Айгүл ШАРШЕН

Махабат азабы

Махабат азабы

<<2 of 17>>

— Гүлзат, бир тууганым экен ушу, жардам берет деп жүрсөм жөн эле жашагың келеби ыя?
— Жөн жашасам болбойбу?
— Өзүң үчүн деле кыласың го, бир тоокко деле жем керек.
— Сен тамагыңды көп көрүп жатасыңбы?
— Көп көргөнүм жок, андай болсо Бектур экөөң тең кеткиле! — деп бөлмөсүнө кирип кетти, Гүлзат алкылдап кечинде келген Бектур менен Аидага айтты эле ал чыкты бир жактан:
— Эже, андай болсо бир туугандыктан кечишип коебузбу? — деди.
— Айтканга туура түшүнбөсөңөр кечсеңер кечип койгула.
— Үйүңдү кызганып жатасыңбы?
— Бул эмне деген акылсыздык, баарыңар түшкө чейин уктайсыңар, жаш балам менен мен силердин тамагыңарды жасап эртең менен кечинде карап отурамбы, көтөрүп келген эчтекеңер жок, кайра мен силерди багышым керекпи, уялсаңар боло? — деп Зыйнат айтканда Гүлзат:
— Жете албай эле жүргөн экенсиң, сага бир тууган менен ата-эненин кереги жок болуп калдыбы? — деп алкылдады.
— Ооба, мен бул үчүн эмгек кылдым, жоголгула бул үйдөн! — деп кыйкырып жатканда Жаныбек келип калды.
— Эмне болду? — деди мындай ызы-чуу көрбөгөн неме.
— Эчтеке, — Зыйнат терс бурулду, — Өз оокаттарын кылсын!
— Уят эмеспи үйдөн кууганың, тим кой жүрө турушсун.
— Жүрбөйт, эмгек кылып иштеп үй-сүй алышсын да, ушинтип жүрө бермек беле?
— Мынча эмнеге ачууң келди Зыйнат?
— Ачуум эмнеге келмек эле, өзүм зорго батып отурганда булар, тыгылып…
— Кой эми, бирөө бирдеме дедиби, эмне мен айттымбы ошентип:
— Сен айтпайсың, — деп бөлмөсү жакка басты, — Мени булар күң кылып алды, өз баламды карай албай жатканда булардын тамагын даярдашым керек экен, өздөрү туруп жасап ичишсе болбойбу? — деп кирип кетти, мунусу Жаныбекке айтылган эскертүү сымал болду, ал ойлонуп калды: «Демек буша кызматчы жалдоо керек, ачык айта албай кыяк менен угузганы го, мейли аны да кылайын, кайын журтун батырбай коюптур деген жаманаттыга калбай, уул төрөп берип өзүмө жагып отурат», — деп ойлонуп эки күндөн кийин жумуш издеп жүргөн бир келинди алып келди. Ал Нурай деген жыйырма бештердеги келин, бир баласы менен жумуш таппай жума сайын үч миңден берем дегенге макул болгон, баласын батиринде сиңдиси карап эрте келип кечинде кетмек болуп макулдашты. Ал келгени Гүлзат дагы, Аида дагы ача чоң болуп алды, тамагын өз бөлмөсүнө алып кирип беришин талап кылат. Зымырат болсо жанын койбой баласына сүт даярдатып, жалаяк кирлерин кошо жуудурат. Аны көргөн Аида күйөөсү экөөнүн кийимдерин, Гүлзат баласы экөөнүн кийимдерин алып келгенде Нурай:
— Мен мындай деп сүйлөшкөн эмесмин, кириңерди өзүңөр жуугула, — деди.
— Эй сен кимсиң өзү, кылсаң акысын аласың, — деди Аида.
— Мен сенден алган жокмун.
— Биз үчүн ошол төлөп жатат, болбосо бара бер, башканы алабыз, — деди Гүлзат.
— Нурай сен бул үйгө кызматчы экениңди унутпа! — деди Зыйнат дагы, ал андан Жаныбекти кызганып жүргөн эле. Нурай ошол күнү айткандын баарын иштеди да, Жаныбек келгиче күттү да келээри менен:
— Жаныбек байке, менин акымды бериңиз, мен мындайга чыдай албайм, — деди.
— Эмне болду?
— Сиз мындай деген эмессиз, мен мынча кишинин кийимдерине чейин жуусам, күндө беш бөлмөнү жыйыштырып, кайра жууп тамак жасаганга жетише албайм го, алган акчам ага ылайык келбейт, — деди эле Зыйнат:
— Эмне сага жумасына беш миң төлөш керекпи? — деди.
