Китептер

Эне жүрөгү

Эне жүрөгү

<<1 of 11>>

Мен турмуштун ачуу-таттуусун татып, өмүрүмдөгү эң кызык балалык учурду ур токмок, жеме менен өткөрсөм дагы жашоонун жакшы күндөрү алга карай үндөп жакшылыктын жышаанасы бет алдымдан күлүмсүрөп тосуп алчудай сезилет. Мен жалгыз эмес карындашым Асел экөөбүз тең азаптуу күндөрдү өткөрдүк. Эмесе түшүнүктүү болушу үчүн башынан баштайын…

Мээримди айылдык мектепти бүтөөрү менен эле ала качып кетип коңшу айылга келин болуп барды. Толубай чынында турмушка кайдыгер караган эптеп күн өтсө күн кечире берчү айылдык жигит эле, алдыга койгон максаты жок адамга карды ток, кийими бүтүн болсо өмүр билинбей өтө берет эмеспи. Мээрим келген жерине жакшы келин болууга тырышты, ата-энелери ызаат-сыйын жасашып тынып-тынчып калышты. Бир күнү Мээрим кош кабат болгондуктан үйдө кусуп жатып калды. Эшиктен ала-гүү келген Толубай:

— Сен эмнеге жатып алдың, эшикте апам иш кылып жүрөт? — деп үңүрөңдөй кетти.

— Көңүлүм айнып жатат.

— Эмне болду эле?

— Эчтеке.

— Келгениңе эки ай болбой жатып кыялыңды көрсөткүң келеби, тур барып апама жардам бер!

— Ооруп жатам, тим койчу бир аз.

— Кандай эле, тур апам кейип жатат, — деп үстүндөгү жамынган төшөктү силке колунан тартты, — Бол тур!

— Толубай, койчу эми кыйнабачы, Мээрим ыйламсырап ийди, ошол убакта кайненеси Азимбү кирди.

— Силерге эмне болду?

— Апа, мен ооруп турам, Толубай иш кыл деп жатат.

— Тим кой, ооруп жатса бир аз жатсын.

— Өзүң кейип-кепчип жатасың го?

— Капырай, сүйлөсө да болбойбу, эми сүйлөбөй койдум, — Азимбү кайра сыртка чыгып кетип калды.

— Сен жакшы аял боло албайсың, — деп тултуңдап Толубай дагы чыгып кетип калганда Мээрим көпкө жатып анан эшикке чыгып кылдырап жумушун жасап кирди, улам окшуп отура калып жатып кечки тамагын жасады.

<<1 of 11>>

🔥0
Click to add a comment
Китептер

More in Китептер

Ажал менен арбашып 1-бөлүм

201903.07.2020

Президенттин ойношу

201905.02.2020

Чаңдагы гүл

201916.12.2019

Ок жонгон кыз

201916.12.2019

Тагдыр таразасы

201914.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Айгыр бийкеч

201904.04.2019

Тынымсыз кумар

201902.04.2019

Ажайып түндөр

201901.04.2019

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!