Айгүл ШАРШЕН

Зонада өткөн өмүр

Зонада өткөн өмүр
<<2 of 20>>

Сайкал абдан жашында турмушка чыккан, ал кезде төртүнчү класс билим барларды алыскы айылдын балдарын окутууга мугалим кылып койчу. Сайкал ошентип зээндүүлүгүнөн улам балдарды окутуп жүргөндө атасы күчкө салып күйөөгө берип койду, үч эркектин ичиндеги жалгыз кыз, атайын кыз Сайкалдай болсун деп атын Сайкал коюшкан. Он бешинде күйөөгө тийген Сайкал жашоо, турмуш эмне экенин деле анча биле берчү эмес, бактыга жараша кайненеси жакшы болду, анткени Чыныбай алардын жалгыз уулу эле. Чыныбай келе жатканда жүктүн бурчуна кире качып аябай коркуп жүрдү, анын бул кылыгына күлкүсү келип:
– Сайкал, сен менден качпа, мен сенин күйөөңмүн да, – деп бир күнү бекинген жеринен тартып алды.
– Корком да сенден.
– Эмнеге коркосуң, мен сени жакшы көрөм, аялым болуп калдың, эми сен мен келе жатканда тамак даярдап, кийимдеримди таза жууп тосуп алышың керек, – деди бооруна кыса. Жыйырма бешке чыгып болуп толуп турган кези, өзү дагы күрөшкө чыгып, улак тартып баатыр-балбан мүчөлүү Чыныбай келинчегин өзүнө тартып, жаштыгын, балалыгын эске алып эркелетип алчу. Бирок ата-энесинин көзүнчө кайдан, алар бир аш-тойлорго кеткенде ээндетип жанында боло калчу, ыймандуу жигит келинчегин акыры өзүнө көндүрүп алды. Атасы Кулунбай менен апасы Шаарбү да келинин кызындай көрүп уктаса уктадың дебей тим койчу, эки жылга аяк басканда гана боюна болуп ушул Шамбеттин атасы Кадырбайды төрөгөн. Келининин көзүн карап, дагы да төрөп, тукумубуз көбөйсө деп тилеген ата-эне Кадырбай онго чыкканда катар-катар өтүп кетти. Кадырбай төрөлгөндө Чыныбай менен Сайкал али жаш эле, ата-энеси өтүп, турмуштун ысык-суугун баштан өткөрүп калганда гана уулунун жалгыз болуп калганын сезип кейип жүрүштү. Бирок элдин, улуулардын айтымында булардын тукумуна каргыш тийип: «Тукумуң өспөсүн, өссө бирден ашпасын», – деп ата-бабасына чейин каргыш кеткенин айтып калышчу. Кадырбай жыйырма бешке чыкканда аны үйлөндүрүп өздөрүнчө үй салып беришти, Толгонай апаппак жүздүү, эки бетинин отуна эндик сыйпагандай тарам-тарам кызылы бар толукшуган, он жетиге жаңы чыккан кыз, Кадырбайга бир көрсөткөндө жагып калды да үйлөндү. Ата-бабадан келе жаткан салт менен кызды кол менен жар-жар айтып, энеси менен жеңеси кошок кошуп, чачын экиге бөлүп өрүп үйдөн узатышты. Сайкал кайненесинен таалим алгангабы же өз энеси салт-санааны, үрп-адатты билген аялбы, өтө жакшы аял эле. Кырчындай күйөөсү өлгөндөн көп өтпөй эле төшөккө үч күн жатып көз жумду. Кадырбай ошондо гана жетимдик эмне экенин сезди, колдорунда эки айлык уулун эрмек кылып кайгы касиреттен кутулуп баштаган, бирок тагдырдын тайгүлүк ташыбы уулу Шамбет алты айлык болуп калганда оорубай туруп эле бул өмүрдүн кызыгын эми сүрөөрдө өтүп кетти. Толгонай көз жашын көлдөтүп, уулун бооруна кысып он жети-он сегиз жашында жесир калды, же агаларына барып, же эжелерине даттанбады, жалгызы Шамбетти канат-бутак кылып жашап калды. Көлдөгөн көз жашы кургап, улам жылдар өткөн сайын уулу чоңоюп караан болуп баратты, ал кезде унду килдеп берип Хрущевдин заманы болуп турган, чакмак канты өзү ичпей уулуна чагып сактап берээр эле. Мектепке окуп калганда өзү жетелеп барып, сабактан чыгаарда барып күтүп туруп алып келчү. Ошентип жылдар жылып өтүп Шамбет мектепти бүттү, сабакты жакшы окуган жок, эптеп профтех училищасына кирип шопурлуктун күбөлүгүн алып иштей баштады. Толгонай он сегиз сом пенсиясы менен күн көрүп жыйган-тергенин чогултуп келин алды, келини жаман чыккан жок, өзүнө кайрымдуу, болгону төрөбөй беш жыл жүрүп анан уул төрөдү, ошондо кубанганын айтпа:
