Айгүл ШАРШЕН

Өчпөгөн сезим

Өчпөгөн сезим
<<1 of 13>>

Ай тептегерек болуп тегиз жарык чачып айлананы айтып бүткүс кооздукка бөлөп, шаардын ызы-чууга толгон көчөлөрүндө тынчтык өкүм сүрүп, жадагалса тынбай зуулдап өтүп турган машиналардын үнү да сээлдеп калган. Бирин-серин кыз-уландар кол кармашып сейилдеп, кээси отургучтарда кучакташып отурганы болбосо, парктын ичи ээн эле. Мээрим менен Кубат ушул күнү бири бирине биротоло энчиленгендей жашоо деген табышмактуу даңгыр жолго аттануу үчүн сөздөрүн бекемдеп атышты:
– Мээрим, экөөбүз бири бирибиздин сыныбыздан өтүп бүттүк го дейм, сени менен жолугуп үйгө барсам эле ээн талаада калгандай өзүмдү жападан жалгыз адашып кеткен жолоочудай сезе берем, эмеле көрсөм кайрадан көргүм келип түнү бою уктай албай кыйнала берем, кел үйлөнүп алалычы.
– Мен дагы сенден бөлүнөөрүм менен жалгызсырай берем, — Мээрим уялыңкы жигиттин төшүнө башын жөлөдү.
– Анда кел, бүгүн эле ээрчитип кетем, апам кандай гана сүйүнөөр экен! — Кубат кубанычтуу Мээримди кучагына кысып, жүзүнөн сүйдү.
– Бүгүн элеби? — Мээрим таң калгандай Кубатты жалжылдай карады. — Азыр кеч болуп калды, — ойлуу ордунан турду, — анын үстүнө ойлонойун, мен… мен сенден мындай сунушту күткөн эмес элем, анан окуумдан да өксүп калам го?
– Мээрим, алтыным, биз абдан бактылуу болобуз, апам эптеп эле келинчек алып келип берсең неберемди жыттап эрмек кылып отура берет элем, келинчегиң экөөң окуйсуңарбы, чокуйсуңарбы, бактылуу болсоңор болду деп санааркай берет, мен апамдын жападан жалгыз баласымын да.
– Ошентсе да ойлонуш керек, жашоо деген табышмак, миң кырдуу, бир сырдуу, ачыла элек сандыктай алдыбызда эмне деген сыноо жатканын билбейбиз да, — Мээрим Кубатты сынай, азыр гана көрүп жаткансып бутунан башына чейин карап турду: «Ишенсе болор бекен, жалгыз бала болуп, каалаганын жасап көнгөн неме менин аздектеген аруу сүйүүмдүн баркына жетээр бекен?» деген көз карашты Кубат сезбеди, ушул караңгылыкта айдын жарыгы жалгыз гана экөөнө нурун чачып сүйүүлөрүнө күбө болуп тургандай, төбөдөн балбылдап турду.
– Жаным, акылдуум менин, үйлөнүп алсак экөөбүз ээрчишип сабакка бирге барабыз, бирге даярданабыз, сен эч нерседен кам санабай эле койсоң болот, бизде дүйнө деген кудайга шүгүр, баарына жетет! — Кубат Мээримдин жанына барып эки каруудан ала көздөрүнө тигилди.
– Макул, бирок бүгүн эмес, ойлонолу, сен дагы терең ойлонуп чеч, мен барайын, жеңемдер күтүп калышты. Эртең ушул жерден жолугалы ээ? — Мээрим ууртундагы эки чуңкурчасынын өзүнө көрк кошуп турганын сезгендей сүйкүмдүү жылмайды, — Макулбу?
– Болуптур, — Кубат саал таарынгандай үн катты, — сен айткандай эле болсун, сен күт десең кылым бою күтө берем, жаным, — анан ойлуу Мээримдин көздөрүнө тике карап: — мен сени сүйгөндүгүмдөн акын болуп бараткандаймын.
– Чын элеби? — Мээрим кубанычтуу шаңк этти, — кана, акын болуп баратсаң угайынчы, — кулагын төшөп тыңшап калат.
