Айгүл ШАРШЕН

Эки күйөөлүү аял

Эки күйөөлүү аял

<<1 of 11>>

Бул чыгарманы жазуудан мурун эки ооз сөз менен түшүндүрмө бере кетсем ашыктык кылбас. Анткени бул окуяга мен өзүм күбө болуп калдым. Эки-үч жылдан бери бир дасторкондон даам татышып жүрсөк да дымырайып эч сыр бербей, сүйлөсө тилинен бал тамган бул келинди мен мындай деп ойлогон эмес элем. Ырдаса үнү созолонуп, табышмактата макал-лакапты кошуп сүйлөп, отуруштун да көркү болчу. Ал эми өңү-жүзү көптүн бириндей эле кемчилиги да, теңчилиги да бар. Жашоо адамды баарына үйрөткөндөй эле Саадатты да бул турмуш катаал элегине калчап, баарына үйрөткөндөй…
Эмесе сөз башынан болсун.

Саадат Чоң-Кеминдин бир айылынан. Кудай кошкон жубайы менен он жылдай жашап, төрт баланын энеси болгон. Күйөөсү эл катары иштеп, бирде бар, бирде жок болуп, эл агымы өзгөрүлгөндө алардын турмушунан жарака кетип, жашоолору экиге бөлүндү. Эрди-катын кеңешип туруп, үйүнүн кызыл китебин барымтага коюп акча алышат. Алынган көп акча ай сайын тууп, көбөйүп баратты. Бир күнү алардын үйүнө бир аял менен бир киши келди.
— Саламатсыздарбы?
— Саламат, силер ким? — Саадаттын күйөөсү Темир аларды үңүрөйө карап суроо узатты, анткени Саадаттын акча алган кишилерин ал көргөн эмес.
— Биз процентке келдик эле, жок дегенде үстүн бербесеңер процентиңер көбөйүп, үйүңөрдөн айрылып каласыңар.
— Ал кандай акча? — деп Темир такыр укпаган болуп сурады.
— Эмне, аялың айткан жок беле? — деди өзүн Клара деп тааныштырган аял.
— Жок.
— Анда, иничек, — деди жанындагы эркек. — Мына бул үйдүн документин коюп, аялың бизден акча алган, эки жолу беш миңден, он миң алган.
— Анысын билбейт экенмин.
— Анда эки айдан бери бере элек, алты миң сом бересиңер, эртең келебиз, даярдап койгула.
— Көрөм го, аялым келсе сүйлөшөм.
— Даяр болсун, убара болбойлу, — деген Клара менен Бексултан жөнөй берди.
Темир ойлонуп калды: «Эмне кылуу керек, алты миңди берип койсок тынч жашайт элек, кайдан табабыз» деп ойлонуп отурганда Саадат келип калды. Ал күйөөсүнүн кабагы карыш түшүп отурганын көрүп:
— Эмне болду? — деди кабатырлана.
— Эмне болмок эле, баягы акчанын үстүн бергиле деп келип кетишти. Эки айга алты миң болгон тура.
— Ошону берсек болмок, сен да иштебей койдуң.
— Каякка иштейм, же жалданайынбы? — Темирдин ачуусу келип кетти.
— Элдин эркектери иштеп эле жатпайбы.
— Анда ошол элдин эрине тийип ал!

<<1 of 11>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!