Айгүл ШАРШЕН

Жаза

Жаза
<<7 of 7>>

Бир гана шаардагы агалары анын күйөөгө тийип алганына жини келип өздөрүнчө чогулуп сүйлөшүп жатты. Алар үйдү өрттөмөк болуп чечишти:
– Биз жашаган, чоңойгон үйдө кайдагы бир шуркуя жашаганча мен өрттөп жиберем!.
Адылжан жерди муштай кыйкырып алды.
– Туура, энебиз бизге ыраа көрбөгөн үй мүлкүнүн күлүн сапырып ташташ керек! — Шарапат аны колдоп калды, — Эмнеге өлөөрдө бизди ойлогон жок, балдар өлбөсө чоңойот эле го?
– Ал Жеңишти жакшы көрчү да.
– Ал баласы болсо, биз деле баласыбыз! — Камилжан чыкты бир жактан, — сандыгында атамдан калган байлык болуш керек эле, аны тигил жок кылды го?
– Өрттөп жиберип эл көбөйгөндө билгизбей сандыкты көтөрүп чыгып кеткиле бириңер.
– Ошол шуркуя кошо өлө турган болуш керек, бизден көрмөк беле? Көп болсо беш литр бензин керек! — деп төртөө кеңешип жатканда Тахмина кирип келди.
Алардын сөзүн укпаган болуп учурашып ага-эжелерине таарыныч кыла кетти.
– Бир эне, бир атадан туулуп, бир үйдө бир казандан аш ичип, бир төшөктү тебишип өстүк эле, барып ал-абалымды билбедиңер, ырас чогуу экенсиңер.
– Сураганда эмне, эриң өлсө кайдагы немеге тийип алып уят кылдың, анан да бир тууганбыз деп койот, — Шарапат аны сүйө бербей карады, — тигил тул калган келиниң менен аябай чыгышып атат деп уктук эле го?
– Ооба десең, бизди кашыңарга албай апаңарды көмүп элге көрүнүп атпадың беле?
– Аны койуп өзүңөрдү билгилечи, — деп төртөө уруша кетишти.
Тахмина аларды көрүп туруп ичинен иренжип алды: «Кантип ушулар менен бир тууганмын деп айтам? Кой, жөн эле кетейин, мени эмес өздөрүн сыйлай албай калыптыр, мээримсиздер десе» — деп ойлоп, алар урушуп атканда чыгып кетти.
Ал үйүнө келбей дароо Жүрсүнгө барды да, аларды үйдөн башка жакка көчүрмөк болду. Ачыгын айтканда Жүрсүн коркуп кетти. Өзүнөн эмес, караңгыда өрттөнүп жаткан балдарды элестетип коркту, Бекмырзага айтпай эле:
– Бул үйдө кайната-кайненемдин изи калган, алардын баскан-турган жерине шек келтирбей башка жакка көчүп кетели, — деди Тахминадан уккандан кийин.
– Мейли, мен жашап жүргөн үй бош турат, ошого көчүп кетели.
Бекмырза ага дароо эле макул болду. Ошол эле күнү көчүп кетишти. Арадан эки күн өтпөй эле Камилжан менен Адылжан түндөп келип үйдүн айланасына бензинди чачып туруп өрт койду да түн катып алыска койгон машинасына отуруп жөнөп кетип баратып:
– Ошол шуркуя өлсө үйдүн ордуна башка үй тургузуп койобуз, балдардын аман калганы калаар, — деди Камилжан.
– Ажалы болбосо өлбөйт, — деп койду Адылжан кайдыгер.
Ошол кезде алар өз бир тууганынан калган балдарды ойлоп да койгон жок, ал турсун кайдыгер эле… Бир-бирине кайдыгер мамиледе болгон бул экөө деле катышчу эмес, кээде гана жолуга калышчу, Шарапат менен Марапат экөөнө келип урушуп кетчү. Кыскасы бир туугандай мамилеси жок эле, эжелери келгенде келиндери чыгып тосуп алып чай бергенге жарабай, күйөөлөрүнө: «Тиги эжелериңди тезирээк кетирчи, эмнеге келишиптир?» — деп чукчуңдап жактырбай турушат.
