Айгүл ШАРШЕН

Жаза

Жаза
<<2 of 7>>

– Аа-а, Гүлсара суратып жаткан го? — Шахзада күйөөсүн жылмая карап койду.
– Аны билбейм, өзү билет да. Бизде иштеп жаткандан кийин бериш керек го?
– Мейли, өзүң бил, — Шахзада Эмилдин көңүлү калбасын дегендей күлө жооп берди, — берсе берип кой, ага ишенсе болот.
– Мен да ошондой деп ойлоп жүрөм.
Ошону менен сөздөрү бүтүп өз иштери менен алектенип кетти.
Сейде алар кеткенден кийин небересин жетелеп алып паркты көздөй жөнөдү. Ал бүгүн шашып баратат, Кубатбий күтүп жатканын сезип баратты: «эми мен дагы өз жолум менен кетсем болоор, канча жылды ансыз дагы жалгыздык менен өткөрдүм, Эмилим каршы болбойт. Кубатбий жаман адам эмес, өмүрүмдүн аз калган мүнөттөрүн ойдогудай өткөрүүгө акым бар, уулума арка жөлөк болот» деп улам небересин өөп койуп кетип жатты. Ырас эле Кубатбий кайра-кайра саатын карап күтүп турганын алыстан байкап өзүнчө бактылуу жылмайып алды: «Байкуш, буга да кыйын картайганда уул-келиндин көзүн карап калганы, бири-бирине эриш аркак болуп өмүр өтөө өзүнчө бакыт тура Менин жалгыздыгым көңүлүм тынып, санаам ордуна келгенде гана билинип отурбайбы» деп көтөрүп жүргөн Баелин түшүрүп жетелеп, аны көздөй жай басып баратканда Кубатбий шашыла жетип тосуп алды.
– Оой жигит, чоңойдуңбу, чоң энең экөөң көпкө күттүрдүңөр го? — деп кубанычтуу күлүп колун сунду.
– Жакшы, өзүңөр кандай, денсоолугуңар?
Сейде аялдык назы менен жылмая жооп берди.
– Баары жакшы Сейде, бу, жашың өткөндө күтүүгө чыдамы жетпей калат окшобойбу адамдын, эртерээк келип алып силер келчү тарапты карай берип көз талыды.
– Анчалык неге чыдамыңыз кетти?
– Кайдан билем, жаш кезде анча билбептирмин, далай жолу кыздарды күткөнүм эстен кетпейт, ойлосом андагы күтүү менен азыркы күтүүнүн айырмасы өтө чоң экен.. . .
– Оо, ал кез менен азыркыны салыштырууга болбос, — Сейде билинээр-билинбес муңая түшүп улутунуп алды.
– Сейде, убакытты созгондо эмне, мына эки жылдан бери кыз-жигиттей эле жолугушуп келе жатабыз, көп сөздөр сүйлөндү, таттуу кептер айтылды, мен сени, сен мени түшүнүп эле калгандай болдук, мен балдарыма айтсам макул болушту.
– Эмне кыл дейсиз? — Сейде анын эмнени айтаарын билип турса да сынай сурады.
– Сенин колуңду сурап баралы, аттуу баштуу адамдар менен үйүңө түшөйүн.. .
– Балдар эмне дешээр экен?
– Эмне демек эле, сен али картая элексиң, балдарын экөөлөп багып беребиз, болгону маңдайымда эле чай ичишип эрмектешип отурсаң картайгандагы батып бараткан күнгө окшогон арсар мүнөттөрдүн эсеси толуп, түнүм күнгө айланаар беле. Сен буга каршы эместирсиң, Сейде?
– Аныңыз ырас деңизчи, мен деле жыйырма беш жашымда эрден калып жалгыз уулумду чоңойтом деп өзүмдү ойлобой кайран өмүр өтпөдүбү. Бирок тартынат экенсиң, балдардын биздин өкүнүч-арманыбыз менен кандай иши бар? «Баары бар, жетишип турса апама эмне жетпейт?» деп ойлошоор бекен.. . — Сейде бир чекитти тиктей тунжурап ойго батып калды, — балдардын көңүлүн ирээнжитип албасам болду.
– Кой, Сейде, балдар деле түшүнөт. Асти, мээримиңди төгүп чоңойттуң, колуңдан келишинче тарбия бердиң, үйлөнтүп-жайланттың, менимче нааразы болушпайт болушу керек?
– Билбейм, — Сейде колунан түшөм деп тырышып жаткан Баелди жерге түшүрүп карап калды, — уулумдун бетине чиркөө кылып албасам деген ой да, келиним эмне дээр экен?
– Эч кам санаба, кеп-сөз билген адамдардан алып барам. Улуу балам кошо бармак болду, сен эчтеке билмексен болуп кал, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, — Кубатбий аны менен бойлошо калып колунан кармап калганда Сейденин жүрөгү тартып алгандай «дүр» этип, эт-жүрөгү болк этип кетти:
– Кантесиз, көргөндөр башкача ойлоп калышпасын, биз эми жаш эмеспиз го акыры.. .
– Сейде, чынын айтсам «кылыгың кытай шайы эле» дегендей эле бар экен. Аттиң, жок дегенде он жыл мурун же жигит кезде жолуксаң эмне? — деп ого бетер колдорун кармап көзүнө тике карады, — жаш кезиңде мөлтүрөп бышкан карагаттын мөмөсүндөй эле көзгө көрүнүп далай жигиттин ышкысын козгогондурсуң, ээ? — деп Кубатбий култуңдай күлүп койду.
– Кой эми, кайдагыны сүйлөбөй тынч болуңуз. Жаш кезде нелер гана болбойт, бирок атам мени эч нерсеге түшүнө электе эле күйөөгө берип койуп ошол бойдон кала бердим го? — улутунуп ийди, — биздин убакта «сүйдүм» дегендерди угуп таң калаар элем, көрсө андай сезим менин ойума да келбеген экен да, — күлүп калды.
– Сүйүү дастан, сүйүү жомок, сүйүү ыр, бүтпөс роман. Мен аялымды ала электе бир кызды күйүп-жанып сүйдүм, ишенсең анын жанында болуу мен үчүн чоң бакыт, жылына бир келчү майрамдай шаңдуу болор эле. Бөлүнүү абдан оор боло турган, үйгө келгенден кийин көз алдыман анын жоодураган көздөрү кетпей, уйкум качып, түндү азап менен өткөрчүмүн. Сүйүү — бакыт, жетпей калсаң арман, азап!
– Укмуштуудай сүйлөйт экенсиз. Мен андай керемет дүйнөгө кабылып көрбөдүм, сүйүү мен үчүн баламдын амандыгы, өзүмдүн денсоолугум болуп эртең мененки күндүн көзүн көрүп, тиричилигим өтүп жатса бакыт да, сүйүү да ушул деп өмүр кечирип келдим.
– Эчтеке эмес, эмки сүйүүнүн жалыны күчтүү, күйүп кеткен өрт сымал болот! Биз да сүйүп жашоого акылуубуз, Сейде. Эмесе мен эртең түштөн кийин барып калам.
Кубатбий анын колун кыса кармап, «сөзүбүз бүттү» дегендей Баелдин бир колунан жетелеп экөө катарлаша тротуарга түшүп кетип жатышты. Сансыз ойлор жүрөгүн эзген Сейде бир эсе ушуга макул болгонсуп, бир эсе уулуна эч нерсени билгизбей Кубатбийди тыйып койгусу келип, ойу онго, санаасы санга бөлүнүп жанында бараткан адамдын сүйлөгөн сөздөрү кулагына кирбей мелтиреп кете берди. Баел экөөнүн колун кармап ортолорунда улам секирип койуп, бирдемелерди кужулдай өзүнчө убара. Качан гана үйдүн жанына келип калганын көргөн Сейде чоочуп кетти:
– Биз келип калган турбайбызбы уулум, атанын колун койо бер, ээ? — эңкейе небересин көтөрүп ала койду.
– Анда жакшы эс алгыла, мен барайын, — Кубатбий алар менен коштошо жолуна түштү.

Гүлсара Оморбайдан суратып алган акчага кийим тигүүчү цех ачмак болуп жүгүрүп жүрдү. Ага тигүүчүлөрдү алган менен өзү эч нерсе билбегендиктен баарына айлык акы чегерип иштете баштады. Бирок жумушчулар бири келип, бири кетип, сапатсыз тигилген кийимдер өтпөй, абдан убара тартып, иши артка кетип баратты. Өз ойунда: «Мен Шахзададан кем бекенмин, ал иштеткенди мен деле билем, ишим жүрүшүп кетсе сенин босогоңо Оморбайды жолотпосмун! Шашпа, сенден өтүп кетпесем» деген ойдо жүрдү. Бирок «какаганга муштаган» дегендей иши жылбай, күндө жаңы бычмачы менен тикмечилер келип атып, акыры иши токтоп дагы калды. Товар алар акчасынын жарымы кайда кеткени белгисиз болуп, эмне кылар айласын таппай калды. Күндө үйдө уруш-талаш болуп, тынчтык кетти.
Оморбай кээде келбей да калчу, анткени ал мейманкананын келип-кетүүчүлөрүн өзү тейлеп, баарын өзү көзөмөлгө алчу. Ишеним арткан адамдарга ак иштеп, эмгек акысын адал алуусун көздөп, түн уйкудан кечүүгө туура келет. Көзү бурулса будамайлап койчу адамдар четтен чыга турганын өз көзү менен көрүп калып, ошондон кийин өзү текшерип турат. Анткени ал мейманканага эс алуучулар жана чет элден келгендер менен кошо көңүл ачууну каалап кыздарды алып келчүлөр пайда болду. Эмил «андайларга орун бербегиле» дегенге карабай, администратор аял эки саат, үч саатка келген кардарларды акчасына азгырылып өзү киргизип койуп эки-үч жолу кармалып жумуштан кеткенден баштап, Оморбай өзү ар бир кардарды текшерип турат. Бул мейманкана элитный, анан ыплас адамдарды кабыл албай таза болушу үчүн көп кам көрүшө турган.
– Сен баш отуң менен Эмил менен Шахзaдага кул болуп бердиң го! Мага жардам берип колдоо көрсөтсөң, мен деле жаман кылбайт элем го? — деди бир күнү кеч келген Оморбайды жекире Гүлсара.
– Кул эмесмин, жеген нанымды актап жешим керек. Эмне, алардан зыян тарттыңбы? Талаада калдык эле, үстүбүзгө үй болду, кудайга шүгүр. Сен иштеткенге акчаны кайдан алат элең? Тууган экен, кыйбай берип отурат. Деги эмне деген жансың? Бирөөгө ич күйдүлүк кылбай тынч жашаар күнүң болобу? — Оморбай ачуусу келе сүйлөнүп кирди: — Ач көз, ичи тар адамдын иши жүрүшөт деп качан уктуң эле, пейилиңди оңдосоң боло?
– Көзүңө желмогуздай эле көрүнүп калганмын го, ээ? Андай болсо каалаган жагыңа бара бер! — Гүлсара адатынча алкынып койо берди. — Мейманканадагы иштеген бирөөнү таап алгансың го, үйдөн качып калыпсың.
– «Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?» деген сөздүн чындыгы бар, сенин мындай аял болооруңду билсем жаныңа жоломок эмесмин. Сенин айыңдан апама, бир туугандарыма каттабай да калдым.
Оморбай ички үйүнө кирип жатып алды эле, Гүлсара артынан кирип сүйлөй берди:
– Жакшы катын таап алганыңды кой дедимби, азыр дагы кеч эмес, үйдөн чыгып кете бер!
– Балдарды гана кыялбай келатам, жаныңа бир мүнөт турбайт элем, — Оморбай да анын жинине тийип кычаштанып жатып алып сүйлөп жатты. — Төрөп гана койбогонуң болбосо, сенден алда качан тажаганмын!
– Тажасаң кете бербейсиңби?! «Балдар» деп койот, сага баланын эмне кереги бар, энеси жаман балдары жакшы бекен? — Гүлсара чаңырып кыйкырып келип Оморбайды чапчып жиберди, — сен бир шуркуяны таап алып мени басынтып жатасыңбы ыя, азыр чыгып кет, ке-ет деп атам, ке-ет!
