Ырыскелди Оморов

Тагдыр таразасы

Тагдыр таразасы

Бул китепте апасынан ажыраган жетим кыздын тагдыры камтылды. Колдоодон ажыраган кыз иткүпкөгө, апасынын бейитине топурак кучактай түнөгөн күндөрдүда башынан кечирет. Адамдык абийир, ушак сөздүн уусу, тунук махабат ошондой эле кечирим менен эр жүрөктүк баяндалат.

Ушул оомал-төкмөл дүйнөдө ким гана өз кызыкчылыгы үчүн башканын мүлкүнө кол салгысы келбейт? Уучубуз кур эмес, жакшы адамдар бар. Бирок жокко эсе. Көбүбүз бузулуп кеттик. Улуулар калыстыктан тайып, калың капчыктуулардын кол майлыгына айланса, жаштар ыймандан кетип күнүмдүк кызыкчылыктын кулуна байландык. Мырза сөрөйлөрүбүз зөөкүрлүк менен акча табышса, кыз бурак кыздарыбыз жанагы жаман иш менен жан багышат. Эмне андай кылбай коюшса оокаттары өтпөй жашоо токтоп калабы же ачкадан кырылып калышабы?
Жок андай эмес. Андай таптакыр болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче дал ушул жаман адаттар жакырчылыкты чакырып, жамандыктын санын арттырып келет. Байкап көрсөк бизге чала белгилүү болгон өткөнкү замандарда жашоо татаал болгон. Техника өнүкпөгөн ал учурда эгинди колго бастырып, тоо-таштын арасынан аркар-кулжа атып оокат кылышканда деле ойдогудай жашап келишкен. Керек болсо азыркыларга караганда алардын маңдайлары жарык, көңүлдөрү куунак болгон. Ал учурда да азыркыдай акмактар болгон. Алар кимдер болгон? Албетте колунда бар көпөстөр болгон.
Демек ыймансыздыктын артында эмне турганын жакшы билдик көрүнөт. Байлык менен бийликти көздөгөндөр гана жогорудагы иштерге барышат экен да. Ата-бабаларыбыз бир адамдын көйгөйүн жалпы уруунун кийлигишүүсү аркасында чечип алышчу экен. А бизде кайдагы ынтымак? Бирибизди-бирибиз көрө албай, жырткычтай жара тартабыз. Аа эмне алардай жашап алардын жолун жолдосок болбойбу…? Болот бирок эркибиз жетпейт. Ар ким өзүн тыйса сонун эле болгон турат атаңдын көрү… Мен эмне кыйын сынам? Буга башканын башы жетпей калыптырбы..? Бары эле билет, түшүнөт бирок өздөрүн апакай ойлошот. Акылман болуп кетпей айтаарымды баштайынчы.

****
Бектемир айылдын көрүнүктүү кишилеринин бири. Канча жылдан бери эл башкарып келсе да мен-менсинүү анын мүнөзү эмес. Алдына келген адамдын улуу-кичүүсүнө карабай жардамын берип, кеңешин айтып жолуна салат. Анын жумшак мамилесин байкаган элет эли көп пайдаланышат. “Кокус көңүл бурбай койсо же кагып салса кантем” деп баш оорутушпайт. Каалаган учурларында иш бөлмөсүндө болсо ал жерге, жок ал жакта жок болсо үйүнө деле бара беришет.
Бирок бул тээ союз учуру эле. Азыр анда кайдагы кызмат? Кара башы аман жүргөнүнө “шүгүр” деп турган убагы. А баягы тегеректеген эл, туткактаган туугандын бири жок. Баары чоочун, баары бөтөн. Алардын ынсаптуулары саламга жарабаса башкалары “Бектемир” деген адам бар экенин унутуп деле коюшкан.
Айрыкча анча алыс эмес тууганы Керим, көп эле жакшылыгын көргөндөй болгон бирок андан бийлик кеткени эмнегедир туугандыкты унутуп чоочун болуп чыга келди. Ал азыр деле тууган, бирок Бектемирге эмес, башкага. Тээтиги контордогу курсактууларга тууган. Ошолорго жакын. Кандайча аларга тууган экенин өзү деле билбейт. Бирок чолок ою аларга жакындатып; “бул сага жардам берет. Кызматыңдан жогорулатат. Жакшылап аракет кылсаң баары жакшы болот” деп тургансыйт. Эрки жок эме ошол ойдун артынан сая түшүп жетеленет да калат.
Чын ошондой болду. Жанагылардын жанагы жагын жалап, оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп өзү ойлогон орунга олтурду. Эми элдин электен өтпөй калган кебектери анын артынан чуркашып ага тууган, айылдаш боло калышты. Калган азыраагы “адамдык” сапатын жоготпой бир калыпта тегиз жүрө беришти. Көрсө ушул адамдар баштагы Бектемирдин доорунда да ушундай калыпта жүрүшүптүр. Алар кызмат кууп, пайда көздөгөндү деле билишпептир. Билишсе билишкен чыгар, бирок ошол кызматтан адамдык абийирди бийик коюшса керек.
Баса эң кызыгы алардын арасында Бектемирдин эки атадан кошулган аталаш агасы деле бар. Катсабаты жоюлган. Бир эмес эки дипломдун ээси. Качантан бери иш менен алектенип келген бул кишиде тажыйырба деле бар, бирок эмнегедир башкалардай жулунуп бийик тепкичке көтөрүлүүнү каалаган жок. Эгер ал, инисинин алдына келсе бир гана сөз менен ишин бүтүрмөк. Аны Сүйүнбек жакшы билчү анткен менен оңой олжо көздөгөн жок.
Бектемирдин эки уул, бир кызы бар. Уулдары мектепти бүтүп шаарда иштеп жүрүшсө, кызы Асыл тогузунчу класста окуйт. Жубайы Салима эки жыл мурда жол кырсыгынан дүйнө салган. Айтылуу дастан, легендалардагы сүйүүлөр болсо ушулардыкындай болгон чыгар. Аялы өлгөндөн кийин оңбой калды. Түгөйүнөн айрылган аккуу сымал канаты сынып калдактап жерге сүйрөлдү. Күйүткө чыдабай кайратынан тайып бар күчүн арактан чыгарчу болду. Бир нече жолу талаада түнөп, көчөдө калган учурлары да аз эмес.
Мындайда адамкерчиликтүү жаштар үйүнө жеткирип, улуулар акылын айтышса, адам сымалдар жаш-карысына карабай “быш-быш” сөзгө өтүшөт. “Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” болуп ата-энесинин күбүр-шыбырын угуп калган балдары мектепте өздөрунчө маалымат-майек курушат. Андай учурда Бектемирдин балдары кирерге тешик таппай калышат. Нурлан атасы тууралуу туура эмес сөздү кыздардан укса ал жерден качып жок болот. А кокус балдардан укчу болсо анда бар күчүн аябайт.
Эрлан апасы тирүү кезде эле мектепти бүтүп, студент болуп кеткен. Апасы каза болуп, атасы ичип кеткен соң ага ким жардам бермек? Ким контрактын төкмөк? Колдоо болбогондон кийин ошол учурдагы турмуштун жокчулугуна чыдай албай, төртүнчү курс болуп калганына карабай айла жок окуусун таштоого аргасыз болду.
Барынан кыз байкушка кыйын болду. Улуу агасы шаарда, кийинкиси аракеч атасынан качып көчөлөп кеткен. Атасын эсептебегенде үйдө жалгыз гана чыбыктай кыз. Бу жетим табиятынан күчтүү белем барына чыдады. Бирок оор эле болду. Мектепке барса тарбия көрбөгөн жаман кыздардын күбүр-шыбыры. Күбүрөшүп эле тим болбостон сөөмөйлөрү менен көргөзүп калышканы жан кейитет. Үйүнө келсе атасынын арманы, ыйы. Көз жашы. А бу тырмактайдын арманын, арыз-муңун ким угат?
Эл оозунда элек жок. Эки катындын башы бириккен жерде алар тууралуу сөз болот. Жөн гана көргөн-билгендерин айтышса мейли го… Бирге экини, экиге көптү кошуп чо-оң аңгеме-дүкөн башталат. Бектемирди, ага кошуп эки баласын кеп кылышат. Ошол менен эле тим калышпай үйдөгү тырмактай кызды да сөз арасына кошо кетишет. Эсептеше келсе кичине кыз бу бекерчи катындардын баардык балдарынан кичүү. Эн ооз немелер андайды ойлоп коюшмакпы, эптеп эрмек таап кобураша күн кечкиртишсе болду.
Кыз байкуш эмнени билмек, эмнени укмак, апасы же жеңелери болсо да “ай сени ушундай деп жатышат, элдин көзүнө илинбей ээнбаш балдардан оолак жүрсөңчү” деп айтышпайт беле… Өзү тууралуу эч нерсе укпаган соң Асыл демейдегисиндей көчөгө чыкканын койгон жок. Ал эле ушуну каалап туруптурбу, айла жоктон аракеч атасын талаага калып калбаш үчүн көрүнгөн жерден таап сүйрөп келет. Мындайда элден уялат. Корунат. Анан эптеп үйүнө алып келип алган соң бутуна чөгөлөп, “ичпеңизчи, ушул арамды токтотуңузчу” деп жалынат. Мас киши аны сезмекпи… Эртеси кайра эле баягы көрүнүш. Асыл эртең менен төшөктөн тургуча тиги көк дүкөндүн айланасында орто кызуу болуп калган болот. Кыз деле башкалардай болуп шашкеге чейин уктоочулардан эмес. Эрте туруп уюн саап бадага кошот. Ошентсе да жетишпей калат. Ал үчүн өзүн-өзү жемелеп, “сасыбай эрте ойгонсом атамды кайтарып калбайт белем, уйкудан эмне пайда таптым” деп күнү кечке наалып калат. Бир нече жолу саатты коңгурого коюп атасын кайтарып да көрдү. Бары бир бир шылтоону айтып кетип калат. “Соосунда айтсам түшүнөөр” деп эрте туруп айтар сөзүн күн мурун камдап анысын атасына жай түшүндүргөн болот. Бузулган неме ага болмокпу “болду кызым экинчи ичсем ит болоюн” деп убаданы жакшы эле берген болот да кайра эле баягы көрүнүш. Кийинки күндөрү убаба бермек тургай ушул илдеттен кутула албасын ачык айтчу болду. Анын; “мен өлгөнчө ичем. Апаң тигил жакта жалгыз калды. Мен ага эртерек жетиш үчүн ушундан көбүрөөк ичишим керек” деген дөпүрөс сөзү көбөйдү.
Мындайда эмне кыларын билбей кыз күчүн ыйдан чыгарат. Күндүз да жакшы, мектепке барып, тиричилик менен алек болуп. Түнкүсүн уйку жок. Атасынын күндө мас келгенин, мектепте окуучулардан басынганын, кай жерге барбасын аны көргөн катын-калачтардын “быш-быш” шыбырларынан тажап жүргөнүн ойлосо боздоп ыйлайт. Бир канча түндөрдү бу кыз далай жолу ушундай жагымсыз абалда өткөрдү. Уктабай өткөрдү. Мамилелеш жеңеси Гүлзаттан, өзү жөнүндө эл ичинде эмне деген жагымсыз маалыматтар айтылып жүргөнүн укканда өлүп калгысы келет. Кудайдан коркот. Жаман атасын, агаларын аяйт. Кыйналганда апасынын чоңойтулган сүрөтүн маңдайына коюп алып солуктайт.
Бул көрүнүш өтө аянычтуу. Эрке өскөн кыз энеси өлгөнү жыргаган күн көрө элек. Бир үйдүн түйшүгү жалгыз кызга оордук келтирди окшобойбу кыйла арыктады. Көпчүлүк учурда жалгыз болгондуктан тамак жазап ичүүнү каалачу эмес. Атасы эрте келген күндөрү гана ысык тамак жазап, анын аркасы менен шорпо-шилең ичип алчу. Төрдө илинген сүрөттү жерге алып түшүп, жандуу зат менен сүйлөшкөндөй сүйлөшөт.
– Апа сиз кандай жүрөсүз? Мен кыйналып кеттим. Сиз жакта жашоо жеңил болсо мени жаныңызга алып алыңызчы!? – деген сыяктуу сөздөрдү айтып шолоктоп ыйлайт. Ыйлаган сайын арык денеси бүлкүлдөп, оркойгон ийиндери иретсиз кыйшаңдап оо көптө барып басылат. Бул учурда өпкөсү көөп безгек тийгендей силкилдеп калган болот. Анан жай сөзгө өтүп сүрөткө жалынып кирет.
– Апа мен жөн эле айтып койдум. Атама керекмин, ал мени жакшы көрөт. Ансызда сизди сагынып жаман болуп жүрөт. Андан көрө сиз атама жардам бериңизчи! Атамдын түшүнө кирип “ичпе” деп айтыңызчы! – деп оюндагысын балдырап аягында көзүнөн агып жаткан жашты эми гана сезгендей;
– Апа мен болду ыйлабайм. – деп жашын аарчыган болот да, жалооруй караган сүрөткө кайра үңүлө, – болду апа кейибеңизчи! Мен “ыйлабайм” дедим го. Мейли жакшы калыңыз. – деп сөзүн аяктап, эңкээ сүрөттү “чоп-чоп” өөп алат да баштагы ордуна илип коет. Анан сабагын окуйт. Күндөлүгүн сүрөткө туштай кармап;
– Мына апа карасаңыз бүгүн 5тен төрттү алдым. Анын бирөө алгебрадан, экинчиси англис сабагынан. Эмне ишенбей жатасызбы?– Тура калып сүрөткө жакындай, – Мынакей…, ии эми ишендиңиз ээ. Баса бул жерге колуңузду коюп коюңузчу!?
Сүрөт унчукпайт. Жада калса ал да кызды күнөөлөп аткандай жактырбагансыйт. Кыздын сөзүнө маани бербей тек кана кулак сыртынан кетиргендей… Же өтүнүчүн орундатпайт.
– Болуңузчу эми, кол коюп бериңизчи! Аа атамбы? Атам бүгүн да мас. А менин күндөлүгүмө үч жумадан бери кол коюла элек. Сиз эле коюп койсоңуз болмок. Жалдырай карап алып калемин оозуна тиштей башын жерге салып бир аз турду да кайра сүрөткө үңүлдү:
– Апа эмне унчукпайсыз, жок дегенде жылмайып койсоңуз боло. – Куду тирүү киши менен сүйлөшкөндөй баштагыдан да жакындай келди. – Эмне болду апа, бирөө таарынттыбы? Ким ал? Жоок сиз мага эле таарынып жатасыз. – Кайра ыйлайт.
Ошундай сөздөрдү айтып ыйлаган күндөрү көп эле болду. Апасы жок дегенде бир жолу түшүнө кирип ал-жайын сурап койбогонуна таарынып, “апам да башкаларга кошулуп мени күнөөлөйт” деп кейийт.
“Жакшыдан жаан, жамандан мөөн” деп коюшат эмеспи. Керимдин жалгыз баласы ата-энесинин эрке өстүргөнүнө карабай ыймандуу чыкты. Же каны таза болгондуктанбы… жарыктыктын боорукерин сураба! Өтө сыйкеч, карамдуу. Кыскасы кандай мүнөз “жакшы” делинсе анын бары ушул жигитте бар. Көк Теңир буга адамдык “асыл” сапаттардын барын аянбай жалгыз өзүнө ыйгарып койгондой. Аны жакшы билген айылдын кыздары эле эмес, аялдар да шилекейлерин агыза;
– Капырай, ыймандуусун ай тим эле сонун бала да. – дешсе беркилери:
– Ии..и айтпа, кыздай болуп тыканын айтпайсыңбы! – дешип тамшанып калышат.
Али жетинчи класста окуганына карабастан артынан чуркаган кыздардын саны арбын. Ынтымак аларга көңүл деле бурбайт. Жөн гана канында ойноп жаткан сыйкечтигин көргөзүп сылык кана жолго салат.
Ал Керимдын өгөй баласы. Нуржамал Керимге келгени согончогу канаган жок. Мурунку күйөсүнөн ушул уулу үчкө чыкканда жесир калды. Күнболот каза болгондо болгону жыйырма беште эле. Эки жылдан кийин Керимге келди. Бул учурда Керим жогорку окуу жайын бүткөрүп, айылга келип Бектемирдин кол алдында иштеп жүргөн. Нуржамалдын сулуулугуна суктанып апасынын каршы чыкканына карабай балалуу келинди алып келип алды.
Андан бери туура он эки жыл өтсө да экөө баштагысындай жашап келишет. Бирок ынтымактары анча жакшы эмес. Чалпоо жылкыдай чуштуңдаган аял каалаганын кылат. Керим анын көзүнүн кареги менен тең айланып, эч нерседен кем кылбайт. Андайды көтөрө албай көөп кеттиби, Нуржамалдын ага күн көргөзө турган түрү али байкала элек. Аа мурдагы күйөсүнүн караанын алыстан көргөндө денесин майда калтырак басып кетээр эле. Азыркысынын аялдарча ашык-баш сүйлөгөнүнөнбү киши ордуна деле көрбөйт. Керим аны байкаса-байкамаксан, көрсө-көрмөксөн. Иши кылып анысы жанында болсо болду. Калганы бир тыйын. Ал үчүн апасын да кечип койгон. Супатай эне жалгыз баласынан баар таппай, кыздарынын колунда жүрүп дүйнө салды. Керим ал катасын али түшүнө элек. Азыр да “апам Нуржамалга жакпай койбодубу” деп калат. “Апама Нуржамал жакпай койду” десе жөндүүрөк угулат эле, бул тескерисинче аялына апасын тандаткан болуп жатпайбы. Аялына жагыныштын айласыбы, Ынтымакты өз баласынан артык көрөт. Балким өз канынан жаралган баласы болсо аны мынчалык жакшы көрбөс беле…? “Баласаак” дейин десең анысы деле байкалбайт.
Тектүү жерден чыккан балакай ата-энесинин ашыкча эркелеткенине карабай зээндүү өстү. Өзү курдуулардан бардык жагынан өйдө турса да менменсинип текеберленүү жок. Мектепте класском. Үйдө кадыр эсе иштарман жигит. Мал жайгаруу, отун-суу, короо-жайды тазалоо жеке өзүнүн милдети. Ал эгер оюнга алаксып же жалкоолук кыла бул иштерди бүткөрбөй койсо эч ким эч нерсе демек эмес, бирок андайды өзү жактыра бербейт. Ашыкча боштук же эркелик анын эң жаман көргөнү.
Бардык жагынан төп келген балакайдын эки-үч досун кошпогондо жакын адамы Асыл. Аны көргөндө биртууган эжесин көргөндөй болот. Өзүнөн үч жаш улууларды атынан айткан менен ушул кызды эки жашка кичүү экенине карабай көргөн жерде саламын айтып, эжелеп келет.
Мындайда эжеси жөн калмак беле? А да мээримин төгүүдөн эринбейт. Мектептеги ар кандай кечелерде дайым эжесин коштоп жүрөт. Кече аяктаганда үйүнө чейин жеткирип келип, тосмосуна киргизип анан кетет. Бир жыл мурун ушундай кыла коем деп Асылды шынаарлап жүргөн балдардан үч ирээт токмок жеген. Бирок өжөр бала көк беттигинен тайган жок. Көшөрүп жүрүп аларды да жеңди. Кийин ал балдар менен чогу Асылды коштоп келишип анан тарап кетишчү болду.
Чуут аялдарга кичине эле илинчеек табылбайт да. Жада калса ушул кымындай баладан да шек санашып, “эмне эле ээрчип жүрөт. Кайран бала өзү жакшы эле, тиги ойсоктогон немени жандай коем деп бир балээге кабылбаса болду го” деп калышат. Балага чындап күйгөн болушуп Нуржамалга да айтып көрүштү. Ал баласына аялдардын айткандарын айтып түшүндүрмөк болду эле Ынтымак:
– Ал экөөбүз биртууганбыз. Аялдар эмне десе ошо дешсин. Эгер бул тууралуу Асыл эжекеге бир нерсе дей турган болсоңуз анда мен силерден биротоло кетем. – деп апасын экинчи ооз ачкыс кылды. Бала бул сөздү көп колдонот, бирок эң керектүү жерден. Нуржамал менен Керим “өз туугандарын таап кетпесин” дешеби, тилин жутуп алышкансып бул сөздү укканда тып басылышат.

****
Арак бар жерде шайтан бар. Болгондо да толтура. Аялынан кийин Бектемир иче бергендиктен ишинен куулуп калган. Балдары шаарда иштешкени менен жарытылуу акча табышкан жок. Нурлан шаарга барганына төрт ай гана болгондо чоочун кызга болуша коем деп балээге калды.
…“Мына бүтөм, ана бүтөм” деп атып кечки саат ондордо ишин аяктаган ал, жатагына кетмекчи болуп жолго чыкса ары жактагы бак арасында кыздын чаңырыгы чыгып жатат. Жакшылап тыңшаса жардам сурап жаткандай. Дароо чуркап жетти.
– Ээ…эй жигитер, бул эмне кылганыңар? – Кызды жулмалап жатышкандардын бирин нары сүйрөп кетти.
– Эй сага эмне керек? – Экинчи жигит жете келип тээп жибергенде жерге үстөмөндөп даптырактай барып оңолду. Анан коргонуу иретинде тиги эки жигитти бир-экиден тээп, жабыркаган кызды жетелей чоң жолго чыкты.
Төбөсүндө “такси” деген жазуусу бар машина келаткан экен, ага акчасын төлөп кызды салып жиберип өзү маршрут күтүп турганда кайдан-жайдан милициялар келип кармап кетишти. Убактылуу кармоочу жайга алып барышып көп өтпөй сегиз жылга соттолуп кетти. Себеби аны ур-токмоко алып жатышып жогорудагыдан тышкары эки кылмышты мойнуна илип салышкан эле.
Бечелден жөтөл кетпес болуп инисин “кутказам” деп жүрүп Эрлан да андан жаманга кабылбаса болгону. Нурлан соттолорун укканда “мал алам” деп чогултуп жүргөн акчасына адвокад жалдады. Анысынан майнап чыккан жок. Анан болгон мыдыры түгөнгөндө ары чуркап, бери чуркап айласы түгөнгөндө ал ишти жыйыштырып акча табууга киришти. Оюнда акча болсо эле инисин сасык саздан сууруп алчудай сезилди. Бу ою деле туура. Бирок андайга оо көп акча керек. Андайды күн-түнү тынбай иштесе араң жети-сегиз жылда табат, болбосо а да жок. Ага чейин иниси небак кутулуп чыккан болот же дагы башкача болот.
Эмнеси болсо да илгери үмүт менен шымалана ишке киришти. Чет өлкөгө чыгып иштеп келмекчи болду эле, атасы тыйып койду. Анан баштагы ишин таштап шаарда курулушта иштегенге өттү. Улам маянасы арбын жумуштарга которулуп акчанын артынан кууп жүрдү. Тапканын бүт бойдон желим бөтөлкөгө чогултат. Асылдын кийим-кече, аркы-берки керектөөсүнө берет да ашканын кайра эле баягы жагына катат. Бир жыл тынбай иштеп бир күнү жакшылыктан үмүттөнө бөтөлкөнү кесип байлыгын эсептесе болбогон гана сумма экен. Көңүлү чөгүп шалдырай олтуруп калды. Бирок тырышчак неме кайра чыйралып иниси үчүн дагы да эмгектенүүнү чечти.
Кантип? Жакшы эле иштеп жатпайбы. Бир сутканын беш кана саатын өзүнө бөлбөсө, калган он тогузу жалаң иш менен өтүп жатпайбы. Ден соолугуна карабай, жай-кыш дебей баткак кечип, балка муштап жүрбөйбү эми эмне кылмак.
Жакшы адамды ким болбосун шерик кылып алууну каалайт да. Аны тааныган прорабдар биринен-бири кызганып уруша кетишкен күндөр да аз эмес. Эрланга акча гана керек. Ал көйгөйүн баарына ачык айтат. Андыктан “кимиң жакшы төлөсөң ошонуңа кете берем” деп айтуудан тартынбайт. Анан айтканына жараша жан үрөп иштеп берет.
Ошентип жүрүп бир кыйын чыкмага туш болушту. Анын чөнтөгү калың экени айдаган машинасынан, сүйлөгөн сөзүнөн даана байкалып турат. Жазда гана башталган үй үч кабаттуу болгонуна карабастан дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылып калган экен. Эми анын ичи-тышын майлап-сүттөп, терезе-каалгаларын орнотуп андан тышкары жасалгалаш керек. Башкача айтканда баарын бүткөзүп ачкычты колуна кармата “ме кире бер” деш керек. Убакыт болсо бир жарым гана ай. Ушул жаңы жылды жаңы үйдөн тосуш керек бул көпөс. Жок ага жетишишпейби, анда келишимдеги сумманын отуз пайызы кыркылат.
Эрлан прорабдын оң колу болгондуктан прораб дайым ага кеңешип иш кылат. Анын үстүнө мындай оор тапшырмаларды иш жүзүнө ашырууда анын салымы зор. Ал жан үрөй эмгектенсе барына жетишсе болот. Кокус ал адатагысын карматып акчалуу башкага ооп кетчү болсо анда иш чатак.
– Эрлан кандай дейсиң, сүйлөшсөк болчудайбы? – деп прораб жыйылган бышкан кышка олтура кетти.
– Акысы жакшы, убактысын он күн арылатуу керек ко.
– Аны да сүйлөштүк, болчудай эмес. Жаңы жылда дал ушул үйдө чер жазмакчы экен. – Эрлан бир аз жер тепкилеп турду да; “макул” дегендей башын ийкеди.
– Анда убада бере берейин да…?
– Урушта туруш жок. Эртелейли!
Машинанын жүк салгычындагы дайым ала жүрчү спорт баштыгын көтөрө али бүтө элек имараттын ичине кирип, жумушчу кийимдерин бүткөн боюна иле чыкты. Прораб кошунанын телефону аркылуу тиги жакта даяр турган жумушчу топту чакырды эле алар саатка жетпей жабалактай жетип келишип бири балка-чотун көтөрсө экинчиси кум элек, башкасы метр кармап, ар кимиси өз билген иштерине киришти.

