Айгүл ШАРШЕН

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

Күкүк эне же сойкунун тагдыры
<<2 of 9>>

— Иш-шиң болбосун барам, билгениңди кыл!
— Энненди-и! деген Калмурат шилтеп калганда Рапиянын жаак тушуна колу шак эле дей түштү. Бирок Калмурат өзү да чоочуп кетти. -Кечирип койчу Рая, мен сени урайын деген эмесмин, -деп кучактап сооротоюн дегенде Рапия кыйкырып жиберди.
— Жого-ол, тапкан экенсиң сен катын урганды, мен сага көрсөтөм аял урган кандай болоорун, — деген Рапия өлөрмандана ыйлап-сыктап кийимдерин чогултуп, балдарын кийинтип экөөнү жетелеген бойдон кетип калды. Калмурат канчалык жалдыраса да болбоду. Аргасы кеткенде: кайда бармак эле кетсе кете берсинчи, деген бойдон кала берди. Көрсө Рапияны ошондо бир жигит: «эки балаң болсо да мен сага үйлөнөм, кор кылбай багам» деп азгырып жүргөн экен. Ал ошого ишенип аерден чыгып алып балдарын ата-энесине таштап өзү Россияга кетип калды. Ал эми тигиниси аякка баргандан кийин Рапияны жанына жологон жок. Анткени аерде анын бир тууган агасы бар эле. Кез кезде гана жолугуп турат. Ошентип жүрүп Рапия соода кылбай эле ал жакка да күн тийген тоонун күкүгү болуп жүрө берди. Жаш сулуу келинге кимдер гана көз артпады. Акчалуу жигиттер аны ар күнү ресторан менен кафелерде, барларда сыйлап, жетпегени ак эткенде так этип жүрдү. Убакыт өтө берди. Рапиянын же кылган соодасы жок жөн гана бекер сыйдын үстүндө жүрүп эки жыл өтүп кетти. Ошол убакыттын ичинде ал аерге аттын кашкасындай белгилүү болуп колдон колго өтүп тажатып калган. Ишенбек ошол кезде ага капысынан жолугуп калды. Анын сулуулугуна арбалган ал Рапияны дароо квартирасына алып барды да ошол күндөн баштап аны өзү менен кошо соодага чыгарып алды.
Аны көргөн кээ бирөөлөр көз менен мазакташып: «оо баягы сойкуну бул имерип калган го?» деп тим болушса кээсин ачык эле: «эй муну сен кайдан таап алгансың ыя. Россия боюнча муну көрбөгөн эркек калган эмес эле!» дешсе Ишенбек алардын бирине жооп бербей укмаксан болуп жүрүп жыл айланып калганда Рапия ай күнүнө жетип төрөй турган болуп калганда Ишенбектин шаштысы кетип жүрдү: «Айылда өзүнүн үч балалуу аялы аны күтүп жатса бул биякта төрөгөнү турса кандай кылаар экемин?» Антип минткиче бат эле күн өтүп Рапия кыз төрөдү. Кыздын эмитен эле көздөрү бакырайып кирпиктери упузун болуп жакшынакай эле. Ишенбек ошол учурда Рапияга абдан ыраазы болуп жүрдү.
— Рапия, мен сага ыраазымын, өзүңө окшогон жакшынакай кыз төрөп бердиң, эми мага окшотуп эркек төрөп берсең, — деп өздөрүнчө бактылуу болуп жашап жатышты.
Бирок бул көз ирмемчелик бактылуулук көпкө созулбады. Сезим торолуп үч айдан ашып калган эле. Ишенбек кышкы Россияны суугунда кечке соода кылып күндө кечинде тамак ашты көтөрүп келет. Ал эми Рапия болсо жеңил аяктыгы кармап күндө-күндө эшикке чыкканда тийише берчү бир жигит менен таанышып калды. Ал:
— Рапия, эгер мен сенин ордунда болсом ушул квартирада кор болбой эле эркин учкан куш болуп каалаган жагымда сайрандамакмын, карачы, бул үйдүн түрмөдөн айырмасы кайсы? Капастагы кушту элестетип жатам, сени көрүп эле, -деди адеп сүйлөшүп турганда эле. -Карачы, сени төрөгөн аял деп ким айтат?
— Кызым турбайбы, эми кайда бармак элем, аял киши төрөгөндөн кийин баарына баш ийип калат тура.
— Койсоңчу, өзүндүн үйүң болсо бир жөн, биерде квартирада жөн эле камалып жата берсең алдагы сулуулугуң, жаштыгың жөн эле кор болот.
— Билбейм…-Рапия ошентип тагдырына баш ийип жашай баштаганда дагы бир каскак аны жылуу ордунан козгогону турду. Бир күнү Ишенбек:
— Рапия, мен сени менен ачык сүйлөшөйүн дедим эле…
— Эмнени, айта бер да айта турган сөзүңдү.
— Мен… мен сага айтып коюшум керек, менин айылда аялым үч балам бар, мен быякта соода кылам деп жүрүп сени жолуктуруп калбадымбы.
— Эмне-е, мени сен ким деп жүрөсүң ыя, эмнеге ушул күнгө чейин айтпадың?
— Койо турсаң эми, акыры айтам деп ойлогом, мына айтып жатпаймынбы.
— Айтканыңды уккум да келбейт, мен эми кызымды алам да каалаган жакка кетем!
— Эмне деп жатасың?! — Ишенбек аны жаактан ары чаап жиберди, ошондо Рапия беш жыл мурунку Калмураттан жаакка жегенин ойлоп: «чын эле дагы кайда барганы жатам, эки уулум эмдигиче чоңоюп калды го, аларды эне-атасыз томсортуп койгонум жетер, кой эмнеси болсо да жашай берейин» деген ойго келди да үнсүз ыйлап отуруп калды. Ал балдары төркүнүмдө эле жүрөт деп ойлонгон.
— Койчу эми, ыйлабачы, тагдыр бизди жолуктуруп жатса айла канча, сени ата-энемдин колуна алып барам, ал эми тигини шаарга эле тим койом.
Рапия андан кийин үн дебеди: «Бала кезимен бери эч бир адамдын тилин укпай ушул жашка келгеним жетишээр» деп ойлонуп жатты. Ошол бойдон бир бирине ыкташып жашай берет беле, Рапия кезектеги сүйгөнү менен колго түшпөгөндө. Ал күн да дем алыш күн эле. Ишенбек кечке соода кылып кечинде товарын жыйып бүтүп анан тамак аш алып үйдү көздөй жөнөдү. Негедир жүрөгү бир нерсени сезгендей өзүнчө эле шашып баратты. Үйгө кире берейин дегенде ичтен Рапиянын күлкүсү жаңырды.
— Бол эми эртерээк кетип кал, кокус ал азыр келип калса экөөбүздү тең өлтүрөт.
— Койчу ай, өлтүрүп эле эмне, андан көрө кетээрде да бир жыттап алайынчы, — алардын өбүшкөн дабышы угулду, -Райичка, канчага ушинтип жүрө беребиз ыя, мен сени азыр жетелеп кетким келип турат.
— Кой дейм, бар эртерек үйүңө, мен эми кызым турганда сени ээрчип кайда бармак элем?
— Кетебиз кетчү жакка! — Ишенбек андан ары угууга чыдабай каалганы ачып кирип барды.
— Ой эненди ур-райын жалап, бул эмне кылганың ыя?!
— Мен, эмес, — Рапиянын көзү чакчайып калтырап туруп калды.
— Сен кимсиң? — тиги улгайгансып калган кытайга окшогон неме деле коркуп койбой жай баракат кайра өзүнө суроо берди.
— Азыр өлө элегиңде чыгып кет, мен сага өзүмдү тааныштырып отуралбайм!
— Кетсе кетип калам, катынынды урганда эч нерсе чыкпайт, андан көрө…
— Чык! — деген Ишенбек аны көздөй жөнөгөндө ортого Рапия түшө калды.
— Өлтүрсөң мени өлтүр, ага тийбе, баарына мен күнөөлүмүн, мен аны сүйөм, уктуңбу мен аны сүйөм!
— Анда неге мени менен жашап жүрдүң, неге төрөдүң, баланын убалын ойлогон жоксуңбу ыя?!