– Каралдым, уулумдун тукум улаары, – деп наристенин чекесинен өөп келинине ак батасын берген эле. Шамбет жүрүп-жүрүп директордун шопуру болуп калды. Директор абдан каардуу адам, Шамбет ага жагып калды, чоңдор келсе атайын мейманканада тосуп кой союп келин-кыздар кызмат кылат. Шамбет аялын мейманканага иштетип койгон, Бектурсун Дөөлөталиевич Кундузга көзүн агытып калып, Шамбетти колдоп, узак жакка жумшап жүрүп бир айдан кийин эле кайра Шамбетти совхоздун ветврачынын шопуру кылып өзү башка шопур алды. Убакыт өткөн сайын Кундуздун түрү өзгөрүлүп, күзгүнүн алдынан кетпей, уулу Аргенди кайненесине берип жумуштан бошобой кала турган болду. Жумуштан кеч келип, эрте кеткен Шамбет аялына анча көңүл бөлүп же этибар алган жок. Бир күнү кеч келсе жаш бала менен апасы Толгонай жалгыз отуруптур, эки жакты карап аялын издеген Шамбет:
– Апа, Кундуз кайда кеткен? – деди уулун эңкейип өөп жатып.
– Кечигип жатат го балам, дагы коноктор бар го?
– Эмнеге? – Шамбет ачуулуу сыртка чыгып кетти, ал мейманканага жөнөмөк болуп машинасын от алдырып дарбазадан чыга бергенде алдынан Кундуз көрүндү, ачуулуу Шамбет дароо унааны токтотту да түшүп жетип карыдан алды, – Кайда жүрөсүң ыя?
– Сага жин тийдиби, жумуштан кеч чыктым.
– Жалгыз калып эмнени бүтүрүп жүрөсүң, же жалгыз сага жүктөлгөнбү?
– Коноктор келиптир, Айжан менен Сагын үчөөбүз калганбыз, – Кундуз корккон түрдө элеңдей жооп кылды.
– Жөө келдиңерби? – деди Шамбет жоошуй.
– Жок, машина келе жаткан экен, жолдон түшүп калдык.
– Мындан ары мынча кечикпей баса бер! – деди да кайра унаасын айдап үйүнө кирди, Кундуз коркконунан калчылдап кеткен эле, дарбазадан кирип «Өх», – деп алды, анан колундагы көтөргөн баштыгын көтөрүп кайненеси отурган бөлмөгө киргенде:
– Балам кайда жүрөсүң, кечикпей келсең боло, Шамбет сени издеп кетпедиби, – деди наалый Толгонай.
– Мен ойноп жүрүптүрмүнбү, эрте кел, эрте кел дешет, – Кундуз кайненесине бултуңдай ички бөлмөгө кетээрде артынан кирип келе жаткан Шамбет жини келе бакылдады:
– Бу сенин тилиң узарып калган го, мага тил кайры андан көрө, апам сага эмне кылды?
– Мен ойноп жүргөнсүп экөөңөр тең асыласыңар…
– Болду, мындан ары иштебейсиң, карыган неме бала карап кыйналып калды, буту чыгып өзүнчө болгуча үйдө отур!
– Эмнеге иштебейм, үйдө отурсам буларды ким бермек эле? – деп Кундуз баштыгындагы семиз этти табакка салып булкунганда Шамбет кайрадан жинденип кетти.
– Мен сени ачка кылдымбы, сенсиз дагы баарын өзүм алып келип жатам, тапканыңды милдет кылбай үйдө отур!
– Кой балам, мен үчүн урушпагыла, иштесе иштей берсин, бармактай баланы бакпаганда эмне, кыйналган деле жокмун, – Толгонай уул-келинин урушуп кетеби деген ойдо басмак болду, – Иштеп оокатыңарды кыла бергиле.
