Айгүл ШАРШЕН

Зонада өткөн өмүр

Зонада өткөн өмүр
<<3 of 20>>

– Кандай ушак?
– Сиздер жөнүндө, билесизби элдин көзү көрөгөч, кулагы узун, жүрөгү сезгич келет, анын үйбүлөсү бар, – деп Кыял кыска юбкасынан көрүнгөн узун шыйрактарын учкаштырып туура жактагы отургучка отуруп алып атайын өзүн көрсүн дегендей жылмайды.
– Биз жөнүндө кандай ушак, ал өз ишинде, – деген менен директор секретарынын сөзүн ойлонуп калды: «Демек ушундай экен да, күйөөсүнө да жеткендир, жумуштан чык дегендир».
– Агай, бойдоктор турса күйөөсү барлар…
– Токтот сөзүңдү! – Бектурсун үстөлдү муштап жибергенде Кыял ыргып турду.
– Кечиресиз, – деди да кабинеттен шашыла чыгып кетти. Бектурсун Дөөлөталиевич тынчсызданып жинденип жатканда кабинетти тыкылдатып калды.
– Кир.
– Аксакал, Нурсейитованы алып бардым, – деп Жунус кирди.
– Жакшы, кеттик анда, – Бектурсун кубангандай ордунан ыргып турду, – Түз эле мейманканага жеткир дагы, мен дайындагандарды алып кел.
– Жарайт, аксакал, – Жунус аста жылмая жетекчисинин артынан чыгып, ээрчише машинага отурушту. Алар мейманканага келгенде Кундуз көңүлсүз бөлмөлөрдү желдетип, отургучтардын чаңын сүртүп жүргөн. Бектурсун Дөөлөталиевич Жунусту жөнөтүп жиберип мейманканага кирип адегенде ашканадагыларга жолугуп келээр меймандарга кандай кам көрүү керек экенин дайындады да кайра бөлмөлөрдү кыдырып Кундузга жолукту.
– Кундуз, эмнеге иштегиң келбей калды?
– Шартыбыз ошондой болуп жатат…
– Кундуз, биз сүйлөшүшүбүз керек, азыр иштей бер, кечинде жолугабыз.
– Болбойт агай, күйөөм кечикпей кел деп урушуп жатат.
– Эч нерсе болбойт, ошону чечебиз, – деди да Дөөлөталиевич чыгып кетти, Кундуз унчукпай кала берди, ага баары бир болчу, мансаптуу адамдын аялы болуу ал үчүн бакыт эле…
Шамбет кечке ветврач Кангелдиев менен жүрүп кечинде аны мейманканага алып келди, Кундуз өз ишинде жүргөн, Айжан менен Сагын тамак-аш жасап жаткан, Сагын Айжанга шыбырап калды эле ал Шамбетти карап алдынан тосо тамашалап калды.
– Келген экенсиз, жок жоготтуңузбу?
– Иш да иш, шефти алып келдим.
– Кундуз эмнеге иштен чыгам деп жатат?
– Өзү билет да.
– Кой-кой, эркектер аарыдай чагып коесуңар да билмексен болуп каласыңар, жакшынакай ишинен чыгарып алып эмне кыласыңар?
– Жаш бала менен апама кыйын болуп жатпайбы?
– Баса элекпи?
– Жок, али сегиз ай эми болду.
– Жаш экен.
– Ошондуктан өзү чыгам деген го? – Шамбет эки жагын карана Кундузду издегендей болуп калганда Айжан:
– Ал бөлмөдө, коноктор түнөшөт экен, түнү менен коноктордун көзүн карайбыз го, анан калса директор дагы коркуп жатат окшойт, быйылкы төл кырылып, өлүм-житим көп экен, ордунан ыргып кетемби деп бүлкүлдөп жатат, – Айжан шыбырап көзүн кысып койду.
– Эсебин табат да, алар да адамдар, мындайдын далайын тынчыткан.
– Ким билет?
– Кой, мен Кундузга жолугайынчы.
– Сагынып кеттиңби? – Айжан тийише күлүп койду.
– Жөн эле жолукпайынбы, – Шамбет ага жооп кыла күлүп ары кетти, Кундуз диванда ойлуу отурган, күйөөсүн көрүп тура калды,
– Эмне болду?
– Эч нерсе, шеф менен келдим.
– Аа-а.
– Сен эмне, жумуштан чыгам дедиң беле?
– Ооба, – деди Кундуз суз.