– Сен менин айым күнүм тийип турган,
Жаркылдап маңдайымда күлүп турсаң.
Сенсиз мага бул аалам капкараңгы
Бир өзүңө жүрөгүмдү тартуу кылам! — дегенде Мээрим үнсүз анын жанына келди да эки колун ийинине коюп ойлуу:
Күндүзү күнүң болуп жаркырайын
Түндөсү айың болуп нур чачайын
Сүйүүңө башымды ийип, мээримиңден
Асманга жылдыз болуп чачырайын…
Экөө тең үнсүз бир топко кучакташып тура беришти.
Атаганат жаштыктын деми, сүйүүнүн күчү оттой күйүп, деңиздей калкып эки жүрөктү бир бирине жалгаштырып турган тагдырдын табышмактуу сыры го?
Кимдер гана сүйүүгө кабылбаган, сүйүүнүн даамын татып мээримине калкыбаган, сүйүүнүн эчендеген сыноолорунан өтүп, азап-тозогуна түтүп, бороондуу бурганагына тоңбогон? Сүйүүнүн айтып бүткүс сыры, ыры-дастандары түгөнбөйт, улана берет. Бул сүйүү кылымдан кылымга адам баласынын жүрөгүнө бүлгүн салуучу сезим. Азыр бул экөө алдынан ташкындаган сел өтсө да, дүйнө жүзүн каптаган өрт чыкса да, буюктурган бороондуу бурганак келсе да баарына чыдап жетелешип өтүп кетүүгө даяр эле.
– Мээрим… — Кубат кучагындагы үлбүрөгөн назик кызды аяр бошото жүзүнө тигилди, — мени угуп жатасыңбы?
– Мм, ийи, — бошоң үн катты кыз.
– Асылым менин, түбөлүк жарым болчу, жаныңдан карыш чыкпай жамалыңдан кубат алып сүйүүңдөн эргип, түбөлүк бактымды таап бакытка магдырайын..
– Кичине койо турсак кантет, окуумду бүтүп алайын.
– Эх сүйүү-сүйүү, ушунчалык кудурети күчтүү сезимдин тузагына илинип алган соң, чалынып жыгылып же тузакты үзүп чыгып кетип кутулбаса оңой дарт эмес тура, — Кубат Мээримди кучагынан чыгара эки колун жая ары басат, — дагы канча ирет уйкусуз түндөрдү күтүү, сагынуу, эңсөө менен өткөрүп, кусалыктын кучагында жүрөт экенмин да!
– Кубат, таарынбачы мага, түшүнсөң мен сени гана сүйөм, сенсиз мага баары кызыксыз, мынабу балбылдаган айдын да, жаркырап тийип жан бүткөндүн баарына жылуулук берген күндүн да, айлананы кооздукка бөлөп ырахат тартуулаган жаратылыштын да сенсиз кооздугу сезилбейт, бир гана сен бар үчүн кооз да, сулуу да, ыйык да! — Мээрим Кубаттын артынан барып кучактайт, — сен мени туура түшүнчү, бир эки жылдан кийин деле үйлөнсөк кантет?
– Сенин мени сүйөм дегениң жалган, болбосо минтпейт элең, менден башка дагы бир жигитиң болсо керек, кыздар деген ошондой болушат, бири көңүлүнө жакпаса бирин тандап кете берет, демек мен сага жакпай калгам го?
– Койчу Кубат, антип ойлобочу, кантип эле, менин сенден башка эч кимим жок, — колун Кубаттан тартып алат, — А балким өзүң ошондой ойдо болуп жүрбө, ойдо жокту айтып көңүлүмдү ооруткандан көрө каалаганыңа үйлөнө берсең болмок. — Мээрим шарт артына бурулуп кадамын тездете басып жөнөйт.
– Мээрим, токтосоң Мээрим, мен сени сүйгөнүмдөн өтө кызгана берем, мына караңгы түндө айтып жатам, керек болсо ант берейин, сенден бөлөк кызды ойлогон да эмесмин! — Кубат Мээримдин артынан жүгүрүп жетет, — ой секелек кыз десе, мен сени кимдир бирөөдөн кызганып кетпедимби, ошон үчүн экөөбүз бирге болсок дүйнөм түгөл, көңүлүм тынч болот эле дегеним да. — Жетип колдон алды: — Таарынбачы, жаным, эртең эле, эртең эле, — күйүгө кучактайт, — макулбу, эртең эле үйлөнүп алалычы?!