– Иштебей эле койсун.
– Болуптур, иштебесе иштебей эле койдум, – Кундуз урушту ырбатпайын деген ойдо кийимин алмаштырып келип дасторкон жайып чай алып келди, Шамбет апасын кейитпейин дедиби унчукпай отуруп калды. Ошол бойдон сөз уланбай Кундуз ичинен кыжаалат болуп Дөөлөталиевичтин өзүнө шыбырап: «Алтыным, сен меники гана болушуңду каалайм, күйөөңдөн ажырашсаң сени шаардан үй алып киргизип коюп билгизбей жүрө берет элек», – деп моюн башынан өпкүлөп жалынганы кулагынан кетпей тымызын улутунуп алды: «Өлүп кеткир десе, баламды алып туруп Бектурсун менен макулдашып таптырбай кетип калбасамбы», – деп күйөөсүнө жини келип алды. Таң заарынан Шамбет кеткенден кийин келинине:
– Балам, эр деген тескейт, кызганат, силер азыр жашсыңар, эртерээк келип жүр, – деди аста үн катып.
– Мен эмне ойноп жүрүптүрмүнбү, минте берсе баламды алам да кетем, же мен бирөө менен кетип жаттым беле, керээлди кечке кол бошобой иштейм, калган катканды көтөрүп келем.
– Кой айланайын, мага булкунбай үйбүлөңдү сакта, кетем десең кетип деле каласың, сага эр жокпу, Шакенге катын жокпу. ортодо мына бул балага гана кыйын болот, – Толгонай саал ачуусу келгендей чыйрыга сүйлөдү. – Кетсең жеңил баа болосуң, Шакен жокто айтайын, сенин директор менен ушак болуп баратканыңды бир гана уулум билбейт, – дегенде Кундуз бир саамга нестее түштү да:
– Айткандар балакетимди алсын, сиз ошого ишенип Шакенди тукургуңуз келип жатабы? – деп алая карады.
– Аа-а балам ай, мен силерди бузуп эмне кылам, кара чечекейимдин алганы көзүнө чөп салып жүргөнүн угуп ичим ачышса да неберемди ойлоп, үйүңөр бузулбасын деп тилимди тишиме катып отурам, эсиң барда этегиңди жый!
– Жыйбасам билгениңерди кылгыла, мен төркүнүмө кетем! – деп уулун уктаган жеринен алып кийинте баштады. отурган жеринен козголбогон Толгонай токтоо:
– Төркүнүңө эмне деп барасың балам, Шакен сени чекеңен чертпесе, же директор менен сөзүң бүтүп калды беле, ошондо дагы атаң жаман киши эмес, жылан чакпай, жылкы теппей жетип барсаң намысынан бирдеме болбосун, али төркүндөрүң дагы баарын уккандыр? – деди эле отурган жеринен козголо албай ыйлаган бойдон кайненесинин жүзүнө тик карай албай уулун кучактап солкулдап жатты.
Көптө барып уулу Аргенди жаткырып коюп сыртка чыгып кетти, ал жумуштан чыгууга арыз таштамак болуп канторго барды, Бектурсун Дөөлөталиевич келе элек экен, секретар кыз аны көрүп эле:
– Эже, кандай жумуш менен келдиңиз эле? – деди күлүмсүрөй.
– Жумуштарым бар.
– Сиз дагы кабинетке келет экенсиз ээ?
– Эмнеге келбейт экенмин? – Кундуз аны алая карады, Кыял деле бир күйөөдөн чыккан келин болчу, өзүнө көңүл бөлбөй Кундуз менен жүрөт деген ушакты угуп өзүнчө ич күйдүлүгү бар эле.
– Дөөлөталиевич балким сизге өзү жолугаар, – деди кекээрлүү.
– Байкап сүйлө Кыял, болбогон сөзгө…
– Эмне болуп жатат биерде? – деп директордун жардамчысы Калысбек Нурмамбетов чыга калганда эки келин унчукпай калды.
– Мен жумуштан кетүүгө арыз таштайын дедим эле, – Кундуз мукактана карады.
– Секретарга таштап кете берсеңиз болот, – деп Калысбек дагы сырдуу жылмайып койду.