****
Мектепте жакшы окуп, өзүн тыкан алып жүргөндүктөнбү…. Асылды жактырган балдар четтен чыгат. Бирок алардын бири да үй жагына басып барышпайт. Себеби кыз аларга ушундай талап койгон. Эгер ким бирөөсү үйдү тегеректей ышкырып-кыйкырчу болсо анда ал менен таптакыр достук мамилесин үзөт. Анын мындай чечимге келишинин себеби аялдар арасындагы айың кептерден оолак болуу. Кызды жактыргандар андан биротоло кол жууп калуудан сестешип айтканын “аний” дебей аткарышат.
Кыздын артынан ээрчиген балдар арбын болгондуктан ичтери күйгөн башка кыздар көп эле сөздөрдү чыгарышат. Айрыкча Элдиярдын сүйлөшкөн кызы Камила али бышыктала элек болочок түгөйүн кызганып көп сөздөрдү айтчу болду. Элден укканын айтып Элдиярдын да заманасын кууруп жиберген көрүнөт экөө мамилелерин үзүштү. Бу күйүтүнө чыдабай Асылга келип бир тийди.
– Сен башкаларды азгырганың аз келгенсип, эми биздин ортобузга аралашкың келип жүрөбү?
– Камила сен эмне деп жатасың?
– Калп эле билмексен болуп суроо үстүнө суроо узатпачы!
– Камила жөн сүйлөбөйсүңбү! – Асыл тиги кыздын эмне дегени турганына али түшүнө элек. – Шашпай жайырак түшүндүрсөң! – Камила мыйыгынан жылмайды:
– Ых-хы жайыраакпы ээ? Жайыраак болсо мындай. – Сөөмөйүн кезеп, – экинчи Элдиярга жолочу болбо! Акылыңа кел, ал сени жакшы көрбөйт. Жөн гана эрмектеп жүрөт түшүндүңбү эми?
Жаман кыз ар бир сөздү баса белгилеп жай, кырааты менен түшүндүрүп маңдайында жооп күтө туруп калганда Асыл эми барын түшүнүп унчукпай жер караган калыпта олтурду. Анын бул абалын тиги кыз “коркуп кетти” деп ойлодубу баштагы сөзүн кайталап киргенде Асыл акырын унчукту.
– Камила? Элдияр экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок. Жок дегенде сен түшүнсөң болмок. Ал капкайдагы бирөөлөрдүн ушагы.
– Асыл анткорлонбочу! Түн ортосунда үйүңдөн чыкканын бары эле көрүшкөн турбайбы.
– Ооба ошондой, бирок ал атамды жеткирип келген.
– Койчу эй жаның жебей! Атаңды жетирип келген болсо тосмоңо чейин узатып келип, өбүшүп коштошосуңбу?
Ал бу сөздөрдү өзү оюнан чыгара койду. Калпты чындай айтса чын чыркырап чыга качат. Жердиги таланты бар неме түк кызарып койбой ушуга удаа дагы башкача сөздөрдү айтып шыпшынып киргенде жанатан булардын сөздөрүнө кулак түрүп олтурушкан ары жактагылар алсыз кызды жаалап кетишти.
– Аааи..и Асыл сенде уят жок турбайбы…
– Ооба десең, кайсы кыз классташына ушундай мамиле кылат? – Жаалаган кыздардын арасында катынчалыш, эркек түспөлбөштөр да бар. Алардын айтары мындай болду:
– Койчу эй Аско сеники уят да. – Дагы бири:
– Аско сулуу кыз. А сулууларда мындай ойго келбес окуялар көп болот.
Бу сөздү айткан бала Асылга канча аракет кылбасын ал карабай койгон. Ошондон кантип өч алууну ойлонуп кектеп жүргөн эле. Асыл жигиттер менен кыз-жигит болууну башынан жактыра берчү эмес. Кийинки имиштерден кийин таптакыр жаа бою качып калды. Мектепте гана азырак сүйлөшөт. Анда да өзү теңдүүлөр менен. Эки жашка улуу же ошончого кичүү болсо бири менен да сүйлөшпөйт. Азыркы жигит сөрөй менен деле мамилеси дурус өңдөнчү, бирок ал кыздан мындайды эмес башкача мамилени күткөн. “Сүйөм, күйөм” деген сөздөрдү күткөн эле. Акыры андай сөздү укпаган соң “бул мени сүйгүсү келбейт турбайбы” деген таризде таарынып жүргөн.
Асылдын “эң санаалаш” делген төрт кана курбу кызы бар. Андан тышкары эки жигит менен достук мамиледе. Анын бири классташы Тыныч болсо, экинчиси эки класс кичүү Ынтымак. Тынычты жакшы классташы катары бааласа, Ынтымакты бир тууган инисиндей көрөт. Жигиттер да ашыкча кетишпей ушул ойдун тегерегинде. А төрт кыздын экөө бир класс жогору болсо, калган экөө классташтары. Бирок ошол экөөнүн бири азыркы жалаадан кийин каршы тарапка өтүп кетти. Эми кыздын болушаары Тыныч менен Жаннат кана калды.
Ким билет эгер бүгүнкү жаңжалда Жаннат болсо ал деле берки кыздай болуп тигилерге ооп кетмек беле…. Бүгүн ал сабакта жок. Ошондуктан кыз байкуш жалгызсырап турат.
Окуучулар текши жаалап киргенде Асыл баштыгын алууну да ойлонбой жүзүн жапкан боюнча класстан чыгып кетти. Ал учурда Тыныч Асылга болуша албаган соң “кыздар өз ара чечишип алышсын” деп анын кыздардын арасында басынып турганын көрүүнү каалабай сыртка чыгып кеткен. Мектептин алдында турса кыз чуркап чыгып эле көчөгө бет алды.
– Ээ- эй Асыл? Асылка токтосоң….. – Кыз ага көңүл бурбай “жетип кармап албасын” дегендей чуркаган бойдон көчөгө чыгып үйүн көздөй багыт алды.
Тыныч бу кызды биртууган эже-карындаштарынан артык көрөт. Эгер Асыл карындашы менен урушуп атса ал анда сөзсүз карындашын тыйып Асылга болушмак эле. Кыз мектептин тосмосунан чыгып кеткиче карап кайра өзү класска кирди. Эжей келип калган экен, уруксат суранып ордуна барып олтурду. Мугалим окуучуларды жоктоп алардын катарына Асылды да кошмок болду.
– Жок эжей Асыл келген, ылайыктуу себептер болуп үйүнө кетти. Сабактын акырына катышып калат болуш керек.
– Андай эмес эжей, ал балким мындан кийин бул мектепте окубай калышы да мүмкүн.
– Ооба эгер уяты болсо. – Анара менен Сайкал шыңкылдаша анык бир нерсе билчүдөй сүйлөп калышканда тиги катардагы Тыныч маңдай терисин тырыштыра кабак бүркөй карап калганда эки кыздын тең жаагы жап болду.
Анткени баланын жинин он жыл чогуу окугандыктан жакшы билишет. Окуучулар менен көп сүйлөшө бербеген Тыныч бир сырдуу мүнөзү менен өтө сүрдүү. Эч кимге көңүл бурбайт. Ким бирөө тийишип жатса деле теңелбейт. Болор болбос иштин аркасынан түшүп териштире берүүнү жаман көрөт. Кээде гана жинденет. Бирок ошол жетиштүү. Өчөшүп калган кишисинен башын өлүмгө байласа да өч алат. Душманы улуубу-кичүүбү, кызбы-уулбу ылгап отуру ага жат.
Бир жолу дене тарбия сабагынан берген агайы менен чырдаша кетип, агайынын мурдун каната койгону көп окуучулардын жүрөк үшүн алып койгон эле. Дагы бир жолкусунда эки жаш улуу кызды шылдыңдаганы үчүн уруп койгону бар. Ошондон кийин ага бардык класстагылар абайлап мамиле кылышат.
Кенен-чонон шыбырап-күбүрөшүүгө оңтойлуу болсун дешип Сайкал менен Анара биринчи катардын акыркы партасынан жанаша орун алышкан. Тыныч да бойлуу болгондуктан экинчи катардын аягында олтурат. Дал капталында өздөрүн көз огу менен теше тиктеген Тынычтан айбыгышып кыздар башка сөз сүйлөөгө батынышкан жок. Эжей да жигиттин үңүрөйгөн кабагын көрүп, кыздар эмне деп жатканын, Асыл сабак маалында эмнеге кетип калганын суроого даабай сабагын баштады.
Асыл мектептен келсе атасы өзүнө окшогон ичкич досторунан экөөнү алып келип арак ичип жатыптыр, кызын көрүп сүйүнүп кетти.
– Оо кызым келдиңби? – Кыз башын ийкеп жүзүн жашыра төркү бөлмөгө өтүп кетти эле Бектемир артынан кыйкыра берди:
– Кызым? Байкелериң келип калыптыр дүкөнгө барып бирди алып келчи!? Мени айтты десең берет.
Бардык балээ атасынын арагынан болуп жатканын билип турган менен таарынып, кектөөнү билбеген бечара кыз атасынын буйругуна тескери жооп кылбай үйдөн чыгып көк дүкөнгө барды. Айткандай айтып болгуча сатуучу бир бөтөлкөнү кармата салды. Себеби Бектемир жалгыз уюнун торпогун ортого коюп эсеп ачтырып койгон. Торпок энесин ээмп Бектемирдин короосунда болгону менен теңинен көбү дүкөнчүнүн пайдасында. Дагы бир аз соода кылса торпок баш оту менен ага оойт.
Керектүүлөрдү алып келген Асыл бөтөлкөнү атасына карматып, өзү мектеп формасын үй кийимине алмаштырып чыкты да муздаткычтан эт алып чыгып айттырбай тамак жасоого киришти. Салима аны дал ушул тарбияга көндүргөн. Үйгө конок келгенде шашылыш болбосо сөзсүз бир нерсе кылып тамак жасай салууну айтып кеткен. Анын айткандарын кичине болсо да мээге сактап калган кыз ар дайып андайды аткарып келет. Алтургай жакын кошуналары болсо деле ашканасындагы азык-түлүгүн карап бир даамды даярдай салат. Белен аштан ким качмак? Айылдагы азган-тозгондор ар дайым кыздын колунан курсактарын кампайтышат.
Ошол токсон жетинчи жылдарда жашоо кыйла кыйын болбодубу. Конок күтүп, кой союуну кой, кара нанга карды тойбой кайыр сурагандар көп эле болду го. Ошондо берекелүү Бектемирдин дасторкону жупуну калган жок. Сүт-май, кант-чай, эт-аш жайнап турчу. Аны билген айылдыктар; “союз маалында мыкты кызматта жүрүп малын-малдай, кампасын-кампадай толтуруп алган экен. Беш жылдан бери бир айыл жапа тырмак киришсек да түгөтө албай койдук” деп калышса дагы бирөөлөрү; “биздин айылдын ырыскысын бүтүн бойдон сен чогултуп алгансың, эми аныңды элге таратып жатасың” дешип ачык эле тийишип калышат.
Бул казан-аштуу үйгө ичпеген-чекпеген адамдар да келип алышат. Аялы, ата-энеси тыйганына карабай Саткын да көп учурда ушул жерден курсагын тойгузат. Аялы Жумакан менен апасы Атый:
– Аялы жок, анан да ичкендердин арасына барбасаңчы! – дегендерине болбой;
– Барып келейин. Ансыз да бизге бөлүнгөн “гумжардамды” ошол катып алыптыр. – деп атайын карасанатайлык кылып жөнөп калат. Анын бир ою Бектемирдин кызынын колунан чыккан даамдуу тамакты жеөө. Беркилердей болуп арак деле ичпейт. Көпкө деле олтурбайт. Тамак даяр болор учурду болжоп келет да курсагы тойгон соң келген жолуна түшөт. Атасы Матай көп эле тыят, ага болбой койду.
Өз кызматын мыкты аткарган Асыл түк моюп койбой жанаарак уккан сөздөрүн унута адаттагысындай дүкөндөн ала келген момпосуюн оозуна салып алып тамакты кандай гана ылдам убакытта жазай койбу дейсиз. Чоң-чоң картөшкөлөрдү бөлө туурап, семиз койдун кабырга, арка-омурткаларын кошуп сонун кайнатма шорпо даярдап, аны атасынын жанына коюп койду да өзү сыртка чыгып бак түбүндөгү атайы олтурууга ылайыкталып жасалган селкинчекке чалкалай олтуруп көк асманга суктана карап термелип жатты.
Ушул учурдагы асмандын көркү өтө ажайып эле. Көк мелжиген бийиктикте болор-болбос булуттар болбосо дээрлик күн чайыттай ачык. Күздүн акыркы айлары болгону менен али сууктун кабары байкала элек. Анча-мынча жел жүрүп жатканы тигил жактагы асман тиреген беш теректин өйдө жагындагы жалбырактары шуулдап жатканынан улам билинбесе, байкалбайт деле. Жөлөнгүчү бар термелме орундука кериле көк тиктеген кыз уктап калгандай кыймылсыз. Анткен менен кээ-кээде буттарын тайтактата кайчылаштырып, токтоп калган термелгичти күүлөнтүп калат.
Асман адатагысындай. Кыздын кулагына бир нерселерди шыбырап жаткандай өңдөнөт. Кыз да анын шыбырын тыңшап жатабы, эмнегедир көзүн жуумп, уктап калгандай болот да бир маалда көзүн ачпаган таризде ууртундагы уячасын чуңкурайта жылмайып алат. Анан баштагысындай термелет. Анын бул көрүнүшүн адам сүрөттөп боло албайт. Кудум бешиктеги баладай. Эл ичинде наристе жылмайса, “Умай энеси кытыгылап жатат” деп коюшат ко, так ошондой. Термелгени да бешикти элестетет.
Арадан азырак убакыт өтүп аба ырайы бир аз өзгөрө баштады. Көктө булуттар көбөйүп, бирине-бири кошулуп түрмөктөлүп келатат. Сыягы жамгыр же кар жаайт окшойт. Булуттар улам бирине кошулган сайын кыз рахатка батат. Жараткандын берип койгон сулуулугуна суктанат. “Мен да ушундай ажайып болсом.” – деп тилек кылат. Бирок өзүнүн сулуулугу деле жетиштүү. Жоок ага алым сынбайт. Асмандай кең, булуттай жумшак болгусу келет. Анан улам бири кошулуп жатып зор булутка айланып, ал ушул айылды эле эмес тээ арытадагы тоону кошо алдына алып көлөкөсүн жер бетине текши жайып баратканын туюп; “мен да ушу булуттай күчтүү болсом, менин да досторум көбөйүп ушу булуттардай болуп улам келип кошулуп турса” деп ойлонуп алат да;
– Кайдан? Мени баары жаман кыз деп жатышпайбы. Досторум көбөймөк тургай улам бири таарынып менден алыстап атышпайбы. – деп үнүн чыгара кобуранып алат. Анан аз убакытка созулган жыргалы көлөкөдөн тээтиги күн чыгыш жактагы бөксө тоонун ары жагындагы күн тийген жерге качып кеткенсип кайгы-санаа башталат.
Анипа Бектемирдин үй-бүлөөсүн текши жаман көрөт. Асыл кызынын атаандашы болсо, Эрлан менен Нурлан былтыр короосун сугарып бербей койгону үчүн жаман көрүнүшкөн. Бектемир болсо күйөөсүн ичкилике көндүрүп койгон имиш. Болбосо жакшы эле жашап жатышкан. Албетте өзүнүн оюнда. А чындыка таяна турган болсок “жаңжал” деген балээни дал ушулар ойлоп табышкандай. Экөө баш кошкону тамакты кой, бир чыны чайды тынч ичише элек. Топорбек мас болуп чыр баштаса, өзү соо туруп чырды улантып кетет.
Ушул эки үйдүн ортосун чычырканак бадалы гана тосуп турганы болбосо дээрлик бир эле кишинин үйүндөй. Бектемирдин заңгыраган жети бөлмөлүү чоң тамы менен Топорбектин тооктун күпкөсүндөй болгон үч бөлмөлүү кичинекей тамы бири-бирине окшош болгондуктан билбеген адамдар; “бул чоң тамы, тигиниси жайкы үйү турбайбы” деп ойлошчудай. Анткени эки там көлөмүнөн гана айырмаланбаса аябай окшош. Дубалы эмне себептен окшошуп калганын ким билсин…? Чатыры окшошкону себептүү. Бектемир чатырын “черепица” менен жапкан. Ошол күздө кыш эрте келип Топорбек үйүн бүтүрө албай ыйлактаганынан өзүнөн артканын берип койсо чатырдын түзүлүшүн да окшош кылып жаап алган экен. “Жаманга этегиңди ачпа” болуп кайра эле кийинки жылы “Бектемир өкмөттүн эсебинен килейген там салып алды” деп оозу-мурду кыйшайбай айтып чыкпадыбы.
Эки күн элге кошулбай элирген улактай бук болуп калган Топорбек, баласына калган жумушту дайындап өзү Анипа мындай болоор менен Бектемирдин үйүнө жылт койду. Асыл баштагы ордунда эле, жакын жерден “дүп” дей түшкөн үндөн чоочуй тура калса Топорбек экен.
– Ээ..экк. Сиз белеңиз?
– Чүш-ш акырын! – Сыягы “Анипа көрбөсүн” дегендегиси го.. тосмо дубалдан секирип түшкөндө булгана түшкөн шымын күүп алып үй тарапка колун узата көргөздү: – Атаң үйдөбү?
– Ооба үйдө олтурушат.
Суроону бергенин берип алып жообун күтпөй энтеңдеп жөнөдү. Кыз кайра эле ордуна барды. Стакан өңдөнтүп кагазган жазап алган ийдиштеги семичкесин алып чакмак болду эле, табити тартпай кагаз стакандын оозун кайра ороп чыптамасынын чөнтөгүнө салды. Эмнегедир көңүлү кирдеп, эч нерсеге кызыкчудай эмес. Мурдагысындай алаксый албайт. Камиланын сөздөрү эсинен кетчүдөй эмес.
Анткен менен “жакшы адамга жаратылыш жан шерик”. Баштагы жел жүрүшү басаңдап ордуна жылуу шамал келген экен. Ачык асман алдында, жаратылыш койнунда таза абадан кере дем алып шамалга төштү тосо жатуу өзүнчө эле рахат эмеспи. Жылуу шамалдын азгырыгына арбалган Асылзат түйүлгөн коюу чачын жая сала шамалга жүзүн тосо баштагысындай чалкалай кетти. Дал ошол учурда келгин куштар топ-топ болуп күн чыгыш тарапка кетип жатышкан эле. Аларды көрүп дагы бир кызыкка батты.
“Карасаң акылдууларын! Сыягы бүгүн түнү кар жаайт окшойт. Аа баса туура-туура кечээ радиодон эскертүү берип жатпады беле. Кызык, куштар кайдан билишет? Эмне аларда да радио барбы? Жо-оок… эми таптым алардын бири адамдын тилин түшүнөт анан радиодогу маалыматтарды айтып турат.” Кыз ушуларды ойлоп көпкө олтурат да; “эх мен да алардай болуп куштардын тилин билип алсам эмне?” – деп чындап кейийт. Анан кайра эле өз алдынча сүлөшүүгө өтөт.
– Андай болсо биринчи эле, “достугуңардын сыры эмнеде” деп сурамакмын. Ал түшүнбөй, “кайдагы достук” демемек. Мен эмне үчүн топ-топ болуп учасыңар деген суроомо “аа эми түшүндүк” деп, сөзмөөрү кеп баштамак.
– Биздин достугубуз тээ алмуздактан бери бекем сакталып келет. Тагыраак айтканда өзүбүз пайда болгондон бери. Ал учурда силердин башкы атаңар “Адам ата” да жарала элек болчу. Биз ошондон бери уруш эмне экенин билбей достугубузду бекем сактап келатабыз. Себеби бизде силердикиндей “көралбастык, шылдыңдоо” деген жок. Анан да кечиримдүү, өтө боорукер болобуз ошондуктан бизде силердегидей көйгөйлөр болбойт. Бирок азырак кыйналуулар болот. Ал деле өзүбүз үчүн эмес, силер үчүн. Силердин ынтымаксыздыгыңарга кейийбиз. – деп жаткандай туюлат. Асыл бийиктеги куштар менен чындап эле сүйлөшүп жаткандай болду. Арык колдорун бийкке булгалай;
– Токтогула! Токтой турсаңар! Мени да араңарга кошуп албайсыңарбы. – деп кыйкырып алды. Анан кайра эле ордуна баштагысындай башын салактата көзүн чылк жуум чалкалай кетти.
Атасынын жетегинде илең-салаң болуп араң иштеген Төрөбай, Топорбек кетээр менен атарабага кыңая жатып, кыялга баткан учуру эле. Ал Асылды аябай жакшы көрчү. Мектепти Нурлан менен чогуу бүткөргөн. Эми кызды күтүп жүрөт. Асыл эки жылдан кийин мектепти аяктайт. Ошол замат алакачып алмак болуп жүрөт. Асыл куштарга созолоно кыйкырганда чочуп кетти. Анан жыйылган чөптүн үстүнө чыгып, кызды аңдымака өттү. Көрүнүп калбаш үчүн балык жон жыйылган чөптүн аркы капталына жатып алып, башын соройто чыгарып ар бир кыймылына көз жүгүртүп жатты.
Кыз аны кайдан билсин, мурункусундай калыпта. Төрөбай анын жомоктогудай сулуулугуна көз арта көзүн албайт. Алганды кой, ирмөөнү да унуткан. “Бах карачы периштемди” деп алат. Чалкалаган кыздын алкымы аппак болуп өзүнчө эле керемет. “Мени өп” деп эле тургандай. Кара чачы жерге тийээр-тийбес болуп сулуулугун ого бетер арттырат. Ким бирөө өзүн тиктеп турганын кайдан билсин. Сымбаттуу бутарын азырак ачып, жаап селкинчектин күүсүн токтотпоого далалаттанат. Тиги жактагы жигит кайберен аңдыган мергендей эч нерсеге алаксычудай эмес. “Эх азыр жетип баса жыгылсамбы” деп барган сайын ыймандан кетип ышкы күчөйт.
Анын максатын бир гана ой тушап турду. “Нурлан түрмөдө. Бул кылыгымды Эрлан билип калчу болсо жонумдан кайыш тилип, баш сөөгүмдөн казан жасайт. Андан көрө эки жыл чыдайын. Кркконум эле Эрлан. Болбосо баарын кылат элем. Ошонусу да Нурландай болуп калса сонун болбойт беле… Анда эч ким тоскоол боло алмак эмес. Асылды күчкө салсам да өзүмдүк кылмакмын. Баса ал балким мени жактырат? Эй чын эле…. балким ошондойдур? Эмне кылсам экен, азыр жетип барсамбы.”
Ал ушуларды ойлонуп жатканда Асыл ордунан туруп эки жагын каранды. Күндүн ырайы башкача. Сыягы бир сааттын ары-берисинде кар жаайт өңдөнөт. Жанараак белесте тийип турган күн нуру ал жактан да көрүнбөй калыптыр. Асманды коюу булут текши жаап, көшөгөлөп калган. Жаңыдан түш оогону менен айлана караңгы тартып, уй бададан келээр кечки маал болуп калгандай. Теректердин шуулдаган үнү барган сайын күчөп, саргайган жалбырактары туш келди себеленет. Кыздын ийиндерине, бетине тийе жерге түшөт. Жердегиси болсо төшөп койгондой.
Асыл короо-жайын күн мурун ирээттеп, жыйначусун жыйнап, чогултчусун чогултуп койгон. Эми эки күндөн берки жалбырактарды шыпырып алгачкы карды тазалык менен тосуп алмай болду. Аңгыча Анипанын кыйкырыгы өз короосу жактан чыкты.
– Төкө, атаң каякта? – Анысынын үнү угулган жок. Сыягы кайда кеткенин айткан окшойт, Анипа албуутана жетип келип бадал кашаага бир уруна токтоду.
– Ай Топо-ор..?Ай Топорбе-еек? – Кыз аны угуп туруп алмак беле, шыпыргысын таштай коюп короо жактан чуркап келди.
– Жакшысыңарбы эже?
– Жакшы. Топор байкең силердикиндеби? Чакырчы! – Асыл чакырып чыга калды эле, албуут катын короочу иттей ажылдап күйөөсүн алдына салып айдап жөнөдү. Кыз кайра эле короого барып үймөктөп койгон жалбырак таштандыларын коларабага жүктөп, жолдун аркы бетиндеги кашатка төгүп келди. Булутту түртүп кетүүгө шамалдын күчү жетпей, балпалактап кар жаай баштады. Асыл шаймандарды кампага бекитип андан соң эки чака суу алып баратса Анипа дале чаңырып жаткан экен.
– Экөөңөр бирдей жүрүп Салиманын тырмактай кызы жасаган жумушту жасай албай койдуңар. Өлүп эле кетпейсиңерби!
– Ээ..энеңди…. катын болгонуңду сенин… Ага окшогон кыз сенде да бар. Кыйын экенсиң, кызың экөөң бүткөрүп койсоң кой дептирминби.
– Уу бет-тиң күйгүр, өлүп кетсең кана?
– Ээ катын жаагыңды басасыңбы, жокпу?
– Өлүп кет алкаш! Арака тоюп алып, сүйлөп атканын.
– Энеңди сенин…. – Айрысын көтөрө чуркады эле, бескен боюнча үйүнө кире качып, эшикти илип алды.
Кыз аларга күлкүсү келе үйгө кирсе атасы уктап жатыптыр. Үстүн жылуулап жаап, мешке от жакты да бошогон бөтөлкөлөрдү сыртка чыгарып үйдүн ичин зымырайта жыйнап чыгып, бир китепти кучактай терезеге олтура кетти.

****
Дос кызынын маанайы чөгүнкү мектептен чыгып кеткени Тынычтын көңүлүнөн кетпей койду. Үйүнө барып абалын сурайын десе таарынып калчудай. “Сөзүңөр болсо мектептен айткыла! Үй тарапка барсаңар таарынам” деген эмес беле. Көпкө ойлонуп башын оорутту. Анын көңүлүн ооруткандардын баарын талкалагысы келди. Бирок жакшы эле өчүн алгандай болгон. Эжей чыгып кетээр менен териштирип, кыздарга унчукпаганы менен тиги эки баланын азабын берген. “Сулуулар ушундай болосуңар” деген баланын жаагын сындыра койсо, экинчисинин көзү көгөрдү.
Өз кылганына канааттанбай ою менен алпурушуп олтурду. Акыры бир чечимге келип, Жаннатка бармай болду. Аны Асылга жиберип кандай маанайда жүргөнүн билмек болду. Бирок өзү жибергенин билгизбеш керек. Ушуларды пландап тышка чыкса эшик алдында “УАЗ” машинасы токтоп калган экен. Машинанын арткы каалгасын ачып- ача электе Закирдин апасынын ачуу үнү чыкты.
– Мына ушул бала, кармагыла! – Формачан эки милиция утурлай келип, колун кайрый машинага салышты.
– Ай акмак? Менин баламда эмне өчүң бар ия? – Тыныч жооп бербей тултуюп жолдон көзүн албай кете берди. Анын тоготпогонуна Шарапаттын ичи бышып кетти көрүнөт, каруудан ала жулкулдатып; – Ай зөөкүр, эмне унчукпайсың, сүйлөбөйсүңбү ыткыйбай?
– Эже тынчтаныңыз! – Милиция жактырбай оңурайды. – Бөлүмгө баралы анан сүйлөшөбүз.

****
Асыл китебин бооруна кысканы менен окуган жок. Ага сырттагы көрүнүш кызык болду. Алабатанын жалбырагындай болгон кар балпалактай жаап тез эле жердин бетин акка боегондой. Топорбек чөп жыйса, баласы жерде чачылгандарын чогултуп атасына узатат. Сайкал тызылдай чуркап кермедеги кирлерди чогултса, Анипа жайдан бери асман алдында жаткан паласты орой албай убара. Какжырап катып да калган экен. Баарын бүткөрүп коюшкансып бирине-бири чоң. Анипа заардуу тилин агытса Топорбек колуна эмне тийсе ыргытып жиберет. Тиги жагында Сайкал деле аларды тыйган болону менен өзүнчө эле жинди болуп чаңырып жүрөт. Аларга абай салган кыз бир чети күлкүсү келсе, бир чети жардам берип койгусу келет. Бирок Сайкал кандай кабыл алат? Мектепте жаман сөздөрдү айтып шылдың кылбады беле. Дагы шылдыңдаса шагы сынып калат ко….

****
Үйдүн кожоюнуна Эрландын иштегени эле эмес бир сырдуу мүнөзү да жакты. Мүчөсү болсо так оюндай. Эми бир гана маселе сүйлөшүүдө. Эгер оңдой берди болуп макул болуп калса иштин оңолгону.
Куруучулардын иштармандыгынанбы же прорабтын мыктылыгынанбы… иштин илгерилеши ойдогудай. Болжошкон күнгө бир апта калганы менен негизги бөлүгүнөн өтүп кетишкен. Дубалга кагаз чаптап, полго паркет төшөө керек. Анан электр зымдарын туташтыруу бар.
Союз кулаганы элдин жашоо шарты оорлошуп, канчалаган үй-бүлөөдө чийедей балдар нанга жетпей чырылдашты. Жетпеген жашоонун айынан нечендеген жубайлар ажырашып ара жолдо калышты. Кандай гана сонун үй-бүлөөлөр талкаланды. А бу керсегей мынча каражатты кайдан таап, кантип ушундай бардар жашоого жетишти экен? Оң жол, ак эмгек менен мынчалыка жетүүгө болбойт.Сөзсүз бир балээ бар, бирок ал кандайча болду экен? Жумушчулардын кеп кылгандары эле ушул. Кай бири сырдын түйүнүн чече алышпай чындап баш оорутуп алышкан. Адам баласы бир нерсеге кызыгып алса аны билүүгө далалат кылып, артынан түшүп алабыз го, улар да ошондой болушту. Ким көрүнгөндөн сураштырып жатышып “коммерсант” экенин билишти. Теңи буга ишенишсе, калганы “жок андай жол менен мынчалык баюуга мүмкүн эмес” дешет. Дагы бири “андай болсо баарыбыз эле коммерсант болуп кетпейлиби” десе баштагысы, “колуңдан келсе болуп көрбөйсүңбү, ага да өнөр, чөнтөк керек” деп калат.

****
Азыркы жаман жакты Кудай эч кимге көргөзбөсүн! Түрмөгө түшкөнү Нурландын тынч жаткан күнү боло элек. Келген күндөн тартып токмок үстүнө токмок. Айткандарына көнсө башкалар сыяктанып элдин арасында, көчтүн карасында жүрө бермек, бу көк бет андайды каалаган жок. Сегиз жыл бою мыктылардын байлоодогу дөбөтү болгуча чымын жанды кечип коюуну эп көрдү. Эки ай тынбай кордук көрдү. Колу-бутун кошкондо төрт жеринен сынды. Ага да болбоду. Бир гана ою эртерээк талуу жерге согуп өлтүрүп салышса жаны жай алат да калат.
Бирок баары башкача болду. Түрмөнүн ана башчысы анын өжөрлүгүн угуп калган экен, өзүнө алдырып алды. Бир көргөндө эле бой келбетин жактырып жанына алып калды. Ана башчыны “Пахан” деп коюшат экен. Абактагылар үчүн анын бир сөзү өтө зор күч окшойт, ал жөнүндө кеп кылуунун өзү чоң жаңылыштык. Аны Нурлан эми түшүндү. Баштагы талаптарды “аткар” десе кың дебей туруп аткармак. Өлүмдү эңсегенин унутуп да койгон. Бирок коркконун сыртка билгизген жок. Анысы эң сонун болду. Болбосо “Пахан” аны жок кылууга буйрук кылмак.
Нурланды Пахандын алдына алып келген жигит унчукпай барып бурчтагы олтургучка отуруп калды. Нурлан Пахандан айбыга босогодо туруп калганда “олтур” дегендей маңдайындагы креслого ээгин көтөрө жаңсады.
– Ии жигит өзүң тууралуу….? – деп башын жерден көтөргөн жок.
– Нурлан. Үч статья менен…
Абака келгенине аз убакыт болгону менен ал жактын көп мыйзамдарын түшүнүп калган Нурлан, Пахандын кыска суроолоруна нуска жооп узатып ысмын, бул жака канча кылмыш менен келгенин айтты.
Пахан өтө сүрдүү. Башы таза арчылган жумурткадай тунук. Жигитке көпкө көз салып туруп оо кыйладан кийин чакырган себебин айтты. Ал абактын караңгы бөлмөсүнөн чыкпай жатканы менен көптү билет экен. Кандай статьялар менен соттолгонун, көп кылмышты мойнуна илип коюшканын, аларды кимдер кылганын сурабай туруп айтып берди. Нурлан аны укканда таң калды. “Ошонун барын кайдан билсин, баарын буйрук менен өзү жасаткан го” деп ойлоду.

****
Бул кыздын эмне кылмышы бар? Кимге жамандык кылды эле? Же эмне атасынын ичкенине, агасынын соттолуп кеткенине ушу кыз күнөөлбү? Баары эле кызды жамандашат. Акыйкаттык кайда? Тынычтын камалып кеткенине да ал күнөөлү болуп чыкты. Чагымчылдардын айтуусу боюнча балдар кыз талашып мушташышкан болуп калды. Эми көпчүлүк Асылды мурдагыдан да жекире карашып, угуза эле “шерменде” деп калышчу болду.
Алсыз кыз эмне кылмак, бар күчүн ыйдан чыгарат. Салиманын сүрөтүн бооруна кысып, боздогудай болсо киши чыдап угалчудай эмес. Бир күнү миң жылдык тозоктой өтчү болду. Ошол бир күн менен эле баары оңолуп кетсе жакшы го, күндө ушул көрүнүш. Сабакты таптакыр жыйыштырган. Күнү кечке ый менен күн өткөрүп калды. Бектемирдин кызы менен дале иши жок. Ичкилик болсо болду, калганына көңүл деле бурбайт. Ал бар учурда Асыл азапка батып жүргөнүн жашырып, жасалма жайдарылангандыктан кызынын көңүлсүз жүргөнүн билген жок.

****
Үйдүн кожоюну Эрлан тууралуу жанында чогу иштегендерден көп маалыматтарды билип алган. Ошол билгенине караганда өзү тарапка өткөзүп алуу оңой эле болчудай. Үч күндөн кийин ишти бүткөзүп ачкычты колуна тапшыра турган болушканда Бахтарбек Эрланды өзүнө чакыртып алды.
– Кел досум! – Төрдөн орун көргөзүп; – Бул жака өт! – Жигит чарчагандыктанбы эмне иш дайындаар экен деген ойго келген жок. Көргөзгөн жагынан орун ала эки жагын жалдырай карады.
Бул бөлмө өтө кооз жасалгаланган. Тээ төрүндө илинип турган аң териси эмненики болду экен. Темгилдерине караганда илбирс окшойт. Аны кызылдай акчага алганбы же белекке берилгенби? Эмнеси болсо да өтө баалуу. Өтө көрктүү. Анан да Бахтардын сүрүн ого бетер арттырып турат. Ал так ошол теринин ылдый жагындагы булгары капталган креслодо олтурат экен.
– Эрлан дос. Сен тууралуу көптү уктум….. – Саамга тына түшүп сөзүн улады: – Макул десең менде бир сунуш бар?
– Айта бериңиз!
– Сага көп маяналуу жумуш керек, туурабы?
– Ооба. – деп жигит анын көздөрүнөн кандайдыр жашыруун сырды байкады.
– Андай болсо иш таптың, бизде андай жумуш бар. – Эрлан жөн иш эмес экенине шексиз түшүндү.
– Айтып көрүңүз, байкап көрөйүн.
– Эмесе мындай, сен мага иштейсиң! Акың азыркы тапканыңан кем дегенде үч эсе көп болот. Оюмдагыдай иштеп берсең машина, каалаган жериңден үй да алып берем. Албетте ишеничке киргенден кийин.
Жигит бул сөздөргө ишенээрин же ишенбесин билбей мээсин аралап өткөн миң сандаган ойлордун кайсы бирине жооп берип, кайсынысына макул болоорун билбей калды. “Мынчалык көп акы төлөгүдөй эмне кызмат болду экен” бул суроого жооп табууга мүмкүн эмес. Кара башыл киши өлтүр дейби? Баңги зат ташы дейби. Же андан да жаманы барбы. Азырынча белгисиз. Эмне дээрин билбей көпкө ойлонду. Анан башын көтөрүп;
— Эмне кылышым керек? – деп суроо узатты. – Бахтар сынай карап;
— Эмне кылмак элең, товар ташыйсың! Коркпой эле кой, сен ойлогондой жаман эмес. Болгону сыр ташыйсың!
— Сыр? Ал эмне болгон сыр? Эмне “стукач” боломбу? – Эрлан кабагын жыйрый чычалай түштү эле тиги олбурлуу денесин жагымсыз бүлкүлдөтүп көпкө күлдү. Анын ушул учурдагысы жигитти мазактап жаткандай туюлду. Сөгүп туруп бөлмөдөн чыгып кеткиси келди, бирок антигөө да даабады.
— Андай эмес жигит. Кадимки эле уйдун сүтүнөн жасалган сырды ташыйсың! Ал жакта сүт азыктары кымбат. Мен ак эмгегим менен, ушундай соодо жолун мыкты билгендиктен ойдогудай жашап жатам. Азыркыдай алдым-жуттум заманда бирди экиге чабыштырып оокат кылбасаң талаада каласың. Сени эч ким карабайт. Керек болсо уялаштарың да үстүңдөн аттап, бетиңе түкүрүп кете берет. Бул заман жулунгандыкы. Умтулгандыкы. Акчаң болсо бирөө сенин итиңе “кет” деп айта албайт. А сенде жокпу анда сени иттен жаман кылып союл менен баш-көзүңө карабай токмоктоп кууп жибериши бышык. Болгондо да өз уяңан, өз күпкөңөн.
Карт бөрү иштин эң негизгисин айтпаганы менен башкача жактарын айтып жалындай күйүп турган жигиттин жаалын байкап, жашоо тартибин жайыраак түшүндүрүп жатты. Анын айткандарына арбалган Эрлан эч күмөнсүз ишенип, макулдугун берди. Болгондо да сүйүнүп. Ойлонуп көрсө ашып кетсе эки ай аралыгында жетишээрлик каражат топтоп инисин куткарып алса болчудай экен.

****
Бирөөнүн кылына кара санабаган бул бүлөө кайсы жазыктары үчүн мынча азап жеп жүрүшөт? Салима эрте эсил кайран болду. Бектемир тирүүнүн өлүгү. Нурлан түрмөнүн түбүндө калса, Эрланды да кырсык аңдып жүрөт. Баарынан кыздын абалы оор. Он жыл бою мектептин алдынкы окуучуларынан болуп мыкты окуп келгени менен кийинки күндөрү сабака таптакыр көңүл бурбай калды. Анысы да жакшы болчу экен, жок дегенде мектептен калбай чала болсо да окуп дегендей. Акыркы жумада таптакыр келбей да калды. Буга мугалимдердин теңи кабатырланса калганы жоктошкон деле жок. Дагы он күн келбей койсо мектептен биротоло чыгарып салууну эп көрүштү. Берки мугалимдер жакшы окуучу мектептен алыстап кетишин өөн көрүшүп көп жолу үйүнө чейин барып жүрүшөт. Андайда кыз жетишсе жашынып калат, жетишпей калса “ооруп жатам” деп соо башын ооруга айландырып келгендерди жолго салат.
Мурдагы мектеп жетекчиси болгондо Асыл небак окуудан чыгып калмак. Себеби Дарика Камиланын энеси да, кызы менен Асылдын ортосунда чоң келишпестик бар экенин жакшы билчү. Көп жолу кызынын аброюн бийиктетүү үчүн көз көрүнө Асылды басынтып, чогулуштар болгон учурда бек-бек сүйлөп жетим кызды чүнчүтүп тураар эле. Анткен менен окуучуларда да хандан-бектен кайра тартпаган кыйындар бар.
— Эжей Асыл андай кылган. Асыл мындай деген, башкалар аны укпай коюшту. – дешип таламын талашып калышаар эле. Мындай учурда кыздын кубанчында чек жок. Болушуу кандай болоорун башта билбеген неме бир башкача ыраазы боло түшөт. Балким энеси тирилип келсе ушунча кубанмак чыгар. Дариканын кемчилигин ташка тамга баскандай даана айткан Жаннат болду.
Бир жолу ал, кезектеги басмырлоосун баштап киргенде кайран кыз досунун ак жерден караланып жатканына чыдабай кетти көрүнөт, ортого чыгып сүйлөөгө уруксат алып ашыга сөз баштады.
— Урматтуу окуучулар? Силер да менин айтканыма кошуласыңар болуш керек? Менин оюмча Асылдай тартиптүү кыз биздин мектепте чанда. Аа Камиладай кызды мектептен эмес көчөнүн боюнан табуу оңой болот.
Мектепте ар аптанын дүйшөмбү күндөрү өткөн жуманын жетишкендиктери, кемчиликтери тууралуу баяндалган жыйын болуп турчу. Жыйында кызыктуу талкуулар көп болгондуктан мектептен качкан качкын окуучулар да бул күндү чыдамсыздык менен күтүп ашыга келишээр эле. Ошондуктан бул мектепте окугандар дээрлик бары бар болушчу. Ар бир класстан экиден болгондуктан жыйырма эки класс өз-өзүнчө бөлүк болуп тегерете тизилип, бир капталында парта тизилип ал жерде мугалимдер отурушаар эле.
Жаннат ортого чыгып жанагындай создөрдү сүйлөгөндө окуучулар; “эмне болуп кетээр экен. Дарика эжейдин жообу кандай болоор экен” дешип кулак түрө сөз тыңшап калышты. Демейде эжей-агайлардын тыйганында мынчалык тынчтык болбой тээ арттагылары кужулдай беришчү эле. Директор сөрөй Дарика, чыдап тура алган жок.
— Ай Турдалиева? Сага ким сөз берди?
— Эжей мен уруксат алып анан ортого чыктым.
— Сен өз сабагыңды бил! Тартипсиздигиңди бул жерден көргөзбө! – деп директордун орун басары Нуржамал, кызды тыйган болсо, бир чети башчысына кошомат кылган болду.
— Эжей, Асыл экөөбүз өз ишибизди жакшы билебиз. Бул сөздөрдү билбегендерге айтсаңыз жарашчудай?
— Турдалиева? Болду жетет, ордуңа бар! – деди Гүлмира.
— Макул эжей сиз үчүн. – деп классжетекчиси Гүлмиранын буйругуна көнүп ордуна барып туруп калды. Кызынын аброю көтөрүлбөй эле окуучулар алдында пасаңдай түшкөнү адилетсиз директорду бушайман кылды.
— Айткылачы эжей-агайлар, биз эмне ушундай тартипсиз окуучуларды өстүрүп жатабызбы?
Жаннат бир үйдүн эрке кызы. Ээн эркин өскөнгө көнүп калганбы өзүнүкүн түк бергиси келбейт. Каалаган учурда ким болсо да тарс-тарс бетке айтуу анын жеке мүнөзү. Бирок ар кимге атырылып ашыкча кыйынсынуу анда жок. Калыстыкты абдан сүйөт. Өзүнө жакпагандардын бетине түкүрүп салып кете берүүдөн кайра тартпайт. Азыр да ошол адаты кармап эми баштагыдай уруксат сурап олтурбай ортодогу аянтчага чыга калды.
— Эжейлердин теңи гана чындыкты сүйлөбөсөңүздөр калгандарыңар таптакыр башка адамсыңар. Эгер кааласаңар кимиңиздер кайсы тарапта экениңерди айтып берем.
Окуучуларга ушул эле жетишпей турган, шатырата кол чооп жиберишти. Бул кол чабуу “айт, айта бер” деген маани эле. Аны байкаган Марат агай ордунан обдула турду.
— Турдалиева, эч кимдин укугун тебелөөгө уруксат жок.
— Болуптур агай, бул да сизди сыйлагандыгым болсун, бирок башкасын айтып алайын. Асыл менен Камиланын айырмасы көк деңиз менен көлчүктөй. – Окуучуларга айланта карады: – Асылды көк деңизге теңегендер кол чаап койсоңор болот?
Дээрлик баары кол чаап жиберишти. Ал эле эмес айрым жигиттер манжаларын ооздоруна сойлото ышкырып да калышты. Алардын катарында Ынтымак бар. Алдынкы катарда туран ал өзүнчө эле жыргап алыптыр. Камила кантип чыдамак, чыга качты.
Окуучулар ал жорукту азыркыга чейин унутушпай Жаннаттын эрдигине баа берип калышат. Көпчүлүк ыраазы болушканы менен Жаннат ошондон кийин отличник болбой калды.
Тыныч балдар колониясына кесилип кетпеди беле, ошол үчүн “окуучуларга татыктуу көзөмөл боло алган жоксуң” деп Дарика ордунан ыргып кетсе, класс жетекчи Гүлмира ал учурда дарыланууда болгондуктан жоопкерчилике тартылган жок. Бирок сөгүш алды. Дарика кыздын жер-жеперине жетип жүргөнү менен Гүлмира эч кандай күнөөлөгөн жок. Тескерисинче колдоо көргөзүп ар дайым мектепке баруусун суранып турат.
Асыл мектепке баруу тууралуу такыр ойлонбой калды. Кээде гана китеп бетин ачып койбосо эч нерсеге маанайы жок. Жаннат келип турат. Өйдөкү класста эки курбу кызы бар эмес беле алар анда-санда келип калышат. Алар да мектепти жакшы окушкандыктан Асылга көмөктөшүү максатында программаларды түшүндүргүлөрү келет, кыз аларга макул болбойт.

****
Нурлан Паханга жакты. Ар дайым жанында болот. Мурдагыдай көк жыттанып, сыз тарткан караңгы камера жок. Пахандын тушундагы бөлмөдө жалгыз жатат. Ичкен-жегени да өзгөчө. Айылдагы күндөрүн эсептебегенде шаардан бир да жолу мындай даамду тамак жеген эмес. Тапкан-ташыганын чыпчыргасын коротпой айылга жөнөтүп жүрүп тамак ичүү деле оюна келбептир. Бир гана ою карындашын башкалардан өзгөчөлөнтүп куурчактай жасантып, чөнтөгүнө акчаны кенен салып берип, башка жагынан бактылуу боло албаса да каражат жагынан кенен болуп атаандаш кыздардын алдында басынып калбасын деген гана ой эле.
Антип ойлочу камкор байкеси минтип бир бөлмөдө тыгылып жатса кызды ким ойлоп койду экен? Ооба уучу кур эмес Нурлан абакта болгону менен Эрлан сыртта. Ал Асылды Нурландан артык жакшы көрөт. Нурлан сыртта экенде анын тапканы Бектемир менен Асылдын кийим-кече, ичкен-жегендерине кетсе, Эрлан бирин-экин мал алып койгон эле.
Өткөндө адвокад жалдамак болуп акча керек болуп калганынан айылга барса мал түгүл балээ жок. Жалгыз кана мала уй торпогу менен калыптыр. Анан беш кой бар экен. Калганын бүт бөтөлкөгө салыптыр. Эрландын тапканы үч өгүз болчу. Андан тышкары короодо жыйырмага чукул жандык, бир бээ, эки тай бар эле. Арагың менен куруп калгыр ата, балдардын ырыскысын ылайыксыз төгүп-чачкан экен.

