Бизнес-книги

Жемиштүү адамдардын жети жөндөмү

Жемиштүү адамдардын жети жөндөмү
<<1 of 21>>

Инсанды жетилтүүнүн күчтүү куралдары
Автордун жаңы киришсөзү жана соңкусөзү менен. «Шумдук китеп, турмушуңузду кескин өзгөртө алат» Том Питерс, «Жеткилеңдикти издөө жолунда» бестселлеринин автору…

Автор тууралуу
Америкалык Юта штатынын Прово провинциалдык шаарчасында жашаган бул адамдын ысымы АКШнын жашоочуларына гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал. Анын фирмасы өндүрүш жамааттарды натыйжалуу жетектөөгө байланышкан ыкмалар боюнча кеп-кеңештерди берүү жана окутуу жаатында иш алып барат. Стивен Кови – Бригэма Ян-га университетинин экономика магистри жана доктору, дүйнө жүзүнө мыкты лектор, жеке инсандык сапатка ээ болуунун, үй-бүлөлүк мамилелердин жана жетекчиликтин теориясынын автору катары кабыл алынган
Жубайы Сандра Меррилл Кови. Тогуз баланын атасы.
Стивен Кови башкарган окуу- консультациялык борбор колуңуздагы китептеги идеялардын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Уюмдун жамааттык программасында: «Биздин ишмердүүлүктүн маңызы жамааттын жана андагы ар бир инсандын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жаңы максаттарга жетишүү. Бул бири бирине түшүнүү менен мамиле кылуу, чыгармачылык жана принципиалдуу жетекчиликтин алкагында аткарылат», — деп жазылган. Мындай жардам Ковинин Юта штатындагы Роки Маунтинздеги Жетекчилик Борборунун программасы аркылуу көрсөтүлөт.

<<1 of 21>>

Click to add a comment
Бизнес-книги

More in Бизнес-книги

Правила богатства Роберта Кийосаки

201901.04.2019

Мастер времени

201931.03.2019