Оморбай бурула берип жаакка бир чаап жиберди.
– Өлтүрдү-ү, бул мени өлтүрдү-ү!
– Ушундан көрө өлсөң болмок намысыңдан, уялбай акча суратасың, аны жөндөп иштете албай элге асыласың, акылы жок аялсың, — Оморбай тура калып дагы эки-үч жолу чаап ийгенде эки чоңураак баласы кирип келди.
– Ата-а, урушпагылачы, коркуп жатабыз, — кичүүсү ыйламсырай экөөнү жал-жал карады.
– Урушпайм балам, силерден улам ушул ажаан аялга байланып отурбаймынбы, жүрү бөлмөңөргө баргыла.
Оморбай балдарын жетелей бөлмөсүнө жеткирип жаткырды да, үстүн жылуулап жаап жанына отуруп ойлонуп жатты.
Гүлсара үндөбөй ыйлап жатты.
Канчалык тырышса да иши оңунан чыкпай Гүлсаранын айласы куруп жатты. Оморбай баякыдан кийин балдарына күндүзү келип, таттуу-паттуу алып келип берет да кетип калат. Ага жини келген Гүлсара баягы Кайсарбай менен ойноп күлгөнүн эстеп, бир күнү түндөсү текшермекке кирди. Ал келгенде Оморбай өз бөлмөсүндө уктап жаткан эле. Каалганы акырын ачып босогодон кирээрде администратор аял аны токтотту, ал үргүлөп отурган экен.
– Силер кимге?
– Эже, мен Оморбайдын аялы болом, шашылыш жумуш чыгып калып келдим эле, бир мүнөттө жолугуп эле кетем.
– Аа-а, кир анда, кирип бат чык, — ал аял Гүлсараны бир сыйра көз жүгүртүп карап кала берди.
Ал акырын басып өзүнө тааныш директордун бөлмөсүнүн эшигине барып көпкө тыңшап туруп калды. Эч кандай дабыш билинбеген соң каалганы акырын түрттү эле бош жабылыптыр, ачылып кетти. Оморбай өзү жалгыз эч нерседен капарсыз уктап жатат, кайра жаап койуп артына бурула бергенде мурда иштеп жүргөн тааныш аял коридор жууп жүрүптүр. Тез-тез басып чыгып баратканда:
– Ай келин, түндөп эмне кылып жүрөсүң, сенин Кайсарбайың эбак кеткен, азыр башка жигит иштейт, бул жерге бейчеки адамдар кирүүгө болбойт! — деп аны урушуп кирди. Анткени анын текебердүү экенине жини келип жаман көрчү.
– Тим эле мекке-мадинада кызмат кылып жаткандай болбой үнүңдү басчы, көп болсо пол жууйсуңбу, көрүнгөндүн чиригин жууганыңа мактанып жатасыңбы? — Гүлсара аны менен жаакташа кетти.
– Пол жуусам да, бок жуусам да адал эмгегим менен нан жеп жатам, сенчилеп бирөөнүн аягын издеп келип арам тамак жеп көргөн эмесмин. Эл уктап жатат, милиция чакыра электе чыгып кет!
– Кет дебесең да кетем, жатып алгыдай талаалап жүргөн неме эмесмин!
– Кайсарбай экөөң жакшы эле шимирдиңер, сендей сойкуну ким түбөлүк алып жүрмөк эле? Шимшилеп эркек издеп келгенсиң да, жети түндө биерге суутканы келбесең, — жууп жаткан полун токтото администратор аялга келип ага айтканда ал:
– Ой, ал директордун аялы болом дебедиби? — деди таң калып.
– Эрден айланабы, бул ушундай колунан келчү адамдарды өзү издеп таап, амал менен арбаган аял, мурунку директор экөө ойнош болчу! — деп экөө акыйлашып атканда Оморбай ойгонуп кетип Гүлсаранын үнүн тааный босогого эми жетип каалганы түртүп ачаарда, — эми жаш директордун аялымын деп аны арбаганы калган тура, бул аял жолдо жүргөн эле шуркуя! — деп Тоня өчү бардай аңкылдап жатты.
– Оозуңду жаап кал, Кайсарбай сени карабай койсо ошого чычалап, мага кас душманыңдай асылып жатасың да.
Экөө аз жерден жулмалаша кете жаздап, Гүлжамила ортого түшкөндө кызаңдаган Гүлсара чыгып кетти.
Босогодо селдейе туруп калган Оморбай: «Эмне дейт?! Бул биерге келип жүрдү бекен? Эн-неңди урайын жалап, үч-төрт ай дайынсыз эмне жоголуп кетти десе, ойноп-күлүп жүргөн тура», — деп кайра ордуна жатып алды.
Гүлсара үйүнө ызаланып ыйлап келди: «Кайдан дагы бара койдум эле? Тиги шүмшүктүн үстүнөн бирөөнү кармайм деп ойлободумбу, болбосо барбайт элем, эми эртең Оморбайга айтса эмне дейм? Ансыз да арабыз алыстап баратат, ал азыр балдар үчүн гана жүрөт», — деп уктабай таң атырды. Канчалык жеңил ой, ичи тар, арамдыкты гана эңсеп, көрө албастыгы күч болсо да, үйбүлө очогун ойлобой койбос. Гүлсара азыр гана эсине келди: «Ырас эле ал бирөө менен кетип калса эмне кылам? Ишим жүрүп, бизнести күчөтүп алсам го ага көз каранды болбойт элем», — деп күдүк ой күлүк аттай ала качып, санаадан жапа чегип жата берди. Таңга маал көзү илингенин байкабай дагы калды. Эшик калдыр дегенинен көзүн ачса эшикке жарык кирип терезеден күндүн жаңы чачырап келе жаткан нурлары үйгө жарык берип калыптыр. «Оморбай эмне мынча эрте келди? Түндөгү сөздөрдүн баарын уккан окшойт, эми эмне дейм, өлтүрүп койбосо болду», — деп ойлоп ыргып туруп кийине салып жүгүрүп чыкса апасы үйгө кирип келатыптыр.
– Кандай кызым, балдар чоңойуп жатабы? — деп кызына учураша кетти. — Капырай, эрте туруп жүрсөң боло, эрте туруп шыбагаңдан куру калбай тиленсең болбойбу?
– Кире электе эле урушпай жөн келсеңиз болбойбу, түнү менен уктабай чыгып, кеч уктагам, — Гүлсара апасына таарына мурчуңдай кетти сөзүн жактыра бербей, — эрте турганда эмне, малыбыз болбосо каралбай калды дегендей.
– Мал болбосо үмүт, тилек деген бар. Жашсыңар, балдарыңар турат, эрте туруп күндүн көзү көрүнгөнчө бети-колду жууп калыш керек кызым. Бала кезиңден кишинин айтканын жаман көрөсүң, — Канчайым наалый үйгө кирди. — Күн жарыктык чыгып келе жатып: «Бетин жууп тосуп алышса экен, бет жуубаган пендени көрбөйүн», — деп жер жүзүнө нурун чачат имиш.
– Ким сүйлөшүптүр күн менен, же тилин билген бирөөнү көрдүңүзбү? — Гүлсара апасына жылмая карап койду, — болбогонду айта беришет да.
– Ээ, мейли балам, эми жаш дагы эмессиң. Дагы жакшы, күйөөң мыкты жигит садага болойун, башка болгондо алда качан басып кетмек. Сенин чатак кыял жоругуңа чыдап жашап жүрөт, эми токтотсоң боло.
Эне-бала бир топко келише албай кер-мур айтышып жатып анан унчукпай калышты. Канчайым алып келген сүзмө, майын, жарты койдун этин сыртка койгон, Гүлсара аларды киргизди. Балдарын отургузуп үй ичин жыйнап, анан чай тамагын белендеп, жаңы эле дасторконго отурганда Оморбай келип калды.
– Оо, келиң апа, атамдар жакшы жатабы, өзүңүз күүлүү-күчтүү, денсоолукта жүрөсүзбү?
Кирип эле ал кайненесин көрүп ачуусу тарап отура кетти. Канчайым күйөө баласынын колунан өөп:
– Жакшы айланайын, өзүң иштеп жатасыңбы? Биз силерден көөнүбүз тынбай эле.. . — деп кызын карап койду, — атаң салам айтты.
– Саламат болсун, — Оморбай башын жерге сала отуруп калды.
– Эмил атанын баласы дегендей жакшы уул болду, бечара. Апасынын ырысы бар экен, сени ишке алып жакшы болуптур, эжем байкуш аларга айтып түшүндүргөн да, келини дагы билимдүү чыкты.
– Ошону эле мактайсыңар, кана мага шарт түзүп бергилечи, мен кандай иштейт экенмин! Акча болсо сокур да кылат ошонун ишин, — Гүлсара боркулдай кетти.
– Эки миң доллар алып, эки жумада жок кылдың, эми «төлөй албайм» дебей мен айлыгымдан берип кутулам, антпесе дагы уят болобуз, — Оморбай Гүлсарага акырын айтты, — иштеткениң ошобу?
– Таап беребиз да, айлыгыңды бербей алып кел, эми жакшы маталарга сүйлөшүп жатам. Бир жолу эле ишим жүрүп кетсе, улап кетет элем.
– Ай, кызым, колуңдан келээр иш кылсаң боло, карыздын иши жаман. Андан көрө окууну деги бүттүң эле, дипломуң бар, иш издебейсиңби, — Канчайым кызына нааразы боло карады, — өзүм билем дей бергениң болбойт да?
– Баарыңар эле менин ишиме тоскоол болосуңар да: эмне, менин башым иштебейт дейсиңби, Шахзаданын башы экөө бекен? Мен деле ошондой бай жашагым келет!
– Кой, Гүлсара, ар кимдин тагдыр жолу ар кандай, бирөө бай, бири орто, бири кедей жашайт, көрө албастык өзүңө жоо, андан көрө «аке дебейсиңби, алдап жебейсиңби» дегендей катышып, пикирлешип, мамиле түзүп иштешсең боло? — Канчайым кызынын чолок акылдыгынан уялгандай жер карады, — сен ичи тар болуп кайдан жаралгансың деги? Атаң абдан ак көңүл, агаларың, сиңдилериң деле пейили кенен, сен такыр башкача болуп кеттиң, андан көрө балдарың чоңойуп келатат, ушулардын келечегине кам көргүлө.
– Ишенсеңиз ушунун айынан көп жерден уят болом апа, бирдеме десең беттен алат, күндө сабашып турсак балдар жаман болот, түшүндүрөйүн десең кепти укпайт, — Оморбай кайненесине арыздана кетти, — Түндө эмнеге бардың? — кайра Гүлсараны карап суроо узатты, жүрөгү болк дей түшкөн ал күйөөсүн тике карай берди, унчукпа дегендей оозун кымтый караганда байкагандай болуп сөзүн улантып Оморбай, — мен иште жүрсөм түндө барып аердеги аялдар менен урушуп келди.. .
– Ботом, барсаң күндүзү барбайсыңбы, түндө эмне бар? — Канчайым кызын ачуулана карады.
– Эмнеге барбайм? Эрим үй-жайым, бала-чакам бар дебей кулдан бетер күнү-түнү келбесе, — Гүлсара күйөөсүнүн сөзүн укпай, айтканына жини келе атырылып кирди, — Бул кара кулдан дагы жаман!
– Эй, күндөп-түндөп келбесем айлыгымды коротпой алып келип атам, мына кул болуп жүрүп үйгө жеттик. Уурдап кеткен жыйырма миңди кайда жок кылдың? Же үйгө, же балдарга пайдасы тийген жок. Дагы атамдар бар экен абийирим жабылып калды. Жакшы адамдар түшүнүктүү үчүн иштетип, атайын жардам берип атат. Ушундай кыялыңдын азабынан үйсүз талаада калбадык беле?!