– Айттым го, Кубат, ойлонойун.
– Ойлонгондо эмне, мен сени сүйөм, а сен мени сүйөсүң, убакытты өткөрбөй үйлөнүп алсак окуубузду уланта беребиз.
– Ишенбей турам, мен араң эле экинчи курстамын, окуума апаң каршы болуп калса окуумду таштап койомунбу деп корком.
– Эй жинди кыз десе, апам андайлардан эмес, «келиним окумуштуу болсо, неберелеримди карап силердин тамак-ашыңарды жасап үйдө кароолчу болуп эле отура берет элем, өзүң бир жерде кызматчы болсоң, машинага салып мени неберелерим менен шаар кыдыртып келсеңер, мен бактылуу эне, сыйлуу чоң эне болот элем» деп байкуш апам тилек кылып отурат.
– Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезгендей…
– Алтыным менин, эртең сөзсүз ойлонуп чечип кел, мен апамды келин алганга даярдык көрө бер дейин.
– Кубат, мени аябай кыстадың го?!
– Деги сен мени сүйөсүңбү?
– Сүйө-өөм, сүйөм, бирок турмуш куруу оюнчук эмес да..
– Сен эч коркпо, эрке келин болосуң, окууңа барып келип, сабагыңды даярдап, а мен жөн жүрбөй кечкисин иштеп акча табам.
– Макул анда, эртең сүйлөшөбүз, мен барбасам үйдө мени жоктоп жүрбөсүн.
– Болуптур, бүгүн ойлон, мен баары бир апамды даярдана бер деп айтам, эгер макул болбосоң ала качып кетем!
– Ошо кантип болсун, Куба-аат, антип айтпачы, корком! — Мээрим наздана Кубаттын колтугунда кыналып баратты. — Мен келип калдым, кош эртеңкиге чейин, жакшы бар! — Кыз колун сунуп жылмайганда анын ушул азыркы турушун сүрөткө тартчудай мелтирей карап калган Кубат ого бетер кызганып кетти. Карегин кисти кылып, кыздын эки уячасы бар нурдуу жүзүн түбөлүк сактап калчудай, кайрадан көрбөөчүдөй суктана бир демге карап тура берди. Колун сунуп турган кыз таң кала:
– Эй Кубат, сага эмне болду? Болду эми, кеч болуп кетти, үйүңө бар! — дегенде Кубат эсине келе калып уялып артына бурула берди:
– Макул, эртеңге чейин!
– Кош! — Кыз жигитинин артынан күлүмсүрөй бир топко карап турду да: «Кызык, буга эмне болду?» деген ойдо ийнин куушура үйүн көздөй бурулуп басайын дегенде:
– Чоң кыз, саламатсызбы? — деген чоочун үн аны селт эттирди. — Таанышып албайлыбы? — Чоочун караан жолун тосту.
– Сиз кимсиз, жолумду тоспоңуз, азыр кыйкырам, — кыз жүрөгү бирдемени сезгендей ичиркенип алды.
– Мен сага сыртыңдан ашык болуп жүргөн бир жигитмин, сендей сулууга кимдердин гана көзү түшпөйт.
– Тоспоңуз деп атам жолду, менин сени менен сүйлөшчү сөзүм жок! — Мээрим басып кетүүгө канчалык далалат кылса да тигил жол бербеди. Аңгыча арытан бир машина бурулуп, жандай келип токтоп, үч-төрт жигит түшө калышты да, улак өңөргөндөй кыздын кыйкырганына карабай машинага салышып, жөнөп кетти. Анын ботодой боздоп: «Жигитим бар, баары бир отурбайм, мени үйүмө алып барып койгула!» деп чырылдаганына карабай бакылдап кете беришти. «Эмнеге Кубаттын үйлөнөлү дегенине каршы болдум экен, аным айтканы менен болуп кете бербей, эми такыр тааныбаган эле бирөөгө аял боломбу?» деп ойлогондо өз оюнан коркуп кетип:
– Силер мени кайда, кимге алып баратасыңар, кана мени алчу жигитиңер? — деди аргасы кете.
– Чоң кыз, кыз жыргаар жерине ыйлап барат деп коюшат го, анын сыңары сага күйөө болчу жигит мына бу! — артында жылмайып үнсүз отурган кашы-көзү кара татынакай сулуу жигитти колу менен көрсөттү бакылдаган неме. Мээрим аны бир карап алып оозуна бирдеме сугунуп алгандай туттуга түшө: «кызык, бул татынакай жигитти эч жерден көрбөптүрмүн, бир топ эле улуу болсо керек, анан калса ушул кезге чейин үйлөнбөй жүрмөк беле, аял кетирсе керек» деген ой кыздын мээсин аралап өткөндө жинди болгон немедей бакырып алды:
– Айбанда-аар, мени эмнеге картаң кишиге алып баратасыңар, мен тийбейм мунуңарга, токтоткула азыр, өзүм кетип калам!
– Ой кыз, эмне деп жатканыңды билесиңби, бул сага картаң киши көрүнүп жатабы, кыз өбө элек жигит билсең, бир айылдын кадырман кишисинин баласы, чо-оң врач.
– Эмне болсо ошол болсун, кадырман болсо силерге, мени кызыктырбайт дагы! — Мээрим жулкунуп кирди, — койо бергиле деп атам!
– Колго түшкөн койонду койо берген оңобу дегендей, канча күндөн бери артыңдан аңдып жүрүп бүгүн колго тийсең кантип койо беребиз, көп бакырбай жөн отурсаңчы, жинге тийсең күндөп-түндөп жанагы жигитиң менен жүргөн кыз соо болмок беле, мазактап туруп талаага таштап кете беребиз.
– Ошентип эле көргүлө, түрмөдө чиритем силерди, — деп дагы бир жулкунду да, тигилердин аны койо бербесине көзү жете үндөбөй отуруп калды. Күйөө болчу жигит үн дебеди. «Эмне, дудук же акылы кемби, бир ооз сүйлөгөнгө да жарабайт да, балким өтө эле жоош болсочу?» — Мээрим өз оюнда буларды ойлоп: «эмне болсо да бара көрөөрмүн, көп эле жинине тийсем чындап шылдыңдап таштап кетип жүрбөсүн» деп ичинен кооптонуп келин болчу жерге жеткенче унчукпай бара берди.
Үч-төрт сааттай өткөндө түнкү үчтөрдө дүпүйгөн калың айылга кирип келишти. Чоң жол менен машинанын сигналын кайра-кайра ызылдатып басып келатып чоң дарбазалуу үйдүн жанына токтоп, бири түшө калып дарбазаны ачты да, машинаны эшиктин алдына сигнал берип киргизишти эле, уктабай эле кулак түрүп отурганбы, үч-төрт аял менен эркек чыга калышты.
– Келин келди, киргизгиле! — рулда үндөбөй келген орто жашаган адам аларга үн катты.
– Ий айланайын, кана, кай жагында жүрөт?! Ай Жаңыл, келгиле келиндин алдына чачылаңды чач, сен Гүлсүн жоолук-көйнөгүңдү даярда! — деп бели бүкчүңдөгөн кемпир машинаны көздөй келип эңкейип Мээримди карап, жанына келген аялдарга бежиреп кирди. — Айланып кетейин Дуулатым өзүнө окшогон супсулуу, назик кызды алып келген тура, акжолтой болсун айланайын, эми өлсөм арманым жок!
Аялдар Мээримди машинанын ичинен колтуктап жерге түшүрмөк болгондо ал колдорун кагып жиберди:
– Мен силерге келин болбойм, жигитим бар, мени зордоп ала качып келишти, үйүмө жеткирип койбосоңор силерди сотко берем, окуумдан калсам жооп бересиңер!
Эки келин аны сүйрөп түшүрүүгө даабай туруп калганда бүкчүйгөн кемпир менен бир аял табакка боорсок менен конфет көтөрүп келип чачып кирди:
– Ботом, келинди үйгө киргизгиле, болгула айланайын, — кемпир эки келинге караганда алардын бири:
– Апа, кирбейм деп атпайбы, сүйлөшпөй ала качкан тура, — деп күнөөлүүдөй туруп калды.
– Апей арамдар, кызды качан сүйлөшүп ала каччу эле, илгертен келаткан салт, жактырып калса ала качпай анан өзү келчү беле, кыз деген ошентет, кирбейм дейт. Дуулатым кыз сүйбөй турган баладан эмес, болгула алып киргиле! — кемпирдин кайраттуу үнүнөн арыта бөтөлкө бөлүп ичип жаткан жигиттердин бири бери басып келди да:
– Алигиче киргизе элексиңерби? — деп туруп эңкейе берип Мээримди кучактайын дегенде ал тээп жиберди:
– Колуңду тийгизип көр, сыйыңар менен жеткирип койбосоңор бирди көрөсүңөр!
– Болуптур, азыр сени жеткиребиз, бирок сен окуган жерге күйөөгө тийип келди деп жаман сөз тараса эмне болот, эшик аттап күйөөгө тийип чыкканыңды билсе жигитиң да сенден жаа бою качарын унутпа!
– Жалга-ан, мен күйөөгө тийген жокмун, ушакка ишенбейт, жеткиргиле дейм!
– Азыр сени жеткиребиз, бирок бир шарт менен… — тиги жигит кызды карап ойлуу туруп калганда Мээрим ага жалдырап ийди:
– Кандай шарт, айтыңызчы, мен баарына даярмын. Мен эртең менен үйдө болуп калышым керек!
– Мен өзүм жеткирем да, үйүңдөгүлөргө барып кызыңар кыз эмес экен, ушундай кызды тарбиялаганыңарга ырахмат, жакшылап кайтарбайт белеңер деп айтам.
– Эмне үчүн? — Мээримдин көздөрү жайнай түштү.
– Ошон үчүн, сен түн бироокумга чейин эркек менен соо жүрөсүңбү, эгер сен кыз бойдон болсоң отурат болчусуң, азыр коркуп уятым чыгып калат деп кетем деп жатасың, кыздар жаңылып калганда гана ошентишет.
– Ка-алп! Антип менин башымды оорутпа, мен баары бир кетем!
– Отур! — Талгат машинага отурду, — сени менен окуган кыздардын баарына айтам да, таштап келем, абдан кадыр-барктуу врач муну кыз эместигинен кайра жеткирип койду дейм, — деп машинаны от алдыра баштаганда тосо калган кемпирге көзүн кысып койду, — эмне кыласыз отурбаса, жеткирип койойун.
Мээрим үнсүз мелтиреди: «Чын эле эртең элге жарыя болуп кетсе, балким бул өзү жолдо баратып зордуктап койсо, анан мен эмне болом? Кубат болсо эрге тийип келди деп карабай кетсе…» деп ичинен санаа тартып, отуруп калды. Машинаны эми короодон айдап чыгаарда аялдар кайрадан тосуп, Дуулат кошо келди да, бүкчүйгөн кемпир:
– Айланайын Талгат, бир ачууңду мага бер. Кыз каадасын кылып ыйлабаса болбойт да, мына Дуулат сүйлөшсүнчү, токтот садага, — деп аны токтотуп койду эле, Дуулат машинага түшүп Мээримдин жанына отурду:
– Мээрим, кечирип кой, айтпай ала качканым үчүн, мен сени сыртыңдан көрүп жакшы көрүп эле…
