Жомоктор

Адамдар кантип отту ойлоп табышкан?

Адамдар кантип отту ойлоп табышкан?

Эзелки кылымдарда адамдарда от болгон эмес. Алар этти чийки жегенге аргасыз болушкан.
Бир жолу, адаттагылай, балдар малдарды жайытка чыгарганы баратып, азыкка деп чийки эт алышты. Ал жактан жаа жасап, ойноп башташты. Бир бала жерде жыгылып жаткан кихомбо деп аталчу даракка жаасын коюп, колу менен жааны тегерете баштады. Жаа ысып чыкты, бала досторуна кыйкырды:
– Ким кармап көргүсү келет?
Балдар жакын келишип, ысып чыккан жаага колдорун тийгизишти. Баары кыйкырган бойдон туш-тушка чуркашты. А биринчи бала жааны баштагыдан катуу тегерете баштады, ал абдан ысып чыкканда, кайрадан балдарга карматып көрдү. Анан балдар да ага жардам беришип:
– Келгиле, дагы катуурак тегеретип көрөлү, — дешти.
Баарысы чогуу жааны тегерете башташты – бир убакта түтүн пайда болду. Дарактын түбүндө жаткан бир тутам кургак чөп түтөй баштады. Бадар дагы чөп алып келишти, алар мындан да көп түтүндү көрүп, көңүл ачууну каалап атышкан. Түтөгөн чөптү карап турган балдардын көз алдында түтүн коюулап барды да, пшш… пых этип от алоолонуп кетти. От айлананы жапжарык кылып, чөптөрдү аймап баратты, бадалды да жалмады, бороон-чапкындын добушундай үн да чыгарды.
Бардык тараптан адамдар чуркап келишип, отту карап:
– Бул кереметти бизге ким жөнөттү? – дешти.
Анан балдарды табышып, кыйкырышты:
– Бул кереметти кайдан алдыңар? !
Улуулар абдан ачууланышты, а балдар баштарын ылдый салып коркуп турушту. Бирок, акыр аягында кантип отту пайда кылышканын көрсөтүп беришти. Көрсөтүп атканда кайрадан от жалындап чыкты. Улуулар кыйкырышты:
– Силер эмне кылып салдыңар? ! Эмнени ойлоп таптыңар, биздин бардык чөптөрүбүздү жана бак-дарагыбызды жок кылбадыбы? !
Бул от бир гана зыян келтирбей, адамзаттын жашоосуна пайдасы да чоң экенин улуулар качан гана балдар жайытка ала келишкен чийки этти издеп калышканда билишти.
– Бери келиңиздер, этибизди Вово эмне кылганын караңыздар, — деп балдар чуркурашты. От алоолонуп күйгөн сайын во-во-во сыяктуу добуш чыгаргандыктан, балдар аны Вово деп атап алышты.
Бирок, балдар абдан ачка болуп кеткендиктен оттун алдында калган этти жеп көрүүгө аргасыз болушту. Алар этти оозуна салышканда жумшак, ширелүү болуп, мурдагыдан да даамына чыга түшкөнүн байкашты. Кайрадан анча чоң эмес от жага коюшуп, этти ага тосуп турушту – даамдап көрүшсө, эми укмуш!
Ошондо бардык адамдар Вовону үйлөрүнө алып барышып, ага тамак-ашын тосо башташты.
Бир ирет бул жерде бейтааныш адам келип, алардын тамагын жеп көргөндөн кийин:
– Кантип жасайсыңар? – деп таң калды.
Анда ага от тууралуу айтып беришти. Бейтааныш үйүнө барып эчкисин жетелеп калды. Ал эчкиге от алмашууну каалады. Жолдон дагы бир адамга жолугуп калды.
– Эчкини кайда алып баратасың? – деген суроо узатылды.
– Мен Вового баратам, андан өзүм үчүн биртке от алышым керек, — деди.
Ушинтип, биринен бири угуп от алууга көп адамдар келишти. Алар от сатып алышып, жер жүзүнүн бардык аймагына жайылтышты. Жумшак дарактардын бири кипонгоро, экинчисин овито деп аташты. Бул эки дарактын жыгачтарын алачыктарына дайыма жыйнап коюшчу да, муну мындайча чечмелешчү:
– Узак күндөргө созулган түн башталып калчу болсо, элдин баары уктайт. Анда эч ким коңшусунан от сураганга бара албай калат. Ошондуктан, алачыктын ичинде дайыма от даяр турушу керек.

Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Абышка менен дөө

201915.05.2019

Айбанаттар эмнеге адамдарга ишенишпейт?

201915.05.2019