Айгүл ШАРШЕН

Үмүт шооласы

Үмүт шооласы

<<1 of 40>>

Сууктун күчүнөн ээрди кеберсип, бүткөн бою калтыраган Калбүбү жашоонун кызыгынан, эртеңки жарык таңдын бүдөмүктөгөн шаңынан үмүт үзбөй, таштанды аңтарып жүрдү. Целлофандарга салынган таштандылардын ичин тинтип отуруп, жарты бөтөлкө, көгөрүп кеткен сыр, салат таап алды. Тоңуп калган табылгалары муз болуп калгандыктан жанында ар качан алып жүрчү кирдеп-тытылып калган чаар баштыкка салды да, базарды көздөй илкиди: «ысыгыраак бирдеме ичпесем тоңуп өлөм го», деп ойлогондо муздап, ансыз да калтырап турган денеси «дүр» этип алды: «Баса, мен өлгөндө ким кейип коймок эле? Жашоо улана берет, менин өлгөнүм жер энени тойгузуп, бул дүйнө кемип калмак беле? Келип-кете берчү дүйнө да-аа» деген ойдо өзүн алаксыта кадамын тездетип кетип жатты. Бат эле Ош базарынын кыжы-кыйма шарына аралашып, отургандарды жал-жал карап баратып:

— Айланайындар, нанга жардам берип койгулачы, бала-чакам жок, жакыным да жок, боор ооруп койгулачы?! — деди тартынып. Жедеп кагуудан көңүлү калса да кара жанды калкалагысы келип.

— Барчы, сен эле жетишпей атсаң да, ушу суукта сен эмес, бала-чакамды зорго багып жатам! — Бир жаш эле келин силкинип ары карады. Сунулган колу таяктай катып калганга ачуу сөзгө ого бетер денеси калтырай түшүп, ары көздөй басты.

— Жардам бер-рип кой-гулачы-ы?! — тиши тишине тийбей шакылдап, көгөргөн эриндери араң кыймылдады. Өтүп бараткандардын алсыз аял менен иши да болбоду, бутунда күзүндө таштандыдан таап алган эркектин батинкасы, башында кир эски жоолук, моюнуна жылуулук бере тургансып эски моюн орогучту тагып алган.

— Ме, менин балдарыма батаң тийсин, байкуш! — кычырай кийинген аял ага бир сомдуктардан жети кагаз сунду, — Имине болуп ушинтип калышат булар деги? Улгайып эле калыптыр, жылуу үйдө неберелерин багып эле отура турган убагы экен.. — Тигил аял кобурана басып кетти.

— Ылайым кудай жалгасын… — Калбүбү кубарып кеткен өңүн, көгөрүп турган эрдин кыбырата ары көздөй кетип баратты. Буттары титиреп шилтенбей калса да кете берди, колдору сунулган бойдон.

Туш келди кетип атып алаканына чогулган бир сомдуктарды бекем уучтап: «Канча болду экен, ысык бирдеме ичкенге жетсе.. » деп ойлоп алып, ашканалардын бирин көздөй бурулду. Демейде кийими жупуну адамдарды ашкана ээлери киргизбейт эмеспи. Эки жагын жалтаңдай карап, бош турган орундукка отурду да, жансыздай туурулуп колдоюп зорго ачылган колдорун ушалап алып, акчаларын санап кирди:

— Бир, эки, сегиз, он беш, отуз,. . Оо кудай, жакшы эле экен, — деп өзүнчө күбүрөнүп алды да, отуз сомду бөлүп, калганын санабай эле кунары кеткен эски куртканын чөнтөгүнө салды. Аңгыча жанына ашкананы тейлеген кыз келип жаман көзү менен карай:

— Сизге эмне керек? — деди.

— Кызым, отуз сомго келчү ысык тамагың болсо берип койчу, — тартынып, колдорун оозуна такай, калтыраган денеси ичиркене, алиги кызга унчукту.

— Отуз сомго келбейт, кырк беш сом!

— Аа-аа, мейли кызым, дагы он беш сом берем, — Кыз анын жообун угуп, ары басып кетти. Кайрадан чөнтөгүндөгү бир сомдуктарды алып санап атып, ичинен элүү сомдукту көрүп, кубанганынан көзүнөн чолок жаш агып кеткенин байкабай көпкө мелтиреп отуруп калды: «Оо кудай, мындай бечарага боору ооруган кайрымдуу адам бар тура» деп делдейе отурганда:

— Мынакей, сразы төлөп койуңуз! — деген официантканын үнү аны селт эттирди. Колундагы элүү сомду шаша сунду эле, жука төшүнө таккан фартугунан беш сом алып чыгып берди да, жолуна түштү. Суук, адам жоктугунан бул бечара аялдын берээр акчасына карап тим коюшкан эле. Болбосо мындай мусаапырларды: «Клиенттердин аппетитин бузат» дешип босогодон кууп чыгышчу. Калбүбү эти жок, ичинде бирин-серин сабиз менен картошкасы бар шорпону нан менен эптеп бир чыны чайды ичип топук кыла түштү. Жанатан калтырап аткан денеси да бир аз эс ала түшкөндөй бүткөн бою жибий отуруп калганда жанагы официантка жетип келди:

— Ичип бүтсөңүз туруңуз, биз жабабыз, тезирээк болуңуз! — деп шаштырганда баштыгын аяр алды да, ордунан туруп максатсыз басып сыртка чыкты: «Сыртта суук, кайра эле үшүйм го, жылуураак жатаар жер болсо, атаганат» деп алып кетип атып, али элдин тарай элегин көрүп: «кой, уялгыдай эмнем калды, дагы бир аз акча чогултуп алайын, же тигилерге окшоп уурулук кыла албасам.. » деген ойго келди да, базар ичин кыдырып колуна бир сомду кармап алып оозун кыбырата:

— Жардам берип койгулачы, айланайындар! — деп басып жүрүп, эл суюлгуча дагы алаканы толуп кетти. Аны бир колуна ооштуруп алып, жүрө берди. Кайрадан үшүп кетти. Чогулган акчаны ички жан чөнтөгүнө катты да, сырткысына он сомду салып жатаканасына илкип жөнөдү: «Ээ кудай, ушунуңа шүгүр, өлбөгөнгө өлүү балык кез келет деген ушул тура, эртең дагы ушинтсем акча топтоп алып соода кылайын», деп ойлонуп баратты. Көз алдында бала чагы…

<<1 of 40>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019