Айгүл ШАРШЕН

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр
<<1 of 8>>

Туратбек бөлмөнүн ичинде ары-бери тынчсыздана баса берди: «Эмне кылуум керек? Ушунчалык күнөөлөрү турса да балдарым үчүн баарын кечиришим керек беле. Данагүл туура айтат, ата-эненин ажырашканы балдардын жеке жашоосуна кедергиси тийбей койбойт, анысын түшүнүп турсам да жүрөгүмдөн кечире албай жатсам кантем» деген ой жүрөгүн мыкчып тынчы кетип жатты. Данагүл жаңы гана мектепти бүттү. Андан кийинки уулу да чоңойуп калды, эң кичүүсү биринчи класста окуп жатат. Мезгил күз болгондуктан аба ырайы өзгөрүлүп, сыдырым жел менен кошо дыбырттаган жамгыр себелеп, бак-дарактардын шуудураган дабышы кыштан кабар бергенсийт. Данагүл атасына таарынып сыртка чыгып кеткен бойдон кире элек. Келдибек эшиктин алдында велосипеди менен алек, Алмагүл куурчагы менен ойноп отурат. Туратбек сырткы үйдүн бурчунда ойноп жаткан Алмагүлгө карап:
— Алмаш, эжең кайда кетти? — деди.
— Билбейм ата, — Алмагүл такылдай жооп берип куурчагын койо койуп атасына жетти да кучактап алды, — Ата, апам качан келет?
— Кызым… — Туратбек тамагына бирдеме тыгыла калгандай такала түштү: «Алда-а кызым ай, ушул суроону мага эмес апаңарга берип турсаңар болмок, балдарынын маңдайында мээримин чачкан эне болбой жеңил аяк аял болуп калганын кара, мен жасабаган ишти жасап уялып койбой басып кеткенин кантейин» онтоп алды, аңгыча Алмагүл аны силкилдете:
— Ата, ата дейм, сизге эмне болду? — деп жатканынан чоочуй отура калып кичинекей секелегинин ээгинен өйдө көтөрө чекесинен өөп койду:
— Эчтеке болгон жок кызым, кеч кирди, эжеңди чакырып келчи.
— Ата, апамды качан алып келесиз, мен аябай сагындым, эжем дагы… — Алмагүл атасын күнөөсүз, байоо көз карашы менен жооп күтө карап турду.
— Апаң, апаң каалаган убакта келет кызым, аны мен алып келбейм, өзү келет. Туратбек ойлуу кызын жетелей сыртка алаксыта алып чыкты. Апаңдын жумушу чыгып жатса керек.
— Ыкы, аны сиз кубалап ийбедиңиз беле, болбосо кетпейт болчу!
— Аа -а, макул эми, күнөө менде кызым, эгер ал үйүндө болсо чогуу барабыз да алып келебиз, макулбу?
— Ур-ре-е, апама баарыбыз барабыз! Алмагүл так секирип кубанычын эжеси менен агасына бөлүшкөнү жүгүрүп баратып кайра токтой калып сурады. Ата качан барабыз?
— Бир-эки күндө барабыз, Туратбек кызына жылмая карап шар жооп берди. Алмагүл жүгүрүп кетти: «Секелегим десе, сагынсаңар апаңарды алып келип берейин, силер үчүн баарын кечүүгө даярмын» деп ойлоп турду. Алмагүлдүн кубанычтуу сүйлөп жатканы ага даана угулуп турду. Ансайын жан дүйнөсү эзилип, жүрөгү мыкчылып не кылаар айласын таппай дал ошол күнкү өз көзү менен көргөн окуя көз алдына тартылып кыжаалат боло берди: «Көрбөсөм эмне? Көзүм менен көрүп туруп кайрадан аны менен кантип жанына жатам, ичим жылып жүрөгүм берилеби, ар бир баскан кадамынан шек санап ишеничим да биротоло кетти, бир төшөктө жатып, дасторкондо боло албай калдык го» деп ойлоп өткөн окуяны эстеп жатты…
Туратбек ата-энесинин жападан жалгыз уулу. Колунда жок болсо да уулун ойдогудай өстүрүп, элден кем кылбай эрезеге жеткирип андан көптү үмүттөнүп топук кылып жүрүшкөн. Мектепти да жакшы бүтүрдү, эми окууга барам деп турганда атасы капысынан төшөккө жатып калды да көп узабай көз жумду. Туратбекке атасынын өлүмү абдан оор тийди. Достору менен классташтары эртели, кеч келип көңүлүн көтөрүп турушту. Ошентип Туратбек окууга баралбай калды, ал апасын жалгыз калтыра албай ичинен гана өкүнүп жүргөндө достору анын көңүлүн көтөрмөккө ойноп келүүгө чакырып калышты:

<<1 of 8>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019

Молдокенин кыянатчылыгы

201906.04.2019