— Сени менен жашап көнүп кетем деп ойлогом, эми жашай албайм, сени сүйө албадым!!!
Ошондо жини келип намыстана түшкөн Ишенбек анын жанына барды да бетине түкүрүп жиберди:
— Ок бети жок канчык десе, сүйбөсөң сага мени сүй деп эч ким жалдырабайт, жолдо калганыңда ушул үйгө алып келип калкалап калдым эле, мен сени аял экен десем, сойку сойку бойдон калат тура!-деди да төрдө ороодо жаткан наристени көтөрүп алып кайрылбай жөнөп кетти. Рапия ордунан козголо албады же бала баккандан тажаганы же Ишенбектен тажаганы белгисиз турган ордунда мостойгон бойдон тура берди.
Ишенбек ошол эле түнү мейманканага жатып алып эртеси эртең менен камерага келди да болгон товарын оптом берип жиберип калганын алып пойоздге олтуруп Бишкекке жөнөдү. Ал үйүнө телеграмма бербегендиктен аны эч ким тосуп чыкпады. Таңга маал вокзалга келген Ишенбек такси жалдап алып үйүнө келди. Ал келгенде аялы үйүндө жок экен. Балдары үч айлык Сезимди жакшы көрүп көтөрүп жүргөндө Кымбат келди да:
— Бул кайдагы неме?-деп жактырбагандай түр көрсөттү, — же бирөөнү туудуруп ийдиңби?
— Эмне деп былжырап жатасың, алыстан узак жолдо чарчап келсе кайдагыны айтып башты оорутасың, таап алдым, мен соода кылып олтурган жерге бир келин келип: «байке, карай туруңуз туалетке барып келип алайын» дегенинен кармап олтурсам жок, үч күн күттүм келбеди, анан алып быякка баса бердим, карасаң кандай татынакай жылдыздуу кыз, — деди Ишенбек: «качан гана бирөө таштап кетсе мен бакмак белем андан көрө биз да бирөөгө берип салалы» дейт го деп ичинен сарсанаа болуп атты.
— Иши кылса өзүң баксаң бага бер, менин кыз-пызың менен ишим да жок, -деп Ишенбектин товарларын ачып көрө баштады.
Эки жумадан кийин Ишенбек күлүшүп калган Сезимди ата-энесине жеткирип берди да болгонун болгондой айтып берип түшүндүрдү эле алар эмне десин үндөбөй кызды алып калышты. Анткени Сезим абдан сүйгүнчүктүү көзгө жакын кыз эле.
Рапия Ишенбек кеткенден кийин өзүнүн сүйгөнү менен бир жумадай жашады. Анын даярдаган оокат ашы түгөндү, акыры айласы кеткенде ал:
— Бүгүн тамак жасаганга эч нерсе жок эмне кылабыз?-деди эле тигиниси:
— Азыр мен базарга барып келейин, -деген бойдон келбеди. Рапия анын алдап кеткенине көзү жетип ызаланып ыйлап жээрге эч нерсеси калбай өзөгү карайганда көчөгө чыкты. Эшиктин суугунан ичиркене көчөдө кайдыгер басып бара жатты, үчтү төрөгөнүнө карабай Рапия абдан татынакай эле, джынсы шым, бутуна бийик модалуу сапошкачан, үстүндө дубленкасы. Ал көчөдө маанайы пас бара жаткан, бир кезде жанынан бирөө өтүп бара жатып эле тийишип калды:
— Эй красавица, кайда баратасың ыя?
— Барчы ары, сен эле жетпей жаттың эле, — деп Рапия жактырбай басып кетейин дегенде ал:
— Токтой турчу сулуу, эмне кааласаң аткарам жүрү кафегеби, ресторангабы, сөзсүз көңүлүндү ачууга жарайм, — деди катар баса, — сендей сулууларды карабай коюу күнөө го.
— Ресторанга алып баргыдай эле крутойсуңбу, бул түрүң менен чөнтөгүңдө жарым тыйының жок бездельник болсоң керек!-деди эми чындап Рапиянын жини келе.
— Сулуу бийкеч, мен бүгүн сөзсүз сенин көңүлүңдү ачаламын дедимби ачамын, — деди да Рапияны колтуктай көчө бойлоп басып жөнөдү. -Атың ким бийкеч, кайда баралы?
— Өзүң каалаган ресторанга, — деди Рапия кош көңүл.
— Анда жүрү, атыңды айтып койчу сулуу, менин атым Славик.
Рапияга азыр баары бир эле, жашоонун акыркы мүнөттөрү калгандай, бүгүнбү же эртеңби бул өмүрдөн көчүп кайдадыр белгисиз жактарга кетчүдөй кайдыгер гана Россиянын кышкы көчөсүндө орус жигиттин колтугунда кетип жатты. Отуз жашты жашабай туруп ушул азыр кылымдар бою жашап өмүрдөн тажагандай көңүлү чөгүп сүйлөп бара жаткан жигиттин сөзү кулагына кирбей бет алдын мизирейип тиктеп кете берди…

***
Айсалкын бир үйдүн эң кенжеси болгондуктан абдан эрке эле. Ата-энеси айылдын кадыр барктуу адамдары болгондуктан балдары да тартиптүү болуп өскөн. Ошол жылкы кайгы Айсалкынды эси көөнүнөн кеткис кылып, токтотууга аргасыз кылган.
Эң улуу агасы аттан жыгылып өлгөндө ата-энесинин күйүтүн көргөн кыз кантип токтолгонун да сезбей калды. Эки жашар уулу менен калган келин боздосо чыдап жанына отура албас эле. Жыл айланып агасынын ашына камынып жатканда бойго жетип калган үйлөнө элек агасы кайтыш болуп бир үйбүлөө кайгыдан бүк түшүп калышты. Айсалкын ошондо билди өлүмдүн азабын, жаралган жандын баары акыры бир күн бул дүйнөдөн өтөөрүн. Агасын жайына койгондон кийин өздөрү эле калганда казаны асылып от жагылбай, үйдөн кыбыр эткен жан сыртка чыкпай калды. Ошентип өлүмдөн өч алгысы келген, бирок андай болбоду тирүүлүк өз шаңын улап тийген күндүн шооласындай жарык берип, үмүттөрү кичинекей наристесинде болуп анын ыйлаган үнү чыкканда ошол үчүн жашоого белсене бел бууганга аргасыз болушту. Арадан күн өтүп, жыл жылып бат эле үч жыл өтүп Айсалкын да бойго жетип керилген кыз болду. Ырас сулуу болбосо да назик, сүйкүмдүү кызга атасынын кадыры менен сөз айтып жуучулар келе баштады. Ата-эне Айсалкынды дале болсо жаш секелек көрүп келген жуучуларды кайтарып жатты. Анын үстүнө атасы эки баласынын күйүтүнөн төшөк тартып жатып калган. Ошол жылы ал киши да дүйнө салды. Ызаат сыйын тууган уругу өткөрүп жесир келин менен кайынсиңди кемпирди кааран тутуп кичинекей наристени бөпөлөп багып жатышты. Келин сыртынан билгизбеген менен «Жакшы эле аза күттүм, өлгөндүн артынан өлө албадым, эми уулумдун келечеги үчүн жашашым керек» деп кээ кээде эки жакка кетип калып кайра келип же төрүкндөрүнө кетсе көпкө жүрүп алчу болду. Муну сезген эне келинине кеңешип төркүндөрүн чакыртып, өзү аттуу баштуу туугандарынын билермандарын чакырып семиз кой союп куран окутту да акырында элди карап туруп минтти:
— Айланайындар, тагдыр буйругу экен, эки чырактай уулдарымдан ажырап, чалымдан калып мен арман кылып олтурам. Бүгүн жалпыңар менен кеңеше турган сөзүм бар, аярлап угуп койгула!-деген эне үнүн каргылданта бир азга токтой калды. -Келиним Салыйга ыраазымын эки дүйнөдө, мына төрт беш жыл өтсө да арбакты сыйлап бизди сыйлап үндөбөй келе жатат. Мен силер менен кеңешип келинимдин башын бошотоюн деп жатам, жаш неменин багын байлабайын бирок…-эне жашка мууна түштү, — уулумдан калган жалгызымды мага таштап кетсин, көзүм өтүп кеткенче караан кылып уулумдун ордуна жыттап жүрөйүн…-эненин көз жашы мончоктон эки бетин жууй берди.
