Аалам гезити

30.10.08

30.10.08
1 CTP 15

e:\0755\1030_10.htm
*************************************************************************************
«Аалам», 30.10.08 — 10-бет: Полит-элита…•№73, 30.10.08-ж.

  Кеч күздөгү чыйрыгуу

Бексултан Жакиевдин ичи тардыктан бут тоскон кылык-жоруктары
Бексултан Жакиевди мен университетте бирге окуп жүргөн чактан билем. Менимче, калыс байкаганга «сырты жалтырак, ичи калтырак» гана тургай, зөөкүр дагы болчу. Кийин чыгармачылык жактан ичи тардыгы, өзүмчүлдүк жагы күчөдү. Кемчилигин бетине айтып, кошомат кылбаган калемдешине, кызмат абалынан пайдаланып, кыянаттык кылуудан кайра тартпай кетти.

«Укмуштуунун төөсү жорго»
1970-жылы чыккан Кыргыз драмтеатры боюнча буклетте драматург катары мени да киргизишкен. Эми өзү редактор болуп, 1978-жылкы эки тилде чыккан буклетке киргизбей мени чийип салган. Чындыгында мен драманы Жакиевден мурда баштагам, студент кезибизде ал пьеса жазууну ойлой электе, менин үч башка пьесамды үч башка факультет койгонун жакшы билүүчү. Кийин дагы менин пьесаларымдын саны (сапатын эл сынасын) аныкынан көптүгүн, элдин жакшы кабыл алып жатканын ал жакшы эле билүүчү. Ошого карабастан, андан жемиштүү иштеп жаткан Тойбаев деген немени драматургдардын катарынан такыр чийип жоготуп, моралдык жактан басынтайын деген максатты көздөгөнү Жакиевдин 1977-жылы «Советская Киргизия» газетасына чыккан макаласынан да ачык көрүнөт. Анткени, ушул макаласында да, репертуардык-редакциялык коллегиянын башкы редактору болуп туруп драматург Тойбаевди өз катарынан калтырган.

«Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт»
Жакиев айрыкча «Жашыл жалбырак» («Пишпектин уулу» же «Первый бой») аттуу пьесама башкы редакторлугунан пайдаланып, айла-амалынын жетишинче астыртан «мышык-чычкан» ойнотту. Анткени, улуу жердешибиз М.В.Фрунзе жөнүндө менин жазганыма ичи тардык кылды. Басынып калбай, үч жыл (1978-80-жж.) ичинде мен үч башка вариантын жаздым. Ошого чейин ошол тарыхый аттар жазылганы жөнүндө унчукпай келип, ошо үчүнчү вариантты талкуулагандан кийин атайы мага жазуучулар Союзуна келип, күйгөн киши болуп айтты: «Мен сага жолдоштук жардам кылайын. Тарыхый аттардын ордуна прототип вариантын (маселен: Фрунзени Прозорев деп) кабыл алгыла деп мага арыз жазып бер, себеби, тарыхый вариантың жарабайт. Болбосо кабыл албайбыз, келишимди бузуп, закон боюнча алган 25% гонорарыңды төлөп калууң да мүмкүн» — деп.