— Токто Зыйнат, — деди Жаныбек, — Нурай, сен баланын кирин жуушуң мүмкүн, башканын кирин жуубайсың, болгону үй жумуштары мойнуңда, — Кайнисин карады, — Бектур, уят болот Аида менен Гүлзат өз иштерин өздөрү кылсын!
— Жезде, бул үйдө кызмат кылгандан кийин баарын жасасын да.
— Мен силер үчүн алып келген жокмун, эжеңер бала менен кыйналып жатканынан алып келдим, демек сөз бүттү! — деп туруп кетти.
— Мына, өздөрү үчүн кам көрүп бизди киши катары көрбөйт булар, — деди Гүлзат.
— Болду сүйлөбө, өз оокатыңарды кылгыла, бул үйдүн мүчөсүбүз го? — Гүлзат тыбыраңдай кетти, Батма бул кезде бөлмөсүндө болчу, ал күндө өз унаасы менен врачына барып көрүнүп кайра келет, Нурай ага боору ооруп өзү деле тамакты алып барып берет. Бектур жини келип туруп кеткенде Гүлзат эжесинин бөлмөсүнө кирди, экөө көпкө кыжылдашып жатты, Батма бөлмөсүнөн чыгып келе жаткан, алардын сөзүн угуп токтоп калды:
— Сенин акылың жок экен, мен Жаныбекти эптеп колго түшүрүш үчүн эмне гана кылбадым, — дегенде Гүлзат ага таңгала карады.
— Эмне кылдыңыз эле?
— Аялынын ойношуна кетип жатканын айтып телефон чалдым, — Зыйнат улутунуп алды, — Ошол эле күнү ал келип муунуп алды, көрсө алардын мейманканага барганын өзү көзү менен көрүптүр, анан экөө уруша кеткенби өзүн-өзү өлтүрдү, Жаныбек ичип туруп алды, анан мен ишке кириштим…
— Ай-ий, сен жөн эле кыйынсың го?
— Кыйыны курусун, Жаныбек мага бала үчүн үйлөндү, мага бир дагы көңүлү жок, жөн гана сый адамдай жашап келе жатабыз, мен телефон чалбай койгондо аялы өлмөк эмес, аны Жаныбек билсе мени кечирбейт.
— Эмне экен, аялы ойнош ойноп жүрсө, көзүн ачып койгондун эмнеси жаман?
— Жапкыла оозуңарды! — деп Батма кирип келди, — Атам сиздин жылан экениңизди билбей жүргөн экен го, апама тил тийгизбегиле!
— Эй, сен кимсиң? — Зыйнат тура калды, — Кайнаса каны кошулбаган ишке неге киришесиң ыя?! — Бөйрөгүн таяна жанына келди, — Өзүңө тиешеси жок ишке мурдуңду тыкпа?
— Мен ушул үйдүн кызымын!
— Ыкы, эч кандай кыз-зы-мызы эмессиң, мен анын мыйзамдуу аялымын.
— Болуптур, атам келсин, болгонун болгондой айтам! — деп артына кайрылганда анын алдын Гүлзат тосту.
— Сен кимсиң, баласы турганда бузмаксыңбы?
— Бузуп коюу колумда келет!
— А сен көчүгүңдү кысып жүр!
— Сен кысып жүр, эри жок жүргөнчө бир үйгө кызматчы болуп иштеп эжеңдин тажрыйбасын үйрөнүп эрге тийип ал! — деп Батма аны түртө басып кетмек болгондо Гүлзат аны жакка чаап жиберди.
— Сенден эр сурап жатамбы?
— Эй эмне кылып жатасыңар? — деп Нурдин кирип келди, — Эмне болду Батма?
— Нурдин киришпе, мен буларды өзүм бүтүрөм, — Батма Нурдинди колтуктап бөлмөсүнө кирип кетти.
— Бул эми жездеме айтып коебу? — деди Гүлзат алаңдай.
— Койнунда жаткан мага ишенеби же бакма тоогуна ишенеби көрөбүз.
— Балким ага ишенсечи?
— Ишенсе баласынан айрылат, мен баламды алам дагы кетип калам.
— Ошондо кечирет деп ойлойсуңбу?
— Болду, бул жөнүндө сүйлөшпөй эле коелучу, — Бөлмөсүнө карай басты, — Тигинисинин келип калганын кара, болбосо тилге келбей кете турган кылат элем, бар бөлмөңө, — деди сиңдисин.
— Болуптур, — Гүлзат бөлмөсүнө кетти, Зыйнат диванга отуруп алып Жаныбек менен бир жолку сүйлөшкөнүн эстеди. Батма күйөөгө тийгенден кийин өзү келип төрөп калган, үч ай болгондо:
— Жаке, бала чоңоюп бара жатат, Айдайдын бөлмөсүн бошотуп Жапарга даярдабайлыбы? — дегенде ал.
