Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

АКУЛА
Түштө бул коркунучтуу деңиз жырткычын көрүү – демек, өңдөгү душмандардан абайлоо керек. Акула сизге кол салса, же кол салууга аракеттенсе, реалдуу жашоодо суурулуп чыгуу кыйынчылыкты жараткан ийгиликсиздик коштойт.
Деңизде сиздин жаныңызда сүзүп жүргөн акылаларды көрүү – жашоодо жетишкендиктериңиздин баары кимдир бирөөнүн ич тардыгын жаратып атат, же сиз өзүңүз туура эмес сүйлөгөндөрүңүз, байкоосуз кылык-жоругуңуз менен ал адамдарга жаман пикир жаратып атасыз.
Акуланын жансыз денесин жээкте бычактап бөлүп атышканын көрүү — тынч жана бакыбат турмушуңузду кайрып алууга үмүт бар.

АЛКОГОЛЬ
Түштө алкоголдун таасирине кабылсаңыз – демек, жакынкы аралыкта сиз досторуңуздун курчоосунда убактыңызды көңүлдүү жана бака-шака өткөрөсүз.
Арак ичүү – куру бекер коротулган убакыттын жана шектүү кумарларга энергияны жок кылуунун кабары, вино ичүү – кубаныч жана бекем достук мамиле. Эгер ак вино ичсеңиз – көңүл ачуу, кызыл вино – көңүлдүү сейилдөө, алма сидри – жашоодо алкоголдук ичимдиктерди көп колдонбосоңуз, сизге бакыт жылмайышы мүмкүн. Башкалардын ичип атканын көрүү – алдамчы достордун таасирине кабыласыз. Шампан ичүү – пайдалуу ишке туш келесиз. Спирт ичүү – жандүйнөнүн депрессиясы, үмүтсүздүк.
Түшүңүздө бирөөлөргө сизди бир ууртам спирт ичүүнү сунушташса, демек, атаандаштарыңыз пайда болот, балким, майда-бараттар үчүн уруш-талаш орун алат. Түшүңүздө ичмейди таштап салсаңыз, же мындай кадамга башка бирөө барууну чечкенин уксаңыз – сиздин азыркы акыбалыңыз жакшырып, материалдык киреше көбөйөт.
Түштө ичимдик иччүлөрдүн кечесине катышсаңыз — өңдө сизди жаманатты кылчу окуяга кириптер болуп калу коркунучу бар. Масс абалындагы өзүңүздү көрсөңүз – сиз кумар алууну самайсыз.
Эгер түшүңүздө сиз алкаш болуп калсаңыз, демек, өңдө, максатыңызга жетем деп атып, каражатка карабастан, өзүңүзгө зыян келтиресиз жана жакын досторуңузга бул кылыгыңыз менен көңүл калууну жаратасыз. Түшүңүздө алкоголду көп колдонуу менен бөйрөгүңүзгө зыян келтиргениңизди айтып, кейип атсаңыз – абайлаңыз, тагдыр сизди ийгиликсиз, алдыга умтулбаган жана максатсыз адам менен байланыштырып коюусу мүмкүн. Алкоголго жабыркаган бөйрөк репутацияңызды бузуучу ар кандай кырдаалдардан алыс болушуңузду эскертет. Мастыктан тосмонун жанына кулап, же ылайдан турганга күчүңүз жетпей атса – сизге күтүлбөгөн жерден байлык келиши мүмкүн.

АЛЛЕЯ
Аллея түшкө кирсе, сизди тагдырдагы өзгөрүүлөр күтүп атканын билдирет, сиз ктпөгөндөй түйшүк менен убаракерчиликти берген жаман жагына өзгөрүү болушу мүмкүн.
Аллеяда күүгүмдө жалгыз баратсаңыз, чала тааныш адамдар менен шектүү мамиледе болуунун коркунучтуулугун эскертет, алар сизди жаманаттыга калтыруусу ыктымал. Ит мурун бадалдары өскөн аллеяда сейилдөө — назик сезимдердин алдануусу. Сизге тааныш эмес бадалдар курчаган аллея – сизге тааныш эмес жерлерге сапарга чыгууңуз күтүлөт. Эки тарабын акациялар курчаган узун аллеяда сейилдөө — жакын арада сизди сызга отургуза турган иш боюнча жаңы сунуш түшүшү мүмкүн. Ошондуктан бул маселеде чечкиндүү кадамдарга барбай турган оң.

АЛМАЗ
Түштө алмаз көрүү сизди жагымсыз окуялар тегеректеп, сиз үчүн абдан маанилүү болгон максатыңыздын өтөөсүнө чыгууңузга тоскоолдук болушу мүмкүндүгүн эскертет. Колуңузда турган алмазды жоготуп жиберүү – сиз үчүн эң кымбат адамдарды жоготушуңуз мүмкүн. Түштө алмазды таап алуу – жакшы түш, сиздин эмгегиңиз жетиштүү деңгээлде бааланат деген белги.
Эгер сиздин сүйүктүү эркегиңиз түшүңүздө алмаз кадалган жасалганы белекке берсе, демек, алдыдагы үйлөнүү үлпөт абдан өзгөчө жана шаңдуу болот, адамдардын суктануусун жаратат.

🔥0
Click to add a comment
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ

201907.02.2020

БЕКЕРЧИЛИК

201907.02.2020

КАЧУУ

201907.02.2020

ЖАМБАШ

201907.02.2020

КЕМБАГАЛ

201907.02.2020

БЕГЕМОТ

201907.02.2020

АТ ЧАБЫШ

201907.02.2020

Аяндуу түштөр

201907.02.2020

Аяндуу түштөр

201912.12.2019