– Өзүң бил, чыксаң чык, иштесең иштей бер, – деди Шамбет анын жанына отуруп, ошол убакта «комиссия келди», – дешип дүрбөп калышканда Шамбет сыртка чыгып кетти, конок бөлмөдө тамак аш жайнап кабарчы менен райондун жетекчилигинен келгендер ичке кирип орун алышканда колхоздун атка минерлери Бектурсун Дөөлөталиевичтен ылдый орун алышты. Ошол түнү алардын оозун да, колун да майлап жайгарып баары жайында дедиртип документтерин бүтүрүп жолго салышты. Ал күнү Кундузду Шамбет өзү алып кетти. Бектурсун унчукпай кала берди, алардын сырын жакшы билген Айжан менен Сагын бири-бирин тиктеп коюп өз-өз үйлөрүндө кала беришти. Бектурсун Дөөлөталиевич өзүнчө бир ой ойлонуп жатты, анын оюнда Шамбетти эптеп жок кылуу эле: «Кандай кылып көзүн курутсам экен, Кундуздан ажырабаштын бир гана жолу Шамбет, аны же түрмөгө каматып, же өзүнүн көзүн тазалоо керек, эч ким күнөөлүү болбогондой кылып», – деп ойлонгон менен кандай кылаарын билбей жатты. Эртеси Кундуз күндөгүдөй эле Шамбет менен жумушуна чейин жетип калып калды, эч нерседен капарсыз өз ишине жөнөгөн Шамбет: «Эмнеге уруштум экен, татынакай аялымды кимдендир кызганганым го. кой, балабыз турат, иштей берсин», – деп көңүлдүү ышкырып коюп өзүнүн шефине жөнөдү. Кундуз келсе эч ким жок экен, ойлуу ичке кирип диванга жатып уктап кетти, аңгыча Айжан менен Сагын келип калды, алар ар кайсыны айтып тамашалашып отурганда Жунус келип калды.
– Кундуз, мейманканага керектүү буюмдар келиптир, өзүң барып керектүүлөрүн алсын дейт шеф, калганын бала бакчага берет экен, – деди баш багып эле.
– Макул, – деди да сыр билгизбей тура жөнөдү, ал билет Бектурсун атайын чакырчу, чынында материалдар келген, мурун дагы келип Кундуз жаңы-жаңы одеал менен жаздыктардан алып калган, эми дагы ошондон пайдаланаарын сезип кудуңдай кетип жатты. Жунус адегенде эле Дөөлөталиевич күтүп турган жерге алып барды да өзү калып калды, Кундузду арт жагына отургузду да өзү айдап алып ээн жакты көздөй айдап жөнөдү.
– Кундуз, мен сени менен жакшылап сүйлөшөйүн дедим эле, – деди көптөн кийин Бектурсун Дөөлөталиевич.
– Эмнени?
– Биз жакында кетишибиз керек.
– Кайда? Кантип?!
– Сен качып кеткен болосуң, мен сени шаарга дайындуу үйгө жиберем, мен кийин барам.
– Ата-энемдер эмне дейт?
– Эч нерсе дебейт, кийин кабарлашып аласың.
– Сиз мени баары бир жөн гана эрмекке алып кетесизби?
– Ал эмне дегениң, мен сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиңби?
– Ооба билем, бирок сиздин үйбүлөңүз бар, мен сизди канчага чейин күтүп өмүр өткөрөм, кокус боюма болсо атасы сиз экениңизди айта албай, балдарым нокотек төрөлөбү? – деди Кундуз куулук менен Бектурсун Дөөлөталиевичтен так жооп уккусу келип.
– Бир аз чыдасаң мен жаныңда болом, үйбүлөм айылда калат, колхоздон кетүүнүн амалын ойлонуп жатам, жакында аялымды санаторияга жөнөтөм, анан сени шаардагы досума телефон чалып дайындап райондон өзүм узатам.
– Баламды кантем, Шамбет мени ит менен издейт, ансыз дагы ал эчтеке укпай жүрөт, элдин көбү билип калды, кайсы күнү өлтүрүп коет деп өзүм дагы коркуп жүрөм.
– Ким билип калыптыр?
– Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа деген…
– Кундуз, мен сени күйөөңдөн кызганып жүрүп өтөмбү, андан көрө сени алып кеткеним жакшы, – деп Бектурсун Дөөлөталиевич унаасын токтотуп арткы эшигин ачып Кундуздун жанына келди, – Келчи, адегенде сагынычыбызды таркатып алалы, – деп келинди кучактап басып калды, – Сенин айыңдан бүт жумушту таштагым келип жүрөт, жаным!