Ошентип алардан Тахмина түңүлүп калды. Жүрсүнгө таянып, жетим дедирбей карап жаткан келинине каралашып жүрө берди: «Бир уядан өскөн балапандар элек, чачырап эмне болдук? Эки агам аялдарынан чыга албаса, эжелериме эмне болду, ушунчалык да боору таш болобу? Элден уяласың. Атам балдарын окутам деп канча малын сатты, окуп-чокуган балдары өлгөндө топурак салбады» — деп көп ыйлачу болду. Ильяз анын жанынан чыкпай көңүлүн көтөрүп, тапканын алдына койуп, кадырына жетээр күйөө болуп бергенине ыраазы. Улуу баласы Россияда иштеп акча жөнөтүп турат, кичүүсү менен Нурсултан өзүндө, үч баласын кайненеси берген жок, келип-кетип турат.
Акин иниси Бекмырзага эч нерсе дей албай кетти: «Үч баласына карабай алып алыптыр, өзү билсин» деген ойдо болду. Бекмырза алардын эң кичүүсү, ата-энеси өлгөндөн кийин агасынын колунда жүрүп чоңойгон. Үйлөнгөндө аны эч кимиси тоспой койгондо аялы кетип калган. Ошондон кийин Бекмырза өзү шаарга барып иштеп-окуп, мугалимдикти бүтүп алып ошол жерде иштеп калган. Эми Жүрсүнгө үйлөнгөнүнө өзү ыраазы.
Эки күндөн кийин үйдүн өрттөнгөнүн угуп чогуу барып көрүштү, бирок үйдүн эчтекеси калбай күйгөнүн көрүп тообо кылып турушту, дубалдар гана калыптыр. Жүрсүн үндөгөн жок. Ал өзүнүн акылдуулугу менен балдарын жайгарып:
– Кейибегиле балдарым, бул үйдүн ордуна силер жаңы үй саласыңар буйруса, ушундай бир чоң атаңар бар, алар жардам берет, — деп балдарынын башынан сылай ойлуу артка кайрылышты.
Жүрсүн эми үй сатып алмак болду. Эң жакшы үй алалбаса да, орто үй сатып алмакка алтындарды базарга алып чыкты. Бир жумадай соода кылды, алтындар бир баштык эле, бир күнү ага келген Бекмырза көрүп:
– Ой, сенин товарын көп го, — деди таңгала.
– Ооба, бул товарды балдардын чоң энеси калтырган, ушуларды сатып үй алмакмын.
– Ой уу-уй, — деп койду Бекмырза, — деги алар мурда соодагер болсо керек?
– Ошондой, кайнатам соодагерлик менен оокат кылчу экен. Буларды бир кезде кереги тиет деп кайненеме бекиттириптир, акчаны алтынга айлантып ката бериптир.
– Кыйын адам экен, келишкен үйү бар эле.
Бекмырза ойлонуп калды. Жүрсүн калганын бекитип акчасын чогултту да, Ош шаарынын өзүнөн бир бөлмө үй сатып алып кирип алышты. Тахмина алардын өзүнө жакын келгенине сүйүнүп, эртели-кеч балдары менен каттап калды. Баямандар шаарга окуп калды. Бекмырза дагы жумушунан которулуп келди. Бактылуу үйбүлө, бактылуу жубайлар.

***
Акин азыр эч нерседен капарсыз эки кабаттуу үйдө улуу баласы Жанболот менен жашап, бактылуу өмүр сүрүүдө. Жакында экинчи уулу Темирболот үйлөнгөнү турат. Шахзада аларга болгон шартты түзүп берген. Гүкүсү жетинчи класска окуп калган. Жанболот акыркы курста, Темирболот экинчи курста университетте окуп жаткан.
Оморбайдын тойу кафеде өтүп жатты. Тойго Сейде менен Кубатбий да келишти. Асянын табылган энеси бир аз капа болуп: «Чоң эле немеге тиймек эмес, эч кимиси жок деп анын башын айлантып алган да. Кантип эле мөлтүрөгөн жаш кыз аны өзү сүйүп калсын? Кызымды кеч жолуктуруп калбадымбы» деп кейип жатты. Келген коноктордун баары экөөнө каалоо тилектерин айтып жатып ар кандай ойдо болгону жашыруун эмес эле.. .