Оморбай аялын сүйлөтпөй ачуусу менен дагы көп сөздү айтып баратканда Канчайым:
– Айланайын, бириң тентек болсоң, бириң жөнтөк болгула, балдарды аяп тынч оокатыңарды кылгыла, — Гүлсараны карады, — сен эми кыял-жоругуңду оңдо балам, балдарыңар чоңойгондо акыйлашпай тарбия бере турган болсоң боло?
– Чоңойбосо койсун! Мени силер экөөлөп урушсаңар да, урсаңар да тоотуп койбойм, эми мен каалаган жакка кетем! — булкуна ордунан туруп кийине баштады.
Оморбай үндөбөдү, Канчайым анын жанына барды:
– Кайда барасың ыя? «Кыз боозуп энесин коркутат» дегендей айыбыңды мойнуна алып унчукпай калбай, кайра булкулдайсың. Бар бара бер, мен атаңа айтып барам, балдардын катарынан чийип койобуз!
– Өлгөн кыздын бири деп койгула!
Гүлсара көктүгү сала кийинип эми сыртка чыга берээрде Оморбай аны кармап калды:
– Мындан ары балдарым деп ойлобо, сенин жайы менен эмне кылып жүргөнүңдү, Эмилдер келгенде качып кеткениңди баарын билем, болбосо азыр мен кетем, сен мени издебей турган бол! — деди эле, ал ажылдап ыйлап кирди:
– Кайдагы көрө албастардын айтканына ишенсең каалаганыңды кыл, баары калп!
– Кайсарбайдан беш миң алганың да калппы? Аны мага Эмил менен Шахзада айткан жок, сени билип, көрүп жүргөндөр өзүңө айтты го! Өз абийириңди ачтырып аерге эмнеге бардың?
– Ка-алп! — Гүлсара бетин басып отура калды.
– Калпты артынан ушактап айтат, ал сенин бетиңе айтып атты го! Деги эмне деген аялсың сен, үйбүлөнү, бала-чаканы ойлобойсуңбу?
– Кой айланайын Омош, бир-бириңерге кечиримдүү болгула, мына алды бешке окуп калды, келечегин ойлоп кам көргүлө, экөөң эки жакка кетсеңер балдарга жаман болуп калат, — эне экөөнүн ортосуна данакер болууга далбас уруп атты. — «Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас» деген. Бир-бириңди көтөрүп, кечирип жашабасаңар, жашоо жүгөнү жок аттай, бурууга чамаңар жетпей калат. Кийин өкүнбөй турган болуп эмитен ойлонгула, терең ойлонгула балдарым.
– Мен кечирдим апа, бирок Гүлсара ажылдаганын койсун, ар убак «кулсуң, кул болуп жүрөсүң» дейт. Анан эмне кылышым керек, айтыңызчы? Алар мага жакшы төлөп берет, «эки миң доллар алып бер» деди эле, алардан сурасам унчукпай берди, анын дайыны жок, эми аны мен төлөйм да, чынбы?
– Анча акчаны эмне кылып жүрөсүң? — Канчайым кызына эңкейе сурады.
Гүлсара бетин басып алып уңулдап унчукпай отура берди. Оморбай үнсүз төргө өтүп кетти, ансыз да ачууланып келгенде кайненесинин келип калганына өкүнүп турду. Кызыл-ала кылып сабап коймок беле, бир аз өзүнө келип жини тарай түштү: «Өткөн нерсе үчүн балдарымды атасыз калтырбайын. Ырас энеси келип калган тура, кызынын кыял-жоругун билсин, тыйып койсун, мен эми унчукпайм» деп ойлонуп атты.
Канчайым кызын сыртка ээрчитип чыгып көпкө сүйлөштү. Гүлсара унчуккан жок, өз катачылыгын сезгендей үңкүйүп отуруп калды. Аркы-беркини айтып отуруп анан үйгө киришти. Эч кимиси унчукпады, балдарынын гана ойноп атканы угулбаса үйдө жымжырттык ээлеп турду. Ушу сапар Гүлсара жеңилгендей, баарына баш ийгендей, жадагалса өткөн катачылыгына өкүнгөндөй тымпыят, бирок анын ойунда дале бирөөнү күнөөлүү сезип, жашоолоруна кимдир бирөөнүн кедергиси тийип жаткандай өч алгысы келип кекенип отурган эле. Аны Оморбай менен Канчайым кайдан билсин, тек сөз угуп унчукпай калганына ыраазы болуп калышты.

***
Күн дыбырап жаап турду, күзгү жалбырактар сампарлап кайкып учуп жерге түшүп, күз айынын кечи адамга бир башкача желп эткен жел менен кошо алыстан даамдуу тамактын жыты келет. Кубатбий досу, улуу баласы Элдар менен кызы Жаннаны ээрчитип келип калды. Бул чоочун адамдарды көргөндө Эмил таңгала: «адашып келген бирөөлөрбү, чыгып жооп берип койойун», — деп чыгып учурашып калды:
– Ас-салоому алейкум, жигит, бул Эмилдин үйүбү? — Кубатбий озуна учурашып сурап ийди.
– Алейкум салам, ооба ушул, — Эмил алардын ар бирин көз токтото бир сыйра байым сала карап алды, тааныш эмес, — сиздер кайдан?
– Жигит, биз келген конокпуз, алды менен үйүңө кирели, анан келген жайыбызды айталы, — деди досу, улгайган агала чач Шакир.
– Аа-а, кечиресиздер менден кетсе, кириңиздер! — Эмил эшигин чоң ачып колун ичке карай жаңсады, — айып этпеңиздер, бейтааныш адамдар жаңылышып келген го деп ойлоп эле.. .
Аларды үйгө баштап кирип залга өткөрдү.
Сейде небересинин бөлмөсүндө ага тамак берип уктатканы кирген эле, кобурашкан үндөрдү угуп, Кубатбийдин дабышын таанып жүрөгү лакылдай эки бети кызара туруп калды: «Алда-а кудай ай, уулум эмне дейт эми, менин аны менен тааныш экенимди билсе уят эле болдум го?» деп ичинен сарсанаа тартып отурганда Жамал конокторго чай койгону ары-бери кирип чыгып жатканын көрүп:
– Жамал эже, алар кимдер экен? — деди үнү калтырай.
– Билбейм, өздөрүнчө сүйлөшүп жатышат го?
– Ии-ий, — Сейде унчукпай калды.
Бир чыныдан чай ичкен соң Шакир тамагын жаңсай үн катты.
– Уулум, биздин келген жайыбызды уккуң келип, чоочун адамдарга таңданып отургандырсың. Силер баякы мейманкананын ачылышын өткөргөндө досум Кубатбий экөөбүз да бар элек, ошондо сенин апаңды көрүп калып жуучу түшүп келдик, — Шакир жанында отургандарды бирден тааныштырып кирди, — Бул Кубатбий Садырович, профессор, менин бала кезден берки досум, тигил дагы досу болот, Кадыр Жакшылыкович, илимдин доктору, бул жигит Кубатбийдин уулу Элдар, а мунусу болсо кызы, мен Шакирдин Акматович, эмесе таанышып алдык го дейм? Баса кызымдын аты Жанна.
– Жакшы-жакшы, абалар, «ырыстууга конок, ырысы жокко доочу келет» дегендей, келгениңиздер го жакшы, апам кандай ойдо калаар экен? — Эмил сырткы бөлмөнү жал-жал карай тайсалдай калды, — апам туура көрбөйт го?
– Эмил балам, алдыңа тоодой-таштай кадырлуу адамдар келип отурабыз, мүмкүн болсо апаңды чакырсаң сүйлөшөлү, — Шакир жылмая карады.
– Жо-ок болбойт го, сиздер бекер убара болупсуздар.. . .
– Антпе уулум, эненин ак сүтүнөн меккеге жөө көтөрүп барсаң да кутула албайсың. Ырас, багуусу жакшы экен, көрүнүп турат, бирок уулбу же кызбы, күйөөдөн жаш калган энеге качандыр бир кезде уруксат берүү жолу бар, үч жолу «күйөөгө тий» деп айтчу парзы бар.
– Ал карыздан аскерден келгенимде эле кутулгам, өзү болбой койгон, ал убакта мындан жаш болчу, эми болбойт го? — Эмил жылмайган болуп жер карады.
Кирип чыгып жүргөн Жамал буларды угуп Сейдеге кирди:
– Сейде, сага жуучу келген тура, жакшы адамдар экен, сен өзүң кабардар эмес белең?
– Жо-ок, кайдан кабардар болмок элем эже, уулум эмне дейт кокуй, көрбөй билбей эле.. . — Сейде кызарып кеткенин байкаткысы келбей ары бурулуп кетти, — алам десе тийип кете берген маңыроо кез өтүп, буурул чач болгондо кайдан чыга калышты деги?
– Боло берет, балким Эмил менен Шахзаданын кадыр-баркы ашып, күндөн күнгө иши илгерилеп жатканын угуп калган немелердир. Негизи, пенделер колунда барына карайт эмеспи.
– Та-аң!
Сейде мелтиреп отуруп калганда Шахзада кирип:
– Апа, үйгө коноктор келди, үстүңүзгө кийим кийип алып кирип отуруңуз, — деп ыйбаа кыла айтканда Сейде:
– Койчу балам, мага алардын үстүнө эмне бар.. . — деп мойун толгогондо, Шахзада аны мойундан кучактап жылмая эркелеп минтти:
– Ошо кантип болсун апа, кадыр-барктуу адамдар экен, биздин супсулуу апабыз бар экенин көрсүн!
– Кагылайыным, жөн эле жаш баладай кыялың бар да, менсиз эле жөнөтө берсеңер.
Сейде болбой койсо Шахзада дагы аны ой бойуна койбой үстүнө жаңы эле өзү алып берген кымбат баалуу халатты кийгизип колтуктай басып чыгып баратты, майда калтырак басып уурусу кармалып калчудай астананы аттап кирип барганда баары ордунан тура калышты.
Сейде аларга бир сыйра салмактуу көз жиберип:
– Келиңиздер! — деп өзү уулунун катарындагы стулга отурду.
– Саламатсызбы!
Шакир баш болуп ага баары баш ийкей учурашышты. Шакир менен Кадыр өтө жаш болбосо да сымбатына келишкен сулуу аялды көргөндө досу Кубатбийге ичтеринен ыраазы болуп турушту.
Шакир Кубатбий менен Сейденин мурдатан тааныш экенин атайын айтпай сөздү алыстан баштаганынын себеби да бар эле. Шахзада мейманкананы жаңы ачканда өзүнүн бир мектепте бирге окуган курбусу Изатты да чакырып, ошондо ачылуу аземин Сейде сүйлөп ачкан. Чынында эле Шакир бар болчу, Кубатбий барган эмес, өздөрүнчө Сейденин баласын угуп, ошону айтууга кеңешип келишкен болчу.
– Эмесе сиздер сүйлөшүп отура туруңуздар, мен ишимди кыла берейин, — Эмил акырын ордунан туруп чыга жөнөдү.
– Эми сиз менен таанышып алсак, менин атым Шакир, — Шакир дагы бир сыйра тааныштырып өтүп бүткөндөн кийин, — сиздин атыңыз? — деп Сейдеге карады.
– Менин атым Сейде, — Сейде дале муунун майда калтырак басканы тарабай ыңгайсыздана үн катты.
– Жакшы-ы/ Кукем өзү аялды тандаган жагынан өтө жолдуу, досумдун аялы беш жыл мурун оорудан каза болгон, эгер сизге туура келсе үйлөнөм дейт, буга не дейсиз?
– Эми-ии, балдар минтип чоңойгондо күйөөгө тийем деш мага уят, сиздер капа болбоңуздар!
– Ошо кантип болсун, Сейдежан, тагдыр экен, мына отурбайбы? — Кубатбий шашкалактап ийди, — уул-келиниң түшүнүктүү экен, менимче алар каршы болушпайт болуш керек?
– Аяш, сиз али жаш турбайсызбы, уулуңузду чоңойтуп ата ордуна ата болуп үч милдетинен тең кутулупсуз, эми алар сизди туура түшүнөөр? — Шакир да сөзгө кошулду, — Биз эмки жумада дагы келебиз, ошого чейин кеңешип-ойлонуп, жооп бергидей болуңуз.