— Жо-ок, Айдай биротоло кетмек беле, күйөөсү экөө келгенде түнөп турат, — деп Жаныбек болбоду.
— Жаке, бир күн келип кеткенге тура бермек беле?
— Тура берсин, анда Айдайдын бала дагы өткөн, бет жанынан ошол бөлмөдө өстү.
— Эми анын өз ата-энеси деле бар го?
— Зыйнат, ал жөнүндө башка кеп кылба, ал менин кызым, — деп ачуулана кеткен эле, Зыйнат ошону ойлонуп тынчы кетип Айдардын бөлмөсүндө жашап жаткан инисине барды, Гүлзат дагы ошол жерде экен, аны көрүп сүйлөшүп жаткан сөзүн токтото ага карап калышты.
— Эмне болду эже?
— Эмне болмок эле, силер башка жакка жашай турсаңар болот эле.
— Бизди кууганы жатасызбы? — деди Бектур.
— Куду-муду дебей Жаныбек келгенче Аиданын эжесиникине бара тургула, бүгүн урушуп калышыбыз мүмкүн, андайда силердин аралашканыңар болбойт.
— Алар үйүндө жок да, кечээ жездемдин апасы ооруп кетишкен.
— Бүгүнчө күнүмдүк мейманканага болсо дагы бара тургула.
— Жанагы кызы кылып жатабы ушунун баарын, керек болсо ким көрдү кылып койбоюн, — деп Бектур жиндене карады, — Шесть секунда өлтүрүп басып кетем, эч ким дагы билбей калат, менден көрмөк беле?
— Жинди болбо Бектур, — Зыйнат эшикти бир карап алды, -Тигил албарсты дагы аңдып турбасын.
— Ошол тыңшаганы үчүн бирди көрөт.
— Оозуңду бас, мындай ишти антип айтып жасабайт, болгула, баарың кеткиле!
— Эже, кеч болуп калды го? — Бектур кыйыктанды.
— Менин эрим менен урушуп чачташканымды көрүп күлүп тургуңар келеби, же мага болушуп мушташкыңар келеби? — Зыйнат ыйламсырай карады, — Болгула, жумуштан келип калат.
— Болуптур, кетсе кетели, — Гүлзат баласын кийинте баштады.
— Макул, эртең келелиби? — деди Бектур.
— Адегенде эртең бир кабар алгыла, телефон чалып эле билсеңер болот, — деди Зыйнат, анан ини, сиңдиси кийинип төртөө чыга баштады, ошол учурда Эрдан:
— Апа, кетпей эле коелучу, мен компьютер ойнойт элем, — деди.
— Болду унчукпа, аны бузуп койбодуң беле? — деп жини келе Гүлзат колун силкти.
— Ойно-ойм, Бектур таекем оңдоп берем дебедиби.
— Унчукпа, — деп баласын кучактап акырын өптү, — Келгенде ойнойсуң ээ?
— Аный, азыр ойнойм.
— Атаңдын компьютери беле? — деди Зыйнат жини келе.
— Эмне болуп кетти, ошого деле жиниң келдиби, жетиштүү болуп калганын, — деп силкине чыгып бара жатканда алдыларынан Жаныбек чыкты.
— Кайда жөнөдүңөр?
— Конокко жезде, — деп койду Гүлзат жылмая.
— Аа-а жакшы, — деп коюп Жаныбек кирип кетти, чынында ал кайниси менен балдызынан тажап калган эле, Зыйнат ал киргенде ыйлап отурган, — Ой сага эмне болду:
— Эмне болсун, Батма келип инилеримди кубалап чыкты.
— Эмнеге?
— Бул жерде эмнеге жүрөсүңөр деп урушат, алар жүрсө болбойбу?
— Айдай андай эмес эле…
— Ооба, ал таптаза, сен мени күнөөлөгөнү турасыңбы?
— Жөндөн-жөн эле бүлкүлдөй бербесең, бир келген кызга сүйлөбөй койсоңор болот да, азыр ал бөлмөсүндөбү? — деп Жаныбек сураганы менен жооп күтпөй эле чыгып бара жатканда Зыйнат:
— Аның болбогонду айтып мени жамандайт, күйөөсү экөө отурат, — деди.
— Антпейт, — деп кетип калды, Батма менен Нурдин экөө сүйлөшүп отурган, — Кел Нурдин.
— Келдим ата, кандай жүрөсүз?
— Жакшы-жакшы, кызым кандай? — Батманын жанына отурду, — Тамак ичип жатасыңбы?
— Ооба ата.
— Жеңең менен уруштуңбу?
— Менби?
— Жо-ок.