****
Нурлан терезени телмире тиктеп турганда тамагын көтөрүп баштагы кыз кирип калды. Бул жылдыздуу кыз дайым ушул жерде окшойт. Нурландын өзүнчө бөлмөгө которулганына бир аптага чукулдады, ошондон бери кыз маал-маалы менен тамагын алып келип, бөлмөнү күндө эки сыйра тазалап турат.
Жаш кыз атайын тамак ташуучу темир “подноско” тамактын түрүн көтөрүп келген экен. Эмненин этинен жасалган тамак экенин ким билсин, айтоор эттүү шорпо. Дагы бир жайпак тарелкада үймөк салынган коюу тамак. Ал тамак кандай аталаарын өзү деле билбейт. Ушу менен экинчи көрүшү. Өткөндө да жеп даамы аябай жагып калган. Берки жактагы тарелкада колбаса менен сыр теңме-тең тууралган экен. Үстүндө эки кесим бөлкө нан.
Кыз буларды үстөлдүн үстүнө коюп, Нурланга “тамактаныңыз” дегендей карап бөлмөдөн чыгып кетти. Нурлан кыз кирип келгенде эле тамактын буркураган жытына туруштук бере албай имериле карап калган эле. Коюу тамака көзү урунуп, кыз чыгып кетээр менен сугалактана жутууга даяр турган. Кыздын чыгып баратканда бир карап алганы аны азапка салды. Азыр эле ээ-жаа бербей турган табити кайдадыр жоголду. Жаш кыздын элеси көз алдынан кетпей Асыл карындашына түспөлдөшүп туруп алды.
– Байкушум кандай жүрдү экен. – деп сүйлөп жибергенин өзү байкаган жок. – Атаандаш кыздар мени айтып басынтып жүрүшкөндүр. Атам арагын токтотпосо ага да башын оорутуп аткандыр. – деди.
Көпкө ойлонуп тамакты таптакыр жадынан чыгарып койду. Терезени тиктеген калыбында катып калгандай тура берип, эми гана үстөлгө жакын барып темир кружканы колуна алып кайра терезеге келди. Темир ийдиштеги чай али ысык бойдон экен. Шорулдата ууртады. Ысык кружкага колу кызара күйүп калганын да байкаган жок.
Жарым саатча убакыт өткөндө бөлмөгө жанагы кыз кирди. Сыягы ийдиш бошосо “алып кетейин” деген окшойт. Дасторкондун чети оюлбаганын көрүп Нурланга карады. Нурлан бу жолу да анын элесин Асылга алмаштырды. “Бул чын эле Асуга окшошко же эмне ойлонгонго көзүмө ушундай көрүнүп жатабы” деп ойлоду.
– Атың ким болот? – Кыз уялыңкы башын жерге салды:
– Жанара…..
– Аа жакшы атың бар турбайбы. Жанара, убактың болсо бир аз сүйлөшөлүбү? – Кыз макул дегендей башын ийкеп койду.
– Жанара, менин карындашым бар, ал да сага окшогон жылдыздуу кыз. Балким жашыңар да тең болуш керек? – Кыз унчукпай койду эле, Нурлан ага жакындай келди: – Канчадасың?
– Он жетидемин. – Жигит башын чайкап алды. Оюнда, “жаш туруп бузук иштер менен алектенеби” дейт.
Кыз эмнеге антип атканына түшүнбөй кара көздөрүн бакырайта алайып карап калганда анын ушул көз-карашы бөтөнчө жагымдуу көрүндү. Бирок кичине кыздай эч нерсени ойго албай узун кирпиктерин балбылдата ирмеп койгону али жаш экенин айгинелеп турду.
– Кел Жанара! Карындашым болот турбайсыңбы, чогуу тамактаналы! – Эки олтургучтун бирин үстөл алдынан сууруп чыгып кызды карады эле ал тартынгансып;
– Сиз өзүңүз эле…
– Олтур! Олтура бер! – деп колдон ала жетелеп келип отургузуп койду: – Ырас болбодубу, жалгыз тамактангым келбей жатты эле.

****
Жакшы акча табаарын ойлогондо Эрлан Бахтардын айткандарына макул болууга аргасыз болду. Товарды биринчи жолу алып барганда эле соо иш эмес экенин билди. Алматага барганда ал жактагылар туюк коргондун ичинен жүктү түшүрүп калышты. Эрландан башка айдоочу анан дагы бирөө бар болчу. Сыягы товардын акчасын ал алды окшойт, Эрлан машинадан түшкөн жок. Ушинтип үч-төрт жолу Алматага катташып эми Орусияга жол алмак болушту. Болгондо да Эрлан жалгыз барат. Башкасы кошулбайт.
Карайлап турганда ага да макул болду. Анткени Бахтар акысын эки эсе көбөйткөн. Алжака эки жолу барып келди, бирок кожоюндун эмгек акы тууралуу кеп кыла турган түрү жок. Айласы кетип өзү сурады.
– Байке тыйын жагын кандай кыласыз?
– Аа… берем-берем. Канча керек?
– Келишкен сумманы алам да. – деп кожоюнуна таң кала карады. Оюнда “Эмне андан да көп бергиси келип турабы” деди.
– Кеп мындай дос. – деп сөздү алыстан баштады. – Эрик? Азырынча акыңдын төрттөн бирин берейин! Антпесе менде да көйгөйлөр болуп жатат.
– Мага да аябай керек болуп жатты эле. – деп Эрлан аргасыз жолго түштү.

****
Канчалаган мугалимдер, курбулары келсе да Асыл көшөрүп мектепке барбай койду. Үй оокаттарын жасаганы болбосо кечке эле жатканы-жаткан. Мурдагыдай короо толо мал да жок. Жалгыз мала уй. Аны эртели-кеч карап, чөбүн салып, суусун берип турат. Апасын көп ойлочу болду. Кээде боорсок жасап жыт чыгарып турат.
А бүгүн болсо эмнегедир бир кызык болуп жатат. Кандайдыр бир жамандык болчудай болуп жүрөгү кабынан чыга түрсүлдөп алган. Атасына эртең мененки чайын бергенден кийин бөлмөсүнө кирип жатты. Мандайында Салиманын сүрөтү турат. Бирок эмнегедир ал шылдыңдай күлүп аткандай көрүндү. Кыз ага ачууланды.
– Апа, сиз күлүп атасызбы? – Ордунан туруп сүрөткө жакындай келип, алаканы менен чаңын тазалаган болуп сүртүп койду. Чаң деле эмес, бирок ошондой кылды.
– Апа сиз мени шылдыңдап жатасыз окшойт…? Эмнеге башкача болуп калгансыз?
Кыз ушуларды айтып сыртка чыгып кетти. Апасынын мыскылдап жаткандай кебетесин карап турууну каалаган жок. Бектемир болсо эртең мененки чай даяр болсо ичет, болбосо ачкарын деле жолуна түшөт. Кудум жумушунан кечиккендей ашыгып жөнөйт.
Ушул күнү күн да башкача чайыттай тийип турду. Асманда токум булут жок. Мелтиреп көп-көк. Асыл мындай аба ырайын көп жактыра бербейт. Себеби дал ушундай күн жаркырап турганда апасынан айрылган. Алма гүлдөп, жаратылыш жарашыктуу кооз көйнөгүн кийген кезде айрылган. Ошондон кийин күндүн чакчыя тийүүсүн каалабайт. А бүгүн дал ошондой болуп турат. Али чилде чыга элек февральдын акыркы айлары болсо да күн башкача жылып алган.
Үйгө кирсе апасынын сүрөтү. Сыртка чыкса күндүн нуру… Эмне кылаарын билбей калды. Көчөнү көздөй басып, тосмо четине туруп калчу эле, жай баракат барып тосмого жөлөнө кетти. Башын жерге сала тосмого канча жөлөнүп турганын өзү билбейт. Ойго чөгүп кетиптир. Карды кыртылдата басып келаткан дабышты укканда өзүнө келди.
– Кандайсың Асыл карындашым? – Бакыт тушуна келип калыптыр. Кыз ыңгайсыздана түштү.
– Жакшысыңарбы?
– Биз Кудайга шүгүр. Өзүң жакшы жүрөсүңбү? Ооруп жатат деп угуп… Малдан бошобой сурап да келалбай койдук.
– Жакшы элемин. Бир аз састымоолоп…. – деп кыз кызыктай боло түштү.
– Ии… сасык тымоо болсо бейли ачуудан жеп, жылуу оронуп жатсаң айыгып каласың. Мен да коркуп жатпайынбы. – деп Бакыт сүйүнө түштү.
– Жок жакшы элемин. Гүлзат жеңем жакшы жүрөбү?
– Аа баса сүйүнчү? Жеңең уул төрөдү. – Бакыт жүлжүйгөн көздөрүн ого бетер жүлжүйтө күлүп алды. Анын кубанчын тең бөлүшкөндөй кыз да ууртунан жылмая колун ага узатты.
– Бешик бооңуз бек болсун! Куттуктайм.
– Ой рахма…ат. – деп көчөнүн аягын бир карап алды: – Жүрбөйсүңбү үйгө! Жеңең жалгыз олтурат?
– Жок байке башка жолу болсун.
– Мейли өзүң бил! Бирок үйгө тез-тез каттап тур! Мен көп учурда тоодогу сарайда болуп, жеңең жалгыз калчу болду барып тур! – деп жолун улап кете берди.

****
Эрлан жөн ишке аралашпаганын биринчи күнү эле билген, бирок акчаны ойлоп “бир-эки жолу жиберген жагына барып акымды алып бул жактан кетпесем болбойт” деп жүргөн. Ошондон бери чыга албай жүрөт. Андан бери Алма-Атага он чакты жолу, Орусияга үч жолу барды, бирок кожоюн келишкен акчаны берүүнү такыр ойлоно элек. Ар дайым шылтоо даяр. Алтургай акча сураганда;
– Келе элек жатып акча сурайсың. Сен эмес сенден мурункулардын акысын бере албай жүрөм. – деп койду. Жигит:
– Башкасына башым оорубайт. Меникин эртелетиңиз! – деп акысын алмайын эч кайда жылбай турган болду эле;
– Эми бир барып кел, анан так эсептешип мени менен коштошуп кете бер! – деп жоошутту.
Ал акмак, картаң карышкыр. Көп жигитти минтип сайга салган. Иштетип алат да акырында бир балээни ойлоп табат. Ал кылганы акы төлөөдөн качканы. Жигит аны кайдан билмек, мейли ушунда бир барып келейин анан акымды берсе, бербесе да бул жерден кетем. Буга окшогон калпычыны желкемдин чуңкуру көрсүн” деп жолго аттанды.
Эрлан жанына бирөөнү алып машина менен барчу, бу жолу жалгыз поездге салып жиберишти. Бардыгы план менен экени даана билинди. Өзү түшчү вокзалга азыраак жетпей текшерүү жүрө баштады. Эрлан байкуштун ушул учурдагы абалы өтө оор эле. Жүк салынган вагонду текшерип жатышканда эле айласы куруду. Кудайга миң жалынды бирок болгон жок. Милициялар аны көздөй басышканда терезени көздөй жүгүрдү. Мына айнекти талкалап секирмекчи болуп башын чыгара бергенде эки милиция келип шыйрактан кармап калышты. Белине чейин сыртка чыга түшкөн экен, алынын жетишинче тарбалаңдап бошонууга ашыкты. Бошонгон күндө деле жыргал жашоо күтүп турган эмес. Өлмөк. Эти карга-кузгунга таланса, сөөгү асман алдында чиримек. Тепкилеп каршылык көргөзгөнүнө карабай буттан тартып алышып колуна чынжыр байланып торго камалды.

****
Нурлан Жанара менен көп сырдашчу болду. Мурда жөн гана карындашына окшоштуруп аны көрүп Асылга болгон сагынычын аз да болсо таратып жүрсө, эми дал эле Асылдын өзүн көргөндөй болот. Кээде атайын жанына отургусуп алып бетинен өпкүлөп, чекесинен жыттагылап алчу болду. Бирок башка ойдон алыс. Жөн гана Асылды эркелеткендей эркелетет. Кызга ачык эле, “жаман ойлобо! Сени көргөндө карындашымды көргөндөй болом. Андыктан өпкүлөп алайын” деп алдынала айткан эле.
Кыз башында ыңгайсыз болуп жүргөнү менен кийин көнүп кетти. Алтургай мындайды чыдамсыздык менен күтчү болду. Нурлан экөө күндө бир маал чогу болушат эки-үч саат ар нерсени кобурашып олтурушуп анан бөлүнүшөт. Нурлан ага ар дайым агасындай мамиле кылганы менен, ал башкача кыялданчу болду. Өзү жаш болгону менен жигитти катуу сүйүп калды.
– Кандасың Жанарка? Мен сени катуу сагынчу болдум го…
– Мен да сизди сагындым. – деп кыз маңдайына келди.
– Жанарка? Мен сага бир суроо берейинби?
– Мейлиңиз. – деп кыз жадырай түштү.
Оюнда, “сөз айтат. Сүйүүсүн билдирет” деп аткан, бирок андай да болгон жок. Нурлан ага таптакыр андай кыла элек. Кылдайт да болуш керек. Себеби ал карындашындай гана жакшы көрүп жүрөт.
– Сен эмне мынча сулуусуң? – Кыз “билбейм” дегендей ийнин куушуруп койду.
– Карасаң.. .! Ой тобоо… ушул жерлериң да карындашыма окшошуп кетет экен. – деп маңдайында Жанара эмес эле Асыл отургандай дагы бир ирет суктана карады.
– Карындашыңызды аябай жакшы көрөсүзго ээ?
– Сен кандай ойлойсуң?
– Байкашыма караганда бөтөнчө жакшы көрөт окшойсуз? – деп жооп күтө карады.
– Туура таптың. Мен Асылымды аябай жакшы көрөм. Сени да ага окшотуруп жактырып калдым. Анан өзүң ойлой бер, сени ушунча көрүп жаткандан кийин карындашымды кандай көрөөрүмдү.
Кыз анын айткандарын укканда көзү жашка толо түштү. Нурлан “буга эмне болду, мени кызганып атабы” деген ой мээсин аралай өткөндө “жинди болбочу, бул али кичине кыз” деп баштагы оюн араң токтотту. Кыз мурдагыдан да күчөп, “баррр” деп ыйлап жиберүүгө араң турган экен. Сулуу көздөрү жашка толуп жылтырап чыгыптыр. Ансыз да күн көрбөгөн өңү куп-куу тартып жалжылдайт.
– Жанарка сага эмне болду. – деп ордунан тура жакындай келип ийинден кармаганда кыз башын тескери бура жүзүн ала качты.
– Карындашым… сен ыйлап атасыңбы?
Кыздын көзүнөн жипчеси үзүлгөн шурудай болуп жаш ыргып кетти. Анан ээ боло албай калды көрүнөт үнүн чыгарбай тескери караган калыбында тынч ыйын улантты. Эми анын көз жашы шуру эмес эле, байламтаны бузган сугат суусундай күргүштөп агып кирди. Нурлан сооротподу. Жөн гана желкесин ушалап, солкулдаган арык ийиндерин кармалап тура берди. Оюна Асыл түштү. “Ал да ушинтип ыйлап жүргөндүр” деп ойлоду. Эми акылына келгендей кызды так көтөрө колуна алды. Кыз да араң тургансып эки колун анын мойнуна арта салды.
– Болду ыйлабачы! Сени мындай абалда көргүм келбейт.
Кыз коюп калган жок. Жигит кучагында ого бетер күчөдү. Нурлан эмне себептен мынчалыка барганына дале башы жете элек. Кызык, мынча эмне болду? Башында кайраттуу кыздай эле көрүнбөдү беле же жакындарын эстедиби? Жакындары болсо муну бул жака ким жибермек?
– Жанар болдучу! Азыр мен да ыйлайм. – Кыз ыйын тыялбай жатып беркини жөнгө салган болот.
– Си-си-сиз ый-ыйлабаңыз! Сизге жа-жарашпайт. – деп мукактанды.
– Анда сен да “ыйлабайм” деп сөз бер! – деп кыздын жашын сүртүп бетинен сүйдү. Көз жаш ушунча шор болот экен, тим эле туздуу суу ичип алгандай Нурландын эрдинен кекиртегине чейин ачуу даам келди. Кыз “макул” дегендей башын ийкеди:
– Бай-ке-кемди эстеп ке-кетпедим-би….
– Туура эмес суроо болсо кечир! Байкең кайда?
Кыз ыйын тыйып, жашын аарчып алды да башын Нурландын көкүрөгүнө жөлөп, үй-бүлөөсү тууралуу божурай баштады. Мурда сураса “башка жолу айтып берейинчи” деп койгон эле.

****
Асыл ал күндү ошентип ыргылжың өткөрдү. Эртеси эртең менен Эрландын эң жакын досу келди. Ал короочу иттен коркуп тосмонун сыртында турган экен, Асыл чыканда жакындай басты.
– Кандай Асыл? Бектемир байке үйдөбү?
– Жок көчөгө чыгып кетти эле. Жай элеби?
– Ооба. – деп артка бурула бергенде анын жүзүндө кандайдыр жагымсыз маанай бар экенин байкап, суроосун кайра жаңыртты:
– Байке мага деле айта бериңиз, келген себебиңизди.
– Асыл, мен жакшы иш менен келген жокмун. Сага айтып көңүлүңдү кирдетким келбей турат.
– Айта берсеңиз! Ушуга чейинкисин угуп туруп кантип чыдайм? – деп жүрөгү түпөйүл тарта жалдырай жооп күтүп калды. Эрмек да айтаар, коерун билбей ыркылжың боло түштү. Кыздын баштагыдан да чыдамы кетти. “Эрлан байкеме эмне болмок эле, Нурлан байкеме бир балээ болгон экен” деп ойлоду.
– Эрмек байке? Айтсаңыз Нурлан байкеме эмне болуптур? Деги аманбы? – Жакындай келип жулкулдатып жиберди: – Айтсаңызчы жаман болуп баратам?
– Нурлан жакшы, Эрлан байкең… – деп жулунган кыздын айбатынан айбыга делдирей туруп калды.
– Эрлан..? Ага эмне болуптур?
– Милициялар кармашыптыр.
– Эмнеге? Эмне үчүн? Кайсы күнөөсү үчүн?
Шордуу кыз бар күчүн жумшай бакырып ыйлап атты. Андан да Эрмекке кыйын болду. Же таштап кетип кала албайт. Же бирөө-жарым келип калсачы. Араң дегенде колтуктап үйгө киргизди. Ар кайсыны айтып жоошутуп атты. Кыз ага болгон жок, ыйлай берди. Ал, “камалды” деген сөздү укканда эле ушунча болду, кокус баңизат менен, болгондо да башка өлкөдөн кармалганын укса жүрөгү жарылып кетпесе болду.
Эч нерсени куру кетирбеген Анипа, “бул кызга ким келээр экен? Ким менен көрүшөөр экен” деп терезеден көзүн албай олтура берет окшойт, кечээ күнү Бакыт келгенин көрүп, көрүп эле тим болбой эки-үч аялга айта салууга жетишиптир. Ал үчөө үчтөн тогузга айтпай жандары жокпу. Айыл дагы бир “дүң” деди. Барынан да бир сутка болуп-боло электе Бакыттын аялы Гүлзатка да жетиптир. Ал Бакыт экөө тең Асылды жакшы көрүшчү. Асыл аларга бат-бат каттап тураар эле. Жанагинтип элден качып калгандан кийин алардыкына барууну да токтоткон. Гүлзат көпчүлүктүн арасында Асыл тууралуу жаман кеп укса таламын талашып болуша кетээр эле. Өзү жыйырма бештеги жаш келин болгону менен, улуу аялдарга ачуулана айтыша кетчү. Асылды “бузук кыз” дегендердин бетин апчып туруп жулуп алгысы келе турган. Аа эми минтип ал кыздын койнундагы эри менен болгон кылыгы ачыла баштады.
Буркан-шаркан түшүп Асылга азыр жетип баргысы келди. Кыш күнүндө кечээ эле төрөлгөн баласын кайда таштайт? Көтөрүп алганга да болбойт. Айласы кетти. Бакыттын “Асылдай кыз жок. Акмактар бок жеп атышат. Ал кыз өлсө да андай ишке барбайт. Тентек балдар сулуулугуна суктанышып көчөдөн ышкырып коюшса араң турган аялдар кумурсканы “төө” деп атышат да” деген сөздөрүн эстеди.
– Сулуу де! Демек сулуу экенда? – деп эрдин тиштенди. – Мен аны “жакшы кыз” деп жүрсөм…. Көрсө анык бузулган кыз экен да.
Ага дагы бир ой келди. Бир ай мурда үйүнө келип көпкө олтуруп кечинде кетмекчи болгон. Кеч кирип калганын айтып, “бүгүн биздикине эле кал” десе, “жок атам сарсанаа болот” деп болбой койгон. Анан Бакыт жеткирип келген эле. Ошондо аябай кеч келгенин эми эстеди. “Эмне кечиктиң” деп сураса, “жолдо балдарга кармалып калдым” деген болчу. Эми ойлосо күйөөсү ошондо бирдин ичинен чыккан экен. Андан бери Асыл да келе элек, демек баары анык.
Наристесин уктатып коюп сыртка чыкты. Көчөнү карай басты эле улуу кызы артынан ээрчий ыйлап жөнөгөндө бар күчүн андан чыгара бакырып туруп көтөндөн ары бир салганда беш жашар кыз чымылдаган бойдон үйдү карай учуп-күйүп жөнөдү. Жолдо бараткан балага бир барак бекем бүктөлгөн кагазды карматты.
– Эч кимге бербей Асылдын өзүнө алып бар! – деп чөнтөгүндөгү таттууну уучтап баланын кызмат акысына берип, өзү үйүн көздөй басты. Ачуусу тарачудай эмес.
– Арам жетим. Шерменде десе. – деп үнүн чыгара кобуранып үйүнө кирип кетти.
Чындыкты кайда жашырышмак эле? Айтылчу кеп акыры айтылат да. Эрмек баарын айтып берди. Асыл эстүү кыз. Башкалар сыяктуу чачын жулуп, өз бетин өзү апчып алчу обу жоктордон эмес да… акырын гана олтуруп алып көз жашын төктү. Анын ушул көрүнүшү Жанарага аябай окшош болчу. Бул эки кыздын өң-келбеттери башка болгону менен мүнөздөрү, анан ушунтип ыйлагандары укмуш окшош экен. Азыр Нурлан көрсө “Жанара” деп жибериши толук мүмкүн эле.
Керелден кечке жашы тыйылган жок. Атасы кайда экени эч кимге белгисиз. Эрмек болсо ошондо эле кеткен. Бектемирди таппай жүрөт. Ал Асылды колтуктай үйгө алып киргенин Анипа көргөн. Сайкалды чуркатып Сагина жеңесин чакыртып алган экен. Эрмектин чыгышын күтүп көпкө көз ирмебей терезени сагаалашты. Эрмек оо көптө барып чыкты. А да жөн чыкпай курткасын колуна көтөрүп чыгып, сырттан кийип жатпайбы.
– Мына сага. – деп эле беттерин чымчып олтуруп калышты. Жок-жок кайдан олтурмак, дароо ишке өтүштү. Элге жайышты.
Башка кайгы кызга аз болуп калгансып түш оой Гүлзаттын каты келди. Бирок ичине эч кандай деле маанилүү сөз жазылбаптыр. Жөн гана “сөзсүз мага келчи! Сүйлөшчү сөз бар. Шылтоо таппай сөзсүз кел!” – деп жазылыптыр. Өзү кайгынын камагында, азаптын абагында жатса кайдан бармак? “Жеңе кечирип коюңуз, бара албайм. Себебин кийин айтам” деп кайра эле ошол баладан берип жиберди.
Гүлзат жакшы келиндей эле кебетеси бар эле.. Эмне мынча ушак сөзгө арбалып калды экен? Деги кызганычтын айынан кызга зыяны тийип калбагай эле. Катты окуп алып аз гана жерден жинди болуп кете жаздады го.
Ал түнү Бектемир келбей калды. Асыл дайым атасы кечиккенде кабатыр болуп, эл таанылбай калган учурда көчөгө чыгып дүкөндөрдүн тегерегинен же ичкич досторунукунан таап келчү. Бу жолу анткен жок. Сыртта калса тоңуп калат деген ой мээсине кирген да жок. Өз азабы гана жетиштүү болду.
– Демек ушул үчүн күлүп жаткан экенсиз да. – деп апасынын сүрөтүн карап жактыра бербей тетири карап жатып алды.
Эми кайдагы уйку. Эрлан эмне болот? Чын эле өзү күнөөлүү болду бекен же Нурландай болуп жалган жалаа мойнуна элинип калды бекен? Жоок чын. Болбосо Орусияда эмнеси бар. Оокатыбыз өтпөй калса да ушундай жаман жолго барып акча таппай эле койсо болмок да. Эми ал да тиги Нурлан байкемдей көп жылга соттолот. Мен эмне кылам? Эми менин кимим калды? Атамбы? Атам үйгө деле токтобойт. Эч нерсе менен иши жок. Мен эми кимди күтөм? Кимге эркелейм? Оо Кудай…? Мени апамдын жанына жеткирип койчу! Бул жакта жалгыз калдым. Кыйналып кеттим. Мен чын эле жаман кыз окшойм, элдин көбү жактырышпайт. Мен тарапта азыраак кана адамдар бар. Алар деле четинен жээрий башташты.
Өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап жатты. Турууга дарманы калган жок. Түндүн бир оокуму. Демейде жалгыздыктан коркчу эле бу жолу коркууну эсине да албады. Болгон ою агаларынын жана өзүнүн келечеги. А атасынан таптакыр үмүтүн үзгөн.
Бактылуу күндөрүн эстеди. Апасы ар дайым жанына ээрчитип алчу эле. Жалгыз кыз, ананда бир үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-энесинен да агалары ашыкча эркелетишчү эмес беле. Салима кызы жетинчи классты окуп калганда каза болбодубу. Чоңойгонуна карабай апасынан калчу эмес да. Аш-тойлорго болобу, коңшу-колоң болобу дайым апасы менен эле. Кайсы үйгө барбасын “Асыл кыз асылдын асылы го.. Бу кызыңдын колун сураган жуучулар көп болотко. Карачы эмитен эле жибектей созулуп, кокуй оокатка бүйрөсүчү” дешип алды артынан алкап жүрүшчү апасынын курмулары эми кайда? “Ушул кызыңды келин кылып алам го” деген атасынын досторучу? Баары жок. Баары Салима менен кошо кеткен. Бул дүйнөдө ал адамдардын сөлөкөтү гана калган сыяктуу. Азыр атасынын достору: “Бектемирдин үй жагынан көрсөм бутуңду сындырам, башыңды жулам” деп балдарын опузалашса, апасынын курбу келиндери: “Салиманын кызына кошулба! Жамандын кесепети тийет. Сен канчалык таза болсоң да, анын жанында жүргөнүңдү көргөндөр сөз кылышат. Ал абдан жаман кыз болду. Жаш балдар аздык кылгансып Бакыт менен да байланыша баштаптыр. Бейиши болгур Салима муну кыйындыгынан эле кармап жүрсө керек. Жарыктык неме башкалардай кылып кененирээк да ойнотчу эмес эле, керелден кечке оокаттан башы чыкчу эмес. Бир жака басса ар дайым ээрчитип алчу” дешип болушунча кызды жамандап, өз кыздарына аны мисал кылып акыл айткан болуп калышпадыбы.
Эх жалган дүйнө, жалган дүйнө? Ушул жамандагандар баары чогулуп, кыздары, күйөөлөрү, балдары баш болуп ушул бечара кыздын тарткан азабы аларда болсо чогулуп көтөрө алышаар бекен? Баары бир миндик болуп кыздай чыдамкай боло алышаар бекен? Балээнинби? Азыр эле өлуп тынышаар. Кызды жамандаганды коюп өз кыздарын билип, тескеп алышсынчы! Алардын кыздарынын бири да Асылга тең келе алышпайт. Мейли билим. Мейли иш адеп, сый, тарбия жагынан. А өң-келбет, өнөр жагын айтпай эле коелу. Кой дээр эч кими жоктугуна карабастан өзүн тартиптүү кармайт. Тиги кыздар болсо аталарын айкыртып, апаларын чаңыртып, агаларын болсо тоготуп да койбой мейли концертби, олтуруш, кечеби…, каалаган учурда кете беришет. Асыл андай жерлерге апасы тирүү кезде эки гана жолу барган. Жаннат анан Ынтымактыкына. Башка эч бир жерге барган жок. Бирок илээшкек имиш сөздөр эрчигени- эрчиген.
Тынбай ыйлай бергенгеби, кыздын алы кетип чарчап калыптыр. Көпкө ыйлап көз жашы деле соолуп калса керек, мурдагыдай нөшөрлөгөн ачуу суу азайып калган. Оюна бир нерсе келди.
Тайенеси менен жалгыз тайкеси бир күндө каза болгон. Ошондо Салима үч ай көз жашын тыйган эмес. Анан көп өтпөй Бектемирдин эки иниси көчкү алдында калып набыт болду. Ошондо келгендер Салимага: “Ыйыңды токтот! Ый артынан ый келет. Жамандык-жамандыкты гана чакырат” – дешкен эле. Алардын айткандарын эстеп кайратка келди. Дагы бир ою “ошол байкемдер же тайкем менен тайенем аман болсо мындай кыйналбайт элек” дейт. “Атамдын да, апамдын да эч кимиси жок болуп калганын карачы” дейт. Анан кайра эле бышактайт. Башкалардын жашоосуна суктанат. “Сайкал же Камиланы карачы! Ата-энеси, бир туугандары маңдайында. Атасынын, апасынын туугандары да келип турушат. Чоң ата, тайатасыныкына барышат. А менде алардын бири да жок” деп ыйлайт. Кайра туруп; “менин деле атам, байкелерим бар. Алар буюрса жакында кутулушат” деп өзүн сооротуп коет.
Акырын ордунан копшолуп турмакчы болду эле, денеси оорлошуп ооруксунуп калыптыр. Кайра жата кетти. Ичке колдорун иймейтип алсыз өйдө узатты да эбак шор болуп кургап калган бетиндеги жашты арчымыш болду. Бирок жаздык али кургай элек. Сыгып алма болуптур. Кыймылдабай эле жаткандай болгон бирок жаздыктын бети чоң табактын көлөмүндөй жери тептегерек болуп ачуу жашка чыланып калыптыр.
Ордунан оор козголуп олтурган тейде жаздыктын сырткы шейшебин сыйрыды. Анан ичкисин да чыгарып алды. Өтмө катарына өтүптүр. Ары жагы дале былчылдайт. Аны ары коюп, сыйрып алган эки катты колуна алып өйдө болду. Кургагын айырбаштамак окшойт, ага жетишкен жок. Салиманын сүрөтүн көрүп;
– Апа…а… – деп алды да эсин жоготту.
Айыл ичи тегиз уйкуда. Көчөдө жаштар бар окшойт, Сак-Кулактын чарылдаган үнү басылбайт. Кыз али эсине келе элек. Ушул айылда дагы бирөө уйкусуз түн өткөрүүдө. Бузуку катындардын ушагына баш оту менен ишенип алган Гүлзат, Бакыт менен Асылдын бир төшөктө жатканын элестетип жаны жай албайт.
– Өлүп кеткир канчык. – деп кыздын жер-жеперине жетет.
Балдарынын таттуу уйкуда жатканын көрүп, Асылга барып азапты көргөзүп келүүнү ойлоду. Бакыт тоодогу сарайда эмес эле, Асылдын койнунда жаткандай элес көз алдынан кетпей туруп алды. Ордунан туруп жарыкты жандырды. Эч нерсе менен иши жок наристелер уйкуда. Аларды кымтылап жаап, өзү жылуу кийинди. Ооску бөлмөгө чыгып, санаасы тынчыбай кайра кирди. Жакшы эле уктап жатышат. Азыр ойгоно калышчудай эмес. Андай болсо барып келүүгө жетишет.
Бутунун учу менен мышык басышка салып илкий сыртка чыкты. Үйдү да кулптоону ойлогон жок. Ага кеткен убакытты тигил жактагы шайтандарга коротууну эп көрдү. “Экөөнү тең кармап алсам балталап салам. Жок шерменде жалгыз болсо арам төшөгүнө тумчуктурам” – деп күбүрөнө жолго чыкты.
Теребел тынч. Ай сүттөй жарык. Демейде күн ачык болсо аба бир топ суук болчу эле, бүгүн жылуу. Балким жаздын белгисидир? Күндүзгүдөй жарык болгондуктан коркуунун кажети жоктой. “Ак чөлмөк” ойносо сонун болчудай. Бирок кайдагы оюн? Бирин-бири жээрип, минтип алсыздарды ажалдын алкымына такап турушса?
Тосмодон чыгып бир аз ойлонуп көрдү. Туура эмес кылып жаткандай. Аны өлтүрүп салгандан эмне утат? Жок андай кылбай койсо Бакытын кантип ал менен бөлүшөт? Ушуларды ойлоп чымын-куюн болуп көздөгөн жагына жөнөдү.
Асыл көптө барып эсине келди. Дале жата бермек беле муздак пол болбогондо, алдынан сыз өтүп кеткенде эсине келди. Эмне болуп кеткенине акылы жетпей эс-мас абалда муздак дубалга жөлөнүп отура берди. Керебеттеги жаздык иретсиз кыйшайып жатат. Жаздык каптын бири төркү бурчка ыргып кетсе экинчиси билегине оролуп калган экен. Көптө барып дубалдагы илинүү сүрөткө көзү түштү. Аны деле эстеп караган жок, жөн эле көз карашы ошол тарапка тартылып калды. Бечара кыз дагы бир жолу:
– Апа….а… – деп алып сыртты карай качып жөнөдү.
Бу жолу эсин жоготпоптур. Сыртта жүрдү. Аба канчалык жылуу болгону менен кыш деген кыш. Түн деген түн. Жатуучу ич кийимчен сыртта жүрүү оңой эмес ко, калчылдап чыкты. Бутта болсо коңулдак көлөч. Батек салынганына карабай жердеги сызды мээге чыгарат. Мындай болбойт! Кайыгып калчудай. Үйгө кирмекчи болуп баратып жанагы көрүнүштү эстеп кайра кетенчиктей түштү. Биринчи коркуп эсин жоготчуда Салиманын сүрөтү тескери илинип калыптыр болчу. Экинчи көрүшүндө эч нерсе болбогондой баштагы калыбында. Бирок жыгач аякка толтура аппак суюктук куюлуп аны кызын карай сунуп турган экен.
Булардын барын көз алдынан өткөрүп атты. Сүрөт төрт мыкка илинген. Чала илинсе жерге түшүп калмак. Кыйшаймак эмес. Бир нерсе сунганычы? Же эмне “коркконго кош көрүнөт” болуп атамбы? Жок андай эмес. Анык көрдүм.
Ушинтип тепкичте көпкө олтурду. Тим эле калчылдайт. Тишке-тиш тийишип, тырсылдаган үн чыгат. Жанаарак үйдөн чыкканда “Сак кулак” куйругун шыйпаңдата жанында эрмек болуп жалгыздыгын билгизбей жүргөн. Эми а да сууктан корунуп күпкөсүнө кирип кетиптир.
Үйдүн сырткы жарыгы ар дайм күйүп турат. Андан тышкары көчө жактагы зым карагайдын башында да чооң жарык бар. Анын жаны бекем экен. Тээ Бектемир иштеп турганда эле койдурган. Ошондон бери бир эс алып койбой түнкү караңгылыкты жеңип келет. “Көчөдөн кимдир бирөөлөр өтүп же Анипалар көрүп калышса сөз кылышпасын” деп балта-чот койчу кампанын ичине кирип жарыгын жандырса атасынын эски купайкеси илинип туруптур аны жонуна илип алды. Ары жактагы тыкыя оролгон чүпүрөк мүшөктөрдү бийик тактайга төшөп үстүнө жата кетти.
Уйку кайда, үшүбөсө болду. Бактылуу күндөрүн эстеди. Тагдырына түк кейиген жок. Мурдагысындай башкалардын бактысына суктанган да жок. Наалыган да жок. “Бизде да жакшы күндөр болоор. Кудай куру жаратпаган чыгаар” деп кана жата берди. Таттуу кыялга батып үшүгөнүн да унутуп койду.
Канча жатканын өзү билбейт ит үргөндө эсине келди. Жылый түшкөн ордунан козголгусу келген жок. Сайкалдын көк дөбөтү бир гана “борс” деп басылды. Сак кулак тынчудай эмес. “Эмне бирөө жарым келдиби? Атам досторун ээрчитип келаткан го” деп кыз сүйүнүп кетти. Атасы келсе эч нерседен коркпой жылуу үйдө дырдыйып жатмак да.
Текчеден тездик менен секирип түшүп кампанын каалгасын ачмак болгондо Сайкалдын үйүнөн бирөө чыккандай болду. Каалга ачылгандай добуш болгон, жок каалга эмес терезе ачылган экен. Суука тоңуп калган терезеден “кытыр” деген үн чыгып атыптыр. Аңгыча Сайкал секирип түшүп көчөнү карай басты. Көп өтпөй солдойгон бирөөнү жетелеп тамдын алды менен короо тарапка өтүштү.
Асыл арам ой ойлоого батынбадыбы же атайын эле андайдан алыс болууну туура көрдүбү, шыкча болжогон жок. Бирок эмне болуп кетээрине кызыкты. Дабыш чыгарбай кампадан чыгып тигилерди аңдымак болду эле, Сайкалдын мал короосун айланып өткөн жуп, ал жактагы бир аяк жол менен кыздын короосуна киришти. Жанагы неме Сайкалды жаш балача алдына көтөрүп алган экен. Ошондуктан жакын жердеги Асылды көрбөй калышты. Сайкал тетири карап, жигит анын далдаасынан байкабай калышты көрүнөт. Кыз шап бурчка бекинди. Тигилер жыйылган чөптүн коңулуна кирип кетип үндөрү да чыкпай, өздөрү да көрүнбөй калышты.
Мына кызык. Эми эмне болот болду экен? Кыз тигилердин ит оюнун мындан аркысына кызыкпады. Кампасына кирип кетейин дейт, тигилер көрүп коюшса “айгак болбосун” дешип өлтүрүп салыштары толук мүмкүн. Тиги жактагылардын тынчтыгы бузулуп үндөрү чыга баштады.
– Ая, чыда. Ах-ох……..
Башта мындайга көнбөгөн неме “эмне кылса ошо кылышсын” деп баштагы коркунучун унутуп, тигилерди карап да койбой жииркене кампага кирип жатып алды. Жанагы жагымсыз үндөр кулагына жаңырып эсинен кетпейт. “Мени айтып коюп, өзү бузулган турбайбы. Мен да өзүнө окшоп элге жаяйын” деген бузук ой мээсине кирмек тургай оюна да келген жок.
Жанакы үндөр угулган сайын Саккулакта тынчтык жок. Жакындоого даабай обочороок туруп алып бузуктарга чыпылдай үрөт. Сайкалдын көк дөбөтү ошондо эле уйкуга кеткен.
– Ээ эмне эле жаагын жанат? – деп иттин үргөнүнөн уйкусу качкан Топорбек күңкүлдөп алды.
– Жанагы шерменде дагы бирөөлөрдү чогултуп алгандыр да. – деп Анипанын Асылга жинденгени токточудай эмес.
– Ой курган кыз, бешиктен бели чыга элек жатып…
– Түндө Кызматчы келбей калганго?
– Ооба көрө алган эмесмин. – деп келинчегин бекем кучактап алды.
Ал ушул маалда Асылдын кимдир бирөөлөр менен болуп жатканын элестетип делебеси козголду. Анын аппак денесин эңседи. Асылда сулуулук, бой-келбет деген ашыкча эле. Ата-энеси сөөк саактуу болгондуктан, аларды тартканбы бою кыйла узун. Араң онунчу класс болгону менен мектепти жаңы бүтүргөн он сегиздеги кыздардай соңкоет. Дайым эмгек менен жүргөндүктөн ашыкча эт анда жок. Он жети жаш жетилүү курагы эмеспи, жаңыдан бөрсөйүп келаткан төшү кийимдерин тириеп көргөндүн сугун арттырбай койбойт.
Кимдир бирөөлөрдөн кызганып, азыр чуркап баргысы келип Анипадан айбыгып турду. Сулуу кыздын кал менен шөкөттөлгөн аппак бетин аймалагысы келди. Ичинен “та ссени бир көрбөсөмбү” деп шилекейин жутуп алды да, өзүн басыш үчүн жаман аялын жалмап кирди.
Асыл сыртта жүрүп кыйла үшүп калган экен. Таза жылый албай койду. Орду да муздап калыптыр. Диртилдеп ээги-ээгине тийип бир орунга тура албайт. Үйгө киргенден дале коркот. Үй тарапка көзү уруна түшсө эле бүткөн бою “селт” дей түшөт. Сайкал үйүнө кирип баратканын көрүп, “мени менен жатчы же өзүңдүкүнө киргизип койчу” дейин деп даабай койду. Жалгыз гана Саккулакка ишенмей болду. Ит күпкөнүн оозуна барды:
– Күчү-күчү. Ме… – деп куру алаканын көргөзүп калды эле күчүк сыртка чуркап чыкты.
– Кечирип кой, менде эч нерсе жок. Эртең сонун тамак берем. Азыр мени өзүң менен алып жатчы!? – Эч нерсе бербесин билгенде күчүк жылуу ордунан козголгонуна өкүнгөндөй күпкөсүнө кримекчи болуп бурула берди.
– Ээ-эй сен каяка? Мен сага коноко келсем…. Ушу сен да жактыргың келбейт ээ? – деп ачууланып кичикий күпкөгө шыкала кирип алды. “Жылуурак болсун” деп күчүктү бооруна кысып алган. Ал кыңкыстап жатып аягында көнө түшүп тынчыды.
Бул күпкөнү күчүк үшүбөсү үчүн күзүндө чоң эмгек менен өзү салган. Ээриккен кыз калың кыштан ылай бастыра дубалын тургузуп, үстүнө кырчын таштап, ылай, күл төшөгөн. Анан жамгыр эзип кетпеши үчүн калың темирди үстүнө бастырып койгон. Ичине кык төшөп,андан соң эски кийиздерди салып койгон эле. Өзүнчө эле сонун көрүнүп баратканын байкап, биротоло кооздону чечкен. Ичи-тышын майлап, актап койгон. Ички дубалына да арткан кийиздерди жабыштырып койгон экен. Ошол эмгегинин акыбети кайтып минтип баш калкалап олтурат.
Жолдун тең ортосуна жеткенде Гүлзаттын кулагына баласынын ыйлаганы угулуп туруп алганынан санаасы чыдабай артка кеткен. Түнү бою түйшөлүп уктай албай чыкты. Эртеси да ою бир жерде болбой койду. Кудай жалгап кошунанын тестиер баласы келип калган экен. Ага “баланы карап турчу! Мен дүкөнгө барып келе калайын” десе ал ыйлактап болбой койду. Анан балдарына бербеген таттуларды ага берип, колуна адаттагыдай бир барак катты берип жөнөттү.
Кызды кышкы суук жөн койбогон экен. Катуу ооруп калды. Эртең менен жерге жарык киргенде үйгө кирген. Өзүнүн бөлмөсүнө киргенден чочулап, оозгу бөлмөгө чүмкөнүп жатып калды. Кечинде калаган көмүрдүн табы али өчө элек экен. Мемиреп жып-жылуу. Таза жыйналган бөлмөнүн төрүндөгү көлдөрөңгө денеси тийээр менен тынчып уйкуга кетти. Бир аз жылынып алып кайра чыгып уюн сыртка жетелеп чыгып чөп салмак, андайга болгон жок. Уктап кетти. Качан гана Жаннат келгенде ойгонду.
– Кандай Асу, ойгондуңбу? – Кыз өзүнө келе алпай көптө барып унчукту.
– Сен? Сен качан келдиң?
– Бир сааттан ашып калды. – деп кыздын жанына жакындай калып саамайынан сылады. – Ооруп калдыңбы? – Кыз үндөбөдү.
– Айтчы эмнеге оорудуң?
– Билбейм, суук тийип калды окшойт. – деп алсыз унчукту.
– Мейли сен кыймылдаба! Мен сага ысык чай берейинчи. – деген Жаннат от калап, көп өтпөй чайын алып келди. Бирок Асыл аны ичүүгө жараган жок. Курбусу алдаса да, кыйнаса да иче алдай койду. Жаннат короого барса туюк кампада уй өлүп кетчүдөй өңгүрөп аткан экен.
– Өлбөй коетур! Чыгасың азыр. – Жетелеп чыгып акырга байлады. Алдына толтура чөп салып, үйгө кирсе Асыл кайрадан уйкуда экен. Уй бир аз чөбүн жалмаган болгондо чыгып саады.
Мала уй мыкты уйлардын катарын толуктайт. Жылда тууйт. Тууруна бир айга жетпеген убакыт калганда гана сүт бербей калбаса, жыл бою бул үйдү “ак” менен камсыз кылат. Бекем мал окшойт, этинен түшкөнү боло элек. Балким багуудан чыгаар. Мурда Нурлан караса, ал кеткени Асыл андан артык багып келет. Бир литрдей сүттү чаканын түбүнө алып Жаннат үйдү көздөй жөнөдү. Көчөдө кичинекей бала турган экен.
– Бала? Сага эмне болду?
– Асыл эже… – деп бала андан ары жагын айталбады.
– Айта бер ал бош эмес. – Бала унчукпай тура берди.
– Эмне болду? – деген Жаннат ага жакындай барса колунда бир нерсе бардай. Кыз негизи кыйын. Өтө байкагыч касиетке ээ. Болбосо учу араң көрүнгөн ууч кагазды байкоо оңой эмес эле.
– Колуңдагы эмне? Кат алып келдиңби? – Бала тултуюп дале үнсүз. Гүлзат анын кулагына кумдай куюп жөнөткөн. Асылдан башка эч кимге катты көргөзбөшүн айткан.
Бала колун тарта ысык тамакка оозун күйгүзүп алгансып жаагын ачып койбойт. Жаннаттын оюнда “жигиттерден кат келген экен” деп ойлоду. Бала кайрылып кете бермек болгондо, “бала неме көрүнгөн жерге тыштап койсо ким бирөөлөр окуп алып дагы кеп улашпасын” деген ойдо колунан жулуп алып үйгө кетип калды. Асыл ойго дене табы көтөрүлүп калыптыр. Жаннат чоң апасынын ыкмасына салып сүттү көпкө кайнатып, сары май кошуп курбусуна жакын келди.
– Кел муну ичип ал!
– Ык-кы. – деп мурдун чүйрүдү Асыл.
– Жинди болбочу! Эмне өлгүң келип турабы?
Ой-боюна койбой башынан жөлөп отургузуп чыныдагы сүттүн теңинен көбүн ичирди. Бирок көп өтпөй кечөөкү тамагын кошо кусуп таштады. Абалы мурдагыдан да кыйындап барат. Кийимдери сыгып алма болуп терге чыланып калыптыр. Жаннат аларды алмаштырып, кургагын кийгизди. Оору деген жаман тура. Демейде үйдүн ичи-тышын, короо-жай, мал-тегеден бери жалгыз өзү тейлечү эле. Эми минтип күрмөсүн кийүүгө колун көтөрө албай калбадыбы.