– Туура, сиз дагы ойлонуңуз, уул-келиниңиз да ойлонсун, биз сизге түшүнүп турабыз. Кыргыз ушундай бир калкпыз, балдардан тартынып жүрүп бүт өмүрдү өткөрүп ийип анан өкүнүп кете беребиз.
– Ма-акул, ойлонуп көрөйүн, уул-келиним мени күйөөгө тий демек беле, өзүмдүн тагдырымды өзүм чечем, — Сейде кайраттана сүйлөдү, — сиздер дагы менин абалыма караңыздар.
– Болуптур, сөз түшүнгөн адамдын жообу ушундай болот, жакшы адам жакшы кабыл алат, эмесе жакшы туруңуз, биз кайталы.
Баары ордунан турганда Эмил кирди:
– Жөнөдүңүздөрбү?
– Ооба, жигит, биз ыраазыбыз, аман болгула айланайындар, — Кубатбий Эмилдин колун кыса коштошту.
Аларды узатып келген Эмил Сейдени жылмая карады:
– Ээ, апа, жакшы адамдар экен, эгер туура көрсөңүз сизди дал ушул адамга бара бериңиз дээр элем.
– Арам десе, сенин айтаарың ушул, эми чачым агала болгондо мага ким койуптур күйөөнү, — Сейде уулуна таарынгандай сүйлөдү эле, Шахзада келип бир жагынан кирди:
– Апама ушундай кишилер келип атканда биз акыл кошо албайбыз, сиздин да пешенеңизге жазганын көрөсүз, эгер макул болсоңуз каршы эмеспиз.
– Окшошкон садагаларым ай!
Сейденин жүрөгү сыздай экөөнү эки жагына кучактай көзүнөн мөлт этип тамчы жаш ыргып кетти. Бул өзөгүн өрттөгөн өкүнүчтүн, баары жай жайына келип көңүлү тынып, жанына жай бербеген жалгыздыгы эми бүтүп, ичкүптүсүнүн аткарылаарына кубанган сүйүнүчтүн көз жашы эле. Эне-бала бир-бирин тымызын түшүндү. Уулуна ыраазы болуп, өз ойунда бир келген жарыкчылыктын үзүм бактысынан Сейде куру калгысы келбей, тагдырдын бурулушуна даяр болуп турду. Эмил менен Шахзада өздөрүнчө кеңешип анын абалын купуя түшүнүп, өзү кандай чечсе да макул болууга ниеттенди, бирок келин болсо дагы аял катары кайненесине өзүнчө түшүндүрмөк болду ойунда. Эмил жумуштары менен кеткенде Сейденин бөлмөсүнө кирип жанына отурду.
– Апа, көп ойлонбоңуз, келин-уулум мени көп көрүп калдыбы деп жаман ойдо калбаңыз, аял катары сизди түшүнөм, эч кабатыр болбоңуз. Жалгыз Эмилге балдары канат-бутак болоор жакшы болсо. Жакшы эле адамдар экен, көңүлүңүзгө туура келсе тартынбаңыз, али жаш бойдонсуз. Жалгыз уулум деп жүрүп ансыз да көп өмүрүңүздү текке кетирдиңиз, бул да болсо тагдырдын жазмышы.. . .
Шахзада эмне дээр экен деп Сейдени карап калды, ал тунжурап көпкө отурду, анан келинине карап:
– Кызым, акыл кошконуңа ыраазымын садага, силердин айтканыңар бир эсе туура окшойт, мен силердин айтканыңардан чыкпайм, туура кабыл алсаңар эле болду, — деди ойлуу.
– Туура кыласыз апке, сизди колдойм! — Шахзада Сейдени бекем кучактап өөп-өөп жиберди, — Бул да болсо сиздин бактыңызга келген бир мүмкүнчүлүк.
– Көрөйүн эмне болсо да, — ордунан туруп Баелдин үнүн угуп анын бөлмөсүн көздөй басты. Шахзада менен Эмил тымызын гана өздөрүнчө камынып жатты. Кыз берчүдөй болуп Шахзада кайненесине бир сыйра жаңы кийим, шакек-сөйкөнүн баалуусун, чынжырча сатып алып, кечинде аны Сейдеге берди:
– Апке, барган жериңизге бакыбат көрүнүп турсаңыз кандай жакшы, жакында тиш доктурга сүйлөшүп тиш салдырып беребиз, анан ого бетер чырайыңызга чыгып каласыз, — деди күлүп.
– Койчу балам, мени тим эле кыз берчүдөй жасантканы жатасыңар да?
Сейде да күлүп калды. Деген менен адамдын көркү чүпүрөк менен кооз жасалга эмеспи, аларды тагынып-кийинип көрсө элүүгө кирип калган аял эмес маңдайында кырктардагыдай келин турду. Эмил аны тартынат деп ашыкча сөз сүйлөбөдү. Алар айылга жөнөмөк болуп эртеси таң заарда үйдөн чыгып кетти.
Акиндин санаасы тынып балдары чоңойуп быйыл окууга бармак болуп турганына көңүлү көтөрүлүп кудайга тообо кыла баштаган. Үйүн эки кабат кылып бүтүрүп, ичин мебелдер менен толтуруп айыл-апасынан бата алыш үчүн Шахзада келмек, аны күтүп атты. Үйдүн тегерегин болсо кыш менен тостуруп, дарбазаны койдурду. Эмил менен Шахзада түш оой келип калышты. Эки-үч күн жүрүп үйдүн бүткөнүнө эл чакырып бата алып, анан шаарга кетти экөө. Шахзада «эх» деп алды, кыз болсо дагы атанын атын чыгарып колунан келишинче эки иниси үчүн бардыгын жасап бүтүп, парзынан кутулгандай эс ала түштү. Ички сезими ага дагы бир милдет тагып турду, ал Жандаттын арбагына багыштап куран окутуп койуу эле. Эмилге кеңешмек болду: «ошол адам болбосо мен бул абалга жетет белем ким билет, ага жолукканы азап көргөн жокмун. Ал да өзүнүн өлөөрүн билбей, баарын мага табыштап кеткен. Кыздарына бир жолу барып койбодум, арбакты унутпайын» деп ойлоп баратып:
– Эмил, менин сени менен кеңешээр кебим бар, — деди ийине башын жөлөй ойлуу.
– Айта бер берекем, сенин кеңешиңе даярмын, — Эмил аны бир колун рулду койо берип башын сылап койду, — Тентек кыздай улутунбай ойуңду ачык айтып жүрчү ээ?
– Менин айтаарым, менин ушул даражага жетишиме себепчи болгон адамга бир куран окутуп койсок кандай болот?
– Эң туура жаркыным, арбагы ыраазы болсун.
– Ишенгеним өзүңсүң Эмике, колумдан келишинче баарын жасадым. Ишибиз жүрүп турганда ошол адамга багыштап куран окутуп койсок дагы бир чоң милдеттен кутулуп калат элем. Өз үйүмдөн куулуп чыгып ал адамга жолукканы азап тартпадым, алар мени өз баласындай кабыл алып, андан да башкысы олчойгон байлыкты менин энчиме таштап кетти, милдеттүүмүн ал кишинин алдында.
– Акылдуум десе, мен бул ойуңа кошулам, — деп экөө жол ката сүйлөшүп келишти.
Ошол кезде мейманканасын чоңойтууну ойлоп жанына дагы үч кабат имарат тургуза башташкан эле. Дүкөндөрү менен мейманканадан түшкөн каражатты кайра өзүнө жумшап улам кеңейтип, соода тармактарын көбөйтүп жатышты. Сейдени бир айдын ичинде Кубатбийге узатышты, ал келин-уулуна ыраазы болуп жүрөгү толкундана өкүнүчтүн орду толуп, бир кезде жалгыз түн терметип жаздык кучактаган кези артта калып, өзү курдуу теңтуш болбосо да аралыгы он үч жаш улуураак Кубатбий менен калган өмүрүн бирге өткөрүүгө бел байлады. Кубатбийдин уул-келин, кыз-күйөөлөрү абдан жакшы кабыл алышып, өз энесиндей көрө албаса да улуу адамдай сый мамиле кылып, нике күнүндө кызмат кылып атышты. Улуу уулу Элдар университетте мугалим, Жаннат мектепте мугалим, иши кылып баары кызматтагы түшүнүктүү адамдар.

***
Кемелбай түрмөдөн келип эле Марипанын үйүнө барса, ал үйүн, Кемелбайдын машинасын сатып ийип кайдадыр кетип калыптыр. Аргасыз өз үйүнө келди, кыздары сүйүнүп кучак жая тосуп алышты. Бирок Кемелбай кыздарынын алдында өзүн күнөөлүү сезип сүйлөй албай жүрдү, үңкүйүп кирип-чыгып жумуш жасап жүрө берет. Баягыдай эл арасына барып мактанып сүйлөмөк турсун элден четтеп калды. «Мен айрыкча кесир иш жасадым, кудай жазалады, эми тынч өмүрүмдү өткөрөйүн» деп ойлоп калган.
Умсунай тигүүчүлүк кесипти окуп чыгып, мастер болуп иштеп маянасы жакшы. Уулжандын окуусуна шарт түзүп, кийим-кечесинин баарын даярдап көзүнүн карегиндей карап, анын жаман жолго түшүп кетүүсүнөн сактанып, дайыма түнкүсүн жанында. Умсунайдын артынан бир жигит сая түшүп, сүйөм, күйөм деп жанын койбой жүрүп үйлөнүп алды. Ата-энеси аны жакшы кабыл албады. Алдына түшүп келип каадасын жасашты да, Баатырбек менен Умсунайды бөлүп жиберди.
Экөө ынтымактуу жашап, Умсунайдын бойунда бар кезде алардын үйүнө Баатырдын жолдош баласы келип калды. Ал бир кезде Умсунайга эки-үч жолу клиент болгон неме болуп чыкты. Келгенден эле андан көзүн албай улам карап, Баатырбекке байкатпай көзүн кысып да койуп атты:
– Дос, сен бу сулууну кайдан тапкансың? — деп Кыязбек кытмырлана жылмайып сурап калды.
– Жер үстүндө чанда чүрөк жашайт эмеспи, ошонун бирин торго түшүрдүм, дос, — Баатырбек эч нерсе ойунда жок эле тамашалап күлүп калды.
– Бу чүрөк демекчи, сулуулар көптүн көзүндө болоорун билесиңби? — ал сынай карап жыландын башын кылтыйтты.
– Ал туура дечи, сулуу ошон үчүн сулуу да, аларга жеткен-жетпегени да суусап жүрүп өтөт го чиркин.
– Деги кыз алдыңбы муну, же жылтыраганына кызыгып, жамалына мас болуп билбей калдыңбы?
Кыязбек досуна тигиле карап жооп күтүп калганда, Баатырбектин кабагы бүркөлө калды:
– Кызбы, кыз эмеспи, сүйгөн адамым үчүн мага анын кызыгы жок, мен Умсунайды сүйөм!
– Аа-а, ошондой де дос, мурда кандай жүргөнү сен үчүн мааниге ээ эмес тура?
– Сен эмне дегени турасың, Кыяз? — Баатырбек ага тиртеңдей кетти, — теңтушум деп унчукпай койсо эмне деп башты оорутуп жатасың?
– Менби, мен аялыңдын мурда сойку экенин айтканы турам! — деп Кыязбек да ага тиреле айтып, экөө уруша баштаганда Умсунай жумушунан келип, үйдө күйөөсү менен бирөөнүн урушуп жатканын угуп босогодо туруп калды.
– Керек болсо мен дагы эки-үч жолу сатып алгам!
– Сенби?! — Баатырбек аны бет талаштыра уруп ийгенде, ал аны тээп калды.
Кыязбек мурду канаганына карабай:
– Катыныңдын сойкулугун ачык айтып боорум ооруп жакшылык кылып атса, сенин кылаарың ушулбу?
– Боор оорубай эле табалап жатасың, энеңди, азыр сыйың менен чыгып кет! — дегенде жанатан бери тыңшап делдейип, эмне кылаарын билбей турган Умсунай ашканага кире качты.
