Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

Кайталанган тагдыр

<<2 of 32>>

Миң жылдаган тарыхы бар кыргызымдын.
Гүлгө оронгон тоолору бейиш төрү.
Кен байлыктын мекени уюткулуу.
Алмашпас эч нерсеге куттуу эли.
Жигиттери жеңил ойноп ат үстүндө,
Душманына колтук ачпас эрендери.

Кыздары кымча белдүү периштедей.
Келиндери кербезденип кеп илээшпей.
Энелери ак элечек умай эне.
Жүзүнөн нур төгүлөт көктө күндөй.
Уулдары эр көкүрөк, намыска бек.
Мүлдө журтту сактайт көздүн карегиндей.

Оо дүйнө, түштү мүшкүл мүлдө элге,
Ок атты эл атасы өз элине.
Мындайды күтпөгөн эл таңыркашып.
Жакаларын кармашты: «Оо шерменде».
Эли жерин таштап кетти канга бөлөп.
Баш калкалап, жүз жашырып бөтөн элге.

Кырчындай жаш жигиттер кечээги эле.
Оомат болду кан жутуп көз ирмемде.
Кырк күнү аза күттү бүтүн кыргыз.
Ыйлап турду ал тургай бир боор эне.
Калкына кара санап ок аттырган.
Дүйнөдө мындай шумдук болду беле?

Кайгырып өлгөндөргө таазим этип.
Кан какшап каргап турду бүтүн эли.
Калайык калкын кадыр кыла албаган.
Кан ичерге аесуз «өлүм» деди.
Туулган жердин топурагын канга бөлөп.
Дүйнө жүзүн таңдандырып басып кетти.

Өз укугун талашып мекен деген.
Гүлүстөн кеткен элдин эрендери.
Артына эл эскерээр из калтырып.
Өз элинин намысы үчүн жанын берди.
Арбагы үчүн арстандай жигиттердин.
Ыр сунам, түбөлүк жай берсин эми.

Керилтип боз үй тигип жайлоологон.
Коногуна ак пейилден коюн сойгон.
Бээ байлап суусунуна кымыз жутуп.
Кыздары беш көкүлдүү сууда ойногон.
Кең пейил элим бүгүн ыйлап турат.
Кырчындай сексен уулун жок-жоктогон.
2010.04.07
Айгүл Шаршен.


Самарбек менен Жамал бир кезде арзышып баш кошушкан, төрт уулду болуп алды он эки, арты бешке чыгып калды, бир кыздуу болууну канчалык самат күткөнү менен болбоду. Сиңдиси райондук төрөтканада акушерка болуп иштечү, бир күнү ал өзү келип калды, ал эжесинин кыздуу боло албай жүргөнүн билгендиктен келип кеңешти эле ал күйөөсү Самарбекке кеңешип дароо эле районго жөнөдү, кызды көрүп мээрими түшүп багып алууну чечти. Наристенин төрөлгөнүнө он чакты күн болгонуна карабай көздөрү капкара, ээгинин оң жагында, оң канынын четинде калы бар кызды документтерин даярдап бүтүн алып келип багып калды. Атын Азем деп коюп Жээнтек берип кубанып, төрөт баласына кошуп эркелетип багып алышты. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок дегендей суунун агымындай аркыраган мезгил бат эле өтүп Азем мектепке барып сабакты жакшы окуй баштады. Өзү чыйрак анан зирек кыз болду, айтканды илгиртпей аткарып Жамалдын колуна кол болуп чакылдаган кызына ата-эне үйрүлүп түшүп турушат, Самарбек Азем кыз деп кайда барса ээрчитип алчу эле чоңое баштаганы өзү эле ээрчигенди койгон. Төлөбай деген эң улуу баласы Аземди аябай жакшы көрөт, бир жактан келгенде таттуу ала келип, шарик үйлөп берип ойнотуп калат. эң кенжеси Чоро, ал аны анча сүйбөйт негедир, бир жолу мектепке кружокко катышмак болгон Азам апасына:
— Апа, мен бийлейм, кыргызча көйнөк тигип берчи, — деди эле:
— Тигип бербей анан кызым, артист көйнөкпү? — деди Жамал жылмая.
— Ооба, тукабадан чыптама.
— Кызыңарга эле жасап бере бересиңерби? — деди Чоро тултуя.
— Сага эмне болду балам, карындашың мектепке жакшынакай болуп барса сага деле жакшы эмеспи? — деди Жамал күлүп.
— Мен деле катышам кружокко, кызың барбай эле койсунчу.
— Ыкы, мен бийлейм да, — Азем эдиреңдеп болбойт.
— Экөөбүз тең кружокко катышмак белек?
