Айгүл ШАРШЕН

Күтүлбөгөн байлык

Күтүлбөгөн байлык
<<1 of 8>>

Эмил аскерден келгенден кийин жумуш жок үйүндө болуп калды. Сейде эне жалгыз уулунун аскерден келгенине кубанып, жетине албай жыттап алып эс алып калат. Сейде эне төрөбөй койгон жок, жетини төрөп токтобой ушул Эмилин зорго кудайдын зары менен көзүнө сүртүп жүрөт. Эмил өтө жоош, бирөөнүн ала жибин аттабаган жигит. Апасын төбөсүнө көтөрүп баксам деген менен кайсар болуп замандын оорчулугуна шылтап отуруп калат. Сейде абышкасынан калган малып эптеп улантып, уулун үйлөнтөм деп ойлойт, иштеткиси да келбейт, Эмил ага айтпай жумуш издеп чыкты. Бирок оңдуу жумуш табылбай базардан тачки түртмөй болду. Эртеси документтерин коюп иштемей болуп үйүнө келди. Апасына жумуш таптым деп койду.
– Ээ балам иштебей эле койо турсаң боло? — Сейде уулуна өз оюн айтты.
– Апа, кантип иштебей койом, сиз картайып баратасыз, үйлөнүш керек болот, анан да жашоо керек.
– Келгениңе аз эле болду, кичине эс алып анан деле иштесең болот да?
– Жо-ок апа, иштей берейин.
– Мейли өзүң бил балам, — Эне уулун өз оюна койду. Эртеси документин алып барып тачка алды да иштей баштады. Күндө бир аз иштеп тапканын алып келип жүрдү. Бир күнү түшкө жакын эс алмак болуп туруп калган. Тачкасын токтотуп коюп балдардын жанында турса Толик деген неме келип ага тийишип калды:
– Ээ дос, тың окшойсуң, ишке киргенден бери менин энчимди бере элексиң, — деп чыйт түкүрө бөйрөгүн таянып туруп жанындагыларга көзүн кысып койду.
– Эмне болду, азыр ар ким өзүнө тың, — деди Эмил эч нерсе оюнда жок.
– Тилиң узун го, балдар кантип сүйлөштү буга үйрөтүп койгулачы, — Толик керсейе тамекисин чычайта тиштеп башын чулгуй ары басты. Үч төрт бала аны тегеректеп бириси:
– Жумуштан кийин базардын артына кел, сүйлөшөбүз, — деп ары кетип калышты.
– Барам, эмнеден коркот элем, сүйлөшсө сүйлөшүп койобуз, — Эмил алардын артынан карап жооп берип койду. Алар кеткенден кийин жанында турган балдар ага:
– Эй, алар бул базардагы тачкисттерден взнос алышат, сени соо койбойт го? — деп бири айтса дагы бири аны мыскылдай күлдү.
– Сөз кайтарбай койсоң болмок, күндө ар бирибизден 30 сомдон алат, теңелбей эле бере берсеңчи.
– Алар адамдан чыккан айбандар, этият бол.
– Айтканынан кайтпаган немелер, — дешип аны аяп жатышты.
– Көрөбүз… — Эмил өз тачкасын айдап кетип калды. Кечке иштеп акчасын жанына салып алып болжогон жерге барды эле бир топ балдар күтүп туруптур, кызыккандары да жок эмес эле.
– Бул баатыр менен сүйлөшүп койгула, өзү келип берип тура турган болсун, — деп Толик керсейе карап калды. Он чактысы тегеректеп алды. Эмил үндөбөй ортодо туруп:
– Балдар, бул эмне деген, жакшылыкча эле сүйлөшпөйлүбү? — дегенде бир келип кулак түпкө уруп калды, жыгыла жаздап оңолду да алар менен бир топко мушташып, тигилер көптүк кылып сабап коюшту.
Үйүнө кеч келди. Эртеси ордунан туралбай жатып калды. Сейде күйпөлөктөп үстүнө үйрүлүп сураса эч нерсе айтпады: «Ооруп атам» деп гана койду. Бир жумадан кийин кайра чыкты. Бул жолу ал атайын ошол балдардан өч алуу үчүн келди. Ал күнү да эч нерсе бербей үйүн көздөй кетип атканда дагы тосуп калды.
– Сен эмнеге керсейесиң? Эсиңе келгендирсиң, мындан ары күнүгө элүү сомдон бересиң да жолуң менен бол! — Толик буйрук бере сүйлөдү.
– Эмнеге берем, өзүң иште! — Эмил аны атайын тоотпогондой айтты.
– Дагы эле түшүнө элек го мобу макоо, түшүнбөсө экинчи бул базарга келбес болсун.
Аңгыча ай-буйга келбей эле туш тарабынан соккуга алып киришти. Адегенде үлгүрбөй калган Эмил бул жолу ар биринин соккусун тосуп, ар кимисин ар тарапка жыга коюп бирөөсү менен алышып жатты. Бир аздан кийин аны ичке бир коюп, бир тепти эле түйүнчөк болуп жатып калды. Аргасы кете түшкөн Толик өзү чыкты, канткен менен ал тажрыйбалуу экен, Эмилдин соккусун тосуп, өзүн эки-үч жолу жыга койду. Жарым сааттай алышкан соң Толик чарчагандай шалдая түштү, аны байкаган Эмил тегеренип келип көк желкеге тепкенде талп этип жыгылып кетти. Карап турган балдардын баары Эмилди кубаттай кыйкырык чуу түшүп калды.
– Азаматсың!
– Эмил азамат!
Кыйкырык чуу түшкөн балдарды Толик акырая караганда алар бири-бирин тиктеп үндөбөй калышты. Эмил басып кеткенде тачкисттер да акырындык менен тарап кетишти. Ошондон кийин Эмилге эч ким унчукпай калды, ал арабасын кылдыратып жүрө берди. Ошол күнү үйүнө келгенде Сейде эне:
– Балам, чарчадыңбы? Кыйналсаң иштебей эле окууңду улантып бүтүрүп алсаң боло, — деди.
– Апа, окууну сырттан бүтүргөнгө аракет кылам, быйыл жазда өзүм барып котортуп келем.
– Ошентсең ошент балам, жалгыз жаныңа кыйналбай турган бол, менин болсо өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды.
– Койчу апа, сиз али жаш элесиз, — Эмил апасына эркелей жанына келип жылмая карап:
– Апа, бир сөз айтайынбы? — деп сырдуу күлүмсүрөп койду.
– Айта гой каралдым, — Эне уулун маанилүү сөз айтчудай кулак түрүп калды.
– Сиз азыр кырк алтыда эле турбайсызбы?
– Эмне болду, элүүгө жакындап калбадымбы, сени орун алдырып койсом, колумдан келишинче сенин турмушуңа кам көрүп койсом арманым жок садага, кана айта турганыңды айтчы?
Эне уулуна күлүмсүрөй карап жаагынан жыттап койду.
– Мени багам деп кыйналдыңыз, канча өмүрүңүздү жалгыз мени чоңойтууга кетирдиңиз, али да болсо жашсыз, ылайыктуу адам болсо…
– Ий-ий арам десе, айтып турганын кара, сен кичинеңде болсо бир жөн балам, эми баары бүттү го, сенин аманчылыгың менин бактым…
Сейде эне ойлуу өткөндөрдү эстей телмире отуруп калганда Эмил акырын туруп сыртка чыгып кетти. Сейде эненин өткөн өмүрү, уулун үйлөндүрөм деп машакатка түшүп уулун оорутуп алып тарткан азаптарын эстеп отурган ордунда оор улутунуп алды…

***

<<1 of 8>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019