Кыязбек менен эри экөө жакалашып сыртка чыгып, Баатырбек тигини жакасынан дегдеңдете сүйрөп канжалаган бойдон короосунан чыгарып кайра кирип кеткенде, коркуп турган Умсунай акырын сыртка чыгып, жаңы келгендей кирип барды. Баатырбек аны бир жалт карап алып чылымын соруп көпкө унчукпады. Умсунай кийимин алмаштырып, көнүмүш оокат-тиричилигин жасамак болуп, ашканага чыкмак болгондо:
– Токто! — деди Баатырбек өктөм, — Сен мурда эмне жумуш кылчу элең?
– Баатыр, мен сага мурда айткамын, менин ким экенимди билбей туруп мага үйлөнөм дебе деп.. . . — Умсунай ушул азыр баарына кайыл боло ага тике карап жооп берди, — айтууга мүмкүнчүлүк бербедиң.. . .
– Неге сен убакыт таап айтпадың?
– Өзүң сурабадың, айта албадым.
– Бети жок акмак! — Баатырбек жетип келип аны жаакка чаап жиберди, — «сойку болчумун» деп ачык айтпайт белең?
– Айтканда эмне кылмаксың?
– Албайт болчумун, сойкуга үйлөнгөнүмдү билип теңтуштарымдын баары мага келбей жүргөн тура!
– Азыр да кеч эмес, — Умсунай кетмек болуп кийимин көтөрүп жөнөгөндө Баатырбек аны колунан кармап төргө ыргытты да, тепкилеп кирди:
– Сени эми ушул үйдөн өлтүрүп чыгарбасам тирүү чыгарбайм! — деп жини таркаганча сабап анан чыгып кетти.
Умсунай бети-башы жарылып, бүткөн бойу жанчылып, ыйлап, көпкө жатты да, ордунан араң туруп, кийимин көтөрүп үйдөн чыгып кетти. Ал такси менен келгенде атасы менен Уулжан уктап жаткан. Эшик ачылганда Кемелбай туруп келип кызынын түрүн көрүп чочуп кетти.
– Кызым, сага эмне болду, мынчалык кордогон ким?
Колундагы сумкаларын ала койуп, сүйөп үйгө алып кирди.
– Ата, сиз жата бериңиз, мен Уулкандын жанына жатам.
Умсунай өйдө карабай ички бөлмөгө кирип жатып алды. Кемелбай кызынын түрүнө жүрөгү сыздап түнү бойу уктай албай чыкты: «Сени шашпа, ушунча дагы урабы, катын урганды сага көрсөтөм, доктурга жаткырып туруп каматып койбосомбу» деп ойлонуп атты. Эртеси Умсунайдын бети-башы көгөрүп, бүткөн бойу кыймылга келбей, эти от менен жалын болуп онтоп жатты. Кемелбай врач алып келип көрсөтүп ооруканага алып кетмек болгондо Умсунай болбой койду, ал тургай күйөөсүнүн урганын да жашырып айтпай койду.
– Кызым, эмнеге жашырасың, андай немени сотко берип койуш керек болчу, — деди врач кеткенден кийин Кемелбай.
– Эмне кереги бар ата, күнөө анда эмес, өзүмдө!
Умсунай тетири карап бурк этти. Атасына жини келип айтты. Ал ошол убакта үйдөн кетпей баш-көз болуп турганда мындай болбойт эле деп жек көрүп турган.
– Күнөө менде деп токмогун жеп, үндөбөй койсоң кырыңа чыгып алып өмүр бойу сени кордоп жүрүп өтөт да?
Кемелбай кызына түшүнө бербей сурап атты. Умсунай андан кийин үн деген жок, тажагандан чыгып кетти атасы. Экинчи күнү Умсунайдын бойунан түшүп төрөт үйүндө жатканда Кемелбай кудасынын үйүнө барды. Сыртта жүргөн Нурманбет аны утурлай тосуп алды:
– Оо, кел куда, кел үйгө кир!
– Жо-ок, мен эшиктен эле кетейин, — Кемелбай ошол жерден эле кетмек болуп ага карай, — куда бу кандай, Баатыр Умсунайды өлгөндөн берээк кылып сабап койуптур, эки күндөн бери үйдө эле, бүгүн бойунан түшүп калды, төрөт үйүндө жатат, — деди.
– Эмне дейт, аны биз уккан жокпуз да, кудай ургур, аялды да ошондой урабы, мен кемпирге айтайын, барып көрүп келели, — деп Нурманбет айтканда Кемелбай аны тике карап:
– Эми кеч болуп калды, баласы түшпөсө бир жөн эле, ушу бойдон ажыратып эле койолу. Баатырбек Умсунайга ыраазы болсо болот, урганын жашырып койду, ушуну гана айтайын дегем, — деп шарт бурула жөнөп кетти.
Нурманбет аны токтотууга жетишпей калды.
Умсунай бир ай дарыланып, бетиндеги жараттан так калып, бир бутунан аксап, зорго айыгып чыкты. Ал ортодо Баатырбек бир нече жолу кечирим сурап келип да жүрдү, бирок ага Умсунай болбоду. Келгенде сүйлөшпөй, жанына жолотпой, көңүлү калганын айтса да болбой, Баатырбек ичип да кетти.
Апасы Зирегүл:
– Бир неме үчүн алкаш болуп жолдо каласыңбы, андан көрө өзүбүз каалаган кызга үйлөн, — деди эле, Баатырбек апасын ачуулана карады:
– Мен башкага үйлөнбөйм, Умсунай макул болбосо ичкеним ичкен. Мендей балаңарды өлгөн деп эсептеп койгула! — деп каалгасын карс жаап чыгып кеткенде, атасы Зирегүлдү урушуп кирди:
– Баланы өз жайына койсоң боло, андан көрө бир койду сойуп, келинге, атасына бир сыйра кийит алып экөөбүз алдына түшөлү.
– Эмне-е?! Ошол сойкудан кечирим сурап барамбы? Келесоо балаң кечирим сурай берсин, мен барбайм!
– Бас жаагыңды, сенин ушундайыңдан келиндерибиздин бири басып келбей калды, калжыңдабай камын!
Нурманбет өктөм сүйлөп буйрук кылганда Зирегүл үн дебей калды, ал күйөөсүнүн сырын билчү, эгер дагы бирдеме дегенде өз энчисин алмак, ошондуктан тилин тартып отуруп ойлонуп кирди: «Кой, мен аны жек көргүдөй душманым беле? Ырас эле келиндерим келбей калышты, элге кеп болбой кыял-жоругумду тыяйын. Келин жумшап төргө отуруп сый көрөөрдө жаман көрүнгөнүм болбос» деген ойдо отуруп, анан сандыгын ачып кийим-кечесин дайындады. Нурманбет Баатырбекти ээрчитип келип кой сойуп бышырып, боорсок бышыртып, кант-чайын алып эртеси кудасынын үйүнө жөнөдү.
Алар келгенде Умсунай жалгыз болчу. Нурманбет келинин көрүп ичинен уялып, кирерге жер таппай жер карады: «Ушунчалык да мыкаачы болобу балаң кургур, андай экен албай эле койбойбу? Жарым жан кылып койуп, таштаганы болбойт, экинчи кол көтөрсөң алып кетебиз, болбосо калат, деп уулумдун убадасын алайын» деген ойдо аны үйдүн артына ээрчитип барды:
– Эй бала, сен жырткыч турбайсыңбы ыя, кандай татынакай келин эле, ай чырай жүзүнө так салыпсың, жарым жан кылыпсың, эми тийбейм деп убада бер, болбосо кечирим сурап койуп таштап кетели.
– Ата, экинчи тийбейм, күнөөмдү мойнума алам, таштабай эле алып кетели, мен ансыз жашай албайм! — Баатырбек атасына жалдырап ийди, — экинчи урмак турсун сүйлөбөйм!
– Өз балаңды да жок кылдың, сенин күнөөң анын алдында тоодой экен, эгер дагы бир жолу урушканыңды билсем келинди өзүм алып келип койомун үйүнө.
– Жок ата, тийбейм!
Экөө көпкө сүйлөшүп, анан келгенде Кемелбай келип калган. Ал башын өйдө көтөрбөй да, сүйлөбөй да отуруп алды. Аркы-беркини айтып отуруп акыры тилге киргизди.
– Мына өзүңөр көрүп отурасыңар, ушундай дагы мыкаачылык болобу, чырактай кызымдын жүзүнө так салып, буту да минтип калды, кудайга шүгүр аман калды.
– Айыбыбызды мойнубузга алдык куда, Баатырбек эми кол көтөрмөк турсун сүйлөбөйт, өзүм карап турам, — Нурманбет уулу үчүн кечирим сурап атты. Зирегүл үндөгөн жок, ал дагы баласынын кылыгына өзүнчө уялып отурган.
– Өзү билсин, мен айталбайм, — Кемелбай үңкүйө жер карады. Умсунай кайнатасына тике карабай туруп күйөөсүнө:
– Күнөөлүү сен, улуу кишилерди ээрчитип келгениң кандай? Башында сага айткам, «мен күйөөгө тийбейм» деп, эми атамдарды убара кылып келгениң да уят го, «Жашабайм, бүттү» дебедим беле? — деди акырын.
– Умсунай, айланайын балам, анын иттигин кечир, мен өзүм кабар алып турам, бир жолу апаң экөөбүздү сыйлап кой, андан кийин кайталаса сени өзүм жеткирип койом.
– Ооба кагылайын, ошент, бизди сыйла, — Зирегүл дагы күйөөсүн коштой кетти, — Өзүмдүн колума баргыла, жанымда болсоңор баш-көз болуп турабыз.
Антип-минтип атып Умсунайды эптеп көндүрүп, алып кетишти. Үйгө жүр дегенге Баатырбек жумушун шылтоолоп болбой, өздөрү жашаган жерге кетишти. Андан кийин дагы далай жолу урду, сабады, бирок Умсунай эч кимге айтпай жүрө берди. Ичип келгенде уруп алып, эртеси чөгөлөп кечирим сурап арадан эки жыл өттү. Бир кыздуу болушту. Нурманбет аларды ой-бойуна койбой өз үйүнө көчүрүп барды.
– Апаңа жардам бербесеңер болбойт, биз болсо карыдык, эң кичүүсүңөр, силер баккыла бизди.
– Ата, ошону мурда кандай ойлогон жоксуңар, эгер силер бөлүп ийбесеңер Умсунайды анчалык уруп-сабай албайт элем, — Баатырбек ата-энесине таарыныч кыла сүйлөдү, — Чынында силер келиниңерди адегенде жактырган эмессиңер туурабы?
– Апаңдын кылганы да, эми мына маңдайыбызда болгула, неберебизди сүйүп отуралы. Агаларың болсо үйбүлөсү жоктой келсе өздөрү эле келет, же балдарын жөнөтпөйт, — Нурманбет наалый сүйлөп атты, — баарына апаң күнөөлүү, келиндерге асылып туруп алат.
– Ооба, баарына эле күнөөлөй бер, аялдарына алы жетпеген балдарыңды айтпайсыңбы? — эшиктен кирип келаткан Зирегүл күйөөсүн жактыра бербей жаман көзү менен карап койду.
Умсунай кайната, кайненесин сыйлап тыпылдап кызматын кылат, кызы Аянаны Зирегүл жонуна көтөрүп алып кечке айылчылайт. Оңуп эле калды, казан-аяктан алыстап. Келин-уулунун урушу да калды, бири-бирине сый мамиле кылып ата-энесинен тартынып турушат. Жыл айланбай уулдуу болуп, сүйүнүчтөрү ашып-ташып, бактылуу жубайлар жашоосуна ыраазы. Жамийла дагы эки балалуу болуп калган. Жеңишбек экөө келип балдарын көрүп кетишти. Кемелбай жумушка кирип колундагы кызы экөө жашап калды. Уулжан мектепти бүтөөрү менен Умсунай өзү окуган тигүүчүлүккө киргизип койду. Мамыр-жумур болуп куда-сөөктөр менен катышып өткөн күндөрүн унутуп, Кемелбай жай жашоого өттү.
