Айгүл ШАРШЕН

Кордук

Кордук
<<1 of 11>>

«Кечээ эле сыдырым желге саамай чачым сеңселген беш көкүл кыз элем го, ооба, жаштыктын жашыл макмал тулаңында тоголонуп оюнга тойбогон кез көз ачып-жумгуча өтөт экен. Анда мен бул тирүүлүктүн кызык экенин туйсам да, азаптуу, ары машакаттуу болоорун ойлобогон секелек курагым»…
Алтынчач ушинтти да, зымырап кетип жаткан унаанын терезесинен ары карай көз чаптырып, туңгуюкка сүңгүп кирип кеткендей болду…

Ал тоолору көк тиреген, жыпар жыттуу гүлдөрү аңкып, таза абасы дайым көңүл сергиткен айылда өскөн. Козу-улак кайтарып, майда өрүм чачтарын сербеңдете сай-сайлап жүгүрүп, улактар менен кошо таштан-ташка секирген ойноо курагы такыр эсинен кетпейт. Анан эле бир күнү ойноп жүрүп, үйгө кирсе апасы ыйлап отурат.
– Апа, эмне ыйлап жатасың? — деди Алтынчач отура калып, быйтыйган колдору менен көзүндөгү жашын аарчып.
– Эчтеке болгон жок, каралдым, — деп апасы алдындагы кичүү сиңдиси Карачачты карап коюп, шуу үшкүрүнүп алды.
– Ыйлабачы, апа.
– Ыйлабайм, садага, ыйлабайм.
– Атам каякка кетти?
– Ал ишине кетти.
– Кечинде келеби?
– Келээр… — деп арсар унчукту Умсунай, көкүрөгүн өйүгөн бир сыр бардай.
Алтынчач аны байкабады. Абсатар өзү кээде эки-үч күндөп келбей калчу, эки кызы менен Умсунай кылдыратып оокатын жасай берет. Бирок жыйырма бешке чыгып-чыга элек келиндин кызганычы күч. Өзү сүйүп тийген, жанындай көргөн күйөөсү уул төрөбөйсүң деген шылтоо менен күйөөсү өлгөн келиндин үйүнө барып жүргөнүн угуп, ичинен күйүп бышса да, балдарына билгизбегенге аракет кылат, бала неме кайдан түшүнсүн. Алтынчач быйыл окуйт, Карачач болсо үчтөн жаңы эле өткөн. Апасы ыйлаганын токтотуп калгандан кийин кыз кайра алаксып ойноп кетти. Чоң апасы Суусаркан жетимиштеги кемпир, кызынын үйүнө кеткен. Абсатар эртең менен эрте туруп, жумушуна кетип жатканда Умсунай экөө кер-мур айтыша кетишти. Ал айыл өкмөтүнүн майда-барат иштеринде иштейт, мал-кел каттоодо, жашы отуз экиде эле.
– Аби, — деди Умсунай, анткени апасы, туугандары бүт күйөөсүн Аби дешчү. — Сен бүгүн эрте келесиңби?
– Келбейм, күтпөй эле кой.
– Кайда барасың, апам да жок, корком го жаш балдар менен.
– Коркуп эмне, эчтеке болбойсуң, — деп корс этти Абсатар.
– Дагы баягыңа барасыңбы, уялат экенсиң элден угуп, каралуу аялдын кесепети тийет деп ойлобойсуңбу? — деди Умсунай.
– Эмнени ойлойм, кыйраткансып эки кызды катар төрөп коюп, мага сүйлөгөнүн кара, керек болсо азыр дагы барам, экөөңдү бирдей багам!
– Кереги жок, анда мен эки кызымды алам да кетем.
– Кете берчи, кыйратып койгонсуп мага кетем деп коркутпай, бар кете бер, алкаш атаңкына батканыңды көрөм! — деп сыланып-сыйпанып, Умсунай үтүктөп койгон шымды кычырата кийип чыгып баратканда артынан Умсунай кыйкырып калды:
– Асылбачы менин атама, ал сага эмне жамандык кылды?.