— Кайрат кылың эне, өлүм бар жерде кайгы бар, келиңиздин башын бошотуп туура кыласыз, эстүү кишинин кылаар иши ушул, ал эми кудалар эмне дээр экен, сөзүн угалы, — деди улгайып көкала сакал болуп калган туугандарынын бири.
— Эмне дейин, тагдыр экен, ажал айтып келбейт деген ырас тура, күйөө бала өз эле балаңдай болот жакшы болсо бизге деле кыйын болду, кудагый сизге биз ыраазыбыз сиз келиниңизге батаңызды берип коюңуз, ал эми Белекти болсо калтырат, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган кантип болсун, Салый өзү келип кетип турат, өзүңүз барып келип туруңуз, өлүм ажыратпаса ажырабайт элек, -деп сөзүн бүтүрдү Салыйдын атасы. Бул учурда Салый сырткы үйдө уулун кучактап алып ыйлап отурду, кичинекей беш жашар наристе да бир нерсени сезгендей кабагы бүркөө энесинин көз жашын быйтыйган колу менен аарчып коюп:
— Апа, эмнеге ыйлап жатасың, чоң энем сени урушуп жатабы?-деп чулдурап жатты. Ан сайын арманы ичин өрттөп ушул наристенин жүзүн көрбөй кеткен күйөөсүн эстеп солкулдап берди Салый. Бир кезде Салыйды кайненеси чакырды да:
— Садага, келиним эмес кызымдай эле болуп калдың эле, мен сага ыраазымын, кудай багыңды ачсын, кайда болсоң да бактылуу болуп барган жериңден бак айтсын Оомийин!-деп алакан жайып бата бергенде үйдүн ичиндегилер да жабыла бата кылып жиберди. Ошентип үндөбөгөн Салый кайын эне, кайын сиңди менен коштошуп үйдөн чыга бергенде чыркырап Белек чыр кылып кирди.
— Апа, мен дагы барам, мени эмнеге ээрчитпей кетип жатасың, мен дагы барам!
— Мен азыр эле таятаңдарды узатып коюп эле кайра келем, сен чоң жигит болуп туруп мени ээрчип ыйласаң уят эмеспи, бара гой чоң энең ыйлап калат мен бат эле келем!-деген Салый бурула берип буулукканы сыртка тээп чыгып узай берип буркурап ыйлап жиберди. Белек бала эмеспи апасынын сөзүнө ишенип чоң энесине карай чуркап кетти. Белекти Айсалкын көтөрүп ала коюп үйдү айлана басып кетти. Артын кылчак, кылчак караган Салый узап баратты. Кайрылып келип уулун көрбөөчүдөй көзүнүн жашы көл болуп ыйлап бараткан кызын энеси сооротуп:
— Кызым, болду ыйлаба, уулуңдун аман-эсен чоңоюшун тиле, аман болсо өзү, эле табат сени, Кара чечекей жалгыз небересин бербей коюуга акыбыз жок, балам, кантип кары кишинин сөзүн аттап баланы алып кетмек элек, ойлон мындан аркы багыңды-дегенде Салый үнсүз ыйын токтотуп кете берди. Минтип кайрылып келбес болуп кетип жатканын карачы, «ал өлүп келбес бул үйдүн эшигин аттабас болуп жатса, мен тирүү кетип жатам, неге мен ошол баскан жерди басып, ошол жүргөн жерде жүрбөй кетип жатам?» деп Салый ойго батып бара жатты: «Балким, мен Мусаны унутаармын, башка бирөөгө жолугаармын?» деп ойлонуп алып өзүнөн өзү селт этип алды: «Мен жинди болдум беле, кайдагы бирөөнү ойлоп жатам, жок, жок, Мусанын колу тийген денемди башка бирөөгө карматпайм!» деген ой дилинде жаңыра берген Салый артын көздөй жүгүрүп жөнөдү. Аны көргөн ата-энеси жеңеси баары таң кала туруп калышты. «Баласына кеттиби, кокуй, карыганда кудагыйды нааразы кылып койот го эми» деп энеси ичинен сызып алды. Салый жүгүрүп жетип кайын энесин кучактап солуктап ыйлап жатты:
— Апакебай, мени кечир, мени кечире көрүңүз!
— Эмне болду? Садага, кой ыйлаба, каралдым!-эне Салыйды кучактап турган калыбында «жалгыздан калган жалгызды алып кеткени турабы бул куу тумшук, анда мен кантем ыя, каран күн, өлгүчө медер кылып турайын дебедим беле???» деп ичинен ачуу чаңырып алды, -Кайсы күнөөң үчүн кечирим сурап жатасың айланайын?-эне келинин саамай чачынан сылай жүзүнө үңүлдү кайраттуу.
— Силерди, уулумду, Мусанын жүргөн жерин, жаткан жерин таштап кеткени жатканымды, апакебай!-Салый ыйын токтотуп, -Мен эч жакка кетпейм, Муса жаткан жерди өмүр бою көрүп турайын, мен жаңылдым, апакебай, кетпейм эми, кечирип кой!
— Кой, каралдым, антпе жашсың, багың ачылып кетсин айланайын, өлгөндүн артынан өлмөк жок, — эне Салыйды кучагынан чыгарбай өзүнүн да көз жашы салаа, салаа болуп кайраттуу сүйлөп келинине акыл-насаат айтып турду.
Артынан келген Салыйдын төркүндөрү кучакташып ыйлап турган кудагыйы менен кызын көрүп эч нерсе дей албай туруп калышты. Ал күнү калып кайрадан конок болуп эртеси Салый төркүндөрүн жөнөтүп калып калды. Айсалкын мектепти бүтөөрү менен коңшу айылдык Калыбек алакачып алды. Кыз баланын эли жери бөлөк экени ушул учурда дагы эненин жүрөгүн сыздатып кетти. Акыры аргасыз «аман болсун, багы ачылсын жалгызымдын» деп каниет кылып келини менен небересин караан кылып кала берди.
Айсалкын барган жеринде ыймандуу, ызааттуу келин болду. Кайын журтуна алымдуу болуп күйөөсү экөө абдан ынтымактуу. Кээде гана кайненесинин чырт эткен кыялы болбосо, бактылуу жашоонун кучагында термелип, ара чолодо жеңеси менен апасынан кабар алып турат. Калыбек абдан шайыр, ак көңүл, сүйүүнү баалай билген адамгерчиликтүү жигит эле. Жыл айланып баратса да боюна болбогондо айрыкча Айсалкындын энеси кабатырланып жатты. Жаш эмеспи, Калыбек менен Айсалкын бала жөнүндө ойлонууга үлгүрө элек. Ойносо оюнга тойбогон жаштыктын доорунда экөө бактылуу болчу. Бир күнү экөө көчөгө чыгып жолдо жетелешип келе жатса алдынан бир цыган аял чыгып:
— Ээ кызым, экөөңөрдү бир кырсык аңдып турат, бирөө силерге көрө албастык кылып дуба окутуптур, алдын алып кырсыкты болтурбай коюга болот, кааласаңар мен дубаны жандырып берейин, — деди божурап.
— Жок кереги жок, лөлүнүн эми болбойт дешет го, жандыра албайсың!-деген Калыбек колун шилтеп басып кетип баратып, — дегеле көзү ачыктыгын кара, — деп Айсалкынды карады, — булар сүйлөй берет эч ишенбе, — Айсалкынды кучактай андан ары жолун улады.
Айсалкын бир азга ойлуу: «Эмне деген кырсык, бул лөлүлөр чын айтат дечү эле, кантип окутсак экен, Калыбек тилимди албайт го, болбосо…» деп басып баратып Калыбектин күлкүлүү сөздөрүнө алаксып бат эле лөлүнү эсинен чыгарып салды.