Эмил менен Шахзада алардын тойуна үй эмерегин тартуу кылышты, келгендердин көбү үйгө керектүүлөрдү белек кылып, кээси акчалай берип атты. Асянын жүзүндө бактылуулуктун жеткен чеги көрүнүп башкача ажарлуу. Оморбайды бекем колтуктап ийнине башын жөлөп, жайдары. Ырдап-бийлеп, кезек менен жеке каалоолор айтылгандан кийин жабыла столго отурушту. Дасторкондо эмне гана жок: тооктун бүкүлү бышырылган эти, казы-карта, чучук, түрдүү жер-жемиштер. Көктөн тилегени жерден табылгандай Асянын кубанычы койнуна батпай толкунданып турду. Келген эл ак батасын берүүдө, аларга карап эң улуусу, кадырлуу коноктордун бири Кубатбий ордунан турду.
– Балдарым, — деди ал жаш жубайларды карап, — ар дайым ак жолуңар ачык болуп, ишиңер илгерилеп, көшөгөңөр көгөрсүн! Улуу Манас атанын арбагы колдоп, өмүрүңөр узун болсун, ынтымактуу жубайлардан болгула, омииийн! — дегенде баары:
– Бактылуу болгула! — деп коштоп калды.
Кафеден чыккандан кийин Оморбай туугандарын үйүнө алып келип, шаан-шөкөт дагы уланып жатты. Эртеси үйдөн нике кыйылды.
– Мына эми силер эрди аялсыңар, бириңердин жүгүңөрдү бириң көтөрүп, бири-бириңерге кайрымдуу болгула! — деди агасы Темирбай.
– Бактылуу болгула айланайындар, ынтымак орносун үйүңөрдө.
– Силерди Кудай колдосун!
– Бири-бириңерге эриш-аркак болуп, көп жашагыла! — дешип коньяктан ичип күүлдөп олтурган Оморбайдын жолдоштору сүрөп атты.
Агасы менен карындаштары да кубанып жакшы сөздөрүн арнап жатты. Алар деги эле Гүлсараны алгандан аны жакшы кабыл алышкан эмес, бул жолу алар Оморбайга ыраазы болуп кубанычтары койнуна батпай алкап отурушту.
Оморбайлар конокторун узатып жатып калышты.
Эртеси таң атпай Эмилдер келип калды. Анткени Асянын апасын коноктоп жөнөтүшмөк.
– Эми кыз-күйөөңүзгө ак батаңызды бериңиз, — деп Эмил кайненесин карады.
– Ак батамды бербегенде эмне кылам, мынчалык болгондон кийин, бирок Ася менен жакшылап сүйлөшүп алсам болот эле?
– Менин сиз менен сүйлөшө турган сөзүм жок. Мурда-кийин же көрбөсөм, таанышканыма үч эле күн болду. Анан менде кандай сөзүңүз болот? — Ася апасын жактыра бербей үңүрөйө карады.
– Өз макулдугуң… — дегенде эле Ася аны сүйлөтпөй:.
– Анда сиздин ишиңиз болбосун! Деги уялбайсыңарбы, бир кезде таштап койуп, чоңойгондо «мен сени төрөгөнмүн» деп кантип келесиңер? Атасы жок төрөп койуп баланын келечеги менен ишиңер болбой жүрө берип, анан качан ойуңарга келгенде «издедим» деп жетип келесиңер! — Ася ыйлап жатты, — Кереги жок, менин бир гана апам болгон. Ал өлдү, эми жок. Ал мени кандай кылып бакканын билесизби?!
– Кой Ася, ачууңду токтот, апаңды капа кылба. Ким болсо да, баласынын келечеги үчүн кабатыр болот, антпегин, — Шахзада аны тыйды.
– Баласынын келечегин ойлогон эне баарына кайыл болот, таштабайт! — деп Ася чыгып кетти.
Азема үндөбөй отуруп калды, ага да катуу тийди..
Аземага баласы экөөнө тең бир сыйра кийит кийгизип, колдоруна он миң сом карматып, койдун жарты этин, кант, конфет кылып толтурушту да, такси чакырып:
– Өздөрү айткан жерге жеткиресиң, — деп жол акысын төлөп жөнөтүп жиберишти.