— Эчтеке болбойт, — деп Жамал балдарына мээримин төгө карады, Жамал жалгыз кызына ансыз дагы кийимдин жакшысын кийгизип, бир дагы жолу мектепке өзүнчө кеткен эмес, өзү мугалим болгондуктан балдарын таза карап, тартиптүү кылып өстүрдү. Самарбек өмүр бою мектептин директору, завуч болуп турду, райондук кеңешке депутат, үлгүлүү үй-бүлөөнүн катарын толуктап турган кадыр-барктуу адамдар. Азем төртүнчү класска окуп калганда өзү менен бирге окуган Аида деген кыз экөө тартыша кетти:
— Сени багып алышкан, сен таштандысың! — деди эле Азем аны түртүп ийди.
— Калп, сенин өзүңдү багып алган.
— Ишенбесең кой, баары эле билишет, — деп Аида кийимин кагына чукчуңдай басып кетти.
— Сен бит башсың, дайыма кир келесиң, — Азем башка кеп таппай калды, анан үйүнө келе жатып аябай ыйлап алды, ошондо анын жан дүйнөсүн «таштанды», — деген сөз ийне менен сайгандай оорутканы менен дээринде бар кыз өзүн-өзү сооротуп көзүн аарчып эчтеке болбогондой келди. Жамал келе элек, Төрөбай байкеси бар болчу:
— Азем, сен ыйладыңбы? — деди ал.
— Жок, ыйлаган жокмун.
— Көзүңдө турат го? — деп эркелете ээгинен көтөрө өөп койду, — Бирөө менен уруштуңбу же?
— Эмнеге урушмак элем? — Ички бөлмөгө кирип кетти.
— Кардыңды тойгузуп ал Азем, — деди анын артынан Төрөбай. Төлөбай менен Төрөбайлар болсо үйлөнүп калышкан эки келин бар, Төлөбайы шаарда турат, Төрөбай аялы экөө колунда, Жоробайы райондо иштейт. Чоросу тогузунчуда окуйт. Ата-эненин сөзүн уккан тартиптүү да ынтымактуу балдары бар, ата-энени сыйлап турушат. Аземдин көзүн карап турушат, ошондон кийин негедир Азем эркелегенин коюп эсейгенсип бара жатты, эмнеге анын бат эле мындай тез токтолуп калганына айрыкча Жамал ойлонуп калды: «Буга бирөө бирдеме дедиби, же чындыкты айтып койдубу, кандай ниетиң куурагырлар айтты экен, андай болсо эмнеге бизге айтпайт, жок дегенде эмнеге мени багып алдыңар, багып алганыңар чынбы деп сурабады, балким эч нерсе билбейт, тең токтолгонубу, андай болууга мүмкүн эмес эле, токтолоор куракка али жете элек», — деп ойлонуп бир күнү Самарбек экөө отурганда жүрөк өйүгөн суроону берди:
— Самар, Азем бирдеме билет деп ойлойсуңбу?
— Эмнеге Жамаш?
— Байкасам Азем бир мүнөз болуп бара жатат.
— Чоңоюп бара жатпайбы, илгери он үч жашында күйөөгө тийчү, азыркы кыздардын ырысы тоодой, — Самарбек күлүп калды.
— Сен тамашага чалба, ушу кызга бирөө бирдеме деген шекилдүү.
— Жок, сен күмөн санай бербе антип, Азем кызым эчтеке билбейт, — Самарбек уккусу келбеди, анткени ал өзү дагы кээде ойлонуп кызын бирөө келип: «Менин кызым, жаңылдым жаздым, мени кечирип койгула, кызымды өзүмө бергиле», — деп кимдир бирөөнүн кирип келишинен сактанып да күтүп да сары санаа боло берчү, бирок Жамалга сыр бербей жүргөн.
— Эмне деп ойлойсуң анан? — деди эми салмактуу.
— Бирөө жарым бакма экенин айтып койгонбу дейм.
— Ким айтмак эле?
— Бала-чака, же бирге окугандары.
— Ким билет, анда бир ооз сурайт эле го?
— Өзү абдан зирек, балким укканын айткысы келбегендир?
— Күмөн санай бербе, кызым жакшынакай эле, — Самарбек ушинткени менен ичинен кыжаалат боло түштү: «Баккан бала ууру кылгандай эле тура, качан угуп, билип калат деп сары санаа кыла берет, балким баарын билип алып унчукпай жүргөндүр, Жамал айткандай абдан зирек, митаам кыз билмексен болуп жатабы, же өздөрү айтаар деп күтүп жүрбөсүн, же жөн эле эч нерсе билбестир», — деп ойлоно калды.
