Айгүл ШАРШЕН

Намыс

Намыс
<<15 of 15>>

– Ооба, кайниңиз суу ичем деп, мени кыйнап жатат.
– Азыр мен Алимага айтайынчы, — Гүланда кайра чыгып барып, суу алып келип берди. Ал күнү кетирбей коноктоп, өздөрүнчө кой союп сыйлашып, эки-үч күн туруп калышты. Кыз-күйөөсүн көрүп, көңүлү жайланган Гүланда мактап эле жатып калды. Кубанып да турду. Жашоолору ойдогудай, турмуш жайы тыкан, бардар жерге туш болгонуна жетине албай, айылга кубанычтуу кайтышты. Сагынбек кызуу келди үйүнө, Гүланда менен Соно жөнөөрдө анча ичишкен эмес. Адегенде чогуу эле Кудайбердилерге келип түшүштү, келээр келгенче уктап келген Сагынбек эч нерсеге карабай, ичке кирип жатып алды.
– Ийи, кандай эл, кандай жер экен, кыздын көңүлү жакшы элеби? — деп сурады Тургунбү эки келинин карай суроолуу.
– Жакшы апа, кыз өзү каалап, экөө сүйлөшүп, анан баш кошушуптур, — деди Соно.
– Кудайга шүгүр апа, Алима жакшы жерге барыптыр, экөө бирге окуйт экен, бардар-колу ачык бапыраган адамдарга туш келиптир небереңиз, — Гүланда сумкаларын ачып, кешиктерди, устукандарды, кудалары салып бергендерин алып чыкты, — Бул небереңиздин тоюнан, ооз тийгиле апа, ата алыңыз.
– Ээ балам, ичкен жегенде эмне, кызыбыз тынып калса болду го, өзү каалап чыкса болду балам, — деп келиндеринин жакшы маанайда келгенине, ичтен кубанып алды. Алып келгендеринен ооз тийип, батасын беришти чал-кемпир, андан кийин Гүланданы узатып, Соно машинага салып келди.
– Апа, балдар кыйнаган жокпу? — деди кайра келгенден кийин.
– Жо-ок балам, менин балдарым жоош, үйдөн чыгышкан жок, болпоюп эле өздөрүнчө, үйдө эле болушту, бойго жетип калбадыбы?
– Ошентсин, силерди кыйнап койдубу деп сары санаа болуп жаттым, — деп Соно кайненесинин көңүлүн жайкай сүйлөгөндө Тургунбү:
– Сен жолдо чарчап келдиң балам, эс алып ал, оокат-тиричилик курусун, дүнүйөдө бүтпөйт, андан көрө уктап ал, — деди.
– Макул апа, ырас эле эс албасам, башым ооруп турат, аябай чарчадык, — деп өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип, жатып калды. Ал жаткандан кийин Сагынбек ойгонуп, диванда жаткан аялынын жанына келди да:
– Кудалар менен бийлеген жактыбы? — деди акырын.
– Жакса жакпаса да бийледим, кыздын тоюнда эчтеке көрбөгөн жапайыча качайынбы?
– Деги да, жакшы өттү ээ той?
– Эң сонун, Алиманын багы бар экен, жакшы жерге туш болуптур, өзү дагы жакшы кыз да.
– Ооба-а, сен эми мага бир кыз төрөп берсең, жакшы болмок, балдар үйлөнүп кетишсе, кызыбыз бизге эрмек болот эле, — деп аялынын жүзүнөн сүйдү, — Мен сенин сулуулугуңду Оштон бир байкадым, тагынган алтындарың элдин ичинен биринчи көзгө көрүнөт, качан алгансың аларды?
– Апаман акча сурап, тойго бараарда алгам.
– Туура кылыпсың, жупуну болбой, бирок карынын акчасын аңдыганың болбойт, айлык тийгенде берип койгун, — деди Сагынбек жанына жатып, — Жеңем экөөңөр аябай даярданган экенсиңер.
