Аалам гезити

30.12.08

30.12.08
2 CTP 16

«Аалам», 30.12.08 — 11-бет: Полит-элита…•

  Жыл тоосу

Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер
— Мен билген япон калкы кыйын мезгилдерде жашоо- шартыбыз оңолсо экен деп баары бир мезгилде тилек кылып, ошол тилеги ишке ашышына чын дилден аракет жасаган. Биз дагы баарыбыз Кыргызстаныбыз өсүп -өнүгүп, алдыңкы мамлекеттердин сабында турушу үчүн тилек кылалы. Кандай гана иш жасабайлы аруу тилек, ак ойлорду аркаласак, аныбыз сөзсүз ишке ашараарына ишенем. Бишкек гуманитардык университетинде иштеп, мен азыр жаштар менен аралашып жүргөнүмө ыраазы болуп келем. Бизде аракетчил, билими, акылы, ою терең жаштарыбыз көп. Биз ошол жаштарыбыздан терең үмүт кылабыз.


Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова:
«Кышында жазды сагынам»
Эже, Жаңы жылда кандай белек күтөсүз?
Мени билгендер мага дайыма гүл белек кылышат. Мандалак, гвоздика, роза алганды жакшы көрөм. Өзүм болсо талаанын майда, көк гүлүн жактырам. Амансыңбы, көк гүлдөрүм» деген жыйнагым бар. Раматылык жолдошум (Сагын Наматбаев- ред.) тирүү кезинде мага дайыма гүл берчү, Москвадан атайын «Быть может» деген духи ала келчү. Белекке көйнөк- сөйнөк, сөйкө- шакек эмес, гүл, китеп алгым келет. Ал эми сөйкө- шакек тагынганда мен ыр жаза албай жүдөп кетем. Кышында жазды сагынам. Биз жаш кездерде Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Турар Кожомбердиев, Салижан Жигитов болуп Басбөлтөккө байчечекей издеп кетчүбүз, Чоң- Курчактан булак издечүбүз.
Үйдө 200 томдук дүйнөлүк адабият жыйнагы, дагы толгон китептер бар. Дагы эле белекке китеп бергендерин жактырам.
Биздин бала кезде чоң энебиздин талпагын сүйрөп, тоого чыгып, чана кылып тепчү элек. Ал тоңуп, катып калаар эле. Чоң энелерибиз талпагын таппай эле жатышчу. Бала кез деген кандай сонун курак, азыр да ыр жазгым келгенде, бала чагыма баш багам, анан тазаланып, арууланып алам. Биз анда чоң энелерибиздин, чоң аталарыбыздын айткан жомогуна ишенээр элек. Тоодон үңкүргө барып, андан жезкемпир чыгаар бекен деп издеген күндөр болду. Бак тикчүбүз. Бактарыма суктанып, ыйлап, күлүп, айтор жаратылышка суктанып өстүк биз. Азыр да бак куурап, гүл соолуп турганын көрсөм, кейип келем. Короонун «сугатчысы» болуп алам.
Азыркы балдар да жаратылышка жакын болсо, жомокту окуп, жомокко ишенсе дейм. Быйылкы жаңы жылда Жал ооруканасында иштеген депутат Узакбаевге кат менен кайрылсак, 20 балага жаңы жылдык баштык берип жибериптир. Аны балдарга теңдеп бөлүштүрүп жатам. Плакат жазып олтурам. Жаңы жыл алдында короого илип, короодогу балдарды ырдатып- бийлетип, майрам уюштуруп берели деп жатам.


«Уйдун» уул-кыздары
Жарык дүйнөнү уй жылында көргөндөр мээрман, адилет, анан иштерман болушат экен. Ар кандай адам менен таанышса аны бат эле «колго алышып», тез мамиле түзгөнгө «уста». Бирок, бирөөгө баш ийип, тизелегенди жактырышпайт, эркин, өз алдынча иштегенге умтулушат. Көбүнчө жакшылыкка бой ташташат.
Алар табиятынан куру кыялга анча азгырылышпайт, деген менен сезимталдуу, назик, зирек келишет.
Уй жылында туулган айымдар күйөөсүн башкарганды эп көрүшөт. Өздөрү жакшы үй кызматындагы аял боло алышат.