Арадан билинбей эле үч жыл өтүп кетти. Бирок, Айсалкындын боюна болбой Калыбек аздап ичкиликке оой баштаган, мас болуп калса жол карап туруп карааны көрүнгөндө жетелеп, жөлөп таяп алып келет. Мындайда Калыбек Айсалкындын кулагынын кужурун алып: «Сени туубайт окшойсуң, мен сени менен жүрө берсем как баш болуп өтөм го, эй катын, мага төрөп бересиңби же?» деп сүйлөнүп жатып уктаганда эс алат. Бара, бара Айсалкын чүнчүп, төрөбөгөнү үчүн өзүн күнөөлүү сезип кыйналчу болду. Ал Калыбекке бир күнү өзүнүн оюн айтты:
— Калыбек, мына үч-төрт жыл болуп баратат, мен сени кубантып балалуу кыла албадым, ушундан көрө экөөбүз ажырашып алалы, сен балалуу болбосоң болбойт.
— Ийи, кеткиң келип калдыбы, тийе турган эриң даярбы?-деди кекетип Калыбек, — кетсең кете бер, мен катын албайм уктуңбу?!-деди да каалганы тарс жаап чыгып кетип калды. Айсалкын томсоргон бойдон ордунда отура берди. Ал эмне кылаарын билбеди: «Ырас эле мен туубас, куу жатын окшойм, болбосо менден кийин келген кошунанын келини экини төрөп кечээ эле жээнтек той беришпедиби» деп ойлоп отура берди. Улам күн өтүп, ай жылга алмашылган сайын Калыбек кийинки күндөрү бир, эки жумалап үйгө келбей калчу болду. Андайда Айсалкында уйку жок, тирмийип таң аткыча кирпик ирмебей чыгат. Эртең менен эрте туруп жолду карап Калыбекти издей берет. Негедир Калыбектин кийинки учурда мүнөзү өзгөрдү, үйгө келсе чөнтөгү толо акча менен келет. Эмне кылып жүргөнүн сурабайт же өзү айтпайт. Айсалкын сурагандан айбагып үндөбөйт, апасы бир жолу сураганда «күндөп-түндөп иштеп жатам»-деп койгон. Үйгө бир түнөйт да эки үч жумалап жоголот. Айсалкын көчөдөн суу алып келе жатса коңшу кайниси алдынан чыгып:
— Ой жеңе кандай, акемдин кайда жүргөнүн билесизби?-деп калды, — Же издеп, жол карап жүрө бересизби?
— Анын кайда жүргөнүн билип эмне кылам, иштеп жүрөт да, -Айсалкын кайнисин кыртышы сүйбөй өтүп кете берээрде ал:
— Кор болуп жүрө бербей бир жаңсыл болуңуз да, жеңе, сизге менин боорум ооруганынан айтып жатам, — деди алдын торой;-Менин колума тийсеңиз куштай кылып кулпунтпас белем, — деп ого бетер тийише сүйлөдү. Айсалкын жооп бербей басып кетти. Калмурат анын артынан ойлуу көпкө карап тура берди.

***
Калмурат-Калыбектин бир уруу туугандарынын баласы. Рапия кеткенден кийин аялдан катуу көңүлү калганбы же аны катуу сүйгөндүктөнбү үйлөнө элек, эки уулун өз үйүнө алып келип алган. Кээде аз, аздан иче койот. Үйлөнүүгө көңүлү жок. Калмурат кийинки күндөрү Айсалкынды ой боюна койбой жетелеп алып башы оогон жакка басып кеткиси келет:
«Эл эмне десе ошол десин, аял дегенди кор кылбай алып жүрбөйбү, күн-түнү кумар ойноп талаалап, жолун карап күтүп отурган аялын ойлоп да койбойт» деп өзүнчө жинденип алат. Анткени, Айсалкын ал үйүнө түнөбөгөн түндөрү түн уйкусу качып: «Эгер элдей болуп балабыз болгондо башкача болмок, минтип үйдөн качмак эмес, мен гана күнөөлүүмүн төрөп бербеген» деп кыжалат болуп уктабай чыгып эртең менен таң заардан жолду карап, көпкө жол боюнда тура берээр эле. Аны көргөн Калмурат жан дили менен жактырып: «Эркекти кадырлап, сыйлап күткөн аялдарга ушундай эркек жолукканын кара» деп суктанып алаар эле. «Болбосо өзү Рапияны кандай гана сүйүп, кадырлачу эле. Ошону көтөр албады» деп ичинен сызып Калыбекти жектеп кетчү. Тууган, анын үстүнө улуу, болбосо Айсалкынды ага бир күн жоктотмок эмес. Бир эсе ата-энеси дагы: «Балам, балдарың бой жетип баратат, үйлөн, бой жүргөнүң болбойт» дешип күндө кулагынын кужурун алышат. Үйлөнөйүн десе көңүлүнө жагаар бир да келин-кыз табылбадыбы, анын оюу кайрадан эле Айсалкынга келип такалат да турат. Руслан менен Рустам болсо бири жетиге, бири бешке чыгып калышты. Рапиядан дарек жок, айланып балдар үчүн келээр деп ойлогон Калмураттын андан үмүтү эбак өчүп аялдарга болгон көз карашы таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Бир аял менен мамиле кылбады. Аз аздап ичип да койчу болду. Калмураттын атасы бир күнү оорубай туруп эле дүйнө салды. Атасынан кийин Калмурат ого бетер иче баштады.
Калыбек бир күнү үйгө аябай мас болуп келди да ооздон тозуп алып колтуктап жөлөй калган Айсалкындын колун түртүп жиберди:
— Жоголчу энеңдурайын десе, кыйратып койгонсубай, мени как баш атанта турган болдуң го же жыргатып койдуңбу?!
— Каке, кир эми үйгө кирсең, жыгыласың,
— Боор оорубай эле кой, куу жатын катын алган турбаймынбы, согончогу канабаган аял менен эркек эшектин айырмасы кайсы, чынбы эй куу жатын?!
— Эмне кылайын Каке, койчу эми кирип анан сүйлөшөлүчү, эмне десең да баары туура, төрөп берип сени кубанта алган жокмун. -Айсалкын ыйлап жиберди.
— Ай эн-неңди, өлөрманын кара, сүйлөшөлү деп.. . эмнени сүйлөшөбүз ыя?
— Кирсең анан…-Айсалкын Калыбекти колунан тартып үйгө киргизип төшөккө жаткырып үстүнө жабайын дегенде:
— Жогол куу жатын, жогол көзүмө көрүнбөй, азыр жогол!-деп силкип жиберди.
Айсалкын ыйлаган бойдон сыртка чыгып кетти. Калыбек өзүнчө сөгүнүп жатып уктап калды. Айсалкын түнү бою эки көзү тоодой болуп ыйлап чыкты. Калыбек болсо эч нерсе болбогондой демейдегисиндей үйдөн наар жатпай чыгып кетти. Айсалкындын кышкы аязда үшүк урган жалбырактай бүрүшүп тагдырына наалат айтып боздоп отурганы менен иши жок абалын сурамак тургай кылчайып койбой баратканын туюп, билип турган Айсалкын өзүнүн эч кимге кереги жок ыргытылган буюмдай абалга келип калганын билди да кылчайып же бир бирөөнө айтып койбой үйүнө кетип калды. Ансыз да жалгызынын төрөбөй калып санааркап жүргөнүн билген эне кызын көрүп эле баарын түшүндү, үндөбөдү, тек ичинен түтөп Айсалкынды капа кылып албайын деп аста үн катты.
— Башың аман болсо болду балам, арга канча, аттиң бала-чакалуу болуп бачар болуп кетсең болот эле, мейли эми, ургаачынын чырагы кырк дегендей кудай берээрин унутпасын, али жаш эмессиңби, — эне үшкүрүнүп алды, анан Айсалкындын чачынан сылай маңдайынан сылап койду.
Айсалкын төркүнүнө келгени канчалык өзүн алаксытып өз көңүлүн өзү көтөрүп өткөндү унутууга аракет кылса да Калыбек оюнан кетпей үч күн үч жылдай болуп баратты. Улам анын айткан сөздөрү кулагына жаңырып, «ичип алып бир нерсеге кабылбаса экен» деп кайрадан аны аяп атты. Кантсе да биринчи күйөөсү, төрт жылдай чогуу жашап жыты сиңишип калгангабы кайрылып баргысы, анын абалын билгиси келип туруп алды. Ошол күнү Айсалкын кирин жууп өзү да жуунуп алып:
— Апа, Калыбекте күнөө жок, менин төрөбөгөнүм күнөө болуп жатат, ичип алып бир нерсе болбосун, мен барайын, -деп апасына кеңешип отурганда эне ойлуу кызын тилмире тиктеп алып:
— Өзүң бил каралдым, бирок ушул бойдон андан алыстап, ушундайда ажырашып алсаң болот эле чайналбай, -дегенче сырттан кобур, собур үн угулуп кайненеси кирип келди.