****
Карындашынын же тигил жактагы Эрлан байкесинин кыйналып атышканы Нурландын түшүнө “аян” болуп кирген экен. Түнү бою түйшөлүп уктай албай чыкты. Сырттагы труникке тартынып, коргон ичинде бир нече айлампа чуркап койчу эле, бу жолу антпеди. Эртеден кечке көңүлсүз жүрдү.
Жанара анын маанайын эртең мененки тамагын алып киргенде эле байкаган. Жаадырай бетинен өөп тосуп алчу Нурлан мында андай кылган жок. Өптү. Бирок эмнегедир көңүлсүз. Кыз; “бир туугандарын сагынып, эркиндикти эңсеп атканго” деп ойлогон. Түшкү тамагын алып кирсе деле баягы көрүнүш. Мурда чогуу түштөнүшүп, бирине-бири ыктай олтуруп сонун сөздөрдү сүйлөшүп, ойноп да алышчу. А мында андай болбоду. Тартынчак кыз себебин батынып сурай алган жок. Акырын гана чыгып кетти. Ою миң санга бөлүндү. “Эмне болду, мени жактырбай атабы? Же үй-бүлөмдүн чачкындысын укканда жииркене алыстоону туура көрдүбү.
Кыз тээ ары жакта өзүнчө, барак тибиндеги салынган узун үйдүн бир жак башында турат. Ал жактагылардын көбү кыз-келиндер. Айрымдары ушул абактын кызматчылары. Ашпозчу, кийим-кече, одеял, матрацтарды иретке келтиришет. Алардан тышкары да аялдар бар. Алардын иштеген иштери деле билинбейт. Эмне кылышат болду экен. Жанара жыйырма жаштагы Созул деген кыз менен бир бөлмөдө турат. Ал кыз да ушул жердеги бир “зекке” тамак киргизет. Өзүнүн айтымында тамак эле ташыбай, башка да иштерди кылат экен. Аны айтуудан өзү деле уялбайт. Тескерисинче абройлуу адам менен болуп жүргөнүнө сыймыктанып калат.
Жанаранын жан дүйнөсү таза. Беркинин айткандарын угуп олтуруп оозу ачылат. Өтө ыплас сөздөрүн уккусу келбей андан алыс болгусу келген менен кайда бармак? Аргасыз жашап жүрөт. Кээде “мени да ошондой кылып иштетишеби” деп коркуп кетет.

****
Түндөгү түш эмненин белгиси аа? Эрлан өтө терең, ананда көөдөй караңгы чуңкурга түшүп кетти. Курсагы салаңдаган керсегей киши ага карап күлүп атат. Улам колун Эрланга сунуп тартып алмак болот да кайра кое берет. Күлгөн сайын салаңдаган курсагы денесинен бөлүнө үзүлүп кетчүдөй. Туура эмес жатып алганды..? Түнү менен жагымсыз түштөрдүн далайын көрдү. Бирок көбүн эстей албай убара. Анан дагы бирин эстеди. Ансыз да Асылын сагынып жүргөндө бул түш ыйлагысын келтирди. Таң жаңыдан агарып, бөлмө али жарык боло электе чочуп ойгонуп туруп алган. Ошондон бери ою бир жерде эмес.
Кооз, жайык талаада көп кишилер жүрүшөт. Араларында мышык сыяктанган, бир туруп эле карышкыр сыяктуу каардуу болуп өзгөрүп кеткен жырткычтар жүрөт. Элдин арасында көбү тааныш адамдар экен. Эстегени Жаннаттын апасы Кадича болду. Ал Асылга жаңы көйнөк кийгизип аткан экен. Асыл эскисин чечип, Кадичанын колундагыны киймек болгондо баягы жырткычтар качырып киришти. Кадича менен Жаннат Асылды колунан сүйрөгөн бойдон жакшы жасалгаланган бийик коргондун ичине кире качышты. Көптө барып бийик секичеден карашса жырткычтар коргонду тегеректей кире албай жүрүшкөн экен. Асыл аппак көйнөктү киймек болуп башына сала бергенде кайдан-жайдан Тыныч пайда болуп көйнөктү кыздын башынан жулуп алып ыргытып жиберди. Анан Кадича баштыгынан жанагы көйнөккө оп-окшош аппак топу кйгизди.
Нурлан: “ Ак кийим го жакшы. А коркунучтуу жандыктар эмнеси? Асыл эмне үчүн түрмөнүн ичиндеги бийик секиде жүрөт. Баса” деп ойлоно калды. “Түштө өйнөк кийген, турмушка чыгат” дешчү беле?
– Ээ эмне болуп жатам? Асыл азыр жашта. Ага суутуп коюптурбу? – деп кыйкырып алды. Түшүндө Асылдын кан болуп жүргөнүн да эстеди. Ооба ошон үчүн Кадича кийимин которгону жатпады беле.

****
Түнү менен арам ойлордун курчоосунда калган Топорбек таңга жуук уктап калыптыр. Уйкусу канбай калган экен, ондон өткөндө турду. Анипа кызын ээрчитип төркүнунө учурашып келмекчи болуп даярданып атыптыр.
– Сен кайда камынып…
– Апамды майрамдатып коеюн ээ? – Топорбек канчалык жинденип акчасын аяганы менен ашыкча кеталган жок. Сураган суммасын берип жолго салды. Себеби анын арам ою Анипаны кетирип жиберип Асылды пайдаланып калуу эле. Көпкө ойлонду. Кечээ аркы бөлмөдө жатып аялдардын сөздөрүн эшиткен.
– Ушул кыздын бузук кылганынан үй-бүлөө бүтүн бойдон азап тартып атышат. – деп Анипа айтса, жанындагы аял;
– Ооба. Оорубай этпей Салима байкуш өлүп жок болду. Кызматчы бөтөлкөнүн түбүнө түнөсө, агалары түрмөдө чиримей болушту. – дейт. Анипага андай сөз жага бербейт да, “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген ушул турбайбы деген жанындагы аялга;
– Каяктагы май? Баары эле кумалак болуп калышпадыбы. Соо адам түрмөгө жатмакпы? – деп балдарга да көө сыйпай кетти.
– Ай бу жаш неме жөн эле алданып жүрөбү же… – деп тиги аял “бирөө жарым угуп калбасын” дегендей олбурлуу денесин копшой, май жамбаштын бирин жерден көтөрө Анипага кыңая берди эле, ал бакылдап сала берди.
– Жаш болбой жашабай калсын. Жанагы кымбат кийимдерди ким алып берет дейсиң? Ошолордун баарын сулуу жүзү менен таап атат да. Качан көрбөйүн чакканы семичке, жегени таттуу. Кызматчы алып бермек тургай өзүнүн кекиртегине эч нерсе таба албай кечке аңдыганы Шааркандын дүкөнү. – Жанындагы аялга ыктай калды: – Керек болсо бул шерменде кымбатка турат болуш керек?
– Ооба өңү бир башкача болуп жатпайбы. – деп жанындагысы коштоду. Анипа кыткылыктай күлүп;
– Кардары көп болгон соң товар ошончо кымбаттап кетет эмеспи. – дейт.
Алар Топорбектин коңшу бөлмөдө экенин билишпей буга окшогондун далайын сүйлөштү. Асылды эле эмес, башкалардын да кылык-жоруктарын айтып атышты. Сөздүн күчү укмуш да, бир сөз менен адамды оңдоп же таптакыр оендотуп жиберсе да болот. Топорбек оңолбой оендоду. Кыздын сулуулугун кайра-кайра баса белгилеп айтышканы анын чын эле чырайлуу экенине ишенди. “Акчага иштейт” дегендерин укканда чөнтөгүн сыйпалап жибергенин өзү сезген жок. Аялдардын “ал ал менен экен, бул бул менен экен” дегендерин укканда “мен да эл катары бирди табышым керек” деген ойго арбалган эле.
Эми аны аткарууга толук мүмкүнчүлүк келип турат. Өзүнүн үйүндө эч ким калган жок. Кыздыкында болсо дайым ээн. Бектемир эле болуп калбаса? Ал деле жок. Бар болсо небак бака-шака болуп калмак. Эки үйдүн кайсынысын тандашса өздөрүнүн эрки. Акча болсо кенен. Тору бээнин пулунун теңи көкүрөгүндө тумардай сакталып жүрөт.
Бардыгы пландалганы менен жүрөгү даабай турду. Кокус Нурланы угуп калчу болсо денеси башсыз калаары бышык. Бирок ал кантип келе алат? Түрмөдө да. Сегиз жылга кесилген, кутулгуча көп бар. Кудай жалгаса кутулбай деле жүрө бериши мүмкүн. Башка эч кимси деле жок. Бектемир билбейт деле, билсе бир жолу ашата сөгөөр. Арактан ашкере алып алдына түшүп койсо кутулат. Дагы ким бар? Аа тиги Болоттун баласы Тынычпы? Ал деле абакта да.
– Ээ эмнеси болсо да бир көрөйүн. Мойнума албай койбой жаным жокпу? Акча кенен да, макул эле болуш керек. – деп өзүнө ишене чоң-чоң адымдап Бектемирдин үйүнө кирип барды. Ооску кире бериштен ичкериге кулак төшөсө тып-тынч эч жан жоктой. Шыр эле Асыл жаткан бөлмөгө кирди.
Уктап аткан экен. Башта эле сулуу эме, сыркоологонго ак жүзү ого бетер кубарып сулуулугу арта түшкөн экен. Баштагыдай саксагай көлдөрөң эмес, аппак шейшепте жатат. Жаннат даярдап берсе керек. Коюу кара чачы ак жаздыкка жарашып бир башкача. Узун кирпиктери кыймылсыз сунулганына караганда уктап жатканы анык.
Кыздын чырайына тамшана шилекейин кулк жутуп алды да терезеден сыртка көз чаптырды. Эч ким көрүнбөйт. Асылга жакындай берип, эңкейе ак жүзүнөн аймалап жибермек болгондо каалга “кыйч” деп ачылып Жаннат кирди.
– Жакшысыңарбы? Качан кирип кеттиңиз эле?
Топорбектин оозуна сөз келбей дабдырактай түштү. Ушундай болуп кетерин түк ойлогон эмес. Жүрөгү лакылдап чыкты. Айыбы ачылып калгансып алапайын таппай калды. Жаннаттан көзүн ала качып даап карай албайт.
– Жа-жакшы. Бу кы-кызымды сурап коеюн деп… – Айтар сөзүнүн баш-аягын таппай калды. Асылдын ооруп жатканын билген деле эмес. Жөн гана ойлоп таба калганы ушул болду. Абийири жабыла түшкөндөй жүрөгү басаңдап, өзүнө келе түштү.
Жаннат башында байкабаганы менен, көз карашын көргөндө кандай ойдо келгенине толук көзү жетти. Кыйкырып кууп чыккысы келип, анык далил болбогондон кийин батынып унчуга алган жок. Бир аз эртерээк кирип алганына өкүндү. Топорбек шермендеси чыгып калбаганына сүйүнүп “иш баштап жибере электе келип калганы жакшы болбодубу” деп азырак сүлөшүмүш болду да куйрукту түйүп көздөн кайым болду.
Сүйлөшүү боюнча катчы бала кайра келип жообун бермек. Бирок анткен жок. Чый-пыйы чыккан Гүлзат ар нерсени ойлоду. Башка бирөөнүн колуна түшүп калчу болсо ага кыйын болуп калмак. Бир эбин таап баланын үйүнө барып жолукканга үлгүрдү. Катты башка кыз алганын айтты, бирок “ким экенин билбейм” деди. Муну укканда жинди болуп кете жаздады.
Жаннат тартиптүүлүк кылып катты окубай курбусу оңолгондо колуна карматууну эп көргөн эле. Топорбектин жосунсуз жоругун сезгенде “дагы бир акмак болбогон кепти жазып, маанайын түшүрбөсүн” деп өрттөп салмак болду. Мештин оозун чоң ачып, бирок кагазды ары узатып жиберүүгө дарамети жеткен жок. “Балким жактырган бирөөсүнөн келгендир” деп ойлоп бекем жерге катып салды.
Кыз али мемиреп уйкуда. Түндөгү кемип калган уйку планын эми толтуруп аткандай. Жаннат апасына “бир саатта келип калам” деп кеткен. Анын бул жерде болгонуна үч саатка чукулдап калды. Ооруп турган немени таштап салып кете берүүгө жүрөгү чыдабай койду. Топорбектин жаман оюн, жалтаңдаган көз карашын эстеген сайын ачуусу келет. Бир туруп “балким мурдатан” деп кызды карайт. “Өзү ушундай ишке барып жүрөбү? Аялдардын кеп кылышканы ыраспы?” – деп алат да чочуп кетет. “Э..эк жинди болбоюнчу! Асыл кантип андайга барсын?”

****
Пахан Нурлан менен көп сырдашчу болду. Бардык сынынан өттү окшойт алдыдагы иштерин ага айта кеңешип калат. Бирок өзү тууралуу эч нерсе айтпайт. Ал тууралуу кызыктарды башкалардан укчу болду. Алардын айтымында Пахандын өз атын эч ким билбейт. Ал жатпаган абак калбаптыр. Союз учурунда ошол учурдун он алты республикасынын дээрлик көбүндөгү абактарга жатып чыккан экен. Айтууларына караганда жыйырма төрт жашында жалаа менен он эки жылга кесилген. Андан бери отуз жылга чукул убакыт өтсө да эркиндике чыкпаптыр. Бу да өз каалосу экени айдан ачык. Эгер кааласа бүгүн чыгып кете берүүгө күчү жетет.
Үй-бүлө деген анда жок. Андайдын баркын деле билбейт окшойт. Ага тиешелүү бир гана кыз бар. Орус улутунан. Сулуулугу ашкере. Болду башка эч кимиси жок. Ал үчүн сыртка караганда абакта эркиндик болчудай сезилет. Абакта болгону менен коомчулуктагы окуялардын бирин калтырбай билип турат. Аларды бул бийик коргондун ичине ким алып кирип турары эч кимге белгисиз.
Үч күндөн бери сүйлөшө албаганына Жанаранын ичи уйгу-туйгу. Чындап эле таарынып калган окшойт. Али унчуга элек. Эртең менен жолугушканда да салкын учурашкан. Бушайман болгон кыз ар бир сөзүн эстеди. Эч кандай деле ашык сүлөбөгөндөй. Бир болсо үй-бүлөөсү тууралуу айтканы бар. Ошондон эле алыстагысы келип калышы мүмкүн.
Кыз эки биртууган эле. Үч жаш улуу агасы анан өзү. Айтымына караганда бардар жашоодо жашашкан. Атасы эгемендикти алган жылдардан тартып соода-сатык менен алектенет. Акчаны жакшы таап үй-бүлөөсүн эч нерседен кем кылбайт. Жылда сырткы өлкөлөргө барып эс алышчу экен. Бирок бул жыргал көпкө созулбаптыр. Байлык бар жерде “ыйман” экинчи орунда болуп калаары чын окшойт. Ата-эне өз милдеттеринен кайта башташат. Атасы бир аптада эки жолу гана үйгө түнөбөсө соодасын шылтоо кылып келбей калат. Апасы да андан шек санай баштаганда өз кызыкчылыгын ойлоп көңүл ачууну баштайт. Кийин акчалууну ээрчип кете берет. Атасы ит оюнду өзү биринчи баштаганы менен бүлөөнү таштай качууга үлгүрбөй калганына өкүнүп жүрүп жарым жылча өткөндө дайынсыз жок болот.
Ошентип заңгыраган эки кабаттуу тамда чыбыктай эки бала кала бериптир. Талгат чоңоюп калганда чогуу жүргөн балдардан ата-энеси тууралуу шылдың сөз укканда жаны кашайып кетчү. Бир күнү чыдай албай бир баланы катуу токмоктоп койсо ал ооруканага жетпей көз жуумптур. Болушаары жок байкуш милиция кызматкерлери келатканда экинчи кабаттан бой таштап жиберген экен. Цемент төшөлгөн жерге кара кушу менен тийип жакшы көргөн жалгыз карындашын жарыкчылыка таштап салып өзү оо дүйнөгө кетебериптир.
Жанарада көп улуттун каны бар. Атасы кыргыз, апасы орус. Чоң энеси болсо татар улутунан болгон. Бирок ал чоң энесин көргөн эмес. Атасы кичине кезинде эле жетим калып балдар үйүндө чоңоюптур. Ошондуктан “көрбөгөндүн көргөнү курусун” болуп атпайбы.
Кызды жалгыс калтырбамыш болгон тайежеси Вера, кызды караган болуп эки айча жүрүп кийин балдар үйүнө өткөрүп салган. Эки кабат үй да ошол Веранын пайдасында калды. Бечара кыздын колунан эмне келет? Башына түшкөн балээни баштан кечире тагдырдын түйшүгунө тушалган бойдон өзүнө окшогон балдар менен бир чатырдын алдында зар какшап кала берди.
Пахан кандай болгондо да кыргыз да. Кыргыздын канында боорукерлик, кайрымдуулук деген мыкты сапаттар ар качан чуркап жүрөт. Адилетсиз, алдамчы көрпенделерден жыйнаган мүлкүн жардыларга таркатып убара. Балким абактан чыкпай жүргөнү да ушул иштерине байланыштуу чыгаар.
Кезектеги кайрымдуулук иш чарасын Военно- Антоновкадагы балдар үйүнө жиберген. Ошондо оң колу болгон Тахир деген татар жигит Жанараны көрүп калып айтып келет. “Сизге ылайыктуу кыз экен. Чырайын сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес” дейт. Анын айткандарын укканда Пахан да кызыга түшөт. Ал; “балдар үйүнүн кызматчысы экен” деп ойлогон. Жок тарбиялануучусу экенин укканда Тахирге аябай жиндеп калды.
– Энеңди… жетесиз. Сени мусулман деп коет, катынпостугуңду экинчи кулагым укпасын. – деди.
Пахандын аброюнан кыздын сулуулугу күчтүүлүк кылып кетти бейм, жашыруун барып кызды кайдадыр киши буту баспаган, куш канаты жетпеген алыстарга алып качмакчы болгондо колго түшүп, ага тим болбой башынан ажырап тынды.
Нурланды көрбөй эле кол алдындагылардан угуп жүргөн Пахан, кызды ага арнап койгон эле. Кийин өз көзү менен көрүп, оюндагыдай жигит экенине көзү жеткенде өзүнчө бөлмөгө бөлүп, кызды ага кызматчы кылып койду. Максаты экөө тил табышып алышса болду. Кыз-жигит аны кайдан билишсин, бирине-бири көз кысуудан али алыс.
Жигит кызга карындашындай гана мамиле кылганы менен, кыздын ою башкада. Жаш болсо да “сүйүү” тууралуу маалыматы кең өңдөнөт, Нурландан чоңду үмүттөнөт. Анткен менен акыркы күндөрдөгү салкын мамиледен чочулап жүргөн убак.
Совет бийлиги күчтөн тайганы элден абийир кетип, ай дээр ажо, кой дээр кожо калбай ар ким өз камчысын шилтеп башаламандык болушунча өкүм сүрүп келатпайбы. Түрмөлөрдөгү мыктылардын жашоосу “малинага” айланган маал. Кыйындар ал жакта “көзүрдөй” жашашат. Ар биринде жансакчы кызматкерлер бар. Ал эле дейсизби, коомдогу сулуу аял затын да жандарына жакындатып алышкан. Кара курсак кана тойбогон ошол кыйчалыш заманда акчалууга аял болуудан арданбай калышпадыбы. Кай жерге болбосун барып, жан дилдери менен кызмат кылышат.
Ушул абакта да андайлар аз эмес. Көбү Жанара жашаган чатырдын алдынан жай табышкан. Али эне сүтү оозунан кете элек жаш кыз, ыплас жашоого көнө элек да, тегерегиндегилердин жоруктарына ачуусу келет. Жииркенет. Кайра туруп; “мени деле мажбурлашса аргасызмында” деп калат. Нурланды ойлойт. “Эмнеге мындай мамиле кылып атат?” деп.
Түшкү тамакты алып келгенде Нурлан керебетинде чалкалай жаткан экен, киргенде эле бөлмө жарык боло түштү. Демек жигит калыбына келген.
– Тамак ичиңиз!
– Ой секетим. Ушул сен болбогондо ачкадан өлмөк окшойм?
– Какшыктап жатасызбы? – деп кыз ынгайсыз болду.
– Антүүгө кандай негиз бар?
– Билбейм…. – деген кыз тамактын түрүн үстөл үстүнө ирээти менен коет.
Жүзүндө кубануу даана байкалып турат. Кыз кылыгы менен баалуу да, кубанганын жашыра карызы бардай башы жер тарта салаңдайт. Нурлан үч күндүк көңүлүн чогултуп туруп төгүп жатат. Адамдын маанайы ачык кезде курсак тою кыйынга турат. Алдындагылардын улам бирин бошото жалмайт. Жанара кудум баласына мээримин төккөн энедей же жубайына сүйүүсүн арнаган өмүрлүк жардай, тигинин ар бир тамакты түгөтө жеп жатканына ичтен ыраазы.
Курсактын камын тейлеген жигит эми кызга көңүл бурууга өттү.
– Көптөн бери түзүгүрөөк сүйлөшө элекпиз ээ? – Кыз башын ийкеди.
– Тамак даамду болуптур….
– Ооба, жакшы жасашат.
– Жасагандан эмес, ташыгандан болуп жүрбөсүн…? – Жанара сулуу жүзүн ашкере кооздой жылмайды. Бул кооздукка жигиттин напсиси бошой түштү.
– Алтыным менин – Кызга үңүлө карап, – мени сагынган окшойсуң ээ?
Уялыңкы кыз жүзүн жашыра жер тиктеп, бирок мүмкүнчүлүктү кое бергиси келбеди. “Алтыным” деп кайрылуу ага ашыктык сөзүн айткандай туюлду. Ушундайда пайдаланып калыш керек.
– Аябай, аябай сагындым сизди.
Бир айдан ашуун убакыттан бери чогуу жүрүшкөнү менен кыздан мындайды байкаган эмес. Жигит үчүн бул кыз али кичине кыздай сезилчи. Азыркы сөздөр, эзиле эркелетүүлөр жөн гана бир туугандай мамиле эле. Бирок кыздын ою кайда баратканын аңдабай койбоду. “Опей? Бул кызык ко” деп ойлоду. Өзүндө ага карай эч ашыкча нерсе жок экенин билгизүү нийетинде;
– Бөбөгүм десе, сагынганыңдан сенин. – деп ордунан обдула туруп жүзүнөн жумшак сүйүп койду.
– Байке тамактан жесеңиз! – деп кыз өзүндөгү кубанууну басаңдатууга аракеттенди. Антпесе үч күндөн бери ашыгынын өпмөк тургай жарытылуу сүйлөшпөй жатканына сары сана болуп, ар кайсыны ойлоп жүргөндө минтип калышы чоң сүйүнүчтү билгизип, кубанганынан бакырып-бакырып алууга аз калган.
– Жанарка? Сен акыркы үч күндө аябай өзгөрүптүрсүң. Суп-сулуу болуп кетиптирсиң.
– Жөн эле ошондой сезилип аткан го……
Жанара үчүн бул мактоо сөз жөн эле көккө көтөргөндөй болбу. Ооба да, болгондо да сүйгөн адамынан мындай сөз угуу табылгыс нерсе эмеспи тим эле эмне кылаарын билбейт. Ансыз да төмөн караган уяттуу башы таптакыр салаңдап үстөлгө тийип калчудай. Калп эле алаксымака ийдиштерди жылыштырып, дасторконду сүрткөн болот.

****
Эрлан соттолду. Болгондо да оңбогондой он эки жылга кетти. Орган кызматкерлери бу кылмыштын башында ким тураарын билүүгө өтө кызыктар болушту. “Кимдер менен иштешээриңди айтсаң жеңилдиктер болот” дешти. Төрт жылдай мөөнөтүн кыскартышаарын айтышты. Ур-токмокко алышты айтпай койду. Көшөрүп;
– Жалгыз иштедим. Биринчи баштаганда эле кармалдым. – деп туруп алды.
Эрлан түшкөн – капканга Бахтар май салган. Бахтар ага акы төлөп жүргүчө ушуну туура көрдү. Бирок бары эле өзү ойлой бергендей болбоду. Өзү тууралуу сырткы чөйрөдөгү жаңылыктарды жеткизип турчу эки азамат бар. Алардын айтымында жакынкы күндөрү Бахтарды жакшы тааныган адам анын былынгытын ачат имиш. Ушул күндөрдө жакшылап даярдануулар болуп жатыптыр.
Мындайды укканда кайрандын төбө чачы тик турду. Бирок “карт бөрү” амалдык менен иш кылууну пландады. Ойлонду. Менин бизнесиме кимдер кийлигиши мүмкүн? Далайдын мээнетин жеген. Алардын арасында баш көтөрөөрү жок эмес беле? Кайратпы? Оо ал эбак ордун тапкан. Азыр кутула койбойт. Эрлан? Жо-ок ал да жакшы жерге туш болду. Дагы ким болушу мүмкүн ия?
Баарын баштан аяк кылдат эстеп чыкты. Бул бок курсак далайдын канын соргон. Анын баарын эстөөнүн кажети деле жок. Анын үстүнө көбүнүн колунан эч нерсе келмек эмес. Андыктан мыктылардан, баш көтөргөн тирикарактардан гана чочуласа жетиштүү. Анын эсине дагы бир кызматкери түштү.
– Аа Жантур? Ошол болушу мүмкүн. – Балбан мүчө казак жигиттин элеси көз алдына тартыла түшкөндө чок баскандай ордунан ыргып турду. Азыр сырттан кирип келип жанын сууруп алчудай жүрөгү лакылдай түштү.
– Туй ат-та. Мен эмне эле болуп калдым?
Казак жигиттин абак ичинде келишпестиктер болуп жанындагылар менен сабаша кетип, жыйынтыгында жантаслим болгонун эстеп жүрөгү ылдыйлай түштү. Жакшылап ойлонсо ал кордогондордун катарында бычакка сап эч ким жоктой… Бир болсо Эрлан болушу мүмкүн.
Терең ой жүгүртчү эргул көп нерсени божомолдоду. Эгер Эрлан айтып кое турган болсо анда иштин бүткөнү. Кокус камалып кетчү болсо зектер ага ит көрбөгөн кордукту көрсөтүшөөрү турган иш. Андан көрө акчаны аябай жаңыдан кылайып келаткан коко тикенектин сабагын кыркып, тамырын жулуп салуу туура болчудай.
Орусияга жетип барды. Парадан кенен берип, Эрландын өзүнө жолугуп, өзү тууралуу эч жик билгизбешин өтүндү. Канча каражат сарптаса да бул жаман айлампадан сууруп кетүүгө убада берип жолго түштү. Анын анткорлонгон акмактыгын Эрлан толук түшүнүп турду. Бирок андан башкача жол менен өч алууну туура көрдү. Аялдарча бажырап олтурууну жактырбады. “Азыр айткан менен акчанын күчүнө салып кутулуп кетет” деп ойлоду.