2009-жылды кантип тосуу керек?
Уй адатта күчтүү, кекчил келип, жылды тосуу учурундагы кемчилдиктерди көпкө чейин унутпайт. Ошондуктан уй жылын тосуп алууда майда-барат нерселерге чейин көңүл бөлүү зарыл. Көпчүлүккө белгилүү болгондой эле уйлар ачык түстү, көбүнесе кызыл түстү жактырышпайт.
Бул жылда майрамдын столдун үстүнө 3 же 5 шам жагып коюу керек. Шамдардын өңү сары, күлгүн, көгүш же агыш түстө болуусу зарыл. Үй ичинде же майрамдык столдор жыгачтан жасалса жакшы болот. Ал эми балатыны үмүт-тилектериңерди айтып, өз каалооңор боюнча кооздосоңор болот.
Жаңы жылдык кийимдер синтетика кошулбаган табигый жүндөн, жибектен, пахтадан же булгаарыдан болгону оң.
Кооздук үчүн алтын, күмүш, платинадан жасалган сөйкө, шакектерди, ошондой эле жыгачтан, таштан жасалган буюмдарды колдонсо болот. Бирок металлменен таш, жыгач буюмдар өз-өзүнчө болгону оң. Аларды аралаштырып тагынууга болбойт.
Майрамдык тамак-аш ар түркүн болгону жакшы. Анткени канчалык тамак-аш көп болсо, жыл бою дасторкондон береке кетпейт. Майрамдык стол сөзсүз бөлмөнүн ортосуна коюлуп, жасалгаланышы керек.
Жаңы жылды өзүңөргө кымбат, ары сүйүктүү адамдар менен үй-бүлөдө жакшы маанайда тоссоңор, ар бир адамдын жан дүйнөсү жылып, үй-бүлөдө бири-бирин түшүнгөн жылуу сезим байыр алары шексиз.


1. Өткөн жыл кандай болду?
2. Жаңы жылдан эмнени күтөсүз?
3. Элге каалоо -тилегиңиз?
Толгонай Солтонова, КУУ, 3-курсунун студенти:
Өткөн жыл мен үчүн жемиштүү болду, жаңы ишке орноштум, окууга өттүм, ошондой эле «Ак Шумкар КУТ» жаштар уюмуна мүчө болуу менен бирге жан дүйнөмдө өзүм күтпөгөн жаңылыктар, өзгөрүүлөр болду. Теңимди таап, экөөбүз жаңы эле баш кошуп бакытка балкып турган убагыбыз.
Жолдошум экөөбүз тең улуу кыргыз элинин учун улай турган уул күтөбүз.
Элибиз ынтымакта болуп, намысты туу тутуп жан дили менен ар бир кыргыз, кыргыз экенин таанысын. Элибиздин аң сезиминде жаңыруу болсо, анан мамлекетибизде өсүш болот деп ишенем. Кыргызстан бөөдө кырсыктан сырткары болуп, элибиз эсен, пейлибиз кенен болсун!

Сабира Сатылган кызы. КМУУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун периси 2008″ сынагынын жеңүүчүсү:
Жайында өзүмдүн долбоорлорум менен Астана шаарына барып жеңиштүү кайттым, андан келип мамлекеттик практикамды Экономикалык өнүгүү жана соода министирлигинде мыкты деген баага өтөдүм жана сессиямды ийгиликтүү тапшырып алдым.
Экономикалык кризиске мүңкүрөп калбай, изденүү менен табылгаларга ээ болсок деп тилек кылам. Жаштарыбыз өздөрүнүн, элибиздин эртеңи экенибизди унутпаса демекчимин.