– Анан ошончо жерге барып жатсак, болгондо дагы үйлөнүү тоюу болуп жатса, шелпейип барабызбы, бизди көргөн Алима да басынып калмак, көрдүңбү кудагыйды, катар-катар чынжыр, үч салаасы толо шакек, тиши да алтын экен, силер антип аял баксаңар, милдет кылмаксыңар.
– Айлыгымды апама берген жокмун, өзүң алып жатасың, баарына жеткирсең болот да.
– Ма-акул эми, алтыны жок эле кудай бизге ынтымак берип, аман-эсен жүрөлүчү, мен аябай чарчадым, уктап алайын, сен эс алып калдың окшойт, — деп Соно ары бурулуп кетти.
– Эс алсаң, эс алып ал, алыс жолдо кыйналдың, эки саат уктап алсаң эле, оңолуп каласың, — деди да Сагынбек туруп барып, төргө жатып алды. Кечке маал ойгонду Соно, башынын ооруганы билинбей, эс ала түшүптүр, туруп балдарын карап, кечки тамак жасоого киришти. Бир аз болсо да, көңүлү көтөрүлүп, көңүлдүү иш кылып: «Кыз төрөп берчи», — деген Сагынбектин сөзүн эстеп, жылмайып алды. Өзү деле кызды жакшы көрөт, бирок адамдын оюндагыдай боло бермек беле, үч уулунан кийин төрөбөдү. Алар кээде кызганычтан чукулдаша кетчү болду, андайда Соно баарына туруштук берип, үндөбөй калып кутулат, күйөөсү кээ-кээде иче койчу, аны да туура түшүнөт: «Эл менен иштешип жүргөн неме ичпесе болбойт, өзүнө ынсап берсин», — деп унчукпай жаткырып коет, сөгүнүп, урушканда көзүнө урунбай чыгып кетип калат. Ошентип оош-кыйышы болуп турчу аманат жашоодо, билинбей өмүрлөр өтүп жатты…
Максат Ошко келгенден кийин кайрадан иштеп алды. Бара-бара Гүлайымдын ичи чоңоюп, төрөөрүнө жакындап калган. Даткайым бир ашканага кирип иштеп алып, кээ-кээде эле келбесе, көп келбей баратты, элүү экиден өтүп калган Даткайымды шеф повар жактырып калып, колун сураганга көп болду. Ал таптакыр болбой жүргөн эле. Максат келип эле, келинчегин имере кучактап алып өбөт да курсагын тыңшайт:
– Кана-кана, менин уулум качан чыгам деп жатат ыя?
– Аа-аз калды, кыз эмес эркек экенин кайдан билесиң? — Гүлайым эркелей бырсылдап күлөт.
– Билем, мына өзү мага айтып жатат, — Ого бетер кулагын курсагына такай, — Уулум, качан чыгасың, апаң экөөбүз аябай күтүп жатабыз, сен жигитсиң ээ уулум? — деп сыйпалай көпкө турат.
– Койчу Максат кытыгым келип кетти.
– Уулум менен сүйлөшсөм да болбойбу? — Максат таарына терс бурулду, — Жадагалса, уулум менен тааныштыргың келбейт, сен кимсиң деп жатпайбы?
– Койчу калп эле, ошентип сураганда, курсакта жатмак беле?
– Эңкейип өзүң кулагыңды тоссоң, — дейт каткырып Максат, — Тыңшай аласыңбы?
– Кантип? — Гүлайым дагы кыткылыктайт, — Адегенде, сен кулагыңды курсагыңа тыңшап көрчү?
– Менин кулагым курсагыма жетет, сен жеткире албайсың, балам экөөбүзгө тоскоол болбо!
– Болуптур эми, — деп жылмайган Гүлайым өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип жатып алды, — Уулуңдун карды ачыптыр Максат.
– Азыр-азыр, заматта уулум экөөңөрдү тең тойгузам, — деп Максат шыпылдай ашканага кирип, тамак жасап кирди, артынан акырын Гүлайым кирип:
– Кандай, жакшы ашпозчу болчудайсыңбы? — деди күлө.