****
Суукка кыйла урунуп калган Асыл, бир аптадан соң оңолду. Ооруканага үч күн жатып, төртүнчү күн дегенде качып келди. Жаннаттын апасы Кадича башкы медайым. Күндө келип дарысын берип, уколун сайып жүрүп киши кылып алды. Жаннат ата-энесинин уруксаты менен курбусунун жанында бир жумадан ашуун болуп анан үйүнө кетти.
Бектемир демейде эле кокуй эле, баласынын соттолгонун укканда таптакыр болбой калды. Мурда эки күндүн биринде үйгө түнөп жүргөн болсо, эми төрт-беш күндө бир келет. Анда да айылдагы ыйманы барлар алып келе турган.
Оору адамды жеп коет ко чиркин, сулуу кыздын өнү өчүп, карыган кемпирге айланды. Оорудан да санаа, күйүт кыйнап салды бейм, кабагы ачылган күнү жок. Качан болбосун шалдырап, бир чекитти тиктеп олтурганы-олтурган. Басканда азыраак эңкейип басат. Сыягы өткөнкү түндө суук арка-омуртка, жиликтин чучгуна чейин жете түшкөндөй.
Эртең “8-март” майрамы болот. Жаннат менен дагы эки классташ баласы келишип, мектепке баруусун суранышканда көшөрүп болгон жок. “Андай болсо кечеге бар” дешсе ага да көнбөй койду. Аларды узатып коюп баягы катты окумак болду. Көптөн бери ал катты ачууга даабай жүргөн, бүгүн кызыгуусу артты окшойт, жүктүн бурчунан сууруп алып мештин түбүнө олтура кетти.
“Кандай? Мен сени мындай экен деп ойлогон эмесмин. Аялдардын айткандарын укканда сага болуша калчу элем… эми өкүнүп атам. Боор ооруса борго тебет турбайсыңбы. Жакшылыкка – жамандык кылганың такыр болбойт. Элдин баары сени, “сойку” деп качып калганда мен гана көңүл бурчу элем… А сен ал атыңды дагы далилдеп турасың. Бакыт экөөңдүн бузук мамилеңерди элдин бары билди. Сен оюңда; “менин кылганымды эч ким билбейт. Баардык ишимди кынтыксыз аткарам” деп ойлоп жүрөсүң. Жок андай эмес. Эл сага оюнчук эмес. Бүт билишет. Канча эркектин башын айландырып, бир күндө алардын канчасын тейлеп жатканың да көпчүлүкө маалым. Сен жап-жаш болуп алып……”
Мындан аркысын окууга дарманы келген жок. Үнүн барынча чаңырып-чаңырып жиберди. Жанарак эле басууга алы келбеген неме, эми кутургандай күчкө толду. Колуна эмне урунса туш келди ыргытып бөлмөнүн кый-сыпырын чыгарып кирди. Колу бошобой калганда каалганы буту же жамбашы менен жаап коюуну өөн көрчү кыз, бу жолу чайнек-чака, мискей, кумган сыяктуу алдынан пайда боло калгандарды учура тээп атты. Чачы саксайып албарстыдай болду. Эзели эч кимге наалат айтпаган бул… эми эч кимди калтырган жок. Айылдагы ушакчылардан ушул заманга туш кылып койгон бийликтегилерден өйдө күнөөлөдү. Апасын өлтүрүп алган айдоочуну, бул дүйнөгө шорго алып келишкен ата-энесин күнөөлөдү. Апасынын арбагын да аяган жок. Жарыгын берип, жыргалын буюрбай койгон Жаратканга да нааразы болду. Эч ким калбады. Жада калса жакын курбусу Жаннатты да тилдеп жатты.
– Ушул азапты көргүчө өлүп калсам жаным жай албайт беле. Жаннат? Эмнеге мага жардам кылдың? Бая күнү карабай кетип калганыңда өлүп калбайт белем.
Тим эле жинди болду. Буркурап ыйлап, чаңырып да жатты. “Кой” деп коер эч кимиси жок. Тирүүнүн өлүгү болгуча – өлүм артык болорун билди. Билген менен эмне кылат? Өзүн-өзү кыябы? Андай болбойт да. Андай болсо баарында эле арман бар. Алардын бары андай кылып олтурса бу кайрымсыз жалганда ким калат? Убагында урунуп-берингени менен оорукчал кыздын алы кетти. Турган жеринде талмасы бар кишиче “шалак” дей түштү. Дагы жакшы – башы дубал кырына карышча жетпей калды. Кокус дал келип калганда өзү каалагандай алыы-ыстарга кете бермек.
Көпкө жатты коюу сыя менен жазылган “сойку” деген жазуу көз алдынан кетпей койду.
– Аа..а. – деп бакырып алып, жаңыдан көтөрүлүп келаткан башы кайрадан муздак полду жазданды.
Бир оокумда эсине келди. Эч нерсеге үмүттөнгүсү келбей, арык-узун манжаларын азырак кыбыраткан болуп, ойлонгон тейде бурчтагы дубал менен полдун кошулган кырын чукулап жата берди. Анан акылына келди окшойт, жылуу кийинип сыртка чыкты. Каттын мазмуну оюнан кете турган түрү жок. Гүлзат анын эң кымбат адамдарынын бири эле. Ошол кымбат адамдын кылаары ушубу? “Балким башка бирөөлөр эле ойноп жазышкандыр” мына ушундай ойлоп, жок чындап өзү жазган болсо айрымдардын эле айың кеби экенин тастыктап коюу үчүн үйүн кулптап ошол тарапкка жөнөдү.
Жолдо катар Гүлзат жеңесинин мындай ишке барбашына көзү жетип тургандай, “азыр барып айтам. Ал угуп алып боору эзиле күлөөр бекен? Же анын атынан жазылгандыктан ачууланар бекен?” – деп баратты. Али жакшы боло элек эле. Алсыз болчу. Жолдун тең жарымын басып өткөндө алы куруп, буттары чалыштай баштады. “Эптеп жетип алсам кайра атчана менен болсо да жеткирип коюшаар” деп, эки жерде эс алып атып араң дегенде жетчү жерине жетти.
– Жакшысыңарбы Гүлзат жеңе? – Короо жактан суу көтөрүп келаткан экен.
– Сен ойлогонсуң го, өлүп кетет деп. – Бетинин түгү чыга жинденип алыптыр. – Кир, суп-сулуу болбой!
Асыл жеңесинин мындай ачууланышын биринчи көрүшү. Мурда канчалык жагымсыз окуялар болсо да ушунча жинденген эмес эле. Оюнда эч нерсе жок келе калып… үйгө ээрчише киришти. Каны аз кыз жарыктан күңүрт тарткан үйгө киргенде башы айланып кеттиби, дабдырактап барып аркы бурчтагы ун салуучу үкөккө таяна берди.
– Анткорлонбой жөн эле тур! Сага али эч ким эч нерсе дей элек. – Кыз анын үнүн укканда чыйрала түштү. Катты чындап эле өзү жазганын билди. Ошондо да ишенкиребей;
– Жеңе…е…? – деп аны карап калганда;
– Турчу ары, жалдырабай. – деп күү менен жөөлөй кеткенде бечара кыз жерге үстөмөндөп барып төрт аяктап калды.
Кай жерге барбасын кагуу жеп жүрүп бышы кулак болуп калган окшойт, бул жолу ыйлаган да, ызаланган да жок. “Буга эмне болгон” дегендей жалдырап олтурду. Турмакчы болуп ага алы келбей койду. Келинге кыздын бу кылганы “колуңдан эмне келет? Керек болсо Бакытыңды тартып алып, мына минтип олтуруп алам” дегендей туюлду. Эч нерсеге карабай дал маңдайына келди.
– Эмне тирмиесиң? – Кыз коркуп кетти. “Анткен жокмун дегендей” башын чайкады. Сүйлөөгө ооз ачылбайт. – Сен жеткен акмак турбайсыңбы, эмнеге мындай кылдың?
– Жо-жок жеңе, анын бары жалган….
– Жалган деген жок. Мен көптөн бери эле билем. Актанганыңды коюп, эмнеге мындай ишке барганыңды айт! Бакыттан канча белек алдың?
– Эч нерсе алган жокмун. Аныңды көрө да элекмин. – деп кыз да мурчуңдады. Гүлзат кыздын ээгинен көтөрө;
– Айтасыңбы жокпу?
– Айтпадымбы, мен акмын. – Ачуусун кармана албай жаактан ары тартып жиберди.
– Ш..шак.
Кыз эми ыйлап олтуруунун эч кандай кажети жок экенин түшүндү. Көгөрүп кана туруп берди. Бирок дилинде өрттөнүп баратты. Ыйлап жиберсе жеңилдей түшөт беле…? Анда беркинин табасы канмак.
– Эй көк бет, өзүң айтып бересиңди же… – деп колуна көсөнү ала калды.
– Айтпадымбы, Бакыт байкени көрө элегиме көп болду.
– Ыя де. Көп болдубу ээ? Жыйырма бешинде тоого баратып кайрылган жокпу?
– Аа… ооба акыркы жолу ошондо жолуккам. – “Жолуккам” дегени Гүлзаттын кызганычын ого бетер күчөттү.
– Жолуккам дечи…!? Эмне аны азгырасың же эмне башкалар аздык кылып атабы ия? – Көсөнү бийик көтөрө тап бере; – Айт бол! Качантан бери…?
– Айткам, башка айтаарым жок.
– Айтпасаң мына…
Оркойгон темир жонуна “түңк-түңк” эле дей дүштү. Асыл ага да кайыл болуп көгөрөт. “Калың кийимден сездей жатат” дедиби… боюн араң кармап теңселип турган ичке шыйрактарына удаа-удаа шилтеп жиберди. Мына ушунда кыздын кыр сөөктөрү сынып кетчүдөй сыздай түштү. Ооруга чыдабай эңкээ буттарын кармап калганда колго да бир-эки шилтегенге жетишти.
Гүлзаттын кызы бешке толуп эс кирип калган. Ал Асыл келгенде эжекелеп ар дайым алдынан кетчү эмес. Апасы аны уруп атканын көргөндө жүрөгү чыдабай;
– Урбачы эчекени! – деп Асылдын бутунан бекем кучактап туруп алды. – Эжеке, оорудубу?
Асылдын бул учурда жаны сыздап турган. Колу-буттарынын тызылдатканынан да жүрөгүнүн эзилгени оор болду. Жанындагы жалооруй караган бөбөктүн башынан сылап, көк беттигине таянып тура берди. Гүлзаттын ал ансайын жаалы күчөйт. Тирмийген тигини өлтүрүп койгусу келет. Балким ыйлап же жалдырап жибергенде токтоп калат беле… Мисирейген кебетесин көрүп “бул чын эле соо эмес. Карасаң айбатын” деп туталанат. Кызын желкесинен кармап бери тартып алды да көсөө менен тап берди.
– Айт ачыгын! Болбосо…
– Жеңе мен али кичине кызмын. Мындайга кантип барам? Өзүңүз ойлосоңуз боло!?
– Ия де! Жашсыңбы ээ? – Кыз башын ийкеди.
– Жаш жалапмын дечи. – деп мызкылдай күлдү. Байкуш кыздын башы айланкөчөк болуп кетти. Алы куруп турган, болбосо кармаша кетүүдөн кайра тартпайт эле.
– Сизди мен ушундай ойлогон эмесмин. Мен айтып жатпаймынбы акмын-акмын. – Кыйкырып-кыйкырып жиберди да сыртка чыга жөнөдү. Гүлзат аны ээрчите карап, оюна эмне түштү ким билсин, кууп жетти. Кыз тосмого жакындап калган эле.
– Токто бузуку! – Кыз болгон жок. Алдыга кадамын таштай жылганы-жылган.
– Дүп-дүп.
Удаа-удаа колундагысы менен шилтеп-шилтеп сала берди. Бу жолкусу кар күрөгөн күрөк экен. Ансыз да араң бараткан кыз “сулк” кулап түштү. Анын жалп дей түшкөнүнө Гүлзаттын жүрөгү түшүп; “өлтүрүп алдымбы” деген ойдо жүрөгү оозуна тыгыла түшкөн менен кыз колдорун калчылдата муздак карды чеңгелдей;
– Акмак, акмакта-ар. – деп чаңырып жибергенде ичинен, “бул өлбөй калсын” деп койду.
– Аңкылдабай жогол, көзүмө көрүнбөй! – Кыз турмакчы болуп өйдө боло берип, очорула кайра олтуруп калды.
– Тур калп эле байкуш болуп калбай. – деп жайыраак тепти.
– Мен силерге эмне кылдым? Кудайдан коркушуңуз керек.
– Ии өлүп кеткир! Мен эмне жалаптын тилин угуп жашап калыптырмынбы ээ? Жин ургандай колундагысы менен кызды койгулап, ал аздык кылгансып такалуу өтүгү менен бут шилтегилеп атты. Анын ар бир соккусу талуу жерлерге таамай тийип, оорутуу канчалык күч болгону менен кыз ээрдин бекем тиштеп, үн чыгарбай көшөрөт. Башын соккудан далдаалап бүрүшүп жата берди.

****
Жанара менен Нурлан сыртка сейилдөөгө чыгышкан. Ээрчишип көпкө жүрүштү. Кыз жигитти колтуктап алып бактылуу, өтө бактылуу.
– Байке….?
– Оов?
– Бул жактын абасы шаарга караганда алда канча таза ээ?
– Ооба, шаарыңар өтө эле… – Нурландын сөзүн аягына чыгара укпай;
– Сиздин айылда кандай болду экен? Сонун жер болуш керек ээ? – деп алдын торой берди.
Нурлан үчүн абактын оорчулугу деле жок. Бир гана Асылдын жанында жоктугу анан айлынын салкын абасы. Ажайып кооздугу аябай сагындырат. Анын айлы бөтөнчө кооз. Тоо түбүндө жайгашкандыктан кышында ылымтаа, жайкысын салкын тартып бир калыпта мемирейт. Ала-жаздан тартып бет маңдайдагы адырлар аркыл гүлдөргө толуп чыгат. Ошол гүлдөр адырга батпай калгандай айыл четиндеги айрым короолорго чейин каптап келет.
– Ох-хх ошондогу жытчы.. деп Нурлан кудум гүлдү жыттап аткандай абадан кере дем алды. – Тим эле мурдуман кетпейт да…
– Аа-иий анда сонун жерде жашайт турбайсызбы? Мен анчалык кооз жерди сүрөттөрдөн эле көргөм. Бир жолу үй-бүлөөбүз менен сонун жайлоого барганбыз… бирок кичирээк кезим болгондуктан кайсы жайлоо экенин унутуп деле калдым.
– А сен биздин айылга баргың келеби?
– Аябай кызыгып калдым. – деп кыз көздөрүн бажырайта жылмайып алды. Тим эле азыр алып барчудай. Мына аттанып жолго чыгып калышкандай сүйүнүп алган.
– Буюрса барасың! Азыр ал жак көркүнө келе элек. Жакында сонун болуп, мен айткан ажайып аймака айланат. Мына ошондо сени ал жака жиберем. – Ушул жерге келгенде Нурлан да болуп көрбөгөндөй кубанып; – Сен билесиңди ал жакта менин кимим бар экенин? – деп бир башкача кудуңдайт. Кыз анын кубанычтуу жайнаган көздөрүнөн шектүү бир нерсе байкагандай өзүн жыйрый “билбейм” дегендей ийин куушурду. Оюнда “сүйлөшкөн кызы го..” деди. Заматта жан дүйнөсүн кызганыч ээлеп, жер астын-үстүн болуп кеткендей көзү караңгылай түштү.
– Таппай калдың окшойт ээ? – деп сөзүн улады: – Асыл бар, Асыл. Алтыным менин бөбөгүм десе… жалгыз кантип жүрдүң экен?

****
Асылдын эки аркасы тайып, оң колунун томугу жарака кеткен экен. Ооруканага жатып калды. Денесинен тамтык калбай көгөргөн. Тим эле күйөсүнөн токмок жегенсип бети-башы дулайдай шишип чыккан. Врачтар ага өтө жакшы мамиле кылышты. Кызга келгендерден абалын угушуп боорлору оорудубу же Кадичанын дайындап койгонунанды.. жакшы карашты. Эки апта ал жакта болуп үйүнө чыкты. Жаннат достугун бекем сактап, дайым жанында. Ал ата-энесинин каршы болгонуна карабай курбусунун үйүнө келип алган. Анын үй-бүлөөсү Асылды абдан сыйлашат. Айрыкча Кубат өз кызындай көрөт. Жаннат курбусу кимден жабыркап калганына өтө кызыктар. Буга чейин эки ирээт сураган, айтпай койду.
Гүлзат бая токмоктогондо тосмодон арыраак сүйрөп салган. Кыз эсин жоготпогону менен ого эле жанчылып калыптыр. Басып кетүүгө дарманы келбей турганда ошол айылдык Эрмек көрүп калды. Ал Камиланын байкеси, Эрландын досу.
– Ой сага эмне болду? – Кайрыла келип: – Сен тиги… Асылсың да? Эмне ооруп калдыңбы? – Кыз кыңкыстай “ооба” дегенсип башын ийкеди.
– Кана.., кел турчу! – Колтуктап өйдөлөткөн болду эле, таканчыктай алган жок. – Ой сен оңбой калгансың го…? Деги эмнең ооруп атат? – Кыз калпы билинип калчудай элеңдей берип, кекечтене жооп кылды.
– Би-билбейм. Тиги жерден тайгаланып ан-анан… – деп белин кармады.
– Жыгылдыңбы? Эч жериң сынган жокпу? Кел бери! – Эңкээ берип кызды так көтөрдү. Мына ушунда оору күч алды. “Аа…ай” деп чаңырып басылды. Тиги коркконунан кайра жаткыза коймок болуп, басылып калганынан жол жээктей көтөрүп жөнөдү.
Айылды коюу караңгылык каптап, бир башкача сүрдүү эле. Эрмек кадам шилтеген сайын Асылдын жаны сыздап оорусу күчөдү. Ыйлап жибере жаздап өзүн араң кармап баратты. Оорусу чыдатпаганда оюна нелер гана келбеди? “Өлүп калам го. Ушул күн акыркы күнүмбү” деп баратты. Караңгылык да ага өзгөчө сүр көргөзүп тээ бийикте калың тарткан кара булуттар да демейдегиден өзгөчөлөнүп каарын төккөндөй, “өлүмгө даяр тур” дегенсийт. Анда-санда кыңкыстап алып кете берди.
Жол арбучудай эмес. Эрмек кызды жонуна көтөрсө жеңил болмок, бирок андай кылса кыздын оорусу мурдагыдан да күчөчүдөй. Азырак кадам таштап, эс алып кайра жолун улайт. Колу талыганда бир аз эс ала калып, Асылды тизесине олтургусуп колдорун кере сунуп алат да кайра жолун улайт.
Асман булутка далдаалана өзүн жашыргандай. Балким ушул шордуу кыздын кыйналганын көргүсү келбей аткандыр. Же ал да жаман сынтып көзүн ала качып жүрбөсүн? Жер тоңголок. Күндүз күн жакшы тийгендиктен карлар ээрип, жол жээктеринде көлчүктөр пайда болуптур. Асыл келатканда “жеңеме жолугуп эле кайра тартайын. Болбосо караңгыда бул көлчүктөрдүн жок дегенде эле эки-үчүн кечип алсам жаман болот” деп ойлогон эми мындай болбодубу.
Бирок жакшысы Эрмектин бутундагысы суу өтүк экен. Кыязы бүтүн окшойт. Жол танбабай терең-терең көлчүктөрдөн кемедей жиреп өтүп баратты. Көзгө сайгиз көр сымал караңгылыкта көлчүк эмес көчөнүн өзүн көрүү кыйынга турду. Асман мына ыйлап жиберчүдөй томсорот. Эрмек үндөбөй келаткан кыздан бир балээни шектенгендей.
– Карындашым? – деп үн катты. Кыздан жооп болгон жок.
– Асыл, кыйналбай элесиңби? – деп экинчи жолу суроо узатканда;
– Ы…ың жа-жакшы…. – деген кыздын абалы өтө оорлошуп калган экен. Эрмектин шаштысы кетти. Не машина, не жөө адам өтүп койсочу! Өлүү жымжырт.
– Энеңди урайын пайдаң ташка тийгирлер. – деп сөгүнүп алды. Кимди сөктү экен? Балким демейде көчө жаңырта каткырышып, кулак тундура ышкырышып иттерден өйдө тынчтык бербеген балдарды сөккөн чыгаар…
Кыз ооруканадан эсине келди. Эрмек эки жолдош баласы менен алып келиптир. Алардын бири Эрландын досу болчу ошол машина тапкан экен. Жаннат апасы менен эртеси келди. Ал деле канчага укпай калмак ким билсин, 8-мартта боло турган кечеге барбай койгон. “Асылды жалгыз таштап майрамдамак белем” деп, андан көрө аны үйүнө ээрчитип келмек болуп барса, үйүндө жок. Ооруканага жатып калганын Топорбектен укту.
Бектемир ар майрамдарда кызына белек берээр эле. Мында да унутпаптыр. Шаарга каттагандардан тирүү гүл, анан “Менин досум Вася” деген мектеп курагынагы балдарга ылайыктуу китеп алдырган экен. Кызы ооруканага жатып калганын угуп ал жака да жетти.
Жаннат апасы менен Бектемир болуп чогуу барышты. Палатада кызы менен калганда “Болду кызым ичпейм. Менин айымдан силер кыйналдыңар. Мен үчүн азап тартышыңарды каалабайм” деп сөз берди. Анткен менен ошол кечте эле көнгөн тамагын ичип алды. Ичкенде да тое ичти.
– Асыл. – деди Жаннат ага бир сыр айтчудай жакындай берип, – Досум сен эмнеге жашырып атасың? Ал зөөкүргө карызың барбы? – Ачуулана карады: – Же эмне коркуп атасыңбы? Асыл көк беттигин бу жолу да көргөздү. Канчалык кыйкырып урушса да, жумшак сүйлөп алдаса да болгон жок. Унчукпай гана кутулду. “Айтам, бирок кийинчерек” деп гана койду.
Эл ичинде айың кеп али күчүндө. “Эл оозунда элек жок” деген чын экен да. Эч кимиси тынып калчудай эмес. Калп эле “ии бечара кыз кор болбодубу. Байкуштун жамандыгы кимге десең. Кокуй өзүндө да болуп жатпайбы” дешип жалпак тилдин учун уучтап, бүлөп калышат.
Кудай сактасын. “Жаман адам бар. Жаман калк жок” делинет ко.. Бул айылда жакшы ададары калбай таптакыр соолуп калбаган чыгаар. Көпчүлүк болгондон кийин араларында түзүгүрөктөрү бар да. Алар ушул учурларда өздөрүнчө кеңешип чуут аялдарды жөнгө салышмака кызуу даярданышууда. Жакшылыкка, жакшы тукумга зар болуп калгыр Анипа менен Сагина. Жана да ушул сыяктуулар гана элди дүрбөлөңгө түшүрүп атышпайбы. Асылдын токмок жегенин жашырып атканын да өздөрүнчө бурмалап алышты.

****
Пахан Жанараны такыр көргөн эмес. Үй-бүлөөсү тууралуу тыкыр иликтеген. Митиз экенин билгенде ашкере сулуу экенин туюп аны өзүнүн жанынан алыс болууну туура көргөнү да ошондон. Болбосо сулуу аял заты, “мен” деген баатырлардын башын айландырып салат да. Бул туурасында Чынгыз хандын; “мен баарынан күчтүүмүн, бир гана сулуу аялзатын көргөндө алсыз болуп калам” дегени бар эмеспи. Пахан да өзүнө ишене бербей Жанараны көрбөөгө аракет кылды.
Ал Нурланга жоолукпаганына бир аптадай болуп калган. Бүгүн өзүнө чакырып алды. Көз карашында маанилүү сөз айтчудай кейптенет. Жигиттин саламына алик албай,“олтур” дегендей маңдайкы орунду көргөздү.
– Жашооң кандай?
– Жакшы. Жакшы эле болуп жатат. – деп жигит шыпылдай кетти. Пахан башын ийкегилеп көпкө ойлонду да кепке өттү.
– Эмесе мындай: жетисинде жанагы кызды алып айылыңа барып келесиң! Тогузунда бул жакта болуп калышың керек. Кыз сага аманат! Бир тал чачы түшсө сен жооптусуң! – Ал ушундай деп кабагын чытый бергенде Нурлан ордунан обдула;
– Пахан? Мен…. – деп келатканда тиги колун анча жогору кылбай, азыраак көтөрдү.
– Сөз бүттү. – Босого жакты көргөзө; – бара бер! – деп койду эле суроосуна жооп ала албаганына кейигенин же буйругуна нааразы же ыраазы болгону билингис бир калыбында бөлмөдөн чыгып жок болду. Паханга дал ушул мүнөзү жагат. Кокус сүйүнүп же кубануунун белгисин жигиттин жүзүнөн байкап калса оюн өзгөртүп коюшу талашсыз мүмкүн эле.
Эландан санаасы тынчыбаган Бахтар, аны кандай кылып жок кылууну көптөн бери ойлонду. Акыры максатына жете турган күн да алыс эместей. Ал жаткан абактын жетекчисинин орун басары менен келишип алды. Ага оңой эмес акча кетет. Бирок кобранын башын алып койбосо, кийин ажыдаарга айланышы айдан ачык. Эрландан баарын күтсө болот.

****
Ушул күндөрдө Асыл кадыр эсе оңолуп калды. Өз алдынча кирип-чыгып дегендей. Күн да жылып кар тегиз кетип, жер бети көктөмдө. Текши чыккан көк чөп жакшы тегизделген чачтай өтө көрктүү. Адырдын гүлдөрү ана ачылат, мына ачылат болуп араң турат. Жанаарак жаап өткөн жамгыр эмей эле өткүн окшойт. Ашып кетсе он мүнөттөй эле жаады. Бирок ошол да жетиштүү. Чөптөр сууга чумкуп чыкан өрдөк сымал сергип алышты. Жалбырактарынан тамчылаган суулар сымап сымал күнгө чагылышып бир жаркылдап барып үзүлүп түшөт. Чөп чыкпаган такыр жерлер нымшып топурак жыттангыдай болсо тим эле жерге жата калып жалап же колго уучтап алып бөлүктөрүн күтүрөтө кемиргиңди келтирет.
Кыз күн нуруна чыдабай калдыбы, жонундагы чыптама, ички күрмөсүн чечип сала жука көйнөкчөн күнгө кактандып калды. Сыртта көп болбогонгобу башка кыздардан айырмаланып жүзү аппак. Алкымы андан. Ушул азыр аны эч жан көрбөсүн! Болбосо жаман. Аны өзү деле ойлоду. “Аялдар көрсө “өзү ушинтип азгырат” дешет. Эркектер көрсө дагы бир балээ болуп кетпесин” деп далдаага олтурган, бирок бары өзү ойлогондой чыкты.
Төрөбайдын ою ар дайым Асылда эле. Ага оңдой берди болуп эки агасы тең соттолуп кете берди. Эми күн бир аз жылыса эле короо-жайды бүткөрө коюп аны алагачып алмак болуп жүрөт. Андайга үйүндөгүлөр текши каршы. Бирок өзү кызды өзгөчө жактырат. Анын бул ою да жакшы экен, азыркысы ойго келбеген иш болбодубу. Кызды көрүп калып тетири ойго кетти. Жетип барып басып калмак болуп көчөдөгү элден чоочулады. Айла жок кечти күтүш керек.
Кеч да кирди. Ойдогудай болуп бүгүн Бектемир жок. Кымыңдап жүрүп эл аягы суюлганда атасы салып берген үйгө киргендей кирип барды да каалганы ичинен илди. Ичкери тарапка кулак төшөсө “дым”. Демек уктап жатат. Шыр эле кыздын бөлмөсүнө кирип, басып жыгылды. Кудум алып алган катынындай ишеничтүү. Байкуш кыз атасы белек кылган китепти окуп жаткан эле, “а” дегенге жетишкен жок. Аңгини алынын жетишинче тепкилеп-чапкылап жатты.
– Тур дейм. Тур! Байкемдерге айтам.
Болгон күчүн жумшап андан кутулууга аракеттенет. Кийинки күндөрү көп ооруп жүргөндүктөн алсыз. Аракети ишке ашпай үстүндөгү жулмалап, кийимдеринин улам бирин сыйрып кирди. Ичкийимчен гана калды. Төрөбай дале аймалап болбойт.
– Эч кимге ооз ачпайм. Экөөбүздүн эле ортобузда калат. – деп жалдырайт. Кыз коркутуп да, алдап, жалдырап да көрдү болбоду. Колунан келишинче каршылык көрсөтүүдө. Төрөбай жиндеп кетти.
– Эмне каадаланасың? Сен ансыз да көнүп калгансың. Былжырабай жата бербейсиңди, андан эмне кемип калмак белең? – Кыз ыйлап жиберди:
– Өлүп кет! Акмак… Тур дейм… – Төрөбай коркутууну эп көрдү. Чоң муштуму менен бөйрөкө катуу-катуу нукуп, жаакка удаа-удаа тартып ийди да, эми өзүн чече баштады. Кызды алдына басып алып үстүндөгү күрмөсүн чечмек болуп колун өйдө созо бергенде Асыл мөңкүп-мөңкүп аны оодара салып, түз эле сыртты карай качып жөнөдү.
– Ас-Асы…ыл дейм? Өлтүрөө-өм.. токто..оо..!
Шымын кийип удаа эле чыккандай болгон, бирок таппай калды. Короо-жай, кампа-сарайларды текши кыдырды, эч жерде жок. Кыйкырып издөөгө даабады. Максаты ишке ашпай шалдырап үйүнө кайтты.
Кыз коркуп калган экен. Түз эле көчөгө түшүп алып жогору карай жөнөдү. Кайда баратканын өзү да билбейт. Иши кылып жанагы жаман акмактан кутулса болду. Акактап күйүгүп калган, оо тетяка жеткенде токтоду. Артын караса эч ким жок. Күшүлдөп барып жолдун аркы четиндеги арыктын четине көчүк баса кетти.
Ай жарык. Гүл жыттанган жаз мезгили кимди болбосун мээримге бөлөгөндөй. Бирок ушул жетим кыздан башкасын. Күн жылып калгангабы же коркконунанды кыз ич кийимчен болсо да үшүгөндөй болбоду. Сүлкүлдөп кана арык жээгинде ыйлап олтурду. Жаралып калганына нааразы болду.
Арыкка толо мелт-калт аккан тоо суусу “шылдыр-шылдыр” үн салып жумушунан кеч калгандай алдыга, улам алдыга көздөй жулунат. Адатта шаркырап аккан суунун добушу, “адамды ар көйгөйдөн алаксытат” дешет ко. Жок андай болгон жок. Кызды соорото албады. Шордуу кыз үнүн бийик чыгарбаганы менен солуктап оо.. көпкө ыйлады. Колу менен жердин түгүн аткый апчып алат. Тим эле кош жүрүп кеткенсип тегерегиндеги чөптөр жулмаланып, кара топурактар оодарыла түшүп теңи сууга түшүп жок болот.
Ал жерде канча олтурганы белгисиз, ыйлап-ыйлап бугу чыкты. Эми эч ким көрө электе үйгө баруу керек. А кокус жанагы акмак дале ал жерде болсочу? Анда ал бу жолу качырбайт. Шерменде кылат. Жаннаттыкына барсачы? Жок ал да болбойт. Ата-энеси эмне деп ойлойт? Өзү соо эмес турбайбы дешпейби. Башка кайда..? Эч кимиси жок.
Оюна эмне келгени бир гана өзүнө белгилүү го, туруп алып дагы өйдөлөй жөнөдү. Кызык ко эми кайда барат? Айылдын башына барып калбады беле? Эми эч нерсе жок. Жарым чакырымча ары барса айылдын ата-бабасынын сөөгү жаткан көрүстөн бар. Башка эч нерсе жок.
Аппак ичкөйнөкчөн кыз кадамын алдыга аяр таштай жаай гана каалгып барат. Ашыккан да жок. Сейилдеп жүргөндөй гана илкий басып кете берди. Сыртка үн чыгара ыйлабаганы менен дилинде эзилип кана баратты. Жана тиги жерде олтурганда тээ тоо тарапта кыз-жигиттердин күлкүсү чыгып, ойноп жүрүшкөнүн эшиткен. Эми аларга жакындап калса да эч нерсе уккан жок. Ою бөлүштү болгондонго.
Түз эле апасынын бейитине барды. Ал бул жака эки жолу келген. Мунусу үчүнчүсү. Акыркы жолу беш ай мурун келген. Андан бери ондон ашык адам жерге берилип, кыйла өзгөргөн. Салиманын эстелиги да коюла элек. Эки жылдан бери үйүлгөн топурагы да чачылып, жапырыла басырылып калган. Бирок кыз аны тапты. Адашкан жок. Башында жөн гана айылдагы жаңылыктарды айтып жатты. Өзүнүн азап жеп жүргөнүн жашырды. “Кейибесин” деп ойлоду. Куду апасы тирүү, саамайынан сылап жаткандай, өзү анын тизесине башын коюп алып эркелеп жаткандай кобурап олтурду.
– Бизде ушундай. Өзүңүз кандайсыз? – Тегерегиндеги бийик-бийик болгон жаңы дөбөчөлөрдү карап: – Айлыңарга жаңы кошуналар келип аткан турбайбы ээ? – деп апасынын топурагын карап коет.
Тоо жаңырта кыйкырышкан балдардын үнүн эми байкады. Чукул эле жерден чыгып атат. Алар кимдер экени да анык болду. Ушул айылдын быйылкы бүтүрүүчүлөрү экен. Камиланын үнүнө окшогон дагы бирөө жүргөн, көрсө ал да бар экен. Асыл деле бала да… алар кандай оюндарды ойноп атышканын көргүсү келди. Ичкөйнөгүнүн этегин өйдө көтөрүп алып улам бир чийдин түбүнө чуркап барып олтура калып атып оюнчуларга өтө жакын калды. Калың өскөн чийдин түбүндө тигил жактагы отту айланта бийлап-ырдап жүрүшкөндөргө суктана карайт. Чуркап жетип араларына кошулуп ойноп алгысы келет. Кийими окшошпойт. Кокустан тигилердин бири коркуп кетип жүрөгү жарылып өлсөчү…?Жок андай болбосо да түн жамынып эмне кылып жүргөн дешип сөз кылышсачы?
Көптөн бери ойной элек. Балдарга кошулбаган неме аябай эле бук болуп бүтүптүр. Тигил жакта дагы бир аз кызыктар боло турган болсо жетип барууга араң турду. Анан калса тигилер да болуп көргөгөндөй көңүлдүү. Чемодандай болгон чо-оң магнитафон көтөрүп алышыптыр. Ташы азайып калганды, үнү араң эле чыгат. Кыздар ырдашса балдар оттон бийик секиришип, айрымдары күчтөрүн сынай күрөшүп да жүрүшөт.
Бүтүрүүчүлөр бири калбай бүтүн бойдон келишкен окшойт, жыйырмадан ашык бар. Араларында Камила менен Сайкал, анан коңшу айылдык дагы бир кыз. Калганы өздөрү эле. Алар эми табышмак катмайга өтүштү. Кайсы тарап жеңилсе, жеңген тараптын буйругун аткарат. Кыздар кыйын экен балдардын табышмагын таап, өздөрүнүкүн таптырбай көп нерселерди талап кылышты. Жигиттер жигиттик кылышып ойго келбеген оор тапшырмаларды да аткарып атышат.
Кыз кызыга алардан көзүн албайт. Качан гана алар тараптан эки караан берилей басышканда акырын боортоктой артка жылып жөнөдү. Тигилер да токтоп калышпай аны карай жакындашат. Кыз жылганы менен тигилердин аралыгы улам жакындаган сайын кызды кармап алышчудай болуп коркуп алган. Оюнда: “булар биздин айылдын окуучулары эмес эле жин- шайтандар го? “Албарсты ушунтип ар түрдүү болуп көрүнөт” дешти эле. Мени кармап алган атышабы” – деп, мына бакырып тура качмакчы болгондо жанагы экөө башта өзү жашынып олтурган чийдин түбүнө келип токтошту. Бири кыз экен, ал эки жагын каранып алды. Жанындагысы эч нерсеге алаксыгысы деле келбеди. Жонундагысын чечип жерге жая салды да кызды так көтөрө ал жерге жаткыра салды.
Асыл эми түшүндү. Кетип калайын дейт тигилер көрүп калышса кубалашат. Бекинип олтура берүүнү да жактырган жок. “Кудай сактасын” деп акырын келген изине түштү. Артындагы:
– Эл-Элдияр… акырынчыыы. – деп азырак үн чыгара онтоп жиберген Камила экенин таасын тааныды.
Жарым саатча убакыттан кийин окуучулар отту өчүрүшүп үйлөрүн карай жөнөштү. Оюн караак балдар кубалаша тоо ылдый жүгүрүп келатышат. Айрым жигиттер кыздарды көтөрүп алышыптыр. Безеленип чуркашат. Кайсы жүдөөсү…жыгылып калды. Ага удаа келаткан дагы экөө чалынып кулашып, томолоно жуурулушуп калышты. Алардын бири аппак көйнөкчөндү көрүп бакырып качып жөнөдү. Ал бакырганда баары артын карап калышкан. Тим эле бирин-бири тебелешип алдыны карай качышат. Жанагы кыз жандаган жигиттердин бири жок. Алды айылдын этегине жетип калган экен.
Асыл балдардан өзүнчө жүргөнүн унутуп койгон. Алардын тоголонуп-жумалана ойноп келатышканын көрүп качан ээрчип алганын өзү да билбейт. Жанагы баланын бакырыгынан өзүнө келди. Балдар андан качышса, ал балдардан качты. Апасынын бейитине барып ойдо көз жаш кылды. Дүпүйгөн дөбөчөгө көмкөрөсүнөн жатып, аны кучактап алып өпкөлөп жатты.
Уктап калган экен. Түш көрдү.
– Эй кыз, биз сени канчадан бери келтире албай жүрбөдүкпү. – деп жүзү көрүнбөгөн бирөө кызды караганда жанындагысы;
– Кел бизге! – деп колун сунат. – Кыз негедир бир нерседен коркконсуп, кайда жүргөнүн толук биле албай ээн талаада кимдир бирөөлөрдү издеп бараткансып эки жагын каранат. А жанагы жагымсыз көрүнүш ошол бойдон бир көрүнүп, бир көрүнбөй жанагы сөзүн кайталап кайдадыр алыстап баратты.
Бектемир мас болуп келгени менен үйүндө кызы жок экенин билгенде санаасы тынчыбай ушул түндү уйкусуз өткөрдү. Демейде үйдөн чыкпаган кызы дайын дареги жок көрүнбөй калганына санааркаган атанын ою оңолчудай эмес. Түнү менен Кудайга жалынып, экинчи ушул арам сууну оозуна алмак тургай колуна кармабоого ант берип, балдарынын бактысы үчүн өлүп кетсе да ачкыл аттууну жыттабас болуп Жаратканга жалынып турду.
Ойлонуп көрсө анын балдары Салима өлгөндөн берки аз убакытта кордуктун далайын баштан кечиришиптир. Бузук ишти кылып түрмөгө кесилмек тургай, бирөөнүн орой сөзүнө оң жооп берген балдары эмне себептен ээнбаш атка конушту. Макул алар чындап күнөөлүү болгон кундө да мен эмне үчүн бир жолу акыбалын сурап, соттун акыйкан жыйынтык чыгарышын көзөмөлдөп койбодум. Ушул азыр бечера балдарым не деген гана азаптуу күндөрдү баштан кечирип жатышат. Алсыз кулундарымды жанагы жанкечти такыр баш зөөкүрлөр эмне гана кылышпады экен.
Анын ушуларды ойлогондо каны кызып, арактан күйгөн капкара денеси жыйрыла түштүү. Көз алдынан кинодогу жүзүн адам баласы чыдап көралгыс чымыр денелүү эки аяктуу айбандардын бир канчасы анын эки баласын бурчка такап алып ит көрбөгөн кордукту көргөзүп жатышкан элеси кетпей туруп алганда аргасыз таң агарып келатканда сыртка чыгып кеткен, ошол боюнча үйгө кире элек.
Асылды ойлогондо көзүнө жаш келип, чөнтөгүнөн бетаарчысын алып чыкты. Мас болгондо Салимасын айтып ыйлай бермей адаты бар, ошондо улам мурдун жана бергендиктен бетаарчынын чоло жери калбай булганган экен. Ушунда Салимасын кайрадан көз алдынан бир сыйра өткөрүп алдыда бак аралай басып жүрдү.
– Кечир мени Самаш! Кечиргин мени! Сен үчүн, сени жоготкондогу кайгым үчүн ушунча азап жеп, ушул күнгө туш болдук. Сенин жогуң баарыбызга азап алып келди. Ооба, башкалардада болот жоготуу, бирок биздики алардыкынан алда канча башкача жана азаптуу болду. Не деген гана кордукту көрбөдүк сен жок. Бирок эми андай болбойт. Ичкич ата болуп балдарымды кароосуз, сураксыз калтырганым сен үчүн болсо, эми сен үчүн ошолордун баарын ордуна келтирем Кудай буюрса. Бул менин сага, эң башкысы жаратуучум жалгыз Кудайга берген антым. Мени мындан аары Кудай колдосун. Жаратканым жалгыз жана жардам берүүчү зат. Ал бизди эми өз мээримине алсын. Мен эми бирөө үчүн эмес, Жаратуучум жана жакындарым үчүн ит ичпеген ушул ичкиликти таштайм. Оо Жаратуучум? Мени жана менин жакындарымды өз мээримиңе алып колдой көр?!
Ал ушундай деп күн чыкканча үнүн сыртка чыгара кобуранып жүрдү да андан кийин уюн бадага кошуп, андан соң өзүн ирээтке келтирип алмакка мончосун жагып баштагы абалына келиш үчүн алгач жуунуп алууну эп көрдү.
Асыл ошол түндү бейит башында жансыз, алсыз арбактардын арасында өткөрдү. Бир нече күндөн бери жарытылуу эс албаган кыз түндө апасынын жансыз денесин карга-кузгун, ит-куштан калкалап турган бир чоң дөбөчөнү кучактап уктаган боюнча эртеси ойгонду. Ойгоноор менен айлананы бир сыйра карап алды да коркконунан өңү бузула ордунан ыргып турду. Теребел тынч. Күндүн нуруна чагылышкан эстеликтердеги сүрөттөр көздү уялта жаркылдап өзгөчө сүрдүү. Жакында пайда болгон жаңы бейиттердин топурактары тоодой үйүлүп, анын алдындагы жансыз адамдар мына азыр ушул топурактарды оодара туруп келишчүдөй, алдыда болотурчу коркунучтан коркуп турушкандай айлана демейдегиден тынч. Кыз элеңдей эки жагын каранып алды да ушул коркунучтуу жерден эми качып кутулмак болгондо туура тушта өтүп бараткан атчанды көрүп бираз жүрөк байлай түштү да андан уяла ошол эле апасынын бейитиндеги топуракка далдаалана калды.
Бул учурда күн аркан бою көтөрүлүп калган. Кечтин киришин күттү. Мал жайып жакын жерде жүргөндөрдү “көрүп калышпасын” деп кыштан салынган эски эстеликтин далдаасында олтурду. Ичине кирип кетүүгө жүрөгү дааган жок. Ошол бир капталы урап калган эски эстелик чоң атасынын эстелиги экенин билбеди. Анткени дал ошол кулаган жагында кайсы маркумдун эстелиги экени жазылган эле. Малчылар айылды карай жөнөшкөндө кыз ордунан козголуп апасынын бейитине келди. Ал апасы каза болгондон кийин куран окуганды үйрөнүп алган. Азыр башында жоолук болбогонуна кыжаалаттана кыска көйнөгүнүн этегин ылдый чое жүүртө басып олтурду да куран окууга киришти.
Кантсин кыз байкуш. Ушул сүрдүү жерге кыз эмес эр жүрөк баатырларда жалгыз-жарым жүрүү чанда. Кыз өзүн токтотуп куранды ирээти менен туура окууга аракеттенгени менен бир далай жеринен жаңылды. Ою бир жерде болбой улам кайталап, улам тууралап окуганы менен аягына чыгалбай убара. Окуганы куран болгону менен оюна Салима келди.
– Сен дале бул жердесиңби? Эртерээк үйгө бар, атаң издеп калды. – деген Салима өтө каардуу көрүндү.
– А-апа???
– Үйгө жөнө!
– Апа мен кантип… эл көрсө бул кебетем менен….
– Те..ез! – деп кыйкырып жиберди: – Азыр бирөөлөр келишет. Биз алардан коргой албайбыз.
Ушундай деп өктөм унчукканда кыз жүрөгү “селт” деп алды. Ал мүрзө арасында жүргөнүн эми чындап сезгендей чала-була бата кылып ордунан тура калып эки жагын каранып алды да жыңайлак экенине карабай дөң ылдый чымылдап чуркап жөнөдү. Алдынан эки атчан чыкты эле, аларга да көңүл бурган жок. Алар да байкабай калышкансып маани беришпеди. Үйүнө кырк метрче калганда көчөдө топ балдар турушкан экен. Басыгын жайлата берип жол жээгиндеги даракка далдаланып калмак болгондо “үйгө, үйгө бар” деген апасынын үнү дагы угулду.
Жолдун аркы чети менен бат-бат басып өтүп кетти. Демейде балдар ышкырып тийише беришчү эле, бу жолу алар да унчугушкан жок. Анткени кандайдыр касиеттен улам аларга кыз көрүнгөн жок.
Бектемир үй оокаты менен алектенип жүргөн, кызын жакшы маанайда тосуп алды.
– Кел кызым, кайда жүрдүң? – Ичкийимчен кызын баштан-аяк таң кала карап; – Мен сени таппай калбадымбы?
Кыз Төрөбайдан качып кеткенин жана ал жактан окуучуларды көргөнүн айткан жок. Башкасын бааарын айтып берди. Алтургай түшүн да айтып бергенде Бектемир “түшкө эмнелер гана кирбейт, жакшысы биз өзүбүздү колго алалы” деп кызын соороткон болду.
Бектемир кызы менен бир аз кобурашкан болду да мончого кирип чыкты. Канчадан бери мончого түшө элек болчу. Кайра-кайра бууга кирип, тим эле жыргап калды. Мончо жылыгыча короо-жайды тазалаган. Мурда кыз анын баарын мизилдетип турчу эле, ооруп калгандан кийин каралбай калбадыбы.
– Кызым сен мончого түшүп ал!
– Мончо…? Сиз жактыңызбы?
– Ооба, сага кызык угулдуго ээ? Мындан кийин дайым мен өзүм жылытып турам. – Жакындай келип бетинен сүйдү: – Барагой жуунуп ал!