Ася ыйлаган бойдон калды: «Кантип ошону апа деп айта алам? Апамдын өлгөнүнө жыл айлана элек, андан коркуп жүргөн окшойт, ал өлөөрү менен келе калганын, билбесем да менин апам ким, атам ким деп жүрө бермекмин, кайдан таап келе калды? — деп ойлонуп олтурганда сырттан кирген Шахзада ага эңкейе калып өйдө кылды:
– Эй-ээй, чоң кыз, болду эми капаланба, алар кетишти. Эсиң бар, Ася, эненин жүрөгүн сууткан болбойт. Жок дегенде иниң менен жакшылап сүйлөшүп койсоң болбойт беле?
– Эже, кантип? Жүрөгүмдү мерез кылып таштаган. Мен адегенде угуп эле ошого окшогон эненин кереги жок дегенмин. Апам өз оозу менен айткан да эмес, капысынан уккам. «Мейли келсе келип кетээр, балким жибиирмин» дегем.. .
Ася алардын жанына келген Эмил менен Оморбайды карады. Алар ага акыл-насааттарын айтты, көңүлүн көтөрдү, анан чогуу чайга олтурушту. Бир чыныдан чайды жаңы куйганда Шахзада отурган ордунан шарт туруп барып: «Баел!» — деп шыбырады да, көпкө чейин тикесинен туруп алып оозун кыбыратып жатты. Беркилер эмне болуп кеткенине көзү жетпей делдейе карап туруп калышты. Эч кимиси үндөгөн жок. Бир топтон кийин Шахзада бери бурулду:
– Эмил, биз үйгө кетпесек болбойт, — деди, — кечирип койгула, жумуш бар…
– Макул-макул, таарынбай кеткиле эми. Силердин бизге кылган жакшылыгыңарды эч унутпайбыз, — Оморбай шашып жөнөгөн аларды токтотууга болбосун билип узатып чыкты.
Шахзада үйүнө келгиче бир нерселерди күбүрөп келатты. Эмил эч нерсе деген жок, болгону бир кырсыктын болгонун сезип, сарсанаага батып улам кесилиштерден өткүчө тынчсызданып баратты. Эми жеткенде шашып түшө калган Шахзада кирип барса Сейде чыгып келе жатып аны көрө койуп:
– Кайда жүрөсүңөр, айланайын? Баелди бир кудай сактады! — деп ыйлап жиберди.
– Эмне болду?
– Жыгылып кетиптир, үйдөгү тепкичтерден.
– Жакшыбы анан?
– Жакшы эле, азыр эс алып калды. Башы менен тийиптир, ойноп аткан, — Сейде күнөөлүүдөй айтып ичке баштады.
Эмил экөө кирсе Баел өңү кумсарып жатыптыр.
– Жүрү, врачка көрсөтпөсөк болбойт, — деп Эмил уулун көтөрүп алып жөнөдү.
Анын башынын желкеси кара куш тушу томуйуп кетиптир. Доктурлар дары сүйкөп, укол беришти да, «үч-төрт күн жата турсун» дегенге макул болушуп, Шахзада жанында калды.
Тариелди Сейде багып атты.
Күндөр агын суудай аркырап өтө берди. Эмил шаардын четинен эки кабат, короосу кенен, жер-жемиши жетилген үй сатып алып, кырсыктуу үйдү сатып ийишти. Бирок ал үйдө андан кийин деле адамдар туруктуу жашабай калды. Кирген адамдар кокустукка кабылып, бирок аман калышат экен. Түнкүсүн жүрөк үшүткөн шум чыгып, ызы-чуу, ырдап-бийлегендердин үнүн угушкандар ал үйдөн бат эле кетип калып жатышты.. .
Шахзада бир күнү түш көрдү, түшүндө Мустафа кирип: «Кызым сен эмнеге качып кеттиң, кээ-кээде балдарыңды көрүп турбайт белем? Сен коркпо, кызым, чоң балаңды байкабай жыгып алдым, аны көргөн эмесмин да. Сен көп жашайсың кызым, силерге оомат келип турат, кармансаңар бактылуу болуп өмүр бойу ырыскыңар кемибей жашайсыңар. Баарын акыл менен ойлонуп иш кылсаңар укумдан тукумга балдар жашап өтөт. Мага бир гана адам тоскоолдук кылып жатат, ал сенин таенең, силерге жолотпой жолумду тосуп атат» деп ары жактагы ак кийимчен аялды көрсөтөт, «а бул болсо өзүңдүн апаң, жакшылап карап ал, аларга куран окуп тур!» — деп жүгүрүп жөнөгөндө алардын ортосунда заматта бийик тоо пайда болуп барып, Шахзада ойгонуп кетти. Жүрөгү опкоолжуп, көзүнөн жаш куйулуп атыптыр. Ал чоочуп ойгонгондо Эмил дагы көзүн ачып:
– Эмне болду? — деди.