— Мейли, өзүңө жакшы кара кызым.
— Ата, бир нерсе сурасам болобу?
— Сура кызым, — Көңүл бура карады.
— Апам өлгөн күнү сизге бирөө телефон чалган турбайбы?
— Аны ким айтты? — Жаныбек таңгала карап калды.
— Сиз ким деп ойлодуңуз эле?
— Айтуу кыйын…
— Эмесе сизди атайын каратып алуу үчүн Зыйнат чалыптыр!
— Мүмкүн эмес.
— Угуп туруңуз ата, бул апам телефон менен сүйлөшкөндө ар дайым тыңшап турчу экен, Азиза менен сүйлөшкөнүн угат да дароо сизге чалат.
— Ким айтты:
— Өзү, — деген Батма Нурдинге чыга тур дегендей белги берди эле ал чыгып кетти.
— Сагабы?
— Жо-ок, сиңдисине айтып жатыптыр, мен ашканага бара жаткам, каткырык чыгып: «Мен Жаныбекти колго түшүрүш үчүн кандай аракет кылбадым, ал мени менен бала үчүн гана жашап жатат, аялынын өлүмүнө мен себепкер экенимди билсе кечирбейт», — деген үнүн угуп жакын барсам сиңдисине бүт айтып жатыптыр, балким апам жөнүндө кимдерге айтып жүргөнүн ким билет?
— Демек ушул экен да?
— Ооба, ушул убакка чейин апамдын эмнеге өзүн-өзү өлтүргөнүнө башым жетпей жүргөн, бүгүн ал сиңдисине жамандап: «Ойношу» менен деп сүйлөп жатканы менин жинимди келтирди, — Батма ыйлап жатып айтты.
— Кызым ыйлаба, балага зыян болот, чай-пай даяр болсо Нурдин экөөңөр дагы чыккыла, — деп Жаныбек чыгып кетти, ал көпкө ойлонду, Зыйнатты азыр эле кетирип жибергиси, өзү жеткирип койгусу келди, бирок анткен жок: «Баары өткөн иш эмеспи, эми ачуулануунун кереги не, балам турат, туура эмес иш кылыптыр, эми көзүм жетти, ким айтканын түшүндүм, бирок ордуна келмек беле, мен дагы жаңылыштык кетирдим ишенбей койсом эмне, ажалы жеткен экен өлдү, эми аны козгогондо эмне», — деп ойлонуп отурганда Зыйнат чыгып келди.
— Эмнеге отуруп калдың, бакма тоогуң мени шыбадыбы?
— Зыйнат, экинчи аны антип айтпай жүр, Батма менин кызым өткөнчө кызым болуп кала берет, мындай сөз укпайын.
— Өз балдарың турганда кайдагы немени кызым дей бергениңе жол болсун, бактың эркелетип, өз атасы алып бербеген унааны минип университетте окуйт.
— Жете-ет! — Жаныбек тура калды, Зыйнат анын түрүнөн коркуп кетти.
— Болду, болду, — Отуруп калды.
— Бас бөлмөгө! — деп Жаныбек бөлмөнү көздөй басканда артынан жөнөдү, — Сени азыр төркүнүңө жеткирбегениме ыраазы бол, мен билгем ошондо телефон чалган сен экениңди, балдар билбесин деп жүргөнмүн, экинчи Айдайды оозуңа алып же ошого бирдеме десең бул үйдөн өзүң кеткендей бол! — дегенде Зыйнат унчуга албай калды, — Уктуңбу?!
— Уктум, сүйлөбөй койсом кутуламбы?
— Сүйлөбө, — деди да, — Тамак даяр болсо чыгалы, — деп чыгып кетти, Зыйнат ыйлагысы келип: «Мен муну билбейт экен десе ичинде жаткан тура, ушул Айдайы да жоголбоду, неге өз ата-энесине барбайт, бул үчүн канча чыгымдарды кылып жатат, кантип ушунусун жок кылам», — деп ойлонуп отуруп анан акыры өзүнүн эртеңкисин ойлонду, күйөөдөн чыгып канча жыл өзү деле ар кайсы жерде иштеп тажабады беле, ушул үйгө келгени Жаныбекти өзү жактырып калып анан аракетке өтөм деп бир адамдын жанына зыян болду, эгерде ал чалып айтпаганда жашоо улана бермек, балким ал сырды өз пайдасына эмес адамгерчилик үчүн, Жаныбектин эч нерсени билбей момундугу менен аялына ишеничинин күчтүүлүгү менен жашап жүргөнүнө боору ооругандыктан ошону кылса анда башка кеп болчу. Зыйнат өзүнүн күнөөсүн ушинтип баалады, өзүмчүлдүгүн сезди, жалгыз өз бактысы үчүн гана атайын жасаганын түшүндү да акырын тамак иче турган бөлмөгө келди. Ал келсе Нурдин менен Батма Жаныбек менен сүйлөшүп отурушуптур, аларды көргүсү келбей отуруп калды, Нурай аларга тамак-ашын алып келип анан ашканага кирип кетти, баары тамактанып бүткөндөн кийин акысын алып, ашкананы жыйнап анан кетмек, аны баласы менен он төрттөгү сиңдиси күтүп жаткан эле, бүгүн ал батир акысын бермек.