****
Жанара бүгүн бир аз көңүлсүз. Эмне болду экен? Аны таарынтууга эч кимдин акысы жок эле… Эмнеден улам болду, жанындагылардан жаман сөз уктубу?
– Жанарка? Жанарка….а? – Кыз Нурландын ага кайрылып атканын эми байкап көзүн жашылданта..
– Ой сиз….
– Эмне болду, ойлонуп алыптырсың го?
– Мен-мен жөн эле… – деп кыз кайсалай түштү.
– Же жигитиңди эстеп… баса – деп Нурлан аны тигиле карады: – жигитиң барбы? – Кыз үндөбөдү.
– Туура кыласың, жигитти ойлонбой эле кой! Жигит өзү сени ойлосун. Туурабы? – “Ооба” дегендей кыз башын ийкейт. Бирок ичинен, “антсе кана? Ойлобой койдуңуз го. Менин жүрөгүм ким деп согуп жатканын тыңшап койсоңуз боло” дейт. Нурлан анын жүрөгүн тыңшап олтурбай эле билет, өзүн жакшы көрөөрүн. Бирок өзүндө кызга карай эч нерсе жок.
– Жанара, эртең айылга барасың! – Кыз түшүнбөй калды:
– Эмнеге? Кайсы айылга? Мен эч жакта эч кимим жок дебедим беле?
– Эмнеге жок, мен сенин байкең эмесминби? Менин айлыма барсаң болбойбу?
– Ии… сиздикинеби, кечирип коюңуз!?
– Өткөндө сөз бербедим беле эми ал жакта сонун учур. Барып Асылым менен таанышасың. Анан гүл тересиңер! Тоого чыгасыңар! – Кыз кубанып алганы менен башта көрбөгөн бөтөн жерге жалгыз барууга көңүлдөнбөдү.
– Аныңызга рахмат! Бирок барбай эле коеюнчу?!
– А эмнеге? – дап Нурлан себебин билип турса да бышыктагысы келди.
– Сиз болбогондон кийин… – деп узун кирпиктерин балбылдата, бото көзүн бат-бат ирмегилей жер карап калганда жигиттин жүрөгү эзилип кетти. Тим эле көздөрүнөн өпкүлөп, көккө бийик ыргытып тосуп алгысы келди. Бирок карманды.
Мурда жөн гана карындашындай көрчү эле. Азыркы абалы башкача сезимге бир “кылт” эттирип алды. “Сизсиз баргым келбейт” дегени “сизсиз жашоом жок. Менин жашоомдо сиз гана барсыз” дегендей туюлду. Эгерде мамилелер сүйүүгө айланчу болсо бу кыздан мындан укмуш сөздөр чыгаарын жигит сезбей койбоду.

****
Бектемир эртеси таңда туруп бейит башына жөнөдү. Салимага, ата-энесине, чоң атасына, бир туугандарына куран окуду. Анан үйүн карай жөнөдү.
– Ата…аа сүйүнчү? – деп Асыл алдынан чуркап чыкты.
– Болсун-болсун! Эмне болду?
– Уй тууптур. Ургаачы музоо тууптур.
Кызы экөө кучакташа короону карай жөнөшкөнүн көрүшүп, Анипа менен дагы бир аял таңдана карап калышты. Ичкиликти токтотконуна эки сутка боло элек жатып Бектемир кыйла өңүнө келе түшкөн эле. Кийгени да оңолуп, сакал-муруту ирээттелип сонун болуп калган. “Эмне себептен, кайсы Кудай жалгады” дешип суроолоруна жооп ала алышпайт. Бектемир болсо уйдун туушун жакшылыкка жооруду.
Эртең менен эрте чыккан кыз-жигит жетелеше шаарды бир сыйра кыдырышты. Аларды шаарга чейин жеткирип келген жеңил машинанын айдоочусунан тышкары дагы бирөө бар болчу. Нурландар машинадан түшүп калганда кыздан бөлүп ары жетелеп барды да колтугунан бир таңгак акча сууруп чыгып колуна карматты.
– Муну керегиңе жарат!
– Жок андай болбойт. Мага акчанын кереги жок… – Берки болбой;
– Шефтин айтканын аткарышым керек. – деп далыга таптаган болду да жолуна түштү.
Эркиндиктен көздөрү каткан эки жаш шаарда азырак сейилдеген болушуп кечки автобус менен айылга бет алышты. Жанарага эптеп бир орун таап берип өзү тээ арыда туруп келатты. Ал учурда техниканын жетишсиздигинен элдин бары коомдук унааларда жүрүшчү эле да. Сыгылыша кирип алышкан. Тим эле чычкан жойлогус. Орундуктар кары-кардаң, балалуу келиндерден бошобойт. Алардан арткандарына кыздар олтуруп алышыптыр. Ортодогу өткөөлдө өңчөй жаш жигиттер. Бутун үшүкө алдырган тооктой болушуп бир гана буттап келишет. Айрым бою жапыздар калп айтпаган кишиге каалгып калыптыр десе да болчудай.
Көрсө эртең мененки автобус да бузулуп калып каттамга чыкпай калган экен. Союздун даамду шорпосун ичип көнгөн айрым улуулар наалып-кейип, бийликтегилерге наалат айтышат. Жолдун жыртык-тешигине кирип чыккан сайын унаа булкуп-булкуп алат. Мунусу да аздык кылгансып араң бараткан бузук немеге күч келип жатабы, анда-санда жерлерден жүткүнүп-жүткүнүп алмайы бар. Унаа ичи бир копшолуп койбойт. Шыкала кирип алышса кайда чайпалышмак? Кыймылсыз гана жол арбытышат.
Оо бир саатча жол жүргөндө барып автобус ичи бөксөрдү. Орундуктардан тышкары төрт-беш кана жигиттер туруп келишет. Дагы жыйырма мүнөтчө жол жүрүшкөн соң Нурлан Жанараны жетелей түшүп калды. Алар менен дагы бир бала көтөргөн келин анан жүдөөнкү бир жигит түштү. Кебетесине караганда ичкич окшойт. Нурлан аны көрө сала атасын эсине түшүрдү. “Деги ичпей калды бекен?”
Шаарда сүрөткө түшүшүп анан Жанара менен Асылга окшош кийимден эки сыйра алып, калган акчаны бекитип койгон. “Эмнеге мынчалык көңүл буруп калды? Оюнда мени бир жактарга иштеткиси бар го. Шиш! Эч кандай жаман жагына барбайм. Кааласа өлтүрүп койсун. Акчасын алпарып берем” деп Паханга кекенип алды.
– Байке бул жер жомоктогудай го? – деп айлананы суктана карап алган Жанара басыгын буза токтой калды эле:
– Жүр, жүр! Жомокту көрө элексиң. Асылымды көргөндө жомоктогу пери экенине толук ишенесиң! – деп үйүн карай бат-бат басып ашыгат.
Жанагы жүдөө жигит булардын алдында илкий басып келаткан, эми артта калды. Эмнегедир жашоо анын жыргалын тартып алгандай. Жүзүндө эч кандай жакшылыктын белгиси жок. Анда жакшы учур таптакыр болгон да эмес окшойт. Кабагы бир ачылып койбой, кимгедир нааразы. Балким баарына-баарына нааразы десе да болчудай.
– Бул киши ушул айылдан болобу? – деп Жанара андан өтө беришкенде артын бир кылчая карап алды.
– Жо-ок. – деп Нурлан ишеничтүү жооп узатты: – Мындай биздин айылда жок. Балким көпөстөрдүн малын баккан малчыдыр.
– Көпөс? Ал эмне?
– Аларбы? Алар адам сымалдар. Бирок толук адам деп айтууга болбойт. Антип атасак сөздүн куту качат.
– Кызык экен, адамга окшош болсо. Деги коркунучтуу эмеспи? – деп кыз алда нелерди ойлоп жигитти кооптоно бир карады.
– Ээ бөбөк-бөбөк. Сен шаарда өскөнсүң. Анан да жашсың кийин түшүндүрүп берем. Азыр сөзүбүздү бышыктап алалы: Мен түрмөдөн келатам. А сен болсо жолдон кошулдуң. Түрмө эмне экенин түшүнбөйсүң дагы. Жөн эле бир досумдун карындашы болосуң. Ал досум мага “айылды көргөзүп кой” дегенинен эле сени алып келдим. – деп токтой калды: – Түшүндүңбү?
– Эмнеге? – деп кыз али эч нерсени ойлонбойт. Өзү балдар үйүндө чоңойсо каяктан билмек айылдыктардын ар кимиси эле көрүнгөндүн ишине кийлигише беришээрин.
Эки жаш ээрчише тосмодон кирип келишкенде Асыл кемегеде от калап бир нерсе бышырып атыптыр. Тааныган жокпу же акылы башынан учуп кеттиби колуна чыпкасын кармай далдырап калды.
– Асы…ыл? Асылым менин. – Нурлан колундагы чоң сумканы ыргытып жиберип чуркап жетти: – Барсыңбы Боорум? Бар экенсиң го. – деп так көтөрүп тегеретип-тегеретип жиберди.
– Байке..е, Байке-байым. – деп Асыл колдорун мойнуна арта сала сүйүнүчтүн жашы көзүнөн чууруп жатканын сезбеди.
Жанара бир туугандардын кубанычтуу жолугушууларын арыыракта байкап турган. Өзүнүн байкесин эстеп, ызадан тамагы муунуп турганда дал капталынан аста өтүп бараткан адамды карап алып эмнегедир боюн жыйырп алды.
Ал жанагы жүдөөнкү адам эле. Жүдөө болсо да жүзүндө качандыр бир убакта сулуулук болгону байкалып турат. Алтургай Нурланга да кайсы бир жерлери окшошуп кетет экен. “Бул анын папасы го..” деген ойдо калды. Бирок анчалык эле улуудай эмес. Болсо отуздан жаңы ашкандыр.
Жүдөө түз эле Асылга барды. Колунда кытай ак баштыгы бар экен. Аны жерге жай таштап кызга арык, тарбагай колдорун узата орой кучактап көтөрмөк болуп алы жетпеди. Кызды кучактаган калыбында көз жашын төгүп жиберди.
– Ме-мени кечиргиле! Мен акмак… – Нурлан байкесин эми тааныды. Жолдо катар ал менен чогуу келсе да жүзүн көргөн эмес.
– Эр-Эрлан? Бул сенби? Эмнеге, эмне үчүн?
Анда күч бар эле. Кучакташкан тиги экөөнү бирдей көтөрүп алды. Эки бир тууганын эки колуна олтургузуп алган ал, эми бөтөнчө жүрөгү ооруду. Асылдан Эрландын салмагы жеңил экен. Спорт менен машыккан байкеси мынча эмне жүдөгөн? Акыл айтчу ал, эмнеге ушунчалыка келип калды? Азап көрүшкөнбү? Асылдын деле өңү жакшы эмес. Атасычы, ал кайда. Ою жаманга кетти. “Жок болуп кеткен экен” деген ойго келди.
– Атам. Атам каякта? Аско айтсаң боло?! – Кыз жооп иретинде короону карай башын көтөрө жаңсады. Бектемир кетменин колго ала келе жатты:
– Оо Кудай. Ушу чынды, уулум келген го….? Ата-бала бирине-бири жүгүрүшө келишти да Нурлан атасын так көтөрө:
– Ата, атаке..е. – деп кыйкырып жиберди.
Эрландын жүрөгү эзилип кана кетти го чиркин. Нурланга кубанган ата, аны карап да койгон жок. Оюнда “акмак баланын барынан жогу артык. Келбей койсо да кейибейт элем. “Жаман ишке барган баланын кереги не” деп жататко” деп ичинен өзүн-өзү жемелеп турду. Бектемир болсо аны тааныган жок. Эки баласы бир маалда келмек тургай, бирөөн да келет деген оюнда жок эле.
– Ата, Эрлан менен учурашпайсызбы? – деген Нурландын сөзүнөн кийин гана эсине келди.
“Түрмө тартибин бузбай, аман жүрүшсө Кудай колдоп мунапыска илинип калышаар. Азыр болбосо да төрт-беш жылдан кийин кутулуп келгилери бардыр” деп жүргөн. Эми минтип экөө бир учурда керип келишти. Бирок; “жөн гана учурашканы суранып келишкенби же качып келиштиби” деген ойго да келбей койбоду.
– Келгиле! – деп тосмонун киреберишинде тигилерди карап турган Жанаранын жанына Асыл келди: – Бергиле мен көтөрүшөйүн. – деп чоң баштыктын бир сабын колуна алды.
Анипа менен Сайкал гүл отургузуп, Төрөбай бак ичин тазалап жүркөн. Нурланды тааный коюп, тырмоону ыргытып жиберди да көздөн кайым болду.
– Апе..ей ботом? Ай тигиниси келип калган го? – деп Анипанын ыңдыны өчкөндөй шалдырай түштү. Оюнда “болду ал түрмөнүн түбүндө чирийт” деп жүргөн. Максаты ишке ашпай калгансып маанайы чөгө иштеп жаткан ишине көңүлү келбей калбаспы.
– Апа, Нурланга окшобойтко?
– Анан ким болушу мүмкүн? – деп шаштысы кетти.
– Билбейм. Жанында дагы экөө бар турбайбы. Жаш кыз да бар экен, ал ким болушу мүмкүн?
Алар ушуларды кобурап толук аңдай албай турушканда тигиндеги экөө аларды карай кадам шилтешти.
– Алар бери келатышат….? – Шыбыраша ишке өтүштү.
Нурлан менен Эрлан экен. Тим эле сагынып калышыптыр. Өзгөчө Сайкалды кучактап алышып кайра-кайра өпкүлөшөт. Нурлан өңүнө чыгып тим эле суп-сулуу, келбеттүү жигит болгон экен. Спорттук денесине кымбат кийим “зып” эле жарашып калыптыр. Тим эле министрдин балдарындай. Алкымынан урган атырдын жыты салкын жел менен кайдадыр алыстарга учат. Калп айтпаган адамга тээтиги сайдагы суунун аркы өйүзүндөгү каз-өрдөк жайып жүргөн эки келинге да жетти окшойт, колдорун серепчилей бул өйүзгө көз чаптырышты. Атыр канчалык кымбат экенин мурундун сезгичтик касиети даана аныктап турат.
Эркиндикте жүргөн эски жемпирчен баласы менен алдындагы Нурланды салыштырганда Анипанын нерви дүүлүгүп кетти. Ичи күйдү. Аныкын тартып алгансып жонундагы жарашыктуу кйимдерин сыйрып алгысы келди. Сайкал атыр жытынан эсин жоготкон. Мурда эле көзү түшүп жүрчү эле, эми таптакыр боюн кармай албай “шалак” деп кулап калуудан араң турат.
Көчөдө ары-бери, каршы-терши өткөндөр буларды таңдана карап өтүп атышты. Нурлан, Эрландардын келип калышаары биринин да оюна келбеди. Таанышкан да жок. Эрлан абак азабынан арыктап, картайып да кеткен экен. Ооруп да жүргөндөй. Нурлан тескерисинче толуп алган. Күн көрбөгөн бети аппак болуп кубарып калыптыр. Толуп алгангабы, мурда эле бойлуу эле, эми таптакыр эле асман тиреп зоңкоет. Тим эле албеттүү киши болуптур.
Эртеси аксарбашыл чалып түлөө кылышты. Келгендердин баары эле табышмактын түйүнүн чече алышпайт.
– Ай булар соо эмес? – дешсе, айрымдары:
– Бир кыйын адамдын колдоосу менен кутулушуптур. Эми анын “жаса” дегенин жасашат экен.
– Жоок качып келишкендей…? – деп дагы бири божураса, ары жакта кепке кошулбай турганы;
– Билбегенден кийин сокур болжолуңарды коюп, бок жебей ишиңерди кылгыла да! Качкан адам Нурландай болобу? – дейт. Эмнеси болгон күндө да ойго келбеген иш. Эрлан толук акталып келиптир. А Нурлан болсо кайра кетээрин ачык айтты.
– Жакшы тааныштар болуп калып суранып келдим. – деди. Эл ага ишенген жок:
– Суранса эле жибере бергидей ал жер эмне мектеппи? Же эмне атасынын жеке абагы бекен? – дешип кежирденишет.
– Азыр эч нерсеге түшүнүп болбойт. Эбин тапкандар эркиндикте кандай жүрүшсө абакта да өз билгендерин кылышат. – деп дагы бири билерман.
Эртең кетишмек болгон күнү Салиманын бейитине барып куран окушту. Ал жака үйдөгүлөр түгөл барышты. Алардан башка Топорбек анан Бектемирдин досу Анарбек барды. Кой союп айылга да куран окутушту. Анан бардыгы менен жылуу коштошуп Нурлан менен Жанара жолго чыгышты.
Бул аралыкта Асыл Жанарага жаратылыштын кооздугун жетишээрлик көргөздү. Шаардык кызга өзгөчө кооз гүлдөр сонун көрүндү. Тоонун башына чыгып алып ылдыйды караса тим эле килем төшөп койгондой экен. Анан калса быйыл айыл адаттагыдан ашыкча ажайып кооз. Адырды текши каптаган гүл талаа айылды каптап кирип, короолорго жайыла берген.

****
Тыныч эки жылга соттолгон. Атасы каза болгондон кийин апасы таштап башка эрге тийип кетти. Ал чоң энесинин колунда жашай турган. Баласынан кийинки күйүт аздык кылгансып неберсинен соң оңбой калды. Алтымышты эми таяп калганы менен өтө алсыз. Кичүү уулунун көмөгү менен эптеп эл катарында.
Аты жаман абактын бетин ары кылсын! Балдар колонниясы да чоңдордукунан өзгөчөлөнбөйт. Ал жакта да атамандыкты талашуу, атаандашуу күч. Келгенине эки ай болбой кордуктун-кордугу Тынычтын башынан өтүп жүрөт.

****
Асылдын агалары келгенин укканда Гүлзаттын жүрөгү опкоолжуп, алды айланкөчөк болуп кетти. Коркконунан ыйлап да жиберди.
– Асыл? Асыл, күчүгүм менин. Кечирип кой мен акмакты! – деп жалынат.
Жанында эч ким жок. Көз алдына эч нерседен тайманбаган, Кудайдан да коркуп койбогон зөөкүр Нурлан турду. Түрмөдөн жеткен мыкаачы болуп, кимди болбосун жеп сала турган ач карышкыр болуп келгенин элестетти. Нурлан карындашын канчалык жакшы көрөөрүн, анан да жалган жалаа менен кеткенин эстегенде “ал жашоодон, акыйкаттыктан, адилеттиктен түңүлүп калгандыр. Эми мени аябайт” деп балдарын карап алып “буларды да майып кылып же өлтүрүп койбогой эле” деп жаны жай албай жүрүп бир күнү баласын көтөрүп Асылга келди. Жалгыз экен.
– Кандайсың? Ме-мени кечир! – деп короодон эле “бар” деп ыйлап жиберди.
– Акырыныңыз эл угат! – Баласын колуна ала коюп, ээрчите үйгө киргизди. Көпкө сүйлөшүштү. Асылдын жумшак мамилесинен улам ого бетер өзүн жемелеген Гүлзат, “мен акмак болгон турбаймынбы” деп өзүн жек көрөт.
– Асыл мен акмак экенмин кечире көр! – деп башын көтөрө албайт.
– Жеңе сизде күнөө деле жок бирок ачуулукка алдырбасаңыз болот эле. Мен ошол күндөрдө кандай гана кыйналдым? Оору күч болгондуктан сыртка да кирип-чыгалабай калбадымбы. Билесизби ошондо эмнени гана ойлободум? – деп көзүнөн аккан жашты акырын алаканы менен сүртүп койду.
Нурлан агасы тууралуу эч нерсе билчү эмес. Баарын айылдан укту. Анан кандайдыр бир себептерден кутулуп калганына да таң калган жок. Ал иш Пахандын кийлигишүүсү аркасында болгонун баамдады. “Эмне эле мынчалык камкор болуп калды? Мени бапестегени аз келгенсип Эрланды куткарып чыкса…? Бул бизден эмнени күтүп жүрөт? Урганым жок ал дайындаган кызматтын. Эки күн жашасам да адамдык абийирим менен болгонум жакшы” деп келген эле. Эртеси суранып Паханга кирди:
– Пахан? – деди ал: – Мен баарын билдим. Колдооңузга рахмат! Агамды да куткарган экенсиз. Мага болсо зор көмөкчүсүсүз. Бирок мен бул жакшылыгыңызды кайтара албайм. – Пахан үнсүз гана башын ийкеп койду.
– Макул көрсөңүз мага кылган жардамыңызды токтотуңуз! Мен аны бары бир түшүнбөйм. – деп жооп күтө тыңшады.
– Сенин колуңдан баары келет.
– Кандайча? Мен мисалы сиз буюрган тапшырманы аткара албайм. Аны өзүм жакшы билем. – Пахан башын ийкеп;
– Аткарасың! Болгондо да кынтыксыз!
– Пахан….. – деп келатканда “болду, бара бер” дегенсип сыртка карай жаңсап койду.
Ыргылжың болуп бир апта жүрдү. Оюнда кайдагы бир укмуш кылмышка аралаштырарын көз алдына элестетип, кимдир бирөөлөрдү ит аткандай атып, кой мууздагандай кекиртектеп атканын ойлосо жаны тынчыбайт. Бирок Пахандын чынчылдыгын эстегенде “күнөөсүздөргө кол көтөртпөс, күнөөлүүлөрдү жазалап койсок элдин саны азайып кетпестир” деп кайда жумшаса “хоп” деп кете берүүгө өзүн даярдап жүрдү. Кайра бир кирип сүйлөшүп көрүүнү чечти. Максаты Тынычты куткаруу.
– Ии жигит сүйлө! – Нурлан аптыга унчуга албай калды. – Кандай чечтиң, кызматка даярсыңбы?
– Мен макул, бирок бир шарт бар. – “Айта бер” дегендей сөз тыңшап калды Пахан.
– Бир жигит бар. Аны бошотуу керек.
Мындайда Пахан жети өлчөп бир кесет. Ал эмне болгон жигит? Эмне себептен соттолгон? Акпы-карабы, териштире салып аптага жеткирбей азаттыка чыгарды. Бул жакшылыгы Нурлан үчүн унутулгус болду. Өзүн жакшы карап, агасын бошоткону да азыркыга арзыбайт эле.
Ичкилик курусун! Жогорудагы азаптын-азабы ушул арак деген балекеттин салымы кошулганы талашсыз. Бектемир ичпей калса мындайлар болбойт беле… Мейли өтөөрү-өттү, кетээри-кетти. Эми жаңылыштык болбосо болду. Эрлан экөө короо-жайды оңдоп-түзөп, талаа жумуштары менен алек. Нурлан баягы акчаны кайра айылга салган. Паханга берсе ал жаман көрдү.
– Бул сенин ырыскың, кийин түшүндүрөм. Ойлонбой сарптай берсең болот. – деп тынчтандырды. Бектемир: “Бул эмне болгон акча? Коротпой катып койдук. Кайдан алсаң ошол жака жеткир! Жеңил оокат менен нан табам дечү болбо!” – деп кат жөнөткөн. Жообу жакшы келди.
Бул акчаны Пахан Нурланды ак жеринен каралаган паракор соттон өндүргөн. Нурланды каралагандагы кызматына канча алса, андан жүз эсе ашык төлөгөн. Нурлан ошону билип атасына жооп жазды.
– Ойлонбогула! Ак эмгек. Кийин айтып берем. Мал алып, эгин айдасаңар болот! – дегенди окуганда жүрөгү тынчый, акчанын теңин бекем жерге катып, калган теңине ылайыктуу нерселерди ала баштады Бектемир. Алардын короосу малга толуп, гектарлап жер иштете башташканда күбүр кеп кайрадан күч алды.
– Ай булар мынчаны каяктан таап атышат ия? – дейт Сагина.
– Ким билсин. Дагы бир ноендук кылгандыр, жанагы шумпайы. – деп анын күйөөсү Нурландан шек санайт.
Асыл да калыбына келди. Үч айдан берки мектеп программадан артта калган экен. Күн-түнү тынбай окуганы китеп. Жаннат келип:
– Бир аз сүйлөшүп олтуралы! – десе,
– Мен сага жетип, отличник болмоюн сени менен сүйлөшүүгө эч кандай акым жок. Андан көрө мынабу менен сырдашуум керек. – деп китепти көргөзгөндө курбусу:
– Мейли… менден да жакын досуң бар экен да. Мен анын жанында чоочун эле бирөө болуп калат окшобоймунбу. – деп тамашалай таарынган болуп жолго түштү.
– Ооба ошондой. – деген кыз китебин кучактаган бойдон кала берди.
Акыры мээнети кайтып мурдагы абалына келди. Тыныч да окуусун улантууда. Класс ичинде кичине бош боло калышса эле Жаннат үчөө баштарын тийгизе чогула калышып күбүр-шыбырга өтүшөт. Ашыкча эч нерсе деле сүйлөшпөйт. Болгону “жакшылап аракет кылып, тынбай окуп беркилерге, алардын ата-энелерине жакшы жагынан көрүнүү.
Эрландын кутулуп келгенин укканда Бахтардын көзү чөйчөгүнөн чыга чакчайды. Азыр кирип келип башын кесип терезеден ыргытып жиберчүдөй денесинен муздак тер кете калтырай ошол терезеден сыртка көз жүгүртүп алды да бери жактагыларга кайрыла;
– Тез таап денесин башсыз кылгыла! – деп буйрук кылды.
– Мага ашыкча көйгөйдүн кереги жок. – деп кераяктанган жигитти акчага, байлыкка азгырды.
– Каалаган жерден үй алып берем. Эртерек тынчыт!
Жигит жашоодон кыйналып, биртике тапканы ичкен-жегенинен артпай жүргөн. Күндө аялы менен чырдаша турган. “Мейли бир адамдан дүйнө кемип калмакпы” деп жөнөй берди.
Бирок ишин аткара алган жок. Шымын тизеден өйдө түрүп, үстүн күнгө күйгүзө жылаңачтанып алып шымаалана баткак ташып, кампа майлап жаткан Эрланды көрүп оюнан кайтты. Денесинен чылпылдаган терин агызган арык, тарбайган иштарман жигиттин жашоого болгон үмүтү зор экенин байкады. Бейкүнөө жанды кыюуга колу барбай артка кайтты.
Анткен менен сырды билип калган катары Эрландын ордуна өзү курмандык болду. Киши колдуу болгон анын денеси суудан табылды. Кылмышкер ким экени белгисиз. Артында сегиз айлык кызын бооруна кысып он тогуз жаштагы аялы Мунура зар какшап кала берди.
Окуу жылы аяктап, уядан учкан куштар шаарды карай агылууда. Асылдын классташтарынанда онунчу классты эми бүтүшкөнүнө карабай бирин-экин окуучулар тогуз жылдык күбөлүк менен шаарга жөнөй беришти. Сайкал да алардын катарында. Чач тегиздегичпи, боенткучпу айтоор ушул сыяктуу бир нерсесин окумай болду. Аны өзү деле түшүндүрүп бере албайт. Анын мыкты курбусу Камила. Ал да шаарга бармак болгондо Энеси: “Училищага бара турган болсоң былтыр тогузунчу классты бүткөндө эле кетпейт белең. Бир жыл окуп алган соң, дагы бир жылга чыдап, аттестат аласың да врач болосуң!” – деп тыйып койду.
Мезгил закым куш. Ай айланып, мезгил тогошуп улам жаңы күндүн таңы атып отуруп мына күз да келди. 1997-жылдын 1-сентябры. Аппак формачан окуучулар ала куштай көчө толо чуурушуп каршы-терши өтүшөт.
Асыл өтө көңүлдүү. Жаннат экөө колтукташып мектепти карай кадамдарын жай таштап күлкүлөрү таш жара шаңкылдашат. Ынтымак алдыларынан торой тосту.
– Оо эжекелер, кандайсыңар? Жаңы окуу жылыңар ийгиликтүү аяктасын! – Кыздардын колунан сүйүп сылык куттуктаган болду.
– Эмне эле күлкүм келип калган десем, көрсө братишкам келаткан турбайбы. – деп Жаннат анын чачтарын уйпалады. Жаннаттын атасы Кубат менен Ынтымактын өгөй чоң атасы бир тууган. Асыл болсо беш атадан биригип калат. Ошондуктан “тууганбыз” дешип ынтымактуу.
Мектепте көп өзгөрүүлөр болуптур. Ушул айылга быйыл жаңы көчө түшкөн. Алжака өкмөт коңшу айылдыктарды көчүрүп келип, окшош тамдарды салып беришти. Мурунку конуштары коопту жерде жайгашып калгандыктан жашоого мүмкүн болбой калган. Ошол жаңы кошуналардын балдары окуучулардын санын кыйла арбытып койгондой. Кудай кут кылсын, тим эле мектептин алды толо. Бирок Асылдын классы көбөйүп кетпептир. Төрт окуучу жаңы кошулган болсо, мурункулардан бешөө кеткен экен.
Жаңы көчөлүктөр Асылдар менен бат эле ынак болуп кетишти. Камиланын карамагында эки гана кыз. Беркилер аларды канчалык өздөрүнө чакырышпасын бөлүнгөндөрү-бөлүнгөн.
Асылзат азаптан кутулгангабы, бир аз толуп өңүнө чыга түшкөн. Көңүлү куунак болгонго дайым күлүп жүргөндүктөн баштагыдан да чырайлуу. Артынан ээрчиген жигиттердин саны улам арбып, ал эле эмес көрбөй эле алыстан ажарлуулугун уккандар почта аркылуу кат жөнөткөндөрүн коюшпайт.