– Кадыр-баркыңызды бир аял үчүн түшүргүңүз келеби? – деп Кундуз улуу киши экенине карабай бүт денесин бош таштап дилин, жүрөгүн тартуулап кыткылыктап жатты.
– Сен үчүн баарына барам, партиядан чыгарса дагы кайылмын!
– Ыраспы?
– Чын айтам Кундуз, мен башкаларды башкарганым менен, сенин алдыңда бир эркекмин, – Жанталаша өпкүлөп жатканда Кундуз үнүн чыгара онтолоп колдорун карылуу эркектин жонуна бекем аткый акыштанып жатты. Көптө барып шалдая кучакташып жатып калды да жерге түшүп суу жээгине барып жуунуп келип Бектурсун ала келген тамактардан жеп, ширин винодон ичип кучакташа өпкүлөшүп дагы көпкө отурушту.
– Менин күйөөм ушунча эл уккан сөздү укпай керең болуп жүрөт, кайненем билет экен, этият бол деди, – Кундуз Бектурсунду карабай туруп айтты.
– Кантип, кайненең угуп калыптырбы?
– Эбак угуптур, кетейин десем кетирбей койду.
– Анда кайненең жакшы киши го, болбосо баласынын көзүнө чөп салган келинге жакшы айтмак беле? – деп Бектурсун Дөөлөталиевич ойлонуп калды.
– Ооба, кайненем абдан жакшы аял, эсиң барда этегиңди жый деп кайра акыл айтты, – Кундуз улутуна карады, – Мейманканага жабдуулар келгени чынбы?
– Ооба-ооба, каалаганыңды кечинде Жунус менен жеткирип ал, жакшы матрацтар менен одеалдар келиптир.
– Макул, сиз эмне десеңиз ошондой болот, – Кылыктана күлүп койду, – Агай, мага бир кой керек болуп жатат.
– Качанкыга?
– Үч күндөн кийин баламдын туулган күнү.
– Үйүңө жеткирип берейинби?
– Ой жо-ок, кайненем ошондо мени кандай кылаар экен, ансыз дагы кебез менен мууздап отурат.
– Анда кандай кылабыз?
– Сойдуруп берсеңиз эле мейманканадан өзүм алып кетем.
– Болду, сен каалагандай болот, кана эмесе кандай деп чечтик? – Бектурсун Дөөлөталиевич келинди ээгинен ала өзүнө каратып көздөрүнө тигилди, – Балаң экөөңөрдү бир жумадан кийин жөнөткөнгө макулсуңбу?
– Билбейм, ойлонуп көрүүм керек, сизге таянып жылуу очогумдан айрылып калбас бекенмин, миң ойлонуп бир кесүү керек мындайды.
– Туура айтасың жаным, бирок сени мен талаага таштабайм.
– Убакыт көрсөтөт, мен дагы ата-энемди, Шамбетти ойлошум керек, аялы бирөөнү ээрчип кетсе намысынан бир нерсе болбойбу, сиз менен касташып бир балээ болуп кетпейби…
– Коркпо, баарын өзүм бүтүрөм, менден шек албай турган болот.
– Ага жамандык кылбаңыз.
– Андай жаман ой жок, – деп Бектурсун ойлонуп калды.
– Эмесе кеттик, сиздин иштериңиз калды го? – Кундуз ордунан турду, – Карыган кайненем жаш бала менен кыйналып да жүрөт.
– Макул кетели, сени мейманканага Жунус жеткирет, азыр барып тиги матрацтарды алып келгиле, – деди.
Ошол түнү Кундуз үйүнө жаңы матрац менен одеал, төшөктөрдү, жаңы жаздыктарды түшүртүп алды. Толгонай ичинен баарын түшүнүп турду, жаман жол менен келген буюмдун жакшылык алып келбесин билип жатса да үндөбөдү. Шамбет келгенде көрүп:
– Ой буларың эмне? – деди.
– Мейманканага келиптир, Айжан экөөбүз бөлүп алдык, жакында эле алмашканбыз, – деди Кундуз, – Колдон келип турганда алып-алып коеюн.
– Кийин растрата болуп жүрбө.
– Кам санаба, мен уурдап алыптырмынбы?
– Ушунчаны алганың үчүн соттолосуң го?
– Соттолбойм этпейм, көп болсо үч матрац, үч жаздык, үч төшөк алдым да, ошондон короп кетмек беле?