— Мен баарын бүттүм, кетишим керек, — деди Жаныбекке, ага бул бир жумада үч миң сом алуу абдан жакшы болчу.
— Макул, мен сени жеткирип келем, — деди Жаныбек.
— Эмнеге, акысын алса такси менен кетип калат, — деди Зыйнат.
— Болбойт, алганын таксиге коротуп алса болбойт.
— Жөн эле коюңуз байке, өзүм кетип калам, — деп Нурай кысына айтты.
— Акчасын бер, кетип калат, — Зыйнат жаш, татынакай келинден аны кызганып турду.
— Баланы кара, мен бат эле келем, — деген Жаныбек чыгып кетти, ичинен кыжаалат болгон Зыйнат туйтала болуп жатты, Жаныбек унаасын от алдырып Нурайды жанына отургузуп алып кетип жатты:
— Өзүм кетип калмакмын, Зыйнат эже капа болуп калды.
— Эчтеке эмес, ал түшүнөт.
— Мен уялып жатам.
— Эмнеге? — Жаныбек келинди бир карап алды.
— Уят го, сизди убара кылганым, менин шартым ушундай.
— Ата-энең барбы Нурай?
— Жок, сиңдим экөөбүз эле…
— Күйөөң эмне болгон?
— Өлүп калган.
— Өкүнүчтүү, кайын жуттуң каралашпайбы?
— Алар балам менен кууп чыгышкан, биздин үйлөнүүбүзгө мурунтан эле каршы болчу.
— Күйөөң эмнеден өлдү?
— Өзүн-өзү асып алды, мени коргой албады, ата-энеси мага өч болуп туруп алды, — Нурай көз жашын аарчый жылмайып койду, — Үч жылдан бери ар жерде иштедим, баламды карап сиңдим окубай отурат, мен иштебесем, жашообуз токтоп калчудай…
— Кыйын болгон экен, сиңдиң канча жашта?
— Он төрткө чыгып калды, үчүнчүнү окуган…
— Капаланба, мындан ары беш миңден төлөйм, балаңды ала кел дагы сиңдиңди мектепке окут.
— Балам мени иштете койбойт, азыр жаш.
— Мейли анда балдар бакчасына орноштуруп коеюн.
— Ага дагы төлөш керек, убара болбоңуз.
— Макул, дагы сүйлөшөбүз, — деди ойлуу Жаныбек.
— Сизге рахмат, мен келдим, — деп Нурай быт-чыт көчөлөргө келгенде токтотту.
— Ушул жердеби?
— Ооба, рахмат сизге, — Нурай түшүп жатканда:
— Нурай, — деди Жаныбек, — Акчаңды ал, — деди да төш чөнтөгүнөн миң сомдуктан бешти алып чыгып колуна карматты, — Кир дебейсиңби?
— Кечиресиз, кирип нан ооз тийиңиз, — Жылмая карады, Жаныбек аны менен бирге кирип анын батирине кирип бара жатып улана салынган эшиктердин бирине келип кирди, үчкө али толо элек, чулдурай сүйлөгөн Асек алдынан чыкты:
— Апа, мага кака акелдиңби?
— Азыр уулум, эжең алып келет, Гүлү нан алып келчи, — деди эки бети кызара уялып.
— Эже…
— Апа-а, мейли мен алып келе коеюн — деп уялып Жаныбекке карады, — Отура туруңуз, мен азыр…
— Жо-ок, мен кайтайын, — деген Жаныбек Асекке карады, — Кана жигит атың ким?
— Ачек.
— Азамат, — Жаныбек чөнтөгүнөн эки жүз сом алып берди, — Буга кака алып жегин ээ?
— Ооба-а, — деп Асек кудуңдай карады.
— Эмесе жакшы кал ээ?
— Чакчы байыңыш, — деп кала берди Асек.
— Кечириңизчи, бирдеме ооз тийгизе албай калдым.
— Эчтеке эмес, жакшы эмесе эртеңге чейин, — Жаныбек чыгып кетти, ага абдан боору ооруду: «Бечарага кыйын болгон экен, ата-энеси да болбосо, экөө өзү менен үчөө экен багыш үчүн кыйын эле, ыймандуу да акыл-эстүү, өңдүү-түстүү, Айдардан бир жашка кичүү экен», — деп ойлонуп бара жатты. Ал келгенде Зыйнат тынчы кетип отурган эле.
