Айгүл ШАРШЕН

Томолой жетим

Томолой жетим
<<6 of 6>>

— Атасынын колунда. Эмдигиче үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калгандыр, менин эмдиги арманым ошол балдарымды бир көрүп, кучагыма кысып, моокумум канса анан арылат эле…
— Шаардабы же айылдабы алар? — деп Асан апасын карады.
— Кайдан билем, уулум? Шаардабы же айылдабы биле албайм, жалаң силер деп жүрүп алардын дайынын кантип билмек элем?
— Апа, жакында Үсөн экөөбүз бир иш баштайбыз, анан ишти жөнгө салып алсак, сиздин балдарыңызды издеп табабыз, — Асан апасын кучактап отуруп убада берди.
— Каралдыларым десе, силер аман болсоңор эле болду. Алар атасы менен, кайгы-капасы жок, мени билбей да калышкандыр… — деп Чачыкей көзүнүн жашын сыдырып алды, — Ооба, алар мени билбей калышкандыр, бири жети, бири беш жашта эле… — деди, бирок Тойчу жөнүндө ооз ачпады, — дагы бир айтаарым, атаңардын да силерден бөлөк балдары болгон, бирок мен алар жөнүндө эчтеке билбейм, Самат ал жөнүндө айткан эмес.
— Охо-о, бизде туугандар көп тура, ыя апа? — деп калды Үсөн.
— Буюрса бир тууганыңар бар, табышып алсаңар жакшы болот эле, жалгызсырабай өбөк-жөлөк болот да балдарым.
— Апа, эмнеге балдарыңызды таштап, күйөөгө тийдиңиз эле? Атасы бөлөк, энеси бөлөк дедирбей бир эле күйөөгө тийбейт белеңиз? — деп Саяна ыйлап ийди. — Неге бир күйөөгө тийбедиң?
— Кызым… — деген бойдон Чачыкей катып калды.
Саяна ыйлаган бойдон өз бөлмөсүнө кирип кетти. Эки уулу үнсүз отуруп калды: «Мейли, адеп укканга жээрип жатышат, балким мурда укканда минтпейт эле. Кудай ай, эрке өстүрүп койгондуку го, акыры көнбөй кайда бармак эле» деп Чачыкей ойлуу шалдайып отуруп калды.
Эшиктен Мусабек кирди, ал жоголуп кетип, кайра келип калчу болгон. Келгенде Асан, Үсөндү шылтоо кылып: «Балдарым кайда?» деп келип калат.
— Саламатсыңарбы? — деп кирип учурашып босогого туруп калган адамды Чачыкей уялганынан:
— Келиңиз, — деди.
— Келип калдым, менин балдарым кайда?
— Алар сыртта жүргөн эле…
— Аа-а, анда ошолорго барайын, — деп Мусабек кайра эле чыгып кетти.
Чачыкей өзүнчө жылмайып алды, адегенде жолуккан күнүн эстедиби: «Бул дагы мага окшоп, турмуштан жолу болбогон бечара экен, өзүн тыкан алып жүргөнүн кара. Мейли келсе келип кетээр, мен эмне демек элем» деген ойдо болду. Бир аздан кийин Саяна баарын унуткандай күлүп-жайнап чыга келип апасын кучактай эркелеп алды:
— Апа, кечирип койчу мени, катуу айтып алдым, — деп өпкүлөп апасынын таарынычын жазды.
— Кагылайын эркем аа-ай, сага эмнеге таарынмак элем, тагдырыма таарынам, бир жерден агарып көгөрө албаган. Ырас айтасың, атасы бөлөк дедиртип отурам, бирок аларды да мен төрөгөнмүн, болгондо да төрөбөй беш жыл күтүп анан балалуу болгомун, — деп Чачыкей кызынын чачынан сылап жүзүнөн өөп койду.
— Кечир апа, мен эч нерсеге түшүнбөйт окшойм, — деп Саяна апасынын ыраазылыгын алгандан кийин, — Апа, мен бир кыз менен жолукмак элем, барып келейинчи, — деди.
— Барсаң барып эрте кел кызым, биер айыл эмес, шаар экенин унутпа, тез кел!
— Эрте эле келем! — деп Саяна шашып чыгып кетти.
Ал Эмил экөө жолукчу жерге жөнөдү. Кубанычы койнуна батпай кетип жатты: «Бүгүн ал мага дагы бир жолу сүйүүсүн билдирсе мен дагы аны сүйөөрүмдү айтам» деп жүрөгү элеп-желеп болуп бара жатты. Жолукчу бактын түбүндө көпкө күтүп, анан таарынычы күч болуп үйүнө келди.
Эмил Саянанын энелеш карындашы экенин билгенден бери эч ким менен сүйлөшпөй да, эчтеке ичпей да, жатып алып ойлонуп жатты: «Неге башка эмес ошол кызга жолугуп калдым? Келип-келип өзүмдүн карындашым болуп калганын кара, жок дегенде сүйөм деп айтпай кое турсам эмне?» деп өкүнүп, эмне кылаар айласын таппай ойлоно берди.
— Эмил, деги сага эмне болгон, тамак ичпей же эшикке чыкпай жата бергениң эмнең, турчу бирдеме ичип ал, — деп Акынай кирип анын жанына отурду. — Тур балам, кызың капа кылдыбы?