****
Эх…х түйшүктүү турмуш. Эч ким өмүр бою жыргал жашоодо өтпөйт экен да. Жашоо цикли бирде бакытка, бирде байлыка. Анан кайрадан азап-тозок, жетишпеген арманга айкалышып жүрүп акыры аркы дүйнөгө аттанат экенбиз да.
Бирок ошол азаптуу түйшүктү ким бирөөлөр өздөрү чакырып алса, айрымдары “турмушуң эшек араба, туулдуң калдың баляга” дешип аргасыз баштан кечиришет.
Сайкалды айта турган болсок азабы жаңыдан башталгандардан. Алдыда кандай күндөр күтүп турганы бир гана Жаратканга белгилүү. Кандай кыйынчылыктар болсо да чыдаш керек. Анткени баарына өзү күнөөлүү. Өзүнүн кара экенин билбей, үй-бүлөсү баш болуп бей күнөө кызды канчалык кыйнашса эми андан эки эсе кыйналууга бул бүлөө толук татыктуу. Ал Камиладан бөлүнмөк эмес, аргасыздан ажыроого туура келди.
Жайдын саратан күндөрү эле. Ата-энеси талаа сугатына кетишип жалгыз болчу. Агасы Төрөбай болсо баягы Нурландан качып кеткен боюнча келе элек. Айылга каттагандардан “шаарда иштеп жүрөм” деп айттырып калганы болбосо бар экени күмөн.
Там алдына суу сээп, шыпырып болгон соң өчөйө түшкөн белин түзөп алмакка ары жактагы тапчанга жата кетти. Кыялында Нурлан. Ага кандай жагынуу керек. Асылдан жаман көргөнү жок. Болбосо ошол чоң жардам берет эле. Же эмне жалпалакпап алдына чөгөлөп ичи-койнуна кирип кетсе бекен.
– Ах Нурланым. Нурланым? Мени азапка салдың го? – Менчиктеп алган эриндей ушундай дейт. Анан кыялга батат:
– Кара жаным, тээтиги көгүчкөнбү?!
– Кана, кайда? – деп Нурлан тегерегин айланта карайт.
– Тигине, тиги дарактын башын карасаң!
– Ии ошондой десең! Азыр мен сага дал ошонун өзүн кармап келип колуңа карматам.
Тырмыша өйдө чыгып жөнөйт. Жуп жетип кармамак болгондо көгүчкөн карап турмакпы учуп кетти.
– Та-ссени… – деген жигит бирде чатырга, бирде тал-теректердин башына чыгып жүрүп акыры кармап келип колуна карматат. Анан экөө тилек айтышып учуруп жиберишет да, өзөн бойлой суу чачышып ойношот. Соңунда Нурлан аны так көтөрүп алып үйгө алып келет да өз бөлмөлөрүнө кирип алышып ойда эзилишет.
Кыз кыялдын тереңине сиңип кеткен экен. Колдору менен өз денесин сыйпалап жатканын эми сезди. Курсагы мурдагыдан да чоңурактай. Өткөндө да байкап, “толуп баратканмынбы” деп ойлогон. Азыр коркуп кетти. Жүгүрүп бөлмөсүнө кирип барды да кыска көйнөгүнүн этегин түрүп жиберип жылаңач дырдыгый курсака көзү урунду. А дегенде күзгүнү бир муштап алып колу ооруй түшкөндө өзүн-өзү курсака соккулап жиберди.
– Ээ..к, сен эле калгансың. – Оюнда дале толуктук. Башканы болжоого акылы жеткен да жок. – Арыкташым керек болбосо Нурлан карабай коет.
Чуркап чыгып жин ургансып короону айланта эки ирээт жүгүрдү. Төрөбайдын чүпүрөк капка кум толтурулган ургулап ойноочу мүшөгү бар эле. Аны да бир эки соккон болду. Арыктоо максатында. Соңунда көл-шал тер кетип баягы тапчанга жата кетти.
Кайрадан таттуу кыялдар. Бирде шаар аралап сейил бактарында жүрүшсө, бирде алдей ырын ырдап бөбөктү алмак-салмак көтөргөн болушат. Ойдон кеткис ысык түндөр. Кыялга баткан кызды өз оюна койсо жыргалга тойбойт эле. Курсак туштан кандайдыр чоочун кыймылды байкай башын көтөрө калып чычкан аңдыган мышык сымал саамга тиктеп калды. “Булк” дегендей белги. Ишенбей дагы карайт. Аздан соң дагы да баягы көрүнүш. Бу жолу удаа-удаа “булк-булк”.
– Мама..а. – деп кыйкырып жиберди. Ал күнү бул көрүнүш кайра-кайра кайталанып атты. Өзүнө күч келтире кыймылдап койгонго окшойт, ичиндеги тепкилеп жатты.
Мына ошол күндөн тарта азаптан кутула албай келет. Шаарга келе бергени да ошондон. Оюнда келе калып эле алдырып салмак, анчалык оңой боло койбоду. Каттоосу жок анан да мөөнөтү өтүп кеткендиктен врачтар баш тартып коюшту. Айласы кетип; “анда жардам бериңизчи” деди эле, врач баласын багып ала турган адамды таап берди.
Ал үй-бүлөө бардар жашоодо экен. Кожоюн милиция болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыгыптыр. Ортолорунда бир гана уул бала бар. Ал студент болуп калганына карабай өтө эрке. Ата-энеси да ою менен, каалаганын аткарышат.
Сайкалдын курсагындагыга алты ай болгондо аларга убактылуу кызматчы болуп барды. Төрөгөн соң баласын аларга таштап кетет. Барган күндөн эле оор түйшүк күтүп алды.
– Сен байкең менен сыналгы көрүп отура бер! Мен курбуларым менен жолугушуум бар, ошол жака кеттим. – деп Дамира чыгып кетти. Көп кабаттуу үйлөрдө жашашат экен. Аялынын бетинен жумшак өөп узаткан Муктар каалганы ичинен бекитип түз эле кызга келди.
– Ии кызым өзүң тууралуу өз оозуңдан угайынчы. Бизге белек кыла турган баланын атасына кандайча алдандың? – Сайкал тартынып ыңгайсыз.
– Уялба! Биз шаардыктар андайга ашыкча маани бербейбиз.
Болбогонуна койбой, “бала биздики боло турган болгон соң атасы кандай адам экенин билишибиз керек. Балким кайдагы зек, наркомандардан таап алган болсоң баш тартам” деп опузалап атып кепке тартты.
– Байке. – деп ыйлап жиберген Сайкал аңгемесин баштады: – Мен алданып калдым. Өзүмдүн эле айылдашым алдап кетти.
– Эмне үйлөнөм деп баш тарттыбы?
– Жоок.
– Анан эмне деп алдады?
– Сулуу кызсың. Бир жолу макул болчу деп…. – шолоктой ыйлайт.
– Ыйлаба! Ал жигит алдабай эле чын айткан экен. Сен аябай сулуу кызсың да? – Чындап напсиси бузула тамшанып турду: – Анан ал менен канча жолу болдуң?
Ал учурда адамдарда аз болсо да ыйман бар эле. Мынчалык ачык сүйлөшүү кайдан болсун. Атасынан да канча жашка улуу киши мынча эмне такыйт же эмне табалаганыбы? Жини келди. Бирок айтууга аргасыз. Баарын төкпөй-чачпай айтып берди.
– Кызым, ак көңүл жан экенсиң мага да бир макул болоорсуң? – деп жалмалаңдап утуру колун узата кучактап калат.
– Жөнүңүзчү! – деп кыздын айласы куруду.
– Чүш…ш, унчукпа! – деп ой-боюна койбой бөлмөгө жетелеп кетти.
Ошондон тарта анын кызматында. Анын боюнда бар экенине карабай ээн боло калганда, Муктар максатын орундатат. Анын кордугу аздык кылгансып баласы менен аялынын жемелегени кууратты. Үй-тиричилигин жалгыз өзү кылат. Мурда оокатка көнбөгөн неме болушунча кыйналды. Туура эмес кылганда Дамиранын токмогу. Тим эле күң жумшагандай жумшайт. Жүн сабагандай сабайт.
Анысын мейли дейли, баласында эмне жок. Ал деле басынтчу болду. Өткөн жумада анын да колу тийди. Көйнөгүн үтүктөөгө жетишпей калганда жаакка бир чапты. Бир гана Муктар ага жан тартат. Эмнеге экени белгилүү.
– Эй сволочь? – Сырттан кирип келип эле чаңырып сала берди Дамира.
Сайкалдын жаны чыгып кетти. Төрөй турган убагы болуп калган. Курсагын чандаңдата алдын тосо чыкты. – Эй челек? – Төбөдөн ары коюп-коюп алды: – Мобу эмне, могу? – деп бурчтагы таштандыны көргөзө муштап-муштап жиберди.
– Эже кечириңиз!
– Өлүп кетпейт белең. – Баш-көзүнө карабай сабады. Балага зар болгон неме курсакка гана тийбеди башка жери соо калган жок. Бетинде чоло жер калбай көк-ала болду.
Ошол түнү кыз ал үйдөн качып кетти. Кайда бараарын билбей башы эңги-деңги. Шыйракка да чапкан окшобойбу, оң жагына сылтый боздоп барат. Көчөдө жан жок эле. Түнкү тынчтыкты бир гана ушул бактысыздын уңулдаган үнү бузат. Парктагы жоон дарактын түбүндө азаптан чыккан көз жашын ак жаандай төгүп жатты.
Ноябрь айы этектеп калган. Каардуу кыштын муздак илеби дене-бойду чыйрыктырып, бетти тызылдатат. Күндүз кар аралаш жамгыр жаап өткөндүктөн көчүк басаар кургак жер жок. Эки адамдын салмагы илмийген ичке бутка оордук кылып анын үстүнө бир бутуна таканчыктай албай болгон салмагы сол бутунда. Мамыга байланган аттай улам ооруксунган бутуна таканчыктай бакта жөлөнүп шордуу арманда.
Таптакыр алы куруганда бир буттап секире арыдагы калың өскөн бадалга жетмек болду. Башта азыраактан таканчыктап, сылтып болсо да басууга жараган бут, эми таптакыр эле кокуйлатат. Таканчыктаганды кой, секирген сайын салмактанып боздотот. Сыягы сынып же чыгып кеткен шекилдүү? Улам секирип төрт-беш метрдей барып токтоп калат. Эптеп көздөгөн жолдун жарымын басып өттү. Мына дагы секирмекчи болгондо; “күп” кулап түштү.
Чалкасынан түшкөн экен, көптө барып эсине келди. Денеси тердеп чыккандай былчылдайт. Алдындагы кар толук бойдон эрип кеткенче жаткан экен. Уңулдай ыйлап ордунан оонай туруп жөнөдү. Мына дагы жыгылды. Тоңду басып алган экен. Тим эле ток ургандай “жалп” дей түштү. Эсин жоготкон жок ою балага кетти. “Деги аман болду бекен. Зыяным ага тийбесе болду го..” деп кайрадан турмак болуп бирок алы келбеди. Капталынан жыгылган калыбында чачын саксайта тагдырына таарынат. Ким күнөөлүү? Анын мындай болуп калышына кимдин салымы бар бир Кудай гана билет. А кыздын оюнда баары күнөөлү. Керек болсо кайра-кайра көтөрүп чапкан кара жер да кара өзгөйлүк кылып жаткандай.
– Өлүп кеткирдин жашоосу… — деп бадалды көздөй умтулду.
Бу жолу басалган жок. Сенек болгон буту жөрмөлөөгө да жарабай калган. Жаш балача көчүгү менен жыла жол арбытат. Кар, дарактардан түшкөн жалбырак, чырпыктарды текши шилей бадалга жете келди. Өзү ойлогондой кургак экен. Бадалдын коюу жалбырагы бир бүдүр карды алдына өткөрбөй текши тосуп калыптыр. Алды куп-кургак. Качандыр бир убакта селсаяктар түнөп кеткенби, картон кагаз эки кат төшөлүп турат.
Аны билген кыз жиийркене окшуп алып аргасыз кагаз бетине жатмакчы болду. Үстүдөгү калың карды кулатып албоодон сактана алдына сойлой кирип жата кетти. Сыз өтүп калыптыр ыкшып жөтөлөт. Жөтөлгөн сайын үстүнө кар “күп-күп” топ-тобу менен кулады. Жука жемпирчен эле баса берген, жакасы жок болгондуктан алкымына кирген кар ачыштыра тызылдатат. Же кургур чандайган курсагы менен көмкөрөсүнөн жата алсачы.

****
Мектепте бүгүн чуу. Баягы Камила да соо эмес экен. Мугалимдердин айласы кетти. Камиланын андай экени барына белгилүү болгон. Дариканын өлбөгөн төрт шыйрагы гана өлүү денесин бир калыпта кармап турду. Буга чейин укмуш болуп, “баланчаевадай болуп бизди уят кылбагыла” деп далайларды мисал кылаар эле. Бүгүн да Камила менен Сайкалдын жоруктары үчүн мектепте “кыздар аралык кеңешме” болгону турат. Өз кызын дагы кандай шылтоо менен коргоп чыгаар экен? Бир жумадан бери Камила сабакка келе элек эле. Көрсө энеси качырып жибериптир. “Ооруп жатат. Шаарда дарыланууда” деп кутулду. Окуучулар да оңой эмес да, шыбырашып эле жатып калышты.

****
Пахандын укуругу узун. Ал билбеген балээ жок. Бахтардын итчилигине мына бүгүн чек койгону турат. Ал тууралуу дээрлик бала күнүнөн беркисин аныктап чыккан соң ишке өттү.
– Бүгүн сенин алгачкы жана акыркы кылмышың болот! – деди ал Нуралды өзүнө чакырып алып: – Бир адам сөрөйдүн көзүн тазалашың керек!
– Эмнеге? Менин адам өлтүрүүгө колум барбайт. – деп Нурландын көзү чакчайып, ордунан жеңил тура калды.
– Чочуба жигит! – деп Пахан үнүн жай чыгарды: – Ал адам эмес, адам сыяктуу жандык.
– Пахан ме-мен…….. – Нурландын өңү кубарып кеткенине болбой:
– Ал адам эмес, жашашка акысы жок. Аны түгөтпөсөк ал көптүн түбүнө жетет. – деп түшүндүргөн болду.
Акыры анын сөзүнөн чыга албаган жигит жанына дагы бирөөнү алып айтылган дарекке барса ал адам үч кабаттуу тамдын алдында жайгашкан чакан бассейиндин жээгиндеги орундукта олтурган экен. Машинадан түшпөй алысыраактан дүрбү менен көзөмөлдөп турушту. Жаш ананда сулуу кыз жанына жанаша олтуруп, кыналыша эркелешип калышты. Кыз шубасынын жакасын көтөрүп далдаланган болду да беркинин тизесине олтура калып, эриндер-эриндерге тийише чапталып калышты.
Жарым саатча убакыт өткөндө тиги киши үйүнө кирип, чыкыя костум-шым кийип, галстук тагына короонун ичинде даяр турган машинанын арткы орундугуна олтуруп кайдадыр жөнөдү. Сыягы сыйлуу жерден чакырык келсе керек.
Нурлан ушул убака чейин кыжаалат болуп, “эмнеге мындайга баруум керек? Анын үй-бүлөөсү, бала-чакасы кантет” деген ойдон кутула албай ичинен эзилип аткан. Азыркы көрүнүш анын оюн өзгөрттү. Үй-бүлөсүн сыйлаган адам кайдагы бузулган жаш кыздар менен убакыт өткөрмөкпү?

Иш кынтыксыз бүткөнүнө Пахан ыраазы.
– Кечириңиз, мындан кийин мындайга барбайм! – деп кесе унчукту.
– Сөз бүттү! Убада боюнча ушундай болчу. – Нурлан ыраазы боло, колун бооруна ала рахматын айтып сыртка чыга жөнөдү.
Айылга барып келишкени Нурландын мамилеси сүйүүгө айланган. Жанаранын жал-жал көздөрү өзүнчө эле керемет. Ага убактысынын баарын арнап койчу болду.
– Жанка? – деп өзүнө карай имерди: – Эрикпей элесиңби? Сени бул жактан кетирсемби деп жүрөм? – деп суроолу карады.
– Сизчи, сиз жалгыз каласызбы?
– Ооба да. Сени кутказсам кандай?
– Мен үчүн сиз бар жерде эркиндик менен бул жактын айырмасы жок. Сиз кайда болсоңуз мен ошол жерде болоюнчу! – деп ыйлап жиберчүдөй көздөрүн балбылдата жалдырай карап калганда аны алдына шып ала койду.
– Жаным менин. Мага анчалык эмне куштарсың? Менин эмнеме кызыгасың? Мени деген кылмышкер деп коет. А сен сулуу кызсың. Ыймандуу, тартиптүү эле жигиттерден кармасаң болбойт беле?
– Ошондой сапаттардын бары сизде бар да?
– Койсоңчу! Андай болсо бул жерге айланганы келиптирминби? – Кабатырлана: – Ачыгын айтсам мен бул жерден жакында чыкпайм. Сени бошотоюн, өз бактыңды башкадан издечи! – деп кабак бүркөй калды.
Кызга дал ушул сөз катуу тийди. Ошол үчүн жашап жүрсө анын айтканы ушубу? Эмнеге мындай сөздөрдү көп айтчу болду же эмне алыстагысы келип жүрөбү? Ушуларды ойлогондо кыздын буга чейинки кыялдары текке кеткендей. Ал бардык өмүрүн Нурланга арнап койбоду беле. Эми эмне болот? Ага көнүп алган андан кантип бөлүнөт? Жалгыз гана жакыны ушул жигит эмес беле. Ансыз да жакындан бери эмнегедир жамандыкты сезгендей кыжаалат болуп турганда жигиттин сунушу кыздын маанайын чөгөрбөй койбоду.
– Сиз макул болсоңуз мен ар дайым жаныңызда болууну каалайм. Каршы болсоңуз айла жок да… Анда билбейм…. билбейм анда кандай кылам? – Көз жашын төгүп жиберди.
– Болду! Болду ыйлаба Жанарка, эми мен сени….
– Байке менин эч кимим жок экенин билесиз. Жакында жакшы үй-бүлөгө конок болуп келгем ошол жерден кетким келбей турат. Ата-энем таштап кеткен. Аларга эми кезигерим күмөн. Билбейм.. атам да соо болбой калды көрүнөт. Түшүмдө кара кийинген адамдардын арасында жүргөнүн көрчү болдум. Эми сиз таштабаңызчы!
Өпкө-өпкөсүнө батпай улутуна көпкө ыйлады. Байкуш кыздын чын эле кимиси бар? Ишенген агасы жер алдында. Ата-энеси тээ качан эле кечип коюшкан. Эми жалгыз гана Нурлан. Анын үй-бүлөсү гана кызыктырат.
Тим эле арык денесин сүлкүлдөтө түк басыла албаган кызга Нурландын жүрөгү оорубай койбоду. Анын ата-энесин, куу турмушту жек көрүп каны кайнап чыкты. Эки күн мурун өз колу менен адам өмүрүн кыйганына ыраазы болду. Ал адамдын да белгилери ушул кыздын атасындай. “Акмак. Сен да ушундай балдарыңды ыйлатып жүрүп жок болгондурсуң? Үй-бүлөө баркын билбеген наадандарга өлүм ашыкча эмес. Тескерисинче андай акмактарды жер үстүнөн тазалаш керек” деп эрдин кырка тиштеп ачуусун тыя албай турганда кыздын сөзү оюн бөлдү:
– Байке мени таштабаңызчы!
– Жок, эч-эч кандай алыстабайсың! Дайым жаныңда болом. – Ал ушундай деп катуу кыйкырып жибергенде кыз чоочуй, “селт” деп алды эле: – Коркпо алтыным, мен жаныңда турганда сага эч зыян келбейт. – деп бооруна бекем кысты.

****
Тайежесинин үйүндө төрт ай жашаган соң Камила көз жарды. Наристе уул бала эле, ошол тайежеси өзү багып алмак болгондо күйөсү каршы болуп аргасыз балдар үйүнө өткөрүүгө туура келди. Дариканын багып алууга дарамети жетпеди. Бир чети элден уялса, экинчиден улуу баласы Эрмек; “элге шылдың кылбай ошондон ары жоготсун! Болбосо мен жер үстүндө басып жүрө албайм” деп кесе айтты.
Деле өзү бала туруп баласаактыгына эмне дейсиң. “Балдар үйүндө чоңойсо өмүр бою басынып өтөт” деп башка бир ойго келди. Төрөтканадан эртең чыкмакчы болгон түнү ал жерден качып кеткен экен. Ороо-чулгасын көтөрө барган тайежеси менен баланы багып ала турган аял аны сыйпалап таппай калышты.
– Качан кетти эле? – деп Майрамкан врачтан жээнин сураган болду.
– Түндө, “жолдошум келиптир. Айылга кетип атабыз. Справка жазып бериңизчи” деген. – деп камырабай жооп берди.
Ал Камиладан өзүнө тийешелүү каражатты ашыгы менен алган. Болбосо аныгын билбей туруп кайдагы бирөөгө кошуп бергени болмок беле? Керек болсо жолдошу эмес, сыртта жолбун итта жок болчу. Акча үчүн гана жоопкерчиликти четке түртүп олтурбайбы. Анын кенебестигине ичи бышкан Майрамкан:
– Шашпа! Сени сотко берем. – деп албууттана жолго түштү.
Жанындагы анын жакын курбусу Дамира. Ал канчадан бери бала жытына зар болуп жүрөт. Бир келиндин ичиндеги баласын багып алышмак болуп жүргөндө анысы ай-күнү келип калган маалда түн жамынып качып кетип олтурбайбы. Ал албетте Сайкал болчу.
Баланы балдар үйүндө чоңоюусун каалабаган Камила таштанды салуучу жашикке таштоого кантип дити барды? Акмак ал түнү наристени эч кеп көрбөй, бир кат ороосу менен жашикке ыргытып жиберген экен. Эртеси ал жерде ызы-чуу башталды.
– Деги жашоо кай жагына баратат? – деп ошол тегеректе дайым ичкилик менен күн өткөргөн Сатай башын чайкайт.
– Айтпа дос “эгемен, эркиндик” деп жүрүп элдин канын сорушмак болду. – дейт анын жанындагы Кулуй.
– Жок туугандар, буга эч кандай эч ким күнөөлү эмес. Же эмне, “силерди алкаш болгула, сен болсо балаңды таштап кач” деп силерге чоңдордон буйрук келдиби? – деп үчүнчүси кежирдене кыжыңдайт.
– Эй койсоңчу! Союз маалында ушундайды укчу белең?
– Ээ мадыра башсыңарда. – деп сөзүн баштады: – ал учурда да мындан укмуштар болгон. Сен экөөбүз контордо олтурсак көчөдө эмнелер болуп атканын билмек белек? Анын үстүнө ал учурда мындай жагымсыздарды маалымат каражаттарына да жайчу эмес. Себеби элди чочутуп алуудан коркушчу. – Анын адаттагы маңыз кеби башталганын сезишкенде жанындагы экөө;
– Кеттик. Бул баягы лекциясын баштады. – дешип ордуларынан тура жөнөштү.
Ушул окуя ушул жерде эле калбай айылдан-айылга, көчөмө-көчө аралап олтуруп текши Кыргызстанга жайылгандай болду. Радио, теледен күкүк эненин өзгөчө мыкаачылыгы байма-бай айтылып турду. “Азыр демократия. “Цензура, аноним” деген жок” дешип журналистер болушунча иштешүүдө.
Милицияларды ээрчитип алып Камиланын айлына чейин кыдырышты. Аты-жөнү, кай жердик экени коомго так айтылып жатты. Мындайда Камиланын үй-бүлөөсүнүн баштары жерге матып кетчүдөй абалда. Ал тургай агасы Эрмек бир эки жолу жанын кыюууга аракет кылып анысы ишке ашпады.
Арадан ай өтпөй мыкаачы эне кармалды. Журналистерге ушул гана керек. Канчалык курч маалымат чогултушса ошончо эмгек акы. Кызды темир тор артында сөзгө тарткан алар эч жашыруусуз телеге жарыялашты.
Бакыт тоодогу сарайдан жаңы эле келип, балдарын жыттагылай келинчеги Гүлзаттын жанына олтура калып сыналгыга көңүлү түштү. А дегенде кайсы айылдан ким аттуу кыз качан эмне кылмыш кылганын кыскача баяндап, буга чейинки маалыматты дагы кайталай айтты. Анан темир тордогу Камилага кайтып келишти.
– Камила Бообекова. Мындайга барууга эмне түрткү болду?
– Жаштык. Жаштык болуп калды. – дейт башын жерден көтөрбөй.
– Эми сот болот. Баарын мойнуңа аласыңда?
– Ооба, өзүм күнөөлүмүн. – деген ал баркырап көз жашын төгүп жиберди. Суп-сулуу кыз эле, кордуктан ырайы кете түшкөн экен.
Бул кызды көргөзүп жаткан теле берүү “Кара-Көлөкө” деп аталат. Аты айтып тургандай жалаң жагымсыз окуялар көргөзүлөт. Жагымсыз болгону менен коомго мындайлар кызык. Эки жумада бир болчу дүйшөнбү күнкү бул берүүнү чыдамсыздык менен күтүшүп, айылдыктар малдарын эртелей жайгара салып сыналгы маңдайында катар тизилип калыша турган.
Камиланын окуясына удаа дагы бир дене-бойду дүркүрөткөн маалымат жарыяланды. Коңур үндүү мырза кабарчынын үнүндө эле канчалык сүр бар? Кара плащчан ал көз айнегин колуна ала:
– Маркум өткөн айдын башында мына бул өз машинасында курман болгон. – деп кара түстөгү “иномарка” машинасын көргөздү. Өлгөн адам жөнөкөй адам эмес экени машинадан улам так белгилүү болду. Адан тышкары кандай иш менен алектенип жүргөнүн да белгилей кетти.
– Курман болгон адамдын өздүгү аныкталды. Ал буга чейин баңгизаттарын тышкы өлкөлөргө чыгаруу менен алектенип келгени так маалым болду. Бул адам; “бир нече адамдардын өлүмүнө тийешелүү” деген толук эмес маалыматтар бар. Азыр опер кызматкерлери кылмыштын үстүнөн иштеп жатышат. Болжолдуу түрдө маркумдан жабыркагандар ушул ишке барышы мүмкүн. Ал тууралуу кийинки берүүлөрдө кабарлайбыз. – деп берүүнү жыйынтыктады.
– Мына сага. Эмне деген заман башталды? – деп Бакыт чындап кайгыра башын уучтай кармап суроосуна жооп издейт.
– Эмнеси болсо да жеткен зөөкүр неме го? – деген Гүлзат жакасын карманды.
– Азыр адам өлтүрүү текей болуп калган окшобойбу?
– Ооба муну карасаң! Болгондо да башка төрт жолу атканын… кантип кана колу барды экен?
– Ким болсо да жан кечти неме да.. Болбосо ушунча абройлуу адамды кантип жайламак? Ээ ким билет, балким тиги Эрмектин карындашына окшоп ал киши өлтүргүч деле арабыста жүргөн чыгаар?
– Жөнчү! – деген Гүлзат сырттан азыр бирөө кирип келчүдөй күйөсүнө корголой жакындай берди. Асыл, “сизден токмок жегенимди бир да жанга айткан жокмун” дегенине болбой дале Нурландан коркуп жүргөн. А азыркы адамды өлтүргөн так ошол Нурлан экенин булар кайдан билишмек.

****
Теле берүүнү абак ичинде Нурлан да көрдү. Машинаны тааныды. Анан кайсы аймакта болгонун да укту. Маркум дал ушул жигиттин колунан ажал тапкан Бахтарбек эмеспи. Журналисттин; “маркум көп кылмышка шектүү болчу” дегенин угуп кылганына ыраазы боло түшкөнү менен кармалып калаарын ойлогондо жаны төрт чарчы. Мурда кинолордон мыкаачыларды көргөндө “энеңди урайын адам сапаты жок жырткыч айбандар. Силердей зөөкүрлөрдү жер үстүнөн жоготуу керек” деп тиш кычырата ызырынып калчу эле. Эмичи? Эми дал ошол жырткычка, баш кесерге өзү айланып калды го. Бирок эң негизги апаат ажыдаарды жок кылбадыбы. Эгер ал аман турганда дагы канчанын канын соруп, башын кыймак? Ал эч кимге белгисиз.

****
Кычыраган кыш кетип, жашыл тончон жаз айы өз доорун сүрүп турган апрель айынын аяк чени. Окуучулар тоого чыгып гүл теришип, кечкисин улуу от жагышып оюн-күлкү курушат. Бул көрүнүш айылдык бүтүрүчүлөрдө жыл сайын кайталана турган. Салт болуп калган десе да болот. Асыл андайлардын экөөнө гана катышты. Көп бара берүүнү өзү каалабайт. Анын үстүнө мектепти аяктап калган кыздарды алакачуу бул айылда демейдеги көрүнүш эле. Өткөндө эки жолу барганда да Ынтымака ишенди. Баргандан келгенге чейин ошол кайтарып жүрдү.
Шынаарлаган жигиттердин саны арбын. Эрландан сестешип кана турушат. Мурдагыдай ээн болсо эбак бөктөрө качышчудай. Кызды колуна иле алышпаган соң ата-энелерин жуучулукка жиберип көрүштү, жарытылуу жоопту эч кимиси алыша элек. Бердибек кызынын чоңоюп калганын ушул ат тезегин кургатпай эшик жырта келип калышчу жуучулардан улам билди. Келгендердин бирине да так-кесе “жок же бар” дебеди.
– Кыздын көңүлү болсо кимге болсо каршы эмесмин. Жок көңүлдөнбөйбү… анда кыйнабайм. – деп жооп кылат.

****
Баягы боюнча Пахан Нурлан менен сүйлөшкөн жок. Бирок мурдагыдай эле камкордугуна алып келет. Нурлан бу тууралуу көп ойлончу болбу. “Ыя эмне эле бапестейт? Мени ханча жашатып, аягында кан кечтиргени жүрөбү? Ойлоп көрсөм мен үчүн көп жакшылыктарды кылган экен. Бирок анын барын бекер кылбаганы белгилүү дечи. Менден эмнени күтүп турат бу көмүскөдөгү баш кесер?” Ушундай ойлордун ортосунда жүргөндө Пахандан чабарман келди:
– Нурик? Паханга кир!
– Мына баратам.
Ал чыгып кетээр менен Нурландын жүрөгү “тыз” этип алды. Көз алдына канга чыланган Бахтардын элеси түш сымал бир көрүнүп жок болду.
– Эн-неңди… эмне деген акмак эле? Дагы кандай кылмышка түртөөр экен? – Колундагы күч топтоочу резинканы дубалга “тарс” ыргытып жиберип дуңкулдай жолго түштү. Ушул азыркы ою эмне кылса да адам өлтүрүүгө барбайт. Ким бирөөнүн убалына калгыча өзүнүн өмүрүн ортого коюуну туура көрдү. Пахан жакшы же жаман тапшырма берээри белгисиз, мурдагысындай эле сүрдүү бир калыпта:
– Кел жигит!
Нурлан анын кебетесин көргөндө бир аз мурунку оюн караманча таптакыр унутту. Пахандын сүрдүү көз карашынан да, каректин түбүндө кандайдыр бир адилеттиктин жарыгы тийип тургандай белги бар эле.
– Жигит, бул жерде канча олтурдуң?
– Ушул май айы аяктаганда бир жыл, жети ай болот.
– Тиги кыз менен мамилең… – Пахан мурда мындай майда-чүйдө кептерди айтчу эмес эле. Азыркы суроолору кызыктай болду го.
– Жа-жакшы… – деген Нурландын ою тереңде. Эмне болуп кетти? Уялбаса ошол бечара кызды шылтоо кылып дагы бир кылмышка түрткөн жатабы? Антсе кандай кылам айла жок да, Жанара үчүн…..
– Эмесе жигит мындай: мен сенин жана ал кыздын үй-бүлөсүн жакшы билем. Сенин го жакындарың бар. Албетте апаңды эсептебегенде… А бу кызда эч ким жок. Бирок ал да бактылуу болууну каалайт. Ал да бактылуу болуга тийиш.
Ал ушундай деп кепти алыстан баштаганда Нурлан эми чындап баштагы оюна далил тапты. “Бул “старик” Жанараны пайдаланып далайды кылдырат окшобойбу” деп үстөл астынан чоң муштумун бар күчүн жумшай түйүп алганда кан тамырлары жарылчудай көп-көк болуп көөп чыкты.
– Кыздын бактылуу болушуна сенин жарбамың чоң. Сен гана кыла аласың андай эрдикти. – Нурлан; “чыкыйың. Укмуш билгич турбайсыңбы” деп ичинен сөгүп жибергенге үлгүрдү.
– Пахан, анан кандай кылышым керек? – деп кептин аягын укканга ашыкты. Жанара үчүн кандай кылмышка болсо да барууга даяр турду. Пахандан жакшы сөз чыкпачудай барына даяр турду.
– Жакында бул жерден биротоло кетесиңер!
– Эмнеге, эмне үчүн? Антүүгө болбойт да мен али мөөнөтүмдүн теңин өткөзө элекмин? – деп Паханга ишеничсиз карады.
– Билем, бирок сени бул жерден кетирем! Адилеттик болсо сен экөөбүздүн жер үстүндөгү көргө башыбыз малынбайт эле да. Мен да сага окшоп жалаа менен келип бул жакты мекендеп калдым. Эми мага эркиндиктин зарылчылыгы деле жок. А сен жашсың. Үй-бүлөө күтүп бактылуу болушуң керек. Көңүлүңөр төп келсе жаныңдагы кызга үйлөнүп алганың оң. Жок ортодо андай мамилең болбосо бир туугандарыңдын катарына кошуп ал! Карамы жок ата-энесинин айынан ким көрүнгөнгө кор болгудай болбосун!
Нурлан акылынан айныгансып Пахандын айткандарына таң. Ушунчалык чечилип сүйлөчү эмес эле. Буга эмне болгон? Же калп эле ушунтип ишеничин бекемдегиси келип турабы. Айтоор ата-баладай сүйлөшүштү.
– Келерки айдын он төртүндө бул жерден кетесиңер!
– Эмнеге, эрте эмеспи? – деп Нурлан бушайман боло түштү.
– Эрте болгудай сен бул жерге кылмыш менен келген эмессиң. Буга чейин эмнеге олтурганыңды да билбейсиң.
– Ошентсе да…. – деген Нурлан тигинин сүрдүү карашынан жалтактай башын берге сала кептин аягын жеп койду.
Пахан адаттагысын кармата сынчы көзүн жигитти карай агыта берип; “жакшы жаңылыкты чыдап көтөрө алаар бекен? Же сүйүнөнүнөн жинди болуп кетчүдөйбү” деп акырын баам салып турду. Жок андай болбоду. Нурлан талапка жооп берди. Сүйүнгөндөн жүзүнө күлкү каптап кеткен жок. Пахандын сунушуна дале ишенбей, “эмнеге мындай кылыш керек” деп өз суроосуна жооп таба албай убара.
Пахан ага ыраазы боло ордунан туруп бөлмөнүн терезесинен сыртка карай көз чаптырды. Айлананы текши караңгылык каптап жамгыр жаап турат. Бул жаан түндөтөн бери жаап келет. Жана саат ондордо бир аз күн кылтыйгандай көрүнгөн. Бирок кайра эле булуттар түрмөктөлүп ак жаан башталды. Чоң терезени эки жака ачып салып таза абадан кере жутуп алды да чөнтөгүнөн тамекисин алып чыгып бир талын ушалай кармап көпкө турду. Нурлан анын уруксатысыз сыртка чыгып кете алмак эмес. Өз ою менен алп урушуп, Пахандын кыймылына маани деле берген жок. Ал тургай анын бөлмөсүндө экенин унутуп да койду.
– Нурук? Ойлонуп көрдүңбү? – Кайрылып жигитке карады: – Менин айтканыма макулсуң да?
– Макулмун, бирок себебин билсе болобу? – деп Паханга өткүр унчукту.
– Эмненин себебин?
– Жакшылыгыңыздын акыбетин кандай кайтаруум керек дегеним… – Пахан тамекисин терезенин кырындагы күл түшүргүчкө салып өзү Нурландын маңдайына келип, үстөлгө эки колу менен таяна жигитке жакын үңүлдү:
– Кызды бактылуу кыла алсаң сага кылган жакшылыгымды эки эсе актаган болосуң. – деп колун ага узатып калды: – Сөз бересиңди?
– Сөзсүз аманатыңызды аткарам! – деген Нурлан тигиге жигиттик сөзүн берип кол кысышты.
– Эртең бул дарекке барасың! Ал жердеги үч кабаттуу үй силердики болот! – деп кагазга чийгилей салып колуна карматып койду эле, Нурлан аны көрүп колу калтырай кагазды аз гана жерден тытып жибере жаздап ачуусун араң баса Паханга үнсүз карап калды.
– Ооба ошол сен билген дарек. – Сөөмөйү менен кагазды чукуй көргөздү: – Силер дал ушул үйгө жашайсыңар!
– Ээ-эмне үчүн андай….? – деп жигит таң.
– Бул үйгө экөөңдөн башканын акысы жок.Тагырак айтканда үй сенин жаныңдагы кызга тийешелүү. – Нурлан табышмактын түйүнүн чече албады.
– Түшүнбөй турам?
– Жаныңдагы кыздын аты ким?
– Жанара…
– Анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматың бар да?
– Ооба, ата-энеси таштап дайынсыз кетишкен.
– Ошол дайынсыз жоголгон атанын ажалы сенден болду.
Нурлан мындайды күткөн эмес. Жанараны өтө жакшы көрө турган. Жакшы көргөн кызынын атасын өз колу менен, болгондо да мыкаачылык менен өлтүргөнүн ойлогондо жашоодон түңүлүп кетти. Ушул азыр өзүн-өзү жек көрүп колуна эмне тийсе жанын кыйып койгусу келди.
– А-ан-анан Жанаранын атасын өлтүрдүмбү ээ? – Пахан башын ийкеди.
– Андай болсо мен ал кыз менен жашашка кандай акым бар? Эми мен анын атасын өлтүрүп, биротоло жетим кылып коюп анан да бактылуу кылат экенминда ээ…
– Ооба ал кыздын атасы болчу. Бирок аталык милдетин аткардыбы?
– Жакында болбосо да кийин түшүнүп кайрылып келет беле….?
– Жок келмек эмес анын күнү бүткөн. Сен өкүнбө, ал адамды жок кылып сооп иш кылдың. Ал дагы далайды курутмак.
– Андай болсо өлтүрбөй эле коркутуп койсок туура болмок окшойт. – деп өкүнүп калган Нурланды Пахан далыга таптады:
– Сен билбейсиң, ал жакында сенин агаңдын көзүн тазаламак. – Нурлан чоочуй ордунан тура калды:
– Эмнеге, анын кандай тийешеси бар?
– Агаңды түрмөгө тыккан дал ошол болчу.
Жай олтуруп Бахтар менен Эрландын алгачкы иш баштагандарынан тарта жигит жумшап, өлтүрткүсү келгенин, анысы ишке ашпай калып жумшаган жигиттин көзүн тазалап, андан тышкары кайрадан Эрланга тап кое баштаганын айтып берди. Нурлан ошондо гана өзүн токтотту.
– Андай болсо өлүм да аздык кылган экен да?
– Ооба ошондой болуп калды. Азырак кыйнап койсок болмок… чыгынган жокмун.
Нурлан эртеси шаарга келди. Болжошкон жерден албан-субандай эки жигит тосуп алып өз машиналарына салып андан ары жөнөштү. Өзү келген машина ошол жерден артка кетти. Шаардагы нотариустардын бирине келишти. Үйдүн документтери мурдатан бүткөрүлгөн экен, Нурлан келээри менен тийешелүү кагаздарга кол коюп, кызматчы кыз документтерди даяр турган папкага салып бергенде көтөрүп алып жолго түштү.
Үч кабаттуу үйгө жете келишип, эки жигиттин бири бийик тосмону эки жака кенен ача салып машина дал босогого келип токтоду. Ачкыч айдоочу жигитте экен.
– Мына ачкыч. – Колун суна: – Ак өргөң куттуу болсун! – Нурлан башын ийкеди.
– Рахмат. Айтканыңыз келсин!
Үйдүн сыртынан да ички жасалгасы укмуш тура. Ар бир бөлмөдө булгары эмеректер. Жаратылыштын, канаттуулардын сүрөтү тартылган чоң-чоң картиналар. Мына сс-сага, бир бөлмө жалаң аң терилери менен шөкөттөлгөн экен. Жерде салынган талпактардан, дубалга илингендерине чейин бир укмуш баа. Оңой акчага келбегени даана билинип турат. Дубалды да өзгөчө жасаган экен. Төр жаккысын жалама зоо, тик ылдый шаркырап аккан дайра азыр ушул үч кабат тамды орду-түбү менен омкоруп кетчүдөй албууттанат. Чебер сүрөтчү иштегени анык.
Киргендеги оң капталында бийик карагайлар. Арасында коен, түлкүлөр кубалашат. Карагай башында тыйын чычкандар тообурчак менен ургулашып, жарашыктуу илинген сүлөөсүн териси сүрөттөгү коен, түлкүлөргө кол салчудай мына секирүүгө даяр. Нурлан музейге киргендей эле болду. Берки жактагы терилердин экөөсүн сыйпалап анан ары жактагы комузга колун тийгизди.
– Дыңгыр-дыңгыр. – Андан үн чыгаар менен берки жигиттерге карады.
– Ак эмгек менен башкасын кой, ушул бөлмөнү жасоого да мүмкүн эмес да…? – Жанындагы орус жигит анын сөзүнө түшүнгөнсүп:
– Да..а, невозможно. – деп башын чайкайт.