– Директор билип калса эмне дейт билесиңби, өзүбүздүкү деле жетет, экинчи албай жүр! – деп эшикке чыгып кетти.
– Макул эми албаса албай эле койдум, – деп үй жумушуна киришип кетти, баласын жуундуруп, тамак жасап жаны тынбай ишин бүтүрүп жүрүп ойлонуп жатты: «Бектурсундун айтканына көнгөнүм туурабы же жылуу ордумдан козголбой кала берсемби, Шамбет деле жакшы адам, бирок биз бири-бирибизди сүйгөн эмеспиз да, атамдар эле болбой койгон, кандай кылсам экен, тобокел деп басып кетсемби, анда баланы таштап эле коюшум керек», – деп ойлонуп жатып тамак берди, үйүн жыйыштырды. Төшөк салып кайненесин жаткырды, андан кийин өзү ортого баласын алып жатып алды.
– Баланы бешикке эле бөлөп койбойсуңбу? – Шамбет кирип келип.
– Бөлөбөй эле коеюнчу, апам деле кечке бөлөйт, эркин жатсын.
– Эчтеке болбойт, бала деген бешикте эле чоңоет, бөлөп кой, – деп кыңкая жатып уулун өөп койду, – Илгери күнү-түнү менен бешикке бөлөп коюп иштешкен да.
– Ии-ий, мен деле чарчадым, койнубузда жата берсинчи.
– Анда ары жагыңа ал, – деди Шамбет, – Өз аялымдын жанына кең-кесири жата албаймбы? – Шамбет Кундузду кучактап өзүнө тартты, – Келчи бери.
– Жөн жатчы, күндө эле жаныңдамын го? – Кундуз көңүлсүз анын колун түрттү, – Эс ал андан көрө.
– Кантип, аялым жанымда жатса жөн жатамбы? – деди да уулун өзү көтөрүп четке жаткырды, – Жаным менин, бири-бирибизге байланыштырган ушул нерсе да, мунсуз жашоо кызыксыз, – деп өпкүлөп жанталаша ычкырына колун сойлоткондо Кундуздун көз алдына Бектурсун элестеп Шамбетти жактыра бербей салкын болуп туруп алды. Шамбет анысын байкабай өз ишин бүтүрүп өөп-өөп алып жатып калды. Кундуз дароо баласына караган болуп бурулуп жатып: «Эмнеге койнуңдагы никелешкен эриңден дагы бөтөн эркек жакшы көрүнүп калат, мен Шамбетти жактырбай баратамбы, балалуу болуп калгандан кийин тынч эле үйдө жүрсөм болмок экен», – деп ойлонуп жатып кеч уктады.
Бектурсун Дөөлөталиевич тыным албай ойлонуп жатып бир ойго токтолду. Эртеси мал доктур Нурмат Асановду өзүнө чакырды.
– Нурмат, эртең сенин шопуруң, менин шопурум болуп кийикке чыгып келели, райондон чалышса бизди жайлоодогу малды текшерип кыдырып жүрөт деп коет, кандай дейсиң?
– Жакшы болот эле, аксакал, – Нурмат кубанып кетти, – Сиз дагы биз дагы күн-түн дебей партиянын ишин аткарабыз деп жүрүп өзүбүздү унутуп калгандай болдук.
– Анда даярдан, ала тургандарды өзүң бил.
– Жарайт, ошондой кылбасак болбойт.
– Мылтык бар бекен, бир мылтык алып ал, тамаша кылып келели.
– Мен барайын анда, – Нурмат тура жөнөдү.
– Камына бер, – деп Бектурсун Дөөлөталиев мыскылдуу жылмайып алды: «Сени шашпа, ушул тоолордун арасында арбагың кала турган болсун, сен жок болсоң Кундуздун башы бош болуп каалаган убакта жанымда болот», – деп алаканын жанып алды. Шамбетти билмексен болуп жатып таштап, эсебин тапкысы келип турду, бирок окуя теңирден тескери болуп, качандыр бир кезде өзүнө мылтык болуп атыларын сезбеди. Кундуз ушул кезде даярданып директордун айтканына көнмөк болуп бир чечимге келди. Баласын эмчектен чыгармак болуп эмгизбей сүт берип жатканда Толгонай:
– Ээ балам баланы эмитен эмчектен чыгарбай эле койсоңчу? – деди.
– Кечке иштеп жүрсөм ачып деле калат экен апа, андан көрө чыгарып койгон жакшы го, жакпай да калат экен, чоңоюп калбадыбы.