— Жок, эчтекенин кереги жок! — деп Эмил ары карап кетти.
— Ботом, кимге мынчалык таарындың?
— Эч кимге!
— Уулум, ооруп каласың ачка жата берсең, бирдеме ичип алчы деги?
— Койчу апа, эчтеке ичпейм дедим го?
— Мейли, өзүң бил, — деп Акынай унчукпай туруп кетти, негедир анын шагы сына түштү: «Өзүмдүн балам эмес да, ушунча тарбияладым, кагып койду ээ» деп зыңгырай астыңкы кабатка түшүп келатса Өмүрбек кирип келе жатыптыр. Аны бир карап койду да үндөбөй ашканасына өтүп кетти. Өмүрбек бирдеме болгонун сезди. Чечинип келип столго отурушканда гана:
— Эмне болду, түрүң бузулуп турат? — деди эле Акынай ага аста үн чыгарып улутунуп алды:
— Өз баламдай эле көрүп отурам, дегеле бөтөгөсү бөлөктүгү билинбей койбойт экен…
— Ээ, балдардан капа болгонсуң го, Акынай. өз баладан деле угат, боло берет андай, балким оюнда арамы жок эле ороңдогондур, ушу аялдар жаман күмөнчүл келесиңер да?
— Шагыңды сындырып турса кантет элең, Өмүке?
— Ой кокуй оой, ушул жашка чейин канча жолу сынып, канча ирээт ийилип кайра түзөлбөдү дейсиң. Байбиче, капа болбо, үйлөнсө баары кетет. Индираны күйөөгө узатып кенжетайыбыз Эрмек менен калабыз, аз чыдап кой…
— Кечирип кой Өмүке, көтөрүмүм жок болуп баратат, болоор болбоско капаланып кетчү болдум, — деп Акынай ордунан тура өз ишине кирише баштады.
Ал Өмүрбектин жүйөөлүү сөзүнө уяла түшкөн: «Ырас эле менин акылым кыска белем, балдардын бир аз кыял-жоругун көтөрө албай мени кудай урдубу? Өмүрбектин токтоолугу, баарын ойлонуп чече билгени үчүн гана аял болуп калдым, болбосо ким билет» деп өз кылган ишине кейип жатты: «Болоор болбосту ага эмнеге айттым? Жүрөгүн ооруттум, ойлонтуп койдум байкушту, неге мындай чолок акылмын, жашым элүүгө келгиче акылыма келе албадым?» деп өзүн-өзү тилдеп кейий берди.
Аңгыча неберелери келип, чурулдаша столго отуруп чоң-ата, чоң-энесинин тумандаган ойлорун чачыратып жиберди. Назира келип Акынайды отургузуп, өзү жумушун жасоого киришти.
Бакылдашып күн кечирген бактылуу үйбүлөдө күндө дал ушундай маанай. Индира өзү көп сүйлөбөгөн кыз, эч ким менен иши да жок, үйгө кирди, эч чыкпай китеп окуп отура берет. Үйдө жалгыз кыз болгондуктан ага эч кимиси эч нерсе дебейт, ал жадагалса тамак жасаганды, үй ишин кылганды да билбейт. Эркелебейт, сабагын жакшы окуйт. Өмүрбек кызы үчүн абдан кабатырланат, же ачылып сүйлөбөгөн кызын абдан жакшы көрөт. Аны өзүнүн жакшы санаалаш жолдош баласы келин кылып кийинки жумада алып кетмек. Индира ага макул экенин же каршы экенин билгизген жок. Ата-эне таң калып өздөрүнчө бушайман. Акынай Назираны Индирага киргизди.
— Ботом сен жеңеси эмессиңби, бир ооз кирип сүйлөшчү, бул эмне деген жан экенин билбейм, — деп Акынай кейий кетти. — Макулбу, макул эмеспи, билчи!
— Болуптур апа, эрке кыз менен өзүм сүйлөшөм, — деп Назира кайненесин жубата өйдө көтөрүлдү.
Ал киргенде Индира бир бурулуп карап койду да кайра китебине үңүлдү.
— Индира, бу сен профессор болсоң да кичине бизге көңүл бөлүп, сүйлөшүп койсоң боло? — деди кирип келип эле Назира күлө бага. — Кызыкенин күйөөгө кетээрине аз калса да зымпыйып сыр бербегени эмнеси?
— Жеңе, эмне кылышым керек анан? — деп Индира карабай туруп сүйлөдү. — Мени күйөөгө биргенге мынча шаштыңар?
— Сен бойго жеттиң, илгерки кыздар он алтыга чыкканда күйөөгө чыкпаса кара далы деп кеп кылышчу, сен жыйырмадан ашып калбадыңбы?
— Эмне экен, — Индира таарынгандай Назираны карады. — Мен күйөөгө азыр чыкпайм, атамдарга ошентип айтып коюңуз.
— Опээй, ал эмнеси экен?! Алар аябай кадыр-барктуу кишилер экен, баласы чет элде окуйт имиш, атамды уят кылба да?
— Мен баласын бир көрбөй кантип тием? Менин жүрөгүм бар да, жөн эле сыртымдан тон быча беришпесинчи, — деп Индира тултуңдай ары карап кетти. — Айтыңыз, мен эч жакка кетпейм!