– Аябай, бирок үйрөнчүк ашпозчумун.
– Анда тамагың жакпай калсачы?
– Жага турган жасайм, — деп куудулдана күлүп, шыпылдай жасап жатты. Бул эки жаштан өткөн бактылуу жан жок эле…
Даткайым бул учурда Мухаммедалинин үйүндө болчу, ал чакырып алып, турмушка чыгуусун өтүнүп жаткан, бирок Даткайым жалгыз кызынан, күйөө баласынан тартынып жатты. Ага Мухаммедали болбой:
– Кызым, сен кыйналба, кыз-күйөөгө мен айтам, али жапжашсың, ансыз да турмуштун азабын көп тарттың, турмушка чыгып алганың жакшы, Жусупжан ашкан бай адам, ал сени кор кылбайт, — деди.
– Тага, кыз-күйөөм эмне дешет, ансыз да алар качып, элинен безип, зорго жүрүшсө, сизге жамынып, жашап жатабыз, — Даткайым моюн толгой үн катты, элүүдөн ашканда, күйөөгө чыкканым болбойт го?
– Болот, эмнеге болбосун, жаштар эмнени билет, мына балалуу болушса, анан баарын түшүнөт, мен Гүлайымга жакшылап түшүндүрөм. Тага, жээн сүйлөшүп отурушуп, көптө жатты. Эртеси Даткайым жумуштан кийин үйүнө барды. Гүлайым эркелей эки бетинен өөп, тосуп алды, эт май көтөрүп алган. Алып келгендерин ашканага киргизип, эртелеп тамак асып коюп, анан:
– Кызым, акыбалың жакшы элеби, кыйналган жоксуңбу? — деди.
– Жок апа, баары жайында, — Гүлайым жаадырай күлүп, жанына отурду, — Сиз эмнеге үйгө келбей калып жатасыз апа?
– Тагамдын үйүндө жардам бере турган иштери бар экен кызым, жакында кызын күйөөгө берет эмеспи, себин даярдаганга түнкүсүн жардам берип жатам, — деди ойлуу Даткайым.
– Ий, тагам аябай сонун киши ээ, тайнем да ушундай беле апа?
– Апам дагы жакшы аял болчу кызым, түшүнүктүү — пейили кең…
– Апа таенемди ойлоп кеттиңизби, кечирип коюңузчу, мен сизди капа кылып алдым окшойт.
– Жо-ок кызым, эмнеге капаланмак элем, сен аман-эсен көз жарып алсаң болду, неберемди чоңойтуп, ошентип бактылуу таене, бактылуу эне болом, — Даткайым күлмүңдөй кызын бооруна басып, чачынан жыттап койду, — Ырысым менин, силер кейибей жакшы жашасаңар экен, — деп сүйлөшүп отурганда, эшиктен Мухаммедали кирди, ал келгенден кийин чогуу чай ичип, аркы-беркини айтып отурганда, Даткайым сыртка чыгып кетти, ал чыгаары менен Максат кирди.
– Балдарым, — деди Мухаммедали Максат жайланышып отургандан кийин, — Мен силерге жооптуу бир нерсени айтмакмын, — Экөөнү алмак-салмак карады, — Апаңарга уруксат бергиле, уулу же кызы болсо, энеге үч жолу күйөөгө чык апа деп, айтыш парз, сен кыз болсоң дагы, Даткайымдын жалгыз тукумусуң, ошондуктан апаңдын күйөөгө чыгышына уруксат бер, — деди эле, Гүлайымдын көздөрү балбылдай жайнап кетти:
– Кантип, апам турмушка чыгабы?
– Эмнеге болбосун, апаң али жаш эле бойдон, турмуштан азапты көп тартты, эч ким анын багын ачууну ойлобоптур, ажырашкан учурда өзүм билгенимде, эбак эрге бермекмин, эми силерден жооп болсо эле, күйөөгө берем, жалгыз жээнимдин бактылуу болушун гана тилейм.