Жездесинин кутулуп келгенин угуп, Оморбай учурашып келди бир күнү. Ал аны күнөөлөгөн жок, тагдырдын жазганы деп ага кадимкисиндей эле учурашып, абалын билип, сурап отурду:
– Жезде, кыздар турганда катышпай кайда барабыз, эжем ыраматылыктын арбагы үчүн жээндериме катышам.
– Ошент Омош, чыны күнөө менден кетип калды, ар кимдин ушагына уугуп өзүмдү кармай албай эмне болуп кеткенин да баамдабай калдым. Көрсө, тагдырдын сынагына туруштук бералбай жеңилип берген турбайбызбы?
– Жашоодо боло берет тура, эми кыздарга бел болуңуз, алардын арка жөлөк болоору сиз гана, — Оморбай кайра эле жөнөп кетти.
Кемелбайдын жаш аялы Айдай жаркылдаган мүнөзүнөн жазбай үйгө келгендерди жакшы тосуп алып узатат. Кемелбай жаш аялына үйрүлүп түшүп, айткандарын аткарып турат. Арадан эки ай өткөндө аялынын бойуна болуп, Кемелбай кубанып жүрдү:
– Айдай, мага бир эле уул төрөп берчи, — деп жатканда эркелетип атып ичтеги ойун айтты Кемелбай.
– Кудайдын бергени да, колубуздан келсе каалагандай жасап албайт белек.
– Ошентсе да, — ойлонуп калды Кемелбай: — «Уулум жок!» деп жүрүп үйбүлөмдү кандай азапка салдым?! Мейли уулбу, мейли кызбы аман-эсен төрөсөң болду. Аялсыз эки жылдай азап тарттым, эми Алланын буйруганын көрөйүн, — деп топук кылууга аргасыз болуп жатып калды.
Жамийла менен Жеңишбек бир кыз, бир уулун багып, ынтымактуу жашап калды. Атасы ак батасын берген, апасы көпкө чейин жаман көрүп жүрүп акыры неберелерин көрүп анан жибип үйүнө чакырып алды. Эки жаш ошентип тоскоолдуктарды жеңип чыкты. Куттубек кудасы Кемелбайды чакырып коноктоп, астына ат мингизип, үстүнө тон жаап узатканда Жамийла ыраазы болду.
Жеңишбектин бир тууган эжеси Тахмина эң улуусу, күйөөсү экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошуп, беш балалуу болуп, улуу баласы Ноорузду үйлөнтүп, астына түшкөндөн кийин Эсенбек оорубай туруп эле кете берди, Тахмина боздоп ыйлап калды. Жаңы келген келинди кайын журту жаман көрүп:
– Кара жолтой жарыбагыр, жолу жаман экен, ушундайда кетиргиле, — деп улуу абысыны Тахминага шыбырады, аны каражаак Карачач деп койушчу. Тахмина үндөгөн жок.
– Келгенине бир ай болбой акемди жутту, мындай неме жакшылык кылбайт, — кичүү абысыны Турсункан ага кошулду.
– Койгула капырай, ал эле өлүп калсын деп ойломок беле, кудаанын берген жашынан пендең өтө албайт, ченелүү жашты кудай берген да, — деди отурган аялдардын ичинен кары кемпир.
– Эми эмне кылайын, «башыма баш кошулду» деп турганда Эсенбек өлүп кайгылуу болуп турам. Келин дагы бирөөнүн баласы, аны андай, мындай дегенде кантип болсун, өздөрү менен өздөрү боло берсин, — Тахмина үшкүрүнө аларды карады, — силер да кабыргаңар кайышып күйгөнүңөрдөн айтып атасыңар. «Ачуу — душман, акыл — дос» дейт эмеспи, ачуубузду акыл менен жеңели.
– Туура, өзүң теңиз аялсың Тахмина, уул-келиниңдин көңүлүн калтырба, өлгөндүн өзүнүн шору деп койот, буйруктан бу дагы.
– Ооба айланайын, калган өмүр-жашты балдарына берсин, минтип ыйлап турган балдары калды артында, — деп ар кимиси ар кайсыны айтып отурду.
Жеңишбек менен Жамийла ошол жерде болчу, келген кеткенине каралашып жүргөн. Самоор көтөрүп келаткан Жамийла байкоостон бир нерсеге чалынып жыгылып баратканда аны бирөө кармап калды. Чочуп кетип карай салса, аны жылмайып карап койду тиги, селт эте самоорду көтөргөн бойдон үйгө кирип баратканда:
– Абайласаң боло чоң кыз, самоордун суусуна күйүп калсаң эмне болот? — деп калды артынан.
Жамийла чаржайыт ойлорго чөгүп чай куйуп отурду: «Кайдан көрдүм эле, кокус баягыда мени менен болгон бирөө болуп жүрбөсүн. Анда өлдүм, Жеңишке айтып койсо.. . » деп сарсанаага батып отурганда ал бейтааныш жигит кирип келди да, четке көчүк басты. Эч нерсе билбеген болуп чай сунду Жамийла. Ал чыныдагы чайды ууртап жатып көзүнүн төбөсү менен өзүн карап жатканын байкап ордунан туруп сыртка чыгып кетти: «Бул ким, кудай ай, ынтымагыбыз ыдырабаса экен» деп ыйлагысы келип эчтекени эстей албай жатты. Бир кезде жүрөгү болк этип алды: «Тааныдым, бул түрмөдө жүргөнүмдө сөз айтып калчу неме тура, конвойлордон кат берип ал-абалымды билип турчу эмес беле?». Ого бетер жүрөгү лакылдап чыкты. Жеңишбекти издеп көзүнө иле албады. Бир кезде ары жактан жээни менен келатканын көрө койду, бир аз кызуу экен.
– Жеңиш, сен ичип алдыңбы, жүрү кетеличи, балдар эмне болду? — деп алдынан тоскондо, ал:
– Бүгүнчө койо тур, эртең эрте чыгабыз, — деди мойун толгой Жеңишбек.
– Мен кыйналып кеттим, — деди Жамийла Нооруз басып кеткенде, — бойумда да болсо, түшүнсөң боло?
– Чыдай тур эми алтыным, эртең кетебиз, — Жеңишбек Жамийланы кучактап өөп тынчтандырды.
Экөө бери карай басканда алиги неме аларды карап турган экен. Жамийла аны көрүп ого бетер корко берди, бирок ошол бойдон ал көрүнгөн жок.
Тахмина күйөөсүнүн ызаат-сыйын салтка ылайык жасап, бир жылдан кийин ашын берди.
Ильяз Эсенбектин кыйыр туугандарынын баласы болчу. Тахминанын үйүнөн чыкпай, сырткы жумуштарын жасап жүрө берчү болду. Жеңесине анча-мынча тийишип калат. Ильяздын атасы жок, апасы карыган кемпир. Бир туугандары бар, эң кичүүсү. Үйлөнтөлү десе такыр болбой эле Тахминаны айланчыктап кетпейт.
– Ой келин, Ильязды имербе, ал сенден канча жаш кичүү. Ойлонсоң боло, ал үйлөнө элек бала, — деп бир күнү ачуулана келиптир апасы Мээржан.
– Жеңе, мен аны имерип эмне кылам, кудай сактасын, ал экөөбүз сый эле мамиледебиз. Өзү келсе кет дегенден уяласың да, — Тахмина ага жооп берип үйүндө отурган Ильязды чакырды, — Ильяз, мен сага канча айтам, артыбызда ушак жүрбөсүн деп, бар үйүңө, мени жаманатты кылбай.
– Апа, жеңемде күнөө жок, мени кыйнабагыла, агасы өлсө инисине алып берген салтыңар бар го, андан көрө уруксат бергиле, үйлөнөм! — Ильяз апасына ушинткенде Мээржан асман-айдан кетип ажылдап кирди:
– Куу тумшугум десе, тул калган аялга үйлөнөм деп сени кайсы кара теке сүздү?. Сыйың менен үйгө жүрү, сага мен өзүм катын алып берем!
Ильяз:
– Мен эч жакка барбайм, — дегенде анын сөзүн угуп Тахмина да урушуп кетти:
– Сага тийе турган ким бар? Кудайга жакчу сөздү айтсаң боло, уул-келиним эмне дейт?
– Эчтеке дебейт, мен сизди башынан эле жакшы көрөм, өлсөм да ажырабайм! — Ильяз тамды айлана басып кетти.
– Кокуй кү-үн, каран гү-үн, муну биротоло башын айлантып койгон тура, элден уялсаңар боло!
Мээржан өзүнчө сүйлөнүп баласынын артынан жөнөдү, бирок ал көрүнбөй койду. Ошол бойдон ал кетпеди, жайы-кышы Тахминаны кайтарып оозгу бөлмөгө жатып алат, кышында малын карап, жайында огородун тазалап жүрө берди. Келин-уулуна баданын малын алып берип, Мээржан өзү айылда эки баласы менен калып калды. Балдарынын көзүнчө оозгу бөлмөгө жатымыш болуп, түн бир оокумда экөө биригип алып жүрүп, арадан дагы бир жыл өтүп кетти. Экөө эл көзүнчө башка адамдар. Ильяз кээ-кээде ичип койуп жүрүп көнүп кетти. Тахмина ага канча айтса да болбой жүрө берди. Үй салып иштеп келет да, тамак-ашын алып келип ошерде. Акыры элдин көзү көрөгөч дегендей айыл ичи экөөнү ушактап жатып калды. Ильяз ошол күнү аябай мас болуп короонун четине жатып калганын Нооруз көрүп апасына кайрылды:
– Апа, тигини киргизип койбойт белеңиз, жаан жаап келатат, өлүп калбасын, — деди кирээри менен.
– Аны киргизип эмне кыласың балам, соолукса үшүйт, анан өзү эле кетет, — Тахмина уулунан тартынып зорго айтты муну, — андан көрө үйүнө жеткирип салсаң боло?
– Апа, мени кечир, бирок Ильяз жакшы киши. Сиз ойлонуп көрбөйсүзбү, сизге деле караан болот. Биз Россияга кетсек булар менен каласыз, жайы-кышы жардам берип турат эле? — деди Нооруз жер карай.
– Койчу балам, өз жанын багалбаган неме бизди жыргатмак беле? — Тахмина уккусу келбей үйгө кирип кетти.
Нооруз унчукпай сыртка чыгып Ильязды жөлөп кирди.
– Тоңуп калыптыр, бул эмне оорукчан болуп калган го, өз үйүнө барып апасын укпайбы? — Нооруз күңкүлдөй апасын карады, — Деги сизди билип калдыбы?
– Анан эмей, баары айкын болду, эми муну кууп ийбесек болбойт, сен бирдеме десең боло.
Ары караган бойдон үн катты Тахмина. Нооруз эчтеке дебестен аны жаткырып, өз бөлмөсүнө өтүп кетти, анын жүзүнө тик карай албаган эне эки бети чымырап, уятынан жерге кире албай зорго калды: «Курган жаным ай, балама да уят болдум, жолотпой эле койсом эмне, жалынып жалбарып жатса аялдык кылып жибип кетпедимби, эми эмне болот, кантип кетирем?» деп ойлуу төшөгүнө жата кетти. Күндөгүдөй эле тиричилик жаңы башталып адамдын бүтпөгөн түйшүгү таң заарынан башталганда, ордунан туруп Ильяз анын эшигин шыпырып, малына көз болуп сыртта жүрдү. Ошол күнү Нооруз аны эртең мененки чайга чакырып ачык сүйлөшмөк болду.
– Ильяз аке, бул жүрүшүңүз болбойт, үйүңүзгө барып жашаңыз, биерде апамды жаманатты кылып жатасыз, мен сизди тууган катары сыйлап айтып жатам, минтип жүрсөңүз өзүңүзгө жаман болот.
– Нооруз, сен мени жаман көрбө, өзүң баштап калдың, эми ачык сүйлөшөлү, мен жеңеме үйлөнөм, сен эле уруксат берсең болду.
Ильяз аны жалдырай карап жооп күтүп калды.