— Сен андан сурап байкап көрбөйсүңбү?
— Эмне деп?
— Эмне болду, эмнеге капасың деп сурасаң болот го?
— Аа-а, мен дагы түз эле багып алды деп ким айтты деп сура дегени турабы…
— Ой жо-ок, жинди болдук беле, өзүң мугалим эмессиңби, акырын байкап иш кыл, баланын психологиясын билесиң го? — деп Жамал күйөөсүнө жини келгендей сүйлөдү, — Кандай сүйлөшүштү билесиң да.
— Жарайт Жамаш, бүгүн кызым менен сүйлөшөйүн, — Самарбек баш ийкеди.
Жамал унчукпай калды, анткени келини Айжан кирип келе жаткан эле, ал башталгыч класстардын мугалим, Төрөбай математик , булардын үй-бүлөөсү ушундай интеллигент адамдар эле. Сөздөрүн башка жакка буруп калышты, Айжан деле билген эмес, ага жакында эле Төрөбай айтканда билди:
— Азем келе жатабы балам? — деди Жамал, — Кечишип жатат го?
— Алар эбак эле тарашкан апа.
— Анан кайда жүрөт ал кыз? — Жамал чоочулай ордунан турду, — Мен карап келейинчи.
— Келет да, чоңоюп калбадыбы, кыздар менен ойноп жүргөндүр? — деди Самарбек.
— Келип калаар апа, — Айжан дагы тынчтандыра карады, — Кыздар менен жүрсө керек, мен карап коеюн, — Сыртка жөнөдү.
Азем ошол кезде жолдон буруу жерде бир чоң түп дарактын түбүндө сумкасын кучактап алып ойлонуп отурган, эмнени ойлогону деле белгисиз, бирок кыялы алда кайда учуп дароо эле жомоктогу ханышанын өзү болуп ата-энесине жетип калды: «Кызым кайда жүрдүң?», — деп апасы аны кучактап калды: «Мени эмнеге силер таштап койдуңар эле апа», «Жо-ок кызым, сени таштабай эле уурдап кетишкен», «Таппай калдыңар беле», — деп эркелейт кыз? «Мени таштанды дебедиби апа», «Жалган кызым, сени уурдап кетишкен», — деген таажы кийген сулуу апасы аны кучактап такта отурган атасына алып барды: «Атасы, кызың келди, башына коронасын кийгиз, мындан ары сенин жаныңда болсун», — деп бактылуу жылмайып кыялында да өз ата-энеси менен кучакташып көрүшкөнү жатканда:
— Азе-ем, Азе-ем! — деген үн анын таттуу кыялын бузуп жиберди.
— Ай ушуларды, жок дегенде ойлогонго убакыт беришпейт, — деп кадимки чоң кишидей тултуң эте ордунан турду, — Мен мындамы-ын жеңе!
— Ай, деги кайда жүрөсүң, атамдар кабатыр болуп жатпайбы?
— Бара жата-ам, — дулдуя Айжандын алдына түшүп жөнөдү.
— Экинчи минтпей жүр макулбу?
— Маку-ул.
— Азыр апам капаланып жатат, — Айжан аны колдон алды, катуу урушкандан чоочуйт.
— Эмнеге?
— Сен кечиксең капаланат да.
— Аа-а, мен жөн эле отуруп ойлонуп жатканмын да.
— Эмнени ойлондуң?
— Жөн эле, хан-ханышаны, алар жомокто гана болот ээ?
— Эмнеге, жашоодо деле болот, ошол үчүн жомок жазылган да.
— Чын элеби?
— Ооба, жомоктор деген чын жашоодон алынып жазылат.
— Иий да, — деп койду Азем, ошол бойдон сөз жалгашпай үйгө келишти.
— Эмне болду кызым, кайда жүрдүң? — Жамал далбастай алдынан чыкты.
— Ойноп жүрүптүр, — Айжан жооп берди.
— Окуудан тараганда тез келип жүр дебедим беле кызым, кардың ачты го? — Жамал үйрүлө карап сумкасын колуна ала коюп үйгө жетелеп кирди, — Садагаң кетейин десе ачка жүрө бербе да.
— Апа, ачка болгонум жок.
— Ачка болсоң ооруп каласың.
— Мен математикадан беш алдым.
— Азамат кызым, — Самарбек кубаттады.
— Ананчы, жомок өттү эжей.
— Кандай жомок? — Жамал көңүл бура карады.
— Хан менен ханышайым, анан дыйкан, алардын баккан кызы…
— Ким багыптыр? — Жамал Самарбекти карады.