– Апам өзү билсин, — деди көптөн кийин Гүлайым Максатты карай.
– Туура апамдын өзү билгени жакшы, — Максат дагы ушинтти. — Биз эми, турмушка чык деп айталбайбыз го тага.
– Ооба тага, апам өзү чечип, өзү эле билсин, биз акыл айталбайбыз да…
– Болду анда, сүйлөштүк ээ, апаңа мен айткан сөздү айтпагыла, — деп Мухаммедали ордунан турду да, чыгып кетти. Даткайым кеч кирди үйгө, эч нерсе билбегендей болуп киргенде, Гүлайым сезди, бирок күйөөсүнүн көзүнчө эч нерсе деген жок: «Демек тагамды ортого салган экен, мейли канча жыл жалгыз үйдө жашап, менин гана бактылуу болушумду тиледи, көп азап тартты, эгер жакшы күйөө болсо, өзү билсин», — деп ойлонуп алды.
Көп өтпөй эле Мухаммедалинин кызынын тоюу болуп калды. Токтогулдан Сагынбек менен Соно, Гүландаларды чакырган, алар келип, той шаңдуу өтүп жатты. Оштун элинин кыз бергени айрыкча башкача эмеспи, кызы өзбек улутуна күйөөгө чыгып жаткандыктан, күйөө тарап, керней-сурнай тарттырып келишти. Даткайым кызы болуп, тойдо дагы кызмат кылып жүргөн, Соно менен Даткайым дасторкондо бирге отуруп, жылдыздары келишип калып, сүйлөшүп калды.
– Сен ушул жерден болосуңбу, көзгө тааныш көрүнүп турасың, — деди Соно сөз арасында.
– Мен да силерди көргөндөй болуп турам.
– Таласта жашаган жок белеңер?
– Жашагам, ошол жактын кызы болом.
– Ошондой, ал кезде силер деле жаш болсоңор керек, менден кичүүсүңөр го?
– Ким билет, Таластын кай жеринде болдуңар эле?
– Кырк-Казык деген айылда.
– Мен дагы ошол айылданмын.
– Анда Кубанычбек дегенди билесиңби?
– Билбей анан, мындайыраак байке болот мага.
– Ошонун улуу баласын тааныйсыңбы?
– Эң улуусу Артыкбайды тааныйм, аны башка аялдан деп жүрүшөт, мен көргөмүн ал аялын, бирок кийин өлүп калды дешти го?
– Өлүп калды дештиби? — Соно бүткөн бою муздап, муундары калчылдай түштү, — Артыкбай үйлөндүбү анан? — деди зорго.
– Үйлөнө элек, мен күзүндө үйлөнтөт деп уккан элем.
– Кандай бала болду, айтчы Даткайым, мен уккум келип жатат.
– Абдан жакшы бала, аны анчалык эмнеге сурап калдыңыз?
– Сен кайдан билесиң Даткайым, ошол Артыкбайдын энеси мен болом, өлдү , баламды мага көрсөтпөй коюшкан, эки жарым жашында калган, — деп ыйлагысы келгени менен тойдо отурганын эстеп, өзүн кармап турду.
– Сиз Артыкбайдын апасы болосузбу?
– Ооба, ал мени ойлобойт чыгаар… бирок менин эсимден балам түк чыкпайт Даткайым, балдарым бой жетип баратат, үйлөнө элек, Таласка бир барып келсемби деп ойлойм, бара албайм…
– Кубанычбек байке үйлөнгөндө, мен он жашта гана элем, сизди көргөнүм менен тааныбай калган экенмин, убакыттын өткөнүн кара, алтымышка барып калсаңыз дагы жаш бойдон экенсиз, — деп Даткайым күлүп калды.