– Жарайт, – Кундуз калем кагаз алды да эми арыз жаза баштаганда сырттан үч-төрт адам менен Дөөлөталиевич кирип келди да Кундузду көрүп:
– Кундуз, тезинен мейманканага бар, райондон кишилер келе жатат, сыртта машина бар, – деп коюп кабинетин ачып кирип кетти. Кундуз эмне кылаарын билбей Калысбек менен Кыялды караса алар ийин куушуруп тим болушту, бирок Кундуз бул оюнду тереңдеткиси келбеди, Шамбеттин кыялын билчу, кокус билип-туюп калса өлтүргөндөн кайра тартпайт. Алдындагы кагазга арызды жазды да Кыялдын алдына таштап чыгып кетти, бир кезде Кыялды директор чакырганда кирип:
– Чакырдыңызбы? – деди.
– Нурсейитова кеттиби?
– Ооба.
– Жакшы, сен дагы даярдан, конок тособуз, колхоздун өлүм-житими боюнча текшерүү келе жатат, зоотехник кайда?
– Азыр эле кетти, кашарларды кыдырууга.
– Жакшы, иштей бер.
– Бектурсун Дөөлөталиевич…
– Эмне болду?
– Нурсейитова жумуштан чыгууга арыз ташта…
– Эмнеге?! – Дөөлөталиевич ордунан тура калды.
– Билбейм.
– Алып кел арызын.
– Жарайт, – Кыял кабинеттен чыгып барып арызды алып кайра кирди, директор ачууланганыбы, же Кундуздун кеткенине ичи ачышып турабы, айтор колдору калтырай кагазды сыдыра окуп кирди да башын көтөрүп:
– Бара бер, – деди Кыялга, – Шоферду мага чакырчы!
– Жарайт.
– Да-да-а, демек себеби бар экен, баласы жаш, кайненеси кары-ы, – деп Дөөлөталиевич ызалуу, кыжырлуу жылмайып жанындагыларга кайрылды, – Демек иш чачтан көп, малдын өлүмү мындан, колхозчулар жетишпейт, жаштар шаарга качышат, үйдөгүлөрүнүн минтип себептери бар.
– Ошондой, Бектурсун Дөөлөталиевич, – деди бири ордунан копшоо.
– Уруксатпы? – деп баш бакты ошол убакта шоферу Жунус.
– Кир, сен азыр барып Нурсейитованы чакырып мейманканага алып бар, бүгүн эртең иштеп берсин де, анткени райондон текшерүү келе жатканын түшүндүр.
– Жарайт, түз эле мейманканага алып барайынбы?
– Ооба, түз эле.
– Макул, – Жунус кайра чыгып кетти.
– Эми экөөңөр текшерүүчүлөрдү жакшылап тосконго аракет жасагыла, кабарчыларынан этият болгула, кыскасы ишти иги-жиги жок бүтүрүүбүз керек, өлүм-житимдин көптүгү областка жетсе биз оңбойбуз.
– Жарайт, кетүүгө уруксатпы? – Тигил экөө ордуларынан тура калышты.
– Жөнөгүлө, – деди ачуулуудай бурк этип Дөөлөталиевич, алар чыгып кеткенден кийин кыжаалаттанып, отуруп кайра туруп кабинетинде ары-бери басып жатты: «Жо-ок Кундуз, мени минтип таштап кете албайсың, аялым менен балдарымдан да ашык көрүп сен деп жашап калганымда сени эч кайда кетирбейм, жакында Гуляны санаторияга жөнөтөмүн дагы экөөбүз качып кетебиз», – деп тынчы кетип жатып ордуна отуруп үстөлдү бир муштады. Тарс эткен добуштан улам Кыял кирди:
– Бектурсун агай, сизге эмне болду?
– Эчтеке, ордуңа бар! – деди эле Кыял кайра чыгып баратканда аны токтотту, – Көк чай демдечи.
– Жарайт.
– Баса, сен кете элексиңби?
– Мейманканага жөө бара албайм го?
– Анда Жунус келсин, – деди да башын мыкчый отуруп калды, Кыял көк чай алып келип куюп сунду эле, – Бара бер, – деп койду.
– Агай, Нурсейитова кетем дегенге ушунча капаландыңызбы? – Кыял көзүн сүзө кылыктуу карады.
– Эмне-э?
– Ушактар жетсе керек…

<<2 of 20>>
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019