– Ал эмне дегениң, бул сөзүңдү уккан эл эмне дейт, сен үйлөнө элексиң, бир топ кичүүсүң, каралуу аялдын сага эмне кереги бар, турмушту ойун көрбөй ушундайда өз жолуң менен бол! — Тахмина уялгандан тайсалдата сүйлөдү.
– Жок, мен айтканымдан кайтпайм, бүгүн нике кыйдырам, агасы өлгөн жеңесин алганга шариятта да жол бар!
Ильяз ушуну айтты да туруп кетти. Эне-бала, келини болуп үндөбөй калышты. Небересинин ыйлаганын угуп шылтоолоп туруп жөнөгөн Тахмина ичинен сарсанаа болуп жатты: «ал айтканын кылат, эми эмне кылдым, келиним эмне деп ойлойт?» деп небересин тоскону чыгып баратып негедир кускусу келип кетти. «Мага эмне болду, табым айнып калдыбы?» деген Тахмина бир нерсе эсине түшүп жүрөгү болк деп алды: «бойума бүтүп калган го, эми эмне кылдым, элге шерменде болгуча макул болгонум дурус го» деп теңселе эшикке чыкты. Бир азга небересин алаксытып, уйкусун ачып анан үйгө кирди. Чындап эле анын бойуна бүтүп калган эле.
Түшкө жакын Ильяз бир койду жетелеп келди да, эки-үч теңтушун ала келип сойуп, арыдан бери казанга салып, отту жагып койуп, молдого жөнөдү. Нооруз үн деген жок. Тахмина болсо үйгө кирип кетип чыкпай койду, аял бечара кубанычка да, кайгыга да көз жашы менен жооп кылып арманын, бактысын көз жашы аркылуу сыртка чыгарып алат эмеспи. Күйөөсүн эстеди, анын арбагынан кечирим сурады. Үңкүйүп отурганда бир коңшусу келип ага акыл кошуп, сөз айтты. Бул өзүнүн сырдашы, теңтушу Сейилкан эле.
– Тахмина, тур өйдө, башыңды көтөр. Ильязды сен өзүң имерген жоксуң, сенин тагдырыңды кудай ага кошуп атат. Азыр молдо келет, дасторконуңду жай, балдарың өз күнүн өзү көрөт, баары чоңойуп калды. Белиңди бек бууп өзүңө кел да, даярдан!
– Сейил, кантип ушуга барам айтчы, уул-келиним эмне деп ойлоп атат? Аларга уят болдум го, эл эмне дейт? — Тахмина ыйлап атып сүйлөдү.
– Эчтеке болбойт, тагдырдын маңдайга жазганын көтөрбөскө чараң жок. Нооруз түшүнүктүү бала, эчтеке дебейт, эл айтып-айтып тим болот, — Сейилкан аны тургузуп бети-колун жуудурду да, кийиминин арасынан өзү эле жаңы жоолугун алып чыгып башына салып бетинен өөп, — бактың ачылсын курбум, баарына даяр бол, Ильяз жакшы бала, сени кор кылбайт, — деп өзү билгендей кылып дасторконду даярдап кирди.
Келини Лайлихан дагы жүгүрүп кызмат кылып жүрдү. Нооруз үнсүз ары-бери басып сыртта, үн дебеди.
Аңгыча молдолор келип нике кыймак болуп жатканда Ильяздын ага-жеңеси, эжеси менен апасы келип, жаңжал кыла баштады:
– Ильяз, бас үйгө кеттик, бул эмне кылганың, элден уялсаң боло? — деди агасы Добулбек жини келип.
– Мен эч жакка барбайм, өз жайыма койгула!.
Ильяз көшөрүп туруп алганда Добулбек аны чаап жиберди. Ал экөө эшикте акыйлашып жатканда эжеси, жеңеси менен апасы үчөө Тахминаны урушуп жатты:
– Эй, бети жок, ушуну менен жашап кетем деп ойлоп атасыңбы? Ал деген жаш бала, эмеле кетип калат, уялсаң болбойбу, кой сойдуруп эшигиңе той түшүрүп отуруп албай.
– Ошону айтсаң, кунажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзбөйт, өзү азгырып атат да, ал мунун менен түбөлүк кантип жашамак эле?
– Ушунун жанына койбойм баламды, азыр алып кетем. Уул-келин күтүп калганда күйөөгө тийгенден уялбайбы ботом, жаш баланы азгырбай, — Мээржан кыйкырып, оозго алгыс сөздөрдү сүйлөп жатканда Нооруз кирип келди да аларды түртүп-түртүп сыртка чыгарды:
– Апама сөз тийгизгенге акыңар да жок, сыйыңар менен чыгып кеткиле, балаңарды алып кеткиле!
– Алып кетем, ушул жерге бир мүнөт да койбойм!
– Эгер дагы келсе мен өзүм колуңарга өлтүрүп берип келем!.
Нооруз ачуулана катуу айтты.
Ошол убакта молдо алардын жанына келип Добулга:
– Алла Тааланын буйругу менен болот пенде. Иншалла, бу жигит өзү көптөн бери мага келип сурап жүргөн, шариятта жеңени кайын алганга жол бар. Күнөөгө батпай жөн койгула, пешене тагдырдан качып кутула албайт эч ким, бул кудаанын буйругу.
– Буйрук деп өзүнөн улуу аялды алса да унчукпай тура беришибиз керекпи?
– Дегенде эмне, баары бир кудай кошуп жатса кандай кыла аласыңар? Жазмыш деген жазмыш, балаңар өзү каалап жатса аргаңар жок.
Үндөбөй турган Добул апасы Мээржанды, карындашын акырын нукуп эшикке чыгарды да жөнөп кетишти.
Тахмина аргасыз Ильяз менен жашап калды. Нооруз аялы экөө Россияга кетишти, Лайлихан кайненесине баласын таштап койду. Марлес жөрмөлөп калган, Тахмина колунан түшүрбөйт. Ильяз болсо ичпей, жумуш издеп үйбүлө бакканга киришти. Мээржан кайра-кайра келип аларга тынчтык бербей, Тахминаны каргап-шилеп, урушуп, баласын алып кеткенге аракет кылса дагы ал болбоду.
Акырында:
– Эгер азыр мени менен кетпесең, турпагымды түйүп берем, мен өлсөм да барба! — деди айласы кеткен Мээржан, ыйлап чыгып баратып.
– Аны көрөбүз, ушинте берсеңер силерден мурун мен өлүп калышым мүмкүн! — Ильяз апасынын артынан кыйкырып кала берди.
– Ильяз, сен туура эмес кылып жатасың, мени да, өзүңдү да кыйнап эмне кереги бар? — Тахмина анын жанына келип муңая сүйлөдү, — турпак түйүп берүү эң чоң каргыш, сен туугандарың менен да катышпай бир аял деп жүрө берсең болбойт.
– Кызыксың Тахмина, мына жакында балалуу да болобуз, апам, бир туугандарым кайда бармак эле?
– Кой, болбойт, сен үйүңө бар!
– Эмне? Эми мени кетет деп турасыңбы? Мен кетсем мурда кетмекмин, эми мен балалуу болом уктуңбу, балалуу болом! — Ильяз үнүнүн барынча кыйкырып ийгенде Мээржан кирип келди:
– Мына, эмитен урушуп атасыңар, кана мени менен кетесиңби, же мынабу ууч турпакты алып каласыңбы?
– Сиз туура түшүнбөй калдыңыз, Ильязды үйүңө бар десем болбой атат.. . — Тахмина тартына жооп бермек болгондо Мээржан аны кагып ийди:
– Ооба, сен ушуну кет дейсиң, азгырып алып, никени кыйдырып, бойуңдагы ар кимден болгон балаңды буга таңуулап эптеп эр кылып алгың келип туруп кет дейт имиш!
– Апа, бала меники, мага киришпегиле, силер үчүн мен өлгөнмүн, экинчи Тахминага сөз тийгизбегиле! — Ильяз апасына кыйкырып жибергенде Тахмина аны тыйды:
– Ильяз, апаңа антип кыйкырба, кандай болсо да сени төрөп, багып, чоңойткон, эмгеги бар, акың жок ага сөз тийгизгенге!
– Ошону билип атабы, эгер эне болуп түшүнсө мени урушат беле, ак батасын берип үйүнө алып барбайт беле?
– Ошентсе деле баары бир эне, сен аны сыйлашың керек, сен милдеттүүсүң!
– Түштөн кийин акылдуусунбай эле гой, баарын өзүң кылып, эне-баланы уруштуруп койуп калп актанбай! — Мээржан колун силкип аны кагып, Ильязды карады, — кана, сен мени угасыңбы же тупурагымды аласыңбы?!
– Таштап койо бер, мен дагы силерге ууч турпагымды түйүп алып барып берем, кете берсең болот!.
Ильяз үйгө кирип кеткенде Мээржан Тахминаны жини келип карап:
– Уулумдун тырмагынын учун карматпас элем, айла канча, аргам жок, бир жыландын ийинине кирип алып чыгалбай калды. Баламдын башын айлантып койгон экенсиң да-а! — деп чыгып кетти, — көрөм сени, Манас төрөсөң да биерге койбойм, көрсөтөм! — кайрылып кыйкырды да эшикти тарс жаап ыйлап баратты.
Ильяз менен Тахмина көпкө чейин сүйлөшпөй жүрдү. Жумушуна кетип, кайра келип, өзүнчө кыжаалат болуп атып, Ильяз эптеп акча топтоп алды. Тахмина бир-эки айдын ичинде төрөмөк, Ильяз бир күнү ага минтти:
– Тахмина, биз биерден кетишибиз керек. Бишкек чоң, эч ким бизди табалбай турган болсун, алар экөөбүзгө тынчтык бербейт.. . .
– Кантип? Төрт бала каникул бүтсө келишет, төрт бала менен шаарда жашоо оңой эмес, Марлес да бар.. . Жакында төрөйм, алты бала менен кантип жашайбыз, ушунча жанды багуу сенин колуңдан келеби?
– Эмнеге келбейт? Иштейм, жанталашып иштейм, балдарымды кор кылбайм! — Ильяз Тахминаны кучактап алды, — мен сени башынан эле жакшы көрчүм, жаным, кантип жетээримди билбей жинди болуп жүрүп ичип да кеттим, анан.. . анан түрмөгө түштүм.
– Анан? — Тахмина аны жини келип, бирок билгизбей жылмайган болуп үн катты, — анан Эсенбек өлүп сага жол ачылды, ээ?
– Эми мен аны атайын өлсүн дегеним жок да. Ажал экен, алып кетти.
– Койо турчу, сен ошол күнү аны менен кошо жүргөнсүң, үйгө да келип кеткенсиң. Ооба-ооба, сени менен бирге ичкен.. . — Тахмина ойлуу ага көздөрүн чоң ачып кыйкырып жиберди, — Демек сен ага бир нерсе бергенсиң, ай кудай ай! — Тахмина ордунан тура калды, — сен атайын өлтүргөн экенсиң да?!
– Эмне-е, сен анын өлүмүн менден көргөнү турасыңбы? — Ильяз анын жанына келип карыдан ала, — ошентип ойлоп калдыңбы?
– Ойлогонду эми көрөсүң, мүрзөсүн ачтырам! — Тахмина аны түртүп ийди, — туугандарыңа мени суук көрсөтүп, каргышын угузуп койуп, эч нерсе билбегендей жүргөнүңдү эми көрөсүң, текшертем өлүктү!
– Эмдигиче аныңдын сөөгү эле калгандыр, тим кой эми козгобой, ошондо ушул акылың болгондо башкача болмок экен, — Ильяз аны түрткөнүнө ага жини келип кыйкырып жиберди.
– Ал киши колдуу болгондуктан чирибейт, өз көзүң менен көрөсүң, энең ошондо көрүп алсын, сенин кандай ойун койуп бирөөнүн бүлөсүн бүлдүргөн адам экениңди!
– Койчу Тахмина, баары өттү-кетти го, биз эми эрди-катынбыз, балалуу болобуз жакында, түшүнчү мени?