— Индира, атамдын көңүлүн оорутпа, кан басымы көтөрүлүп дарыланып зорго жүрөт, өзүн көрбөсөң сүрөтүн берген тура? — деп Назира кайын сиңдисин өзүнө каратып маңдайына отурду.
— Жансыз сүрөт эмнени билдирет, жеңе, же мени бир айбан деп ойлошобу?
— Кой садага, антип капалана бербе, бактыңды тиле, окумуштуу жигитке чыксаң, өзүң дагы окумуштуу болсоң, ал эми сенин кийинки жашооң. Азыр ата-энеңди да ойлон, сен үчүн эмнени гана жасабады? — деп Назира кыздын көзүнөн жаш төгүлүп кеткенин көрүп бооруна кысты. — Мен да жапжаш кезимде сенин агаңа келгемин, он жети жашымда. Мына жаман эмес, үч балалуу болдук.
— Жеңе! — деп Индира жеңесин кучактап алып соолуктап ыйлап жатты.
— Кой ыйлаба, эртең сенин кийимдериңди даярдап дайын кылышыбыз керек. Күйөө болчу жигит келип үйлөнүп эле кайра кетет экенсиңер, сен эми бул үйдө коноксуң, атамдардын жанында аз да болсо жаркылдап, кеткиче сүйлөшүп турсаң.
Индира:
— Макул жеңе, даярдана бергиле, атамдын кадыры үчүн макулмун! — дегенде Назира аны кучактап ыйлап ийди. Бир кезде өзүн да атасы ары айтып, берип айтып жатып көндүрө албай ала качып кеткенин эстеп: «Кыз байкуштардын көрөөр күнү ушул тура, тайраңдап ата-эненин төрүндө ойноп алганга да акысы жок» деп ойлонуп Индирага боору ооруп турду. Көптөн кийин Индира өз ичиндеги сырын айта баштады. — Жеңе, мен башканы сүйөм, чынында аны артыкча сүйгөм!
— Кой эми, бирөө угуп калат, — деген менен Тойчу экөөнүн ортосундагы ысык мамилени эстеп кетти. — Эчтеке эмес, андай балалык сүйүү боло берет, калат, унутулат…
— Мен Актанды жанымдан артык сүйөт элем, жеңе, бирок анын ата-энеси жок жетим бала, аны атамдар жактырбай коебу деп унчукпай калдым.
— Ал азыр кайда?
— Ушул эле жерде, жумушчу болуп иштейт.
— Кайдан таанышып жүрөсүң аны менен?
— Маршруткада бирге бардык, ал улам мени карап бараткан, анан мен түшкөн жерден ал дагы түшүп калды. Кетип жатсам жете келип, саат сурады. Жооп берип жөнөй бергенимде кайра атымды сурады, ошентип таанышып калдык.
— Жолугуп сүйлөшүп калдыңар беле?
— Анан эмне жеңе. Биз сонун күндөрдү өткөрдүк, ушул кезде ал зорго жүрөт, мен ага акемдер билсе өлтүрүп салат деп койгомун.
— Эчтеке эмес, анын баары унутулат. Андан көрө ата-энелүү, кадыр-барктуу жерге барсаң жакшы эмеспи. Сен акылың бар, билимдүү, ата-энелүү кызсың, алардын шагын сындырба!
Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отуруп анан Назира кетти. Индира ойлонуп отуруп калды.
Назираны күтүп жатпай отурган Акынай келинин көрүп колун шилтеди.
— Эмне болду, сүйлөшө алдыңбы?
— Сүйлөштүм, апа, баары жайында.
— Ой азамат десе, сенин колуңдан келээрин билгемин да? — деп Акынай кубана келинин далыга таптай мактап жатты. — Садагаң болоюн десе, ырас болбодубу, атаң дагы сары санаа болуп жатат. Кубанып калсын, байкуш, — деп ары карай басты.
Назира өз бөлмөсүнө киргенде Эдил дагы сурап калды.
— Кайын сиңдиң менен тим эле узакка сүйлөштүң го?
— Сүйлөшсө эмне экен, ошону да көрө албайсыңар, сырдаштык отуруп алып.
— Оо кайран десе, тилиңде мөөрүң бар ээ, бат эле сүйлөшкөндү арбап аласың.
Эдил аялын кучактап, аймалап калганда уктай элек кызы:
— Кишини уктатасыңарбы? — деди козголо.
— Ко-окуй, кызым тынч уктасын, апасы, сүйлөбө, — деп күлүп көзүн ымдап коюп жатып калышты.
— Мен эртең менен окууга барам, а силер мени эрте уктатпай кайра эрте ойготосуңар, — деген кызы чуртуңдай төшөгүн чүмкөнүп алды.
Эдил менен Назира бүлкүлдөй күлүп, унчукпай да, кыймылдабай жатып калышты.
Эртеси жумушуна кеткен Эдил үйүнө шашылыш келип эле Эмилди сурады, ал дагы эле кайгырып жаткан. Анын бөлмөсүнө кирбей эле босогодон:
— Эмил, бол эрте, иш чыгып калды! — деди.
— Мен ооруп жатам, — деп Эмил козголгусу келбей койду эле Эдил жетип келип:
— Турбайсыңбы, апама жолугуп келели! — дегенде ыргып туруп, кийинип жөнөдү.