— Келдиңби? — деди ал эшик ачылганда чыга калып.
— Келдим, — Чарчагандай үн катты.
— Өзүң чарчап келип кайра барганың болбойт да, өзү эле кетмек.
— Андан эч нерсе болбойт, кой жатайын, — деди Жаныбек чечинип жатып.
— Батирине жеткирдиңби?
— Жолдон түшүрдүм, — Жаныбек сөздү көбөйткүсү келбеди.
— Ийи, батирине кирип отуруп калдыбы дедим эле, бүгүндөн кийин эрте эле жооп берейин ээ?
— Эмнеге?
— Кечке калбай кете берсин.
— Өзүң бил, — Жаныбек тескери карап жатып алды, анын көз алдына Нурайдын жашоосу келди, бөлмө ичинде бир-эки төшөнчү бар эле, дээрлик аңгырап бош, төр жагында кичине палас, бир эски төшөк бар, идиш аягы деле үчөөнө ылайык: «Жетишпегенинен эле жупуну кийинип жүргөн тура, жадагалса кечке наны жок калса үч миң сом жетишпей жаткан экен, татынакай келиндин минтип кыйналганын көрүп туруп кантип жардам бербей кое алам, Зыйнатка кызматчы жок эле өзү иш кылат, Нурайга жардам берүүм керек, бирөөлөргө акчасын кайда жумшаарын билбей көөп жатса мындай кыздар нан таппай жүргөнү калыстык эмес, дагы жакшы сойку болуп кетпей сиңдиси менен уулун адал эмгеги менен баканы кандай акылмандык, жеңил оокат тапкысы келип канчалаган кыздар өздөрүн сатып жатпайбы», — деп ойлонуп жатканда Зыйнат анын артынан кучактады.
— Чарчадыңбы Жаке? — деп шыбырады.
— Ооба, уктайлычы.
— Менин өзүңдү кандай жакшы көрөөрүмдү билсең го…
— Билем, күндө жаныңдамын го, — Жаныбек ары караган бойдон үн катты, ал бүгүн андан аябай көңүлү калган эле.
— Жаке.
— Айта бер.
— Бектурду фирмаңа жумушка алсаң жакшы болот эле.
— Билим керек Зыйнат.
— Кара жумуш болсо деле…
— Караштырып көрөйүн.
— Башкалар деле иштеп жатпайбы, кантип иштей албасын.
— Макул дедим го.
— Уккуң келбей калган го?
— Чарчадым дедим го, эртең фирмага чет элдиктер келет, эрте кетүүм керек.
— Макул эми ачууланба, — Зыйнат унчукпай калды: «Демек бул Нурайга көңүлү түшүп калган, аны эртең кетирип ордуна башканы өзүм алып келем, кызматчыга жаштарды албаш керек, улгайган аял болсо жакшы», — деп ойлонуп жатып уктап кетти, аны телефондун шыңгыраганы ойготуп жиберди, Жаныбек туруп жуунуп жаткан:
— Бектур, анан чалчы Жаныбек кете элек, жо-ок урушкан жок, ооба-ооба сен унчукпай тура тур, акыры үйгө келесиңер, жо-ок ал туумачары кете турган эмес, кой азыр кереги жок, аны сен жок кыла албайсың, өз учуру келгенде өзүм кутулам, болду өчүрөм, — деп трубканы коюп ашкананы көздөй басты, Жаныбек анын сөзүн бүт укту, бирок укпагандай түр көрсөттү, ошол учурда шашыла Нурай келип калды.
— Кечириңиз, кечигип калдым.
— Эч нерсе эмес.
— Иштей турган киши жатып иштеш керек, акча алып жаткандан кийин, — деп Зыйнат ага ачуулана караганда Жаныбек аны жумшак гана кагып койду.
— Кечиккени үчүн, кечирим сурады го? — Нурайга кайрылды, — Ишиңди кыла бер карындашым.
— Рахмат, — Нурай ашканага кирип өз ишине киришти, Жаныбек кофе ичип алып жумушуна кетти, Зыйнат кийинип алып бир жакка кетти, Нурай кечээ Жаныбектин берген акчасын ал кеткенден кийин көрүп өзүнчө ойго батып калган, ишин так кылууга аракеттенип үй ичинин баарын жыйыштырып, айнек терезелерди аарчып түшкүгө тамак жасоого да жетишти. Эки сааттай убакытта Зыйнат улгайган аялды ээрчитип келип:
— Сен бара бер, мындан ары бул эже иштейт, — деди Нурайга.