– Бала эмчек менен бала, эрте чыгарып койсоң чыныкчал болуп калат, – деп Толгонай кейип калды, Кундуз анын кейигенин капарына дагы албай: «Шашпа, бала сенде калганда көрөсүң, мен сыртынан карап турам, Шамбет башка аял алганда гана келип өзүм алып кетем», – деп ойлонуп өз ишин кылууга өттү. Коңшу-колоңу кеп кылып, эшикке чыккандан тартынып калган, кетээрине бир жумадай эле калган болчу, өзүнүн апасы келип калды.
Карабек бир айылга кадыр-барктуу адам, Шааркан жибектей созулган аял эле, беш баланы чоңойтуп, өз-өз тууруна кондуруп койгон, Кундуз төртүнчүсү, андан кийин дагы бир уулу бар, бакыбат жашашат, Карабек жаш күнүнөн эле совхоздун майда иштеринде иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Шааркан алдына аял салбаган уз эле, картайса дагы шырдак оюп, кийиздерди түр салып жан киргизет. Шааркан кирип келип Толгонай менен учурашып орун алды:
– Кудагый, жакшы турасыңарбы, денсоолугуңуз жактыбы?
– Кудайга шүгүр, жатабыз кудай деп.
– Ооба, аз калган өмүрдө уул-келинден айтсынчы.
– Анан эмей, сокурдун тилегени эки көз дегендей менин дагы тилегеним ошол, карыганда балдарга жаман көрүнбөй көз жумсам деп отурсам, – Кейий сүйлөдү, – деп Кундузду карап койду, – Көп жашап балдарга жаман көрүнүп калган жаман.
– Кой кудагый, али күүлүү-күчтүүсүз, ушулардын төрүнөн сый көрүп, бакыбат жашай бериңиз, – Шааркан дагы Кундузду карады, – Сизди сыйлап бакса, өздөрү да балдарынан сый көрөт.
– Кудайга айланайын, Шакенимди кандай гана азап менен бакпадым, согуштан кийинки оор кез, машак терип буудай, жүгөрүдөн атала жасап ичип, нанды көмөч кылып ушу балам ачка болуп калат деп өзүм жебестен катып коеор элем, – Оор дем алып алды, Кундуз апасынан көзүн ала качып дасторкон жайып чай алып келди: «Апам дагы бир кеп угуп келген го, эми эмне деп жооп берем, чай берип коюп жумушка кетип калайын», – деп ойлонуп жатты ичинен. Кудагыйлар көпкө сүйлөшүп жатып анан кетмек болду. Кундуз апасын узаткан болуп сыртка чыкты, Толгонай Аргенди алып отурган.
– Кундуз, сенин артыңдан эмне деген сөз ээрчип жүрөт? – деп Шааркан көзүн алайта кызын каарый сурады.
– Эмне деген сөз экен?
– Билмексен болгонуңду кой дагы ушунчаңда баарын жыйыштыр!
– Сиз эмнени айтып жатасыз? – Кундуз дагы кабак-кашын тырыштыра суроо узатты.
– Кокус атаң укса намысынан өлөт, Шамбетчи, ал укса сени соо кобойт, намысынан өлтүрүп коюшу да мүмкүн, – дегенде Кундуздун жүрөгү болк этип алды.
– Апа…
– Болду, ушундайда тыйыл, күйөөң элден кемби, келбеттүү жигит, ырысыңды теппе кызым, биздин жашообуз бөлөк, дайым сени коргоп жаныңда боло албайбыз, эркек жүрсө эчтеке эмес, аялдын шерменде болгону жаман, никелүү эриң бар туруп эриңдин көзүнө чөп салганың акылсыздык, жеңил ойлук, – деди да Кундузду сүйлөтпөй басып кетти, Кундуз ыйлагысы келип туруп калды: «Чын эле, эгерде Шамбет билсе өлтүрүп эле коет», – деп ойлонуп зыңгырай ичке кирди:
– Кудагый кеттиби балам?
– Ооба кетти.
– Эми жумушка кетесиңби?
– Азыр барам, тамак жасап коеюнбу апа?
