Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

БАГОР
(Узун саптуу темир илгек)
Түшүңүзгө жөн жерден багор кирсе, аны менен сиз, же башка бирөө жээктен кайыкты сүрүп атса, боло турчу кырсыктын аяндалышы. Эгер багорду өрт өчүрүүгө колдонуп атсаңыз, сизге берилген убада аткарылбайт. Багор менен кышкы өзөндө балык кармоого аракеттенсеңиз – алдыда ушул убакка чейин айтканыңызды аткарган жетекчилик менен бетме бет эмес сүйлөшүү болушу мүмкүн.

БАЗАР
Базарда жүргөнүңүздү түштө көрсөңүз, ишмердүүлүктүн бардык жаатында абдан активдүү жана баамчыл болооруңуздун кабары. Эгер базарда жык-жыйма адамдар болуп, ызы-чуу кулак жарса, өңүңүздө жаңы тааныштарды табасыз. Бош базарды көрүү – ишиңиздин артка кеткенине санааркап атканыңыздын белгиси, ал ишти жөнгө салу үчүн намысыңыздан аттап өтүп, аракеттерге бару керек.
Базарда буюмдарды сатып алуу – капысынан башыңызга түшкөн машакаттан абдаарыйсыз. Соодагер болу – сиздин бакыбат жашооңуз дагы жаңы кирешелерге жык толот, сатып алуучуларга товарды сунуштоо – мыкты киреше. Соодагерди көрүү жана аны менен сүйлөшүү – сот жараяны. Базар текчелеринде жыттанган эт, же чириген жашылчаларды көрүү – каржылык пландагы жоготуу.

БАК
Түштө сүт, же башка азыктар толтурулган бакты көрүү – көрүнүктүү ийгиликтин ээси болуу, же жагымдуу чөйрөгө туш келесиз. Сууга, же башка суюк заттарга толтурулган бак – эски таанышыңызга учурап, толтура жаңылыктарды угасыз. Бош бак – дөңгөлөккө түшүп калган тыйын чычкандай ары- бери чурката турган иштериңиз көбөйүп, бир мүнөт да эс алууга убакыт таппай каласыз.
Эгер сизге бакка шейшептерди салып, мешке коюп кайтанып аткан түш кирсе, анда бул үй-бүлөлүк кубанычтын белгиси. Бакка таштандыларды салсаңыз – ойлонулбай жасалган кадамдардан алыс болууга эскертме, ал сизге көңүл калууну алып келиши мүмкүн.

БАЛКОН
Түшкө балкон кирсе — өңдө досторуңуздан келген жагымсыз кабар, майда нерсе үчүн эмоцияңызды жашыра албайсыз.балкондо туруп, ылдыйды карасаңыз – алдыда пландап аткан эмгек эргүүңүз абдан жагымдуу атмосферада өтөт жана аны көпөгөн жылдар бою эсиңизге сактайсыз. Сүйүкүүңүз менен балкондо отуруп, түнкү жымжырттык менен кумарланып атсаңыз – жакын арада түбөлүк эки айрылыш жол күтүшү мүмкүн. Ураган балконду көрүү – көчөдө этият болуңуз.

БАМБУК
Бамдук дарагынын жанында туруу жана кубалагандардан качып, аны аралап өтүү — өңүңүздө сизге пайдалуу эскертүү болоорун билдирет. Чырпык, же бамдук жыгачынан жасалган кармоочу бар кол чатыр –турмуш-тиричиликтин майда маселелери тереңдеп, акыбалды оордотот. Бамбуктан жасалган лыжа таякчалары – балалык чактын, артка кайруугу мүмкүн болбогон бактылуу кездердин элесине чөмүлөсүз. Бамбуктан жасалган алачык – реалдуу жашоодо сиздин абдан чарчаганыңыздын жана организмиңиз мыкты эс алууну талап кылып атканынын белгиси.

🔥1
Click to add a comment
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

ЖАРА

201928.04.2020

ООРУКАНА

201928.04.2020

ООРУ СЕЗИМИ

201928.04.2020

ООРУ

201928.04.2020

БОКС

201928.04.2020

КОШ БОЙЛУУЛУК

201928.04.2020

БЕРЕЗА

201928.04.2020

КЕЧИЛ

201928.04.2020

ЖЭЭК

201906.04.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!