Айнаш Жапар

Чиновник менен 41 түн

Чиновник менен 41 түн

<<1 of 34>>

Эскертүү, 18 жашка чыга электерге окуганга болбойт!
Мезгил, убакыт бирде уу берип, бирде бал берип, тагдыр өзү каалагандай калчап келет. Тагдырдын далай сыноолоруна кабылып, далай жакшы көз ирмемдерин мен да өткөрүп келем. Адам баласынын өмүрүндө байлык, бакыт, сүйүүнү 3 жолудан берилет экен. Жашым отузду чамалап калса дагы башыман бир чоң махабат өттү. Махабат эмей эмине, баары мен ойлогондон да башкача болду. Атым Жазира. Койчунун кара кызы болом. Кичинекей кезимде чоң атам менен чоң апамдын колунда тарбияландым. Сегиз бир туугандын ортончусумун. Мен мектепке кирээримде чоң апам атам менен апамдын колуна тапшырып берген. Союз таркаган маал биздин үй-бүлөөгө да чоң кедергисин тийгизди. Себеби, атам да, апам да жумуштарынан бошоп үйдө отуруп калышты. Атам чоң ЗИЛ машинеси менен бизди багып жүргөн күндөрдүн биринде авария болуп машинеси күкүм болуп калды. Ал учурда баарыбыз атамдын көзүн карап жашачубуз. Дагы жакшы атамдын эч бир жери эч нерсе болбой аман калды. Ошол жылдары бардык малыбызды сатып атам кайрадан жаңы Зил курап чыгам деп болбой тырышып туруп алды. Ал машинесин бир жарым жыл дегенде курап бүттү окшойт. Ага чейин байкуш апам бизди базарга чай сатып, тамак сатып атып бешөөбүздү кийинтип, окутуп жатты. Азыр беш бала эмес бир баласын балдар бакчасына бере албай жатышат, апам болсо бешөөбүздү мектептен окутуп, колунан келген кийимдерди алып берди. 8-9-класс болгучакты эжем, мен, сиңдим үчөөбүз бири-бирибиздин кийимдерибизди кийип мектепке барчубуз. Биздин окшош кийингенибизди көрүп калган кластташтарыбыз, «Булардын кийимдери жок, баары бир кийимди кийишет, атасы буларга кийим алып бербейт», – деп көп шылдыңдачу. Ошол шылдың сөздөр азыркыга чейин кулагыма угулуп, эстегенде итатайым тутулуп кетет. Албетте, алар да бала да, биздин үйдө анчалык чоң кризис болуп жатканын алар кайдан билмек эле? Кийимдин айынан чоңойгучакты баарыбыз басынып жүрдүк. Айрыкча кышкысын чокой жыртылып калган чоң көйгөй болчу. Жогорку класска келгенде байкем университеттеги окуусун таштап Россияга барып иштеп келип карыздардан кутулткан эле. Ошондон кийин апамдар мал менен эле сарайга жашайбыз деп кетип калышкан. А биз болсо мектепти жакшы окуп бүтүп баарыбыз өз күчүбүз менен университетке тапшырдык. Мен англис тилин мектептин базасында абдан жакшы окуп чыктым. Шаарга келип англис тилинен котормочуга тапшырсам контракка өтүп, бюджетке өтпөй калдым. Контрактты атамдар төлөй албайт болчу да. Тырышып атып журналистикага бюджетке тапшырып өтүп кеттим. Журналистикага көп кызыкпагандыктан 2-курстан кийин которулуп кетем деген үмүт менен бюджетте окуп калдым. Ошондогу атамдардын сүйүнгөнүн сураба.
Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм. Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.

<<1 of 34>>

🔥2
Айнаш Жапар

More in Айнаш Жапар

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!