— Хандын кызы уурдалыптыр, анан дыйкан капысынан ал кызды багып алат…
Самарбек менен Жамал унчукпай бири-бирин карап тим болушту, Азем кыялындагы ханыша эле оюнда: «Менин ата-энем дагы мени жоготуп алып таппай жаткандыр, эгерде билсем өзүм эле бармакмын да силердин жоголгон кызыңар менмин демекмин, ошондо мени алар ыйлап тосуп алышмак, анан атамдарга келип мени кечиргиле ата-ап, мени эмнеге уурдап кеттиңер эле деп айтмакмын», — деп ойлоно түшкөндө.
— Азем, келе кой тамак ичип ал: — деп үн салды Жамал, ал ойлору чачкындай түшүп тыпыя келип отуруп калды.
— Кызым, көптөн бери эмнени ойлонуп жүрөсүң? — деди Самарбек чачынан сылап жыттап.
— Ойлонгон жокмун.
— Мейли тамагыңды иче кой, — деп тим болуп калды, ал күнү алар көп эле баланы чүнчүтө бербейли деп унчукпай калышты, анан экөө өз үстөлдөрүнө отуруп сабакка даярданып жатышты. Самарбек тарыхчы, Жамал физика мугалими, анан гана Аземге жардам беришет. Мугалимдердин үй-бүлөөсүндө ушинтип чоң оюн жатты. Убакыт дегенди кээде удургуган шамалга, аркырап аккан сууга, бирде зымырык куштай зымыраган мезгил көзгө көрүнбөй өтүп кетти, бат эле Азем солкулдаган сулуу кызга айланды. Өзүнө теңдүү жигиттер канча сөз айтты, кат жазды, бирок кыз жүрөгү эч кимисине багынбады.
Самарбек менен Жамал аны окууга жөнөтмөк болуп турганда Азем алар менен сүйлөшмөк болуп келген эле, бирок канчалык чечкиндүүлүк кылайын дегени менен ал айта албады. Жамал сөз баштады:
— Кызым, кайсы окууга баргың келет?
— Мед академияга тапшырсамбы дегенмин.
— Макул, анда даярдан, — Жамал жылмайды.
— Бирок анын контрагы жогору да апа.
— Эчтеке эмес, бир кызыбызды окута албай калмак белек?
— Ошондо деле…
— Апа…
— Жо-ок кызым, сен документиңди топтой бер, — Жамал башын ийкеди.
— Жарайт, — Ошол кезде Самарбек жок эле, — Апа бир нерсе сурасам болобу?
— Сурай бер кызым.
— Апа, мени кечириңизчи, бирок сураганга мажбурмун, — дегенде Жамал аны ойлуу карап: «Демек мезгили келген экен го, акыры ушундай болоору бышык эле, эми жооп берүүгө туура келет, уккан экен да», — деп туруп калганда Азем: «Мен эмнеден кем болдум, эмнеге баккан кыз экенимди айтып жүрөгүн оорутам, жо-ок айта албайм апакебай, мен эч качан бул сырды билээримди айта албайм», — деп ойлонуп, — Апа, окууга барбай эле койбоюнбу? — деп нугун башкага бурду.
— Эмнеге? — Жамал кызынан күткөн суроону укпаганга жеңилдене түштү.
— Мен үйдө эле болоюнчу.
— Жо-ок кызым, атаң Бишкектеги досуна чалып койбодубу.
— Быйылча барбай эле койсом дегенмин.
— Болбойт, окууң абдан жакшы, үйдө калсаң ала качып кетип бат эле бала күтүп окуудан дагы каласың кызым.
— Макул анда апа, — Азем жаркылдай апасын кучактап калды.
— Алтын кызым го менин, — Жамал өзүн бактылуу сезип кызын өөп чачынан сылап эркелетип отуруп калды, — Али дагы кичинекейиңдей эле тентексиң кызым.
— Апа, мынча эмнеге эркелетесиз?
— Сен менин жалгыз кызымсың да.
— Агамдар турбайбы, мен жалгыз эмесмин.
— Акылдуум менин, алар уул бала да, а сен менин эрке жалгыз кызымсың, — Жамал күлүмсүрөй карап башына башын жөлөп көпкө отурду.
— Төлө акемдикинде боломбу?
— Анан эмне, ага-жеңең турганда батирге турмак белең?
— Ооба ошону айтам да-а, — Күлүп койду.
— Кызым, даярдана бер, — деп Самарбек кирди, — Буйруса сүйлөшүп справкаларды алып койдум, бир жумадан кийин өзүм алып барып киргизип келем.
— Макул ата.
— Кайсыга баргың бар?
— Мед академияга.
