Айгүл ШАРШЕН

Намыс

Намыс
<<1 of 15>>

Токтогул жердиги таластык, Токтогулда жашап, жердеп калган. Соно эң улуу кызы. Эки уул, бир кызы жаш, колунда жок жарды болгондуктан эптеп күн көрчү. Апасы Толкун жоош момун, күйөөсүнүн айтканына каршы болбогон жан эле. Соно он үч жашка чыкканда Садыбай уулу Кубанаалы деген колунда бар адам баласына кудалап, сөйкө салып койду да, күркүрөгөн күздө мал семирип, мөмө-жемиш бышкан кезде келинин алып кетти. Соно өтө жаш, элеңдеп карышкырдан корккон бөжөктөй көшөгөдө отурду. Он үч жашар секелектин оюндан башка оюнда эмне болсун, боз үйдө отуруп алып, керегеде илинип турган тулупту көзү чалып, аны ала коюп ойногусу келди. Бирок чоочун үйдө эки жагын карап турса күйөөсү кирди. Башында үкү тебетейди алып жоолук салып койгон, улам шыпырылып түшкөн жоолукту алып жанына коюп койгон эле. Кайненеси Арзымбү мурун бир кирип кайра чыккан. Кубанаалынын баласы Субанаалы эле, ал кирип жаш кызды карады. Субанаалы он тогуздагы болуп-толуп турган жигит эле, Сонону көрүп күлкүсү келди да, жанына отурганда ал ары жылды.
– Соно, менден качпа, мен сенин күйөөң болом да?
– ?
– Кел, жаталы.
– Койчу, апам менен эле жатам.
– Эмнеге, эми мени менен жатасың. — Субанаалы аны өзүнө имере тартып кучактаганда Соно аны түртүп, өзү ары жылып кетти.
– Кет азыр, кетип калыңыз!
Көздөрүндө мөлтүлдөгөн жаш. Анын ушул турушун айтып берүү кыйын эле, ыза менен бирге кимдир бирөөгө кек кайнап турган. Бирок жаш кыз турса баралына жетип болуп-толуп турган жигит тынчып турмак кайда, эптеп көндүрмөк болуп жатканда жеңеси Тотукан кирип келди да, кызды ой-боюна койбой чечиндирип төшөккө алып келип:
– Соно, сен эми бул баланын колуктусусуң, качпай жүр макулбу, бардык кыздар ушинтип эле күйөөгө тиет, мен деле ушинтип келин болгом, жата гой, — деп жумшак сүйлөп бетинен өбө жылып берди да чыгып кетти.
Акактай жаш кыз, секелегинде күйөөнүн койнунда аялдык милдетин аткарып, келин деген атка конду. Ыйлап-ыйлап соолугуп уктап калды. Жанында жаш балтыркандай солкулдаган, эне сүтү оозунан кете элек кыздын көз жашын Субанаалы ойлогон да жок. Кучактап жатып корстон болду. Эртеси төшөктү текшерип, жеңеси көрүндүк доолашып жатты:
– Кудагый-куда, келиниңер эркек төрөдү, көрүндүк бериңиздер!
– Болсун айланайын, болсун, көрүндүгүңө бир тай, — деди Кубанаалы сакалын сылай сөөлөт менен.
– Болсун, болсун кудагый, келиним эми баламдын үйүн толтуруп, убай-чубай уул-кыз төрөй берсин!
Арзымбү Сононун жеңесине ыраазы боло кубанычын жашыралбай кийит кийгизип, дасторконун кенен жайып, кайрадан кой союп коноктоп, кетээринде тай жетелетип, кыздын жеңеси кубанычтуу кайтты. Алар кыздын кийинки жашоосуна, тагдырына кайдыгер, тээ алмустактан келе жаткан кыргыздын салтын кубаттап, бактылуу болушун каалашты. Бирок кыз жүрөгү музга айланды, Субанаалыны көрөйүн деген көзү жок, апасы эптеп артынан көшөгөсүн жөнөткөндө ыйлап-сыктады эле атасынын: «Кайрылып эшигимди аттабасын, күйөөдөн чыгып келсе кызым деп жүзүн карабайм», деп айттырып ийгенинен улам апасынын бир тууган таежеси тыйып кетти. Ошентип бир үйдүн келини болуп жүрүп күйөөсүн жактырбай койнуна жатканда ары карап көргүсү келбей кээде бечара токмок жечү да болду. Кээде Субанаалы анын жаштыгына карап тим койчу. Бирок күндө сууга барганда ыйлап-ыйлап алып эптеп бир ай өттү. Апасы Толкун өзү кызынын абалын бир көрүп келүүгө келди да боздоп ыйлаган кызына боору ооруп үйүнө келгенде күйөөсүнө кыңкыстады. Ошол кезде Токтогул туугандары менен байланышып, Талас жергесине көчкөнү жаткан. Аргасыз аялынын айтканын угуп, салмактап көрдү да, Сонону ала кетмек болуп чакыртып алды да Субанаалы кеткенден кийин Кетмен-Төбөдөн өз элине көчүп кетти. Соно күн өткөн сайын бою өсүп, суйсалган кыз болуп баратты, ал чоңоюп эсине кирген сайын өзүнүн кордолгон жаштыгына ызаланып, атасына нааразы болуп жүрдү. Элине келип, туугандарынын арасына орун алгандан кийин Соного көзү түшкөндөр көбөйдү. Соно болсо, ошол айылдан Жакшыбек деген жигит менен таанышып сүйлөшүп калды, Жакшыбек жетим бала, бир аял алып ажырашып, бир баласы бар экен. Таластын Кара-Коюн деген колхозунда жашап калышты. Ыдырыс уулу Жакшыбек менен Сононун ошондогу сүйүүсү кылымдарды карыткан дастан, поэма, жомок сыяктуу айтылып бүтпөй турган тунук махабат эле…
Соно дагы ата-энесинен жашырынып суу боюна барып, андан ары экөө жетелешип алып, адыр-түздүн жадыраган сулуулугуна суктанып, гүл терип кубалашып ойногондо тирүүлүктүн эң сонун керемети өздөрү үчүн гана берилгендей бул дүйнөнүн ашуусу бийик тоосундагы улар менен тең жарышып жашоодо өмүр менен өлүмдүн, кошулуу менен ажырашуунун бар экенин эске албай өксүк дегенди жокко чыгарып кумардан чыгып чер жазышаар эле.
– Соно, — деди бир күнү Жакшыбек. — Биз эч качан ажырабайбыз ээ? — деп Сонону кучагына кысып туруп.
– Эч качан, мен сенден ажыраган күнү өлүп калам, — Соно жигитке ого бетер кынала көздөрүн моймолжутту.
– Соно..

<<1 of 15>>
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Кордук

201908.04.2019