Айгүл ШАРШЕН

Күбүлгөн розалар

Күбүлгөн розалар
<<1 of 23>>

Салима жүрөгүндөгү толгон бугун, айтылбаган сырларын Кызгалдакка айтып отурду.

– Канчалык Марсты унутайын дегеним менен унуталбай кыйналдым. Жашоо ойдогудай, ал турсун Газым агай мага көз артып эчен курдай кафеге чакырды, эчен жолу жолугушууга чакырды, менин көңүлүм жок, негедир эле бир нерсе жетишпей жаткансып турам, санаадан эзилип баратам, курбум.

– Кантесиң Салима, баарын өзүң чечип, биринчи кадамды өзүң таштап Марска жол берип койбодуңбу, ал сен кеткенде аябай ичип да жүрдү, акыры эси бар экен өзүн-өзү сооротуп, токтотуп калды, эгер башка болгондо билбейм кандай болот эле…

– Байкушум десе, ага деле кыйын, аял алып жакшы болуптур, эмнеси болсо да балалуу болсунчу, бактылуу болуп кетсинчи.

– Зайна абдан жакшы келин экен, ал Марска кыз тийди, тагдырды кара, ал эми бизге өкүл кыз! — Кызгалдак курбусуна кудуңдай карап күлүп койду.

– Болсун курбум, кызыңар кут болсун!

– Рахмат Салима, мен адегенде сенсиз жаман болдум, бир жагы Марстын алган аялы кандай экенин көргөнү, бир жагы Марстын бизге мамилеси кандай экенин билүү үчүн атайы бардык. Жаркылдап өңдүү-түстүү экен, Марс болсо алып баягыдай эле жакшы тосуп алды, ыраазы болдук.

– Марс жаман адам эмес курбум, мен аны ошонусу үчүн аяп кетип калбадымбы, болбосо аны да, өзүмдү да алдап жашай берсем, өмүр бою анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип жүрүп өтмөкмүн. Анын оюна койсо мени кетире турган түрү жок болчу.

– Ошондо деле багып алып жашай берсеңер болмок да?

– Койсоңчу Кызгалдак, бирөөнүн баласы өмүр бою бала болот беле, өзүңдөн чыкпаган соң бир күнү болбосо, бир күнү ата-энеси чыгып жүрөктү өйүтүп арманга арман кошулбайт беле?

– Баккан балдарды көрүп эле жүрбөйбүзбү, чанда эле ата-энеси чыкпаса чыкпайт деле, бирок «ала кушту атынан айт» дегендей, элден угуп калса балага да силерге да кыйын болмок.

– Ошону ойлодум да, — Экөө көпкө сырдашты, ортолорунда койкойгон вино, астыларында түрдүү оокат. Ар бир көз ирмеминде Салима курбусунун бактысына суктанып отурду: «Кудай буга баарын берген экен, баланы да байлыкты да. Мейли байкуш, жакшы эле тартты азапты, көрсүн» деген ойдо болду.

<<1 of 23>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019