Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

АВТОМОБИЛЬ
Түшүңүздө машинада баратсаңыз – реалдуу жашоодо активдүү адам экениңиздин кабары, сизде энергия абдан көп жана кандай ишти болбосун, өтөөсүнө чыгарууга дараметиңиз жетет. Бул жоору машинеде сиз отуруп, башка бирөө айдап бараткан түшкө ылайык. А эгер рулда өзүңүз отурсаңыз, жоготуу жана оору болушу ыктымал.
Ири бурулушта катуу жүрүп бараткан машинеден ыргып кетүү, же кимдир бирөө сизди ыргытып жиберсе, кубантпай турган кабарларды угушуңузду билдирет.
Түштө жөн гана машинени же көп машинелерди көрүү – жакында алыс жолго чыгышыңызы мүмкүн, жакындарыңыздын тагдырында жагымдуу өзгөрүү болуп, ал сизди да кубанычка бөлөйт.
Сиз кайсы бир жерге келип, машинеден чыксаңыз – уйкуңузду тынч уланта бериңиз, сиздин пландарыңыз толугу менен ишке ашат, бул сизге өзүңүзгө ишеним менен күчтү камсыздайт.
Түштө сиз кандайдыр бир себеп менен машинеңизден айрылганыңызды крсөңүз, же машинеңизди бирөөлөр көз алдыңызда уурдап кетишсе – аттигиң, көп адамдарга байланыштуу болгон ой-пландарыңыз тоскоолдукка учурайт. Бузулган машине, же жол кырсыгынан такалаганган машине – толугу менен ийгиликсиздик жана тоскоолдуктар.
Укмуштуудай кооз, төбөсү ачык кабриолетти көрсөңүз жана ага отурсаңыз – үйүңүзгө кубаныч келет, а жандүйнөңүз менен жүрөгүңүзгө бакыт башбагат.
Эгер түшүңүзгө жүк ташуучу чоң автомобиль артында чиркеген чоң прицеби бар болсо – бул соодадагы ийгиликке жана кирешеге, эгер ал автоунаага сиздин байланышыңыз бар болсо. А эгер чоң жүк ташыгыч автоунаа жүгү жок, бош кирсе – анда бул түйшүктөрдүн арбын болоорун кабарлайт жана каражат жагынан кыйналышыңыз мүмкүн.
Өрт өчүргүч машине -коркуу жана тынчсыздануу. Эгер сиз өрт өчүргүч автоунаада барасаңыз, демек, жашоодо жагымсыз ишке тушугуп калбоо үчүн абайлап жүрүүгө туура келет.
Жолуңузда суу чачыраткыч машиненин жүрүп келатканын көрсөңүз, бул дагы кандайдыр бир коркунучтун бардыгынан кабар берет. Анда отуруп кетип атсаңыз – демек, жашоодо досторуңузга кандайдыр бир пайдаңыз тийет.
Илгерки, же эски машинени көрүү – душмандарыңыз бизнестегиби, же кесиптикпи ийгиликтериңизди көрө алышпай, арам ойлорду ойлоп атышканынын белгиси.
Машиненин капотун ачып, кыймылдаткычты кароо -сиз алдыңызга пландаган иштин майда-чүйдөсүнөн бери жакшы тактай электигиңизди билдирет. Эгер аккумуляторду карап, машинени жүргүзүүгө аракеттенип атсаңыз, сизге ишиңизден бир топ киреше кирет.

АВТОР
Түштө авторду көрүү (прозанын, поэзиянын, же музыканын авторубу – мааниге ээ эмес) бул демек, жакындарыңыздын чөйрөсүндөгү көңүлдүү кечеге туш болооруңузду билдирет. Авторлор менен бирдемени талкуулоо жана сүйлөшүү – баштаган ишиңиздеги ийгиликсиздик, же аны аягына чыгарууда тоскоолдук коштойт.
Чыгармасын аяктап, сизге сунуштаган авторду көрүү – негизги ишиңизден тышкары, кошумча жумуш катары алектенген ишмердүүлүгүңүздө жагымсыз көрүнүш болушу мүмкүн.
Түшүңүздө өзүңүздү автор катары көрсөңүз – кичинекей болсо да, азга созулса да, калк арасындагы атактуулук сизге келет. Эгер реалдуу жашоодо сиз чындап эле автор болсоңуз, бул түшүңүзгө да кирип атса – ар кандай тоскоолдук жана жагымсыз нерселерден кийин эмгегиңиз кабыл алынып, бааланат.

🔥0
Click to add a comment
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ

201907.02.2020

БЕКЕРЧИЛИК

201907.02.2020

КАЧУУ

201907.02.2020

ЖАМБАШ

201907.02.2020

КЕМБАГАЛ

201907.02.2020

БЕГЕМОТ

201907.02.2020

АТ ЧАБЫШ

201907.02.2020

Аяндуу түштөр

201907.02.2020

Аяндуу түштөр

201912.12.2019