Тойчуга телефондон айткан, ал дароо эле келип калды. Адегенде үчөө барып, жолго эки машинаны токтотуп коюп, дарбазаны тыкылдатышты эле узун бойлуу арыкчырай жаш бала эшикти ачты:
— Сиздерге ким керек?
Үчөө бири-бирин карап туруп калды, Тойчу алдыга чыга келип:
— Иним, биз Чачыкей деген аялды издеп жүрдүк эле… — деди.
— Ким болосуздар? — деп кайра сурады улан.
Бул Үсөн эле, алар антип турганда ары жактан дал эле ошого окшош дагы бир улан бери басты. Үчөө сөз сүйлөөгө кудурети келбей экөөнү карап калганда дагы Тойчу сөзгө келди.
— Мүмкүн болсо кирсек болобу?
— Аа-а азыр… — Үсөн үйгө кирип кетти.
Асан аларды бир карап алып: «Эки баласы ушулар го, а бириси ким болду экен» деп ойлонуп тура берди. Үсөн үйгө кирип бирдемеге алаксып жүргөн апасына:
— Сизди бирөөлөр издеп келиптир, менимче жоготкон балдарыңыз го? — деди кебелбей.
— Ыя, эмне дейсиң балам? — Чачыкейдин колундагы буюм түшүп кетти. — Оо чунак балам эмне деп жатасың?
Энесинин калчылдап кеткенин көргөн Үсөн чоочуп кетип, Саянаны чакырды, ал өзүнүн бөлмөсүндө отурган. Экөө аны колтуктай чыгып баратканда, үчөө кирип келаткан эле. Чачыкей өзүн токтото үчөөнү саамга карап турду да:
— Кагылайындарым келдиңерби?! — деп бакырып эки колун алдыга сунду.
— Апа! — деди үчөө тең…
Бир аздан кийин чогуу отурушту. Саянанын өзүн жоготуп кое жаздаганычы. Эмилди көрүп эмне дээрин билбей кирип кетип чыкпай койду. Ал ыйлап жатты, жаш дүйнөсү үшүгөн жалбырактай бүрүшүп, жүрөгү алоологон өрттөн кийинки чычаладай күйүп-жанып, не кылаар айласын таппай боздогон үнү кайдадыр абага сиңген жаңырыктай өзүнө-өзү жат болуп ала-салган сезимдер адырдагы боз талаадай томсоруп турду: «Менин сүйүүм өчтү, жашоодо жан дүйнөм тарып азапка кабылдым, бул не дегениң жараткан, жаңыдан гүлүн ачкан жоогазындай көргөндүн көз жоосун алаар кезде тагдырым мага ушуну көрсүн деген беле? Эми кантип аны менен агам катары беттешем?» деп соолуктап жатты.
Эне-бала деген кандай гана кулакка жагымдуу сөз! Чогуу отуруп сүйлөшүп Чачыкей бирде күлүп, бирде ыйлап отурду. Оюндагынын баарын айтты, үчөөнү карап алып бала кездерин, өзү кеткендеги томпоңдогон капарсыз наристелерди көз алдына келтирип алып, азыркы сомодой болгон үч жигитти өзүнүн балдары экенине ишенгиси келбей турса да тагдырдын салган эчен азап-тозогун эстегенде гана улам бирине жалынып коюп ичинен Тойчуну эстебегенине уялып жатты. Ал мурункусундай эле апалап жатты: «Менин өзүмчүлдүгүмдү кара, зыңкыйып өсүп адам болуп калыптыр» деп ойлоп, жүзү уятынан кызарып кетти. Көпкө отуруп калышты. Ыйлап сооронуп болгондон кийин жанында отурган Асан менен Үсөнгө карап тааныштырып кирди.
— Кагылайындарым, тагдыр деген ушундай болот экен, бирок адам өзү себепкер, кечиргиле балдарым! — деп Чачыкей көз жашын аарчый жер карады.
— Апа, сиз андай дебеңиз, азыр биз деле үйбүлөлүүбүз, баарын түшүнүп, баарына маани берип жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнүп калбадыкпы. Ушунчалык табышып калганыбызга шүгүр, сиздин дарегиңизди алгандан кийин бул үйгө канча жолу келдик! — деп Тойчу токтоо, салмактуу үн катты.
— Садагаларым десе, силерди көрөөр күнүм бар экен, ушунуңа шүгүр, жараткан, — деп Чачыкей бир азга унчукпай отуруп калды да, бир нерсени эстегендей жан жагын карап. — Булар силердин иниңер болот, Асан-Үсөн… Ыя Саяна, кайда жүрөт, чакырчы аны. Карындашыңар бар! — деп күлүмсүрөй шашкалактады.
Асан-Үсөн болсо аларга баштарын гана ийкей учурашып, таанышкан болду.
— Ботом, Саяна кайда кетти, чакырчы! — деп Чачыкей кайра-кайра айтканда Эмилдин башы шылк этип төмөн түштү. Анын жүрөгү сыздап ыйлап жатканын сезди, Чачыкей болсо: «Эркем, өгөйлөп жаткан чыгаар, бат эле жазылат, агалары менен таанышып бир тууган болуп кетет. Мейли, таарынса таарынып турсун» деп ойлоп унчукпай калды.
Асан акырын туруп кетип, ой-боюна койбой Саянаны ээрчитип чыкты. Анын шишиген көздөрүн Эмил гана сезди, калгандары кайдан туйсун..
