Жомоктор

Айбанаттар эмнеге адамдарга ишенишпейт?

Айбанаттар эмнеге адамдарга ишенишпейт?

Бир жолу чөө жегенге азык издеп атып, абдан берилип кеткен экен айылдын баш жагына кирип барыптыр. Ал абдан чарчагандыктан, коркунучтуу жерден тезирээк качып кетүүнүн ордуна, жакын жердеги жыгачтын оюгуна кирип уктап калды.
Ошол учурда жолдо адамдар келе жатышкан, алар үйлөрүнө кайтып бараткан эки мергенчи эле. Өз ара үндөрүн бийик көтөрүп сүйлөшүп баратышты:
– Карачы, из турат! – деди бири экинчисине, — Сыягы, тоокторго чөө келди окшойт. Элди чакырып, кармаш керек.
Чөө ойлонду: “Бул жерде жатыш акылсыздык. Алар мени кармап алышат! Кайда барып жашынсам болот? Таптым! ” Чуркаган бойдон айылга жөнөдү.
Бул убакта алачыктан аял чыгып, кошунасынын үйүн көздөй басты. А алачыктын каалгасын ачык калтырды. Чөө зуулдаган бойдон алачыкка кирди, эки жагын карап, демин токтотту: мына, керек нерсени эми тапты. Алачыктын тээ түп жагында оролгон бойро жатыптыр. Чөө анын ичине кирди да, буту –колун сунуп жаткан бойдон тынчып калды.
Бир канча убакыттан кийин алачыкка бала кирип, шыпырып баштады. Бойрону өйдө көтөрүп, түбүн шыпырайын деди. Бирок, бойро ушунчалык оор болуп кетиптир. Таң калган бала өзүнө тартты эле, ором жазылып кетип, ичинен чөө ыргып турду. Бала эсине келгенге үлгүргөн жок, чөө шыбырады:
– Кыйкырып эле көр! Мен сага жаман нерсе жасабайм. Унчукпа! Үнүңдү чыгарбасаң, мен сени ыраазы кылам.
Бала карап көрсө, чакырылбай келген конок сыртынан анчалык деле коркунучтуудай эмес.
– Жарайт, — деди бала, — Кыйкырбайм. Ал үчүн эмне бересиң?
– Мени бул жактан алып чык, анан сага илбээсин табууга жардам берем. Ушундай көп илбээсин дейсиң, айылдагылардын баарынын ичтери куйкаланат. Сени кичинекей болсо да чыныгы аңчы экен деп айтышат.
– Макул. Мен сени кантип алып чыгышым керек?
– Жөнөкөй эле ал! Апаң тоокторду салып базарга алып барчу мына бул себетке мен кирем, сен анын капкагын жаап коесуң, болду! Кимдир бирөө сурап калса, чоң атаңа тоок алып баратканыңды айтып кой.
Айтылгандай жасалды. Баланын чөөнү токойго алып баратканын эч ким байкабады. Токойго барып, себетти жерге коюп, капкагын ачты, чөө сыртка чыкты.
– Эми сен убадаңды аткар, — деп эстетти бала.
– Ии, кармалдыңбы! – деп капысынан эле чөө чыр этти.
Бала эсине келгиче болбой, курч тиштер бутуна жабышты.
Ал ыйлап баштады:
– Чөө, мени кое бер! Сураныч! Мен сени куткардым го! Үйүмө кое бер! Кааласаң күн сайын бирден семиз тоок алып келип турайын? !
Чөө шылдыңдагансып мыйыгынан жылмайды:
– Чындап эле сен мени таттуу убадага ишенет деп турасыңбы? ! Токойдун биринчи алдамчысын алдаганга сен абдан эле жаштык кыласың!
Бактыга жараша, баланын ыйы пилдин кулагына жетти. Пил жакын келип, тумшугун көтөрдү да күңгүрөндү:
– Бул жерде эмне болуп атат?
Бала даттана баштады:
– Мага бооруңду оорута көр, пил чоң ата! Бул алдамчыга мени кое бер дечи. Мен аны куткарып калсам, ал мени жегени атат.
– Бул чындыкпы, чөө? – каардуу сурады пил.
– Андай эмес, андай эмес, — шыпылдады чөө, — Азыр мен сага баарын түшүндүрүп берем.
– Токтот! Алгач мен бала эмне дей экен, ошону угам.
Бала болгонун болгондой айтып берди. Пил башын чайкады:
– Мен эми чөө, сен чындыкты, а адамдын баласы калп айтканына ишендим. Бир дагы чөө мындай тар себетке кире албайт. Мен ушуну өз көзүм менен көрүшүм керек. Кана, чөө, себетке киргенге аракет кылып көрчү!
Чөө иштин өзүнүн ыңгайына карата бурулганына абдан маашыркап калды. Себетке кирип, бардык күчү менен чандайганга аракет кылды, аны менен пилге себетке батпай турганын көрсөтөйүн деген. Бир ирмемде пил себеттин капкагын жапты да, балага:
– Адамдын баласы, сен эми ушул оор немени башыңа коюп көтөрө алам дегени турасыңбы? Ким сага ишенет? – деди.
Бала отура калып, себетти башына койду да, ордунан жеңил эле туруп кетти.
– Кармалган чөөлөрдү өлтүрүү адамдар үчүн кадыресе көрүнүш экени чынбы? – деп сурады пил.
– Ооба, -деди бала, — Анткени чөөлөргө биздин тоокторду жеп кетиш кадыресе көрүнүш.
– Абдан жакшы, — күңгүрөндү пил, — Сен бала дайыма чындыкты айтат экенсиң, мен сага ишендим. Биз азыр айылга барабыз, айыл четинде сени күтүп турам. Чөөнү атаңа алып барып бер да, андан ак тоокту сура. Мен тоокту аялымды дарылап аткан эмчиге берем.
Айылга жакындаган кезде балапилди калтырып, өзү чуркаган бойдон кетти.
– Ата! Апа! – деп эле босогодон кыйкырып кирди үйүнө, — Мен чөөнү кармап алдым, тезирээк көргүлө!
Атасы менен апасы баланы мактап башташты, а ал болсо мактоодон улам акылын жоготуп койду.
– Бул дагы баары эмес, — деди, — Мен пилдин өзүн кармап алдым! Ата, тезирээк мылтыгыңды ал, итти, кошуналарды чакыр! Мен аны айылдын четине калтырдым. А сен, апа, мыкты аңчыга жей турган бирдеме берчи.
Бул убакта пил айылга абайлап башка жагынан кирди. Ал адамдын баласы берген убадасын кантип аткараарын көргүсү келген. Көп өтпөй, иттерди жетелеген куралдуу адамдар бала кетип, пил калган баягы жерди көздөй жөнөшкөнүн көрүп калды. Пил башын чайкаган тейде, шашпай үйүнө жөнөдү.
– Ооба, жөн жерден сактанбаптырмын, — деп нааразыланды ал, — Эх, ушул адамдарды! Алдамчы алдамчы менен.
Ошондон бери төрт буттуулар эки буттуулардан саксынып турушат экен.

Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Абышка менен дөө

201915.05.2019

Адамдар кантип отту ойлоп табышкан?

201915.05.2019