– Мен эми түшүндүм сенин кандай адам экениңди, балдарымды атасыз, мени жесир калтырып киши өлтүргөнүңдү көрөсүң, — Тахмина жулкунуп анын кучагынан бошонуп сыртка чыкмак болду, — шашпа, милицияга азыр барам, каматып салам! — деп жүгүрүп чыга бермек болгондо Ильяз аны кармап калды:
– Жинди болдуңбу, сага эми ким ишенет, айтчы? — Ильяздын жини келип кетти, — үч жылдан бери үн дебей жүрүп.. . . . Өзүнөн өзү өлгөн күйөөңдү.. . Сени кызганып өлтүргөнүм чын, анан эмне кылышым керек эле? Ал мен сүйгөн аялды кучактап койнунда жатса, мен ичим күйүп жүрө бермекминби, менин да сүйүп жашагым келет, үйбүлө күткүм келет!
– Бирөөнүн кубанычынан өзүңө ырахат алган жансыңбы, же кайгысынанбы?
– Жок, кайгы же кубанычтан эмес, мен өз сүйгөнүмдөн ырахат алам, азыр билсең бактылуумун!
– А менин жүрөгүм менен балдарымдын көз жашычы? Отуз жетисинде күлгүндөй бойдон өлүп калган Эсенбек менен ишиң жокпу, анын да ой-максаты бар эле да?!
– Мени аныңдын эчтекеси кызыктырбайт, мага өзүмдүн гана бактым керек, уктуңбу? Өз бактым үчүн өзүм күрөштүм. Өлсө өлө бербейби, аныңдын балдары турат, сени менен армансыз жашады, гүлүңдү сорду, а мен сени андан кызганып жүрүп өмүрүм өтмөк беле?
– Уяты жок, бирөөлөрдүн көз жашынан бактылуу болом десең жаңылышасың. Мен сени эми эч качан көргүм келбейт, бактылуу да кыла албайм, мени жүрөгү жок, сезими жок аял деп ойлодуңбу? Баргын эми, мен сени бул үйгө бир мүнөт дагы токтото албайм!.
Тахмина Ильязды жиндене түртүп чыгармак болду эле, ал аны карыдан ала катуу мыкчый өзүн түртүп төргө алып барып отургузуп туруп жанына өзү чөгөлөй калды:
– Сен эми артка кайта албайсың, загсты да алып койгонмун, закондуу эрди-катынбыз, ачууңду тый да, баламды аман-эсен төрөп бер. Суранам сенден, мени таштаба, түбөлүк бирге болчу жаным, түбөлүккө бирге бололучу, баарын унутчу!
– Кантип унутам, сүйүктүү эримди өлтүрүп койуп бетиңе парда жамынып алып сүйүүсүн таңуулаган адамды өмүр бойу жек көрүп, койнума кантип алып жашайм? Балдарыма айтам, Ноорузду чакыртамын дагы, мүрзөнү ачтырып, акырына чейин изилдеп, аныгына жетем. Сени жек көрөм, уктуңбу, түшүнчү мени! — Тахмина үйдөн чыгып кетти.
Ильяз башын мыкчый отуруп калды: «бул аялга бекер айткан экенмин, мени сүйүп жашайт деген ойдо жүрсөм, күйөөсүн унута албайт тура» деп көпкө ойлонуп отурганда Марлес ыйлап калды. Марлести сооротуп, чай берип кайра жаткырып, өзү төргө кыңкая кетти. Ошол убакта Тахмина кирди да:
– Сен угуп атасыңбы, бул жерден тезирээк чыгып кет, мен эми сени менен жашагым келбейт, көргүм да келбейт. Сыйың менен чыгып кет баары ачыкка чыкпасын десең. Балдарга да, ата-энеңе да айтпай ушул бойдон ичиме сактап өтөйүн, ичимдеги сенин наристең үчүн сени аяйын, мени тынч койуп кетип кал жакшылыкча!
– Тахмина, анчалык ачууланбачы, аз да болсо бирге жашап калдык, балабыз болот ортобузда, баары унутулат.
– Унутулбайт, сени көрүп чыдай албайм, кудай жалгагыр, кетип калчы!.
Тахмина небереси жаткан бөлмөгө кирип кетти. Ильяз унчуга албай жатып калды. Ошондон баштап жашоолору болбой бараткандай экөө эки жакта. Ильяз кайрадан ичип, бүтө элек времянкага кирип жатып алат. Тахмина эч нерсе билбегендей небересин карап өз оокатын жасап ичип, Ильяздын бар жогу менен иши да жок болуп жүрө берди. Ильяз күндө ичип келип, кийими кирдеп, кебетеси кетти. Аны Мээржан угуп алып жетип келди. Ал келгенде Ильяз бурчта жаман төшөктү төшөнүп жаткан болчу, көрүп туруп үйгө чамынып кирди:
– Өлүгүңдү гана көрөйүн шуркуя, баламды «бойумда бар, мени аласың» деп атып үстүңө киргизип алып кылган ишин кара, муну мусаапыр кылып койгон тура! — деп кыйкырып кирип келгенде Тахмина ордунан тура калды:
– Сиз мени антип кордобоңуз, аны мен азгырган да, башын айланткан да жокмун, антип айтканга акыңыз да жок!
– Ики, кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп койуп анан айтканын кара. Тигинин жаткан жерин кара, эр кылып алганың ушулбу ыя, үстүңө кирип келсе сен аны кор кылган турбайсыңбы?
– Ооба, балаң өзү күнөөлүү, дагы аны соттотпогонума ыраазы болгула. Эсенбекти өлтүрүп койуп мени алып жашап кетем деген балаң жаңылышат. Кан куткарбайт, арбагы соо койбойт!
– Эмне деп жатасың, ай келин, сенин күйөөңдү ал өлтүрбөй эле өз ажалынан өлбөдү беле? — Мээржан Тахминаны таң кала карап делдейе түштү.
– Ал өлмөк эмес, балаң түрмөдөн кутулуп келгенде экөө арак ичип келген, ичпеген немени менин кутулганыма кубанбайсыңбы деп ичирип, ичкен арагына уу кошуп берип, үйгө ээрчитип келип койгонун эми өзү айтып отурат. Силер мени жинди деп ойлоп атасыңарбы? Эми мен чыдай албайм, кайын-журтума да айтып, баарына билдиремин да, мүрзөсүн ачтырып текшертем!
– Ой, кокуй, эмне деп атасың? Кой айланайын, жаткан жеринен козгобой эле гой, атаңдарга деле айтпай тур. Ал жинди жөн айтып койгондур, ага ишенбе, — деп Мээржан бөйпөңдөй калды, — Кой айланайын, ачууңу бас, кел отурчу мындай, — Мээржан Тахминаны отургузуп жонуна колун койду, — Ильяз сени жакшы көрөт, ошон үчүн эле ойуна келгенин айтып койду го?
– Кантип болбогонду айта берсин? Чындыгын өзү байкабай айтып алды. Болуптур, мен үндөбөй эле койойун. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын десеңер балаңарды алып кеткиле, менин аны көрөйүн деген көзүм жок! — Тахмина ыйлап, бетин басып алып айтты, — Түшүнгүлө мени, келип алып зордук менен нике кыйдырды, балдарымдан уялганымдан үндөбөй макул болдум.
– Мейли, айланайын, алып кетейин, ал макул болсо эле алып кетем. Сен эстүү жансың садага, оозуңдан эч нерсе чыгарба, — деп туруп босогого жетип сыртка чыкты.
Бир кезде Эсенбек жаңы үйлөнгөндө Ильяздын мас болуп алып айткан сөздөрүн эстеп бара жатты. Ошол күнү келин көргөнү кетип жаткан апасына жаңы эле мектепти бүтүп үйдө колоктоп жүргөн Ильяз:
– Көрүп барбай эле кой, жакын деле тууган эмес, — деди.
– Апей ботом, жакын болбосо да катташыбыз бар, биз келин алганда тикесинен туруп кызмат кылышат, анан кантип барбай койо аламын? Сен азыр баласың, чоң кишилердин ишине киришпей жүр!
– Киришем, ал менин жактырып жүргөн кызымды алып алыптыр!
– Эмне дейт, сен жаңы эле мектепти бүтүрсөң, ал мугалим болуп иштеген кыз болсо.. .
– Баары бир мен аны сүйчүмүн апа. Көрөсүң го, мен Эсенбекти өлтүрүп туруп, өзүм аламын!.
Ильяз сыртка чуркап чыгып кетип калды. Мээржан ойуна эчтеке албай «баланын сөзү да» деп келин көргөнү кетип калган.. .
Ушуларды ойлонуп босогодо бир топко туруп анан уулу жаткан жерге барып, аны жулкулдатып тургузууга аракеттенди. Ильяз булдуруктап сүйлөп улам колун ары-бери булгап атты:
– Ээй, баргылачы нары, мени жайыма койгулачы, менин өлгүм келип атат, жоголгула дейм!
– Эмне дейт, кокуйгүн? Өзүңдү жөнгө салалбай жандан кечкени жатасыңбы? Эсиңе кел балам, жүрү үйгө кетели, биерде сага орун жок, кагылайын, — эне уулунун башын көтөрүп жүрөгү сыздай көзүнө жаш алды, — сен мени кыйнадың го?
– Бар дейм, мен ушул жерде жатып өлөм, мени издебегиле, өлгөн деп койгула!.
Ильяз апасынын жүрөгүнүн ооруганы менен иши жок ары бурулуп кетти. Мээржан көпкө буркурап ыйлап отурду. Жаткан жеринин өтө кир, балит экенине зээни кейип, анан үйүнө кетмек болду. Барып Добулду машина менен жөнөттү, ал инисин көтөрүп салып алып кетти. Үйүнө баргандан кийин Мээржан балдарына болгонун болгондой айтып берди эле, алар ойлонуп калышты. Ильязды ичирбей, үйдөн чыгарбай койду эле, ал түндөп чыгып кетти. Түн бир оокумда келип эшик тыкылдатты эле, Тахмина ачты:
– Сага эмне керек, келбе дебедим беле, мени тынч жашатасыңбы, же биротоло камалгың келип атабы?
– Мени каматчу сенсиңби? Ушунча жыл сен деп үйлөнбөй да, эч ким менен сүйлөшпөй да өмүрүмдү өткөрүп келдим, түрмөгө сени да бириктирип туруп, биротоло алып кетем! — Ильяз аны ичке түртүп кирип келди, Тахминанын көздөрү бакырайып жүрөгү түшүп калды, — сен оозуңду жаап мени менен жашайсың, же өлөсүң. Экөөнүн бирин өзүң танда! — деди ачуусу келгенинен муунун калчылдатып, өңү таптакыр өзгөрүп кетти, — бол ачыгын айт, мен күтө албайм, же нары, же бери болойун.
– Ильяз, сен жинди болбо. Менин беш балам бар, эми дагы төрөгөнү турам, сен мени түшүнчү, балдарым менсиз кантет? — Тахмина ыйлап ийди, — өлтүрбө кудай жалгагыр?!
– Мен эмес, сен жинди болуп жатасың. Мен сени бала күнүмдөн, мектепте жүргөн кезден сүйүп калып, азап чегип жатамын. Мени түшүнбөсөң сени да, баланы да жок кылам, эне-атасы жок бала кайсы жакшы күндү көрмөк эле?
– Ильяз, ойлончу?.
Тахмина сүйлөп жатып өзүн жоготуп койду. Ильяз коркуп кетти, жыгылып баратканда жөлөй калып төшөккө жаткырды да, жүгүрүп сыртка чыгып коңшусуна жетип, анын машинасы менен Тахминаны ооруканага жеткирип келди. Үйдө Марлес уктап жаткан. Келип аны карап жатып калды. Таң атканча уйкусу келбей ойлонуп жатып уктап кетти. Эртең менен Марлести көтөрүп алып барса Тахмина төрөп койуптур, бирок врачтар аны киргизбеди:
– Азыр абалы анча оор, киргизүүгө болбойт, уулуңардын денсоолугу жакшы, бара берсеңер болот.
– Кирип көрбөйлүбү? Сүйлөбөйм, жөн гана көрүп кетейин.
– Жо-ок болбойт, мени урушат, эртең келиңиз.

<<2 of 7>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019