– Ошент балам, түштө ысытып ичип алалы, – деп Толгонай Аргенди кошуп айтты, Кундуз үндөбөй сыртка чыгып газга тамак жасады. Анан кийинип, жасанып алып ишине жөнөдү. Бул күнү Шамбет, Бектурсун Дөөлөталиевич менен Асанов Нурмат болуп тоого кетишкен, Бектурсун шопурун алган эмес, үчөө тоого барып эс алмак, Шамбет таштан кемеге жасап куурдак жасап, чай кайнатты, анткени Бектурсун айткандай Нурмат керектүүнү ала келген. Жайдын орто чени күн ысып турган. Чакан дасторкон жайып ала келгендеринен ичип жатышты, айрыкча коньяк ичип бир топтон кийин кызуу болуп калышты, Шамбет азыраак ичип аларды ээн коюп тоо башын көздөй жөнөдү. Бектурсун Дөөлөталиевич болсо кызып калгандай түр менен жамбаштай жатып алды. Ал бир ыгын табуунун амалын ойлонуп жаткан, бирок дари чыдабай эмне кылаарын билбей жатты. Шамбеттин артынан Нурмат да кеткен, бийик жерге чыгып алып эки жакты карап суктанып жатышты. Бектурсун ордунан туруп тигиндейрээктеги бадалдын түбүнө жашынып алып аларды карап турду, Шамбетте мылтык жок эле, Нурматта чып этме бар болчу, экөө ылдыйлап келе жатканда Бектурсун Шамбетти мээлеп туруп атып жиберди эле ок ага тийбей эле Нурматка тийип жыгылып түштү, көрсө дал жүрөккө тийген экен, коркуп кетип ордуна келип жатып калды. Шамбет Нурматтын башын өйдө кылып алып:
– Нурмат аке, Нурмат аке, эмне болуп кетти? – деп башы шылкылдап көзү аңтарылган Нурматты көтөрүп жөнөдү, – Бектурсун аке, Бектурсун Дөөлөталиевич! – деп ыйлап келе жатты.
– Эмне болуп кетти? – деп жакындаганда чоочуп ойгонгон болуп башын көтөрдү Бектурсун Дөөлөталиевич.
– Ким атты, мына эми кантебиз?
– Эмне болуп кетти? – Чоочугандай суроону кайталады.
– Атып койду, мен тигил жакта кимдер барын байкап келейин, – деп жаткыра коюп ары жакка жүгүрдү, ошондо аны артынан атып койгусу келип барып кайра токтоду: «Оюндан от чыгардым, бир кишинин каны мойнума жүктөлдү, мунун мойнуна жүктөп каматып жибериш керек», – деп ойлоду да Нурматтын ачылып калган көзүн жаап, бетине өзүнүн кастюмун жаап койду, анан жерде төшөлгөн төшөктөрдү унаасына салып, дасторкондорду жыйды. Аңгыча Шамбет келип калды.
– Эмне, бирөө жарым бар бекен? – деди Бектурсун ага карап.
– Эч ким көрүнбөйт, – Терин аарчый аргасы кеткендей карады.
– Эми эмне болот, ким атышы мүмкүн?
– Билбейм, балким суур же коен атабыз дегендер кайытып алгандыр?
– Эмне болгондо да жооп берүүгө туура келет.
– Ким жооп берет? – деп Бектурсун Дөөлөталиевич Шамбетти көзүн чакырайта карады, – Сен өзүң атып койгон жоксуңбу?
– Бектурсун аке, мен жинди болуптурмунбу?
– Болбосо ким атат, корочье өзүң мойнуңа аласың, – а мен акырындык менен бошотуп алам, сөзүбүз бир болсун, сен экөөңөр уруша кеттиңер, анан ал сени сөктү, жаман сөз менен кордоду, ачууң келип анын колундагы чып этмени алып атып ийдиң, жок-жок, – Бектурсун башын чеңгелдеп жандалбастап жатты, – Ал сени атмак болду, сен өзүңдү коргодуң, ушундай эмеспи ээ? – деп көзүнүн төбөсү менен карап сынап турду.
– Кантип, андай болбосо кантип айтам?
– Деги башың жок экен, же мени атты деп турасыңбы? – деп ороңдогондо Шамбет ага сөз кайтара албады, – Мен калпты айтып көнгөн эмесмин аксакал, бөөдө камалгым келбейт, – деди үңүрөйө.
– Анда мени кармап бергиң келип турабы?
– Жок-жок, бирок чындыкты айтыш керек.
– Чындыкты кайдан табасың? – Кекете карады.
– Анан камалып кетмек белем?
– Камалбайсың, сени мен куткарып алам, эптеп алаксытып туугандарын тынчытсак андан кийин сени куткарып кетем.
– Кыз-зык, күнөөсүз күнөөлүү болот экенмин да?
