Айгүл ШАРШЕН

Айтылбай калган аруу сезим

Айтылбай калган аруу сезим
<<9 of 9>>

— Кечириңиз, Гүлзатта күнөө жок, менде күнөө! — деп жиберди.
— Нурлан, куда айланайын, кантсе да жашың жагынан кичүүсүң, булардын урушу деле жок. Болгону кызганыч, экөө отурушка барып, аерден Гүлзат классташы менен сүйлөшүп калат, кетээр кеткиче аны менен сүйлөшүп, кетээрде коштошуптур. Ошонун баарын көргөн балабыздын ичи кайнап чыгып, үйгө жетпей жолдон эле ачуулана баштаптыр. Үйдө биз жок элек. Биз келсек Гүлзат жок, — Сайракан кайнисине карай кол жаңсады. — Болбосо ичпейт, чекпейт.
— Ичпей-жебей, эч күнөөсү жок аялды жолдо жүрүп урушкан адам ким өзү? Билимдүү акыл-эстүү жигит сен ушуну кылып жатсаң, башка карапайым адамдар кантет? Мен карындашымды бербейм., Эмитен мынчалык кылып отурсаң бир күнү өлтүрүп койушуң мүмкүн! — Нурлан Гүлзатка карады. Гүлзат айтчы, чындап күнөөң жокпу?
— Жок!
— Анда кирип жата бер, эч жакка барбайсың, башың аман болсо мындай күйөө табылат! — дегенде Асек чыйпылыктап ийди.
— Кечириңиз аке, мен уят болдум. Гүлзатты сүйөм, ошон үчүн кызганып кеттим. Классташы өөп койду да кетээринде. Мени кечириңиз, Гүлзатсыз мен эч жакка, кетпейм! — Тизелей Гүлзатка жетип, — Гүлзат, кечир мени, кечир, мен сенсиз жашай албайм, сени катуу сүйгөнүм үчүн кызганып кеттим, кечир! — деп ыйлап ийди.
Аны көрүп Гүлзат да ыйлап жатканда Эралы:
— Куда, бир жолкусун кечирип койгула, биз да уят болдук, экөө тең жаш, булар да токтолот, келинибизди албай биз да кетпейбиз, — деп күлүп калды.
Нурлан эч нерсе дебей Кундузду карады, ал апасынан кеңеш сураганы, чечимди ошол чыгарсын дегени болчу. Кундуз аны түшүндү, уулуна ыраазы болду, кыз-күйөөсүн карап, анан куда-кудагыйына.
— Эми-и жаштыкта, үйбүлөдө эмнелер гана болбойт, мен Гүкүнү ажыратып алайын деген оюм жок, мына агасына айтпай отурдук: «Ачуу душман, акыл дос», дейт. Бая күнкү акыбалын силер көргөн жоксуңар, Нурланга дагы көргөзгөн жокпуз. Азыр үйдө эле калсын, бир аз көгаласы кетип айыксын, анан келип алып кеткиле, бүлө силердики! — дегенде Сайракан кубанып кетти.
— Рахмат кудагый, ыраазыбыз силерге, бүлөбүздү эмки жума күнү келип алып кетели. өткөн-кеткендин баарын кечиришели, мындан ары болбойт, куда! — деп Нурланга карады.
— Биз анда кайталы. Асек жүрү иним, мындан ары жаңылыштык кылбай жүр, Нурлан айткандай өзүң юрист болуп туруп түшүнсөң болмок.
Эралы да инисин ээрчите сыртка чыгышты.
Ошондон көп өтпөй эле Асек кайра-кайра келип жатып, Гүлзатты ээрчитип кетти. Ысык-суугу аралаш бири кем дүйнөдө пенденин көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнмөйүнчө тоголок жердин үстүндөгү ой-чуңкурдун баарын басып чыгат тура.
Аңгыча жыл айланып Гүлзат уул төрөп алды. Асек жумушка кирип бакыйган юрист болду. Нурлан Жибек экөө ынтымактуу, Бакберген эч нерседен капарсыз «апалап» жашай беришти..
Убакыттын өткөнү билинбейт, улгайганыңда билесиң» дегендей, зуулдаган канаттууга окшоп убакыт зуулдап өтө берди. Жибек кыз төрөп алды. Нурландын кубанычы, Кундуздун мээрими, Бакбергендин «апалап» турганы Жибекти зор бакытка жеткирди. Нурлан аялын төрөтканадан чыгарып жолдогу жык-жыйма болгон унааларды ойлуу карап келатып: «Ээ кудай, бир кезде эски кийим, жыртык өтүк кийип, ашты тойо ичпеген куу жетим элем, мына минтип алдымда машина, үстүмдө үй, койнумда суйкайган аялым, кучагымда уул-кызым бар, мен бактылуумун» деп ойлонуп үйүнө карай бурулду. Аларды Кундуз менен Гүлзат, Кайыргүлдөр күтүп турушкан…

<<9 of 9>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019