Айгүл ШАРШЕН

Кек кууган бала

Кек кууган бала
<<1 of 59>>

Роза башаламан жашоонун өйдө-төмөнүн түшүнө электе баккан энесинен ажырап калды. Өз эне-атаны ким, кайда экенин билбейт. Ал бакма кыз экенин качан апасы өлгөндөн кийин түшүндү, билди. Суусаркан анын үстүнө үйрүлүп, эч нерседен кемитпей кареги менен тең айланып эркелетип ар качан: «эрмегим менин, көзүмдүн карасы, өлсөм башымда ыйлап отураарым» деп турчу. Аны он төрттөгү кыз кайдан түшүнсүн, сереңдеп ойногондон башканы билчү эмес. Суусаркан кокусунан көз жумду. Башым деп эки күн жатып эле тил-оозго келбей жан берди. Ботодой боздогон кыз үнүн баспай, апасынын үстүнө түшө калып көзүнүн жашын он талаа кылып чыркырай берди: «Олда-аа айланайын ай, мынча не безилдедиң, ажал деген ошо да, байкуш Суусаркан күүлүү-күчтүү эле бойдон болчу, кор болбой, ооруп-сыркабай өлгөнүн карабайсыңбы, эми бу байкуш кантет?» деген аялдар кызды сооротумуш болуп ээрдин шалп эттире шыпшынып алышат: «Туугандары да жок эмеспи» деп бири айтса: «оо-ой кокуй десе, Суусаркан анча-мынча эркеги бар үйбүлөдөн тың турчу, мунун мал-кели, дүнүйөсү үчүн дагы тууган четинен чыгат, бирок ушу тырмактай кызды батырат дейсиңби, өзү төрөгөн кыз болсо да бир жөн» дешип аста шыбырап да коюп жатты. Ошентип Суусарканды жайына узатып ырым-жырымын жасап бүткөндөн кийин чогулган эл Розанын тагдырын чечүүгө тегеректей отурушту.
– Туугандар, эл-журт, Суусар эжем абдан жакшы киши эле, менин жакын эжем, кийинчерээк ар кандай себептерден улам катташпай кеттик эле… — деп Суусаркан өлгөндөн бери ары-бери жүгүрүп кызматын, төркүндүк милдетин аткарып аткан Кайсарбай элге карап сөз баштаганда элдин ичи күбүр, шыбыр боло түштү.
– Ооба, ооба айланайын, экөөңөр бир атанын балдарынан тарагансыңар, билбей анан, — деди жакын коңшусу Зыяда кемпир, — Байкуш Суусар сонун аял эле, кийин-кийин эле сага таарынып катташпай калдыңар эле…
– Оо кокуй, дүнүйө мүлкү бар адам өлгөндө эч кимиси болбосо тууган чыгып калат, кокус Суусардын мал-жаны, үй-жайы, дүнүйөсү болбосо өкүрүп коюп кетип калмак! — бир аял эл ичинен үн салды.
– Койгулачы ушундай кесир ооз кебиңерди, эгер Кайсарбай болбосо тиги көчөттөй кызды силер карайсыңарбы?
– Деги чындыгын айттым да, — деген аял оңтойсуздана отуруп калды.
– Мен эжемдин мал мүлкүнө кызыккан жокмун, ушу кыздын кийинки тагдырын ойлоп жатам, — Кайсарбай да өзүн ыңгайсыз сезе элге карады, — Роза азыр жаш, жалгыз тамга таштап койсок болбойт ко?
– Жалгыз кантип болмок эле, азыр ал ойноо бала да, байкуш Суусар ушу кызды кандай гана кылып бакпады, — ал Розаны карап ээгин эмшиңдете кейип, көз кычыгын жоолугунун учу менен аарчып койду.
– Кана, кандай дейсиңер улуу-кичүү, мен Розаны өзүм алып кетейин, там-ташына көз болуп тургула, кыркы, ашы өткөндөн кийин үйдү бир жаңсыл кылалы…

<<1 of 59>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019

Кордук

201908.04.2019

Зонада өткөн өмүр

201906.04.2019