— Болду, баары сен айткандай болот кызым, — Самарбек ишенимдүү айтты, балдарына билип берип, тарбиялаган ата-эне кызы чоңойгон сайын сары санаа боло башташкан эле: «Кайсыл күнү мен ата-энемди таптым, же апамды таптым, мени кечирип койгула», — деп басып кетээр экен деген ой күнү-түнү тынчын алат.
Бирок окутуп адам кылып коюуга милдеттүүбүз деп сезип бир чечимге келишкен эле, Азем дагы өз ичинен: «Мен сөзсүз ата-энемди издеп табамын, анан чындыкты сурап билем, эгерде мени бага албай, таштаганы чын болсо басып кетем, мени баккан ата-энемди жер каратпай, жүрөгүн оорутпашым керек, алар мен үчүн баары», — деп ойлонуп жолго даярданып жатып кичинекейиндеги ойногон куурчагын колуна алып ойлонуп жатып көзүнө жаш кылгырды. Анткени анын жаштыгы артта калып жакшы-жаманды, ак-караны түшүнө баштаган, ал тургай турмуш жолунун бирде татаал да, бирде табышмактуу экенин жон териси менен сезип калган. Балким аны эч нерсени сезе электе: «Сени багып алган, таштандысың», — деген сөз өз ордуна койгондур, бирок ушул куурчак менен ойноп жүргөн кезде анын жан дүйнөсү кандай гана таза эле, ал кыялында ар дайым ханышадай сулуу анан жөкөр кыздары бар болгонун каалачу. Бир жолу ал жомокту Жамал айтып берген болчу. Ошондо куурчагын ханыша деп атап алып аны менен сүйлөнчү, анан өзү анын апасы болуп алып ар дайым куурчагына жомок айтчу… Ал ушуларды ойлонуп отуруп: «Бала бойдон калган кандай жакшы, бирөөнүн жаман жагын көрбөй өз дүйнөң менен алышып таптаза булактын суусундай таза сезим менен айланаңдагыларды бирдей көрөсүң, эч качан андан жамандыкты күтпөйсүң, ээх неге чоңойдум экен, бул дүйнөгө адам болуп келгенден кийин өз парзымды аткарууга тийиш экенимди сезгенде соң жоопкерчиликти мойнуна алууга тийишмин», — деп ойлонуп жатып уктап кетти. Аны эртең менен Жамал ойготту:
— Тура гой кызым, жолдон кечигесиңер, — Эңкейип өөп карап туруп калды, — Кызым сулуу кыз болгон тура, түү-түү эмне деп жатам деги, Азем, тура гой.
— Ии-ий апа, бир аз жата турайынчы, — Азем уйкудан тургусу келбей оодарылып кетти.
— Кой тур кызым, жол алыс.
— Азы-ыр, — Азем кериле көзүн ачты, — Уктаган жоксузбу?
— Сени жолго чыгат деп уйкум келбеди кызым, — Этек жагына көчүк басты.
— Эмне болот эле, келип турам.
— Жанымдан алгачкы жолу алыстаганы турасың кызым.
— Баары эле ошентишет…
— Ооба, баары эле алысташат, ата-энеден бөлүнөт, — Жамал Аземди бир топко ойлуу карап турду, — Ата-энеден балдар бөлүнөт, туура кызым…
— Ойлонбочу апа, окубай эле коеюн десем өзүңөр болбойсуңар, — Азем туруп апасын кучактады, — Алтыным апакем.
— Секелегим, тура гой, тамак даяр, — Жамал бөлмөдөн чыгып кетти, ал Аземдин кетээрин билип туруп эле ичи ачышып жатты, жанындай көргөн кызы алыска кеткенине көнө албай турду, уул-келини деле бар, пенсияга чыккан, ошентсе да үйдө отура албай сабак берет, чоң класстарга эки сааты бар, тез эле бошоп үйүндө. Алар келгенде Самарбек кийинип даяр болуп отурган экен.
— Турдуңбу кызым? — деди ал.
— Ооба.
— Документтериңди унутпай ал.
— Даяр.
— Кел эми карынды тойгузуп алып кудай деп жолго чыгалы, үчөө үстөлгө отуруп тамактанышты, Төрөбай менен Айжан мектепке кетишкен. Өздөрүнүн унаасы менен жолго чыгышты, алар Төрөбайдыкына келгенде күн кечтеп калган эле, Самара банкта иштейт, келе элек экен, эки баласы үйдө болчу:
— Чоң атамдар келди! — деп биринчи класста окуган экинчи баласы жүгүрүп келди, — Чоң ата!
— Айланайын, чоңойдуңбу? — Самарбек небересин өөп, Азем дагы аны өөп анан ичкери киришти, — Атаң кайда?
— Атам үйдө, апам жумушта.