— Жакшы жатасыңарбы кудагый, мал-жан эсенби, жаман уулуң чоңоюп жатабы, капырай ушул жерде туруп ал абалыңарды да сурай албайбыз, — деп кобурап келип кудагыйын кучактап учурашып калды. Айсалкын кайненесинен ыйбаа кыла ордунан туруп барып төрдө жыйылып турган көлдөлөңдөн салып кирди. -Айланып кетейин десе, келиним десем кызымдай эле болуп калды, кудаанын буйругу экен балалуу болбой экөөнүн арасына кара мышык аралап балакет болду. Калыбек бирдеме деп көңүлүн оорутуп койгон окшойт бир ооз айтпай баса бериптир. -отуруп жатып божурай берди.
— Ээ кудагый, пенденин колунан келбейт тура, биякта отуруп мен деле кудайга жалынып ушуларга жок дегенде бир перзент беришин тилеп турам, арга канча.
Бир топко чейин сүйлөшүп отуруп түш оой бергенде Айсалкындын кайненеси:
— Айсалкын, эстүү жансың садага, азыр жүр деейм, бир аз күн кудагыйдын жанында болуп сагынычың тараганда үйгө бар, айланайын, өз үйүң өлөң төшөгүң.. . бара гой!-деди да жөнөп кетти.
Арадан эки күн өтүп Айсалкын апасы экөө үйдө чай ичип отурганда сырттан Калмурат кирип келди. Аны көргөн Айсалкын негедир чоочуп барып анан:
— Кел, келгиле, жөн-жай элеби?-деп ордунан тура калды.
— Жөн жай эле…-Калмурат турган ордунда кайра сыртка чыгып кетти. Аңгыча эшиктен кобур- собур үн угулуп үч-төрт аял үйгө кирип келишти да бири:
— Айсалкын айланайын, кайненең өтүп кетиптир!-деп Айсалкынды кармай калды.
— Кантип эки күн мурун эле жакшынакай эмес беле?-Айсалкын ишенээр ишенбесин билбей ар кимисин делдейе карап туруп калды.
— Ажал айтып келбейт балам, тур жөнөйлү кийин, -дегенде гана Айсалкын:
— Ай-ай!-деп бакырып ыйлап кирди.
Ошентип, алар арыдан бери камынып жөнөп калышты. Жеңеси менен кошо үч-төрт аял кошо ээрчип алды. Алар жетишкенде үйдү курчап турган элди көрүп Айсалкын бир нерсени сезгендей чаңырып калды эле эки аял жетип келип Айсалкынды кармап:
— Айланайын, Калыбектен ажырап калдык, -дегенде Айсалкын жулкунуп үйгө кирип барып көшөгөнүн ичине кирип барып узунунан жаткан өлүктүн үстүндөгү бетине жапкан жабууну ачып жиберип кучактай жыгылаарда беш-алты аял тартып алышты.
— Жо-оок, мен ажырабайм, мени кошо койо бергиле, мен кошо жатам, мени койо бергиле!!!-деп барып өзүн жоготуп койду эле аялдар аны сүйрөп сыртка алып чыгышты да бетине суу чачып жатып зорго эсине келтирди. Ботодой боздогон Айсалкын Калыбектин артында туяк калбаганын, өзүнүн төрбөгөнүн арман кылып айтып көз жашын төгүп үч күн бою үнү басылбай, үнү бүтүп сүйлөөгө дарманы калбай калды.
Уккан элдин баары кошо ыйлап, Айсалкындын кошокчулугуна тамшанып коюп отурушту. Акыры өлгөндү көммөк парз эмеспи Калыбекти жайына беришти. Ошондо гана Айсалкын эсине келип:
— Эмне болуптур, киши колдуу болгон го, денеси көкала экен?-деп кайненесинен сураганда ал:
— Ким билсин, баягы сен кеткендеги бойдон ушинтип келбедиби. Кимдер менен жүргөнүн же кайда жүргөнүн айтпаса, көчөдө жаткан жеринен таап келишти,
— Жөн койбош керек, иликтеш керек, мен ким өлтүргөнүн изилдейм!-Айсалкын улутуна көзүнүн жашын аарчыды.
— Аа-а балам, өлгөндү өз жайына тынч койолу, өлтүргөн неме оңмок беле, кан куткарбайт, ал да азабын тартаар, — эне үшкүрүп койду.
Айсалкын үндөбөй калды. Аргасыз ажалга алдырып ийип бир туугандары, энеси, алган жары боздоп кала беришти.
Ичинен кан өткөн Айсалкын: «байкушум балалуу болбой арманда кетти го, мага нааразы болуп жүрбөсүн, сөзсүз арбагы нааразы болот болуш керек?» деп Айсалкын басса турса ойлонуп абдан чүнчүп да арыктап кетти. Бул учурда Калмурат өзүнөн өзү чүнчүп жүргөн Айсалкынга ээндетип жолуга албай жүрдү. Аңгыча жыл айланып Калыбектин кара ашын беришти. Айсалкын үн-сөзсүз өз арманы ичинде болуп «жок дегенде бир эле балам болгондо эмне, өмүрү кыска экен, артында бир бала калганда эмне, эрмек кылбас белем» деп күйүттүн кара түнүнө уугуп жүрө берди. Кайненеси ичинен: «байланаар баласы болбосо акыры бир күнү кетем дээр, айла канча уулумдун артында бир баласы калбады…» деп өзүнчө санаада. Андай мындай дегиче дегендей арадан үч жылдын кантип өтүп кеткени билинбей калды. Айсалкындын апасы, эки тууганын ээрчитип келип айсалкындын азаттагын сурап калды.
Конокторго арналып кой союлуп, дасторкон жайылып, кайненеси Салкын эне, дагы тууган уругун жыйып куран окуткандан кийин Бурма эне сөз баштады.
— Кудагый, кудалар, силер менен сүйлөшөйүн деген сөзүм бар, буйрук экен, ушул жалгыз кызымдын көз жашын көрбөсөм дедим эле, айла жок, жок дегенде бир баласы болгондо эмне?.. Силерге ылайык келсе Айсалкынды алып кетейин, өзүм болсо карыдым, арыдым, өлөрүм эле калды, өлөөрүмдө жанымда болсун, — деп кудагыйын карады. Ошондо Салкын эне көзүнө жаш ала минтти:
— Аттиң арман десең, артында бир туяк калбады, арга жок тура ажалга, болбосо жашым жетимиштен ашты, келсе ажал мени албайбы…
— Көпкө үнсүз отуруп калганда баары анын оозун карап калышты, — Мен буга Айсалкынды күнөөлөй албайм, ал деле балалуу болуп очор бачар болгусу келген эле, мен баарын сезип туюп эле жүрдүм, бул тагдырдын буйругу да, барса барсын, мен келиниме ыраазымын, жаш али бир жерден болбосо бир жерден бак айткысы бардыр, бактылуу болсун, ыраазымын!
— Туура айтасыз жеңе, Айсалкын али жаш, бак айтсын, акылдуу кишинин айтаары ушул да!-деп бирөөсү коштоду аны.
Ошентип, сөз бүтүп Айсалкын кийим-кечесин даярдап жатканда сырттан Калмурат кирип келип бирөөнү чакырып чыгып кетти да бир аздан кийин чыгып кеткен киши кирип үйдө отургандарды тегерете карап:
— Менде бир такилип бар, эгер силерге туура келсе айтайын, — деп калды. Ал, Тентимиш деген киши эле.
— Айт, айта бер айланайын, — деди Бурма эне аны таңдана карай.
— Менин такилибим мындай, илгертеден элибизде жакшы сөз бар эмеспи, «Жакшыны жатка чыгарба» деген. Агасы өлсө иниси бар дегендей…
— Муну кандай деп түшүнсөк болот?-деди туугандарынын бири.
