуну жазган. Ал арызында Р. аттуу жаран Кулатов көчөсүндө жайгашкан «КМА» ЖЧКнын дүкөнүнөн 120 миң сом уурдап кеткенин айткан. Уурунун артынан түшкөн милициялар көп өтпөй эле 35 жаштагы жаранды кылтакка илип, тергөө абагына отургузушкан.

Кыз зордуктайм деп кылтакка илинди
– Бишкекте 24 жаштагы кызды үйүнө чейин кирип барып зордуктоого аракет жасаган жаран кармалды. Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 22-июнь күнү Н. аттуу бала үйүнө кирип барып зордуктоого аракет кылганын айткан. Бул арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы М.Н. аттуу жаран кармалып камакка алынган.

Аялды сабап кармалды
Ысык-Ата районунда 57 жаштагы аялды сабап, денесине оор залал келтирген жаран милициялардын кылтагына илинген. Белгилей кетсек, милицияга 57 жаштагы Ивановка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал аталган айылдагы базарда белгисиз адам эч себепсиз сабап, денесине оор залал келтиргенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы У.Р. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.

Шумдугуң кургур
Россиянын Троицк шаарында 28 жаштагы аял подофилдикке күнөөлөнүүдө. Белгилей кетсек, ал өзүнүн 9 жаштагы уулу менен жыныстык катнашта болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалалар жазып чыгышты. Соттун чечими менен ээн баш эне 12,5 жылга эркинен ажыратылды. Тергөөнүн жыйынтыгында бул эне 9 жаштагы баланын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш кылгандыгы аныкталган. 28 жаштагы келиндин кылмыш кылгандыгы толук далилденди. Ага карата “14 жашка толо электерге карата сексуалдык аракеттерди колдонуу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.Күнөөлүү келин 12,5 жылга эркинен ажыратылып, жалпы түзөтүүчү колонияда кармала турган болду.

«Фабула пресс»

Click to add a comment
Сюжеты
Просмотров 89 views

More in Сюжеты

7

Дело о расчленении мужчины: Суд приговорил Айдай Субанову к 16 годам тюрьмы

presskg17.10.2016
1

В городе Шарлотт, США, введен режим ЧП

presskg24.09.2016
1

Часть 1 из 4. Беспредел на рынке Чолпон-Ата, Иссык-Куль, Киргизия.

presskg02.08.2016
3

Мальчик, который любит собачье молоко

presskg28.07.2016
1

Члена ОПГ по кличке Мазя задержали за вымогательство. Ищут пострадавших

presskg12.07.2016
7

Мужчина ночью залез в окно и изнасиловал 21-летнюю девушку

presskg11.07.2016
1

Помогите найти. В Чуйской области пропала 15-летняя девушка

presskg07.07.2016
7

Число погибших в результате теракта в Багдаде увеличилось до 290 человек

presskg07.07.2016
6

В США полицейские расстреляли лежащего на полу чернокожего

presskg07.07.2016

ActionTeaser.ru - тизерная реклама