— Кандайсыз ата, Азем чоңойдуңбу? — Төрөбай чыга келди.
— Жакшы жатасыңарбы балам?
— Жакшы эле, үйгө киргиле.
— Келин келе элекпи?
— Жок, Азем окууга келдиңби?
— Ооба, кайсыга окуйсуң?
— Мед академияга.
— Оо катуу кеткенсиң го? — Төрөбай күлүп калды.
— Кызымдын окуусу катуу да, — Самарбек да күлдү.
— Контрагы ошончолук го.
— Мен бюджетке өтөм.
— Өтпөсөң контракты деле төлөйбүз кызым, төрт агаң жылда он миңден берсе калганын өзүм төлөйм.
— Мейли-мейли, төлөйбүз да ата.
— Ошо, эртең документ тапшырабыз, мен Султан Керимович менен сүйлөштүм, буйруса ага жолугамын да кызымды тапшырам, — деп Самарбек өз оюн айтып жатканда Самара келип калды, учурашкандан кийин кайнатасына казан асып коноктоого киришти, Азем жеңесине жардамдашып жатты, ара чолодо экөө кеңешип тамакты жасаганча сүйлөшүп жатышты:
— Студент болот экенсиң да.
— Ооба, пешенеге жазса.
— Атамдын тааныштары күчтүү.
— Өз күчүмдү сынап көрсөмбү дегенмин.
— Антсең деле болот, жигит менен сүйлөшөсүңбү?
— Жеңе-е, — Азем эркелей карады.
— Эрге тийесиң да, же катын алмак белең? — Самара күлө карады.
— Эми азыр эрте да.
— Окуй берчи, анан со-онун жигиттер бар.
— Азыр кереги жок.
— Мен сени күйөөгө беремин, — Тамашалай күлдү.
— Атамдарга айтайынбы?
— Тамаша, келбей жатып тажап кеттиңби деп кубалап жүрбөсүн? — Күлүп тамагын көтөрүп жөнөдү, — Жүрү эми, мага таарынба, негизи жеңе кайын сиңдини билет, жакшы жерге барсын дейт, баары эле жеңеси аркылуу тиет да кыздар.
— Укпайм жеңе, — Азем күлө эшикти ачып берди. Алар тамактанып анан эс алууга кирип өз бөлмөлөрүнө киришти. Эртеси Самарбек окуу жайга Аземди ээрчитип барып Султан Каримовичке тааныштырды, булар бирге окушкан, Самарбек жөнөкөй мугалим болуп Султан окумуштуу болуп кеткен, үч баласын ушул аркылуу университетке өткөргөн, илимдердин кандидатты, дал ушул кезде Мед академияда декан болуп иштеп жаткан эле. Экөө жылуу учурашып Аземди тааныштырды да керектүү кагаздарын берип кызын жөнөтүп ийип өзү курсташы менен калып калды. Алар өткөн кеткенди, студент кезди эскеришип көпкө пикоканада отурушту…
Самарбектин карындашы Бегет карапайым адам, анын эки кыз эки уулу бар, балдары эл катары үй жай күтүп калган, эң кенжеси Нургүл негедир өтө эле сергек, анан тез жетилди. Жетинчини окуп жатканда эле Төлөбайды жактырып калган, мектепте үлгүлүү, атасы мектептин завучу, өзү дагы чоюлган бир мүнөздүү жигит болгондуктан аны сүйгөн кыздар көп эле, бирок ал кезде кыздар совети ар дайым кыздардын жүрүм турумун сындап чогулушка салгандыктан көбү өз абийирин сактап жигиттерге сүйлөй албай, ал тургай кат жазгандарга жакшылап жооп бере алышчу эмес. Нургүл алардан жашыраак болгону үчүн анын жанына бара алчу эмес, канчалык аны өзү көргүсү келип, өзүн көргөзгүсү келгени менен болбоду. Ошентип Нургүл ата-энесинин шартына карап башка мектепке которулуп кетээрде чакан кагазга: «Төлөбай сени сүйөм, сен үчүн жалындаган оттой күйөм», — деп жазып бир кыздан берип жиберди. Ал кыз өзүнүн агасы Калыбекти сүйгөн кыз болчу, ошол кезде Калыбек аскерде болчу, райондук мектепке келип окуп калган Нургүл бир күнү өзүнүн атына келген катты алды, сыртындагы кол жазманы көрүп толкундана үйүнө келип дароо эле сыртка чыгып окуп кирди, бирок кубанаар кабар эмес эле, ызаланчу да эмес экен. Анткени Төлөбай ага: «Сен али жашсың, окушуң керек, сүйүү деген сен үчүн болбогон нерсе, окууңду улант, анан сүйүүгө жолугасың», — деп кыска гана жазыптыр. Нургүл ыйлап эс алды: «Сен менин жүрөгүмдөгү оргуштаган таза булактай сүйүүмдү