Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

Кайрымсыз уул кайгысы

<<1 of 9>>

Канатбек таштак жолдун аркы четин бир басып, берки четин бир басып кетип баратты. Аны көргөндөр кызуу же мас деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок ал мас эмес, жашоосуна нааразы, тагдырынын терс жагына ооп, ата-энесинин эмгегин актай албай калганына өкүнүп кетип жаткан. Бул таштак жолдо эчен жылдар бойу кылым карытып басып келаткандай, мерчемдүү жерине жетүүгө далбастап жете албай келаткан сымал жолу арбыбады. Бала кезинен берки өткөн өмүрүн көз алдына келтире эки колун чөнтөгүнө салып, бутуна урунган ташты тээп койуп кете берди…

Жетимишинчи жылдар. Эсине кирип калган Канатбекти Асанкул абдан жакшы көрө турган. Жети кыздан кийин көргөн уулун Жумгалдын тоо ташын көргөзүп, жайлоолоруна, кымыз ичкен жерине ээрчитип жүрүп чоңойтту. Саада абдан акылгөй аял:
— Атасы, уулуңду мынча эрке кылбасаңчы, андан көрө жумшап, ишке бышырып, улууну сыйлаганга үйрөтсөң боло, бу бойдон болсо экөөбүздү акыретке ызаат сый кылып узаталбайт го? — деп Саада бир кечте кейий күйөөсүн карады.
— Андай болбойт, көрөсүң, уулум жакшы адам болот. Туурабы, уулум? — деп Асанкул уулуна карап мулуңдап койду.
— Ооба, мен силерди багам да, — деп Канатбек эдиреңдеп койду.
— Ошондой эле болсо болду, — деп Саада унчукпай калды.
Улуу кыздары күйөөгө тийип кеткен, Канатбектен кийин дагы бир уулдуу болушту. Уулум жок деген өкүнүчү жазылып, Асанкулдун көөнү тынып калган. Он эки баланы мойубай багып кой үстүнө торгой жумурткалаган мезгилде кийимин кир кылбай, кардын ачырбай багып, кыздарын татыктуу жерге күйөөгө берип, куда-кудагый күтүштү:
— Балдарды кудайдан сурап алдым кемпир, көп жумшап кайсар кылба, кыз ансыз да бирөөнүн бүлөөсү, өз айылын, теңин тапкыча инилерин колунан келсе сыйласын, биздин көзүбүз өткөн кезде аларга ушул экөө төркүн болуп, ордубузду жоктотпой очогубуздан от өчүрбөй учугубузду улайт, — деп Асанкул ар убак ушинткенде Саада аны күлө карайт:
— Ошентсе гана чал, Канатбегиң эмитен эле кайсар, кара жумушка көнбөй калып жеңил оокатты көздөбөсө болду, Азимбек го жоош момурап.
— Андай болбойт.
Асанкул өз ойун бербей жайкысын жайлоого чыкканда, кышкысын мал короодо турганда да кыздарын жумшап көндүргөн. Улуу кызы Мария менен Асия дагы инилерин аяп айттырбай эле түйшүктү өздөрү жасай берчү. Кыздарынын баары эстүү, акылдуу болуп өсүштү. Эң кичүүсү Айзиреги бир аз тентек болгон менен агаларын жанындай жакшы көрүп жанынан чыкпайт.
Канатбек алтынчыда окуп жаткан эле. Бир күнү өңгүрөп ыйлап келди, ал астанадан кире электе эле, артынан Нурманбек баласын жетелеп келип калды.

<<1 of 9>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019