— Айтайын дегеним, келинди кетирбей эле кайнисине нике кыйдырып алып берсек болбойбу?
— Ким бар ылайык, Айсалкынды ыйлатпай куштап ала турган балдарыбыз барбы?-Салкын эне «кимди айтып жатат бул» дегендей тигини оозун карап калды.
— Ал бул эле Төрөбек акемин баласы Калмуратчы, ал эмне кайниси эмеспи же, аны өзүңөр билесиңер жаман деле адам эмес, — деп Тентимиш «эми буга эмне дешээр экен» деп ар бирин карап туруп калды.
— Ойлоно турган иш экен, Калмурат деле жаман жигит эмес, андай болсо анын өзүн да апасын да чакыра койгула, — деген Калыбектин улуу агасы Нурмат апасын карады, — Салтты аттап өтө албайбыз, буга Айсалкын да эмне дээр экен?-деп сырткы эшикти карады. Ошол учурда кийим-кечесин жыйыштырып бүтүп калган Айсалкын бул сөздү угуп калып мууну калтырап ыйлаган бойдон кирип келди:
— Жок, жок мен эч кимге тийбейм да эч жакка кетпейм, мени өз жайыма койгула!
— Балам, Салкын эне Айсалкынды карап токтоо үн катты:-Сен али жашсың, мен буга каршы эмесмин, анткени Калмурат өзүбүздүн бала, жаман жигит эмес, ойлон балам, кирип-чыгып сени өзүм да көрүп турайын, Калыбегимдин өзү болсо ушул иш болмок беле балам, тагдырдын салганына көнбөскө чарабыз канча?!-үшкүрүп алды эне, — Ойлон айланайын, бүгүн эле дебейбиз, али убакыт бар, ойлон.
Ары кетип, бери кетип ар кимиси ар кайсыны айтып Айсалкынды көндүрө албай жатканда Калмурат апасы экөө киришти. Калмуратты көргөн Айсалкын аны жаман көзү менен карап сыртка чыгып кетти. Бул анын: «эмне десеңер ошо, аргам канча улуулардын сөзүнөн чыгып каргышка калбайм» деген ойдо баарына кайыл болуп тагдырына аргасыз көнгөнү эле.
Ошентип, ал күнү эки тарап бир бүтүмгө келишип, Калмуратка Айсалкынды алып бирмей болушту. Бирок Бурма эне Айсалкынды үйүнө алып кетип ошол жактан узатмай болду. Арадан ай өткөн соң Калмурат апасы, жеңеси менен кошо үч төрт туугандары менен келип Айсалкынды алып кетти. Айсалкын келгенден эле Рустам менен Руслан ага жакын болуп «апалап» калышты. Ан сайын Айсалкын аларга эзилип ою менен болуп өз жанынан артык көрүп: «өзүм туубасам, апалап турган балдарды кантип жеримек элем, ушуга да шүгүр» деп өзүнчө ичтен тобо кылаар эле. Калмурат болсо Айсалкындын кареги менен тең айланып өзүнчө бактылуу болуп жүрдү. Мурда-«Калыбекке кор болуп жүрөт» деп боор ооруса эми жакшы аял өз жанында, өз койнунда, балдарына эне болуп калганына абдан ыраазы.

***
Ишенбек Айсалкын менен бир класста окуган эле. Экөө бир айылдан. Сезим күндөн күнгө чоңоюп келе жатты. Улам чоңоюп көзгө көрүнгөн сайын чоң-эне чоң атасынын сүймөнчүгү болуп кадим эле Рапиянын өзү болуп чоңоюп баратат. Ишенбек да бат, баттан келип кызын көргөндө Рапияны көргөндөй болуп анын кылыктарын эстегенде кыжыры кайнап, ыракаттуу түндөрүн эстесе өзүнчө бактылуу жылмайып кээде аны издеп баргысы келет. Бирок аны издегенде эч пайда болбосун эстеп: «Өңү сулуу болгону менен жүрөгү мэрез, акылы кыска тура» деп ойлоп кайрадан өз үйбүлөөсүн андан артык көрүп кетчү. Бир күнү Айсалкын апасы катуу ооруп калып жанында болуп калды. Эки уулу жанында. Алар Айсалкындан карыш ажырабай кайда болсо ээрчип алышчу. Ошондо да Айсалкын балдарын ээрчитип алып дүкөндөн кетип жатса алдынан Ишенбек чыгып калды.
— Ой, оо-ой, мен кимди көрүп турам ыя, кандай Айсалкын, денсоолуктар жакшыбы?-Ишенбек аны көрүп эле жаркылдап жайнап учурашып, жанындагы койондой окшош балдарды колдоруна ала коюп өөп:-бул жигиттер өзүндүкүбү ыя, ой азаматтар десе, жакшы жигиттер тура, — Айсалкынды карап, — деги кандай ыя класташ, жашоо, турмуш аяш кандай?-деп калды.
— Жакшы, жакшы, а өзүң кандайсың, бала-чака чоңоюп жатабы?-Айсалкын ага күлө бага жооп берип жатты.
— Абдан жакшы, менин үч уул-бир кызым бар, аяшыңдын аты кымбат. Буйруса таанышаарсыңар.
— Жакшы экен, эмесе Ишен, мен барайын, апам ооруп жатты эле, эртерээк барбасам болбойт, карыган неме бир аз эле көрүнбөй калсам издеп калат.
— Макул анда, Айсалкын, жакшы бар, — Экөө эки жакты көздөй кетишти. Ишенбек Айсалкындын жанындагы татынакай балдарды көрүп ичинен таң калып жатты: «Айсалкынды төрөбөй жүргөн балалуу боло элек дешпеди беле, булар кимдин балдары, же экөөнү тең багып алды бекен?» деген ойго берилип үйүн көздөй басып баратты. Үйүнө келгенден кийин апасынан сурады эле ал.
— Биринчи күйөөсүнөн төрөгөн жок, ал бечара, ал күйөөсү киши колдуу болуп өлбөдүбү, үч төрт жыл мурун. Андан кийин бир кайнисине тийген, балдар ошонун мурунку аялынан экен-деп жооп берди. Ошондо гана Ишенбек Айсалкынды аяп койду ичинен: «байкуш кыздардын ичинен жакшы кыз эле, өзү төрбөй калган тура?» деп бир азга ойлуу болуп отуруп анан шаардагы өз үйүн көздөй жөнөөгө ата- энеси менен коштошуп, Сезимди өөп коюп чыгып кетти.
Ошол бойдон Ишенбек шаарда иштеп соода менен алек болуп өз тиричилиги менен күн өткөрүп жатты. Аялы Кымбат болсо Сезимди өз балдарындай сүйчү эмес. Көргөндө ирээнжип: «кантип эле өз энеси таштап кетсин, Ишенбек калп айтып мени алдап койду, акыры билинет болуш керек, ошондо шашпа…» деп ичинен күйөөсү Ишенбекти да Сезимди да жек көрүп кетчү. Ишенбек күндөгүдөй эле ордунда соода кылып жаткан. Ал Аламедин базарындагы «вешевойдо» соода менен алек болуп кардалдарды тейлеп жаткан эле, бир кезде жанына Рапия келип:
— Кандай Ишенбек жакшысыңбы?-деп туруп калды. Ишенбек бир азга делдейе аны карап туруп анан:
— Жакшы эле, эмнесин сурайсың, — деп терс бурула бергенде,
Рапия:
— Ишенбек, кечирип кой мени, Сезим кандай, чоңоюп калдыбы?-деди жалоорууй. -көрсөм болобу аны, тили чыгып сүйлөп калгандыр ээ, үчкө чыгып калды…-деп Ишенбектин маңдайына келди.
— Сезим менен ишиң болбосун, ал жөнүндө ойлонбой да койсоң болот, экинчи менин жаныма келип аны сураганыңды токтот!
— Койчу Ишен, мен анын энеси эмесминби, кантип сурабай койом?!
— Сураба, мен сени тааныбайм дагы, тынчымды албай бул жерден жогол!-Ишенбек ачуулана кыйкырып жиберди.