– Айла жок, сен милицияга өзүң бар, мен сүрүштүрөм, балким күнөөлүүнү таап калабыз, – деп Бектурсун Дөөлөталиевич аны кыйды карап коюп унаанын артын ачты, – Эптеп салып баралы да аттуу-баштууну чакырып үйүнө жеткирип угузуш керек.
– Кантип угузуу керек, киши колдуу болгонун укканда соо койбойт да? – Шамбет калтырап коркуп турду, – Конторго барабызбы?
– Ооба, – деди да Нурматтын жанына келди, – Көтөр! Экөө аяк башынан көтөрүп арткы отургучка жаткырышты да жөнөп кетишти, Шамбеттин аргасы кетип кулагына эч нерсе угулбай кете берди. Айылга келээри менен конторго келип эле участковойду чакырды, Шамбет коридордо аркы-терки басып турган, аны эки милиционер келди да колуна кишен салып алып жөнөштү.
– Мен күнөөлүү эмесмин, аныктап туруп анан кармабайсыңарбы? – деп жулунду эле ага кулак салышпады, анын үнүн уккан Бектурсун Дөөлөталиевич мыйыгынан күлө жылмайып алды да: «Ажалың жок экен, шоруң бар экен, эми тор артында жашай бер», – деп ойлоно оор күрсүнө ордунан турду. Кеч күүгүмдө Нурматты үйүнө алып барышты, элдин оозун ким тыймак, ар кимиси ар кандай сөздү айтып жакасын кармап шыпшынып жатышты. Шамбетти түндөп районго алып кетишти, эртеси уккан Толгонай директордун кабинетине келди.
– Келиңиз, – деп кайдыгер орун көрсөттү директор.
– Балам, сен дагы бирөөнүн баласыдырсың, Шамбет менин жалгызым, өлсөм көмөөрүм эле, бирөөгө жамандык каалачу эмес, калп да айтмак эмес, бийлигиңе таянып баламды каматкың келдиби, андай эле аялы керек болсо балама асылбай эле алчуңду алып кетпейт белең, эми мен өлсөм топурак салаарым жок ким көмөт?!
– Эне, андай эмес, балаңыз экөө уруша кетип өзүн коргойм деп жатып атып алыптыр, мен алардын жанында эмес элем, – деп ордунан тура калды, ал Толгонайдын Шамбеттин апасы экенин эми билген эле.
– Жо-ок балам, сен көз көрүнөө жалаа жаптың уулума, Кундуз экөөңөрдүн кандай мамилеңер бар экенин угуп билсем дагы айткан жок элем, эси болсо тыйылаар дегем, баласынын убалы кимге, кан куткарбайт деген бар, бөөдө кеткен балама эмес сага тийет убалы, моюнуңда калды, менин көз жашым менен өлгөн баланын тууган-туушканы, аял бала-чакасынын убалы сенде, жакшылык көрбө балам, башка айтаарым жок! – деди да кабинеттен чыгып кетти. Бектурсун Дөөлөталиевич зыңгырай отуруп калды: «Ка-ап иттики, туура кылган жокмун, кокус Шамбет өлсө деле менден көрмөк экен, элдин ушак кылганын билбегенимди карачы», – деп ойлонуп дароо районго телефон чалды:
– Ало, Исакович кандайсыз, бала-чака чоңоюп жатабы? Ооба-ооба, бир иш болуп калды, эртең жолугайын ордуңузда болосузбу? Ма-акул-макул, түшкө чейин барып калам, давай-давай, – деп трубканы коюп койду да ордунан туруп аркы-терки басып: «Демек бул жерден которулуп кетишим керек, баары таңгалгандай болсун, мен эбин таап кутулдум, Шамбет тутулуп жата берсин», – деп ойлонуп жатты. Ошол кезде башкы бухгалтер кирди.
– Жолдош Бектурсун Дөөлөталиевич, өлгөнгө акча керек деп жатат, айлыгын беребизби?
– Айлыгын, ага кошуп аппараттан акча чогулткула, – деди Бектурсун Дөөлөталиевич.
– Жарайт аксакал, айлыгынан сырткары эки миң сом чогултуп бергиле.
