Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

Кайталанган тагдыр

<<32 of 32>>

— Кандай түшүнсөңүз өз эркиңиз.
— Кызым, мен Алымканды да анын төрөгөнүн да билбейм.
— Анын жаштыгын тебелеп-тепсеп жүргөн жылдарыңыз эсиңиздедир?
— Мен эмес, ал өзү, — деп жиберди ал ошол кезде.
— Мейли ал болсун, мага кайсыл жылы болгон, ошол гана керек, — Аземдин баласы ыйлап калды, — Кирип кетпеңиз, мен азыр, — деп унаасын көздөй басканда ал кирип кетти, баласын сооротуп анан туруп калганда тигил кийинип алып чыкты да өйдө көздөй басты, Азем аны ээрчий айдап жөнөп тушуна жакын келгенде, — Отуруңуз, — деп эшигин ачты. Ал отуруп анан экөө кетип жатты, — Бул жерде ашкана сымал барбы аке? — деди Азем.
— Мына, бул жерде бар, — деп кафени көрсөттү.
— Ушул жерден отуруп сүйлөшөлү.
— Жарайт кызым, — Экөө кафеге кирип орун алышты, Азем тамакка заказ кылганда:
— Мага чай эле, — деди Кубатбек.
— Жай отуруп сүйлөшүү керек, — Азем баласын алдына алып отуруп ага кайрылды, — Мен өз төрөгөн энемди издеп жүргөнмүн, кудайга шүгүр баккан ата-энем эчтекеден кемитпей бакты, бирок мен уккандан тартып жаным жай албайт, эмне себептен таштады деген суроо жүрөгүмдөн кетпейт… Анан акыры апамдан сурасам Алымкан деген аял деди, мен үч жыл издеп жүрүп аны таптым…
— Кайда экен? — деп жиберди Кубатбек.
— Көтөрмөдө.
— Кандай экен? — Козголо калып жатты.
— Оорукчан, ал-абалы өтө начар, бирок ал төрөгөн кыз токсонунчу жылкы болуп чыкты, бирок мени кызым дейт…
— Неге, акыл-эси даана бекен?
— Даана эле, ошондуктан мен анын кызы эмес экенимди билдим, акыркы үмүтүм сизде болгон, так билсеңиз айтсаңыз, сексен алтынчы жыл эмес беле? — Азем аны үмүттүү тигиле карап калды.
— Албетте, токсонунчу жыл эмес.
— Анан кайсы жыл эле эсиңиздеби?
— Сексен алтынчы жыл болчу, ал неге жаңылып калды экен? — дегенде Азем аны тиктеген бойдон катып калды, — Менин ага үйлөнүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок болчу, кызмат партия ага каршы эле, өзүм жаңыдан иштеп жүргөн кадр элем, ар кандай болушу мүмкүн болчу, анын акыбалын билгим деле келген, бирок…
— Айтканыңыз чынбы?
— Ооба, — деди Кубатбек Азем чөнтөгүндөгү башка телефонун алды да өз номерин терип чалды.
— Алоо, Алымкан эже, угуп жатасызбы? Анда угуңузчу, кайсы жылы төрөгөнүңүздү дагы бир жолу айтыңызчы? Макул- макул жакшы туруңуз, — деди да өчүрдү, — Ал токсонунчу жылы төрөгөнүн аныктайт.
— Кызык, ал сексен бешинчи жылы жаңы иштеген…
— Сизге рахмат көңүл бурганыңызга, сиздердин кыз дагы бир жерде мен сыяктуу издеп жүргөн чыгар, жакшы калыңыз, — деди да эсептешип коюп чыгып бара жатканда Кубатбек жанына келди:
— Кызым, Алымкандын, өзүңдүн номуруңду таштай кет, — деди.
— Жарайт, — Азем күлө карап телефон номерлерди бере салып басып кетти, бирок ал негедир бул кишиге жакындай көрүнүп кетти. Ичи ачыша унаага отуруп уулун эмгизип отурганда Кубатбек аны күткөндөй тигиндей туруп калды…
Акылбек үйүнө келип ата-энесине үйлөнөөрүн айтты эле алар быйыл кое тур десе болбоду, айла жок алар Айкыздын ата-энесине барып сүйлөшүп сөйкө салышты да күркүрөгөн күздө үйлөнтүштү, бир жумадан соң окуусуна карап аларды шаарга бөлүп коюшту, адегенде Айтбектин үйүндө турушкан соң үлпөт тоюн өткөрүштү, дал ошол тойдо Самарбектин үй-бүлөөсү Аземдин тагдырын талкуулаганы чогулуп калышкан эле, коңшу-колоң катары алар дагы келин көрүп барышты, Төлөбай дагы катышты, Нургүл дагы жүргөн, бир гана келип кайрылбас болгон балалык сүйүүнүн учкуну анын жүрөгүн тыз эттирди, бирок алар эки башка адамдар эле, ошентип дүйнөнүн пендеге чачкан нуру менен сүйүүлөр көктөй берээри анык эмеспи…

Аягы.

<<32 of 32>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

Өмүргө так калтырган күн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!