— Макул, сурабайын, деги аман жүрсө болду, — деген Рапия көзүнүн жашын куюлта басып кетти.
— Эн-неңди урайын десе, — Ишенбек көпкө ачуусун токтото албай сүйлөнүп жатканда жанында жанаша соода кылган аял аны карап:
— Ой Ишенбек, эмнеге эле ачууланып жатасың, бул ким эле?-деп сурап калды.
— Энесин урайын, тааныбайм дагы…-деп сүйлөшкүсү келбегенин билдире терс карап кетти.
— Кайран эр десе, сенде бир иш бар го, бул аял-жөн аял эмес, өңдүү-түстүү эле аял экен, — деп ийнин куушура тигил Рапия кеткен жакты карап койду.
Ошол күнү кечке Ишенбек өзүнчө кыжаалат болуп, кыжыры келип, өткөндү көз алдына келтире берди: «Ошонун сулуулугун урдум, ушул деп үйбүлөмдү кечип кете жаздабадым беле, өзүнө өзү кылды, болбосо айтканын айткандай кылып ою менен болбодум беле, баладан айлангыр, кызыл эт баланы кыштын күнү койнума катып келип чоңойтуп алып энең ушул демек белем, керек болсо энеси, атасы бар эрке кыз-ал, ал сендей болбойт!» деп ичинен Сезимдин көпөлөктөй болуп алдынан чуркап чыгып аталаганын эстей элжиреп алды.
Күндөр өтө берди, андан кийин Рапия Ишенбекке келген жок. Ал эми Сезим болсо чоңоюп энесинин жеңилин жерден алган куракка келип мектепке да барып калды. Чоң ата чоң энесин өз ата энеси катары көрүп Ишенбекти болсо байке деп койот. Ишенбек аны жалгыз кызы катары кийим-кечесин камсыз кылууну өз мойнуна алган сайын Кымбат:
— Эмне эле Сезим, Сезим деп турасың, ошонун таштанды кыз экенине ишенбейм, бир сыр бар, сен менден жашырып жүрөсүң, — дей берет.
— Койсоңчу жаным, мен сенден эмнени жашырмак элем, болгону баланы жакшы көрөт эмесминби, экинчиси кызыбыз жок, кыз кылып алалы деп ойлогом, сен кабыл албадың, атамдарга эрмек болуп чоңоюп жатат, балада эмне күнөө, көрөсүң го абдан сулуу кыз болот, — деп Ишенбек Кымбатты ишендирүүгө далалаттанат.
— Апасы да сулуу беле?-Кымбат ансайын Ишенбектин жинине тийе сүйлөйт.
— Апасынын сулуу экенин кайдан билем, суукта оронуп-чулганып алган жаш келин болчу, — ал да турмушта жаңылып жазып калгандардын биридир да, болбосо кандай эне өзүнүн баласын чоочун бирөөгө таштай качсын-деп Кымбатты кучактай минтти:
— Кымбат, Сезимдин өгөйлөбөй жүрчү, мээримиңди аябачы жаным, ал деле бала да…
— Болуптур эми, андай болсо го мейли, эгер сырың ачылган күнү менден жакшылык күтпө, уктуңбу?
— Уктум жаным, уктум, мындан ары Сезимге өзүң деле кийим- кеченин жакшысын алып берип турсаң, чоңоюп баратат, кыз баланы жакшынакай карабасак болбойт.
— Негедир улам чоңойгон сайын татынакай болуп менин жаман оюмду жоготуп бараткансыйт, айтпасаң деле өз кызымдай сезип кетем кээде, — ырас эле балада эмне күнөө деп өзүм да бара, бара жакшы көрүп баратам.
— Ыраспы Кымбат, ырас айтпасыңбы, ушундай акылдуу келинчегим бар эле дейм да, -Ишенбек Кымбатты кучактап өөп өөп алды да жаш баладай кубанып кетти.
— Балада эмне күнөө, анын үстүнө ымыркайыңды өз колубузга келгенге өз кызымдай көрөм же кызыбыз жок болгонго буга аябай тартылып туруп алам.
— Өзү да сүйгүнчүктүү кыз ээ Ишен?
— Ооба да, кези келегенде аябай сулуу кыз болуп, далайлар куда түшүүгө эшигибизге келет го буйруса, ошондо өзүң чечесиң да кимге берээрди.
— Эмне, энеси турса мен бийлик кылат белем?
— Эми-и сен жеңеси катары деле чечип койосуң да-Ишенбек Кымбатты дагы бирдеме деп жибереби деп буйдала калды.
— Аны убагында көрөрбүз, чоңойо берсинчи, — Кымбат ал жөнүндө сөз бүттү дегендей төркү үйгө карай басты. Ишенбек өз оюнду: «Буйруса Кымбат деле баш ийет экен, Сезимди өгөйлөтпөй, өз энесиндей болуп кетсе… Кокус Рапия бирөөлөргө экөөбүз жөнүндө айтып коюп угулуп калсачы, анда эмне болот, ошондон кудай сактаса экен» деп ойлонуп Кымбаттын артынан басты. Балдары биринин артынан бири чоңоюп баратат. Турмушу ойдогудай. Күнүнө жыйырма миңден отуз миңге чейин соода кылат. Жалаң кымбат баалуу импорт пальто, кайыш курткаларды сатат.
Ишенбек Рапия дагы келеби деп күттү. Бирок келбеди, дайыны да билинбеди. Эгер дагы кайрылып келсе: «Эгер экөөбүз жөнүндө бирөөгө айтсаң өлтүрүп койом, сен эне болууга татыктуу эмессиң, сен көчө катынысың билесиңби кандай абалда калганыңды, бапестеп бакканымдын кадырына жетпеген күнөө өзүңдө, эми оозуңдан сөз чыкса таарынба» деп айтууга камынып жүрдү. Күткөн менен ал көзүнө ошол бойдон көрүнбөдү. Жай турмуштары өз орду менен өтө берди. Колунда байлык бар үчүн дос, жолдошту, тууган-уруктун алды. Каттоосу көп. Бара, бара каникул убагында Сезимди шаарга алып көрсөтүп каалаган кийимин, куурчак алып берип Кымбат да аны өгөйлөгөнүн коюп, кайда барса ээрчитип алчу болду. Ан сайын Ишенбек ичинен кубанып Кымбатка ыраазы боло мурункудан да сүйүүсү артып, көңүлү шат.
***
Калмурат менен Айсалкын балдарын бапестеп багып өздөрүнчө бактылуу. Айсалкын гана кээде: «өзүмдөн бала болбогону өкүнүчтүү, неге кудайым бир кызыл этти менден аяды экен, жок дегенде бир кыз берип койсо эмне» деп эки жыл өтүп үч жылга карганда Айсалкын эч нерсе ичпей ооруп жатып калды. Ичкен жегенин кусуп ордунан туралбай калды. Өңүнөн азып арыктап да кетти. Кайненеси менен мурунку күйөөсүнүн апасы Салкын эне анын жанында сүйлөшүп отуруп:
— Айсалкын, өңүң азып кетти, доктурга көрүнчү балам, оорудум деп жата бербей, -деди эле кайненеси дагы аны коштоду.
— Мен айтып эле жатам, көрүнсө болот эле.
— Эч жерим оорубайт деле, болгону тамакка табитим жок, бирдеме ичейин десем жүрөгүм айланып кусам…-Айсалкын ооруганын мойнуна алгысы келбей жооп берди.
— Мейли өзүң бил айланайын, көрүнүп дарылансың жакшы болот эле, создуктуруп аласыңбы деп корком, — деп кайненеси Шуру ордунан турду. Салкын менен Шуру сыртка чыккандан кийин да көпкө кобурашып отурганда Шуру минтти:
— Аа-ай жеңе, Айсалкынды кош катпы деп ойлойм, талгак болуп калган го?!-деди.
— Койчу, чын элеби?-Салкын анын сөзүнө бир азга ойлуу боло калды. -Айсалкын азыр канчада ыя?
— Отуз экиде го сыягы, Калмураттан эки, үч жаш эле кичүү да, Калмурат быйыл отуз беште.