Мирхамид Токтогул уулу, «Ак Шумкар КУТ» жаштар уюмунун жетекчиси:

Бул жыл жалпы жолунан саясый да, социалдык да жагынан жигердүү жылдардан болду десек болот. Жыл башында экономикалык жана энергетикалык каатчылыкка биздин өлкө да дуушар болду. Аны менен бирге саясый айдыңда жерлердин берилиши, сатылышы коомдо бир топ кыжырданууну жаратты. Бул маселеге жаштар да четте турбастан активдүүүгүн көргөзүп, «Жер сатылбасын! Каркыра биздин жер» деген чакырык менен жер сатууга жол бербөө керектигин талап кылып митингдерге чыктык. Тилекке каршы мүдөөгө жетпей, атүгүл чыккан балдардын баары административдик айыпка тартылып, айрымы үч суткалап камалып да чыгышты.
Ош жана Жалал-Абад шаарларында улутка күйгөн идиректүү жаштардын башын бириктирип, уюмдун өкүлчүлүгүн ачып келдик
Бир катар коомдук уюмдардын көмөгү менен жылда өткөрүлүп туруучу «Аруулануу күнүн» өткөрдүк.
Талас шаарында уюмдун өкүлчүлүгүн ачтык.
Жылдын саясый да, маданий да жыйынтыктоочу иши болуп Кыргыз жаштарынын биринчи улуттук кеңеши болду. Анын жыйынтыгында атайын топтор түзүлүп, иш долбоорлор бекитилип ишке киришти. Кыргыз радиосунан «Кыргыз кут», МанасFMден «Манас — Рух гүл азыгы» уктуруусу обого чыга баштады. Интернетте атайын блог ачтык.
Элибиз бар болсун, бай болсун, телегейи тең болсун, улуттук намысы ар дайым бөксөрбөгөн дем болсун!

Мүчөл чыгаруу

Быйыл — Уй Мүчөл жылы. 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997-жылы төрөлгөндөрдүн мүчөл жылы. Нооруз майрамдала башталгандан тарта ата-бабадан келаткан элдик календарь менен салттуу ырым-жырымдарды чаташтырып жүрүшөт. Бир катары мүчөл жылы 1-январдан 31-декабрга чейин созулат деп түшүнөт. Экинчилери мүчөл жылы туулган күнүнөн башталат дейт. Чаташ ушунда. Мисалы, быйыл Уй жылы — асманда жылдын айы жаңырганда үчтүн айында башталат. Ошондуктан ушул ай ичинде мүчөл чыгаруу расмисин жасап койсоңуз болот.
Мүчөл жаш — мусулманчылыктагы улуу салтанат, ыйык ырым. Себеби, мүчөл жаш 12 жылда бир келет. Анүстүнө мүчөл жыл мүчөлү толгон адам үчүн оор жана опуртал жыл болору да маалым.
Мүчөл чыгарыш үчүн 7 даамдын башы кошулган көжө кайнатып, жакын адамдары мүчөлү толгон адамга жакшы каалоо-тилек айтып, жупуну белек тартуулашат. Мүчөлү толгон адамга кызыл көйнөк кийгизип, эски-уску кийимдерин өрттөйт. Ошол от үстүнөн мүчөлүн чыгарып аткан адам гана ары-бери атташы зарыл. Андан тышкары мүчөлү чыгып аткан адамдын идиш-аягынан бирөөнү тээп сындырып, сыныгын башынан тегеретип алыс ыргытат. Акырында мүчөлдүү адамды, анын жаткан-турган жерин, эмерек-шаймандарын арча менен аластоо парз. Ал эми мүчөл адамы жоктор болсо жөн гана жыл башы кылып үй-жайын аластап, ырым-жырым жасап койсо болот.
Мүчөл чыгаруу учурунда арак-шарап ичүүгө болбойт. Озондоп ырдап, мүчөлү толгон адамга кошулуп башкалардын оттон аттаганы да туура эмес.

Бетти даярдагандар Айгүл Бакеева,
Мундуз Асаналиева

Жыл сүрүү

Чычкан 1936 1948 1960 1972 1984 1996 2008
Уй 1937 1949 1961 1973 1985 1997 2009
Барс 1938 1950 1962 1974 1986 1998 2010
Коен 1939 1951 1963 1975 1987 1999 2011
Улуу 1940 1952 1964 1976 1988 2000 2012
Жылан 1941 1953 1965 1977 1989 2001 2013
Жылкы 1942 1954 1966 1978 1990 2002 2014
Кой 1943 1955 1967 1979 1991 2003 2015
Маймыл 1944 1956 1968 1980 1992 2004 2016
Тоок 1945 1957 1969 1981 1993 2005 2017
Ит 1946 1958 1970 1982 1994 2006 2018
Каракийик 1947 1959 1971 1983 1995 2007 2019


1230.htm

2 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

02.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика