Нүргүл БЕЙШЕН

Тынымсыз кумар

Тынымсыз кумар
<<1 of 60>>

Аппак «Лексус» короодон чыгып, чоң көчөгө түштү. Алтынай машинада отурган киши көрүп калбасын деп эңкейип башын ката калды. «Лексус» дагы жүз метрдей жылып барып, солго бурулуп кетти.
Алтынай бир саат мурда прокатка алган «Ауди»ни от алдырып, бир аз окчунураакта артынан баратты.
Анын шаршембиге чейин Алматыдан кайтып келбесине азыр Алтынай аңдып бараткан машиненин айдоочусу бөркүндөй эле ишенген, анткени ал буга чейин да көп жолу бир нече күндүк командировкага кетип жүргөн. Дал ушул жагдай аны көптүрүп, ал азгырыла баштады деп ойлоду Алтынай. Күйөөсү төрт айдан бери көзүнө чөп салып жүрөт. Минтип ойлоого көп себептер бар эле. Кайда гана барбасын, жадагалса жол боюндагы жепирейген тамактануучу жайдан да, телефон чалып, үйдөн тапчу эмес. Анысы аз келгенсип, төшөктө да Алтынайга жолобой, жаа бою качып калган. Акыркы убакта кимдир бирөө чалып, Алтынай трубканы алса эле унчукпай тыңшап тура берчү болду.
Эми ал бир келесоо эмес да, эри аны алдап, ала жипти аттап жүргөнүн дароо эле түшүндү. Күрмөсүнүн чөнтөгүнө капыстан колун сала коюп, таап алган бир тутам презерватив шектенүүлөрүн дагы бир жолу далилдеп, анын чыдамын чегине жеткирген акыркы тамчы болду.
Бул табылга ал үчүн оор сокку болгон жок, тескерисинче, жеңилдей түшкөнсүдү. Эчак эле өзүн колго алып, ажырашалы деп сунуш кылса болмок экен. Бирок кызыгуу сезимине алдырып, күйөөсү аны кимге алмаштырганын билгиси келди.
Адегенде эле көптөн бери көз артып, тийишип жүргөн шыңга бойлуу, жалжал көз кошунасы Жаңылдан шек санады.  

<<1 of 60>>

Click to add a comment
Нүргүл БЕЙШЕН

More in Нүргүл БЕЙШЕН

Айгыр бийкеч

201904.04.2019

Ажайып түндөр

201901.04.2019