— Саяна, кагылайын эркем десе, агаларың менен тааныш, кызым, — деп Чачыкей жанына келип отурган кызын кучактай Эмил, Эдил, Тойчуларга жылмая карады. — Бул карындашыңар Асан-Үсөндөн улуу, жалгыз карындашыңар болот.
— Жакшы экен, апа, ушуларды кейитпей карап жаткан сизге дагы ыраазыбыз. Саяна бир жерде окуйбу? — — деп сурады Эдил.
— Ооба, медучилищада окуп жатат.
— Аа-а жакшы, эгер андан жогоркуга окуйм десең бизге айт, карындашым, сени сөзсүз окутабыз, — деди Тойчу чын пейли менен бапылдап.
Бул сөздөр Чачыкейдин жүрөгүн бычаксыз тилип, ушунча жылдан кийин дагы апалап турган Тойчунун алдында өзүн айыптуу сезип жатты: «Курган чолок акыл жаным, көзүн ача электе колума алып баккан баланы канча ирээт жаман айтып, кандай жерибедим. Эми кара, үчүнчү балам болуп маңдайымда отурганын. Ушуну оюма да алып эстеген жок элем го» деп кайсалактай не кылып, не иштеп жатканын да сезбей тура калып ашканасына кирип, калдастап жатканда Саяна жанына келип:
— Сиз отура бериңиз, өзүм дасторкон алып барам, — деп аны чыгарып ийди.
Кайра келип отуруп сүйлөөргө сөз таппай, Чачыкей ар бирине жалынып-жалбара берди: «Балалуу өрдөк талпынса балапандар чуу болот, баласыз өрдөк талпынса жез канаты куу болот» дегендей, бу балдарын канатына калкалап өз колу менен чоңойто албаганына ичтен сызып кыйналып турду.
— Апа, — деди Эдил бир кезде, — Сиз бизди «таштап кеттим, багалбай калдым» деп убайым жебеңиз. Сизди күнөөлөмөк тургай, ушул мүнөттө таап алып жаныбызда отурганыңызга кубанып отурабыз.
— Ооба, апа, — деп Тойчу аны коштой кетти. — Канча жыл өтсө да оюбузда сиз болчусуз, эстегенде жаман абалда жүрө берчүмүн, кандай гана сагынбадык…
— Каралдыларым, өпкөмдү чабайын силерге, күндүр-түндүр эсимден кетпедиңер. Саянанын атасы өлүп, Асан-Үсөн жаңы төрөлүп азапта калдым…
Эмил дудуктай үнсүз, оозунан сөз чыкпай отура берди, анын жан дүйнөсүндө ызгаардуу бороон улуп, жүрөгү канап, сезимдери гүлдөй бүрүшүп, апасын жек көрүп да, боору ооруп да турду, анын ички туюму ага бирде жөлөк болуп акыл айтса, бирде баарынан кечип кетүүгө бел байлап, бурганактуу борошодо буюккан жолоочудай мелтиреп отурду. Саяна дасторкон жая үстүн дүр-дүйүмгө толтуруп, сыңар тизелей отура калып чай сунуп жатты. Асан-Үсөн тамакка кам көрүп сыртта, алар кечээ эле бир койдун этин алып келип койгон. Агаларын сыйламак болуп жатты. Үйдө эне-балдар бакылдашып, адеп жолукканда төккөн ачуу жашты бакыттын көз жашы жууп, азыр алар өздөрүнчө эле бактылуу. Саяна баарын унутууга бел байлады: «Тобоо, ‘Мен сени сүйөм’ деп айтпаганым жакшы болгон тура. Мейли, жаңылыштык боло берет. Кыскасы, ары өтпөгөнүбүзгө шүгүр, ‘билбеген адам уу ичет’ дегендей Эмилдин деле абалын түшүнүп турам, анын абалы меникинен оор болсо керек, ‘мен сага үйлөнөм’ деп үйүнө ээрчитип барганына өкүнүп жаткан го» деп улам көз кыйыгы менен карап чай сунуп коет. Ушул кезде Мусакул кирди:
— Ас-салоому Алейкум, жигиттер!
— Ал-леки салам.
Үчөө тең ордунан тура калып кол бере орун бошотушту, чок төргө отурган Мусабек үчөөнө карап:
— Ээ жигиттер, жол болсун, өзүңөрдү тааныштырып отурсаңар. Мен Таластын бир айылынан болом, атым Мусабек, — деди.
— Менин атым Тойчу, балдары болобуз.
— Менин атым Эдил.
— Эмил.
— Оой, Чачыкей бактылуу аял тура, силерге окшогон азамат балдары турганда, — деп Мусабек билинээр-билинбес ийнинен улутуна тим болуп, өз балдарын ойлонуп кетти.
Бир топко кобурашып отурган соң, алардын алдына Асан менен Үсөн ээрчише табак көтөрүп кирди. Саяна аларга жардам берип табак, кашыгын алып келип шорпо куюп, Таластын гүлчөсү ортодо семиз эт менен келгенде Тойчу Эдилди карады, Эмил эки агасын карап тим болушту.
— Келгиле эмесе жигиттер, тамакка карайлы, Асан-Үсөндүн конок тосушун карагыла, ушундай жигиттер турганда Чачыкей бактысы ашкан эне тура, — деп Мусабек дагы бир жолу умсуна сөз кылып өттү.
