Жомоктор

Карыя жана жолборс

Карыя жана жолборс

(Монгол жомогу)


Тээ өткөн заманда жарыкчылыкта кемпир – чал жашаптыр, алардын бир нече уйу менен койлору бар экен. Алардын короосуна карышкыр келгенге көнүп алды, бирде койду уурдай качат, бирде уйду жара тартат. Бир жолу карыя токойго отун алууга барды, жолунан жолборс чыкты. Жолборс карыяга:
– Кел, күч сынашабыз! – деп буйрук берди.
Карыя нес болду. «Азыр мени жолборс жейт», — деп ойлоду, а сыртынан мындай деди:
– Мейли, бирок азыр эмес.
– Качан жана кайсы жерде?
– Эртең ушул убакытта, ушул жерде, — деди да карыя үйүнө жөнөдү.
– Эми эмне кылам? – деди чал кемпиринен акыл сурап. Ал ойлонуп, чалына:
– Токойго кайра бар. Бир даракты кый, бирок кулатпа. Абайла, эч ким көрбөсүн, — деп кеңеш берди.
Карыя кемпиринин айтканын аткарды.
Кийинки күнү эртең менен жолборс белгиленген жерде отуруп, абышканы күттү. Карыя келип:
– -Көрөлүчү, кимибиз күчтүү экенбиз. Мен азыр даракты кулатам, андан кийин сени! – деди. Ошентти да, түбү кыйылып калган даракты ийини менен түрттү эле, ал шуулдаган бойдон кулады. А жолборс канчалык аракет кылса да, бир да даракты кулата албады. Ошондо, карыя:
– Эх, сен, оңой нерсени да аткара албадың, — деп баш чайкады.
Жолборс абышканы чындап эле абдан күчтүү деп ойлоп, сунуш киргизди:
– Бул жолу сен жеңдиң. Бирок, муну менен бүтпөйт. Эртең дагы бир жолу күч сынашабыз. Ким күчтүү болсо таштын ширесин чыгарат деп айтышат.
Карыя илкий басып, кемпирине жетти.
– Кандай айла кылам?
Кемпир ойлонуп-ойлонуп, чалына койдун быштагын карматты.
– Муну таштын түбүнө терең кат.
Чал так ошондой кылды.
Кийинки күнү эртең менен жолборс карыяны күттү. Абышка ташты акырын эле кармады:
– Жолборс, карагын, мына сага таштын ширеси!
Жолборс канча аракет кылса да, таштан шире чыгара албады. Карыядан корко баштады.
«Кандай күчтүү абышка», — деп ойлонуп, үйүнө конокко чакырды.
Коркунучтан титиреп атса да, билгизбей абышка макул болду. Жолборс аны чай жана ар түрдүү таттууларды берип сыйлады, анан:
– Кел, эми уктайлы, — деди.
Карыя калп эле уктамыш болуп, көрүп атты: жолборс кылычты алып, боз үйдөн чыкты. Байкуш чал жолборс аны өлтүргөнгө камынып атат деп түшүнүп, чоң жез сокуну алып, башына кадады. Жолборс карыяга дабыш чыгарбай басып келди, сокуга бир жолу чапты, эки жолу чапты, үчүнчү жолу кылыч сынып, бир нече майда бөлүкчүлөргө бөлүндү. Коркконунан жолборс бурчка бүрүшүп жатып, таң атаарда гана уктады. А карыя ордунан туруп, акырын басып сокуну ордуна койду.
Эртең менен башын тырмап, жолборско:
– Сыягы, уктап атканымда кимдир-бирөө башымдан сылады окшойт, — деп кайрылды.
– Бул мен, кечээ сени кескилеп, жеп алайын дегем, бирок болбоду, — деп жолборс моюнуна алды, — Сен чын эле кол тийгиз экенсиң! Азыр чай кайнатабыз, суу алып келе калчы!
Карыя килейген кумураны араң көтөрүп, кудукка эптеп жетти.
«Бош кумураны араң көтөрүп келдим, суу куйгандан кийин жылдыра албайм. Эмне кылам?» — деп ойлонду карыя. Анан кудуктун айланасын каза баштады.
А жолборс боз үйд- абышканы күтүүдөн жадады.
– Эмне кылып атасың? – деп кыйкырды ал.
– Сууну тамчылап ташыгандан көрө кудукту казып чыгарып, толук алып барсамбы дегем. Аябай чаңкап турам, бардык сууну ичип салам го.
Жолборс кудуксуз калаарын элестетип коркуп кетти, сууну кумурага өзү куюп, боз үйгө алып барды.
Абышка үйүнө кетүүгө камданды. Жолборс алтындын чоң уютмасын алып чыгып, коногуна белек кылды.
– Жолборс, кичипейилдикке алтынды үйүмө жеткирип берчи, — деп суранды абышка.
Жолборско абышка менен анын үйүнө барууга туура келди. Аларды көрүп кемпири кубанып, чарк айланды:
– Кандай тамак жасап берейин?
А жолборс үйүнө кайтты. Абышка кыйкырып жооп берди:
– Тээтиги жолборсту кубалап жет, түшкү тамакка кайнатабыз!
Муну угуп жолборс куйругун түйүп, чуркады. Чуркап баратса, алдынан карышкыр чыкты.
– Кайда шашып баратасың? – деп сурады карышкыр жолборстон.
– А-а, бул жерде бир коркунучтуу абышка жашайт. Кемпири экөөө мени жегенге ниеттенип атышат.
– Коркпо, жолборс. Мен күн сайын алардын коюн жеп кетем. Жүрү, мени менен.
– Барбайм, — деди жолборс, — Корком.
– Абдан эле коркок экенсиң, бел боо курчанып алып, катарлашып барабыз.
Алар белбоону бириктирип белдерин таңышты. Карыя жырткычтарды көрүп:
– А, карышкыр, келатасыңбы? Азамат! Сен мага жолборсту алдап алып келем деп убада бергенсиң!-деди.
Жолборс коркконунан титиреп, жан-алы калбай качты. Карышкырды сүйрөп кетти. Ошондон кийин алар айылга жакын барышпады.
Чал менен кемпир ошентип душмандарынан кутулушкан экен.

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020
















error: Content is protected !!