— Анда төрөй турган эле экен, капырай байкап көрчү ботом, болсо болсун байкушум…-деп Салкын эне ойлуу: «төрөсө төрөйт да, менин уулумдан төрөгөндө бир туяк калып калбайт беле» деп ичинен сызып алды. -Калмуратка айтып эртең доктурга алып барып көрсөтсүн, бат эле билип койот доктурлар.
— Ооба, ошентейин, мен шекшип турам, бул ит талгак болуп тамак иче албай жатат, мени тартса керек, мен дагы баардык балдарымды ит талгак болуп үч-төрт айга чейин тамак-аш ичпей эле соолуп жатып калчумун.
— Андай болсо эртерээк көрсөткүлө:
— Эртең өзүм деле шаарга алып барып көрсөтүп келем, көрөсүң го бул талгак эле.
— Болсун айланайын, төрөсө төрөп алсын.
Булардын сөзүн ордунан туруп кусканы чыгып келе жаткан Айсалкын угуп алып кубанаарын же ыйлаарын билбей бир топко ишенбей туруп калды: «Капырай, мен төрөймбү ыя, кантип эле талгак ушундай болсун, андай болоор күн кайда?» деп ойлонуп сыртка чыкты да окшуп куса баштады. Ошол күнү Айсалкындын түшүнө Калыбек кирди. Ал аппак болуп кийинип алыптыр, Айсалкын аны көрө калып артынан ээрчийин дегенде ал: «Сен кайда, бул жакка сен келүүгө болбойт андан көрө тээтиги жерде алма бар ошону алып жегин, мен сага деп алып койгонмун» деп карааны көрүнбөй калат. Айсалкын жүгүрүп ал көрсөткөн жерди караса чын эле кыпкызыл болгон бир алма туруптур, аны алып эми тиштеп жейин дегенде Калыбек кайра пайда болуп: «Токто, аны азыр жебе, үйүңө барганда жейсиң, Айсалкын, мен мындан ары сенин жаныңдамын, сени менен биргемин уктуңбу мен сенин жаныңдамын!» деп көрүнбөй калганда Айсалкын чоочуп ойгонуп кетти. Кара терге түшүп калыптыр. Анын чоочуп ойгонгонун сезген Калмурат:
— Сага эмне болду Айсалкын, чоочуп ойгондуңбу? -деди.
— Ооба, чоочуп кеттим.
— Чоочуба алтыным, биягыңда мен, тиягыңда эки уулуң жатпайбы, — деп эки жагын кымтылап кучактап жатып алды.
Айсалкын түшүндө Калыбекти көргөнүн жашырып айткан жок: «Өлгөн киши түшкө кирип алма бергени жакшылыкпы же жамандыкпы?» деп ойлуу көпкө чейин Калмураттын жанында шыпты тиктеп жатып уктап кетти.
Ошондон баштап Айсалкынга машакаттуу жашоо башталды. Кусканы басыла баштаганы менен тамак ичүүгө көңүлү чаппайт, үй тиричилигин жасай кыбырап жүрүп күндүн ысыгында үйгө жата калган эле. Көзү илинип илинбей босогодо Калыбектин турганын көрдү. Ал жөн гана аны карап турган экен. «Эй сен эмнеге босогого туруп алдың бери өт» деп Айсалкын аны мурдакысындай эле жанына чакырганда ал: «Жок, мен сенин жаныңа барбайм, бирок жаныңда эле жүрөм, баса алманы алдыңбы?» деп сурады. «Ооба алгам» Жакшы болгон тура, атайын ошол алманы сага арнап койгомун» «Эмнеге бир эле алма арнадың, экөө же кө-өптү койсоң болбойт беле?» «Ошого шүгүр десең, Айсалкын, ал алма менин жан дүйнөмдөн бүткөн алма», ошон үчүн мен мындан ары ар дайым сени менен биргемин, жаныңдамын!» деп Калыбектин үнү жаңырыктай болуп өзү көрүнбөй кетип түшү экенин билди. Анын ички үйдө кыйкырган үнүн уккан кайненеси Шуру эне кирип келди.
— Эмне болду Айсалкын, эмнеге кыйкырдың?
— Көзүм илинип кетиптир, чоочуп ойгондум.
— Ийи, чоочубай жүр айланайын, чынбы, төгүнбү деп турганда…-деп барып унчукпай калды эле Айсалкын:
— Эмне дейсиз?-деп сурап жиберди.
— Тиги сени кош кабат го деп жүрөм, аял киши талгак болгондо кусат, уктайт.
— Коюңузчу, чын элеби?-Айсалкын көздөрү жайнай күлүмсүрөдү.
— Ырас эле айланайын, кудайдан болуп төрөп алсаң ажеп эмес.
— Оозуңузга май апа, мен төрөгөндү ойлобой калбадым беле, кечээ түшүмдө…-деп келе жатып «Калыбекти айтсам эмне дейт жаман көрөт го?» деп такала түштү.
— Айт, айта бер, түшүңдө эмне болду?-Шуру эне кызыга сурап калды.
— Түшүмдө Калыбек кириптир…
— Ок! Өзү менен кетсин, ийи?
— Калыбекти көздөй мен жүгүрсөм ал мени биякка келбе ары жакта бир алма бар ошону алып ал деп өзү жок болуп кетти.
— Аа-аа байкуш, ырыскысын бериптир, анан кыз төрөйт экенсиң балам ал сага алма бергени жакшы болгон экен, — деп Шуру эне сырткы үйгө чыгып дасторкон жайып Айсалкынды чакырды. -Кел Айсалкын, куран окуп койолу, арбагы колдосун, ыраазы болсун!-деп Калыбектин арбагына багыштап куран окуду да өз ишине киришти. Келинине көңүл бурбай жумушун жасап жүрдү: «байкуш отузга чыккыча төрөбөсө мунун төрөтү кандай болоор экен, эптеп аман-эсен көз жарып алса болду» деп ичинен аны аяп жатты эне. Кантсе да аялзаты, эне эмеспи. Ошонун эртеси Калмурат Айсалкынды ээрчитип айылдык акушерге барып текшерткенде, Айсалкынды эки жарым айлык боюнда бар болуп чыкты. Айсалкындын кубанганында чек жок эле. Көзүнөн жаш куюлуп кубанычына чыдабай ыйлап жиберди.
— Ай келин, сага эмне болду?-акушерка ага таң кала суроо берди.
— Эжекебай, төрөгөндөн үмүт үзүп койгон элем, өңүм же түшүм экенине ишенбей турам, ырас эле боюмда бар бекен?
— Ооба, чын айтып жатам, куттуктайм сиңдим, ыйлай турган жөнүң бар экен, кубанычтан ыйлап жаткан турбасыңбы.
Сыртта күтүп турган Калмурат Айсалкындын ыйлап келе жатканын көрүп чоочуп, алдынан тосо сурай кетти:
— Айсалкын, сага эмне болду, эмнеге ыйладың?
— Айсалкын сүйлөй албай энтигип көзүнүн жашын тыя да албай жашка жуулган жүзүн күлүк чайып:-мени, мени.. . боюңда бар деди, — деп күлүп да ыйлап да жатты.
Калмурат кубанганынан Айсалкынды жерден так көтөрө калып айлантып бетинен өпкүлөп:
— Алтыным десе, оозуңа май, сен эми мага кыз төрөп бер, сен эне болосуң жаным!-деп кубанычына ортортош болуп экөө колтукташа басып кеткенде аларды көргөндөр аргасыз жылмая күлүп карап турушту.
Айсалкын Калмурат экөө ошол эле күнү Бурма энеге сүйүнчүлөө үчүн жөнөштү. Эки уулун ээрчитип алган. Бурма эне укканда кубангандан жашып, анан аксарбашыл айтып жатты. Ошол жерден кудайы кылып бир эчки союп коңшу-колоңун чакырды. Ошентип бактылуу үйбүлөө балдары менен кайрадан өз үйүнө жөнөгөнү жатканда мурунтан ооруп жүргөн карылыгы жеткен Бурма эне жетимиш сегиз жашында таптаза туруп дүйнө салды. Анын карылыгы жана оорулуу жүрөгү кубанычты көтөрө албады көрүнөт. Бир үйдө жеңеси менен он төрттөгү баласы экөө калып калды. Айсалкынды кайненеси дагы, күйөөсү Калмурат дагы саксактап:

<<2 of 9>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019