— Кудайдын ушунусуна шүгүр, өчкөн отум тутанып, үзүлгөн үмүтүм уланып бакыттын даамын татаар күнүм бар экен! Көксөгөн тилегим орундалды, көкүрөк толгон арманым арылып маңдай жарыла кубанып отурган чагым, — деп Чачыкей чексиз бакыттын көлүндө калкып көздөрү күлкүгө толуп, ажарлуу жүзү албырып турду.
Ушул күндөрдүн кимгедир баркы жоктой эндиреп, жашоодон кечтирген мүнөттөрү бирөөнө бактынын кайыгында калкыган чексиз ырыскыны тартуулап, дүйнө жүзүндө түркүн тагдыр адам баласын өмүр кечирип жатпайбы?
Тойчулар бата кылып орундарынан турганда Чачыкей шашкалактап калды.
— Кое тургулачы, садагаларым, тура тургула, азыр мен… — деп ички бөлмөсүнө кирип кетип заматта кайра чыкты. — Мына муну куру кетпей мойнуңарга салып кеткиле балдарым, буйруса эми атайын чакырып алам!
— Апа, биз жөн эле көрүп, таанышып келели деп келгенбиз, кудай буйруса келиндериңиз, неберелериңиз менен келебиз, ошондо анан көйнөгүңүздү сурап, бала кездегидей өзүңүз кийгизесиз! — деп Тойчу күлө Чачыкейди эки карыдан ала көздөрүнө тике карап күлмүңдөдү. — Туурабы, апаке? Билем, сиз мени мектепке жөнөтөөрдө бетимди жууп, кийимимди өз колуңуз менен кийгизип жөнөткөнүңүздү.
— Ооба, мен дагы чала-була билем! — деп Эдил сөзгө аралаша бир жагына тура калып ийинине колун кое, жаагына жаагын тийгизе көзү жашка толо түштү.
Эмил бир жагынан келип, эки агасынын артынан кучактап калды. Эненин ушул кезде сай сөөгү сыздай, үч уулун кучактап алып бүт тулкусу бошоп турду.
— Кандай айлам бар эле, балдарым? Мени шайтан айдады. Эми баары жакшылык менен бүттү, силердин башыңарды коштум, эми өлсөм да арманым жок, — деди Чачыкей, — Асан, Үсөн, Саяна, келгиле балдарым, мына силердин жөлөк-таягыңар, өбөк-жөлөгүңөр!
Ошондо гана четте карап турган Асан-Үсөн, Саяна үчөө келип кучакташып калышты. Эне жүрөгү кубанычтан жарылып кетпей аз жерден калды. Бир боор болуп кучакташып турганда Мусабек келди да:
— Азаматтар, мына апаңардын ырысы бар экен, болду эми, кудайдын жүз көрүштүргөнүнө ыраазы болгула, — деди да Эдил менен Тойчунун жонуна колун койду. — Улуусу силер болгон соң эми булардын милдетин көтөрөсүңөр, али алдыда канча мезгил бар, балдар…
Эне-балдар көптө барып бөлүнүштү да, Тойчулар жолго чыгышты. Чачыкей колун булгалап, караандары узагыча карап турду.
— Апа, балдарыңыз крутой экен, ээ? — деп Асан күлүп койду.
— Апамдын балдары жама-ан багач болсо керек? — деп Үсөн апасын бир жагынан кучактай калды, — Чычылабайсызбы, апа?
— Ээ садагаларым ий, ошолорду ойлобой жалаң үчөөңдү багам деп карыдым го. Аларды атасы кейитпей бакты, окутуп-чокутту да… — деп Чачыкей эки жагында эркелеп турган балдарын өөп койду. — Саяна, агаларың жактыбы, кызым?
— Жакты. Бирок, апа, чогуу өспөгөндөн кийин чоочун болуп калат окшойбуз, — деп Саяна апасын ойлуу карады.
Мусабек да алар менен чогуу жүргөн. Асан менен Үсөн аны жакшы көрүшөт. Ошол күнү ал аларга өз оюн айтып өздөрүнчө сүйлөшүп отурушуп үйгө киргенде, Асан инисин, эжесин карады да, апасына:
— Апа, бизди бактыңыз, чоңойтуп тарбия бердиңиз, ойлоп көрсөк сиз милдетиңизден кутулупсуз, — деп бир азга орчундуу сөз айтчудай кайра сөзүн улады. — Балдардын да парзы болот экен, атабыз жок, сиз эми күйөөгө чыгып алыңыз! — дегенде Чачыкей чоочуй карады.
— Эмне дейт, ботом, күйөөгө эми кайдан?
— Апа, балдардын парзы экен, үч жолу айтсак милдетибизден кутулабыз да? — деп Үсөн күлө карады. — Туура айтат Асан, бизди багам деп көп мээнет тарттыңыз, — деп Саянаны карады. — Эже, сиз да айтууга акыңыз бар!
— Эмне деп эле былжырап жатасыңар ыя, апам эми күйөөгө тийип эмне?! Ансыз да эки эрге тийгени жетишет! — деп Саяна инилеринин сөзүн жактырбай тултуңдай кетти.