кайдан билесиң, менин бае сезимим, таптаза жан дүйнөм ар дайым сен деп сен үчүн гана бул дүйнөнүн мээ кайнаткан ысыгына, ызгаардуу аязына чыдап жашоого акылуумун», — деп ойлонуп ыйлай берди. Анын апасы клубда контролер болуп иштечү, ал келгенче үйдө ыйлап отура берди, кардынын ачканын дагы сезбеди. Күндө мектептен келээри менен жүгүрүп киного жетип келчү кызы келбегендиктен Салима ойлонуп отурду. Ошол кезде индиянын фильмдери керээлден кечке болоор эле. Эки серияны 20 тыйын, билет сатылат, он тыйынга бир сериясын көрүп кээси чыгып кетсе кээси чыкпай толук көрүп отуруп алат, алар менен урушуп, же кайра он тыйын алып коет Салима. Кечинде үйүнө келсе көмкөрөсүнөн түшүп Нургүл уктап жатыптыр, ал ыйлап жатып уктап калган эле. Ошол бойдон Нургүл Төлөбайды көрбөдү, онунчу классты бүткөн жылы аны бир жигит ала качып алды, айла жок таш түшкөн жеринде оор болуп жашап калды. Төлөбай андан кабарсыз эле, бирок бир топ жыл өткөндөн кийин дал ошол кичинекей кара тоголок кыздын сүйүү саптары анын көңүл чордонун ээлеп аларын ал сезген эмес эле…
Нургүлдүн агасы Калыбек бала-бакыралуу, балдарынын алды бой тартып калган, агасы Каныбек уул үйлөнтүп кыз берип калган. Бегет менен Салима бактылуу карылыктын үзүрүн көрүп кичүүсү Калыбектин колунда, неберелерин карап сыйдын үстүндө, Союз ыдырыганда балдары соодага баш оту менен киришип бутуна туруп салышкан. Бир кезде жетип-жетпей жашашса эркиндик заманы кучак жайганы эбин тапкандарга жакшы эле болбодубу. Эбин билбегени олчойгон акчасынан куру жалак калып сызга отуруп калса эптүүсү жоктон бар кылып бат эле ирденип калышты. Эми ошол заманга кайгырганы да, өкүнгөнү да бар дечи, бирок эркиндик дегендин ар кандай түшүнүгүн ийне жибине чейин түшүнүп ар кандай жол менен байыгандары толтура. Калыбек менен Каныбек экөө айылга спирт сатып жүрүп эле бутка турушту. Суу куюп сатып, бөтөлкөгө куюп арак кыла коюп эбин табышкан. Нургүл бул жашоодо сүйүү бар экенин өзү дадилдегиси келет, ар бир сабы, ар бир сөзү сүйүүнүн, махабаттын илебине ширелген, кээде гезит бетине чыгармалары жарык көрүп калат. Дастандагы, жомоктогу сүйүү жомок деп билчү бала чагында, ошондуктан өз башынан өткөн эч нерседен кайра тарткыс, жүрөктүн бир бурчунда өчпөс болуп атын жазып алган жан өз сүйүүсүн ар бир тамгасынан ошол адамына жеткиргиси келет. Күйөөсү ак көңүл, жамандыгы жок жигит, бала-чакалуу болушту, бирок экөөнө тең бир нерсе жетишпегендей эле, өтө ысык болуп кете алышпады, жаман дагы эмес, эл катары өмүр сүрүп келишет. Ашым аялынын балалык сүйүүсүн кайдан билсин, кээде тамашалашып калат, айрыкча союз тарап мал бөлүнүп совхоздор жоюлганда үйүндө болуп калды. Нургүл балдары чоңойгон сайын негедир ойлуу тартып бара жатканын өзү деле сезбейт: «Мен картайдым, бирок сага деген сезимим ошол эле бойдон, мен бактылуумун, анткени сүйүү деген улуу сезимди жаш жүрөгүм менен сезип, улгайган адамдын жашоосунан көрдүм. Сени унутууга кудуретим жетпеди, качан гана муштумдай болгон кызыл эт болк эткен согуусун токтоткондо баары токтошу мүмкүн, ооба сен алыстасың, кайда экениң белгисиз, элдин ичинен, кызматкерлердин тизиминен сени издей берем, бирок көрө албадым, балким бир жерде бакыйган чиновниктирсиң, же мугалим же врачсыңбы, биле албайм. Анткени сен жакшы окучусуң, жөнөкөй адам болмок эмессиң. Мейли ким болбо аман бол, сени чын жүрөктөн сүйгөн, өмүр бою унута албай жүргөн бирөөнүн бар экенин сезсең эле болду», — деп ойлонуп отурганда Ашым:
— Эй сага эмне болгон? — деди ошол кезде.