Ушунчалык алыссыңбы, жакынсыңбы, сен чындык
Ошону менен бирге, мен кыскача кат жазып, улуу жердешибиз М.В.Фрунзенин балалыгы жөнүндөгү алгачкы пьесанын бүткүл өлкөгө таратылган кубанычымды бөлүшүп, чыгармачылык каалоолорумду, тилектеримди гана билдиргенмин. (Эскерте кетүүчү сөз: ал катка мен Жакиевдин же башка бирөөнүн терс мамилеси тууралуу эч нерсе жазган эмесмин).
Бирок, ушул фактыны Жакиев бурмалап, ал кезде ооруканада жатып алып, «Тойбаев БКга арыз жазыптыр» деген ушакка айлантып, ооруканага барып турган жердеши, ошол кездеги министрликтин искусство боюнча башкы башкармасынын начальниги Ш.Шаршеев аркылуу Крупская атындагы орус театрынын ошол кездеги директору К.П.Гольдфрайнга жашыруун телефон чалдырып (муну мага театрдын жооптуу кызматкерлеринин бири айтпаңыз деп айтып берген) бузуку буйруктарын ишке ашырган. Маселен, ушу пьесаны орус театрына авторду атайы катыштырбай туруп, 1981-жылы 23-декабрда Худсоветте шашылыш талкуулатып, бул пьеса эчтекеге жарбайт деген чечим кабыл алышкан. Авторду катыштырбай коюудан баш тартып, чечим кабыл алганы туура эмес экенин ошо Крупская атындагы орус театрын партиялык органдар тарабынан текшерген комиссиянын мүчөсү Б.Алагушев «Кыргызстан маданиятына» (2-декабрь, 1982-ж. 13-бет) жазган макаласында калыс көрсөткөн.
Ошол чечимди тиркеп, начальник Ш.Шаршеев мен жөнүндө мурда даярдаган үч барак материалына министрге кол койдуруп, Кыргызстан КП БКга жөнөтөт. Ошо катка бир топ жалган фактыны кошуп жазып жиберет.
Биринчиси: «Жашыл жалбыракты» («Первый бойду») автордун өтүнүчү боюнча, Кыргыз ССР Маданият министерствосу атайы заказ берип орусчага котортконбуз, акчасын биз төлөгөнбүз».
Экинчиси: «Автор биз (Жакиев) кабыл албаган тарыхый вариантын Нарын театрына таңуулап койдурган».
Үчүнчүсү: «Прототип вариантын автордун өзүнүн 16.06.1980-ж. арызы боюнча кабыл алганбыз». (Арызды жазбасаң, кабыл албайбыз дегенде аргасыздан жазганымды айтпадым беле).
Мен ушундай кызматта документтерди оңдоп чыгарып, жасалмалап, БКга берилген катка нааразылыгымды билдирип, 1982-ж. 3-мартында министр Ж.Н.Нусуповага кирдим. Ал кылдат текшерип, А.Сырымбетовду чакырып сурады. Ал, биринчиден, пьесамды Жакиев эмес, Москва котортконун, экинчиден, Нарын театры Жакиев жактырбаган тарыхый вариантын жактырып, таңуулатпай эле худсоветинин чечими менен койгонун, үчүнчүдөн, прототип вариантын кабыл алгыла деген арызды мен Жакиевдин кыстоосу менен аргасыздан жазганымды министрге далилдеп айтып берди. Ошондо гана министр начальниги Ш.Шаршеевге бекер ишенип, БКга жазылган катка окубай туруп бекер кол коюп жиберген өкүнүчүн айтып, менден адамча кечирим сурады.
«Жашыл жалбырактын» үчүнчү вариантын ОРРКда талкуулоо боюнча Жакиев канча жолу «мышык-чычкан» ойнотподу. Ооз эки макулдашуу боюнча талкууга келсем, ал «оорумуш» этип келбей койгон учурлар көп болду. Ошондо мен кат жүзүндө чакырууларын талап кылдым. Кат аркылуу да чакыртып алып, мен келсем, адатынча Жакиев өзү оорумуш болуп талкууну өткөрбөй, психологиялык жактан «басынтып, шылдың» кылганын ОРРКнын мага жазган 1980-жылдын 17-апрель, 21-майындагы каттары далилдейт.
М.В.Фрунзенин балалыгы жөнүндөгү ушу пьесама алган 1978-жылкы келишим түзүүдө жана аны кийин 1980-жылы толук кабыл алууда балдар үчүн пьесалар боюнча Кыргыз ССР Министрлер совети 1977-жылы бекиткен гонорар өлчөмүнүн шартында 2500 сом ставка жок экенин билип туруп, Жакиев мага билмексен болуп ошо баада (2500 с) расчет бердирген.