— Эже-е, сиз деле бир-эки жылдан кийин бирөө менен кетесиз, биз үйлөнөбүз. Апамдын жашы али элүүгө чыга элек, өмүр бою жанында болгон күндө да жалгыздыктан тажайт да, апам күйөөгө тийиши керек! — деп Асан бүтүм чыгаргандай сүйлөгөндө Чачыкей уулдарын алмак-салмак карап:
— Ботом, менден тажагансыңар го? — деди акырын гана.
Ошондо гана баятан бери унчукпай отурган Мусабек сөзгө аралашып:
— Чачыкей, балдар туура айтат, сен али жашсың, турмушка чыгышың керек! — деди.
— Сиз кылып атасызбы ушуну, Асандарды үгүттөп? Эмне, сиз бизге ата болгону жатасызбы? — деп Саяна жини келгендей аны карады эле, Чачыкей аны тыйды.
— Кой кызым, атаңдай кишиге катуу айтпа.
— Анан эмне каякта жок сөздү айтып жатат, чоңойгон балдары турса, эл эмне дейт?
— Ошентсе да улуу кишиге катуу айткан болбойт, сени кыз бала дейт, кызым!
— Эмне болсоңор ошо болгулачы, күйөө-күйөө деп, карыганда күйөөнү эмне кыласың? — деп булкуна Саяна ордунан туруп кетти.
Ал чыгып кеткенден кийин Үсөн:
— Апа, турмушка чыгып алыңыз, буйруган акча турат, аны корото элекпиз. Асан экөөбүз эртең машина базарга барып машина карап көрөлү, андан кийин бир жакшы үй карайлы, — деди жер карай.
— Ээ балдарым ай, неге минтип калдыңар, муну өз акылыңар менен айтып жатасыңарбы же бирөө үйрөттүбү? — деп Чачыкей эки уулун алмак-салмак караганда, Асан:
— Апа, Мусабек аба бизге атабыздай эле болуп калды, сиз бу кишиге турмушка чыгыңыз! — Асан Чачыкейдин жанына келип аны кучактап калды. — Апа, биз сизге мындай сөздү айтпасак балалык милдетибизден кутулбай, карызыбыз мойнубузга калып жатпайбы, — деп күлүмсүрөдү.
Чачыкейдин көздөрү Мусабектин көздөрүнө чагылыша түштү. Анан кыз кезиндей жылмайып, жер карады…

Бул турмуштун кызыгы эл ичинде, адамзаттын сыртынан караганда баары бирдей, кимисинде кандай сыр бар экени билинбей жашоо өз агымы менен өтө берет тура . Армандуусу да, бактылуусу да жашоого умтулуп күнүмдүк жашоонун кулу болуп өңгүл-дөңгүл жолдордо чимирилген дөңгөлөктөй качан гана өмүр токтогондо баары бүтөт, ага чейин адам баласы өз турмушундагы оңуттуу мүнөттөрдүн баалуу экенин сезишпейт дагы.
Чачыкейдин көңүлү тынып, бактылуу болуп ары-бери жүгүрүп уул-келиндеринин, неберелеринин келишине камынып жатты. Бул кезде Тойчулар Өмүрбек менен Акынайга келип кеңешип отурушту.
— Ата, апа, силерге айтпасак болбойт, кийин таарынып жүрбөгүлө. Биз апамды таптык, эми бала-чака менен чогуу барып келсекпи дедик эле, — деп Эдил Өмүрбекти карады.
— Тапканыңар жакшы, балам, туура кыласыңар, — деп Өмүрбек уулдарын карай башын ийкегиледи. — Кайда турат экен?
— Аркы көчөдө турат экен.
— Нарынскаядабы?
— Ооба.
— Жакшы болгон тура , жашоосу кандай экен, дурус элеби?
— Оой, абдан жакшы турушат экен.
— Жакшы-ы.
— Чачыкей экөөбүз урушуп-талашкан жокпуз, аны үйгө эле чакырбайт белеңер? — деп Акынай сөзгө кошулду.
— Кийин чакырабыз, — деп Эмил күңк этти.
— Апаңарды абдан сагынган экенсиңер ээ балдарым? Мейли эми, бала-чакасы бар бекен?
— Эгиз балдары он тогузда экен, кызы жыйырма экиге чыгып калыптыр. Күйөөсүбү, бирөөсү жүрөт.
— Аа-аа, жакшы.
— Байкуштун күйөөсү өлүп калды деп уктум эле, кийин тийсе керек да? — деп койду Акынай.
Ал негедир ага өчөшкөнсүгөндөй кыйытып турганын Өмүрбек билди.
— Тийсе тийгендир, балдары менен кыйналгандыр…
— Кой, биз жумушубузга киришели, — деп Тойчу ордунан турду.
Эдил экөө чыккандан кийин Эмилди караган Акынай:
— Сен качан үйлөнөсүң, балам? — деди.
— Үйлөнбөйм! — деген Эмил да туруп кетти.
— Эмне болду, тапкан кызың болбой койдубу? — деп Өмүрбек анын артынан сураган бойдон кала берди.
Эмилдин көңүлсүз күңк эткени экөөнү ойлонтуп койду. Алар өзү тапкан кызын эртерээк тааныштырмак болуп турушту оюнда. Өмүрбек эртеси эле үйгө келип конок келээрин айтып Акынайды шаштырды. Эмилге эч нерсе айтышкан жок. Кечке маал эки машина токтоп, үч адам түштү. Өмүрбектин досу аялы менен алардын кызы. Эмилге билгизбей атайын конокко чакырган эле. Эмил чогуу отурганда, Өмүрбек:
— Медет, бул менин уулум Эмил, эң кичүүсү, — деди колу менен жаңсай, — университетте окуйт.
