Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

Өмүрдү өксүткөн сезим
<<1 of 6>>

Өмүрдү өксүткөн сезим

Бул сезим адам баласынын өмүрүндө эки нерсе алып келээри анык, бири бактысыздык, бири бактынын туу чокусу. Сезим деген нерсени сезбей бир өмүрүн жашоонун кулу болуп өтүү кандай арман бирок пенде карды тоюп, кийими бүтүн, бала-чака күтүп жашоосу тынч өтсө ошого канимет кылып жашап өтө берет. Жашоо мыйзамы ошондой эмеспи, ошол эле мезгилде бирөөлөр аруу сезимдин, ак сүйүүнүн азабынан бири-бирине жете албай зардап чеккенинен азап-кайгыга чыдай албай көздөрүнөн жаш, көкүрөгүнөн дарт кетпей кээси өтүп кетсе, кээси өз сезиминин өтөөсүнө чыгып, жүрөк каалоосун аткарууга далбастап акыры сүйүүнүн бар экенин далилдешип бүт өмүрүн аруу сезимге арнап койгону канча. Ооба, мен да ошол өз сезимимдин гана кулу болуп, өмүрүм өткөнчө бир адамдын элеси менен жашап келе жатам, — деди бул жолу менин узак сапардагы таанышым. Сүйүүнү билбеген, башымдан өткөрбөгөн болсом анда кызыкпаган болоор белем, дилгирлене жүзүнө тигилип, муңайым жүзүндөгү болоор болбос тырыштарга көзүм түшө ойлуу суроо узаттым:

Сиз өзүңүз сүйгөн адамга кандайча жетпей калгансыз?

Ал өзүнчө бир топ сөз, айтууга дилим чыдабайт, ал турсун эстөө мен үчүн оор, — деп улутуна көзүн зымырай кетип жаткан унаанын алды жагына кадала карады.

— Узун жолду кыскарт деп коет эмеспи, алдыда дагы беш-алты саат жол жүрөт экенбиз, кеп баштаңыз, оңтойсуздук жаратсам кечиресиз, бирок ичтеги сыр акыры сыртка чыгуусу керек го?

— Мен бул сырымды өзүм менен кошо алып кетем деген ойдо элем, — Сапарлашым шуу үшкүрүп алды, жашы алтымыштардан эбак ашса да жүзүнөн нуру төгүлгөн жылдыздуу аялга тигиле карап анын сыры арман менен бүткөнүн сездим, бирок али сырын ачууга көңүлү жок экенин сезип телефон номерин алып калдым. Мерчемдүү жерибизге жеткенде сый гана коштошуп кете бердик. Арадан бир топ күн өткөндө баягы эжеге чалдым, бирок ал кайтып келе элек экен, ошол бойдон мен дагы өз тиричилигим менен алышып калган элем телефонум чырылдаганынан ала койсом Дамира эже экен. Экөөбүз жолугушууга макулдашып анан ошол эле күнү жолугуштук.

— Кандайсыз эже? — Мени күтүп турган Дамира эжеге жылмая колумду сундум.

— Жакшы, иштериң кандай? — Саламыма жооп кыла жылмайып койду. Андан кийин ыңгайлуу жерге отуруп маегибизди баштадык, Дамира эже көпкө ойлуу отуруп анан оор дем ала мага кайрылып көпкө тигилди да сөзүн баштады.

Элүү биринчи жылдар, Дамира он экиден он үчкө караганда атасы катуу оорудан көз жумду, иниси Канат жети жашта, апасы Сүйүн дагы оорукчан эле. Оор жылдарда унду килолоп алган убак, бирде ач, бирде ток калып эки баласынын кардын тойгузуп кээде өзү ачка калчу болду, таежеси Замира тыңыраак турат, күйөөсү каардуу адам, Дамиранын балдары барса эле зирпилдеп аялына акшыя карап:

— Ийи, тигилериң эмне келиптир? — деп турат, бүгүн дагы Дамираны ун суратып жиберген эле, кирип келе жатканда эле аны заардуу көздөрү менен ата карады, — Бу силер суранганыңарды качан коесуңар ыя?

— Койчу эми Асек, жалгыз эле булар эмес го, кыйынчылык тарткандар көп, атасы өлбөгөндө да минтпейт эле, — деп Замира жээнин калкалай калды, — Ун салып берейинби?

— Апам ун берип турсун деген.



— Силер үчүн жыйыптырмынбы? — Асек акшыя карады.

— Асек, бул убактылуу эле, бизде болсо алып турсун, булар дагы чоңоюп адам болот, — деди Замира. Анткени көп сурап келе турган, кээде Замира күйөөсүнө көрсөтпөй өзү жеткирип да берет, артында эч нерсе болбогон соң баары бир сурап алган тамактын жугуму жок болот эмеспи, коңшуларынан деле сурап алышат. Кээси өздөрүнөн ашпайт, ошондуктан аргасыз алакан жайып тим болушчу. Кычыраган кышта Сүйүн катуу ооруп калды, буудай ундан жасалган нанды уулу менен кызына бөлүп берип өзү карандай суу ичип жатканда Дамира:

<<1 of 6>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019