Айгүл ШАРШЕН

Кызганыч

Кызганыч
<<1 of 7>>

Бул дүйнөнү чексиз аалам каптап, ааламдын ар башка бөлүгүндө ар кандай улуттагы адамдар жана ар кандай кубулуштарды коштогон жансыз жана жандуу нерселер адамдар менен бирге эле жаратылыштан өз-өз ордун алышкан. Дегиңкиси аалам десе жер үстүндөгү айлананы курчап турган кең ааламды ойлойбуз, бирок дүйнө жүзүндөгү ар бир пенденин өз ааламы бар экенин байкабайбыз. Бу адам чынында эле өз ааламында жашайт, ошол ааламдын өзүнө берген ырахаты, эргүүсү жана жогорку сезимдери менен ар бир адам бир багыттарды беттеп жашоого жол табат эмеспи. Ал эми тагдыр деген алла тааланын буйругу, айрыкча кыз бала кээде ата-эненин төрүндө алчактап өссө турмуш жолунда башкача өмүр сүрүүгө туш келет, кээ кыздар үй-бүлөөдө жетип жетпей же уруш чатак менен бой жетип болбосо аракечтердин чөйрөсүндө өссө дагы өз ааламында бийиктиктерди эңсеп, кыялданып бактылуу болуу үчүн аракет кылат, сезимдерге жетеленип бийик мунараларды курат. Ошол үчүн пендебиз да, муну менен мен айтылып эле жүрчү кызганычтуу турмуштук окуяны баяндагым келип турат, анда сөз башынан болсун, мен бул жолу Арзуу деген кыздын ата-эненин колунда жана турмушка чыккандан кийинки жашоосун кудуретим жетишинче айткым келет…

<<1 of 7>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019