Ал кийинки күндөрү табышмактуу болуп көп сүйлөбөй өзүнчө боло баштаган аялынан чоочуп калган эле.
– Эч нерсе болгон жок.
Шахзада үндөбөй кайра жатып алды.
– Сен бирдеме эле болуп жүрөсүң да, сырыңды айтпай жүрүп ооруп калып жүрбө?
– Эмил, — деди Шахзада бери карап ага колун арта салып, — апамды көрбөсөм да куран окутуп койолучу, — деди.
– Мейли, ошону дагы ойлонуп кыйналбай эле, ачык айтпайт белең?
– Ойлонгон деле жокмун, түшүмө кирип атыптыр. Эртең апамдарды чакыртып келип бир эчки табалы, ээ?
– Ооба, чогуу эле ата-арбактарга куран окуталы, менин атама да канча жылдан бери эстеп окута элекпиз.
Эмил да ойлуу боло түштү: «Кудайга шүгүр, ойдогудай жашап жатам, жашообуз жакшы. Эмнеге атамдын арбагына куран окутуп койууну ойлободум экен?» деген ой заматта башына келип, өзүн-өзү жектеп турду. Экөө өз ойлору менен алышып таң атырышты. Эртеси таң ата Сейделер келди, чоң серке алып келип сойдуруп, түшкө жетпей Эмил молдо алып келди да куран окутуп эл чакырды.
– Арбак ыраазы, Кудай ыраазы, тилегиңер кабыл болсун, ата-арбакты эстей жүргөн жакшы айланайын, — Кубатбий бата кылып эл кеткенден кийин алдына келген оокатка куран окуп, анан өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту.
– Садага кетейиндерим, ылайым эле ишиңер ийгиликтүү болуп, өмүрүңөр узун, бала-чакаңар менен аман жүрсөңөр экен.
Сейде Шахзаданын чачын сылай бооруна кысты. Ал жанында отурган эле. Ал да өз энесиндей ыктай башын жөлөп отуруп: «Эгер менин апам дагы өлбөсө издеп келмек экен, ал келбес жайда болгону үчүн издемек турсун көзүмө бир сүртүүгө табылбайт да чиркин, тирүү эле болгондо эмне?» деп термеле кайненесинин көкүрөгүнөн башын тарткысы келбей отурганда:
– Ал менин чоң апам да, сенин да апаңбы? — деп Баел ага карап атканда баары күлүп калды.
– Менин дагы апам да, — Шахзада өйдө боло аны өзүнө тарта өөп, — апамды сагындым, уулум, — дегенде Эмил аны карап кайра жер карап калды: «Байкушум десе» деп алды ичинен.
– Баел, сен апаңды кызганып жатасыңбы? — Кубатбий аны эркелете карады.
– Ооба да, чоң апамды мен жакшы көрөм!
– Элинанын да чоң энеси, андан кызганбайсыңбы? — Эмил уулун күлө карады, — чоң апаң Элинаны жакшы көрөм дейт го?
– Калп айтасыңа-ар, чоң апам Элина экөөбүздү тең жакшы көрөт, Элина жакшы да, — Баел Сейденин тизесине жармаша кетти, — чоң апа ээ, сен мени деле жакшы көрөсүң, ээ?
– Каралдым десе, сени жакшы көрбөй анан. Ушу силердин эле алдыңарга кетсем болот эле, жамандыгыңарды көрбөй өтсөм экен, — небересин жыттап койуп, — ылайым эле жүзүңөрдөн күлкү кетпей, ырыстуу болгула.
– Ээ байбиче, баарыбыз Кудайдын колундабыз. Балдарга Кудай ыйман берсин, биз жашаарыбызды жашап койдук, эми бизге балдардан турпак буйруп ызаат-сый менен көмүп койушса арман жок, — Кубатбий Сейдени карап жылмайды, — эми биз да кетели.