— Эмне? — Элээ күйөөсүн карады.
— Баятан бери тим койсо отурасың телмирип.
— Отурса болбойбу? — Нургүл өйдө болду, — Балдар бой жетип келе жатат…
— Кам санаба, эл катары эле багабыз байбиче.
— Соода кыла албайбыз го?
— Эмнеге?
— Билбейм, малдын башын өстүрсөң жакшы, өстүрө албасаң бүттү да.
— Өстүрөбүз, мен деле ойлонуп жатам, — Ашым кайпактай калды, — Ушул сенде бир ой бар, ушунча жыл жашасак дагы бир чечилбедиң.
— Тобо, эмне кылышым керек эле? — Нургүл күлө карады.
— Сен бирөөнү ойлойсуң, мага деле көңүл бурган жоксуң, — Ашым чечиле сүйлөдү, — Мен жумуштан келемби, келбей каламбы сага баары бир болчу, жок дегенде бир жолу кайда жүрдүң, эмнеге келбей калдың деп сураган күнүң болдубу?
— Сен жумушта жүрсөң сурап эмне кылам?
— Султандын аялы бир күн келбей калса жанын койбой матерскойго чейин барат, а сенин ишиң дагы жок, — Ашым көкүрөгүндөгүсүн чыгара айтып алды.
— Мен дагы барышым керек беле?
— Менден эле сурап койбойт белең?
— Эми жанымда турасың го? — Нургүл күлүп калды.
— Алда сурабаганың үчүн жиним келчү да.
— Болду эми, кайдагыны сүйлөбөй, — Нургүл чыгып кетти, Ашым өзүнчө жини келип отуруп калды, ошондон кийин ал жумуш жок болсо дагы кайдадыр кетчү болду, мында деле Нургүл анын кайда барып, эмне кылганына кызыкпады, анткени анын өмүрүн биротоло ээлеп алган жан бар эле, балдарынын түйшүгүн тартып зээни кейиген учурда гана алаксыбаса таң атканда аны ойгонушун күткөндөй кылт этип эсине түшөт, негедир бала кезиндегидей сезим уялап аны терезеден жылмая карап тургандай кызыкпай боло түшөт. Ошол кезде дагы дал ушундай сезим ээлеп алып жолдо басып бара жатса, же китеп окуп жатса же сабак даярдап отурганда аны ал карап тургандай боло берээр эле. Акыры бул түгөнгүр турмуш дегениң ылгап отуруп ал ажырашып тынды…
Калыбектин улуу баласынан кийинкиси кыз, Жыпар ойсоңдогон кыз, өзү дагы кара көз сулуу кыз болуп бара жаткан, али он бешке жаңы чыкса дагы далай жигиттердин көз жоосун алып, өзү дагы ойсоңдоп аларга жол ачып берген шойкомдуу кыз эле. Калыбек менен Айсулуу балдарынын келечегине кам көрүп, кыйналбай кысталбай жашасын деп күнү-түнү соода менен алек болуп балдарынын окуусуна дагы анча көңүл бөлө алышпайт. Алар каалаганын алып берип, ичем дегенин ичип, жейм дегенин жеп бакыбат турмушта өссүн деген тилек менен жаңы замандын шарапаты агымы менен агып бара жаткан адамдар эле. Жыпар өзүнөн улуу Азамат деген бала менен сүйлөшчү, ал күндө кечинде келет, анын келээрин саксактап улам короо тарапты карап турат кыз. Дагы бир күнү ал шып этип эле сыртка чыга калса артынан кучактап калды:
— Аа-ай! — дегенде оозун Азамат басып калды.
— Чү-үш, менмин.
— Жинди! — Жыпар чукчуңдай карады, — Атамдар үйдө.
— Мейли, мен көрүнбөйм да.
— Эмнеге келдиң, бүгүн келбе дебедим беле?
— Сени көргүм келди.
— Азама-ат, мени өлтүрөт, чоң апамдар дагы билсечи мууздабай соет, — деп кыз сөөмөйү менен кекиртегин сыдырып койду.
— Сени өлтүртпөйм, — Азамат кызды имере кучактап өпмөк болду.
— Азамат, жинди болбочу, мунуң эмне? — Жыпар аны түртүп ийди.
— Эмне болмок эле Жыпаш?
— Мен сен ойлогон кыз эмесмин.

<<2 of 32>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

Өмүргө так калтырган күн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!