— Жакшы, Өмүке, балдарың чоңоюп калыптыр. Биздин балдар дагы баары өз жолдору менен кеткен, бул биздин эркебиз, кенжебиз Кашымкан.
— Жакшы, айланайын. Эмил, Кашымканга үйлөрдү көрсөтүп кел, жакындан таанышып, — деди Акынай Эмилге акырын ымдай.
— Болуптур, — деп Эмил ордунан турганда Акынай Кашымканга карады:
— Бара гой кызым, ата-энең биздин сыйлуу адамыбыз болгон соң балдар да тааныш болгонуңар жакшы эмеспи, кокус жолдон жолугуп калсаңар бейтааныш болбой учурашып жүрөсүңөр, — деп шыпылдап калды.
Кашымкан уяла ата-энесин бир карап коюп ордунан тура жөнөдү. Алардын максаты атайын экөөнү тааныштыруу болгондуктан Медет менен аялы Айнакан башын ийкеп коюп өздөрүнчө отуруп калышты.
Эмил менен Кашымкан ээрчише адегенде Эмилдин бөлмөсүнө келишти.
— Кашымкан, окуйсуңбу?
— Ооба, Кыргыз-Түрк университетинде экинчи курсмун.
— Жакшы, — деп Эмил кызды көз кыйыгы менен карап койду, — Жигитиң бардыр…
— Оой жок, жигитти али ойлоно элекмин.
— Эмнеге, сиздей кыздардын балдары бар го, сиз кечигип калган жоксузбу? — деп күлүп койду.
— Шашылганда эмне, күтө тура-ар, — деп Кашымкан аны карабай туруп жылмайып койду. — Мен али жашмын.
— Жашмын деп жүрүп картаң кыз болуп калам деп ойлобойсузбу? — деп Эмил тамашалап койду.
— Аны тагдырымдан көрөөрмүн, ойлонуп иш кылган жакшы го?
Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурду. Анан кайра келип отуруп тамак ичишип сый көрүп үйлөрүнө кетишти. Эмилге кыз жакты, негедир ал сүйүүдөн жаңылып калганына өкүнүп турду. Кара көздүү узун чач сулуу кыз өзүнүн карындашы болуп калганына өзүнөн-өзү уялып, жолугушкан күндөрүн кайра-кайра эстеп жатты.
Арадан эки күн өткөн соң Чачыкейдин үйүнө Тойчу аялы, үч баласы менен, Эдил үч баласы менен, Эмил болуп кечке маал келип түшүштү. Чачыкейге бир сыйра кийим-кече, кант, чай, таттууларды толтуруп алып келишти. Саянага, Асан-Үсөнгө дагы кийим-кече алууну унуткан жок. Акынай канчалык токтоолук кылган менен кичинекейинен баккан балдарын өз энесинен кызганып жатты, жаны тынч алалбай көңүлү ирээнжип: «Бармактайынан мээнет кылып баккан менен өз энесин таап кетет деп ойлогон эмес экемин. Ушунчалык эт бетимден түшүп баккан мага ушул убакка чейин мойнума бир көйнөк кийгизип, жоолук салган жок эле, таштап кеткен энесине баары жокту көтөрүп баратышканын» деп кыжаалат боло берди. Анын ич күптүсүн Өмүрбек айттырбай эле билди, сезди. Ал аялынын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып жатты.
— Ээ байбиче тагдыр деген ушул тура, ага сен капаланба, өз оокатыбыз өзүбүздө, анын да өз жашоосу бар экен, кантсе да өз энеси эмеспи, барышсын.
— Эдил менен Эмилге го мейли, Тойчуга эмне жок? Ошонун бөлөк экенин билгизген жок элем го?
— Чынында эмгек сүтүн эмбеген, көзү ачыла электе мээнет кылган ошол, сен экөөбүздүн да уучубуз куру эмес, Индира менен Кайрат турбайбы?
— Ошентсе деле ичиң ачышат экен… — деп Акынай улунутуп алды.
Экөө тең унчукпай отуруп калды.
Жашоо-турмуш дегениңдин оош-кыйышы болбой түз жашоо болбойт экен да. Эдил кубанычы койнуна батпай эки инисине карап бакылдап жатты.
— Силерди кайда болбосун колдоп алууга алыбыз жетет, мына биз турабыз.
— Ананчы, экөөңөр эми жалгыз эмессиңер!
— Биз бир тууганбыз, силердей бир тууганыбыз бар экенине сыймыктанабыз, инилерим, карындашым. Экөөңдү эртең эле өзүбүзгө жумушка алабыз. Фирмабыз кенен, эч кабатыр болбой биз менен болгула!
— Ошенткиле, каралдыларым!
Чачыкейдин маанайы көтөрүлө өткөн күндөрүн, Саматты ээрчип кетип калганын, ушул балдарынын чиедей болуп томсоруп кала бергени көз алдына тартылып уялып да, чексиз ыраазы болуп да турду. Кечээ көргөн азап-тозогу, түйшүктүү күндөрү көргөн түшү сымал гана бакытка балкып турду…

Аягы

<<6 of 6>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019