Айгүл ШАРШЕН

Ойнош

Ойнош
<<1 of 54>>

Айылдан жаңы келип Алийма Ош базарынын жанынан чакан батир жалдап алып, столдо соода кылып жүргөн кези. Кызы Айдана, кичинекей небереси үчөө кечке соода менен алек болуп кечинде келип машийнеге төшөк тигип, күндө кеч жатып эрте турат. Сатканы сигарет, самогон. Эрте туруп жаңы товарын жайып жатканда башы ооругандар келип самогон ичип соодасы жакшы башталат. Күнүнө жыйырма сом төлөп коюп, тамак аштан ашканын аз-аздан кассага салып коюп жашоо өз нугу менен өтүп калганда анын жанына жалаң халат кийген келин келип:
– Эже, үшүп атам, жардам бериңизчи? — деп тиши тишине тийбей калтырап туруп калды. Суукта жанына термоско ысык чай куюп иче койчу Алийма ага чай куюп берди. Келин колдору калч-калч этип чыныны зорго кармап коомайлана отуруп ичип болду.
– Дагы куюп берейинби? — деди эле:
– Эже, үйүңүз болсо бир аз жылынып алсам болобу? — Ал көгөргөн эриндерин титиретип зорго сүйлөдү.
– Азыр… — дегенче Айдана келип калды. Тигини бир карап эле:
– Бас, кеч кирди, жыйнап кетели, — деди.
– Айдана, мен өзүм жыйнай берем, бу келинди үйгө алып барчы, үшүп калыптыр, жылынып алсын, — деди Алийма кызына карап.
– Кичинекей квартираңдын каерине алып барам, кожоюн көрсө да урушат, — деп Айдана бурк эте апасынын сөзүн жактырбады. Кызынын кыялын жакшы түшүнгөн эне:
– Тур анда, калың жемпир менен халатты, чермийди алып келип бер! — деди буйрук бере.
– Ай ушу сенин азабың, көрүнгөнгө эле боору ооруй берет, сага кимдин боору ооруйт экен, — деп басып кетти. Бир аздан кийин айткан буюмдарды көтөрүп келип тигиге берди. Ал ошол кийимдерди калчылдап атып зорго кийди да:
– Чайыңыздан дагы бир чыны бересизби? — деди тартынчыктай.
– Отур, бир эмес, мына бул нан менен ичип ал! — Алийма чай куюп бир сындырымдан чоң нанды кошо берди. Бурдап калчылдап атып келин нанды чай менен ичип алып анан «рахмат» деп коюп басып кетти. Анын артынан карап туруп: «кайда барат, бул кебетеси менен ушул суукта тоңуп өлбөсө болду» деп ойлоп жүрөгү ооруп кейип коюп товарын жыйып батирине жөнөдү. Келсе эки жашар небереси «апа, апа» деп тосуп алып суукта үшүп келгени эсинен да чыгып кетти.
– Апа, апа… — деп этегине жармашкан небереси Жайнаны алдына алып отуруп, аймалап өөп мээрмин төгүп күбүрөнүп атты:
– Садагам, мени сагындыңбы, Жайна?
– Апа, — Эки жашар небере сүйлөй элек, ападан башкага тили келбей кужулдай берди. Андан кийин Айдана бышкан тамагын ортого коюп тамактанышты. Бүткөн бою жылып, карды койгон Алийма машинасын жылдырып төшөгүнө киришти. Күндө көнүмүш адат, түнкү эки-үчкө чейин отуруп анан ордуна жатты.
Айылдан келип шаардык турмуштун ыгына көнө түшүшкөн эле, кээде концертке барып да келишет. Кайрадан суукка-ысыкка карабай кичинекей столунун жанында кечке отуруп алып күндүк оокатын таап батирдин акысын төлөп, кийинип-ичинип дегендей жашап жүрүшкөн. Бир күнү алардын жанына көк алмурут ящиги менен бир өзү курдуу аял келип отуруп калды. Бири-бирин көздөрү менен карашып коюп кечке сүйлөшкөн деле жок. Кечке маал ал өзү басып келди.
– Кандай курдаш?
– Жакшы.

<<1 of 54>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019