– Сиз… сиз менин атымды кайдан билесиз? — Мээрим жоошуй Дуулатка суроолуу карады.
– Атыңды бирге окуган кыздарыңдан сурап алганбыз, сенин жигитиң бар экенин да билем.
– Анда эмнеге ала качасыз, бирөөнү сүйүп, бирөө менен күндөп-түндөп жүргөн кыздын сизге бүлө болбосун ойлогон жоксузбу?
– Мээрим, мени сүй деп жалдырабайын, суранайын, менин жарым бол, түбөлүк кол кармашкан жарым бол!
– Андай дебеңиз, мен башканы сүйөм, жакында үйлөнөбүз, андан көрө кайдан алып келсеңиз ошол жерге жеткирип коюңуз?!
– Анда макул, өзүң бил! — Дуулат машинадан түшүп баратып, — Талгат, өзүң билгендей кылып алпарып кой! — дегенде Мээрим:
– Жок-жок, мени экөөңөр жеткиргиле, жалгыз ал барса болбойт! — деп коркуп кетти. Аңгыча кары кемпир келип аны колдон ала келиндерге карады:
– Келгиле ой келиндер, чымчыктай болгон кызга алыңар жетпей эмне, кыз кетем дейт да, анан эмне күлөт беле?! — деп колтуктап машинадан сыртка карай тартканда айласы куруй баштаган Мээрим улуу кишинин колун силке албай же жаман айта албай жерге түштү эле, үч-төрт аял колтуктан көтөрө үйдү көздөй жөнөштү. Көзүнүн жашын куюлткандан башка аргасы калбаган кыз жетекке көнүп тартылган көшөгөнүн ичине кирип келди: «тагдырым ушул тура, тобо-оо. Кубат азыр эле алып кетейин десе эмнеге болбой койдум, ушуну көргөнү турган экенмин да» деп үнсүз телмире башына жоолук салып жаткан аялдардын бака-шакасына көңүл бурбадыбы же көңүлү караңгылап кеттиби, көзүн жумган бойдон отура берди.
Арадан үч күн өтүп, ага-жеңеси, эже-сиңдилери кууп келип, атасынын: «уятка калтырбай отуруп калсын» деп жазып берген катын уучтаган Мээрим дале Кубатты унуталбай атты. Бир жумадан өтүп калганда сыртка чыга калса дарбаза тыкылдап калды, барып ача салса Кубат экен..
– Мээрим, жүрү кеттик, мен сени алып кеткени келдим, сени кандай ала качканын кеч уктум да, дароо сага жөнөдүм, жүрү кеттик, менин үйүмө!
– Кубат, болбой калды го, мени кечирип кой, бая күнү сенин айтканыңа макул болбогонумду, көрсө тагдыр деген ушундай болот тура, алдыбызда эмне турганын сезбей делөөрүй берет экенбиз, үйдөгүлөр көрсө уят, кош аман бол! — Мээрим дарбазаны карс эттире жаап үйгө жүгүрүп кирип көшөгөнүн ичине кирди да, ботодой боздоп ыйлап жатты. Оозгу бөлмөдө отурган кайненеси сыртка чыгып ичкериде турган чоочун жигитти көрө селдейе түштү, бир аздан кийин ага карады:
– Уулум, сага ким керек эле?
– Эне, энеке, Мээрим менин сүйлөшкөн кызым эле, аны зордоп ала качыптыр, аны алып кеткени келдим.
– Ээ балам, ал эми биздин келинибиз болуп калды, жүгүргөн албайт, буйруган алат деген ошол, акыл-эстүү эле жигит экенсиң, бирөөнүн аялын алып кетем дегениңе жол болсун?! Уят, намыс деген барбы сенде, сендей эр азамат жигитке келин, эрден чыккан аял ылайык келбейт го, ал эми келин болуп, кыз деген аты өчкөн, бирөөнүн койнунда жаткан катыны!
– Энекебай, мен аны сүйөм!
– Сүйүүң менен сүмүрөн кал, — эне үйгө карап үн салды, — Ээ Мээрим!