– Кайдан дейсиң, балдар чоңойду, а мен болсо, уулумду эстеп, өмүрүм өткүчө бир көрсөм дегенде эки көзүм төрт, бирок ал мени карайбы, энем экен деп имерилеби деп жүрөгүм ооруп, түндү уйкусуз өткөргөн күндөрүм канча болду…
– Артыкбай жакшы жигит, түшүнүктүү дагы, чоң энеси да, Кубанычбек байке дагы өтүп кеткен, үйүндө инилери менен баш көз болуп өзү эле калган, Кубанычбек байкеден улуусунун балдары, кичүү иниси Артыкбайды үйлөнтөт экен деп жатышкан, эмдигиче үйлөнгөн чыгаар. Жыйырма бешке чыгып калды да, — Экөө ошентип сүйлөшүп, көпкө отурушту. Аз дагы болсо, уулу жөнүндө угуп, эс ала түштү: «Каралдым, жок дегенде энең экенимди билдирип, боорума бир кысып алсам, кандай сонун болот эле…», — деп ойго чөмүлүп кеткен экен, кызды узатуу ырасымы башталып калыптыр.
Шайыр шаңдуу ыр-бий менен кызды узатып жатышты, андан кийин кудаларын, эже-карындаш, тууган-уругун сыйлап, той уланып жатты. Соно менен Даткайым кетээринде жылуу коштошушту. Гүлайым ошондон эки күн өтпөй эгиз уул төрөдү, Даткайымдын кубанганынан көзүнүн жашы куюлуп:
– Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, аман-эсен көз жарып алды, балдардын боосу бек болсо экен, — деп жакасын кармана, кудайга жалынып жатты.
– Кудай берди, өзү чечет кызым, Гүлайым өзү менен өзү болуп кетсе, сен да өз турмушуңду ула, — деп Мухаммедали аялы экөө төрөтканада кошо жүрүштү. Ошентип, бир кездеги өксүгү унутулуп, бактыга магдырап турду Даткайым. Гүлайымды чыгараар күнү кучак гүлдү алып Максат алдыда, анын артында тага-тажеңелери, андан башка дагы бир адам Даткайымдын неберелерин куттуктап, Жусупжан жүрдү. Даткайым бир азга кысынган менен унчуккан жок. Кыз-күйөөсүн таксиге салышты да, өздөрү Жусупжандын машинасы менен алардын артынан жөнөштү. Бакылдап эгиз балдардын атын коюп жатышты. Жараткан өзү энчилеген эгиздердин аты Асан-Үсөн болду. Максат кубанып, каттагандардан эмес, почтадан сүйүнчүлөп, кат жазып ийди. Даткайым неберелерин карашып, бир жылдай жүрүп, анан Жусупжанга турмушка чыгып кетти, бирок ар убак неберелерине келип, каралашып бактылуу турмушка сүңгүп баратты. Баягы ата-энесинин үйүндөгү көз жашын төгүп, жалгыз жаткандагы күндөрү көз алдына келгенде: «Ушунуңа шүгүр жараткан, ошол күндөрдүн өтүп, жакшы турмуш-жашоого туш кылдың, эми арманым арылды, толук болбосо да үчтөн бир бөлүгү», — деп улутунуп алды. Максаттын катын алган Багышбек, бир туугандары менен Ошту карай жол тартмак болуп, камынып жатышты. Аларды келет деп, күтүнгөн менен кечигип жатып, бир күнү түндө, капысынан келип калышты. Даткайым менен Жусупжан алардын келгенин угуп, эртеси эрте келишти. Багышбек тымызын гана билгизбей оор улутуна Даткайымды көз кыйыгы менен карап коюп: «Байкушум десе, бактылуу болгон экен», — деп улутуна неберелерине кол созуп, чекесинен өөп: «Менин сүйүүм ушулардан уланат, сүйүү өлбөйт, качандыр бир кезде, уулуңа же кызыңа барып, аткарылбаган сүйүү уланып, бактылуу турмуш өтө берет», — деп кубанычы, кайгысы ичинде удургуп жатты.

Аягы.

<<15 of 15>>
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Кордук

201908.04.2019