****
Дыйканчылык менен алектенген Эрлан деле колу бошой турган түрү жок. Кечке көр-тирлик менен алек. Башта кутулуп келгенине шүгүр кылчу. Эми Бахтардан өч алууну ойлонуп калчу болду. Бирок жеке өзү үчүн эмес анын азабынан көп адамдар жабыр тарткан. Анан да тирүү жүрсө дагы далайдын убалына калаары бышык.
– Кечиримдүүлүк кылып жазанын жеңилин берсем бекен? – деп кобуранды.
Арам товары менен карматып түрмөнүн түбүнө чиритүүнү көздөдү. Бок курсакты абактагылар боксердун урма кабындай муштагылап жатканын элестетти. “Жок болбойт. Ал жанагынча байлыгы менен “макул” деп олтуруп калгыдай жаңы келген келин беле? Дүнүйөнүн бир кертимин карматат да мага келет. Мына ошондо кутулуп көр Эрланбай?” деп түркүн ойго батты. “жоо аяган жаралуу болот. Андан көрө тынч кана барчу жеринен эртелеп жай ала бергени оң” деп чүмкөнүп жатып алдып, кийинки жумада шаарга барып максатын ишке ашырууну пландады. Билген жок да, ал эбак чым жазданганын. Өткөндө теледен көрсө да билип калмак.

****
Камиланы теледен көргөзгөндөн көп өтпөй Эрмек дүйнө салды. Бообек кичүү баласы менен жакшы эле кайтаргандай болушту эле ажалга айла жок экен. Айыл эли ашыкча кейишти. Эрмек ага татыктуу эле. Себеби адамкерчилиги ашынган өтө сыйкеч жигит болчу. Беш жыл мурда жаштыгына карабай өзөндөгү сууга көпүрө салган. Мына ошондо элдин алкышын ашыкча эле алгандай болбоду беле… Аттиң десең……
Атасы оорулуу болуп үйгө бир тыйынча пайда алып келбегендиктен батынып балдарына сүйлөй алчу эмес. Качан болсун; “мен буларга аталык камкордугумду кыла албаган соң үнүмдү бийик чыгарып тескөөгө акым жок” деп ойлоно турган. Ага бул ой келмек беле же жокпу ким билсин. Бир жолу Эрмекти райондо боло турган спорт мелдешине жибербей коймокчу болгондо Дарика, “сен ата сөрөй болуп баланы тарбиялай турган болсоң, алды керектөөсүн даярдап анан ата болуп сүйлөсөң жарашчудай” деди эле,
– А мен аталык милдетимди аткара алган жокмунбу? – деп делдээ түштү.
– Ых-хм, ата болсоң бир байпак же бир кил кант алып берет элең. Жалаң менин айлыгым менен жашап келебиз. Чогуу иштешкендер; “деги сенин жарыган күнүң болобу же тиги жарым жаныңдын көзүн карап жүрө бересиңби? Жок дегенде бир жолу үстүңдү жаңыртып алчы” дешчү болду. – дегенде Бообектин араң жүргөн жүрөгү таптакыр соолуду. Буга чейин аялы Касым менен жүрө коймоюн билчү. “Мендей жарым жанды таштап кетпегенине шүгүр дейин. Балдарымдын энеси эмеспи… андан кемип калбас, элге билгизбей эбин тапса мейличи” деп жүргөн, эми айтканы бул. “Эмне кылсам, үйдөн кетип тынсамбы? Кайда барып баш калкаламакмын. Жаман катынга өчөшүп ага-тууган, бала-бакырамды уятка калтырамбы” деп жүрүп акыры бир чечимге келди.
Ал убагында алдынкы ширетүүчүлөрдөн боло турган. Бу кызматынан баар таап, көптөгөн сыйлыктарды алганы бар. Ошондо сыйлыкка алган өзбек килеми күнү бүгүнкүгө чейин пайдаланылып келет. Мындан башка да көптөгөн белектерди алган эле. Мына ошондо Дариканын сүйүнгөнүн айтпа! Тим эле так секирип кубанып алган. А азыр болсо такыр башка.
Кырсыкты кайдан деп болбойт. Көчмө ширеткич менен талаада жүрүшкөн. Күз маалы болчу. Колхоздун эмгекчил комбайндары күрүлдөп каз катар тизилише эгин талаасында эле. Экинчи катардагы комбайн күрүлдөп барып, кара коюу түтүнүн “бур-бур” чыгарып маторду өчүргөн комбайнор бийиктен ылдамдык менен түшө келип алдынкы темирлерге арта-салына бир сыйра карап чыккан болду да артта келаткандарга “өтө бергиле” деп кол жаңсады. Тигилер бузулган комбайнды айланып өтүп андан ары жолун улашты.
“Жаткосу” сынган экен. Бообек жанындагы жардамчысы менен ишке өттү. Өз ишинин майын чыгара аткарчу кайран… комбайнордун; “жарайт, тигилерди кууп жетейин” дегенине болбой бекемдеп коймокчу болуп кайра-кайра ширетип жатып темирдин күкүмү эки көзүнө бирдей чачырап, ошол жердегилер ызы-чуу түшүп калышты. Машинадан-машинага которуп эптеп шаардык ооруканага караңгы түндө келишти. Темирдин ысык күкүмү сол карегин куйкалап кеткен экен. Орду-түбү менен оюп салууга туура келди. Оң көзүнөн азырак үмүт этсе болчудай. Операция жазалып бир аз оңолгонсуду. Операция Москвада жасалган. Бир жарым айдай жакшы эле көрүп калгансыган, кийин а да жоголду. Мына ошондон бери күн болобу, түн болобу бозоргон гана мунарык.
Долуу аялдын заардуу сөздөрү, жосунсуз жоруктары аны кадыресе чыйралтты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп колунан эмне келет? Кандай жол менен Дариканын айлыгынан кем эмес акча тапса болчудай? Комуз чапты. Олтургучтарды жасап көрдү. Элдин кунары кетип ашка жетпей турганда ким эле олтургуч сатып алмак? Нота билип, музыкант болбогон соң комузду да тыңгылыктуу чаба албады.
Кудай деген куру калбайт экен, акыры өз ишин тапты. Төрт жылдан бери тери ашатып ат жабдыктарын өзгөчө кооздук менен жасап келет. Болбой калды дегенде бир айлык кирешеси Дариканын маянасынан үч эсе көптүк кылат. Акыркы жылдары бийликтеги атка минерлерден буюртма алып калчу болду. Эмгегинин үзүрүн көрүп элдин жоон ортосу. Үч баласын башкалардан кем кылбай багып, Дариканын аш-тойдон калган күнү боло элек. Барынан жаманы жан күйөр баласынан ажыраганы азап болбодубу. Ошол спорттук мелдешке жибербей койчуда атасына болушуп апасы менен эки апта сүйлөшпөй койбоду беле.
– Ата апама теңелбеңиз! Биз үчүн сиздин карааныңыз чоң байлык. Үйгө кирип келгенде эле сиздин карааныңыз көрүнөт. Мен кыйналганда сиздин эски чыптамаңызды үстүмө жамынып алсам эс ала түшөм. Анткени анда сиздин жытыңыз бар. Мен эмне үчүн жайдын аптаптуу ысыгында сиздин көйнөктөрүңүздү чоң экенине карабай кийип алам? Анткени канчалык оор жумуш кылсам да сиздин жытыңыз мага эбегейсиз зор күч берет. – деп айтаар эле.
Бообек анын ушул сөздөрүн көп эстейт. Эстеген сайын Эрмектин өңү өчкөн чоң кара чыптаманы шөлбүрөтө кийип алып бутарын кызаңдата жандан өткөн жазгы суукта тизеден өйдө суу кечип көпүрө салганы эсине түшөт. Ооба “көкүрөгүң сокур болгуча, көзүң сокур болсун” дейт ко, Бообек көрбөгөнү менен көкүрөгү менен туя билет. Эрмек көпүрө салганда дал өзү болжогондой кийимчен эле да. “Жоону чапса эл чапты, аты калды Манаска” дегендей Эрмек ал көпүрөнү жалгыз салган эмес. Бирок ошонун жетелөөсү, ошонун сунушу аркасында койкойгон көпүрө салынбадыбы. Ал көпүрө күнү бүгүнкүгө чейин элдин кызматында болуп келатпайбы.
Ушул айылда СССРдин акыркы жылдарында чоң мектеп салынган эле. Коңшу айылдын да мектебин жаңылашмак болгондо совет өкмөтү эсил кайран болду. Токсон үчүнчү жылга чейин эптеп баш калкалап жүрүшүп таптакыр дубалдары урап калганда ал мектептин окуучулары бул жака келип билим алышууда. “Бечелден жөтөл кетпейт” болуп эрте жазда эки айылды бириктирген көпүрөнү оргуштап аккан суу бир заматта кый-сыпырын чыгара үстүнө жамынды да кете берди.
Окуучулар атчаны-атчан, атка жетпей калгандары муз аралаш шыргалаңды кечип өтүшчү болду. Далай азаматтар ал суудан кыздарды аркы өйүз-берки өйүзгө ташышты го… Бир канча азаматтар самын ташка сыйгаланып кызарды суунун так ортосуна таштап жиберишип ал кылгандары үчүн күнү бүгүнкүгө чейин уялып, кечирим сурап келишет.
Аа “Азамат” деген сөздөн айлангырларды кайда жашырабыз? Мисалы Төрөбайга окшогондорду? Алар ар дайым кыздардын апакай жоон санын көрүү үчүн ушул кечмеликтин тегерегиндеги алтыгана, дөмбүл-баштарда бөгүп жатышчу эмес беле…
Эрмек ат сугарып келип коңшу айылдын окуучулары азап жеп жүрүшөнүн көрүп калды. Болбосо бул жака каттачу деле эмес. Өзүнөн эки класс жогору окуган үч кыз мына жаңыдан суу кечишмеке байпактарын чечип, багалектерин түрө башташкан.
– Ээ-эй кыздар токтой тургула! – Тээ алыстан байкай коюп артка кайрылып келди: – Мына азыр силерди өткөрөм.
Үч кызды колтуктай атка мингизип, өзү шымын жоон санына чейин түрүп жиберип атын жетелеп берки өйүзгө чыга келди. Кечээтен бери күн жакшы тийгенге тоо башындагы мөңгү, карлар итабар ээриген өңдөнөт. Суу мурдагыдан да көбөйүп калыптыр. Түргөнүнө карабай шымы суу болуп чыкты. Ич кийимине чейин жете түшкөн экен. Кызар кече турган болушса киндике жете түшмөк окшойт. Берки Азиза аттуу кызды билбейм… Өтө эле жапалдаш.
– Ырахмат! – деди кыздардын тыңырагы ошол жапыз бойлуу Азиза деген кыз.
– Эч нерсе эмес. Мен кетип калсам суу кечип калмак экенсиңер “өткөзүп кой” деп кыйкырсаңар болмок. Мен көрбөй калганда убара болмоксуңар.
– Булар болбой койду. – деп жанагы кыз беркилерди карап калганда алар да уялгандай жылмайып калышты.
– Биз сени макул болбойтко деп ойлоп…. – деген узун бойлуу борбогой жүздүү кыз уялынкы башын тескери бурду.
Кыздар Эрмекти көрүшкөн, бирок даашкан эмес. Эрмек жарыктык көп сүлөй бербеген бир сырдуу коңур жигит эле да. Мектепте башка балдардай кыз жандап, шайыр жүргөнүн байкабаган тиги кыздар андан сүрдөшкөн экен.
Мына ошондон кийин Эрмек менен Азизанын мамилеси жакшы болуп кетти. Ал тургай мектепти бүтөөр менен ага үйлөнмөк болгон. Ал мектепти аяктаар жылдын жазында Азизаны башка балдар ала качып кетишпедиби. Азиза анда шаарда окууда болчу. Барган жеринде эки күн чуу салып жакшы эле каршылык көргөзгөндөй болгон, бирок жеңилди. Эрмек аны апта өткөндө укту. Ошондо; “мен эми эч кимге үйлөнбөй бойдок өтөм” деген эле. Так ошондой болбодубу.
Ошол кыздарды суудан өткөргөн күндөн эки күн өтүп жазгы каникулга тарашты. Кайран жигит ушуну эле күтүп тургандай балдарды чогултуп, коңшу айылдын балдарынан да төртөөнү алып алгачкы күнү токойдон устун кыйып келишти. Эртеси ДЭУнун “каз таман” тракторун жалдашып машинанын алдынкы рамасын суу үстүнө сундурушту. Кийинки күнү иштарман жигиттердин теңи раманын үстүнө устун төшөп, башкалары токойдон жоондугу билектей болгон шыңга бутактарды кыйып келишти. Эртеси алар менен көпүрөнүн жан-капталдарын тосмо кылып тосушту. Суу киргенде кайрадан шыпырып кетпес үчүн көпүрө өтө бийик орнотулган эле. Ары-бери өтүүдө төмөнкү класстын окуучуларына кыйынчылыктар жаралбас үчүн эки тарабын тең чым менен тектирче кылып коюшту. Ошентип көпүрө даяр болду да калды.
Баш-аягы беш күндө бүттү. Айрым балдар катышпай да коюшту. Эрмек алы жеткендерине муштумун көргөзүп иштетип алды. Төрөбай көпүрө бүтөөр-бүткүчө кызматын кылды. Албетте Эрмектен коркконунан. Ошондо иштеген балдардын көңүлүн бөлгөн Ынтымак болду. Ал анда араң эле төртүнчү класс болчу. Балдар анын кичинекейин эске алышып токойго да ээрчитишпеди. Көпүрөнүн жанына да жолотушпады. “Сууга агып кетет” деп коркушту. Ал болсо көшөрүп болбойт. Раманы орнотушкан күнү бир челек толо козунун этинен пало бастырып келиптир. Жумушчулар ошондо уялгандарынан аны жандарына алышты. Алаксыбай ар кими андан көз алышпай, “сууга түшүп кетпесин” дешип байкап турушту. Акыркы күнү баягы эле челекке толо жумуртка бышырып келди. Үйүндөгү болгонун чогултса керек, тоок-үндүк, каз-өрдөктүн жумурткалары аралаш келди. Булардан тышкары акылдарын айтып, кеңештерин берип Бообек менен Марат агай ар дайым алардын жанында болушту.
Бирок адам баласындай татаал жандыкты түшүнүп болбойт. Көпчүлүк ыраазы болгону менен араларында ичи күйгөндөр да болду. Сууну көп кечкендиктен Сагинанын баласы ооруп калып азыркыга чейин жакшы боло албай жүрөт. Ошол көп каргачу эле… ошонун кесепети тийди бекен.

****
Нурлан Жанарага жакында абактан биротоло чыгышаарын жай түшүндүрдү. Кыз кубангандан так секирип алды го… Бирок үй тууралуу, атасынын каза болгонун биле элек.
– Жанка..? Бул жактан чыкканда эмне кылганы турасың?
– Билбейм. – деп ийин куушурду кыз.
– Сабакты кандай окучу элең?
– Окуган эмесмин да….
– Таптакырбы?
– Жо-ок, бул жака келгиче балдар үйүндө окудум.
– Жакшы окучу белең?
– Бешке эки сабактан жетчү эмесмин. Черчениеден берген агай аябай катаал болчу. – Нурланга карап уялгандай жылмайып койду: – Ал келатканда коркконубуздан калтырап, чийчүбүздү чиймек тургай карандаш кармаган колубуз калтырап көптө басылчу.
– Акмак десе, карап кой аны. Тим эле кичине кызды коркутуп, бул жактан аман чыгалы анан ага көргөсөбүс. – деп тамашаламыш болуп кызды жеңил көтөрүп алдына алды. – Негизи ким болууну каалайсың?
– Билбейм. – деп кыз ийин куушурду. – Балдар менен иштешкенди жакшы көрөм.
– Балдар менен иштешкендиби же ойногондубу? – Кыз аны далыга бир муштады:
– Жөнгүлөчү шылдыңдабай!
– Тамаша кылдым. Врач болгуң келбейби?
– Жок.
– Эмнеге, жакшы го…?
– Корком. Кыйналган адамдарды көргүм келбейт. – деп кабагы бүркөлө түштү.
Чынында бу кыз өтө боорукер жан. Ананда аны далайды көргөн балдар үйүндөгүлөргө салыштырып болбойт. Өтө назик. Ашыкча ызаакор. Ата-эненин төрүндө эрке өскөн кыздардай жумшак жан. Болоор-болбоско көз жашын төгүп, кейий берчү алсыз неме.
Нурлан ага нес боло карап турду да:
– Боорукерим менин. – деп алкымынан аптыга жыттап-жыттап алды. Кыз да колдорун анын мойнуна арта сала көзүн чылк жуумп алда нелерди кыялданып ырахатка батат.

****
Жүзү курусун, ушул түрмө деген балекеттин. Камила аялдар абагында. Келгенине бир ай толук боло элек. Шермендечилик башталды. Бу аялдарың эркектерден жаман тура… Тим эле чачташкандарын көрсөң жашоодон кечип, жаныңдан түңүлөсүң. Анан да албарстыдай болуп чачтарын жайып алып биринин бетин бири апчыгыдай болсо жапайы мышык жансоогалайт.
Булардын кыйыны ушул орус келин окшойт? Аялдарды ары-бери кылып тескеп жүрөт. Чачты жаш баладай кыска кырктырып, ак-карага аралаштыра боегон экен. Чачтын кыскалыгынан баш териси көрүнөт. Өтө жииркеничтүү.
– Бери кел. – дегендей сөөмөйүн узата сунуп, баш жагын кыймылдатты. Дөлдүрөгөн Камила “эмне кылып жиберет” дегендей жанына жакын келди.
– Акча барбы? – Кыз баш чайкап болгуча жаактан ары чалак дей түштү. Аня аны качан жетишип чаап жибергенин карап тургандар байкабай калышты. Анткени ал эч нерсе болбогондой керебетинде чалкалай жатып, эки көзү аялдар журналында эле.
Камила болсо жерде сулап жатат. Айылдагыдай этегин күүп “тур-тура кой” деген апасы жанында жок. Ырбыйып араң өйдө болду. Ыйлаганга да жүрөгү дааган жок. Андайда тиги катын күчөп кетээрин алгачкы күндөрдө эле байкаган. Илкий басып керебетине барып олтурду. Ызааланганынан “бар” деп ыйлап ийсе эс алчудай, бирок анын ыйлашына да тыйуу салынган. Абак деген өзү ушундай катуу болот тура.
Сыртта жүргөндө убакыт ылдам өтүп кетчү эле. Айрыкча кечеге, шаарга эс алганы барганда. Эми таптакыр токтоп калгандай, үчүнчү апта жаңыдан аяктады. Эми дагы далай бар, бу шордуунун чыгышына. Үч жылга кесилген. Демек эки жыл, он бир ай калды. Камила күндө ушундай эсептей берет. Байкабай мөөнөтүнөн ашыра жатып алчудай болуп.
– Кимиңде тамеки бар? – деп Аня жоон авазын кор-кор чыгарганда жанындагылардын жаны чыгып кетти.
– Сен бери… – деди ал адаттагысындай маңдайындагы орус келин Ленага сөөмөйүн чычаңдата. – Келе тамеки!? – Ал чекчү эмес, бүрүшүп туруп калды. – Эмне жокпу?
– Ооба.
– Тур нары! – Кош аяктап тээп жибергенде дабдырактай түшүп коңшу керебетке жөлөнүп калмак болгондо анда жаткан аял, олтура калып күү менен түртүп жиберди. Бечара Лена үстөмөндөп барып оңолду.
– Сен. – деди Аня Камиланы карап: – Бери кел алаңдабай! – Кыз Кудайга жалынып, “мени чакырбаса экен” деп турган, ага болгон жок. Аргасыз алдына барды.
– Тамеки барбы? – Кыз башын чайкады эле ачулуу катын ордунан тура калды: – Эй эмне сүйлөбөйсүң, тил барбы? – Кыз коркуп кетип:
– Жок. – деп жиберди эле берки бакырып сала берди.
– Тилиң да жокпу ээ? Мейли жок болсо… – Маңдайына тике карады: – Тапсам меники. – Кызды бир шилтеп сулатып үстүнө минип алды.
– Ач оозуңду! Азыр тилиңди жулуп алам. Ошондо жок десең жарашат. – Ары жактагы жана Ленаны түртүп жиберген аял:
– Анда бул жок деп айтууга да жарабай калат. Себеби ал учурда бул сулуунун тили сенин колуңда болот. – деп ырсактай күлдү. Аня:
– Кана өзүң ачасыңды же күч мененби?
– Кечирип коюңузчу! – деген Камиланын көзү алая түштү.
– Бизде кечирим болбойт. – деп так-кесе сүйлөгөн Аня арта салына кудум малга дары бергендей жаагын кабыштыра кармап, экинчи колу менен тилбин учун издей баштады.
– А..ап-апаа..а…. жа-жар-жардаам….
Кайдан? Апаң кишидей болсо эбак татыктуу тарбия берип бул каран күндү көргөзбөйт эле да. Ал азыр сага жардам бере албайт. Алыста, айылда. Жаныңда болгон күндө да эч нерсе колунан келмек эмес. Керек болсо алдагы үстүңдөгү зөөкүр катынды көргөндө сени кечип, бет келди качып кутулмак болуш керек.
– А..ай жар-жарда..ам? – Сыртта кайтаруудагылар темир каалганы шарактата ачышып, кирип келишти.
– Эмне болуп кетти? – Бөлмө ичи тынч. Бири китеп окуса экинчиси тырмагын өгөлөп олтурат. Аня болсо эбак ордунда болчу. Мурдатан ушундай калыпта олтургансып колунда темир кружка. Бир гана Камила полдо жатат, кекиртегине чейин кызарып.
– Эмне болгон чуу? – деп аскер дагы кайталап суроо бергенде Камила мына айтмакчы болуп таптанып барып токтоду. Анткени зөөкүр катын Анянын муштуму кружканын далдаасында даана көрүнүп турган.
Ал күн ошол бойдон тынчыды. Бирок түбөлүк эмес. Үч күндөн соң кайра башталды. Бу жолу эч нерсе талап кылган жок. Камилага карап:
– Бери кел! – деп чакырып алды да алдына келгенде жаактан ары тартып жиберди. Анын соккусуна илмийген Камила эмес, эркектердин чандасы гана түтөт. Ал каратэ, кун-фу менен кыз күнүнөн машыккан. Дал ошол өнөрдүн үзүрүн көрбөй, азабын тартып ушул караңгы камерада тыгылып олтурбайбы.
Беш жыл илери койнундагы эрин сабап өлтүргөн бул катын тогуз жылга соттолгон. Келген күндөн бийликти колго алды. Бул жердегилердин бири да анын кылына кара санай алышпайт.
Камила жерден башын көтөрө берип, “кайсы күнөөм үчүн” дегендей бир колу менен жер таяна, экинчи колу менен ачышкан жаагын сыйпалай Аняга карады. Ал кебелип койбой:
– Жөн гана белек катары. – деп ырсактай күлүп анан дароо күлкүсүн токтотту: – Бийлегенди билесиңби?
– Ооба. – деп жиберди коркуп калган Камила.
– Кана баштачы!
– Музыка коеюнбу? – деген Лена шаштысы кете эки кабат керебеттин үстүнөн жеңил секирип түштү.
– Кой. Нормальный музыка кой!
Терезеде кичинекей плеер бар болчу, Ленанын колу тийип-тийе электе чырылдап ичке үнү менен музыка жаңырта баштады. Камила жакшы бийлей турган. Жана жыгылганда ооруксуна түшкөн жамбашын аяр чайпап индия музыкасына туйлап бийлейт. Атаңдын гана көрү. Атасынын төрүндө, апасынын маңдайында болгондо мындай ооруга чыдабай боздоп ыйлоого даяр эле.
– Азаматсың. Жамбашты-жамбашты көбүрөк иштет! – Кыздын кулагына Анянын үнү жаңырган сайын шапалак тийген тор жоргодой жанын үрөй булактайт бечара кыз.
Аня анык эркек мүнөз. Ушинтип кыздардын бийин карап олтурууну өтө жакшы көрөт. Кээде; “атаңдын көрү, эркек болбой каланмын да. Мынабу сулууну минип алып желдей сызып рахаттын туу чокусуна жете барып, тээ төмөнгө колумду серепчилеп карап калат элем” деп эңсейт. Кыздын бураңдаган ичке белин, ары-бери чайпалган соорусун көрүп шилекейин “кулк” жутуп алды. Ошондон кийин ар убак анын бийине кумар. Күндө бир маал бийлетет. Ал менен эле тим болбойт, ур-токмогу да арбын.
Бир күнү кыздын бийине аскер кызматчысы да күбө болду. Сыртта болушчу. Эс алып, аба жутууга чыгышкан. Ары жакта шынарлап көпкө карап турган Павелдин тиктей берип көзү агып калчубай болду. Акыры кечинде бөлмөсүнө алып келип алды.
– Атың ким? Канча жаштасың?
– Камила. – деп кийинки суроого жооп кайтарбады.
– Кайсы райондон келдиң? – Кыз суроону укканда эсине айылы, апасы түштү. Ыйлап ийди.
– Болду ыйлаба! – Сооротту: – Сулуу кызга ый кантип жарашсын?
– Түрмө жарашкан ый кантип жарашпайт? – деген Камила күчөп шолоктойт.
– Канча жаштамын дедиң?
– Январда он сегизге толдум.
– Демек чоң кишилердин курагына кирүүнү ушул жерден баштагың келен экен да?
Кайран эргул болбой оюн ишке ашырды. Кой деген эч ким жок. Ал түнү каалашынча уйпалады. Кызга эмне бары бир да, эркине койду. Бир ою ушунун көңүлүн алса балким куткарып алаар. Андай болсо өмүр бою баш көтөрбөй карыз болуп жүрүп өтмөк болду. Бирок ошого катар дагы бир максат бар: Буга окшогон дөңгөчкө кор болуп өткүчө тоо таянып качып кетүү керек. Ошол жакта кыргыз жигиттеринен бирөө тургандыр?
Андан кийин да Павел далай колдонду. Кезекке келген сайын пайдаланат. А Аня болсо мурдагыдан да күчөп катаал. Анткени Павел аны карабай калган болчу. Ичи күйгөн немени ким токтото алмак, тим эле камырдай ийлечү болду. Камиланын арызданаар кимиси бар? Анянын же тиги аңгинин айтканына каршы чыга албайт. Түнү Павелдин кордугу, күнү Анянын азабы. Анан кантет, айла жок чыдаш керек. Өлүп калуу кайда, баары карап турушса.

****
Асыл мектепти аяктап, мединститутка тапшырууну кыйалданса, Жаннаттын ою андан өтөт. Эбак мыкты юрист болуп, алтургай жеке юридикалык фирма ачып алган. Мейли “жакшы тилек, жарым ырыс” жаштын тилегин берет тилек кыла беришсин. Пейилдери түз, аракеттери күч болсо ал күн да алыс эмес.
– Силердин жакшы максатыңар бар экен. Менчи… мен кантем? – деп Ынтымак тиги экөөнүн жакында кетишээрин ойлогондо жалгызсырап чөгө түштү.
– Кейибе! – деп Асыл анын ийнине колун койду: – Эки жылдан кийин сен да бизге барасың!
– Ага чейинчи? Эки жыл кылымга тете болот ко?
– Ии-ки муну кара! – деген Жаннат Ынтымака карады: – Эмне эки жылга чыдабайсыңбы? – Ынтымак ыйлап ийчидөй башын жерден көтөрбөй:
– Жок, чыдабайм. – деп жооп кылды.
Жаннаттын ачуусу келди.
– Обу жоктонбочу! – Орой кыз баланы ээгинен өйдө кыла: – Эмне биз күйөөгө тийсек сен да ошол жерде болосуңбу? Же эмне өлүп каласыңбы?
– Ооба, ошондой. – Жаннат башка “шап” бир салды:
– Макоо десе… – Асыл күлкүсүн тыя албайт.
– Болду менин бөбөгүмө тийбе! Сен күйөөгө тийсең тийе бер, мен Ынтыйымдын жанында болом. – деп аны колтуктап алып жолуна түштү.
Бирок ушул сөзү чын болуп калаарын ал билбеди. “Пенденин ар бир сөзү Кудайдын кулагында” дейт. Балким чын эле ошондой болуп калсачы? Эмне күйөөгө тийбей жандай көргөн санаалаш инисинин жанында өмүр бою так өтөбү? Же сөзүнөн кайтып бир күнү аны ыйлатып-боздотуп таштап кетээр бекен. Бирок Асыл анын эмес, душманынын да көңүлүн кирдетүүнү каалабайт да. Анда кандай болоор экен? Экөөнүн тең пайдасына чечилчү тагдыр жолу барбы?

****
Эрлан ичин куйкалаган түпөйүл ойдон кутулуп ары же бери болуу максатында шаарга келди. Түз эле Бахтардын үч кабат үйүнө барган. Короонун коңгуроосун басып көпкө турду. Ичкери тарапта дым жок. “Акмак жортулга кеткен экен” деп мына кайтмакчы болгондо тосмонун киши кирчү каалгасы ачылып ичинен локуйган бирөө чыга келди.
– Сага ким керек? – деген коңур, анан да орой чыккан добушка анын ачуусу келди.
– Кожоюнга, Бахтарбекке жолуктур! – деп ал да өктөм унчукту.
– Эки жума болду, бул үй жаңы кожоюндуу болгонуна.
– Бахтар кайда?
– Мен аны тааныбайм. – деп жанагы неме ийин куушуруп, оозундагы сагызын ары түкүрүп койгондо Эрландын муштуму түйүлө түшүп өзүн кармады.
Тиги килейген экен. Эрлан деле бойлуу эле, бирок беркини чалкалай карап калды. Ал андан бир топ узун анан да алп денелүү экен. Бирок анысынан корккон жок. Белинде тапанчасы жүрөт, будан да коркподу. Жиреп кирип барса болчудай анткен менен Бахтардын өзүнө жетүү кыйын. “Үйдө эле жатат” деп ойлоду. Чочутуп албоо үчүн башкача жол менен келүүнү эп көрдү.
Эртеси сыр чыгарган чакан цехи бар эле, ошол жака барды. Кыйла өзгөрүптүр. Жанына дагы башка бир дубал көтөрүлүп аткан экен. Цехте иштеген баягы тааныш келиндер жок, баары чочун.
– Эже бир аз көңүл бөлүп коесузбу? – деди ак халатчан шыпылдай баскан орус аялга карап. Ал токтой калды. – Бул жердин кожоюну ким деген адам?
– Цех мамлекеттики. Карылар үйүнө тийешелүү десе да болот.
– Мурда…… – Орус аял суроого жарым сөздөн түшүндү:
– Ооба мурда жеке адамдыкы болчу. – Эки жагын карап алып: – Цехтин кожоюну өлгөн соң ушундай болду. Эрлан башка чапкандай болду. Анын ою деле ушул сыяктуу эмес беле… Бирок өз колу менен кылса ишенмек. Азыр болсо күмөнү бардай жолуна түштү.

****
Пахан сөзүнө турду. Болжошкондон бир күн мурун Нурланды өзүнө чакырды. Ал болсо; “деги бир кылмышты дайындабаса экен” деп заарканып араң кирди. Баш ийкеп учурашышкан болду да демейдеги ордуна барды.
– Жакында бул жер менен коштошосуң! – Ал башка сөз айтпай жигитти сынай карады. Жигит болсо “ооба” дегендей башын ийкеп анын кийинки кебине кулак түрдү. Бирок тиги үндөгөн жок. Колундагы курч шамшары менен узундугу эки карыш, жоондугу баш бармактай келген чыбыкты уучтап олтурду.
– Эртең бошойсуң, эмне менен алектенсем дейсиң?
– Айылга барам. – Пахан башын ийкегилеп, чалыр көзүн чылк жуумп, чыбыктын учун шыкаалай тиктеди. Сыягы түздүгүн сынап жаткандай.
– Кызчы….. – Ал баштагы адатынча кыска ушундай деди. Нурлан болсо түшүндү:
– Ал жанымда болот!
– Бактылуу болгула!
– Рахмат, айтканыңыз келсин! Айылдын батасын алып, шаарга келебиз. Аны университетке окутам.
Бул жолу экөө ата-балабай сүйлөшүштү. Пахан насаат айтып, Нурлан ыраазы боло колун бооруна алып “ляп-пай” дегенсип олтурду. Соңунда тике турушуп, төшкө-төш тийгизе аскер коштошуусундай бирин-бири кең далыга жайырак таптап коштошушту.
Эртеси Жанара экөө эртелешип жолго чыгышты. Бу жолу Паханга кирген жок. Ата конушунан узап жаткандай коргон сыртында арт жагын кылчактай саамга карап турду да машинага олтурду.
– Жылдыкпы? – Айдоочу менен Жанара жарыша жооп кайтарышты.
– Кеттик!
– Кудай буйруса. – деген кыздын кубанчы жан дүйнөсүн жарып чыкканы ууртундагы уячасынан, маңдай жарыла жайдарыланганынан даана байкалып турду.
Нурлан Жанаранын сулуулугуна ушунда дагы бир ынанды. Жайдарыланган кыздын ажары артып тим эле периштеге айлангандай. Аппак жүзүнө жарашкан орточо көлөмдөгү капкара эки калы атайын жасап койгондой. Жылмайыңкы ууртунда эки уячасы бир башкача керемет. Төшүнө жөлөнгөн анын коюу кара чачынан сылап, көзүн жуумп артта калган жагымсыз окуяларды кайра баштан эске салат. Кубанган кыз жигиттин төшүнө башын жөлөп, алдыда боло турчу жакшылыктардан үмүттөнө кыялдын кемесине түшүп алып, жашоо дайрасын каршы жирейт. Оюнда эми аларга эч ким тоскоол боло албайт.
Айдоочунун денеси төрт бөлүк: Колу рульда. Бир көзү жолдо, экинчиси күзгүдө. Мээси күзгүдөгү эки жаштын сулуулугунда. Оюнда; “эмне мынча сулуулар? Бирине-бири төп. Ушундай да сулуу жан болобу? Жигит бактылуу экен да.. Ушундай “бак” менде да болсочу” деп арттагылардын бактысына сугун артат.
Терезелери танировкаланган күңүрт түстөгү БМВ машинасы шаарды карай ээн трассада куштай сызып жол арбытып баратты. Ар бир адамдын тагдыр жолу ушул болдой тегиз жана узак болсо кана?
Жол жээгиндеги буудай талаасына быйылкы жылдын эсебинен биринчи комбайн башбакса керек. Аңызга бир айлана “загон” салып токтоптур. Дыйкандын маңдайы жарыла кубанганына караганда түшүм ойдогудай. Жигули машинасынын капотуна дүйүм тамакты жайып, дасторкан даярдоо менен алек. Алардан обочорок эки күчүгүн ээрчиткен жолбун ит камыш арасында тамактан көзү өтө жалдырайт. Сыягы тигил жактагы тамактын жыты уруп жатат өңдөнөт. Тумшугун өйдө көтөрүп искегилейт.
Тирүү жандын бары эле жакшы жашоого далалат кылат. Алда нелерди кыялданат. Бирок жараткандын сынынан өткөн-өтпөгөнүн, алдыда азап-тозокпу, жаркын жашообу булардын кайсынысы кызмат кылаарын эч ким аңдап биле бербейт.

1 – китептин аягы.
24-ноябрь 2013-жыл
Ырыскелди Оморов

Click to add a comment
Ырыскелди Оморов

More in Ырыскелди Оморов