Кайненесинин үнүн уккан Мээрим көз жашын аарчый сыртка чыга калды да, Кубатты көрө жер карап үнсүз туруп калды:
– Апа, чакырдыңызбы?
– Балам, бу жигитке өзүң жооп берчи, алып кеткени келиптир го?
– Кубат, мен жана айттым го, эми болбой калды деп, сен да теңиңди тап, сенин айтканыңа көнбөй койгонум үчүн кечир мени, — Мээрим ушуну араң айтты да, ыйлаган бойдон кирип кетти.
– Эстүү эле, сен дагы мен окшогон бир эненин аздектеген уулу окшойсуң, балам. Муну да, өзүңдү да, уулумду да кыйнабай бара гой айланайын, уулум дагы бир кезде сендей болуп сүйгөнүн алдырып ийип үйлөнбөй жүрүп Мээримди жактырып ала качып келди эле… — Эне үшкүрүп алып үйгө кирип кетүүгө бурула бергенде дарбаза ачылып Дуулат кирип келди. ал Кубатты көрүп эле тааныды, Мээрим менен келатканда көрүп чала таанып калган эле.
– Кел жигит, кайдан? — билмексен боло сурап койду.
– Келдик, жок жоготуп келип жогумду ушул короодон таптым, — Кубат кекээр үн ката жооп берди.
– Жакшы, жакшы жигит, жоготконуңду тапканың жакшы экен, бирок баягыдай бекен?
– Силер жооп берсеңер баягыдай болбогондо эмне…
– Анда жакшы, — Дуулат апасына карады, — апа, сиз үйгө кире бериңиз, мен бу жигит менен бир аз сүйлөшүп алайын.
– Олда-аа балам ай, уруш-талашы жок эле чечип алгыла эми, кирсе кире берейин, — эне кылчактап кирип кетти.
– Кубат, экөөбүз бир кыз үчүн жоолашпайлы, кыз кишини кимдер сүйбөйт, кыз артынан миңи жүгүрүп бири алат. Кел андан көрө достошолу, катышып жүрөлү, биз эркекпиз, эркекче сүйлөшөлү, — Дуулат сүйкүмдүү жылмайып, кашын кере караганда Кубат аны үнсүз карап туруп: «Өзү да келишкен жигит тура, адамгерчиликтүү экен, Мээримди кор кылбаса болду, муну менен достошуп өмүр бою аны көрүп күйүп жүргөнчө тынч эле кете берейин, Мээрим бактылуу болсо болду да, азыр алып кеткенде менин апам, туугандарым келин алдың, кыз түгөнүп калгансып дешет го» деген ойго келди да, Дуулатты чечкиндүү карады:
– Сүйлөшчү деле сөз жок го дейм, мен Мээримди бир алакөөдөктөр зордоп ала качып кадырына жетпей кор кылабы деп күйөөсүн көрөйүн деген элем, ал бактылуу болсо менин бактым ошол, кош бактылуу болгула! — Кубат шарт бурула ылдамдай басып короодон чыгып кетти. Дуулат тамекисин түтөтө сыртта көпкө басып жүрүп анан үйгө кирди. Ал үйгө киргенде Мээрим көшөгөдө бүк түшүп соолуктап жаткан. Эч нерсе дебеди, апасы даярдаган тамакты ичип өз бөлмөсүнө өттү да, кагаздарын карап көпкө отурду. Бирок ою такыр башкада эле. Бир кездеги өзүнүн дал ушул Кубаттын абалында калганын эстеди: «Эх сүйүү-сүйүү, ушунчалык табышмак белең, татаал белең, бирөөнү бакытка бөлөп, бирөөнү азапка салган тажаал белең» деп оор дем алып алды да, жатууга ордуна келсе Мээрим төшөктү салып өзү жатып алган экен. Лам дебеди, жарасын сыйрыгысы келбеди. Чечинип жатып акырын имере кучактап колуктусунун чекесинен өптү, улутунуп ийди: «бир кезде мени дубанадай агуртуп, бирөөнү бактылуу кылган сүйүү, эми мен бактылуумун, дагы бирөө азапта калды» деп көпкө чейин ойгоо жатып уйкуга киргенин сезбеди. Кубатты күнөөлөгүсү келбеди, анткени ал басып өткөн жолду өзү баскан эле да.