– Мейли, кетели.
Сейде козголгондо Шахзада:
– Жамал эже, апамдарга жанагы эттерден, дагы конфеттерден салып бериңиз, Элиналар жешет, — деди эле, ал чоң целлофанга алып келди.
Алар менен Эмил чыгып машина менен жеткирип койуп, кайра кайрылып кетмек болгондо Кубатбий:
– Кир балам, даам ооз тийип чык, — деди.
– Садага кетейин, бүгүн дем алыш эмеспи, кир үйгө.
Сейде да кошумча болду. Ал кирип эми олтура бергенде Элмар келип калды, экөө көпкө сүйлөшүп олтуруп калышты. Элина алардын кызы, аны алып кетиш керек болчу, бүгүн алып келген эле. Ошол убакытта телефон чырылдап калды. Сейде ала койуп:
– Качан? — деди чоочуй, — Жоок, ал азыр барат, чогуу эле барабыз, азыр балам!
– Эмне болду, апа? — Эмил да үрпөңдөй апасына суроолуу карап калды.
– Акин өтүп кеткен тура, азыр эле үйгө чалышыптыр!
– Анда жөнөйүн, — шашып жөнөмөк болгон Эмилди Сейде токтотту:
– Ботом, жалгыз эле кудагыйым болсо Шакыны кантип өзүн кетирип койойун, балам? Шашпа, чогуу барабыз.
Сейде өзү ичке кирип кийинип чыгып жөнөгөндө Кубатбий менен Элмар да турду:
– Биз да чогуу баралы, — дешип чогуу жөнөштү.
Алар келгенде Шахзада ыйлап олтурган. Алчусун алып, дароо эле эки машина менен жөнөштү.
Эмил Оморбайга чалды. Ал Эмилдин досторуна чалды. Ошентип баарына кабар кетти. Кечке жуук жетип келишкенде Жанболот менен Темирболот үйдүн эшигинде өкүрүп турушкан экен, Шахзада ботодой боздоп эки аялдын коштоосу менен үйгө кирди:
– Апа, апакебай, эмне болуп кетти?! — деп сөөктү баса жыгылды, — Апаке, балдарыңды таштап кеттиңби? Али жаш кызыңды кимге ишенип таштадың? — деп бакырып атканда аны аялдар ары тартып алды:
– Кайрат кыл кагылайын, өмүрү кыска турбайбы байкуштун, жакшынакай эле жүргөн, бечара.
– Ошону айтсаң, эки күн мурда эле көргөн элем, оорубай этпей эле эмне болгонун эч ким сезбей калды. Капырай, ажал келсе арга жок тура!
– Эсиңди жыйып, эки иниңе, сиңдиңе баш-көз бол, садага, — деп Шахзаданы эс алдырышып, эми Акиндин бетин ачып атканда Гүкү келип аны кучактап чаңырып калды.
– Апам, апаман айрылдым, эже-е!
– Гүкү, садагам ай, мынчалык эмнеге таш боор болду тагдыр бизге!.
Экөө кучакташып ыйлап жатты. Акиндин өлгөнүн угуп Бекмырза менен Жүрсүн, алар менен кошо Тахмина да бирге келди. Ызаат-сыйын кылып, келген конокторду эки кабат үйгө жайгаштырып, Эмил жүгүрүп жүрдү. Сөөктү койор күнү шаардан жыйырмадай машина келип, коңшу-колоңу кирип-чыгып жардамдашып, баягы кичинекей кыздын ушунча кадыр-барктуу болуп жетилгенине ичинен кубанган эжекеси да жүрдү. Үчүнчү күнү Акинди элүү жети жашта деп жерге койушту. Эки уулу катар туруп ата салтын улап: «Апамдын карызы барбы?» — деп сурашты: «Карызы болсо биз төлөйбүз, аласасы болсо кечтик, апамдын тиги дүйнөсүн берсин» дешти.
Ошол күнү Тураттын жанында дагы бир дөмпөйгөн дөбө пайда болду. Шахзада анын баардык ырым-жырымын жасап, өткөнүн көз алдына келтирип, түрмөгө жолукканы баргандагы өзүн жек көрө караган энеси көз алдына тартылып, Эмилдин жанында шаарды көздөй телмирип келатты…

<<7 of 7>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019