— Эже, эмнеге?
— Айттым бүттү!
— Эмне айыбым бар эже?
— Айыбың жок, бул эже жатып иштейт.
— Макул, — Нурай ыйлагысы келип кийинип алып чыгып кетти, ал эми жумушту кайдан табам деп сары санаа болуп бара жатты. Жаныбек кечинде кеч келди, анын ишканасына чет элдик инвесторлор келип иштешүүгө макулдашып договор түзүп фирманын иштери менен таанышкан соң аларды коноктоп кеч кайтты. Ал келип чоочун аялды көрүп: «Дагы кимиси болуп кетти, мунун туугандары эле көп экен, пайдасы жок туугандан пайдалуу бир татым туз өйдө», — деп ойлонуп койду.
— Жаке, бул Бурул эже, жаңы кызматчы, жатып иштейт, — деди Зыйнат.
— Нурай эмне болду?
— Сен кеткенден кийин эле ал кетип калды.
— Өзүбү?
— Ооба, жакпай калса керек да, — деп Жаныбектин түрүнөн өзгөрүүнү байкады.
— Жакпаса өзү билсин, — деп койду Жаныбек, Зыйнатка эч нерсе билгизбей: «Эмнеге кетмек эле, бул кетирген болсо керек, мен ага барып билем», — деп ойлонуп алды.
— Эмнеге ойлонуп калдың?
— Ойлонгонум жок, чарчадым, — деп бөлмөгө кирип кетти: «Бул аны кубалап ийген экен, ушундай дагы пас адам болобу, мындай неме өз бактысы үчүн башканы курмандыкка чалышы турган иш, жаңылган экенмин, мастыгымдан пайдаланды, бала үчүн байланып калат десе керек», — деп көңүлү катуу калып турду. Эртеси таң атпай кетип калды, ал дароо эле Нурайдын батирине келди, эшигин какканда Нурай кечигип ачты, жаңы гана ойгонгон:
— Сиз…
— Эмнеге кетип калдың?
— Ошондой болуп калды байке.
— Өзүң кеткениң чынбы?
— Мм, ооба…
— Зыйнат бирдеме дедиби?
— Жо-ок-жок өзүм эле.
— Кайдан иш таптың?
— Иш жок үйдөмүн, — Нурай жер карады.
— Макул, өзүң кеткениңе ишенбей сураганы келгенмин, — Жаныбек артына бурулду, ал узай электе эле сиңдисинин:
— Эмнеге калп айттың эже, аялы кетиргенин айтпайт белең? — дегени угулду.
— Кереги жок, урушуп калышын каалабайм, — деди Нурай, Жаныбек аны укту да кайра келди, эшикти сиңдиси ачты:
— Нурайды айтчы кызым.
— Макул, — Гүлү ары турганда Нурай көрүндү:
— Сизби?
— Ооба, Нурай мени менен жүр, сен фирмада иштейсиң.
— Эмнеге, кандай иш?
— Барганда көрөсүң?
— Макул, кийинип алайын, — деди эле Жаныбек баш ийкей ары басып кетти, уулу уктап жаткан, — Гүлү, буйруса иш табылды, үйдөн чыкпай отургула макулбу? — деп кудуңдай сүйүнүп эшикке чыкты, Жаныбек аны салып алып жолдон кафеге кайрылды.
— Мен эчтеке ичпей чыктым, тамактанып алалы ээ? — Жылмая карады.
— Сиз ичип алыңыз, мен отуруп турам.
— Андай болбойт, жүрү түш, — деп Жаныбек болбоду, Нурай аргасыз анын артынан кирди, экөө тамактанып анан фирмасына келишти, аны иштери менен тааныштырып анан, — Сен бул үстөлдө отуруп телефонго жооп берип турасың, айлагың сегиз миң сом болот, телефон чалуулардын өтө орчундуусун жазып коюп мен келгенде унутпай айтып турасың, кандай жагабы? — деп карап калды.
— Жарайт, — Нурай ыңгайсыздана карады, — Бул иш мага ылайык эмеспи дейм…
— Эмнеге?
— Катчы болууга билим керек го?
— Сени үч айлык окууга жөнөтөм, фирманын атынан.
— Ыраспы, биз кадрларды даярдайбыз.
— Жакшы экен, — Күлүңдөй карады.
— Эки саат окууга барып компьютерге үйрөнүп кайра келип иштей бересиң, кыйналбайсыңбы? — Жаныбек Нурайды ойлуу карады, — Компьютерди билсең башкасы эчтеке эмес.
— Рахмат байке.
— Эмесе ишке кирише берсең болот, бүгүндөн баштап сага айлык жазылат, — Жаныбек кабинетине кирип кетти, үстөлгө отуруп алып: «Өтө жаш, эгерде жактырып калдым десем чалкасынан кетет, мейли жок дегенде өзүмө жаккан адамга жакшылык кылып коеюн, адамгерчилик кылсаң андан кайрымын күтпө дегендей бактылуу болсун, уулу менен сиңдисин эптеп баккан немени чүнчүтпөй эле коеюн», — деп ойлонуп жатты. Ал эми Нурайга мындай жылуу мамиле абдан жакты, отуруп алып өзүнүн башынан өткөндү эстеп зыңгырай ойлонуп кетти…
Нурай он алтыга чыгып калганда ата-энеси эң кичинекей эркек баласы болуп келе жатып авариядан каза болушкан, атасынын бир тууганы Эмилбек аларды карап калды, үй-жайы деле жакшы, «волга -31» унаасы бар, тың турушчу. Нурай өз үйүндө турабыз десе болбой Эмилбек мал-салы менен көчүрүп алды, ошондой Гүлү алты жашта болчу, эки уй, он кой менен өз үйүнө көчүрүп алды, Нурай он биринчи класста окуп жаткан, бир күнү сабактан келсе жеңеси Салкын Гүлүнү урушуп жатыптыр:
— Ушундайыңардан ата-энеңди жуткансыңар да, баланы карабай эми мектепке барам дейсиң, эмнеңерге окуйт имишсиңер, куу жетимдер!
— Жеңе, эмнеге минтесиз биздин ата-энебиздин өлгөнүнө күнөөбүз барбы? — деп Нурай кирип келди, — Сиз антип айтпаңыз, — деди да Гүлүнү колунан жетеледи, — Биз бул жерде бир мүнөт дагы тура албайбыз!
— Ыкы, кайда барат экенсиңер? — Салкын кекете карады, — Ырысы жоктун ырымы күч деген чын да.
— Өз үйүбүзгө барабыз, малды сот менен алабыз, — деди, Салкын ээрдин түйрүй.
— Эмнеңер бар эле, окууга кийим албадыңарбы.
— Сиз менен айтышпайм, — деди да сиңдисин жетелеп чыгып кетти, жазга маал болчу, үйүнө келип жаркырап тийип турган күнгө үй ичин жайып Гүлүнү мектепке жиберип өзү ыйлап алды: «Эмнеге өлүп калдыңар, бизди шүмшүк кылуу үчүнбү, биз жетим атандык го ата, апа мынчалык кор болгудай эмнеден жаздык эле, кайсы күнөөбүз үчүн жетим калдык», — деп буркурап ар бир бөлмөсүнө кирип ыйлап жүрдү. Кечке маал ал Гүлүнү мектептен тозуп алмак болуп отурганда Эмилбек келди:
— Эмнеге баса бердиңер, кандай тартипсиз кызсыңар өзү? — деп ачуулу кирди.
— Өз үйүбүздө болобуз, — деп бурк этти Нурай.
— Эмнеге, бизди элге шерменде кыласыңарбы, бас үйгө!
— Барбайм, Гүлү экөөбүз өзүбүз эле жашайбыз.
— Жашабайсыңар, мен элдин бетин кантип карайм, — Эмилбек колунан ала аны сыртка карай сүйрөдү, — Бас өлө элегиңде!
— Эмнеге Салкын жеңем бизди ата-энеңди жуткан шүмшүк жетим дейт?
— Жетим болсоңор жетим дейт да, анын эмнесине арданасыңар? — Эмилбек күчкө салып сыртка алып чыкты.
— Барбайм эч жакка! — деп Нурай сүйрөлүп туруп алды.
— Көк бет экенсиң жаш-шабагыр десе, бол үйгө кеттик! — деп тарткылап жаткан Гүлү келип калды, аны көрүп, — Бар кет үйгө, эмнеге келдиң? — деп кыйкырды.
— Гүлү кетпе, мен барбайм, — деди Нурай, ал жеңесинин сөзүнө, агасынын айтканына ого бетер жини келип көгөрүп туруп алды, ошол учурда коңшулары алардын үнүн угуп жардана дарбазанын эшигинен кирип келе башташты:
— Эмне болуп кетти? — деди жакын коңшусу Абдал келип.
— Биз барбайбыз десек болбой жатат, кой деп коюңуздарчы, — Нурай алардан жардам сурады, — Эми эч качан барбайбыз, андан көрө экөөбүздү ушул үйдөн өлтүрүп кетсин!
— Эмилбек, кыздарды өз оюна коюп кой, — деди Абдал салабаттуу сүйлөп.
— Сиз киришпеңиз, булар өз бир тууганымдын балдары, — деди Эмилбек орой.

<<2 of 17>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

Өмүргө так калтырган күн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!