Анысы жоопсуз калды, Абсатар укмаксан боло калганы карс жаап чыгып кетти. Ошого ызаланып ыйлап жаткан. Чынында ата-энеси начар турат. Атасы көп ичип, апасын эки күндүн биринде чырылдатып сабай берет. Эң улуусу эле Умсунай, андан кийин үч иниси, бир сиңдиси бар. Жайы-кышы уруш-талаш менен күн өтөт, атасы арактан колу бошобой, жарытылуу да иштебейт. Айрыкча кайра куруу, базар экономикасы деп заман өзгөргөндөн бери жумушсуз, үйүнөн чыгып кетип, эки-үч саатка жетпей мас болуп жетип келет. Же ата-энесинен калган эски үй-жайын дурустап оңдоп алсачы, баарынын эскилиги жетип, катуураак шамал болсо кулаганы турат. Бирин-экин мал-жанын ичип, карыз боло берип, ошого төлөп бүткөн. Өкмөттөн берилген үлүш жерине дагы элчилеп бирдеме айдабайт. Жазгы жер айдоодо Үмүтай эптеп өзү жүгүрүп жүрүп, ар кимге жалдырап жатып, чемичке айдап, күздө май тарттырып сатып, балдарына тамак-аш кылат. Ошондо да Сагынбектин карыздары жан койбой эшик тешип, көбү ошого кетет, же бир айылда колунан келчү иш болсочу. Ошондон улам Умсунай атасынын үйүнө да баралбайт, эки кызы менен кайдан батат, өздөрү кээде ун жок болгондо загыра нан жеп отурушса. Эт биякта калсын, көк шорпо ичкенге зар. Умсунай ыйлап-ыйлап алды да, күнүмдүк ишине киришти. Абсатарлардын колунда бар, эки саан уй, анын торпоктору да чоңоюп, үчөө-төртөө болуп калган. Жандыктары кырк-элүүдөй. Мингенге аты да бар. Оокат-аштуу. Ошондуктан керсейип аялын теңсинбей баратты, бирок учурунда Умсунайды бир көрүп ашык болуп, ала качып алган эле. Көздөрү тептегерек, кара каштуу, мурду кырдач, буудай жүздүү татынакай келин. Болуп-толуп турган кези.
Түн. Умсунай уйкусу келбей, мелтиреп шыпты тиктеп, ойгоо жатты. Уктап жаткан кыздарын улам ачынып калса кымтылап коюп, ойлору онго, санаасы санга бөлүнөт. Күйөөсүн башка келинден кызганып, жүрөгү тызылдап, каректери эрксиз жашка толот. Кумар ышкысы ашынган жаш келин күйөөсүнүн кубаттуу кучагын эңсейт. «Эмнеге ал мени ушинтип кордой берет, бир-эки жаш кичүүлүгү болбосо, чынында Айжамалга караганда мен сулуумун го? Мен минтип басынып жүрө берсем кырыма чыгып алды, биротоло кетишим керек. Салынды болуп кала бергенче кетейин, кааласа алып алсын ошонусун», — деп ойлонуп, бир чечимге келгендей болду, өзү дагы эс ала түшкөнсүдү. Аңгыча таң агарып, терезеден жарык шоола түшүп калганын көрүп: «Таң дагы атты, минтип азап тартып жаш күнүмдө кор болгуча кеткеним оң», — деп ойлонуп жатып, уктап кеткенин сезбей калды. Бир кезде кобур-собурдан улам ойгонуп кетсе, үйгө кайненеси келиптир. Кызы Айнур жакшы жерге барган, Суусарканды күйөө баласы Темирбек жеткирип келген экен. Умсунай ыргып туруп, кийине калды.
– Келдиңби, апа?
– Ооба, айланайын, тура элексиңерби?

<<1 of 11>>
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019

Молдокенин кыянатчылыгы

201906.04.2019