– Жарайт, – деди да чыгып кетти. Бектурсун Дөөлөталиевич жаны жай албай жатты, Толгонайдын айтканы кулагынан кетпей туруп алды: «Куткарганга аракет кылып көрөм, болбосо кете берсин», – деп кенебей кабинеттен чыкты…
Шамбет СИЗодо жатты, ошол күндү эстеп алып: «Демек башка бирөө эмес, Бектурсун кылган экен, неге ага өчөштү экен, эмнеге мага түртө салды, өз аброюн сактагысы келдиби, киши өлтүрдү болуп жалган жеринен күйүп кетемби, балким сөзүнө туруп куткарып алаар, ал жерде эч ким жок болчу, демек атайын аткан экен», – деп ойлонуп жатып уктап кеткен экен аны түрткүлөп ойготуп жатыптыр.
– Эй тур, жолукканы бирөө келди.
– Ким экен?
– Апаң болсо керек, – дегенде Шамбет тура калып милициянын коштоосунда чыгып келе жатып апасын көрүп боору ооруп кетти.
– Каралдым ай! – деп жүткүнө өзүн көздөй бой таштады Толгонай, – Каралдым, акыбалың кандай? – Кучактап алып солкулдап жатты.
– Апа, менде күнөө жок, ким атканы белгисиз, табылат апа, кейий бербе, – деди да чыдай албай өзү дагы солкулдап ыйлап ийди, – Кундуз келбедиби апа?
– Ал келген жок балам, ал сени чындап киши өлтүрдү деп жинденип жатат.
– Ага түшүндүрүп айт апа, мен эч кандай киши өлтүргөн жокмун, күтсүн мени, акыры акталып чыгам, – деп үстөлгө келип отурушту.
– Уулум, районго же исполкомго, болбосо обласка арыз жайынбы?
– Жок апа, менин эч кандай күнөөм жок, баары бир акталам.
– Тилегиң кабыл болуп кудай өзү жар болсун садагаң кетейин, кардың кандай болуп жатат, а-а эсиң курган жаным ай, тамак бышырып келбедим беле? Муздай электе ичип алчы балам, – деп баштыгын бери тартып алып ичинен битон алып чыкты, кесе кашык алып колдору калтырай куюп бермек болгондо:
– Апа, бул жерден ичкенге болбойт, – деди Шамбет.
– Ийе кокуй карангүн, өз колум менен берейин дебедим беле? – деп наалый кайра жапты.
– Өзүм ичип алам апа, эми бара бер, Аргенди өөп кой, Кундузга айтыңыз эч качан ушакка ишенбесин, мен күнөөлүү эмесмин.
– Айтам каралдым, эми бир кудайдан башка арга жок, кантейин… – Толгонай муңкана көз жашын жоолугунун учу менен аарчып, баласын бекем кучактап эки бетинен өөп чыгып кетти. Селдейип отурган Шамбетти милиция алып кирип кетти, тамак куюлган идишти алып алды. Чынында жүрөгүнө эч нерсе барбай калган, арадан он күн өтсө дагы Кундуз басып келбеди, ал төркүнүнө кетип калган эле, бир үйдө Толгонай жалгыз кала берди, эртели кеч сыртка чыкканы болбосо эч ким жашабагандай үй томсоруп турат. Бир ай болгондо Шамбет акыйкат издеп жогорку сотко арыз жазды, бирок жооп келбеди, Дөөлөталиевичтин жыты жок жоголду. Ошондо Шамбеттин кыжыры кайнап: «Сени мен атып койсом болмок экен, мындай болоорун ким билиптир, демек өз башын калкалап мени кармап берген экен», – деп ойлонуп кылаар айласы жок тордун ичинде муштумдары түйүлө калып жатты. Кундуз бир басып келбеди, Толгонай бүжүрөй бир-эки күндө келип турат, эне бечаранын оюна койсо эле баары ойдогудай болоорун сезип тургандай, көзү көрбөсө дагы көкүрөгү туюп, сезип тургандай, Кундуздун кетип калганын айткысы келбей алаксытып анан кетет. Кары баарынан дагы небересин ойлоп жатты. Шамбеттин жакын тууганы болбогондуктан мындайраак туугандары аны капарына да алган жок, кайра аны жектеп өздөрүнчө кеп кылып калышат.
– Жалгыз башына эмне күч келди, – деди атасына ага-ини тууганы Бөлөкбай, – Катынын коруй албай бирөөнү өлтүрүп.
– Ошону айтсаң, эми өз азабын тартып жата берсин.
– Аны коргойбуз деп бир балээге калгыдай акыбал жок да.
– Энесине кыйын болду, ээн тамда чүкөдөй болуп жалгыз калды.
– Эртең соту болот имиш го?
– Соту болсо барып коелу.

<<3 of 20>>
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019