Айгүл ШАРШЕН

Жаза

Жаза
<<1 of 7>>

Гүлсара Оморбайдын так иштеп, өз эмгегин алып келгенине кээде жини келип алчу болду. Эки жыл иштеп үй алышты. Ошол убакта бир дагы жолу ал Сейде менен учурашып эжесинин ал абалын сураган жок. Алар өзү үчүн милдеттүү түрдө багып турушу керек дегендей керсейгенин койбоду. Атасы кызын эчен ирет урушуп, тилдеп жатса да болгон жок. Оморбай керээли кечке ойлонуп, аялынан тажап баратты. Балдарынын гана чоңойуп баратканын ойлоп ичинен тынып жүрдү.
Шахзада уулу чоңойуп басып калганда ишине кайрадан баш оту менен киришти. Мейманканасынан түшкөн кирешеси жылдан жылга көбөйүп, улам өсүп баратты. Эмил экөө ынтымактуу, уулу Баелдин тили чыгып чулдурап Сейденин жанында эркелеп ойноп жүрө берет, үйгө келген ата-энесине кээде көңүл буруп да койбойт, Эмил көтөрсө:
– Чен менин атам бойочунбу, ниге мага чон апамды бейбей атачын, чака байбайм! — деп тырмышып качса Шахзада дагы ага асыла кетет:
– Баел, келчи мага, атаңа барбасаң мага кел! — колун созо жанына келсе, андан бөйпөңдөй качып Сейдеге канатын жайып жүгүрөт.
– Байбайм, чон апама баям, чилейге байбайм! — Сейде аны жерден так көтөрүп ала койду.
– Секетиң кетейин бокчум ий, чоң апаң айлансын сенден, каралдым десе, — өпкүлөп жан алы калбай калды.
– Мейли, анда биз кетели ээ? — Эмил күлө карап Шахзаданы колтуктай ары басымыш болду эле, Сейде небересине карап:
– Баки, атаңдар кетип калса биз эмне кылабыз? — деп жылмая мурдунан өөп койду.
– Ыкы, алай кетпейт, кая эле кле-ет, — Баел кенебей карап турду.
Кичинекей уулу менен алек болуп үчөө тең күлүп атканда дарбазадан Оморбай баш бакты.
– Ассалоому алейкум! — Эмил менен учурашып, Сейде менен Шахзадага баш ийкей учурашты.
– Кел Омор, кел, кир үйгө! — Эмил аны үйдү көздөй жаңсап алдыга басты.
– Келдим, бир аз иштер менен.. . . .
– Үйгө кирип жай сүйлөшөлү, — алар ээрчише киргенде Жамал чай алып келди.
Чогуу-чаран отуруп дасторкондо кобурашып, иштин жүрүшүн кеп кылып атты. Оморбай саал тартынгандай үчөөнү жал-жал карап бир нерсени айталбай тургандай болуп атканын сезип Сейде чыгып кетти, Шахзада дагы өз жумушу менен ички үйүнө кирди, Эмил менен Оморбай экөө калды.
– Эмике, мен бир иш менен атайын келдим эле. Баягы эле таэжең менин жанымды койбой бир аз акча сурап атат, өзүнчө иш кылам дейт, — Оморбай тайсалдай сөзүн баштады, — «швея ачат элем, акча таап берсең» деп күндө кулак жечү болду.
– Канча акча керек экен?
– Эки миң доллар керек дейт, машинкалары бар, калганын даярдап алсам иштетмек.. . .
– Мейли, мен Шахзада менен кеңешейин, анан эртең өзүм сага жолугам.
Эмил дароо эле жооп бергенде Оморбай кубана ордунан турду. Узатып чыккан Эмил кайра киргенде Шахзада аны карап:
– Эмне болду, жөн-жай эле келиптирби? — деди.
– Шакы, сен туура түшүнчү, Оморбай ишенимдүү адам деп айтпадым беле, мына жакшы иштеп жатат, зарыл иши чыгып калып эки миң доллар сурап келиптир.

<<1 of 7>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019

Молдокенин кыянатчылыгы

201906.04.2019