Мээрим ачылып сүйлөп же бир жылмайып күлбөдү, баягы күлгөндө жарашып берип турчу чуңкурчасы сузданган жүзүнө деле жарашып, келин болгондон кийин ого бетер толуп баралына келип, сурайылдай созулуп чыкты. Кайненеси же күйөөсү анын кылган жумуштарынын туура эмеси болсо да үндөбөдү. Дуулат анын көзүнүн кареги менен тең айланып турат. Арадан жарым жыл өтүп, Мээрим кош бойлуу болуп калганда алар шаарга көчүп келишти: «Жаркылдаган жарып көзүмдү карап турса неге мен ага имерилбейм, анын да жүрөгү бар го, өзүмдү ойлоп, аны ойлобогонум кызык, кой эми, мен анын аялы, өмүрлүк жарымын да, жакында балалуу да болобуз, көңүлүн калтырбайын, өткөн иш өтүп, тагдырым ушул адамга буйруган соң татыктуу аял болуп берейин» деп ойлогон Мээрим Дуулатты сыйлап ага болгон мамилесин өзгөртө баштады. Ал эми Дуулат койнунда курсагы бөрсөйүп уктап жаткан жаш, сулуу аялын кучактап жатып, бир кездеги күйүп-сүйүп, күнү-түнү азап чектирген сүйгөнүн шаарга келип иштей баштагандан бери кайрадан көрүп алып, ага деген сүйүүсү өчпөгөнүн сезди. Аны кадимкидей сүйөөрүн, ансыз жашай албасын туйду: «Неге бираз чыдабай бирөөлөрдү кыйноого салдым экен, анын ажырашып кетээрин кайдан билдим, тагдыр ай, ушунчалык татаал белең, бир эле эмес, үч адамды бактысыз кылып койом го» деп оор үшкүрүнүп, түнү бою ооналактап уйкудан калчу болду. Анын түйшөлүп жатканы жүйөөлүү болчу, Мээримге көңүлү түшүп, ала качып алганы менен, аны сүйбөсүн эми сезип турган. Жакында балалуу болсо анын тагдырын, сүйбөсө да өзүнө көңүлүн буруп тагдырына баш ийип берген аялынын, өкүттө калган Кубаттын тагдыры аны санааркатып турган болчу.
Бара-бара Дуулат бир чечимге келгенсиди, ал үчүн азыр үйбүлөсү кымбат экенин, сүйүүнүн ыйык, таза бойдон сакталышын каалады. Көргөндө көңүлү канча ирет бурулуп, үйбүлөнүн ыйык жибинин тузагынан чыгып жүрөгү сүйгөн адамы менен кол кармашып басып кеткиси келсе да, суйкайып үйүндө өзүн күтүп отурган айыпсыз аялын кыя албады. Гүлжамалдын ушунча жыл өтүп үч баланын энеси болсо да сынын бузбаган келбетин, мүчөсүн, жибектей жумшак мүнөзүн ойлогондо ордунан шарт туруп басып кеткиси келет, бирок айыпсыз жанды кыйнап анын көз жашын төккүсү келген жок, акыры ал алиги ооруканадан дароо арызы боюнча бошоп, өзүнчө бейтапкана ачууну ойлоду. Тынч, жай жашоо-турмушту башынан өткөрүүнү каалады.

***

<<1 of 13>>

Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Өмүрдү өксүткөн сезим

201926.06.2019

Томолой жетим

201917.06.2019

Кайрымсыз уул кайгысы

201912.05.2019

Айтылбай калган аруу сезим

201912.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Күкүк эне же сойкунун тагдыры

201911.05.2019

Жаза

201910.04.2019

Кызганыч

201909.04.2019

Намыс

201908.04.2019