Өзү ачуу дебей тузду тамакка кошот
Андан кийин эле Жакиев өзүнүн «Күттүргөн жаз да келээр» деген А.Осмоновдун «Жеңишбегинин» негизинде жазган белгилүү «Атанын тагдырынын» темасын начар кайталаган пьесасы үчүн 3900 сом алган. Кийин, 1983-ж. башында гана мен булар жөнүндө угуп-билип, «Жашыл жалбырак» боюнча өз укугумду далилдеп, министрге чейин арызданууга мажбур болгондо гана балдар үчүн пьесага тийиштүү өзү алган 3900 сом ставканы мага да коюп берүүгө Жакиев аргасыздан макул болду.
Кыскасы, М.В.Фрунзенин балалыгын баяндаган «Жашыл жалбырак» («Пишпектин уулу» же «Первый бой») тарыхый-биографиялык драмам боюнча Жакиев мага чыгармачылык жардам көрсөтмөк тургай, билмексен болуп туруп алып, кызмат абалынан пайдаланып, жогоруда айтылгандай көп бут тосту, абдан убара кылды.
Жакиев башында турган групповщинанын зыяндуу таасири «Ак жол» пьесама да тийди. «Ак жолду» КМАДТ атайы менин заявкам боюнча мага заказ берип жаздырып алган. КМАДТтын Кыргыз ССР маданият министрине жазган 13-июнь, 1975-ж. №92 каты буга далил болот. «Ак жол» кийин СССР маданият министерствосунун сунушу боюнча Москвадан ВААПтан чыккан, 1978-ж. баштап КМАДТта ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы жөнүндө көрүүчүлөрдүн, прессанын оң пикири көп. Буга «Мугалимдер газетасы» (3.11.1978-ж.) «Ак жол» жолго чакырылат», «Советская Киргизия», «Комсомолец Киргизии» (27.01.1979 г.), «Кыргызстан маданияты» (28.04.83, 10-бет) «Ак жолдун айдыңында» (Б.Алыкулов) сыяктуу макалалар далил.
Эгерде Жакиев баштаган групповщина болбосо, эгерде Жакиев кызмат абалынан пайдаланбаса, менин «Ак жолум» менен бирге сахнадан алынган анын «Күттүргөн жаз да келээр» деген пьесасын кайрадан бир эмес, эки театрга жарышып (КМАДТ, Ош кыргыз театры) коюп жатмак эмес. Анысы аз келгенсип, КМАДТ «оңдоду» деп кат берип, дагы 50% «калем акысын» алууга шарт түзүп берген. Чынында «оңдоду» деген варианты идеялык-көркөмдүк концепциясы менен сюжеттик мазмуну мурдагыдай калган.
1977-78-ж.ж. Крупская атындагы орус театрынын репертуардык планына менин «Жоронун жоруктары» аттуу балдар үчүн пьесам кайра коюлса деп маданият министерствосунун коллегиясынын токтому чыккан болучу. Жакиев кызмат абалынан пайдаланып, меникин токтоттуруп, анын ордуна өзүнүн «Золотая чаша» деген драмасын ушу театрга 7 ай бою даярдатып, акыры эч натыйжа чыкпай, театрдын финансылык жана репертуардык планы толбой зыян тарттырган. Өзүнүкү кулаган соң, кыргыздын башка драматургдарына жол бербей, дүйнөгө белгилүү Ч.Айтматовдун «Белый пароход», «Первый учитель», «И дольше века..»сыяктуу инсценировкалары менен орус театрынын эшигин тосуп отурат.
Нарын театры 1983-жылы менин «Талаа гүлдөрү» комедиямды коймок болуп, коллегиянын токтомуна араңдан зорго жок дегенде плансыз коебуз деп бекиттирген. Ошонун негизинде 1983-жылы 1-сентябрында ошо театрдын директорунун буйругу да чыгып, ролдор бөлүнүп, репетиция башталган. Бирок, репетициясы көп узабай кайра токтотулган. Себеби, коюуга акча жок имиш… Андай болсо эмне үчүн атайы буйрук боюнча репетиция башталды эле?! Демек, мында дагы Жакиевдин баягыдай бут тоскон кандайдыр бир махинациясы бар экени көрүнүп турат.
Жогоруда айтылган «Жашыл жалбырак» («Первый бой») боюнча орус театрынан жарабайт деп алдырган 23.12.1981-ж. худсоветтин токтомун азыр да керек жерде Жакиев жашыруун көтөрүп чыгып көрсөтүп, ушул пьесанын сахнага коюлушуна бут тосуп жатат.
Мына, министерствонун башкы редактору Б.Жакиевдин менин чыгармачылыгыма көрсөткөн «жардамы» жана «ишмердиги».


1030.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика