Жомоктор

Кемпир

Кемпир

(Персид жомогу)

Бар экен, жок экен, илгери-илгери кемпир жашаптыр. Үйүнүн чоңдугу электей эле бар экен, бөлмөсү – чакан табактай жана дарактын жалбырагындай. Анын бойросу менен төшөктөрү бар эле, андыктан үйүнүн ичи бош эмес болчу.
Кемпир кечки тамагын жеди, сыртта күүлдөгөн катуу бороон башталды, дабышын угуп жүрөк болкулдайт. Ал төшөгүн салып, жатты. Көзүн жумганга үлгүрбөдү, кимдир-бирөө каалганы каккылады. Кемпир каалганы ачып, таранчыны көрдү.
– Чоң эне! Түн абдан суук, бороон улуйт, а менин жата турган жайым жок. Үйүңө бир түнгө киргизчи! Эртең, күн чыгаары менен учуп кетем!
Кемпирдин таранчыга боору ооруду.
– Абдан жакшы, — деди ал, — Короодогу бадалдын жалбырагынын түбүнө кир да, каалашыңча уктай бер.
Таранчыга жай таап берип, өзү да уктоого баш койду. Бирок, көзүн жумганга үлгүрбөдү, кимдир-бирөө каалганы дагы такылдатты. Каалгага барып, ачты да, эшекти көрдү.
– Түн абдан суук болуп атат, — деп баштады эшек, — Бороон ызылдап, а мен тынч уктай турган жер таппадым. Үйүңө бир түн түнөгөнгө уруксат бер! Эртең менен кетем.
Кемпирге эшек аянычтуу көрүндү, мындай деди:
– Абдан жакшы, үйгө кир да, бурчтан орун тап.
Эшекти жаткырып, өзү да жатайын деди. Бирок, дагы каалга такылдады. Каалганы ачып, тоокту көрдү.
– Чоң эне, — деди тоок, — Бороон болуп атат, түн суук, бара турган жайым жок. Бир түнгө баш калкалат! Эртең менен короз кыйкырганда кетем.
– Абдан жакшы, — деди кемпир, — короодон орун таап, жат.
Тоокту жайгаштырып, жаңы эле төшөгүнө келген, кайрадан каалга тыкылдады. Барып, каалганы ачса, карга туруптур.
– Чоң эне, — деди карга, — Түн суук, а менин баш калкалаар жайым жок. Үйүңө киргизчи! Таң эрте, чымчыктар уясынан чыгышаары менен, караанымды көрсөтпөй кетем.
– Абдан жакшы, — деген кемпир, карганы эшектин жонуна кондурду.
Дагы эшик такылдады. Кемпир шамды жагып, эшикти ачты да, идти көрдү.
– Сага эмне керек? – деп сурады.
– Түн суук, — деп жооп берди ит, — Менин уктаганга ылайыктуу кепем да, ийиним да жок. Үйүңдө бүгүнчө уктат. Эртең менен сурнай тартылганда кетем.
Кемпирдин итке абдан боору ооруду, эшектин жанына жаткырды. Эртең менен кемпир ойгонсо эле айбанаттар чурулдап атышыптыр. Таранчыга барып, айтты:
– Тур, таң атты, өз жолуңа түш!
А таранчы жооп берди:
– Мен сага сайрам берем, кичинекей жумуртка алып келем. Кетишим керекпи?
– Макул, калсаң кал, — деди кемпир. Анан эшекке барды:
– Жыйнал дагы, кет, таң атты, — деп кыйкырды.
– Мен сен үчүн өкүрүп берем, кетпей эле коеюн? – деди эшек.
Кемпир ага да макул болду:
– Макул, кал.
Андан ары тоокко барды:
– Турбайсыңбы, таңдын атканы качан, жолуңа түш!
– Мен сен үчүн кукулуктап, чоң-чоң жумуртка тууйм. Кетишим керекпи?
– А, макул, кала бер, — баш ийкеди кемпир. Андан соң каргага келди:
– Ордуңдан тур, кеткин!
– Мен сен үчүн каркылдайм, элди сен үчүн уйкусунан ойготом. Эмнеге кетишим керек?
– Мейли, сен да кал, — деп көндү кемпир.
Акырында кемпир итке жетти:
– Таң агарды, жерге жарык кирди! – деп кыйкырды, — Ойгон дагы, кет!
– Мен сен үчүн үрөм, — деди анда ит, — Ууруларды кармайм. Кетишим керекпи?
– Калсаң да болот, — деп жооп берди кемпир.
Ошентип, алардын баары бир үйдө жашап, кемпирге тиричиликте жардам беришти.
Жомогубуз соңуна чыкты, а карга уясына учуп жетелек.

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

Карга ийнеликти чокуй албады

201903.02.2020

Ашкабак улан

201903.02.2020

Акылдуу бала

201903.02.2020

Түлкү, марал жана карга

201903.02.2020

Алтын туфли

201917.01.2020

Бермет менен бака

201917.01.2020